СААТ

Саат жебеси улам чыкылдап кайдадыр шашат. Көчө жык-жыйма адам. Баары саат менен жарыша жүгүрөт. Арасында  тууган тууганына, дос досуна, бала атасына, кыз апасына түзүгүрөөк убакыт бөлө албаганына, карым-катнаш жасай албаганына, баштагыдай бет-маңдай олтуруп, узак баарлашууга убакыт  бөлө албаганына нараазы болгондору да бар.

Көчүлүктүн ичинде убакыттын берекеси кетти деп  безилдегендери да жок эмес.

Жакындарына  өзүн болбосо да,  сөзүн жеткирген телефонго, агентке, фейсбукка, иши кылса  интернет  ааламына  алкыш айткандары андан көп.

Алардын катарында өзүмдү да көрөм. Көр тиригликке көкүрөгүмөн батып кеткендиктен жакындарым менен анча-мынча кол телефон аркылуу “ кыңк-мынк” деген үндөрдүн коштоосунда  эсен-соолук сурашканымды  эске албаганымда, качан кабар алганымды канчалык башымды кашысам да азали эсиме түшпөй койду…

МЕЛДЕШ

Буга кошул-ташыл кээсин торуна чалган жалкоолук мени да эчак эле жакамдан жетелеп алганын сезем, туям. Кыйладан бери аны-муну шылтоолоп калем кармабай койдум. Бу сапар ошол жеңилдикке жетелеп барып, бошураак келсең  жеңилүүгө дуушар кылып, тизеңди бүктүрүп, салам салдырткан же колуңду көтөрткөн жалкоолук менен бетме-бет келип, акыйнек айтышып олтурам, мелдешип олтурам. Канчалык майнап чыгат, кимибиз жеңишке жетип же женилүүнүн ызасын татабыз — ал  да азырынча белгисиз.

КААЛГА

Дегеним, бүгүн күн сайын кулак кужурун алган майда-чүйдө нерселердин баарына кол шилтеп, бир саамга тыныгуу жасадым. Пенде катары кубанганда, адам катары кээ бир жаныңды кашайткан нерселерге каңырыгың түтөп, кайгырганда, таң калганда, сүйүнгөндө, күйүнгөндө бирдекелерди  чиймелеп жүргөн жандүйнөмдүн чөнтөк дептерчесинин “каалгасын” ачтым. Көптөн бери үңүлбөй койгонумабы — бетин чаң басып, саргайып кетиптир. Айрым жазууларынын сыясы өчө баштаптыр. Азыр окумандар менен ошол өңү өчкөн, саргайган барактарды бирге ачкым келди. Анчы-мынчасын баш-аягын түздөп олтурам. Арасында ар кандай темалар кыстарылган. Аны ким кандай кабыл алат, өз эрки. Мен үчүн жандүйнөмө тынчтык бербей тыбырчылаткан жагдайларды көпчүлүк менен бөлүшүп, жеңилдеп алсам болгону.

“ТЕЛЕВИЗОРУБУЗДУ АЛЫП КЕЛИП БЕРГИЛЕ УУРУЛАР”

2002-жыл. Чыгыш мамлекеттеринин кичине шаарчаларынын бириндеги балдар бакчасында уурулук болот. Уурулар бала бакчадагы оюнчуктардын бирин да калтырбай, анысы аз келгенсип, балакайлар дайыма мультфильм көрчү телевизорду да колтуктай кетишиптир. Бул окуя заматта шаарга дүң болот.

Эртеси керели кечке тим эле сүйлөшүп алгандай теледен, радиодон ошол бакчадагы балдардын “оюнчук ойнойбуз, мультфильм көрөбүз” деп көз жашын көлдөтүп ыйлап жатышкандыгын саат сайын көрсөтүшөт, угузушат…

Арадан бир күн өткөн соң, таң заарда бала-бакчанын астанасынын алдында жык-жыйма оюнчуктар, анан телевизор туруптур. Анын үстүндө: “Кечиргиле, келечек ээлери. Биз адаштык!” деген жазуу да бар эле. Ким билсин, балким муну чындап эле ошол колу туткактар кайтаргандыр. Же балдарды жанындай  жакшы көргөн бай, бизнесмен  жасагандыр. Эң башкысы, бул күнү балдар менен кошо өздөрү да баладай болуп калган  бакчанын эжекелеренин көздөрүндө сүйүнүчтөн жаш тегеренсе, бөбөктөрдүн жүзүндө айтып бүткүс кубаныч бар эле.

Биздин Ноокат шаарындагы же дагы башка жерлердеги көп кабаттуу үйлөрдүн астанасындагы балдар ойночу аянтчалардын ордуна башка нерселердин салынгандыгын көргөн сайын негедир жогорудагы окуя оюма кылт эте берет. Балакайларга аталган шапалактай жерди менчиктештирүүгө кимдин колу барды экен а? Чет жерде балдардын оюнчугун уурдаса, бизде жогорудагыдай жорукка жетеленген шылуундар балдарыбыздын келчегени уурдаган жокпу?

“Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат” демекчи, 2002-жылдан бери районубузга, шаарыбызга бир нече кишилер жетекчи болуп келишти. Кетишти. Бирок айрыкча көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы балдар ойночу аянтчаларды калыбына келтирүүгө азырынча эч кимисинин кудурети жете элек. Балким кыялдарына деле келбегендир….

ТОЙБОГОН КАРЕК

Калк үчүн кан-жанын берүүгө даяр болгон падыша жан-жөөкөрлөрү менен бир күнү балык уулоого  барат. Көл жээгинде бир бечаранын кайырмак салып олтурганын көргөн падыша ага боору ооруйт.

— Эй букарам, менин бүгүн жомарттыгым кармап турат. Биз кайткыча кайырмагыңа эмне илешсе, ошонун оордугунча алтын берем, – дейт падыша каткыра.

Керели-кечке  кудайга жалынганына карабай жанакы жардынын кайырмагына эч  нерсе илинбейт. Падыша кайтар мезгилде гана тегерек сөөк илинет. Журт башынын кеби эки болот беле. Жан-жөөкөрлөр менен биргеликте жакыр да хансарайга келет.Тараза алынып келинет. Сөөк бир жагына коюлат. Экинчи жагына алтын салына баштайт. Бир, эки, он, элүү, жүз, эки  жүз килограмм алтын коюлса да таразанын наркы тарабы былк этпейт. Мында  бир сыр бар дейт сарайдагылар. Хандын буйругу менен бүт даанышмандар, акылмандар, олуялар чогултулат. Сөөктүн сырын эч кимис таба албай эстери оойт.

Акыры алыскы-алыскы айылдан келген бир даанышман сөз сурайт табышмактын сырын чечкени. Ал:

– Падышам, бул сөөктүн эч кандай деле сыры жок. Болгону бул сөөк эч нерсеге тойбогон,  сук адамдын карегинин сөөгү экен. Бул нерсе топуракка гана тоет. Таразынын бир жагына бир ууч гана топурак салдыртыңыз, ошондо иш ордуна келет, — дейт.

Даанышмандын айтканы аткарылат. Тойбогон карек менен бир ууч топурак тең келет.

Анын сыңарындай, калк кызматын кылган жетекчилер, журт жүгүн көтөргөн депутаттар, имамдар, айыл башчылар, жөнөкөй жарандар арасында да тойбогон каректер көбөйгөндөн көбөйүп барат. Бирок, бир күнү баарыбыздын  каректерибиз бир ууч топуракка тоет, ушун унутпасак.

Нуркамил АБДУЛЛАЕВ, Ноокат шаары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *