Абдыкерим МУРАТОВ

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата

Ата деген – башталыш. Деңиз суусу дарыядан, дарыя булактан башталгандай сен атадан башталгансың. Сен – атаңдын уландысысың. Сени жаратуучу – атаң. Атаң болбосо сен болмок эмессиң, демек, сенин мал-мүлкүң, үй-бүлөң, тапкан-тышыганың да атаңдан башталат.

Мухаммед пайгамбар алейхис-с-салам айтат: «Өзүң да, малың да түпкүлүгү атаңдыкыдыр», — деп. Ислам дининде атанын баркы, кадыры өтө жогору коюлат, атага акаарат келтирүү Аллага акаарат келтирүү сыңары каралат.

Кайсыл бир мезгилде, кайсыл бир жерде атасы баласына ыраазы болбойт экен, ата деген сынчы да, «ушул сен, балам, адам болбой калдың» деп уулун жемелей берчү экен. Буга арданган бала өнөр үйрөнүп, башка жактарга барып, намыстанып, акыры кызмат тепкичтеринен жогорулап, атасы жашаган шаарга башчы болуп келет. Келет да, жансакчылары жана жардамчылары аркылуу атасын алдырат: «Мына, ата, сиз мени адам болбойсуң дедиңиз эле, мен шаарбашчы болдум», — дейт. Антсе атасы: «Ооба, менин айтканым төп чыкты, шаарбашчы болгонуң менен адам болбоптурсуң», — деп эшигин шарт жаап чыгып кетиптир.

Бул жерден ата адамдык менен адистикти, чоң кызматты алмаштырып алган уулунун келечегин көрө билгендиги насаатталып жатат. Эгер баласы адам болгондо шаарбашчы болуп келери менен атасынын астына эң биринчи өзү келсе болмок.

Акын, ойчул Саади мындай бир ибарат айтат:

— Бир жигит бийигирээк дөбөнүн үстүндө колуна келтек алып өз атасын сабап атты. Аны көргөн калайык катуу каарданып жигитти урмакчы болушат. Баягы келтек жеген атасы кокуй-наалат кылып элге:

— Уулума тийбегиле, ал өз атасын урууга акылуу. Анткени, мен дагы дал ушул дөбөдө өз атамды келтектеген элем. Мына эми мени өз уулум сабап жатат, — деди.

Акмат Даныш мындай бейт жазат:

Сен атаңа кандай кылдың жакшылык,
Күт балаңдан жакшылыкка жакшылык.

Ата – үй-бүлө кыйынчылыктарын, балдардын азап-тозогун жүктөп бараткан кербен сыяктанат, ал ошол эле кезде коом, көпчүлүк менен өз үй-бүлөсүн туташтырып турган көпүрө, руханий да, материалдык да көпүрө.

Низами Арузи Самаркандий (XI-XII кылымдарда жашаган акын жана аалым) мындай бир икая келтирет: Калыйпа Корун ар-Рашиддин увазири Фазл ибн Йахиа оор дартка кабылат. Анын төш териси өзүнчө эле агара баштайт да ал уялганынан ысыкта да узун көйнөк кийип, мончого да жалгыз түшчү экен. Ушул дарттан кутулуш чарасын издеп барбаган жери, көрүнбөгөн табыбы калбайт. Бир күнү билермандарын чакырып Шам менен Иракта, Фарсы менен Хурасанда эң кыйын табыпты таап келгиле деп суранат. Ошондо мажилиске топтолгондор фарсылык бир табыптын дайынын айтат. Табыпты чакыртат, келишине чоң азем-зыяпат өткөртөт. Андан соң сынап көрмөккө экөө жалгыз калганда: «Ушул буттарым эле ооруйт, кубатсыз, ушунун бир дабасын тапсаңыз болор эле», — деп суранат. Табып ага: «Сүт кошулган тамак ичпеңиз, ачуу жебеңиз, жөжө этин жана нокот сорпо гана ичип туруңуз. Халва жесеңиз да болот, жумуртканын сарысын ачкарын балга кошуп жеп туруңуз», — деген кеңешин берет.

Увазир табыптын айтканын бүт тескери жасайт. Белгиленген күн келгенде табып көрүп эле дароо айтты: «Сиз менин айткандарымдын бирөөсүн да жасабай тескери кылыпсыз, эми сизди айыктыруунун ылаажысы жок, мен кетем», — деди. Албетте, увазир муну атайын сыноо үчүн кылган, ал табыпка ишенди, чынын айтып берди, көйнөгүн чечип төшүн көрсөттү. Табып дарылады, бүт билимин, тажрыйбасын жумшады, бирок жыйынтык чыкпады, акыры бир күнү ал мындай деди:

— Эй, улук урматтуу увазир мырза, сизди дарылоо үчүн бүт күчүмдү, билимимди жумшадым, бирок акыбети кайтпады. Эми айтар бир нерсе – сиз атаңызды катуу капалантып койгон окшойсуз, барыңыз да ошол кишинин көңүлүн алыңыз!

Увазир ошол эле замат түшүндү, атасына жол алды, барып бутун кучактап ыйлады, «мен шордуунун күнөөлөрүн кечириңиз», — деп жалынып-жалбарды.

Ата деген ата да – уулунун күнөөлөрүн кечирди. Увазир көп өтпөй дартынан сакайып кетти. Бир күнү ал табыпты чакырып:

— Менин дартым атама байланыштуу экенин кайдан билдиң? — деп сурайт.

Табып айтат:

— Таптакыр айыкпай туруп алганыңыздан соң балким бул киши кимдир бирөөнү капа кылган болсо керек деп бүт өлкөдөн сүрүштүрүп чыктым, баары эле сизге ыраазы. Ошондо бирөө сиздин атаңызга көптөн бери барбаганыңызды, араздашып жүргөнүңүздү айтты…

Окуя-насаат мына ушундай. А силер атаңар менен кер-мур айтышкан жоксуңарбы, атаңарга акаарат келтирген жоксуңарбы? Ушул күндөрү атаңарды бир чыны чай же бир тиштем нан берип, болбосо бир жылуу сөз менен көңүлүн курсант кылып, ырабдайын көтөрүүгө жарадым деп ойлойсуңарбы? Жок, андай эмес болсо, азыр эле атаңарга жөнөгүлө, аларды ыраазы кылгыла, «Ата ыраазы – Алла ыраазы».

Эгер атаңар бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо хадисте айтылгандай: «Ким атасы көрүстөндө жатканда да ага жакшылык кааласа, атасынан кийин анын досторуна жакшылык кылсын».

Азыр кээ бир адамдарды көрүп калабыз, алар атасын тоготпой, теңтуш кылып алат же стакандашып дос катары көрөт, айрымдар атасы менен мушташкан учурлар болот. Дагы бирөөлөр атасын «Паланча Түкүнчеевич», «старик», «колхоз» деп шылдыңдап чакырат, ылакап ат коюп алат. Атасын жакшы жерге жайгаштырып койдум, менин ишиме тоскоолдук кылбай калды, карылар үйүндө тели-теңтуштары менен жыргап жүрөт деген балдар чыкты. Карасаң, алардын баары жайында: акчасы да, адеби дале бардай, бирок атасына, энесине мээрими жок. Адамзат үчүн мындан өткөн жаман нерсе, мындан өткөн кордук жок. Тилекке каршы, мындайларды улам жыл өткөн сайын көбүрөөк кездештирчү болдук. Он-он беш жыл илгери Шайлообек Дүйшеевдин «Кайдыгерлик» деген ырында бир адамды билсек, азыр жүздөп кетти, мындайлар ар бир эле айылдан чыкты.

«Ата-энеге кызмат кылуу – бейишке кирүү» делинет. Ата-энеси менен ал-акыбал сурашпаган балага бейиштин эшиктери жабык болот экен.

Кыргыздар «Ата журтум» дейт, «Ата мекеним» дейт. «Журт» жана «Мекен» деген сөздөрдүн «Ата» деген сөз менен катар келишинде аябай чоң маани, эсепсиз байлык жатат.

«Бир ата жүз тарбиячыдан өйдө» дейт Ж.Герберт. Ошол атага, энеге биз бир өмүр карызбыз.

Илгери бир замандарда Асан деген бир киши отунчулук менен шугурланчу экен. Ар күнү талаадан терген отунун сатып, анын акчасына тогуз даана нан сатып алчу. Буга навайлар кызыгып калат. Аны билмек болуп бир күн себебин сураса, Асан унчукпай кутулат. Окуянын аягына чыккысы келип, кийинки келиште Асанга беш эле нан берип койсо, бешөө жетпешин айтып кетип калат, кийинки күнү ушул акыркысы, баарын алаңыз деп он бирди берсе, мага ушул гана жетет деп экөөнү кайтарып берет.

Акыры дагы бир күнү навайлар бул сырды такып сураса, Асан:

— Алган нандарымдын экөөсүн карызыма берем, бешөөнү болсо карызга берем, калганын өзүбүз – аялым экөөбүз жейбиз, — дептир.

Тургандар мунун маанисин аңдай албай калса, аларга мындайча түшүндүрүптүр:

— Экөөнү карызыма беришимдин мааниси ушунда – мени ата-энем балалыгымда нан-туз берип чоңойткон, аларга карыздармын. Ар күнү мен аларга бирден нан берип, ошол карызымды үзүп келем. Өзүмдүн болсо беш балам бар, аларга беш нан берем, убакыт келип мен карыганда алар иштеп, менин бул карызымды үзө баштайт!

Ошентип Асан кайрадан тогуздан нан алуусун уланта бериптир.

Бул баян адамдардын биринен бирине, муундардан муундарга, аталардан балдарга карыз катары, парыз катары токтолбой өтө берет, жашоонун жакшы жолу, турмуштун тынч агымы ушундай болот дегендик. Эгер ким ошол агымды бузса, анда ал тукумдун келечеги кайгылуу аяктайт же андан ары уланбайт калат.

Ошон үчүн дүйнөдө эң карыз бере тургандарыбыз ата-энелерибиз, карыз төлөй тургандар алардын перзенттери деп айтылат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *