Чуваш жомогу

Качандыр бир заманда Арамази тоосунун жакасанда жашаган Улып деген дөөдөй баатыр болуптур. Мал-жандуу, бардар жашачу экен ал. Баардык кырсык, баардык балээ аны айланып өтчү дешет. Арийне, бир мерте кудайлардын биринин каары кайнаганбы, Арамази тоосу силкинип, асман күркүрөп, чагылган чартылдап, тизгинделбес сел жүрөт.

Тоонун адыраңдаган кыя суусу дарыя боюнан ашып, жакадагы Улыптын мал жайытын каптайт. Мындай шумдук эзели болбоптур. Кантип мал-жанды аман алып калышты билбей Улыптын айласы куруйт. Күкүктөгөн суунун сели күндөн күнгө күчөнөт. Ошондо анан Улып баатыр койлорун, уйларын, жылкыларын кара күчкө салып болсо да суу өрдөп баргыс жерлерге көтөрүп ташууга аргасыз болот.

Дөөдөй баатыр мал-жанын үч күн, үч түн көтөрүп ташыса да түмөн малынын жарымынын жарымын да ташып бүтө албаптыр.

Улыптын Азамат аттуу коңшусу бар экен, анысы уста болуптур. Ал да Улыптан ашкан алп экен. Азамат ошондо коңшусуна жардам бермек болуп: жети күн, жети түн бою узанып, көз жоосун алган жети түстүү көпүрө курат. Көпүрөнүн бир учу Арамази тоосуна таянса, бир учу Волга жээгине жетиптир.

Ошол көпүрө аркылуу Улып жана анын колуктусу Волга жээгине түмөн малын түгөлү менен айдап өтүптүр. Төрт түлүк малдын баары чубап өтүп бүткөн кезде, көпүрө көзгө көрүнбөй кайып болгон экен.

Жети түстүү көз жоосун алган ошол көпүрөнү биз азыр көнөктөгөн жаан басылган кезде гана көрөт экенбиз. Чуваш эли ошон үчүн жамгырдан кийин пайда болгон кооздукту Азаматтын көпүрөсү деп калышкан делет.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *