ДИЛАЗЫК

Оо, «Ата» деген кандай ыйык, ары улуу сөз. Ал эми Ата болуу андан да мүшкүл. Ата-бул эбегейсиз зор дөөлөт, чеберчилик, жоопкерчилик, кылдат мамиленин ээси, айбаттуу жөлөк, омоктуу таяныч, акылман кеңешчи.

Бир даанышман өз уулуна мындайча насаат атты:

— Уулум, калайыктын өзүңө кайрымдуу болуусун кааласаң, оболу өзүң калайыкка кайрымдуу бол. Өз мээнетиң текке кетпөөсүн каалабасаң, калайыктын ак мээнетин бекер кетирбе, сая кылба. Абройлуу болууну кааласаң, элпек бол. Адамдар сени маскаралап күлбөсүн десең, жүрүм-турумуңду оңдогун. Кадыр-баркың ашсын десең, башкалардын кадыр-баркын билгин. Көпчүлүктүн өзүңө дос болуусун кааласаң, адамдарга колуң, тилиң менен азар көрсөтпөгүн. Урмат-сыйга эгедер болууну кааласаң, мүмкүнчүлүк болушунча мал-мүлкүңдү муктаждардан аябагын.

Телегейи тегиз бир жан болууну арзуу кылсаң, өзүңө ылайык келбеген ишти бөтөндөргө да ыраа көрбөгүн. Дилиң ооруп, урушууну каалабасаң, ачуулуу, акмак адамдар менен сөз талашып отурба. Бейгам болууну кааласаң, кызганчаак болбогун. Кайгы-касыреттен ыраак болууну кааласаң, колуңдан кеткен нерсеге өкүнүү менен кайгыра бербегин. Дос-жоронун көбөйүшүн кааласаң, ачык жүздүү, ширин сөздүү бол. Эч кимге кине коюп кек сактаба. Сырыңдын ашкере болуусун каалабасаң, досуңа да ооз ачпа.

Абу Хурайра айтат:

«Мен азирети пайгамбардан эки түрлүү илим алдым. Бирин жайдым, экинчисин жашырдым. Эгер жашырып койгондорумду ачыкка чыгарганымда, анын маанисин эч ким чыдай албай, мойнум кесилмек.

* * *

Түрк Султаны Явуз Селим Египетке келгенде, эл анын шаңын көрүү үчүн терезелерге чуркады. Явуз эң алдыда эмес, жөн эле аскерлеринин ортосунда бараткан болчу. Анын жөнөкөйлүгүнө таң калышты. Ал эми Египеттен кайтканда, Шам шаарында өзү тууралуу сөз болуп, «эки даңктуу шаар Мекке менен Мединанын акими» делгенде, кандуу көздөрүнө кадимкидей жаш алып, «жок, жок, ошол даңктуу шаарлардын кызматчысы дегиле» дейт.

* * *

Падышалар жума намазы үчүн сарайдын тепкичинен түшүп баратканда бир жарчы:

«Падышам көп жаша, жолуң ачык болсун!..» деп дуба кылчу.

Падыша мечитке да, элдин көзүнчө эки катар сакчылары арасынан өтүп барчу. Падышанын напси элдин мактоолоруна жеңилбеши үчүн сакчылар акырын гана: «Мурдуңду көтөрүп, чиренбе падышам. Сенден улук Аллах бар» деп кайталап турушчу.

* * *

Мурунку Православ, кийинки Ислам аалымы Яман Дедеден окуучулары сурады:  «Агай, оор күнөөгө батуунубу же ала илдетине чалдыгуунубу: кайсы бирисин тандайсыз?»

Яман Деде айтат:

«Алланын кулдарынын көңүл дүйнөсүнөн бир ирмемге алыстоо жана мээримсиз калууга караганда, тирүүлөй күйүп, күл болууну каалайм!»

* * *

«Жүрөгү күйгөн ашык келип, сүйүктүүсүнүн эшигин какты. Бирок «Кимсиң?» деген суроосуна, «Менмин!» дегенде, сүйүктүүсү: «Кет! Сенин кире турган убагың азыр эмес! Мындай руханий гүлзар талаасында чийки рухтарга орун жок!» деди.

Ал байкуш кайтып кетти. Бир жыл сапарда жүрүп, айрылуу жана кусалык учкуну менен жанды, күйдү. Бир күнү сүйүктүүсүнүн үйүнө кайра келди. Илебинен адепсиз сөз чыгып кетпесин деп, миң бир санаа ичинде, коркуу жана адеп менен эшиктин алкагын какты:

— Эшикте турган ким? — деп сурады жары.

— Эй, көңүлүмдү алган! Эшиктеги да сенсиң! — деп жооп берди.

Жары:

— Эми мендейсиң, эй менден турган!.. Ичкери кир!.. Үй ичине эки «мен» сыйбас эле» деди.

Которгон Алым ТОКТОМУШЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *