Жомок

Илгери-илгери бир падыша жашаптыр. Падыша бир канча жолу үйлөнсө да, аялдарынын биринен да перзент көрбөй, өмүрү арманда өтүп бараткан экен. Аны отурса-турса ой басып, «тактым кимге калат, байлыгымды ким ээлейт, ушинтип аты-жытым өчүп калабы?» деп санаасы санга бөлүнөт. Күндөрдүн биринде дагы ошентип капаланып отуруп көзү илинип кетет. Түшүндө бир ай жамалдуу периште келет да: «Падышам, эмне мынча кападарсың?» деп сурайт. Падыша баласынын жогун айтып зарланат.

«Капаланба, — дейт сулуу, — сенин кубанар күнүң алдыда. Тактыңдын ээси болчу перзент сенин тагдырыңа жазылган, ал иш менин колумда, бул үчүн сен мени табышың керек. Жакында сага менин адамым барат. Аны элдин арасынан өзүң тап. Эгер сен өз букараңды жакшы билсең, ал чоочун кишини оңой эле айырмалайсың. Ал сага мени таап берет» деп, ал кишинин келер күнүн болжоп айтат. Падыша чочуп ойгонот да, түшүнүн чын-төгүнүн билбей бушайман болот. Бирок жүрөгүндө бир жылуу сезим пайда болуп, көңүлү ачылып калганын байкайт. Эмне болсо да бул түшүн сынап көрмөкчү болот.

Баягы периште болжогон күнү жөнөкөй кийим кийип алып шаардык аянтка чыгып, эл аралап чоочун кишини издейт. Эл аны тааныбайт, ал да элин тааныбайт, кайсы жагын карабасын тааныш эмес кишилер, элдин баары чоочун көрүнөт. Керээли кечке жүрүп, кыз жиберген адамды тааный албай, сабыры суз сарайына кайтат. Көптөн бери өз кайгысы менен болуп, элинен алыстап кеткенине, жан-жөкөрлөрүнөн башка эч ким менен баарлашпаганына кейийт. Ошол күндөн тарта адамдар менен тез-тез жолугушуп, арыздарын уга турган болот. Бирок көргөн түшү, көрүнгөн сулуу такыр эсинен чыкпайт.

Арадан үч жыл өтөт. Бир күнү дагы уктап кетсе, түшүнө баягы сулуу кыз кайра кирет: «Падышам, — дейт кыз, — сен мен жиберген адамымды тааныган жоксуң. Көрсө, өз элиңди жакшы билбейт турбайсыңбы. Жакында ал сенин жолуңан кайра чыгат. Бул жолу аны оңой эле табасың. Анткени бул жолу ал үстү-башы жырты колунда таягы бар думана болуп көрүнөт. Таанысаң, ал сени дароо мага алып келет. Тилегиңе жетериңе аз калды» деп көздөн кайым болот. Падыша ойгонуп кетет да, үч жыл мурун көргөн түшүнүн тегин эмес экенине көзү жетет. Муратына жете турган күндүн жакын калганын ойлоп, ордунда тура албайт. Дароо камынып жолго чыгат.

Бирок бул жолу да издегенин таба албайт. Анткени анын падышачылыгында жашаган кишилердин көбү жыртык-тешик кийим кийип, таягын белине байлап думана болуп кеткен экен. Кыздын жиберген кишисин табармын деп канчалаган жол басат, канчалаган шаарлардан өтөт. Көргөн көзүнө ишене албайт, анткени буга чейин өзү көрүп жүргөн жорго минген, кымбат баалуу кийим кийген, курсагы ток, кайгысы жок кишилер өзүнүн тегерегиндеги сарайдын гана кишилери экенин көрүп таңгалат. Өз бийлигине, журтун тегиз сурай албаган чабалдыгына арданып, сарайына кайтат. Ой-санаасын калкынын абалын канткенде оңдойм деген түйшүк басат. Кайрымдуу болуп, казынанын оозун калкына чоң ачат. Байлыгынын көбүн акчасын акчалай, буюмун буюмдай элге таратат. Түйшүк менен күндөр, айлар, жылдар өтөт. Анда-санда баласы жогу эсине түшүп, кээде үшкүрүнүп, бирок өзү жардам берип бактылуу кылган элдин балдарын көргөндө бир аз көңүлү тынып калат.

Бир күнү бул түйшүктөрдүн арасында чарчап уктап кетсе, баягы сулуу кыз түшүнө дагы кирет. «Менин адамымды дагы тааный албапсың. Кантейин, өзүңдөн көр. Бул жолу ал акыркы жолу кербен башы болуп бет алдыңан чыгат. Мында таппасаң, менден да, баладан да үмүтүңдү үз» дейт.

Падыша бул жолу мунун түш эмес экенине чындап ишенет. Кербен башыны оңой табарынан шек кылбайт. Ханзаада кезинде далай аралаган кыжы-кыйма базарлар, сөөлөттүү кербен сарайлар эсине түшүп, ошолордун биринен оңой эле табарын ойлоп, жолго чыгат. Бирок көп өтпөй бош калган базарлар, эски сөөлөтүнөн эчтеке жок ээн калган кербен сарайларды көргөндө көзүнө ишене албайт.

Эли падышанын кайрадан жолго чыкканын угуп, «падышам, издегениң эмне, айт, биз да издешели» дешет. Бир кербен башыны издегенин угушканда, ындындары өчүп, азыр кербен калбаганын падышага айткандан тартынышат. Падыша да кербен башыны эмнеге издегенин айтпайт. Ошондо эл арасынан көптү көргөн бир карыя чыгып: «Падышам, балан шаарда балан деген атактуу кербен башы бар эле. Ал азыр деле ошол жерде дешет. Кербендин жайын андан артык билген киши жок. Ошондон сура» дейт. Падыша ал атактуу кербен башынын дарегин карыядан алып, жолго чыгат. Барса, шаарындагылар ал кербен башынын азыр төөчү болуп кеткенин айтышат. Падыша айткандай эле, атактуу кербен башыны шаардын сыртында төө кайтарып жүргөн жеринен табат. Кербен башыдан кербендин жайын сурайт.
«Угуп тур, жолоочу, — дейт кербен башы, — бир кездерде бул жер тогуз жолдун тоому эле. Батыштан, чыгыштан келген кербендер соодасын кылып, мал алмашып кайта турган. Бакубат, бейпил жашаган бул элдин кайраттуу жигиттери кербендерге кол тийгиздирбей коргой турган. Батыштын малы чыгышка, чыгыштын малы батышка байма-бай өтүп, Жибек-Жолу деп атак алган. Мен да ошол кездин эң атактуу, тажрыйбалуу кербен башчысы элем. Азыр бул жерде алтын-күмүш жасаган зергер да, жибек токуган токуучу да, курал жасаган темир уста да, сооданы кызыткан далдалчы да калбады. Бир кезде каракчылардан кербендерди коруган намыстуу эр көкүрөк жигиттер азыр өздөрү каракчы болуп кетишти. Бул чөлкөмдөн кербен кетпес да, келбес да болду. Төөлөрүмдү кыя албай мен төөчү болуп кеттим. Сен бекерге күтпө, азыр кербендин жыты да жок» деп падышанын үмүтүн таш каптырат.

Кербен башынын бул сөздөрү падышаны катуу ойго жана кайгыга салат. Ойго салганы отуз жыл мурун атасынан такты өткөрүп алган кезде кыжы-кыйма жүрүп турган базарлар, кылкылдаган кербендерден азыр эчтеме калбаганына өзүн күнөөлүү сезип, бир жактан да түшүндөгү периштенин жиберген кишисин таба албасын, периштенин өзүн көрө албасын ойлоп арман кылат. Баладан да үмүтү үзүлөт. Калган өмүрүн эли-журтуна арнамай болот.

Сарайына келгенде кызматчыларын чакырып, эски усталарды, токуучуларды, зергерлерди, соодагерлерди топтоолорун буюрат. Аларга мурунку иштерин жандандыруулары үчүн шарттарды түзөт. Устаканаларды, зергер дүкөндөрүн ачтырат. Базарлар аз-аздан малга толуп, ал эмес, өндүрүлгөн мал ашыкча боло баштайт. Падыша чоң черүү түзүп, аларды мыкты курал-жарак менен жабдыйт. Аларга каракчыларды, ууруларды карматып келип, зынданга салдырат. Падыша бир күнү баягы кербен башыны чакыртып, жанына сакчыларын берип, алыскы өлкөлөргө кербен менен жөнөтөт. Өлкөдө бейпилдик орногонун уккан эски соодагерлер аз-аздап каттай башташат. Өлкөнүн даңкы алыстарга кетет. Турмушу оңолгон эл отуруп-туруп падышаны алкашат, өмүрүн, бактысын тилеп бата беришет. Падышанын тилеги кабыл болсо, армансыз жашаса деп тилешет. Жаңы төрөлгөн балдарына падышанын атын коюшат.

Падыша бир күнү чарчап келип, бир бактын көлөкөсүндө уйку-соонун арасында жатса, баягы сулуу периште кайра көрүнөт. «Падышам, — дейт, — мени тааныдыңбы?» «Ооба, түштөгү сулуу, — дейт падыша, — мен сенин жиберген кишиңди тааный албадым, бирок сени эч унуткан жокмун. Тапсам, ал мени сага алып барат эле. Сен да мага эңсеген уулумду берет элең. Мунун баары эми кыялда калды. Мен эми мына бул берекелүү өлкөмдү, бейпил жашаган элимди кимге аманат кылам деп, ошого арманым күч болуп отурат» дейт.

«Мен сага тилегиң кабыл болот деген жок белем? Байлыгыңды, тактыңды өткөрүп берчү, аты-жытыңды өчүрбөй жашатчу кишини издеген жок белең? Бүгүн байлыгыңдын баарын бөлүп берген, атыңды балдарына коюп түбөлүк жашата турган элиң артыңда турса, тактыңдын кайгысын тарттыңбы? Өлкөнү өнүктүрүп-өстүрдүң, гүлдөттүң. Сенин атың коюлган миңдеген балдар төрөлдү. Мурасчыңа берчү байлыкты бул балдарга таратпадыңбы, балаңа айтчу акылды аларга айтпадыңбы, балаңа берчү билимди аларга бербедиңби? Алардын бул илим-билим, акылы менен сенин атыңды түбөлүк жашата турган мурасчыларың экени жалганбы?» дейт.

«Ооба, периштем, — дейт падыша, — мында арманым жок. Бирок булардын баарын мага жасаткан периште да жанымда калса, эч арманым болбос эле».

«Бүгүнкү күнгө чейин көргөндөрүң түш болчу, — дейт периште, — бүгүнкүң болсоң өңүң. Мен чын эле сенин маңдайыңда турам. Сенин буга чейин элиң үчүн жасагандарың көктөн карап тургандардын да купулуна толду. Бул падышаны армансыз кыл деп мени адам арасына атайлап жиберишти» дейт. Падыша муну укканда жерге батпай сүйүнөт.

Ал кыялында жүргөн бул периште менен үйлөнүп, эч армансыз жашап өткөнүн айтышат. Ошондон бери бул өлкөдө ар качан ошол падышанын атын алып жүргөн балдар падыша болуп тактыга чыкчу болушуптур. Падышанын аты эч өчпөптүр. Баары тең армансыз жашап, элин да армансыз башкарып келе жатышат имиш.

 

2 Replies to “Гүлзура ЖУМАКУНОВА: Армансыз падыша”

  1. Кызык мындай жомок окуган жок элем.Гулзура айым озу жазганбы? Керемет, эн жакшы!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *