Борбор калаанын четинен таш там, бозүйлөр жайнаган курулушка көз түштү. Сураштырсак, көптөн бери биз табалбай жүргөн Табылды Эгембердиевге таандык экен. Адегенде бир топ чиновник, депутаттарды ээрчип барып көрүп, кийин кенен маек курдук.

Этнографиялык борбор курам деп былтыр жар салганыңыз бар эле. Ал ишиңиз бул жай деп билсек болобу?

— Айтканым ушул жер. Максатым — кыргыздын тарыхын, жашоосун, унутулуп калган маданиятын элестеткен бир жай куруу. Бул комплекстин борборунда ордо болот. Ордонун стадиону курулат десем болот. Диаметри 14-15 болгон чоң бозүйдө ойнолот. Керегелеринен тыштагы адамдарга да оюн көрүнөт.

Бул долбоор улуттук духтабы же коммерциялык багытты көбүрөөк көздөйбү?

Коммерциялык да мааниси бар. Себеби, азыркы рынок шартында маданият жалгыз өзү өнүгө албайт. Манас айылы деген неге өчүп калды? Анын коммерциялык багыты жок эле, бирок канча акча сарпталган. Барган кишинин ичерге суусу жок. Бозүйдөн башка кыргыздын тарыхына тиешелүү эч нерсе жок ал жерде. Ал архитектура эмес, порнография менимче. А бул жерди мен кыргыздын архитектурасы менен куруп атам.

Сизди Кыргызстандагы 100 бай адамдын ичине кошушат. Буга макулсузбу же каршылык аргумент барбы?

— Макул эмесмин. «Шоронун» челектерин көрүп алып, бизди баары бай деп ойлошот. Жарды эмеспиз, бирок жүз эмес, 1000 байдын арасына деле кошулбасам керек. Себеби, фирманын чыгымдарын көрүп алып, өзүм таңгалам. Өндүрүш деген крокодилге окшош, тапкан акчаңды кайра соро берет. Улам бир нерсесин аласың, ал бузулат, кайра оңдотосуң. Баймын, бирок 100 адамдын ичине кошулалбайм. Мага окшоп маңдай тери менен акча таап жашагандар байыбайт. Кыргызстан кичинекей эле мамлекет.

Эгер кыргыздын сиздей бай уулдары болсо, неге анда ошол кичине өлкө өнүкпөйт?

— Ким айтты Кыргызстан өнүкпөй атат деп? Өнүгүп эле атат. Тирүү жандык эмес, чөп да таш жарып өсөт. Асканын боорунда өскөн карагайды көрүп таңдангам. Совет мамлекети кулагандан кийин беш-он жыл жаттык жамбаштап. Өкмөт багат деп. Өкмөттөн түңүлгөн заман келгенде элдин баары кыймылдай баштады. Жарымы Россияда жүрөт оокат кылып. Тентип кеттик, өкмөт тентитип ийди деп бир топ патриоттор кыйкырып жүрүшкөн. Ошондо күлдүм эле, алар тентиген жок, ошолор бизди багат деп. Себеби, Түркиянын тарыхын билчүбүз. 2 миллион түрк Германияга кетип калган. Көчө шыпырып, ыплас жерлерде иштешкен, немистер аларды жакшы жумуштарга жолотушкан эмес. Эми ошол түрктөр азап чегип атышабы? Өздөрү немистерге теңелип алышты. Каржы министрлиги айтып атпайбы, Россиядагы кыргыздардан миллиард доллар келип атыптыр бизге. Катуураак өнүксөк да болмок, мындан да жай өнүгүп калышыбыз ыктымал болчу. Мурун соода кылгандан уялып жүргөн кыргыздар азыр соодагер болуп калган. Кыргызстанда бизнес жасоого шарт жок дегенге кошулбайм. Тегеректеги мамлекеттерге караганда бизде шарт өтө эле жакшы. Өнүккөнүбүз белгилүү болуп атпайбы баары кымбаттап. Кризис бут тосуп атат, бирок бул убактылуу нерсе.

Кыргыздын неси жакпайт сизге?

Көралбастык, ичитардык бар кыргызда. Азыр жанагы курулуп аткан комплекстин жанында Токоноев деген жашайт экен. Жыгач тосмосун өрттөп кетти ошол курулуштун. Итимди сейилдеттирчүмүн дейт ошол жерде. «Бул жер итке эмес, адамдар үчүн» деп койгом. Анан ошол жердеги алкаштардын баарын ээрчитип келди. Өрттөп салабыз деп атышкан мас болуп алышып. Кат жазыптыр депутаттарга, МЧСке. Комиссия келип текшерип да кетти. Жыш тизилген жыгач тосмонун үч жерине дөңгөлөк коюп, солярка куюптур. Кудай мени колдогонун ушундан билгиле, түбүнө өрт коюлса да, дөңгөлөк күйүп, ал коюлган жер гана күйүптүр. Ушундай кыргыздар ар бир айылда, жашоодо да, саясатта да бар. Бирибизге бирибиз бут тосуп турабыз. Эмне үчүн кыргыз өнүкпөйт дейсиң. Мына ушунубуз үчүн өнүкпөйбүз. Аман болсун Токоноев. Ушундай адамдар өмүр бою кыйналып өтүшөт. Өзүнө өзү душман экенин билбейт. Ичи тардык — адамдын биринчи душманы. Канча бай, канча тың болсоң да, сенден да бай, сенден да тың киши табылат. Досум эмес, тааныбаган эле кишилер бир жакшы иш жасап атышса, өзүмдөн артык сүйүнөм. Иттей жакшы көрөм ошондой кишилерди.

«Шоронун» бир мааракесинде фирманы кеңейтип, Америкага кыргыз желегин илем деген мааниде айтканыңыз эсимде. Ошол максаттын ишке ашышы кандай? Артыштагы ишиңиз не болду?

— Ушинтип айтканым чын. Америкага илгеним жок, бирок, Кытайга илдим. Биздин Бишкектеги кытайлар максымды аябай ичишет. Ошондой ойлоп Кытайга барсак, элдин менталитети башка экен. Ал жактагы кыргыз, уйгурлар көчөгө туруп суусундук ичкенди биздин басып баратып нан жегендей көрүшөт экен. Отургуч сурашат, жок десек, кантип туруп ичебиз деп таңгалышат. Кытайларды көндүрүш үчүн чоң реклама керек экен. Болгон акчабыз заводго кетти. Азыр ишин токтотуп койдук, аякта азыр кризис. Бирок жерибиз, завод турат.

Дүйнөдө каржы каатчылыгы араанын ачып турганы сизди кооптонууга салбайбы?

— Анчалык деле ири кооптонууга салган жок, бирок кыйналып турабыз. Чоң кредит алып алганбыз. Тамак-аш багытындагы компаниялар каатчылыкта кыйналган деле жок. Албетте, мурункуга караганда пайда азыраак. Тапкан акчанын баары кредит жабууга жумшалууда. Буюрса кутулабыз, жабылып калбайбыз.

Балалыкта кыйынчылыкты да көргөнүңүздү айтып калчусуз. Адам турмушунда ийгилик жаратыш үчүн, сөзсүз кыйынчылыктан өтүш керекпи?

— Жетим өстүм. Байкоо салып жүрөм, жетим балдар, оор турмушта өскөндөр тың болот. Башы көрүнгөн, өкмөт башкарган, жетекчиликтегилердин көбү байкасак айылдан келген, кой кайтарып жүргөндөр. Бизнесмендердин көпчүлүгү ошондой. Себеби, кыйналган адам умтулат да, азаптан кутулайын деп. Мисалы, менде кой кайтаргандан кутулсам деген эле ой болчу. Минтип Кыргызстанга таанымал адам болорум деле ойдо жок. Окууга өтүп кетейин дедим. Окууну бүткөндө кайра катуу кыйналдым. Бизди окуткан түшүнүктөр менен ал замандын шартында жашоо мүмкүн эмес экен. Чынчыл, так, таанышы жок, таза иштеген адамга оор болчу. Карьерам деле өспөй койду, таптакыр эле элден артта калдым. Мени менен окугандардын баары эле министр, начальник болуп кетишти. Мен эч жерге жарабай калдым. Барган жеримен начальник менен урушам. Чындыкты айткан адамды эч жерде эч ким жактырбайт. Азыр деле бийликте ошондой тартип бар. Ошол үчүн дегеле бийликке баргым келбейт. Негизи эле бийликтин табияты ошондойбу деп койдум. Мага окшогон чындыкты бетке айткан, так жүргөн адамдарга бийликтен орун жок. Мүнөзүм туура келбейт.

Сизди чыгармачыл адам катары да билчү элек. Азыр да калемиңиздин кагазда «жорголоп» калмайы барбы?

— Чыгармачылыкты токтотуп койгонума 10 жыл болду. Бизнеске өткөнү. Бир жыл оорудум, кыйналдым. Бирок бизнесте ошол чыгармачылыгымды пайдаланып жүрөм. Чыгармачылык жөндөмүм кереги тийген гана иштерди аткарып келатам. «Шорону» деле иним башкарат башынан. Башкарууга катышпайм деле. Анын технологиясын жасап, колго жасап жүргөн максымды автоматташтырууга чейин жеттим. Ошого салым коштум. Азыркы куруп аткан комплекстеги таш үйлөрдү кичинемде көрүп калгам. Бозүйдүн, тосмонун жаңы түрүн ойлоп чыгардым. Комплекстин архитектору да, прорабы да, жарым-жартылай дизайнери да өзүммүн. Чоң ырахат менен иштеп атам. Бул чыгармачылык. Эми муну да өзүм башкарбайм. Келинчегиме өткөрүп берет окшойм, ошол тың. Үйдөн мени да башкарат. Бул ишти берсем, мени башкарууга чолосу тийбей калаар. Жумурдун түбүндө бир сырым бар, оюм десем да болот, жүрөктү ооруткан. Китеп түрүндө бирдеме жазып койсомбу деген. Убакыт таба албай жүрөм. Бизнес адамды сормо саздай соруп коет экен убактыңды калтырбай. Көп нерсени көрдүм. Илгерки заманды, кийинки мезгилди, азыркы заманды көрдүм. Көп киши көрбөгөн, түшүнбөгөн нерселерди түшүндүм. Тарыхта калчу нерселер көп. Жазам деген киши убакыт да табат. Мен шылтоо кылып жалкоолонуп жүрөт окшойм.

Адатта чыгармачыл адамдын бизнес тилин табышы кыйын деп калышат го. Же бул жаңылыш ойбу?

— Чыгармачыл адам чындап эле бизнеске жок болот. Жасап аткан ишим бизнес эмес, мен чыгарма жаратканым жогоруда айтып өткөндөй. Жок болуп кеткен суусундуктарды жаратыш үчүн чыгармачылык жөндөм керек. Азыр да чыгарма жаратып атам. Таш, топурак, жыгач, камыштан ыр жазып атам. Газон да тиккен жокмун, тоонун түркүн гүлдөрүн алып келдим. Бири соолуп, бири гүлдөп атат. Суусамыр, Чуңкурчак, Аксуудан алып келдим. Ышкын да өсүп атат. 5-6 метр бактарды тиктим. Жамбы атылат, жаа жасатып атам. Жорго минсе болот келгендер. Тоонун жапайы балыктарын алып келип, аквариум жасатып коем. Кыргыздын оокаттарын чогултуп атам. Эжигей жасатам. 60ка келип өзүм жеп көргөн эмесмин ошол оокатты. Жаман кызыгып жүрөм. Тегирмен курдум, анын унунан күлгө көөмп көмөч нан жасайм. Илгери эмне кылышса, ошонун баарын жасайм. Ал эми акчаны кийин иштеткендер чогултат. Акчага кызыкпаган адаммын. Ушинтсем көп киши түшүнбөйт. Чөнтөгүмө деле акча алып жүрбөйм. Акча мага максатымды ишке ашырыш үчүн гана керек. Байлыкты мен башкача түшүнөм. Ошол үчүн мен соода кылбайм. Сооданы түшүнбөйм, алдатып жиберем. Эл 5 сомго алганды мен 20 сомго сатып алып жетип келем. Казиного барбайм. Чыгармачылык ишим кийин мага коммерциялык да пайда алып келүүдө. Артисттер ырын жазып, ыр аткарып акча тапкандай эле да. Кечээ эле Мирбек Атабеков деген жигиттин жандуу үнүн угуп эсим ооп калды. Мурда запистерин гана угуп жүрчүмүн. Укмуштай талант тура, аябай ыраазы болдум. Кичинекей эле бала экен. Бул да чыгармачылык. Бирок анын артынан акча ээрчип келет. Талантың болсо, турмуштун кайсы багытында болбосун, жасаган эмгегиң коомчулуктун талабына ылайык келсе, бул коммерцияга айланып кетет. Илгери акындар оокат кылган эмес, аларды эл баккан. Алардын ырыскысы эл. Чыгармачылыкты эл качан колдойт, ошол убактагы талабына туура келгенде гана. Китеп жазып койдум эле, чыгарып же сатып бер деген кишилерге такыр түшүнбөйм. Аны өзү, аялы, балдары гана окуур. Эгер окумдуу китеп болсо, элдин баары кызыкмак.

Жашыраак кезде «Тамеки барбы?» деген атка конгом деп айтканыңызды бир ирет радиодон уккан элем. Бизнесмен кезде башкалардан эмне сурап калат экен адам?..

— Чын. Ошондой атым бар эле. КДКга барып иштеп калдым. Мурдагы ишимден 4-5 миң рубль тапчумун. Азыркы убак менен салыштырсам, 4-5 миң доллар экен. Ошону таштап, 400 рублдик жумушка кетип калгам. Идеянын артынан. Жумуш же кызмат алайын деп эмес, бир өзгөрүү болсо экен деп. Коммунисттик заманга бир өчүм бар эле. Ошону алайын деп баргам. Айлык деле колго тийбейт, тамекиге акча жок. Анан ушул аткан конгом. Байып, тамекинин жакшысын тартып атабыз. Бирок азыр бир нерсеге таңгалам. Өмүр өткөнчө сурап эле басып жүрөбүз. Азыр сураганыбыз — кредит. Улам бир ишти баштайсың. Аны бүтүрө коеюн десең, акча жетпейт. Же болбосо баарын токтотуп коюп, дүйнө кыдырып жүрө берсем мени ким кой дейт. Бирок иштеп көнүп алган адамга кыйын экен. Азыр да бир жерден келдим. Көлгө бараткан жолдо ажайып жай, туристтер өткөндө токтоп өтчү жер курайын деп эки жер алып келдим. Азыркы ишимди бүтүрсөм, ошол жакка жөнөйм.

Жаныңызда акыл кошкон жубайыңыз, оорду колдон алган иниңиз экен. Мындай кишинин дагы кандайдыр бир адамдарга муктаждыгы болобу?

— Иним болбосо, «Шоро» деле башталмак эмес. Биздей биртуугандарды көргөн жокмун. Энчибиз да бөлүнгөн жок. Азыр гана аялдар бөлүп келатышат. Сеники-меники жок, эмне кылсак да чогуу оокат кылып жүрдүк. Көп оор ишти жасаган ушул иним болду. Жаңыдан баштаганда эки-үч саат эле уктачу. Жубайым өтө акылдуу, менден да. Күнүгө беш жолу тил угам. Өзүм айылда өскөнмүн, баскан-турганым колхозчуга окшоп кетет кыязы. Көп нерселерди капарга албайм, таза жүрө албайм. Койкойтуп кийинтип чыгарса, кечинде ботала болуп жетип келем. Иретим жок. Миллион сом салып койсо, үч күндөн кийин не кылганымды унутуп калам. Кээде үйдө тыйын жок калса, чөнтөктөрүмдү аңтарып атып таап алышат. Иштеп атканда мага акча карматышпайт. Бирөө сураса берип коюп, унутуп калмайым бар. Чыгармачыл адам башкача болот же мен өзүм ошондоймунбу, бир байкушмун да бечара. Келинчегим тыкан, баарын тактап турат. Тууган ичиндеги катышты да өзү жөнгө салып коет, мени аралаштырбай. Ошонусуна ыраазымын. Башкарууга таланты бар, комплексти башкартсам, андан кутулуп тынчыраак жатайын деп калам. Экономикалык билими бар. Ошого ишенип салып атам, болбосо бирөөгө ишениш деле кыйын. Эмгегиңдин баары талаага кетет да. Муктаждык жаш кадрларга болсо керек. Анан китеп окууга убактым тар.

Бай кишинин «жакырдык» жагы барбы? Же бир өксүгү… А балким, тапкан бир чындыгы…

— Жакырдык деле жагым жок. Жакшы бир үй салсам деп жүрөм. Өзүм курулуш инженеримин. 20 жыл мурун аябай капаландым эле, окууну деле бүттүм, өзүмө үй сала албайт экенмин деп. Ал убакта жер да берчү эмес. Эркиндик келгени фирманын ишин баштап, үй салуу, жер алуу деген ойго келбеди. Азыркы курулуштун ордун үй салайын деп алгам төрт жыл мурун. Ортодо Кытайга кетип калдым. Үй салайын деп, кайра үйгө ыраа көрбөй кеттим. Ордо курайынчы дедим. Суу тегимен курдум. Ажайып бир жер болот, мактанып коеюн. Аламедин суусу бүт шаркырап ушул жерден өтөт. Мындай эч кимде жок, кайталап кура албайт эч ким. Бастырма, тапчандар суунун үстүндө, чатырынан жаан жадырып коем. Үй салам, бир башкача. Андай үй жок эч кимде. Чоң бозүй салам да, ичин бөлүп таштайм. Бир кабат. Долбоорун жасаттым, көргөндөр жактырып атышат. Өтө жөнөкөй, өтө ыңгайлуу үй болот. …Эки чындык таптым. Кудай бар экенине ишендим. Негедир акыркы 5-10 жылда кандай көйгөйүм чечилбей кыйналып турсам, өзүнөн өзү чечилип калат. Өзүм таңгалам. Мечитке барбайм, намаз окубайм, орозо кармабайм. Бирок бир кишиге жамандык кылбай Кудай жолунда жүрөм. Өкмөттүн бир тыйынына кол салган жокмун. Мүмкүнчүлүк болду, бирок кызыккан жокмун. Өз кызыкчылыгым үчүн бирөөдөн бирдеке сурап барбадым. Маңдай тер, таман акы менен жашап келатам. Көп кишиге жардам берем, жакындарыма, туугандарыма суратпай эле жардамдашам. Экинчиси, адам алдына максат койсо, анын аткарылышына аракет кылса, сөзсүз жетет экен. Ар бир адам өз мүмкүнчүлүгүнө жараша максат коет ко. Көзүм жетти ушул чындыкка. 13 жыл китеп окудум. Баарын жыйыштырып коюп. Болгон максатым билим аркылуу тыңыраак оокат кылайын дегем. Публицист болуп кеттим. Ошол менен коомго таанылып калганым кийин бизнес кылуума жардам берди. Мага милиса, салыкчы, рэкеттер жолой алышкан жок. Тийишкендин сазайын берип аттым. «Крышаң ким?» деп сурап калышчу. «Крышам өзүм» десем, эч ким ишенчү эмес. Негизи, адам максат коюп жашаш керек экен. Кеп министр же президент болууда эмес, жок дегенде тыңыраак оокат кылайын, 10 түп алма тигип, мал кармайын, баламды тыңыраак багайын, окуйун деген эле нерселер. Ар бир адам өз максатына жетет. Анүчүн эмгек керек, бир гана ошол эмгегиң сени эч качан алдабайт. Мына мен жеттим. Мындай бийиктикке жетем деп ойлогон да эмесмин. Эми башка бийиктиктер пайда болду, аман болсом, аларды да багындырам.

Маек курган Айнагүл САПАРБЕК кызы

«Агым» гезити, 5-июнь, 2009-ж

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *