1967-жылы күзүндө айылыбызга Ысмайыл Борончиев менен Рыспай Абдыкадыров келип калышты. Айыл дүрбөп, көрөбүз дегендер «кайдалап» удургуп жүрүшөт. Эл концерт койгону келишти деп ойлоптур. Тигилер болсо Таштаналы деген аксакалдыкына конокко келишкен. Ал биздин кудабыз эле. Анын үйүн каптап кетишет беле ким билет, эртең клубдан көрөсүңөр дебатып келгендерди араң кетиришти.

Өмүрү гастролго чогуу чыкпаган бул эки залкардын ээрчишип жүргөнү эле өзүнчө кызык көрүндү. Ысмакең отуруштун гүлү эмес беле. Токтоналы Шабданбаевдин самолетко түшкөнүн, башын жазганын, согушка барбай калганда аны коркутуп чыгым кылганын, экөөнүн жөө айтышын, ал ортодо Шаршендин жоруктарын айтып, түштүктөгү бир тооктун окуясын ырдап, ырдан сөзгө, сөздөн ырга өтүп отуруп элдин боорун эзген бойдон түндү оодарып ийди. Биздин эси-дартыбыз эле — сөз бүтсө, Рыспай ырдаса. Ал болсо Ысмакеңдин кебине арбалып, берилип угуп, жыргап каткырып отурат. Жөлөнүп отурган аккордеонун да унутуп койгондой сезилди. Оо түн бир оокумда барып Рыспайды көксөп отургандар көздөрүнө көрүндүк окшойт, кепкорлор калып, обонкорлор өзүнчө бөлмөгө бөлүндүк.

Ысмакеңдин кебинин ширинин айт, Рыспай улам кылчактап жатып араң келди. Ошондогу менин сүйүнгөнүм! Кантип сүйүнбөйм, карагайдын башындагы коңгуроодон гана угуп жүрсөм (анда ошондой «радиолор» тагылып, айылды жаңыртып турчу), эми минтип жаныңда тирилей «Эмнени ырдап берейин?» деп турса.

Анда «Алмашым» жаңы чыккан. Жабыла ошону сурандык. Аккордеондун үнү кудум эле радиодогудай созолонуп баштаганда денем чымырап, көргөн көзүмө ишенбей, ушул түн бүтпөй эле койсо деп ичимен жалынып да жибердим. Ыр башталды. Рыспайдын ошондо үнү да, өзү да болуп турган кези экен. Үнү жөн эле шаңгырайт. Бир ай тынбай ырдаса да чарчабас үндөй сезилди. Өзүнүн да ырдагысы эле келип турган учуру окшойт, биздин кол чаап сүрөгөнгө да алыбыз келбей таңыркап отурганыбызга карабай, «Эми кайсыны ырдап берейин?» деп, сураганыбызды жан-дилинен берилип ырдап жатты, кайран булбул. Радиодон берилип жүргөн ырларынын баарын сурандык, баарын ырдады. Анан эмнени сурарыбызды билбей калдык.

Рыспай бир аз тунжурап отурду да, төш чөнтөгүнөн бир сүрөттү алып чыгып бизге көрсөтүп: «Сулуу бекен?» деп калды. Биз «и-и, и-и» демиш болдук (бизге анда сулуу тандаганды ким коюптур). Өзү болсо «аябай сулуу» деп койду. Ии, сулуу деген ушундай болот турбайбы деп биз отурабыз. Рыспай сүрөттү эзиле тиктеп отурду да, аккордеонун алып: «Ушу кызга арнап «Күтүү» деген обон чыгарып жатам деди да, кайрыктарын тартып келип орто ченинен «анда да келсем сен жоксуң» деп муңканып калды.

«Ушу Рыспай келсе чыкпаган кандай балээ!?» деп жанагы сүрөттөгү кызды кадимкидей жаман көрүп калдым. Обону чыгып бүтө элек экен. Сүрөттөгү кызды дагы бир тиктеп алып, обону менен алышып баштады. Улам бир кайрыкты тартып, экинчисинде аны башкача кылып, үчүнчүсүндө андан бетер өзгөртүп жатты. Анда-санда бизди тиктегени менен эси-дарты башка жакта жүргөнү ачык эле көрүнүп турду. Азыр ойлосом ошондо Рыспайдын фантазиясы төгүлүп турган кез экен. Анча-мынча обончу бир кайрык тапса сүйүнөт, ал болсо кайрыктан кайрык тандап жатты.

Ал обону эмнегедир жарык көргөн жок. Мүмкүн, «Издейм сени» сыяктуу керемет обондор чыгып кетип тигиге көңүл бурулбай калгандыр. Анткени мыкты обон жандын жарымын ала кетет эмеспи…

Аңгыча Рыспай: «Араңарда ырдагандар барбы»? деп калды. Жанымдагылар мени көрсөтүп ийишти. Азыр ал кишинин алдында ырдагандан тартынмакмын. Анда кайсы шайтан түртүп ийгенин билбейм, аккордеонун алып башка ыр түгөнүп калгансып өзүнүн «Түгөйүмүн» өзүнө ырдап жибериптирмин го. Обонуң барбы десе тантыраган бир обон сөрөйүмдү да ырдап ийип атпаймбы (жинди болсоң айла жок экен да). Рыспай болсо «Сени шаарга алып кетем, окутам» деп чыкты. Эсен байкеме барып мени сурады. Сураганда да «иним жок, ини кылып алайын» деп сураса болобу. Байкем: «Рыспай, сен менден күлүктү сурасаң же бир буюм сурасаң ойлонбой берет элем, анан кара баштуу кишини кантип берем?» деп койду. Зор талант менен ошентип таанышкам. Экөөбүз 27 жыл ага-инидей таттуу жүрдүк. Бизди анын күтүүсүз өлүмү ажыратты. Эртеси клубга эл батпай, залкарларды сахнадан кетирбей дуулдап жатты.

Кийин искусство институтуна тапшырардын алдында жумуш издеп (ал кезде ЖОЖго чейин иштеп келиш керек деген да эреже бар эле) республикалык эл чыгармачылык үйүнө барсам Ысмаке чыгып келатыптыр. Салам айтсам «Сен баягы Караколдогу чай сунуп отурган бала эмессиңби?» дебеспи. Эстутумуна ушунчалык таңгалып, «сиз мени кантип тааныдыңыз» десем, мурдуңан тааныдым дейт. Бир аксакал «Мобу балабыздын өнөрүн сындап берсеңиз» деп мени комуз черттирген эле. Ошондон улам эстеп калса керек. Жөн-жайымды сурагандан кийин «Анда жүр мени менен, Кегетиге барып келебиз» деди. Сүйүнүп а кишини ээрчиген бойдон кеттим.

Түгөлбай Казаковдун «Эсимде» аттуу китебинен үзүндү

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *