Кезинде басылма беттеринен улуу муун, орто муундагы кыргыз акындарынын котормо жаатындагы эмгектерин окуганда, адабият астанасын жаңы аттаган биз үчүн өзүнчө адабий мектеп сыяктуу өрнөк эле. Кандайдыр рухий азыкка көңүл эргип, жүрөк сергип, тоонун шылдыр булак суусунан жутуп, абасынан кере дем алгандай сергир элек. «Коом жана Мен» сайты да ошол саамалыкты уланткыбыз бар. Дүйнө адабиятынын берметтей поэзия саптары кыргыз окурмандарынын көркөм табитин ойготсо деген ниетте учур адабиятынын өкүлдөрүнүн котормо жаатындагы эмгектерин жарыялоону эп көрдүк…

Окуп, ыракат алыңыздар, авторлорго пикир айтыңыздар. Азыр Интернет доорунда авторлор менен окурмандардын ортосун жакындаткан мүмкүнчүлүк да кенен, арийне, акын-жазуучуларыбыз менен окурмандарыбыздын ортосундагы көпүрө – көркөм чыгармалар болгой. Авторлор менен окурмандардын ортосунда алака мамиле түзүлүп турганга не жетсин…

Албетте, бул жарыяланып жаткан котормолордун баарысы бир кылка дегенге болбойт: арасында дурусу бар, бурушу бар жана айрым акындарыбыздын котормо жаатындагы эмгеги 1-2 гана ыр менен чектелсе, айрымдары котормо жаатында кандай өндүрүмдүү эмгектенип келаткандыгын баамдайсыздар…

Анна АХМАТОВА
(Орус акыны)

* * *
Берилүүнүн шамалы улуйт,
Көпкөк асман канталайт.
Күндөрүңдү алгач сүйгөн
Жылдар улам кайталайт.

Жылдар суудай агып кетти,
Сыйкырымды качырдың.
Сен эмнеге карыбадың,
Мурдагыдан ачылдың?

Үнүң дагы шаңдуу кыйла.
Мезгил-канат, а бирок,
Капа конбос маңдайыңда
Апакай кар отурат.
Которгон Бурулкан САРЫГУЛОВА

 

Сергей ЕСЕНИН
(Орус акыны)
ӨКҮНБӨЙМҮН, ЧАКЫРБАЙМЫН, ЫЙЛАБАЙМ…
Өкүнбөймүн, чакырбаймын, ыйлабайм,
Өтөт баары, алма турбайт ак бойдон.
Алтын түстүү бырыш каптап кыйладан
Мындан ары калбайм эми жаш бойдон.

Мындан ары, кыроо баскан жүрөгүм,
Кагылышың мурдагыдай шашылбайт.
Ак кайыңдан чыт кийинген тараптар
Жылаңайлак жүрүштөргө чакырбайт.

Жан илеби! Илгеркидей чапкылап
Жанбай барат жалын тили сөзүмдүн.
Кайран гана кайрылбаган жаш курак,
Карек отум, селдей күчү сезимдин!

Эми менин эңсегеним азыраак.
Өңбү, түшпү, өткөн өмүр убакыт?
Жаздын күнү таң эртеден батыраак
Кыр ашкансыйм кызыл атты чуратып.

Жалган дүйнө баарыбызга тең экен,
Жездей барик жерге түшөт күбүлүп…
Түгөнбөсүн түбөлүккө берекең,
Гүлдөп бүтүп, өлүп кетчү тирүүлүк!
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ
26/12/2016

 

Евгений РЕЙН
(Орус акыны)
* * *
Өмүр өтүп, сага жибек жоолукчан
Кайрадан мен метро жактан кезиктим.
Мурда болсом — жарат тынбай ооруган,
Азыр сага — бош орунмун, эч киммин.

Бирок да сен мени таанып, тоготтуң,
Бульвардагы отургучка отурдук,
Караандарын козгободуң болгондун,
Күнөөмдү да койгонсудуң унутуп.

А качан жер алдындагы өткөөлдө
Жок болгондо карааның ак жоолукчан
Ойлоп алдым мен эркиндик жөнүндө
Ырга айланып, өмүрдө бир жолуккан.
Которгон Марат ТОКОЕВ

 

Жусуп НАБИ
(Түрк акыны)
* * *

Менин үйүм ирээттүүлүк көрбөгөн,
Мен да албуут, ачуулуу жан өңдөнөм.

Бакытты түк көрбөгөндөр кайрымдуу,
Бөлүшалат сенин дагы кайгыңды.

Эй, багбаным, акы сурап келбегин;
Гүлдөр билбейт, гүлдөткөн зор эмгегиң.

Бүгүн дагы жансың ийкем, күйүмдүү,
Буга чейин көрбөгөндөй сүйүүнү.

Кайран Наби — сынчыл, эч ким жакпаган,
Бирок сенден эч кемчилик таппаган.
Которгон Зайырбек АЖЫМАТОВ

Райнер Мария РИЛЬКЕ
(Немис акыны)
ЖЕТИМДИН ЗАРЫ
Мен чыймыйып томолоймун кенедей,
алсыз мага дүйнө кыйры эбегей.
Эч ким кошпойт катарга,
апам да, жок атам да:
тегиз эмес телегей.

Кам күтпөстөн эч кимден,
баш көтөрбөй келемин.
Жетим дайым жетимсиреп эчкирген –
эч кимге жок кереги.

Өңү тозгон көйнөгүм бар болгону,
ал да жалгыз үлбүрөп.
Өмүр бою кийем аны болжолу
кудай берген олжо бу.

Тутам, тутам беш эли
көкүл чачым чач элең.
Эми сени кечеги
жок сылачу ата-энем.
Которгон Олжобай ШАКИР

 

Ф.И.ТЮТЧЕВ
(Орус акыны)
* * *
Ажырашууда бар зор маани:
Кандай сүйбө – бир күнбү же бир кылым,
Сүйүү уйку — уйку болсо көз ирмем.
Ошондуктан эрте-кечпи бир күнү
Ойгонууга адам акыр милдеттүү…
Которгон Назгүл ОСМОНОВА

 

Светлана СУСЛОВА
(Кыргызстандык акын)
КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨК
Мөңгүдөн сууга чейин айгайлаган –
Тянь-Шаным чексизикке берет айбат.
Жоондугу үч кулачтай карагайлар
Жүрөккө кичинекей кантип батат?

Унутпай кантип сактайт Тянь-Шанымдын
Жаздагы жыпар жыттуу ар-бир саатын,
Ар бирин бүктөмдөрдүн, бырыштардын,
Ным жыттуу алакандай жалбырактын?

Кантип ал жетише алат байкаганы
Уктабас гүлдөрүмдүн көз жаштарын,
Асмандын жайкы таңда агарганын,
Шедеврин көзирмемдик булуттардын?

Тянь-Шаным, миң кубулган сыйкырчысың,
Тойго жөн чакырбадың жүрөктөрдү:
Муштумдай жүрөк – аалам уч кыйырсыз,
Жүз жолу батыра алат бүт дүйнөнү.
Которгон Марат ТОКОЕВ

 

Сергей ЕСЕНИН
(Орус акыны)
СҮЙБӨЙСҮҢ ДА, АЯБАЙСЫҢ МЕНИ СЕН…

Сүйбөйсүң да, аябайсың мени сен
Көркүм менен көзгө толбой койдумбу?
Тик карабай ышкы отунан эрисең,
Колдоруң наз кучакташат мойнумду.

Жапжаш сулуу, жаагың кызыйт сезимден.
Кастарлабайм, какпайм орой кеп менен.
Канчаларга эбедейиң эзилген?
Канчалар өөп, канча колдон өттү элең?

Алар кеткен көлөкөдөй закымдап
Анча тийбей алоосуна отуңдун.
Азыр мага кыналгандай жакындап
Канчалардын тизесинде отурдуң?

Кылгырсаң да чала жумуп көзүңдү,
Кыялданып башка бирөө жөнүндө,
Мен да сага ыраа көрбөй өзүмдү
Чөгүп барам алыс, кымбат көлүмдө.

Тагдыр дебе, бул кумарды эч мага
Жеңил өтөөр, бир жарк этип каратып.
Күтүүсүздөн жолуккандай мен сага
Күлүп кетем, бейгам узап баратып.

Сен да узайсың өз жолуңа бет буруп,
Суз күндөрдү бопбоз чаңга бастырып.
Өбө элекке тийишпегин өптүрүп,
Күйө электи күйгүзбөгүн азгырып.

Бара жатсаң бир күн чолок көчөдөн
Башка менен арзуу жайын кептешип,
Мен да балким сейил кылып өтөмүн,
Жолугаарбыз ошол жерден беттешип.

Бөлөк болуп ыктай түшкөн жакының.
Таазим кылып, тааныбаган жүз менен
«Кутмандуу кеч!» дейсиң мага акырын.
Жооп кайтарам «Кутмандуу кеч, miss» деген.

Кайран гана тынчып калган асыл жан
Кайра оолугуп, калтырагы күч албайт.
Өткөн сүйүү — өтпөйт кайра башыңдан,
Өчкөндөрдүн өртү — кайра тутанбайт.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ
14/12/16

 

Александр ПУШКИН
(Орус акыны)
К…
Эсимде ошол көз ирмем:
Тартылып көзгө карааның
Закымдай болуп көрүнгөн,
Үр кыздай тунук жамалың.

Бир санаа эзип күйүттөй,
Жүргөндө тартып убайым,
Угулуп күлкүң күмүштөй,
Кирчү элең түшкө муңайым.

Көп жылдар өттү, күбүлдү
Андагы арзуу кыялым.
Унуттум сенин үнүңдү,
Унуттум айдай чырайың.

Сезилбей муздак-ысыгы,
Уланып жатты күндөрүм.
Жашоонун кетип кызыгы,
Үзүлүп үмүт-күдөрүм.

Жүргөндө кайра кезигип,
Будуң-чаң салдың дүйнөмө.
Оорума шыпаа сезилип,
Жараттың кайра дүйнөгө.

Кайрадан жүрөк кубанды,
Сүйүү – бул таалай такты экен.
Үмүттүн жиби уланды,
Тааныттың махабатты сен.
Которгон Азамат ТӨКӨРОВ

 

Серикпай КОСАН
(Казак акыны)
РУХУМА
Озду жылдар…Не бар дейсин, түбөлүк,
Тозду дүйнөм чыт көйнөктөй кийилген.
Түп нускамды издеп жүрөм каңгырап,
Топурактын арасынан үйүлгөн.

Менде дос да, тууган же бир жакын жок,
Алдакачан баары менден түңүлгөн.
Жүргөн жерим көрдөй болуп элестейт,
Рухумду мен сезем көктөн үңүлгөн.

Кереги не күңгүрөнгөн көп күндүн?
Ай – кашымда, жатар элек чалкайып,
Эми  бу мен өзүмө да жоктурмун,
Жүргөн менен калкайып…

Рухумду көк асманга качырдым,
Чымын жаным мурунумдун учунда.
Тирлик эттим жыйырманчы кылымда,
Нур-Кагандын тушунда…
Которгон Зайырбек АЖЫМАТОВ

 

Евгений РЕЙН
(Орус акыны)
ШПАЛАЛАРДЫ БОЙЛОП
Алдан тайган августта, эртең менен
Дөңгөлөктөр дабырты, ышкырыктар.
Балтиканын таңында киргилденген
Чыкыйыма аткылайт өткөн жылдар.
Вокзал жакта томсоргон жыгач кепе,
Чырактардын үйүрү унутулган,
Калган алтын жаштыгым ушул жерде
Көзүрлөрдөй чачылып, кулап уучтан.
Отуз жаш да, мынакей, жеңилген кез
Агымына убакыт дарыянын.
Өлкөсүнө жол алып кайтып келбес…
Ойлойсуңбу ушундай? Мен даярмын
Калганга бул караандар арасында,
Так аткарып айтканың, буюрганың.
Шпалаларды карасаң, чирип сынган —
Көөр түсүнө чыланган күзгү таңдын.
Атлантика тузуна чулгайт мени
Балтиканын шамалы кайгыга окшош,
Бош перрондо өпкүлөйт ыйлап мени
Айтып мага жаткансып: «Кайыр кош, кош».
Олевисте бир гана боз туманда
Турат кезеп асмандын үнсүз бетин,
Айталбасмын эч нерсе алдын ала —
Араң жетет тыңшашка күчүм менин
Дөңгөлөктөр дабыртын, ачуу сигнал…
Менин да вагонум бир жакта өтүп,
Шпалаларды ушундай чирип сынган
Чылагандыр көөр түскө тандын өртү.
Мен жаш элем, сен дагы жаш болчусуң.
Эх, Томасым, карыдык карган иттей.
Оо, бул таңдын, айтпагын, жаман суугун,
Бул август ай тим эле кышкы чилде.
Зюйдду кармап регатам бир убакта
Толкундарды өтчү эле килге жанчып,
Өтүп кетти кайрылбас алтын чактар
Жарым миң миль аралык жерге качып.
Мына келди акыры кетүү убакты,
Нөл калдыкта, болуптур, кайыр кош бол,
Бирок, билбейм эмне үчүн, келет айткым
Шашпай сага эч нерсе болбогондой:
«Кай бир жакта эстеткин, келгин мага
Сыркоологон августта, чала уйкумда,
Өлүмдү алдап, өмүрдөн ашырганга
Аракеттен олжону так колума
Алтын форель балыктай эң биринчи
Жана акыркы (кайрадан кайгы беле)…
Оорукчаным ырбыйган, тарп жегичим,
Балтикага кулагын, кайтып келбе.
Бирок тийбе кызгылтым стигматтарга,
(Калгандары — алсаң ал, кимге керек?)
Анткени бул чириген шпалаларда
Көөр түстөгү жалбырттайт оттуу карек.
Которгон Марат ТОКОЕВ

 

 

Анна АХМАТОВА

* * *
Жүрүшөт. Бөлмө бүт кейиште.
Үмүт да калбаптыр жангыдай.
Бейтапка мени алып келишти,
Калыпмын тааныбай.

«Келдиңби, шүгүр бу
Кудайга, – деди ал, эзгендей убайым,
– Убакыт жакындап узаарга,
Өзүңдү акмалап турамын.

Жөөлүтүп, тынчытпай койдуң го,
Айтканың дагы эле эсимде.
Кечирим бере албай койдуңбу?»
Мен айттым: «Кечирем».

Бараткан өңдөндү жан кирип,
Шыпка да, улага, дубалга.
Төшөктүн үстүндө нак жибек,
Кол жатты кубарган.

А келбет чиренген жырткычтай,
Ашкере орой, оор көрүндү.
Дем бербей тизгиндеп калды анан,
Тиштелген кара көк эрини.

Капыстан топтолгон соңку күч,
Көгөргөн көздөрдөн көрүндү:
«Жакшы иш жасадың кечирип,
Чанда бир алчу элең көңүлдү.»

Ошондо жашара түштү өңү.
Кайрадан мен аны тааныдым.
О, анан: «Жараткан, пендеңи
Алгын» деп жалындым.
Которгон Бурулкан САРЫГУЛОВА

Светлана СУСЛОВА
* * *
Берчи мага кең талаа,
Берчи мага күлүгүң,
Шамал калсын аркамда,
Жетпегенге күйүнсүн,
Ат жалынан мыкчысын,
Муздак ичке манжалар…
Тээ алыста калышсын
Закымдашып куюндар.
Шүүдүрүмдүү ак таңда,
Атып чыгам короодон, —
Калсын биздин армандар
Аткарылбай сөз бойдон.
Качкым келет безилдеп
Сенден алыс белеске,
Калса деймин эсимде
Жаркын гана элестер.
Ушунчалык кыйынбы?
Мен үчүн да, мен үчүн!?,
Жаным, бактым, ыйыгым,
Берчи мага күлүгүң.
Которгон Марат ТОКОЕВ

Ли БАЙ
(Кытай акыны)
КҮЙӨӨНҮН КҮЙҮТҮ ЖӨНҮНДӨ
Алыска кеткен жолдошум,
алкынтып акбоз жоргосун.

Жүргөндүр түркүн азапта,
бөлөк эл, бөтөн тарапта.

Оор кандай – санаа чубатып,
отурсаң өтпөй убакыт?

Күн санап өскөн касирет
күйөөмсүз кантип басылат?

Күз келген маалда көкөлөйт –
айнегим тушта көпөлөк.

Каалгыйт ай көктө жай гана,
бубак кар, жылт-жулт айлана.

Жалбырак калбай үзүлүп,
гүлзарым турат күбүлүп.

Шамалдан түнү дуулдаган –
сынчудай терек шуулдаган.

Мен бейбак жалгыз күнү-түн
күйөөмдүн тартам күйүтүн.

Куюлуп жашым көнөктөп, –
кур экен андан жөлөк жок.
Которгон Олжобай ШАКИР

 

Расул ГАМЗАТОВ
(Дагстан акыны)

* * *
Беш мүнөттүк көрөөр күнү калса да
Тирүү жандар пендечилик кылышат.
Кылымдардан өлбөй жашап өтчүдөй
Күйпөлөктөп, жанталашып турушат.

Кылым көргөн тоолор болсо, алыстан
Кымгуут түшкөн элди карап ар кандай
Бир солк этпей, үнсүз турат, муңайым
Беш мүнөттүк жашоосу эле калгандай.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

 

Владимир НАБОКОВ
(Орус акыны)
ЧАБАЛЕКЕЙ
Бир жолу кечинде, экөөбүз
Турдук эски көпүрөдө.
Айтчы мага, дедим мен – ар дайым,
Эстейсиңби тээтиги чабалакейди?
Сен мага жооп бердиң: Ананчы!
Эстеп биз анан ыйладык,
Өмүрлөр өтүп жатканын.
Эртеңге чейин, түбөлүк, ар дайым –
Бир жолу, эски көпүрөдө…
Которгон Назгүл ОСМОНОВА

 

Сергей ЕСЕНИН
(Орус акыны)
КОШОК ҮНҮ

Арманга толгон кошок аваны,
кулакка жакпай демим кысылат.
Козгоп көкүрөктөгү жараны,
Санаамды санга бөлүп учурат.

Көңүлүм азыр бейпилдик күсөйт,
Арылып ойдон бейгам уктайын.
Санаа артынан санаалар күчөйт,
Оо, муңдуу аван, сени укпайын.

Киши көңүлү кадыржам болуп,
Сүйүнүч үчүн көз жашын төксүн.
Өлүмдүн, ыйдын жарчысы болгон,
Кайгылуу кошок, авазың өчсүн!

Армандуу, муңдуу кошоктун үнү,
Кулакта дагы жаңырат канча?
Жанга азап берген кайгы-муң бүтүп,
Көңүлүм тынчып кубанат качан?
Которгон Азамат ТӨКӨРОВ

 

Расул ГАМЗАТОВ
(Дагстан акыны)
* * *
Ишенбеймин кереметке, кайыпка,
Бирок мейли, ажал мени арбасын.
Алып кетип өзү жүргөн жайыкка,
Ашып кетсе бир-эки жыл кармасын.

Ал тараптан келсем, менден айрылып
Калган дүйнө кандай болот? Көрөөрмүн.
Кайгырганың билсем — сага кайрылып,
Кайгырбасаң — кайра тартып жөнөөрмүн.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

 

Мукагали МАКАТАЕВ
(Казак акыны)
* * *
Өмүр жайын сурай бербе сен менден,
Өмүрдү мен али изилдеп көрбөгөм.
Өмүр жайын билгиң келсе картка бар,
Кан майдандан жалгыз уулу келбеген.

Жесир келин, бир наристе көрбөгөн,
Жетим чалды бала ордуна термеген.
Өмүр жайдын несин билем мен деген.
Өмүр жайын сурай бербе сен менден.

Өмүр жайын билгиң келсе картка бар,
Өмүрүндө кеги калган, өлбөгөн.
Жалган жалаа жабылганда көлдөлөң,,
Акыйкаттын аппак туусун бербеген.

Андан сура, шондон сура өмүрдү,
Нени көрдү, нени сезди, не билди.
Неге акылдуу акмактардан жеңилди,
Бирөө ыйлап, бирөө неге көңүлдүү?..
Которгон Самара НАСЫРОВА

 

Светлана СУСЛОВА
ЖОМОКТУН АЯГЫ
Бакыт деген жомоктун аяк жагын
Таба элекмин али да, унуткарып.
Эрий элек көк муздан хан сарайың,
Сүйүү дагы кете элек муңга салып.

Кумга сиңип жок болоор дарыядай,
Мунарыктап алыстайт келечегиң…
“Укта гой…” деп шыбырап кулагыма
Жылуу шалын жабасың энекемдин.

Бирок да мен көк муздан коргонумда
Шекке батып изденем, өжөрлөнөм:
Канткенимде бул жашоо уланчудай
Бир башталган жомоктой, эч бүтпөгөн.
Которгон Марат ТОКОЕВ

 

Райнер Мария РИЛЬКЕ
(Немис акыны)

ЭЛДИК ЫР
Чех обону –
куса болор кезимдеги
шаңшып ырдар эсимдеги
муң оболу.

Ымырт таңда
талаада муңун боздоп
ким бирөө жүлүн козгоп
дүргүйт канда.

Чет болобу
же картаң кезимдеби…
чыкпаган эсимдеги –
ыр оболу.
Которгон Олжобай ШАКИР

 

Сергей ЕСЕНИН
(Орус акыны)
ТЕРЕЗЕМДИН ТҮБҮНӨН КЕТ..
Келбегин терезе түбүнө,
Көк майсаң чөптөрүн тебелеп.
Бир кезде сүйчүмүн өзүңдү,
Ыйлаба, ичиңден жемелеп..

Өзүңдү сүйгөнгө өкүнөм,
Не пайда сулуулук өңүмдөн.
Сүйүүсүз күндөрүм тынч эле,
Көңүлүм алагды бөлүнгөн.

Мен сендик эмесмин баары бир,
Мерезмин, коркомун сүйүүдөн.
Сүйбөсмүн, а бирок ачынам,
Кеткиниң терезем түбүнөн.

Унуткун, мен сендик экеним,
Сүйгөнүм өзүңдү бир гана.
Мен азыр сүйбөймүн, боорум таш,
Алыстап кет менден, кыйнаба.
Которгон Самара НАСЫРОВА

 

Расул ГАМЗАТОВ
(Дагстан акыны)
* * *
Өмүрүмдө көп байкадым, баарысы
Өз жолунан тетиринче түшкөнүн:
Жайкы ысыкта сууга талаа зарыгып,
Жамгыр төксө күн шооласын күткөнүн.

Мезгилинде келбейт, келчү нерселер,
Мээнет, мээрим чукул кирет башталып.
Мен да сенин келээриңди күтпөгөм,
Ошол күнү турмушума баш багып.

Баарысы анан башка жакка өзгөрдү,
Жашаганым, ырдаганым, ойлорум.
Жыйырма жылдай карап жүрөм, ишенбей,
Жашоо баарын дал ушинтип койгонун.

Тагдыр кээде такмазалайт көп ирет.
Менчи? Менин багым тоодой көрүнөт.
Которгон Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

 

Иосиф БРОДСКИЙ
(Орус акыны)
* * *
Мекенге келдиң кайрылып. Кана эми,
карап көр, аларга керек бекенсиң?
Кимдерге дос болор экенсиң?
айланып келдиң, сатып ал,
кечкиге таттуу шараптан.

Терезе карап, ойлонгун анан бир азга.
Өзүңсүң күнөөлүү. Күнөөлүү баарына,
бул жакшы. Ырахмат, шүгүр кудайга.

Кандай жакшы эч кимди айыптабоо,
кандай жакшы эч кимге байланбаган.
Кандай жакшы сүйүүгө кимдир бирөө
өмүр бою өзүңдү шайланбаган.

Кандай жакшы эч качан кеч күүгүмдө
эч ким сени алыска узатпаган.
Кандай жакшы таңкысын жалгыз өзүң,
кеткениң жөө ызы-чуулуу вокзалдан.

Кандай жакшы мекенге шашып жатып,
кармалбаган ойлордон өзүң туюу.
Жана капыс түшүнүү – кантип жаның,
жаткандыгын кам көрүп өзгөрүүгө.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

 

Генрих ГЕЙНЕ
(Немис акыны)
КӨЛ БОЮНДА
Көл үстүндө кечинде
нур чачырап, жел илеп.
Алачыктын четинде
биз отурдук мемиреп.

Туман турду көшүлгөн,
акчардактар желпилдеп…
Сүйүү толгон көзүңдөн
жаш кулады мөлтүлдөп.

Турганыңда кардыга,
көз жашыңды карагым, –
маңдайыңа тизелеп
тилим менен жаладым.

Андан бери күтпөгөн
көз жашыңдын зарпынан
уу жуткандай бүт денем:
мен дартызар, дартызар!
Которгон Олжобай ШАКИР

 

Владимир НАБОКОВ
(Орус акыны)
ТҮШТӨР
Жер кезип, түнөп чоочун жерлерде
көз салып жолдошторума –
тыңшаймын чоочун сөздөрүн.
Тагдырдан талап кыламын белги;
ким көрөт мекенин, ким жок,
ким уктайт бөтөн өлкөдө?

Билсем ээ. Жер кезгендерге берилген
болгону түш көрүү мекенин, а түштөр
эч нерсени өзгөртпөйт.
Жашырбайм, мага да туш болот
бактылуу түш көргөн учурлар: түшүмдө
мен станциядан чарбама
баратам, отурбайм, тик турам
кыйчылдаган арабада. Айланада
Жаздын белгилери.
Баратам жылаңбаш башым менен
жоолугуңдай апакай.
Жаным менен
жалынууга толгон ашкере.

Кудайым! Белги бер! Талап кыламын.
ким көрөт мекенин, ким жок,
Кимге туш түбөлүк айрылуу.
Билсемчи ушуну. Жылдар зымырайт,
атүгүл ишенип күткөндөргө,
атүгүл мага да кайгылуу.

Түш гана жубатат кээ-кээде.
Дубандарга жана шаарларга
болуштуктарга жана айылдарга эмес,
бүт Россия бөлүнөт түштөргө.
Ошол түштөргө – жолоочуга берилген,
чоочун жерде, узун түндөрдө.
(“Дар” романынан)
Которгон Назгүл ОСМОНОВА

 

Едилбек ДҮЙСЕНОВ
(Казак акыны)
ЧИРКИН ӨМҮР
(Монолог)
Өмүр дегенибиз күрөш!
К.Маркс
* * *
Көңүл — күдүк,
Жүрөк байоо,
Санаа муң…
Тагдыр, тагдыр!
Неге мынча ачылбады кабагың?
Кубанам деп келген элем өмүргө,
Жашка толуп турат неге карегим?..

Сезесиңби?!..
Бир аптадай бир күнүм,
Ыйлоо… сыктоо..
Арылбады кургуруң.
Баламын деп кандай айтам жат жанга,
Мен дарттуумун… Каптап алган кайгу муң…

Кас жоосундай карай турган досуна.
Ооруганда, жолобогон кашына.
Адамдары баркы төмөн мээримсиз.,
«Өмүр, өмүр» дегениңер ушубу?..

Акчасызды тирүү көмүп тепсеген,
Акчалууну алаканда термеген.
«Өмүр! Өмүр!» дегендериң ушубу?!
Ооруулуга көмөк колун бербеген…

Сулуулары тайгандарча таранган,
Ууртап ичип, чөлмөктөгү арамдан.
Азып-тозгон «өмүр» деген ушу экен,
Баарын билем, үйрөнгөнмүн апамдан.

Тайраңдатар бийликтеги уурусун,
Үн каталбай, жан багуунун күнү үчүн.
Улуу атына ылайыксыз өмүрдүн,
Ууруча өмүр сүргөндөрүң курусун!

Жек көрөмүн сендейлерди бал үмүт,
Апакемди сүйгүм келет сагынып.
Кээлер жүрөт арак ичип той тойлоп,
А мен болсо ак төшөккө таңылып.

Акчасызды тирүү көмүп тепсеген,
Акчалууну алаканда термеген.
Калк уулуна бийлик орун бербеген,
Курган өмүр!
Алдагачан көмүп салгам көргө мен.

Сени жакшы
Көргөнүмдөн көрбөгөн!..
Бул ырымды кабыл алгын каты деп,
Туулбай жатып өлүп кеткен пендеден!
Которгон Самара НАСЫРОВА

 

Ф.И.ТЮТЧЕВ
(Орус акыны)
БАРИКТЕР
Арчалар, карагайлар,
Кыш бою мейли, турса.
Бороондо жана карда,
Калышат алар уктап.
Жүдөгөн жашыл өңү,
Кирпинин ийнесиндей
Саргайбайт кылым бою,
А бирок кылым эски.

Биз болсо жеңил жалын,
Гүлдөйбүз, жаркырайбыз.
Дүйнөгө аз болсо да,
Болобуз сыйлуу мейман.
Көркөмдүү бүт жай бою,
Биз турдук бир күбүлбөй
Ойнодук нурлар болуп
Чөмүлдүк шүүдүрүмгө!..

Чымчыктар бүттү ырдап
Гүлдөр да гүлүн төктү.
А нурлар бозомуктап,
Кыялдар алыс кетти.
Анда не биз турабыз,
Илинип, саргайыңкы?
Кетсекпи биз да алардын,
Артынан канат кагып?

Тезирээк, тезирээк,
Оо тентек, долу шамал.
Тезирээк бизди үзгүлө,
Көңүлсүз бутактардан!
Үзгүлө, сызгыла,
Биз күтө албайбыз.
Учкула, учкула,
Кошулуп биз да учабыз!..
Которгон Назгүл ОСМОНОВА

One Reply to “Поэзия: Кыргыз акындарынын котормолору”

  1. Кандай жакшы- жакшы ырларды арнаган,
    Эмгек кылып-соз берметин жаза алган.
    Ыр денизи толкуп турат башкача ,
    Бар болгула -Жараткандан суранам.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *