ПОВЕСТЬ

I БӨЛҮМ жана II БӨЛҮМ ушул шилтемеден ачылат

III БӨЛҮМ

I бап. От ээлери

Бөлтүрүк  буга  капыстан  дуушар  болду.  Буга  өзү  күнөөлүү.  Аңкоолук кылды.  Үңкүрдөн  чыгып,  суу  ичкени  бараткан.  Сыягы,  жакшы  ойгоно  электиги да  себеп  болду  окшойт.  (Түнү  менен  аң  уулап  жүргөн  бөлтүрүк  жаңы  эле ойгонгон.)  Анын  үстүнө  сууга  кеткен  жолду  беш  колундай  билчү.  Ал  буга чейин эч нерсе болбой, аман-эсен эле барып-келип жүрчү да.

Бөлтүрүк жалгыз аяк жол менен куурап калган кызыл карагайга түшүп келип,  ачык  жерден  өттү  да,  дарактардын  арасы  менен  желип  баратты. Капыстан эле чоочун немелердин жытын сезип, анан аларды дароо көрдү. Алды жакта  беш  тирүү  неме  отуруптур,  мындай  немелерди  али  көрө  элек  болчу. Кишилерге биринчи жолу ушинтип жолукту. Бирок алар ордунан ыргып туруп, тиштерин көрсөтүшкөн жок, ага  ырылдашкан да жок. Кыймылдабай, унчукпай, кандай отурса ошондой отура беришти.

Бөлтүрүк  да  катып  калды.  Сокур  сезимине  баш  ийип  дароо  качмакчы болду,  бирок  өмүрүндө  биринчи  жолу  кандайдыр  бир  башка,  карама-каршы сезимди  туйду.  Бөлтүрүк  тигилерден  коркуп,  сүрдөп  турду.  Өзүнүн алсыздыгын,  кичинекейлигин  сезип,  ушундан  улам  жыла  албай  калды.  Анын маңдайында буга чейин белгисиз бийлик менен күч турган эле.

Бөлтүрүк  кишини  мурун  көрбөсө  да,  сокур  сезими  менен  анын кудуретин  дароо  туйду.  Аң-сезиминин  тээ  түпкүрүндө  ушул  тирүү  жандык Түндүктүн  башка  жаныбарларынын  ичинен  биринчиликти  жеңип  алган  деген ишенич пайда болду. Кишиге эки эле көз тигиле карап турган жок, ага сансыз кышкы  өргүүлөрдү  караңгыда  тегеренип,  алыстан  багып,  коюу  бадалдардын арасынан бардык  жандууларга  өкүмдарлык  кылган  ушул  эки  аяктуу  кызыктай жандыктарга  таң  кала  караган  бөлтүрүктүн  бардык  ата-бабаларынын  көздөрү кадала  тигилип  турду.  Бөлтүрүк  ата-бабаларынын  туткунунда,  алардын кылымдарга  созулган  күрөшү  менен  тажрыйбадан  улам  топтолуп,  муундан-муунга  өтүп  келаткан  сүрдөп  коркуусунун  туткунунда  турду.  Бул  мурас  али жаш бөлтүрүктү басып турду. Бир аз чоңураак болгондо да качып кетмек. Бирок ал  азыр  коркконунан  жерге  жабышып,  байыркы  бир  замандардагы  ата-бабасы отко жылынайын деп кишиге баш ийип келгендегидей баш ийгиси келип турду.

Индеецтердин  бири  ордунан  туруп,  бөлтүрүккө  келди  да,  эңкейип карады.  Тиги  ого  бетер  жерге  жабыша  түштү.  Баягы  белгисиздик  эми кадимкидей  кан-жаны  бар  денеге  айланып,  ага  жакындап,  кармамакчы  болуп колун  созду.  Бөлтүрүктүн  түгү  тик  туруп,  эриндери  диртилдеп  ачылып, кичинекей  азуулары  көрүндү.  Келаткан  кол  токтой  калды  да,  киши  каткырып күлүп, мындай деди:

— Вабам вабиска ип пит та! (Карасаңар! Азуулары аппак экен!)

Калган  индеецтер  каткырып  күлүп,  бөлтүрүктү  кармабайсыңбы  деп тигини  шыкактай  башташты.  Кол  жакындап  келатты,  бөлтүрүктө  болсо  эки сокур  сезим  алышып  жатты.  Бири  баш  ийиш  керек  деп  шыбыраса,  бири кармашка  түртүп  жатты.  Акырында  ал  экөөнү  тил  табыштырды.  Кол  тийгиче баш ийип турду да, анан тигинин колун каап алды. Анан эле башка тийген катуу соккудан улам капталынан кулап түштү. Кармашкысы келбей калды. Бөлтүрүк дароо күчүккө айланып, отура калды да, каңшылап ийди. Бирок тиги колун каап алган  неменин  жини  тараган  жок.  Бөлтүрүк  дагы  бир  жолу  башка  жеген  соң, тура калып, баштагыдан да катуу каңшылап жиберди.

Индеецтер каткырып жиберишти, ал турсун колун каптырып алган неме да аларга кошулуп ырсайды. Алар күлүп, бөлтүрүктү тегеректеп турушту, тиги болсо  дагы  эле  каңшылап  жатты.  Анан  капыстан  кулагын  түрүп  калды. Индеецтер да бир нерсени туюп калышты. Бөлтүрүк бул үндү тааныды да, жаны күйгөндөй  эмес  сүйүнгөндөй  бир  каңшылады  да,  үнүн  басып,  касы  менен кармашкан,  өлтүрүп  канын  жалаган,  эч  нерседен  кайра  тартпаган  көк  жал энесин  күтө  баштады.  Канчык  карышкыр  аркырап  келатты.  Ал  бөлтүрүгүнүн каңшылаганын угуп жардамга келаткан эле.

Канчык карышкыр кишилерге атырылды, анын жаалданган, эч нерседен кайра  тартпачудай  түрү  абдан  коркунучтуу  эле.  Ал  эми  бөлтүрүк  энесинин мындай  түрүн  көрүп  жетине  албай  кетти.  Кубанганынан  кыңшылап,  энесине жүгүрдү, кишилер да артка кетенчиктей беришти. Канчык карышкыр бөлтүрүгү менен  кишилердин ортосунда  турду. Түгү  тик  туруп, тамагынан аркыраган үн чыкты.  Түрү  бузулуп,  эриндери  менен  тумшугу  жаалынан  диртилдеп берди.

Капыстан эле индеецтердин бири кыйкырып жиберди:

— Кичи!

Анын  үнү  таң  калгандай  чыкты.  Бөлтүрүк  энеси  бул  үндү  укканда жоошуй түшкөнүн сезди.

— Кичи!-  деп  дагы  кыйкырды  тиги.  Бул  жолу  үнү  катаалыраак,  буйрук бергендей чыкты.

Ошондо  бөлтүрүк  өзүнүн  баягы  эч  нерседен  кайра  тартпаган  кашкөй энеси  жерге  жата  калып,  куйругун  шыйпаңдатып,  кыңшылап,  жарашалы дегендей түр көрсөтүп жатканын көрдү. Эч нерсеге түшүнө албай калды. Анан коркуп  кетти.  Кишилерден  кайра  сүрдөп,  чоочуркады.  Сокур  сезими  туура болуп чыкты. Энеси да муну бекемдеди. Ал да кишилерге баш ийди. Баягы кыйкырган неме энесине келди. Колун башына койду эле, энеси ого  бетер  жерге  жабыша  түштү.  Тигини  тиштеген  жок,  тиштей  турган  ою  да болбоду.  Калгандары  да  келип,  аны  кармалап,  сылай  башташты,  энеси  буга каршылык  көрсөтпөдү.  Алар  катуу  толкунданып,  ооздорунан  көптөгөн үндөр  чыгып  жатты.  Бул  үндөрдө  корко  турган  эч  нерсе  жок  эле.  Бөлтүрүк энесине ыктап, баш ийип турду, бирок тик турган түгү дагы эле жаткан жок.

— Таң кала турган эмнеси бар?-  деди индеецтердин бири. –  Мунун атасы карышкыр, энеси ит, анткени баягыда менин агам итин үйүгүшөр маалда үч түн токойго байлап койбоду беле. Демек, Кичинин атасы – карышкыр.

— Кичи  качып  кеткенден  бери  бир  жыл  өтпөдүбү,  Боз  Кемчет,-  деди экинчи индеец.

— Анын да таң кала турган эч нерсеси жок, Багыш Тил,-  деп жооп берди Боз Кемчет. – Анда ачарчылык болуп, иттерге эт жетпей калбадыбы.

— Карышкырлар менен жүргөн турбайбы,- деди үчүнчү индеец.

— Сыягы,  ошондой  го,  Үч  Бүркүт,-  деди  Боз  Кемчет  бөлтүрүккө  колун тийгизип, — мына анын далили.

Кишинин  колу  тийгенде  бөлтүрүк  акырын  ырылдады  эле,  тиги  кайра урмак болду. Ал азууларын жашырып, кайра жерге жабыша түштү эле, тигинин колу кайра ылдый түшүп, кулагынын түбүн кашып, жонунан сылай баштады.

— Мына анын далили,-  деп кайталады Боз Кемчет.  –  Мунун энеси Кичи экени  чын.  Бирок  атасы  –  карышкыр.  Ошондуктан  мунун  иттигине  караганда карышкырлыгы  көбүрөөк.  Азуулары  аппак  экен,  аты  Ак  Азуу  болсун.  Мен айттым. Бул –  менин итим. Анткени Кичи менин агамдын ити эмес беле? Агам болсо өлүп тынды.

Ат  коюлган  бөлтүрүк  болсо  байкап  жата  берди.  Кишилер  сүйлөй берди. Анан Боз Кемчет  мойнуна илинген кындан бычагын алып чыкты да, бадалга  барып,  бир  таяк  кесип  келди.  Ак  Азуу  аны  байкап  турду.  Боз  Кемчет таяктын эки учун бир аз кертип туруп, чылгый кайыш тасмадан ороп байлады. Бир  тасма  менен  Кичини  мойнунан  байлап,  кичинекей  кызыл  карагайга  алып барып, экинчи тасма менен ага байлап койду.

Ак  Азуу  энесинин жанына  барып  жатты. Багыш  Тил  колун  созуп, аны чалкасынан салды. Кичи коркуп карап турду. Ак Азуу кайрадан корко баштады. Өзүн токтото албай ырылдады, бирок тиштегенге даабады. Арбайган кол анын курсагын  кашып,  ары-бери  тоголото  баштады.  Аягын  асманды  каратып  жатуу күлкүлүү, анан калса ыңгайсыз болчу. Анын үстүнө өзүн мындай абалда абдан байкуш  сезип,  табияты  мындай  басмырлоого  каршы  болуп  турду.  Бирок  эч нерсе  кыла  алган  жок. Эгер бул  киши-жаныбар ага  жамандык  кылгысы  келсе, Ак  Азуу  андан  кутула  алмак  эмес.  Төрт  аягың  асманды  карап  жатса,  кайда качмак элең? Бирок баш ийүү коркуудан үстөмдүк кылып, акырын ырылдады. Ырылдаганын  токтото  албай  койду,  бирок  тиги  буга  жини  келип  урган  жок.

Анан  да  таң  калыштуусу,  киши  сылаган  сайын  Ак  Азуунун  жаны  жыргап баратты.  Капталына  оодарылган  соң  ырылдабай  да  калды.  Манжалар  кулагын кашый баштаганда, ого бетер магдырай түштү. Анан тиги дагы бир сылап, ары басканда  Ак  Азуу  биротоло  өзүнө  келип  калды.  Ал  кишиден  дагы  көп  жолу коркмок, бирок алардын ортосундагы ынак мамиле ушинтип пайда болду.

Бир  аздан  кийин  Ак  Азуу  кандайдыр  бир  таң  калыштуу  үндөрдү  укту. Алардын  кишилердики  экенин  дароо  билди.  Көп  өтпөй  эле  көчүп  келаткан индеец уруусу көрүндү. Эркектер, аялдар жана бала-чака болуп кырк кишидей бар экен, баарында көтөргөн буюм-тайымдар. Алар менен кошо көптөгөн иттер келатты, алардын да күчүктөрдөн башкасында жүгү бар экен. Ар бир ит жонуна бекем таңылган жыйырма-отуз фунттай салмактагы баштыктарды алып келатты.

Ак  Азуу  иттерди  мурун  көргөн  эмес  эле,  бир  аз  гана  айырмачылыгы болбосо  өздөрүндөй  эле  экенин  дароо  сезди.  Бөлтүрүк  менен  анын  энесин туйган соң, иттер айырмачылыктын аз экенин дароо эле көрсөтүштү. Ит талаш башталды. Ак Азуунун түгү тик туруп, курчап турган иттерге ыркырады; иттер бөлтүрүктү  басып  калышты,  ал  иттердин  тиштери  денесине  бата  түшкөнүн туйду,  бирок  өзү  да  үстүндөгү  иттердин  буттарынан,  курсактарынан  тиштеп, бурдап жатты. Ызы-чуу түшүп жатып калды. Бөлтүрүк Кичинин өзүнө жардам бергиси келип аркыраганын, адамдардын кыйкырыгын, таяктардын үнүн, таяк жеген иттердин каңшылаганын укту.

Бир  нече  секунддан  кийин  бөлтүрүк  өйдө  турду.  Кишилер  аны  тиги карышкырдан  бир  аз  айырмасы  бар  тажаал  немелерден  коргоп,  аларды  таяк, таш  менен  уруп,  кууп  жатышыптыр.  Бөлтүрүктүн  мээсинде  адилеттүүлүк сыяктуу  жалпы  түшүнүк  болбогону  менен  кишилердин  адилеттүү  экенин, мыйзам  орнотуп,  аны  аткара  тургандыгын  өзүнчө  туйду.  Ал  кишилердин  өз мыйзамдарына  баш  ийдирүү  ыкмасын  да  баалады.  Алар  башка  жырткычтар сыяктуу  тиштеген  же  аймаган  жок,  булар  жансыз  нерселерди  пайдаланышат экен.  Жансыз  нерселер  алардын  буйругун  аткарышат  экен.  Бул  кызыктай жаныбарлар  ыргыткан  таштар  менен  таяктар  абада  жандуу  немедей  учуп, иттердин шорун берет турбайбы.

Бул күч Ак Азууга таң каларлыктай сезилип, түшүнүксүз болуп турду. Ал  өз  табиятына  ылайык  кудайлардын  бар  экенин  билчү  да  эмес,  ал  болгону түшүнө  алгыс  нерселердин  бар  экенин  гана  туйду.  Тоо  чокусунан  чагылган жаркылдаткан  кудайдан  адамдар  кандай  коркуп,  кандай  сүрдөсө,  бөлтүрүк  да адамдардан ошондой коркуп, сүрдөп турду.

Мына  эми  акыркы  ит  куулган  соң,  ызы-чуу  тынчып  калды.  Ак  Азуу жараатын  жалап  жатып,  үйүр  менен  кантип  таанышканын,  андагылардын  таш боордугун ойлонду. Буга чейин алардын тобунда Жалгыз көз, энеси, анан өзү гана бар болчу. Алар үчөө өзүнчө болчу. Анан капыстан эле, сыягы, ушул топко кире турган башка жаныбарлар пайда болду. Бир көргөндө эле жек көрүп, талап  кеткен  туугандарына  бөлтүрүк  таарынып  турду.  Мындан  тышкары, кишилер байлашса да, энесинин таяк менен байланып калганына нааразы болду. Мындан  капкан,  эрксиздик  сезилип  турду.  Бирок  булардан  анын  кабары  жок эле.  Желип-жортуп  эркин,  өз  билгениндей  жүргөндү,  жатканды  ата-бабаларынан  мураска  алган.  Эми  болсо  канчык  карышкырдын  кыймылы  узун таяк менен чектелип калды, ал бөлтүрүктү да жипсиз байлады, анткени ал энеси жок эч нерсе кыла алмак эмес. Бул ага жаккан жок. Кишилер туруп, жолго чыкканда ого бетер жакпай калды, анткени бир кичинекей киши Кичи байланган таякты алып, аны туткунга түшкөн немедей  кылып  ээрчитип алды.  Анын артынан кыжыры келип, тынчы кеткен Ак Азуу баратты.

Алар  өзөн  аккан  өрөөн  менен ылдый жөнөп,  Ак  Азуу  кыдырып жүрчү жерлерден  өтүп,  өзөн  Маккензи  дарыясына  куйган  жерге  келишти.  Жээкте бийик  казыктарга  коюлган  кайыктар,  балык  кургата  турган  торлор  туруптур. Индеецтер ушул жерге конушту.  Ак Азуу мунун баарын таң калып карап турду. Кишилердин  кудурети  барган  сайын  арта  берди.  Жанагы  кутурган  иттер  аларга баш  ийишет  экен.  Бул  алардын  күчүнөн  кабар  берип  турду.  Бирок  Ак  Азууну мындан  да  катуу  таң  калтырганы  кишилердин  жансыз  нерселерди  каалагандай өзгөртүп, башкара алганы, дүйнөнү өзгөртө алгандыгы болду.

Ал  мына  бул  нерсеге  катуу  таң  калды.  Кишилер  вигвамдардын шыргыйларын  орнотушканда,  ал  көп  деле  таң  калган  жок,  муну  баягы  эле таштар  менен  таяктарды  алыска  ыргыта  ала  турган  кишилер  жасап  жаткан болчу. Бирок  шыргыйлар  кайыш жана  кендир  менен оролгондо, вигвам болуп калды. Ак Азуунун  эси  ооп,  айран  калды.  Баарынан  да  алардын  чоңдугуна  таң калды.  Алар  жандуу  немелердей  болуп  тегеректин  баарында  пайда  болду.  Ак  Азуу  алардан  корко  баштады.  Вигвамдар  заңкайып  турду,  шамал болуп,  кайыш  менен  кендирди  үйлөгөндө,  Ак  Азуу  коркконунан  жерге жабышып,  тигилерден  көзүн  албай  карап,  кулап  келатса  эле  качканга  даяр турду. Бирок көп өтпөй эле вигвамдарга көнүп калды. Аялдар менен балдар ал жакка  эч  нерсе  болбой  эле  кирип-чыгып  жүрүшкөнүн,  иттердин  да  киргиси келгенин,  бирок  кишилер  аларды  сөгүп-сагып,  таш  менен  куушканын  көрдү.

Бир  топтон  кийин  Ак  Азуу  Кичини  таштап,  акырын  жакын  жердеги  вигвамга барды. Аны кызыгуу кумары – үйрөнүү, аракет кылуу, тажрыйба топтоо кумары азгырып  турду.  Вигвамга  аз  эле  калды.  Абайлап,  акырын  сойлоп  баратты. Бүгүнкү  окуялардан  улам  белгисиздик  ар  кандай  боло  түшөрүнө  даяр  болуп калган  эле.  Акырында  тумшугу  кендирге  тийди.  Эмне  болуп  кетер  экен  деп күтүп  турду.  Эч  нерсе  болгон  жок.  Анан  ал  кишинин  жыты  сиңген  немени акырын  тиштеди  да,  өзүнө  тарттты.  Дагы  эч  нерсе  болгон  жок,  кендир  дубал гана бир аз кыймылдай түштү. Дагы  тартты  эле,  дубал  катуураак  кыймылдады. Ага бул жагып калды. Бүтүндөй дубал кыймылдаганча, тарта берди. Бир маалда вигвамдан  индеец  аялдын  ачуу  кыйкырыгы  угулуп,  Ак  Азуу  Кичини  көздөй качты. Ушул ушу болду, бийик вигвамдардан коркпой калды.

Көп өтпөй эле ал кайрадан энесин таштап качып чыкты. Энеси казыкка байлануу  болгондуктан,  баласын  ээрчий  алган жок.  Бөлтүрүккө  өзүнөн  бир  аз улуураак,  чоңураак  бир  күчүк  кыйынсынып  келди.  Күчүктүн  аты,  Ак  Азуу кийинчерээк  билгендей,  Лип-Лип  экен.  Күчүк  талашка  көп  түшүп,  чаар  баш катары белгилүү болгон неме эле.

Лип-Лип өз түрүнөн болуп, анын үстүнө кичинекей күчүк болгондуктан, Ак Азуу корккон жок, оюнда жамандык жок, дос катары тосуп алды. Бирок тиги тишин  көрсөтүп  ыркырап,  даярдана  калары  менен  ал  да  ыркырап  тура  калды. Түктөрү  тик  туруп, ыркыраган  экөө  баарына  даяр болуп, бирин-бири  айланып калышты.  Бул  бир  нече  мүнөткө  созулгандыктан,  Ак  Азууга  бул  оюн  жага баштады. Бир маалда Лип-Лип күтүлбөгөн жерден атырылып келип, бөлтүрүктү каап  алды  да,  дароо  артка  кетти.  Ал  тиштегенде  да  баягы  сүлөөсүн  менен алышкандан  бери  али  ооруп  жүргөн  ийининен  тиштеди.  Ак  Азуу  бир  жагы күтпөгөндүктөн,  бир  жагы  жаны  ооруганына  чыдабай  каңшылап  жиберди  да, тигини качырып кирип, тишин матырды. Бирок  Лип-Лип  да  бекеринен  индеецтердин  айылында  туулуп,  күчүк уруштарга  бекеринен  катышкан  эмес  экен.  Анын  майда  курч  тиштери бөлтүрүктүн  айласын  кетирди,  акырында  уят  болуп  кыңшылап  энесин  көздөй качканга аргасыз болду. Бул алардын алгачкы кармашуусу болду жана мындай кармаштар  али  көп  болмок,  анткени  ушундан  баштап  эле  алар  бирин-бири өлөрчө жек көрөрүн жана дайыма уруша берерин сезишти.

Кичи  баласын  эркелете  жалап,  жанынан  чыгарбоого  аракет  кылды. Бирок  Ак  Азууну  кызыгуу  кумары  чыдатпай,  бир  нече  мүнөт  өтпөй  эле кайрадан чалгынга чыкты да, Боз Кемчет  деген кишиге туш болду. Ал чочоюп отуруп  алып  жанында  жаткан  кургак  мох  жана  таякчалар  менен  бир  нерсе кылып жатыптыр. Ак Азуу  тигиге жакын барып, карай баштады. Боз Кемчет  эч кандай кастыгы билинбеген үндөрдү чыгарды эле, дагы жакындап барды. Аялдар  менен  балдар  Боз  Кемчетке  таяктар  менен  бутактарды  алып келип берип жатышты. Сыягы, бир кызык нерсе болот окшойт.  Ак Азуу ушунчалык  кызыккандыктан,  тигинин  коркунучтуу  киши  экенин  унутуп,  Боз Кемчеттин  так  жанына  барды.  Капыстан  эле  анын  колундагы  мох  менен чырпыктардын  арасынан  туман  сыяктуу  нерсе  уюлгуп  көтөрүлдү.  Анан  ошол тумандын  арасынан  асмандагы күнгө окшогон  жандуу  кызыл неме  соймоңдоп чыга  баштады.  Ак  Азуунун  оттон  кабары  жок  болчу.  От  баягы  наристе кезиндеги  жарык  сыяктуу  өзүнө  тартып  турду.  Ал  дагы  жакыныраак  сойлоп барды  да,  Боз  Кемчеттин  күлгөнүн  угуп,  коркунучтуу  эч  нерсе  жок  экенин түшүндү. Анан жалынга мурдун тийгизип, тилин да чыгара койду.

Адегенде  ал  селейе  түштү.  Мох  менен  бутактардын  арасында  бекинип турган  белгисиз  нерсе  тумшугуна  жабыша  калды.  Каңшылаган  бойдон  артка качты.  Муну  уккан  Кичи  аркырап  жулунуп,  уулуна  жардам  бере  албай калганына жаалданып, таяктын учунда туйлап турду. Ал эми Боз Кемчет  болсо жамбашын чаап каткырып, болгон окуяны баарына айтып, тигилер да каткырып күлүштү.  Кишилер  курчап  алган  Ак  Азуу  болсо  чочоюп  отуруп  алып байкуш болуп каңшылады.

Бул анын өмүрүндөгү эң катуу, жан чыдагыс оору болчу. Боз Кемчеттин колунан  пайда  болгон  күн  сыяктуу  жандуу  неме  анын  оозу-мурдун  куйкалап кетти.  Ак  Азуу  тынбай  кыңшылап,  анын  кыңшылаганын  көргөн  кишилер  ого бетер каткырышты. Ал мурдун жалаганга аракет кылды, күйгөн мурдуна күйгөн тили тийгенде ого бетер ооруп, ансайын каңшылады.

Анан  өзүнөн  өзү  уяла  баштады.  Кишилер  эмнеге  күлүп  жатканын түшүндү.  Кээ  бир  жаныбарлардын  күлкү  эмне  экенин,  аларды  шылдыңдап жатышканын  кантип  түшүнөрүн  биз  билбейбиз.  Ак  Азуунуку  дал  ушундай болду: ал кишилердин шылдыңдаганын көрүп уялды. Анан бурулду да, качып жөнөдү, жан чыдагыс оорудан эмес, шылдыңдан качты, анткени анын жарааты  оттукунан  да  тереңирээк  жана  күчтүүрөөк  болчу.  Байлоодо  жулунган  энесин,  азыр  өзүн  шылдыңдабаган  дүйнөдөгү  жалгыз  жанды  көздөй безди.

Күүгүм  тартып,  түн  кирди,  Ак  Азуу  болсо  энесинин  жанында  жатты. Мурду менен тили дагы эле ооруп, бирок андан да күчтүүрөөк бир сезим тынчын алды. Ал куса болуп турду. Ичи сыздап, өзөн боюндагы үңкүрдүн бейкуттугу менен жымжырттыгын эңседи. Тынчы жок бир жашоо болуп кетти. Мында кишилер: эркектер, аялдар, балдар өтө көп болуп, баары ызы-чуу түшүп, кыжырын келтирди. Иттер тынымсыз кабышып, талашып, ыркырап жатышты. Баягы өзүнө тааныш бейкут жалгыздык бүттү. Ал турсун бул жердин абасы  да  жашоого  толуп  тургандай.  Ак  Азуунун  айлана-тегереги  бир  тыным албай ызылдап, күүлдөп кирди. Ушундан улам ал корунуп, тынчы кетип, дагы эмне болуп кетет деп күтүүгө аргасыз болду.

Ак  Азуу  вигвамдардын  арасында  жүргөн,  бир  жоголо  түшүп,  кайра пайда  боло  калган адамдарды  карап  отурду.  Ал  айлана-тегерегиндеги адамдарды  кишилер  өздөрү  жараткан  кудайларды  карагандай  тиктей берди. Алар бөлтүрүк үчүн улуу жаныбарлар, чыныгы кудайлар эле. Алардын кылган-эткен  иштеринен  кудайдыкындай  укмуш  кудуретти  көрдү.  Алар  акыл  жеткис, чексиз кудуретке ээ болчу. Жандуу жана жансыз дүйнөгө ээлик кылып, кыбыр эткендин  баарын  баш  ийдирип  турат;  кыймылсыз  нерселерге  жан  киргизет; кургак  мох  менен  бутактардан  күндөй  болуп  күйүп,  ооз-мурунду  куйкалаган жашоо жаратат. Алар от ээлери эле. Алар кудайлар болчу.

II бап. Туткунда

Ак  Азуу  күн  сайын  жаңы  нерселерди  үйрөнө  турган  болду.  Энеси байлоодо  отурганда  айылды  түрө  кыдырып,  ар  нерсени  иликтеп  үйрөнүп, тажрыйба  топтой  берди.  Ал  кишилердин  көнүмүш  адаттарын  тез  эле өздөштүрдү,  бирок  мындай  жакын  тааныштык  тоготпой  калганга  алып  келген жок.  Аларды  канчалык  көбүрөөк  билген  сайын,  алардын  күч-кубатына ошончолук көбүрөөк ынана берди.

Кудайына  акаарат  келтирип,  өз  колу  менен  курган  алтарын  уратканда, адамдын  жүрөгү  сыздайт,  ал  эми  карышкыр  менен  жапайы  ит  мындайды билбейт.  Кудайы  эч  качан  чындыкка  айланбаган  кыялдын  туманында  жашап, айкөлдүк менен кудуретке эгедер элес болгон адамдардан айырмаланып, киши жаккан  оттун  боюнда  жылынып  отурган  карышкыр  менен  жапайы  ит кудайынын  жан-дени  бар  экенин,  мейкиндикте  белгилүү  бир  орунду  ээлеп, мезгил  мыйзамына  баш  ийүү  менен  максатына  жетерин,  өз  парзын  аткарарын билишет.  Мындай  кудайга  ишенүү  үчүн  көп  деле  аракеттин  кереги  жок;  ал ишенимден эч нерсе тайдыра албайт. Мындай кудайдан эч кайда кете албайсың. Мына, ал кош аяктап турат, колунда кармаган таягы бар, кудуреттүү, каардуу, ак көңүл. Анын сыры менен кудуретин үзүп алсаң,  кадимкидей кан ага турган, жесең ар кандай эттен кем калбай турган кадимки дене каптап турат.

Ак  Азуунуку  да  ушундай  болду.  Кишилер  ага  кадимки  кудайлардай сезилди. Энеси Кичи сыяктуу эле алардын оозунан өз атын угары менен аларга баш  ийди.  Чакырышса  –  барчу,  куушса  –  каччу,  коркутушса  –  жерге  жабыша калчу, анткени алардын ар бир каалоосунун артында кудуреттүү күч болор эле да,  ал  соккулар  менен  таяктардан,  учкан  таштардан,  ышкырып  тийген камчылардан көрүнөр эле.

Башка  бардык  иттер  сыяктуу  эле  Ак  Азуу  да  аларга  таандык  болчу. Анын  аракети  алардын  буйругуна  жараша  болчу.  Каалашса,  денесин  жанчып, тебелеп, каалашса, кечирип коюшмак. Бул сабакты Ак Азуу дароо эстеп калды, бирок  аны  өздөштүрүш  кыйын  болду,  анткени  кадам  сайын  дуушар  болгон нерселерге  табияты  көжөлүп  каршы  болду.  Бирок  көнүп  кетиш  кыйын, ыңгайсыз болгону менен өзү да билип-билбей жаңы турмуштун жыргалы да бар экенин  түшүнө  баштады.  Ал  өз  тагдырын  алардын  колуна  тапшырып,  жан сактоо  жоопкерчилигинен  кутулду.  Ушунун  өзү  эле  ал  үчүн  сыйлык  болчу, анткени жалгыз тургандан көрө башкага сүйөнүп турган дайыма жеңил эмеспи. Бирок мунун баары бир эле күндө болгон жок, кишиге дароо эле баш-оту  менен  берилип  кетүү  мүмкүн  эмес.  Ак  Азуу  ата-бабаларынын  мурасынан баш тарта алган жок, жапайы Түндүктү унута алган жок. Кээ күндөрү токойго барып,  алыска  азгырган  үндөргө  кулак  түрүп  тура  берчү. Кайра  тынчы  кетип, кооптонуп келчү да, акырын аянычтуу кыңшылап,  Кичинин жанына жата кетет да, анын тумшугун элпек тили менен эпилдетип жалап кирет.

Ак  Азуу  индеец  айылынын  турмушун  тез  эле  өздөштүрдү.  Эт  менен балык  бергенде,  чоң  иттер  кандай  ач  көз,  адилетсиз  болорун  көрдү.  Эркектер адилеттүү, балдар таш боор болорун билди, ал эми аялдар боорукер болот экен, алардан бир кесим эт же сөөк алса болот. Күчүктөрдүн энелери менен бир-эки кабышкандандан кийин Ак Азуу бул жез кемпирлерге тийишпей эле койгон оң экен деп калды. Бирок  баарынан  да  Лип-Липтин  азабы  өттү.  Ал  улуураак  жана күчтүүрөөк болчу. Ак Азуу аны менен кармашкандан каччу эмес, бирок дайым жеңилип  калчу.  Душманы  өзүнөн  өтө  чоң  эле.  Лип-Лип  анын  артынан  түшүп алды.  Энесинен  мындайраак  болсо  эле  тиги  пайда  боло  калат  да,  артынан ээрчип,  тийишип,  жакын  жерде  киши  болбосо,  кармаша  кетчү.  Ал  мындай кармаштардан  ыракат  алчу,  анткени  дайыма  жеңип  чыкчу.  Бирок  ага  жашоонун жыргалы болгон нерсе, Ак Азуу үчүн азап эле. Бирок  Ак  Азууну  коркутуш  да  оңой  болбоду.  Дайыма  жеңилсе  да, баш  берчү  эмес.  Бирок  мунун  таасири  болду.  Ал  каардуу  болуп,  түнт  тартып кетти.  Ал  карышкыр  катары  башынан  эле  каардуу  болчу,  бирок  жанагы тынымсыз  куугунтук  аны  ого  бетер  күчөтүп  жиберди.  Баягы  балалыгын,  ак көңүлдүгүн,  оюнкарактыгын  тышка  чыгара  албай  жүрдү.  Ал  курбулары  менен эч  качан  ойночу,  алышчу  эмес,  анткени  Лип-Лип  жолотчу  эмес.

Ак  Азуу күчүктөргө аралашары менен Лип-Лип келе калып, алыша кетчү да, акыры кууп жиберчү. Ушундан  улам  Ак  Азуунун  күчүктүк  кыялы  дээрлик  жоголуп,  өз  курагынан  алда  канча  улуураак  көрүнүп  калды.  Ал  кулундай  туйлаган  күч-кубатын  оюндан  чыгара  албай,  түнт  тартып,  бирок  акылы  өсүп  жатты.  Ал куулукту үйрөндү, ал эми баарын ойлонуштурганга убакыт кенен эле.  Иттерге тамак  бергенде,  өз  үлүшүн  алганга  тоскоолдук  кылышкандыктан,  ашкан  ууру болуп  чыкты.  Жан  багыш  керек  эле.  Ак  Азуу  тамакты  ушунчалык  кылдат уурдагандыктан,  индеец  аялдардын  башына  келген  балакет  болду.  Ал  бүт айылды  шимшип  кыдырып,  баарын  көрүп,  баарын  укчу,  жагдайга  жараша аракет кылып, баягы кас душманын көргөндө жаа бою каччу. Куугунтук  башталган  күндөрү  эле  ал  кас  душманын  сызга  отургузуп, жыргап  өч  алды.  Ал  Лип-Липти  баягы  Кичи  иттерди  азгырып,  кишилерден алыстатып  барып  карышкырларга  салып  берген  ыкма  менен  алдап  барып каардуу  Кичиге  салып  берди.  Лип-Липтен  качып,  бирок  түз  качпай, вигвамдарды аралай качты. Ал жакшы чуркачу, өзү менен тең күчүктөрдөн, ал турсун  Лип-Липтен  да  кыйын  чуркачу.  Бирок  бул  жолу  көп  ашыкпай,  Лип-Липти бир секиримге чейин жакын коё берип келатты.

Ак  Азууну  кызый  кууп,  такымдап  калган  Лип-Лип  баарын  унутуп койду.  Эсине  келе  түшкөндө,  кеч  болуп  калган  эле.  Вигвамды  айлана  берип, учкан бойдон байлоодо жаткан Кичиге кабылды. Коркконунан каңшылап ийди. Кичи  байлоодо  болгону  менен  андан кутулуш оңой  эмес болуп  чыкты. Качып кетпесин деп дароо жерге жыкты да, денесине тиштерин матырды. Лип-Лип акыры ары тоголонуп кетип кутулду, жүнү саксайып, жан-дени сыздап  ооруду.  Кичинин  тиши  тийген  жерлердеги  жүндөрү  салбырайт. Анан оозун араандай ачып, күчүкчөсүнөн улуп-уңшуп ийди. Бирок Ак Азуу аны улута  койгон  жок.  Качырып  барып,  душманын  арткы  буттан  алып  кетти.  Лип-Липке  алышмак  кайда,  качып  берди,  тиги  болсо  артынан  сая  түшүп,  вигвамына жеткенче  кууп  барды.  Индеец  аялдар  ажыратып  калышты,  жаалданып,  кутуруп кеткен Ак Азуу мөндүрдөй жааган таштардан улам гана кетүүгө аргасыз болду.

Боз  Кемчет  эми  кача  койбос  деп  Кичини  байлоодон  бошоткон  күн  да келди.  Ак  Азуу  энесинин  бошотулганына  абдан  сүйүндү.  Энесин  жан-алы калбай сүйүнүп ээрчип, айылды кыдырып жүрдү, эми Лип-Лип да жакын жолой албай  калды.  Ал  турсун  Ак  Азуу  түгүн  түктөйтүп  ыркырап  барганда  да  даап, алыша алган жок. Ал өзү жинди эмес болгондуктан, азыр коё туруп, Ак Азуудан жалгыз жолукканда өч алайын деп чечти. Ошол күнү Кичи менен Ак Азуу айыл четиндеги токойго барышты. Ак Азуу  энесин  акырындап  азгырып  баратты,  ал  токойдун  четине  жетип  токтой калганда,  андан  ары  алып  кеткенге  аракет  кылды.  Баягы  өзөн,  үңкүр,  бейпил токой  Ак  Азууну  чакырып жатты, ал болсо  энеси  менен кеткиси  келип  турду. Бир  аз бара  түшүп  токтоду  да,  артын  карады.  Энеси  кыймылсыз  турду.  Ак  Азуу кыңшылап  ойноп,  бадалдарды  аралай  чуркап,  бир  маалда  кайрылып  келип, энесинин тумшугун жалады да, кайра ойноктоп чуркап кетти. Бирок ал дагы эле кыймылсыз  тура  берди.  Ак  Азуу  токтой  калып,  энесин  карады,  анын  айылды кыйыла  карап  турганын  көрүп,  жанагы  пайда  боло  калган  өжөрлүгү  менен чыдамсыздыгы жок болуп баратканын сезди.

Алыскы  мейкиндик  чакырып  турду.  Муну  энеси  да  туйду.  Бирок  ал башка  бир  чакырыкты  –  от  менен  кишилердин  чакырыгын  даанараак  угуп жатты.  Бардык  жаныбарлардын  ичинен  бул  чакырыкка  карышкыр  менен жапайы ит гана жооп берет, анткени бул экөө — бир тууган.

Кичи  бурулду  да,  акырын  айылга  карай  желип  жөнөдү.  Айыл  аны байлоодон катуураак кармап турду. Кудайлар көзгө көрүнбөгөн сырдуу жолдор менен  канчык  карышкырга  ээлик  кылып,  коё  бербей  турушту.  Ак  Азуу кайыңдын  көлөкөсүнө  отура  калып  кыңшылап  ийди.  Кайың  жыттанып,  аба токойдун  жыпар  жыттарына  толуп,  туткундан  мурунку  ээн-эркин  жашоону эсине  салып  турду.  Бирок  Ак  Азуу  кичинекей  бир  күчүк  болгондуктан,  ага жапайы  Түндүктүн  же  кишинин  чакырыгына  караганда,  энесинин  чакырыгы даанараак угулуп турду. Ал  энесине  таянып  үйрөнгөн.  Көз  карандысыздык  али алдыда  болчу.  Ак  Азуу  ордунан  турду  да,  көңүлсүз  айылды  көздөй  жөнөдү, бирок  жолдо  бир-эки  жолу  токтоп,  токойдон  эшилген  чакырыкка  кулак төшөдү.

Жапайы Түндүктө эне-бала көпкө чогуу жашабайт, бирок кишилер кээде аны  ансайын  кыскартып  жиберишет.  Ак  Азуунуку  да  ушундай  болду.  Боз Кемчет  Үч  Бүркүт  деген  индеецке  карыз  болчу.  Ал  болсо  Маккензи  дарыясы менен  жогору  жактагы  Чоң-Кул-Көлгө  кетип  бараткан  эле.  Бир  кыркым  кызыл кездеме, аюунун териси, жыйырма патрон, анан Кичи карызды төлөгөнгө кетти.

Ак  Азуу  Үч  Бүркүттүн  Кичини  кайыкка  салып  жатканын  көрүп,  артынан түшкүсү  келди.  Үч  Бүркүт  аны жээкке чыгара  урду.  Кайык  узай  берди.  Ак  Азуу сууга  секирип,  Боз  Кемчеттин  кыйкырганына  кулак  салбай  артынан  сүзүп жөнөдү.  Ал  кишинин  үнүн  да  тоготподу,  анткени  энесинен  ажыроодон ушунчалык корккон эле. Бирок  кудайлар  өздөрүнө  баш  ийгенге  көнгөндүктөн,  каарданган  Боз Кемчет  кайык  менен  Ак  Азуунун  артынан  түштү.  Качкынга  жетип,  жалдан кармап  суудан  алып  чыкты  да,  бир  колу  менен  кармап  алып,  сабай  баштады. Катуу сабады. Колу оор болчу, соккусу да таамай болуп, үстөккө-босток тийди.

Туш-тараптан  тийген  соккулардан  улам  Ак  Азуу  бузук маятниктей  ары-бери  бултаңдап  жатты.  Ар  түркүн  сезимдер  келди. Адегенде  таң  калып,  анан  корко  баштады  да,  акырында  каңшылап  жиберди. Бирок дароо жаалы келди.  Эркин табияты кылгылыкты кылды:  оозун араандай ачып,  каарданган  кудайга  тике  карап  аркырады.  Кудай  ого  бетер  жинденди. Соккулар ансайын күчөп, денесин ого бетер оорута баштады. Боз  Кемчет  Ак  Азууну  тынбай  сабай  берди,  тиги  болсо  тынымсыз ыркырады.  Экөөнүн  бири  жеңилиш  керек  болчу.  Акырында  Ак  Азуу жеңилип  берди.  Ал  кайра  коркуп  калды.  Киши  аны  өмүрүндө  биринчи  жолу чындап  сабады.  Азыркы  менен  салыштырганда  кокусунан  тийген  таяктар, таштар эркелеткендей болуп калды. Ал азыр жеңилип, кыңшылап, улуп кирди. Адегенде  сабаган  сайын  каңшылап  ийсе,  бара-бара  соккулардын ыргагына шайкеш келген улуган үнгө айланды.

Акыры Боз Кемчет оң колун ылдый түшүрдү. Ак Азуу абада чүпөрөктөй асылып  кыңшылап  турду.  Ээси  буга  ыраазы  болду  окшойт,  кайыктын  түбүнө ыргытып  койду.  Кайыкты  агым  бир  топ  ылдый  алып  кетип  калган  эле.  Боз Кемчет калакты алып шилеп кирди. Ак Азуу ага жолтоо болуп жатты. Тиги аны жини  келип  тээп  жиберди.  Ушул  учурда  баягы  эркин  табияты  үстөмдүк  кылып кетти да, тигинин мокасин кийген бутуна тишин батырды. Эми мурунку сабаган кеп болбой калды. Боз Кемчеттин  каарын көргөн Ак  Азуунун  жүрөгү  түшүп  калды. Бул  жолу  Боз  Кемчет  аны оор  калак  менен сабады. Ал кичинекей денесинин соо жери жок кайыктын түбүндө жатты. Боз Кемчет  аны буту менен дагы бир жолу тээп жиберди. Бул жолу ал кайра бутуна асылган  жок.  Ал  туткундуктун  экинчи  сабагын  алды:  эч  качан,  эч  кандай жагдайда  кудайдын  –  өз  ээңдин  денесине  тиш  салууга  болбойт;  кудайдын денеси ыйык, Ак Азуу сыяктуулар аны тиш тийгизип булгаганга даабайт. Бул эч качан кечирим берилбей турган оор, коркунучтуу күнөө болуп эсептелет.

Кайык  жээкке  келип  токтоду,  бирок  Ак  Азуу  Боз  Кемчеттин  буйругун күтүп,  кыңшылап  кайыктын  түбүндө  жата  берди.  Ал  Ак  Азууну  алып  туруп жээкке  ыргытып  жиберди  эле,  учуп  барып  жерге  капталы  менен  былч  дей түштү. Бүткөн бою калтырап-титиреп араң турду да, кыңшылап ийди. Жээктен баарын  карап  турган  Лип-Лип  атырылып  келип,  баса  калды  да,  тиштерин матырды. Ак Азуу алы кетип калгандыктан, коргоно да алган жок. Боз Кемчет келип, Лип-Липти тепти эле, ал бир топ жерге учуп барып түштү. Минтпегенде Ак Азуу оңбой калмак. Бул кишинин адилеттүүлүгү эле, Ак Азуу бүткөн бою сыздап  ооруп,  коркуп  жатса  да,  кишиге  ыраазы  болбой  коё  албады.  Ал  Боз Кемчеттин  артынан  ээрчип,  вигвамына  барды.  Ошондон  баштап  жазалоо кудайлардын  иши  экенин,  аларга  баш  ийген  жаныбарлар  андай  кыла  албай тургандыгын түшүнүп калды.

Ошол  түнү  айыл  тынчыганда  Ак  Азуу  энесин  эстеп,  куса  болду.  Ал ушунчалык  катуу  куса  болгондуктан,  Боз  Кемчетти  ойготуп  ийип,  андан  таяк жеди.  Ушундан  кийин  ал  кишилер  турганда  ичинен  куса  болуп,  токойго барганда гана каалашынча улуй турган болду. Ушул  мезгилде  ал  баягы  үңкүр  менен  өзөнгө  чакырган  үндү  ээрчип кетип калышы мүмкүн эле, бирок аны энесинин элеси кармап турду. Мүмкүн, ал кишилер аңчылыктан кайткан сыяктуу айылга кайра келип калар. Ошентип, Ак Азуу Кичини күтүп туткунда калып калды. Бирок туткундагы жашоо андай деле жаман эмес болчу. Мында кызык нерселер көп болчу. Дайыма бир окуя болуп турчу. Кудайлардын таң каларлык жоруктары түгөнчү эмес, Ак Азуу болсо баарын билгенге дилгир эле. Мындан тышкары, ал Боз Кемчет  менен тил табышып алды.  Андан тил алып, айтканды так аткарууну талап кылышчу, ал муну өздөштүргөн соң кудайлар ачууланбай, урбай да калышты.

Кээде Боз Кемчет  ага өзү бир кесим эт ыргытып, жеп бүткөнчө,  башка иттерди  жолотпой  турчу.  Ушул  бир  кесим  эт  ал  үчүн  абдан  кымбат  эле.  Ал эмнегедир аялдардын колунан алган он кесим эттен да кымбатыраак болчу. Боз Кемчет Ак Азууну бир да жолу сылап, эркелеткен жок. Мүмкүн, анын оор колу, мүмкүн, анын адилеттүүлүгү менен күч-кубаты, а мүмкүн, ушунун баары таасир эттиби, ким билсин, айтор Ак Азуу өзүнүн түнт кожоюнуна берилип баратты. Кандайдыр  бир  чыккынчы  күчтөр  билинбестен  Ак  Азууну  туткундун жиби  менен  чырмап,  таяк  же  муштум  сыяктуу  таасир  эте  баштады.  Илгертен карышкырларды  кишинин  отуна  алып  келген  инстинкт  тез  өөрчүйт.  Ал  Ак Азууда да өнүгүп келатты. Азыркы жашоосунда кайгы-капа көп болгону менен айыл ага барган сайын кымбат боло баштады. Бирок ал өзү муну сезген да жок.

Ал  Кичини  эстеп  куса  болуп,  келип  калар  деп  үмүт  кылып,  мурунку  эркин жашоосун эңсеп жүрдү.

III бап. Азгын

Лип-Липтин  азабынан  Ак  Азуу  табиятта  боло  тургандан да  алда  канча тажаал  жана  каардуу  болуп  кетти.  Каардуулук,  албетте,  ага  мүнөздүү  нерсе болчу,  бирок  ал  азыр  чектен  чыгып  кетти.  Анын  жаман  экенин  кишилер  да билип  калышты.  Айылда  иттер  ажылдап  үрүп,  талашып  кетсе,  же  этин уурдаткан  аялдардын  чайылдап  калса,  мунун  себепкери  Ак  Азуу  экенинен  эч ким  шектенчү  эмес.  Кишилер  эмне  үчүн  мындай  болуп  жатканын териштиргенге  аракет  да  кылышкан  жок.  Алар  натыйжасын  гана  көрүшчү,  ал эми  натыйжа  болсо  жаман  эле. Ак  Азуу  алдамчы, ууру  жана  уруштун  баарын баштаган  чаарбаш  катары  белгилүү  болчу;  жини  келген  индеец  аялдар  аны карышкыр  дешип,  бир  күнү  арка  мойну  алдында  калат  деп  коркутушчу,  тиги болсо  мунун  баарын  угуп,  байкап,  таяктан  же  таштан  буйтап  кеткенге  даяр болуп турчу.

Ак  Азуу  өзүн  айыл  тургундарынын  арасында азгын  сезип  калды. Жаш иттердин  баары  Лип-Липти  туурашчу.  Ак  Азуу  менен  алардын  ортосунда кандайдыр  бир  айырмачылык  бар  болчу.  Сыягы,  алар  анын  жапайы  экенин сезип,  ит  менен  карышкырдын  ортосунда  дайыма  боло  турган  инстинкт түрүндөгү  кастык  пайда  болсо  керек.  Кандай  болсо  да  алар  Лип -Липке кошулушту. Ак Азууга каршы согуш жарыялаган иттердин да аны уланта берүү үчүн  олуттуу  себептери  бар  эле.  Алардын  баары  анын  курч  тиштери  менен таанышып  чыгышты;  калыстык  үчүн  айтып  коюш  керек, ал  тигилерге  эки  эсе кылып  жооп  кайтарчу.  Жекеме-жекеге  чыкса,  ал  көп  иттерди  коймок  эмес, бирок  мындай  мүмкүнчүлүк  жок  эле.  Кармаш  башталары  менен  эле  айылдын жаш иттери чогула калып, Ак Азууну талап кетишчү. Иттердин  үйүрү  менен  кармашып  жүрүп,  ал  эки  маанилүү  нерсени үйрөндү: үйүрдөн дароо качып, бир душман менен калыш керек да, аны мүмкүн болушунча  тезирээк  жана  көбүрөөк  жарадар  кылыш  керек.  Туш-тараптан  кол салган  душмандарга  туруштук  берип,  жыгылбай  туруу  жанды  сактап  калуу деген сөз эле, ошондуктан Ак Азуу бул өнөрдү мыкты үйрөндү. Ал мышыкка окшоп эч качан жыгылчу эмес. Ал турсун чоң иттер  жөөлөп келгенде да, артка секирип, буйтай коюп, жыгылбастан бекем турчу.

Иттердин уруш алдындагы бир жөрөлгөсү бар: алар ыркырап, түгү тик туруп, ары-бери бирин-бири тооруп басышат. Ак Азуу мунусу жок эле баштачу, анткени кичине кечеңдесе эле жаш иттердин баары чогула калчу. Ишти дароо бүтүрүш керек да, качыш керек. Ошентип, ал өз ниетин билдирбегенге үйрөндү. Душманына капыстан кол салып, тиштеп,  үзүп-жулуп алат, анын даяр болушун күтүп  отурбайт.  Ушинтип  отуруп  тез  жана  оор  жарадар  кылганды  үйрөнүп алды.  Мындан  тышкары,  Ак  Азуу  душманга  элебей  турганда  капыстан  кол салуунун маанилүү экенин аңдады: ал өзүнө келгенче ийинин алжайта тиштеп, кулагын жара чайнап койсоң, иштин жарымы бүткөн болот. Анын  үстүнө  элебей  турган  итти  жыгып  алуу  оңой,  а  жыгылган  соң анын эң талуу жери –  моюну ачык калат. Ак Азуу бул жерди жакшы билчү. Бул карышкырлардын көптөгөн муундары аркылуу келип жеткен билим эле. Анын кол  салгандагы  ыкмасы  мындай  эле:  биринчиден,  жалгыз  жүргөн  итти  тапчу; экинчиден, күтүүсүз кол салып, жыкчу; үчүнчүдөн, тамактан алчу.

Ак  Азуу  али  жаш  болгондуктан, али катый  элек жаагынын  өлтүргөнгө чамасы  жетчү  эмес,  бирок  айылдагы  көп  күчүктөрдүн  тамагында  анын тиштеринин  издери  бар  болчу.  Бирок  баары  бир  бир  жолу  душмандарынын бирин токойдон кармап алып, тамактан алды да, өлтүрүп койду. Кечинде айыл ызы-чуу түшүп калды. Анын жоругу белгилүү болуп, кабар өлгөн иттин ээсине жетти.  Аялдар  Ак  Азуунун  ууру  экенин  айтып  ызылдап  чыгышты.  Боз Кемчеттин эшигинин алдына эл чогулуп калды. Бирок ал кылмышкер отурган вигвамынын эшигин бекем жаап, аны уруулаштарынын колуна салып берүүдөн баш тартты.

Ак Азууну кишилер да, иттер да жек көрүп калышты. Бул мезгилде ага тынчтык  беришкен  жок.  Ар  бир  ит  ага  тишин  кайрап,  ар  бир  киши  аны  уруп жүрдү. Туугандары ыркырап, кудайлар болсо каргап-шилеп, таш менен каршы алып  жүрүштү.  Ал  дайыма  сак  болуп,  мүнөт  сайын  кол  салганга,  чабуулду кайтарганга  же  буйтай  койгонго  даяр  болуп  жүрдү.  Чагылгандай  тез кыймылдап, дароо кол салып, же дароо артка кетчү.

Ыркыраганга  келе  турган  болсок,  ал  айылдагы  бардык  чоң-кичине иттерден  коркунучтуураак  ыркырачу.  Ыркыроонун  максаты  –  душманды эскертүү же коркутуу, анан калса  аны качан пайдаланышты да билиш керек. Ак Азуу  муну  билчү.  Болгон  каарын,  ачуусун  төгүп  ыркырачу.  Титиреген таноолору,  тик  турган  жүнү,  тиштеринин  арасындагы  жыландай  соймоңдогон кызыл  тили,  жапырылган  кулактары,  калтыраган  эриндери,  арсайган  тиштери көп  иттердин  демин  өчүрчү.  Ак  Азууга  капыстан  кол  салышканда,  көз  ачып жумганча  баарын  ойлонуштура  койчу.  Бирок бул тыным көп учурда бир топко созулуп,  душманы  кармаштан  баш  тартчу.  Ак  Азуу  ушинтип  ыркыраганда  ал турсун чоң иттер да даай албай, тынч кетип калышчу. Аны  үйүрдөн  кууп,  ага  каршы  согуш  жарыялаган  жаш  иттер  эми балакетке кабылышты. Алар эми үйүрү  менен гана жүрүп, жалгыз-жарым жүрө албай  калышты.  Ак  Азуу  буга  жол  берген  жок.  Анын  аңдыганынан  корккон жаш  иттер  жалгыз  жүрө  алышчу  эмес.  Лип-Липтен  башкасы  коркунучтуу душмандан  биригип  коргонуу  үчүн  үйүр  менен  жүргөнгө  аргасыз  болуп калышты.  Дарыя  жакка  жалгыз  барган  күчүк  же  өлчү,  же  буктурмадан  чыга калган бөлтүрүктү көрүп каңшылап, айылды башына көтөрчү. Бирок Ак Азуу жаш иттер үйүр болуп жүрүш керек экенин түшүнгөндөн кийин да алардан өч ала берди. Ал тигилерди аңдып туруп жалгыз калганда кол салчу, алар болсо үйүрү менен жабылышчу. Ак Азууну көрөрү менен жабылып кууп  калышчу,  мындайда  күлүктүгүнөн  гана  кутулуп  кетер  эле.  Бирок  кызып кетип  өтө  алдыга  кеткен  иттин  шору  катчу.  Ак  Азуу  дароо  бурулуп,  үйүрдүн алдында  келаткан  итке  кол  салчу.  Мындай  учурлар  көп  болчу,  анткени куугундун  кызыгына  кирген  иттер  баарын  унутуп  калышчу.  Ал  эми  Ак  Азуу токтоолугун  эч  качан  жоготчу  эмес.  Улам  артын  карап  коюп,  бурула  калып теңтуштарынан өтө алдыда келаткан куугунчуну баса калууга даяр болуп кете берчү.

Жаш  иттер  дайыма  ойногусу  келип  турат,  душмандары  согушту ушинтип кызыктуу оюнга айландыруу менен анын ушул кумарын кандырышчу. Ошентип, Ак Азууга аңчылык кылуу алардын сүйүктүү оюнуна айланды, бирок бул  оюн  тамаша  эмес  эле,  кээде  ал  өтө  опурталдуу  болчу.  Ал  эми  алдына  ит салбаган Ак Азуу тобокелге салгандан коркчу эмес. Энесин кайра келип калар деп күтүп  жүргөн маалда иттердин үйүрүн  токойго көп  азгырып барчу. Иттер ага жете алчу эмес. Ак Азуу ызылдап үргөнүнөн, улугандарынан алардын кайсы жерде  экенин  билип  турчу,  өзү  болсо  баягы  ата-энесинин  бөрү  желишине салып, токойдун ичи менен көлөкө сыяктуу шырп алдырбай кете берчү. Анын үстүнө жапайы Түндүккө иттерге караганда жакыныраак болуп,  анын сырларын жакшыраак  түшүнчү.  Ал  көбүнчө  мындай  амал  кылчу:  өзөндөн  кечип  өтүп, изин  жашырып  койчу  да,  таппай  калган  куугунчуларынын  айласы  кетип үргөндөрүн угуп чытырман токойдо жата берчү.

Кандаштары  да,  кишилер  да  жек  көргөн,  баары  менен  касташкан  Ак Азуу  тез,  бирок  бир  жактуу  өсүп  келатты.  Мындай  жашоодо  ак  көңүлдүк, жакындык сыяктуу  нерселер болушу мүмкүн эмес эле. Мындай  нерселерди  ал билчү  да  эмес.  Күчтүүгө  баш  ий,  алсызды  эз  –  анын  билген  мыйзамы  ушул болчу.  Боз  кемчет  –  кудай,  ал  күчтүү,  ошондуктан  Ак  Азуу  ага  баш  ийчү.  Ал эми  өзүнөн  жашыраак,  кичирээк  иттер  чабал  болгондуктан,  аларды  жок  кылыш керек. Анда көп учурда өмүрүнө коркунуч туудурган опурталдуу коркунучтарга каршы  турууга  жардам  бере  турган  сапаттар  өсүп  жатты.  Арык,  жип  сыяктуу ийилчээк  денесинен  темирдей  булчуңдары  байкалып  турчу.  Шамдагайлык, куулук  жагынан  ага  эч  ким  теңеле  алчу  эмес;  күлүктүгү  жагынан  алдына  ит салчу  эмес,  бардык  иттерге  караганда  чыдамкайыраак,  каардуураак, катаалыраак  жана  акылдуураак  болчу  жана  кармашканда  аёо  дегенди  билчү эмес.  Ал  ушундай  болушу  керек  эле,  антпесе  өзү  туш  болгон  мындай  кас чөйрөдө жашап кете алмак эмес.

IV бап. Кудайларды издөө

Күзүндө, күн кыскарып, сууктай баштаган маалда Ак Азууга эркиндикке чыгуунун  бир  ыңгайы  келди.  Бир  нече  күндөн  бери  айыл  башаламан  болуп жатты.  Индеецтер  жайкы  вигвамдарын  жыйыштырып,  күзгү  аңчылыкка чыгуунун камын көрүп жатышты. Баарын байкап турган Ак Азуу вигвамдардын баары  чечилип,  буюм-тайымдардын  баары  кайыкка  жүктөлгөндө  баарын түшүндү.  Кайыктар  биринин  артынан  бири  жээктен  алыстап,  айрымдары көрүнбөй калды.

Ак Азуу калгысы келди да, оңтою келе түшкөндө токойду көздөй жылт койду.  Муз  каймактап  калган  өзөндөн  өтүп,  из  жашырды.  Анан  чытырман токойго кирди да, күтө баштады. Убакыт өтүп жатты. Ал бир нече жолу уктап ойгонду.  Бир  маалда  Боз  Кемчеттин  үнүнөн  ойгонуп  кетти.  Анан  аны  издеп жүргөн  башка  үндөр  –  кожоюндун  аялы  менен  Мит-Санын,  Боз  Кемчеттин уулунун, үндөрү угулду.

Ак Азуу атынан чакырып жатканду угуп, коркконунан калтырап кетти, бирок чыдап, токойдон чыкпай жата берди. Көп өтпөй үндөр алыстап кетти да, ал ишинин  оңунан чыкканына  ыраазы  болуп, токойдон  чыкты. Күүгүм  кирди.

Ак  Азуу  эркиндикке  чыкканына  кубанып,  дарактарды  аралай  чаап  чуркап жүрдү.  Бир  маалда  жалгызсырай  түштү.  Отурду  да,  токой  жымжырттыгына кулак салды. Кыбыр эткен жан да жок, үн да жок. Бул ага шектүүдөй сезилип, белгисиз  бир  коркунуч  күтүп  тургансып  кетти.  Бийик  дарактардын караандарын,  алардын  ортосундагы  душмандар  аңдып  отургандай  сезилген караңгы көлөкөнү тикчийип карап отурду. Бир  маалда  үшүй  баштады.  Мында  өзү  дайыма  жылынчу  вигвамдын жылуу  дубалы  жок  эле.  Буттары  үшүгөндүктөн,  аларды  алмак-салмак  көтөрө коёт.  Бир  маалда  аларды  түктүү  куйругу  менен  жаап  жатканда  көзүнө бир нерсе көрүнө түшкөндөй болду. Мунун таң кала турган эч нерсеси жок эле. Анын  көз  алдына  тааныш  элестер  келип  жатты.  Айылды,  вигвамдарды, жалындаган  отторду  көрдү.  Аялдардын  чайылдаганын,  эркектердин  жоон үндөрүн, иттердин үргөнүн укту. Курсагы ачып, кишилер берчү эт менен балык эсине  түштү.  Азыр  болсо  эт  турсун  балакет  жок,  коркунучтуу  жымжырттык гана өкүм сүрүп турат.

Туткундук  Ак  Азууну  бошоштуруп  коюптур.  Жоопкерсиздик  алын кетириптир.  Тамак  таап  жегенди  да  унутуп  калыптыр.  Түн  кирди.  Айылдын ызы-чуусу  менен  кыймылына,  үндөр  менен  караандардын  тынымсыз  алмашып турушуна  көнүп  калган  көзү  менен  кулагы  ишсиз  турду.  Кыла турган иши, уга турган,  карай  турган  эч  нерсеси  жок  эле.  Ал  кыбыр  эткен  кыймылды,  шыбыр эткен шыбышты туйганга аракет кылды. Табияттын ушул жымжырттыгы менен кыймылсыздыгында кандайдыр бир коркунуч күтүп тургандай сезилди.

Бир  маалда  коркуп  кетти.  Анын  алдынан  килейген  бир  нерсе  өтүп кеткендей болду. Булуттан чыга калган айдын жарыгынан түшкөн карагайдын көлөкөсү  экен.  Көңүлү  тынчып,  акырын  кыңшылады,  бирок  аңдып  жаткан душман болсо угуп калбасын деп унчукпай калды.

Түнкү  аязга  тоңуп  турган  дарак  так  төбөсүнөн  кычырады.  Ак  Азуу коркконунан  улуп  жиберди  да,  жин  ургандай  айылды  көздөй  безип  жөнөдү. Адамдар, алардын коргоосу көздөн учту. Мурдуна айыл түтүнүнүн жыты келип, кулагында айыл ызы-чуусу жаңырып жатты. Ал токойдон качып чыгып, ай нуру төгүлүп турган ачык жерге келди. Бул жерде көлөкө да, караңгылык да жок эле. Бирок айыл да жок болчу. Айылдын көчүп кеткени эсинен чыгып кеткен экен. Ал  селейе  түштү.  Баш  ката  турган  жер  жок  экен.  Ээн  калган  журтту кезип, кудайлардан калган таштандыларды жыттагылап жүрдү. Азыр ал ажаан аялдардын урган ташына, ал турсун Боз Кемчеттин урганына да сүйүнмөк, Лип -Лип баштаган коркок иттердин ызылдаган үйүрү менен да кубанып көрүшмөк.

Ал илең-салаң болуп Боз Кемчеттин вигвамы турган жерге келип отурду да, айды карады. Тамагы буула түшүп, жаагы ачылды да, жалгыздык, коркунуч, Кичини  куса  болуп  сагынганы,  башынан  өткөн  азап-тозоктор,  алдыда  турган кыйынчылыктар  менен  азаптар  –  ушунун  баары  улуп-уңшуган  үнгө  айланып кетти. Бул Ак Азуунун көкүрөгүн жарып чыккан алгачкы бөрү улуш эле.

Таң аткан соң коркпой калды, бирок жанагы жалгыздык сезим ого бетер эзип  кирди.  Кечээ  эле  азан-казан  болуп  туруп,  бүгүн  ээн  калган  журтту көргөндө ого бетер эзилди. Көпкө ойлонуп турбастан токойго кирип, дарыяны жээктей жүрүп берди. Бир тыным албай керээли кечке жүгүрдү. Түбөлүк чуркай берчүдөй болду. Чымыр денеси чарчоого моюн берген жок. Чарчай баштаганда да ата-бабасынан калган чыдамкайлыгына салып кете берди.

Жээк  типтик  жар  болуп  кеткен  жерлерден  тоолорду  айланып  өтүп баратты. Дарыяга куйган майда суулар менен өзөндөрдү кечип өттү. Жээктеги али  эрий  элек  жука  муздар  менен  баратып  таштай  муздак  сууга  кирип  кетип жатты.  Канча  жолу  өлүмдөн  калды.  Ошентсе  да  болбой  жээкке  чыккан кудайлардын изине түшсөм деп дегдеп баратты.

Ак  Азуу  көп  иттерден акылдуу  болчу,  бирок  Маккензинин  аркы өйүзү анын  акылына  келген  жок.  Кудайлардын  изи  тиги  өйүздө  болуп  калса  эмне болот? Буга анын акылы жеткен жок. Балким, кийин, көп жол басып, акылдуу, тажрыйбалуу  болуп  калганда, суу  жээктеп  из кууганды үйрөнгөндө, бул  оюна келмек.  Бирок  мунун  баары  кийин  болмок.  Азыр  болсо  ал  Маккензинин  бир жээгин бойлоп гана кете берди.

Түнү  менен  ар  нерселерге  чалынып,  мүдүрүлүп  кете  берди,  бирок токтогон жок. Экинчи күнү түш ченде отуз сааттай тынбай жүгүргөн соң баягы темирдей булчуңдарынан ал кетип, күүсү менен гана баратты. Дээрлик эки күн, эки  түн  наар  албагандыктан,  алы  куруду.  Анын  үстүнө  жанагы  муздай  сууга түшүп  кете  бергени  да  шайын  оодарып  койду.  Баягы  жылтылдаган  жүнү шалтактап, кең тамандары канап турду. Адегенде бир аз аксап, анан ал да күчөп кетти. Мунун баары аз келгенсип бир маалда асман түнөрүп, кар жаай баштады, жаан аралаш жааган суу кар шаталактап эрип, аяктарына жабышып, аңды-дөңдү жашырып, азаптуу жолду ого бетер кыйындатты.

Ушул түнү Боз кемчет Маккензинин аркы өйүзүнө токтоп конмок болду, анткени  аң  уулаганы  ошол  жакка  кетмек.  Бирок  күүгүм  кирип  калган  маалда Боз  Кемчеттин  аялы  Клу-Куч  берки  өйүздөн  сууга  келген  багышты  көрүп калды. Багыш  сууга келбесе, бороондоп жааган кардан улам Мит-Са багытынан бир аз жаңылбаса, Клу-Куч багышты көрбөй калса, Боз Кемчет багышты атып албаса, бардыгы башкача болмок. Боз Кемчет дарыянын аркы жээгине токтомок да,  Ак  Азуу  андан  ары  өтүп  кетип,  өлүп  калмак  же  өзүнүн  жапайы туугандарына кошулуп, карышкыр болуп жашап өтмөк.

Түн  кирди.  Кар  ого  бетер  күчөп,  аксап  араң  келаткан  Ак  Азуу  бир маалда акырын кыңшылап жаңы изге түштү. Из жаңы эле түшкөндүктөн, дароо эле  тааныды.  Чыдабай  кыңшылап  жиберип,  дарыядан  бурулду  да,  токойду көздөй  салды.  Кулагына  тааныш  үндөр  келди.  Жалындап  күйгөн  отту, карбаластап тамак бышырып жүргөн Клу-Кучту, чийки май чайнап отурган Боз Кемчетти көрдү. Үйдө жаңы эт бар экен!

Ак Азуу урат деп күттү. Ушундан улам арка жүнү тик туруп кетти. Анан уурдана  жакындады.  Ал  урганды  жек  көрчү  жана  коркчу,  бирок  эми  болору болду.  Бирок  от  боюнда  жылынып  жатарын,  кудайлар  коргой  турганын, акырында  душман  да  болсо  жанына  караан  боло  турган  иттердин  үйүрү  бар экенин билип турду.

Ак  Азуу  отко  сойлоп  келди.  Боз  Кемчет  аны  көрүп,  май  чайнаганын токтотту. Тиги болсо ансайын жер менен жер боло жылып, баш ийип, басынып турду.  Боз  Кемчетти  көздөй  акырындык  менен  кыйналып  сойлой  берди  да, акыры  өзүн  баш-оту  менен  ыктыярдуу  берген  кожоюнунун  аягына  жыгылды.

Жазасын  күтүп,  калтырап  турду.  Кол  көтөрүлдү.  Ал  соккуну  күтүп,  бүрүшө түштү. Бирок кожоюн урган жок. Акырын уурданып өйдө карады. Боз Кемчет майды  экиге  бөлүп  атыптыр.  Ал  ага  май  сунду!  Ак  Азуу  ишенип-ишенбей акырын  жыттады  да,  анан  сугунуп  ийди.  Боз  Кемчет  ага  эт  бердирип,  жеп болгончо башка иттерди жолотпой турду. Ыраазы болгон Ак Азуу кожоюндун аяк алдында алоолонгон отту карап үргүлөп жатты. Эртең менен түнт токойдо эмес,  өзүн  өзү  баш-оту  менен  берип,  эркине  баш  ийген  киши-кудайлардын конушунда ойгонорун билип жыргап турду.

V бап. Келишим

Декабрдын орто ченинде Боз Кемчет Маккензи дарыясы менен жогору жөнөдү. Мит-Са менен Клу-Куч да аны менен кошо чыгышты. Боз Кемчеттин чанасын бирөөлөрдөн сурап же сатып алган иттер тартып баратты. Чаканыраак келген  экинчи  чанага  жаш  иттер  чегилип,  аны  Мит-Са  айдап  баратты.  Чана оюнчукка  окшоп  турганы  менен  Мит-Са  эркектин  ишин  кылып  жатканына жерге  батпай  сүйүндү.  Ал  иттерди  башкарганды  үйрөнүп жатты,  бирок  андай деген менен тиги күчүктөр да чанага жаңы чегилген болчу. Чана да бош бараткан  жок,  анда  эки  жүз  фунтка  жакын  буюм-тайымдар  менен  азык-түлүк бар эле.

Ак Азуу чанага чегилген иттерди мурун көрүп жүргөндүктөн, биринчи жолу  чанага  чегишкенде  каршылык  кылган  жок.  Анын  мойнуна  мох толтурулган  каргы  тагышты  да,  аны  эки  кайыш  тасма  менен  басмайылга байлашты. Басмайылдан кеткен узун жип менен чанага чегишти.

Чанага жети ит чегилди. Башкалары тогуз-он айлыктар болуп, бир гана Ак  Азуу  сегиз  айлык  болчу.  Ар  бир  ит  чанага  өзүнчө  жип  менен  чегилди. Жиптердин узундугу иттердин чоң-кичинелигине жараша ар түрдүү эле. Иттер чананын алдындагы шакекке чегилчү. Кайыңдын кабыгынан жасалган тамансыз чананын алды карга сайылып калбасын деп жогору ийилген. Чана менен жүктүн оордугу  тегиз  түшкөндүктөн,  мындай  чана  жумшак  карга  батып  кетпейт. Чананы бирдей тартсын үчүн иттер желпүүр сыяктуу чегилет да, биринин изин экинчиси баспайт.

Желпүүр түрүндө чегүүнүн дагы бир артыкчылыгы бар эле: жиптердин ар  түрдүү  узундукта  болушу  артта  келаткан  иттердин  алдыңкыларды  каап алышына жол берчү эмес. Мында жанаша келаткан ит менен гана кабышканга мүмкүн  болчу,  бирок  анда  тиги  менен  бетме-бет  келип  калат,  анын  үстүнө айдоочунун камчысы да ойной түшөт. Бирок мындан да чоң артыкчылык ушул: арткылар  алдыңкыларды  тиштеп  алсак  деп  чананы  жулунуп  тарткан  сайын тигилер  ансайын  тездеп,  чана  зымырап  кете  берет.  Ошентип,  арткылар алдыңкыларга  эч  качан  жете  албайт.  Бирөө  чуркаса  болду,  калгандары  ага кошулат  да,  чананын  жүрүшү  ылдамдай  берет.  Адам  баласы  жаныбарларды ушундай айла-амал менен башкарат.

Мит-Са  атасын  тартып  акылдуу  болчу.  Лип-Липтин  Ак  Азууга  күн көргөзбөй жүргөнүн байкап жүрчү, бирок ал башка бирөөнүн ити болгондуктан, ээси  жок  жерде  таш  менен  уруп  тим  болчу.  Азыр  болсо  Лип-Лип  Мит-Санын колунда  болгондуктан,  андан  өч  алыш  үчүн  эң  узун  жипке  байлап  койду. Ошентип,  Лип-Лип  башчы  болуп  калды.  Бир  караганда  сый  көрсөткөндөй сыяктанганы менен сый турмак балакет да жок болчу, анткени үйүр башы болуп жүргөн чаар баш Лип-Липти эми бардык иттер жектей турган болушту.

Лип-Лип  эң  узун  жипке  байлангандыктан,  башка  иттерге  качып бараткандай  туюлчу.  Арткы  буттары  менен  апсайган  куйругу  гана  көрүнүп, алар тик турган жүндөй же арсайган азуулар сыяктуу коркунучтуу эмес болчу. Анын  үстүнө качып  бараткан итти  көргөндө, башка  иттер  эрдемсий  түшөт да, тигини сөзсүз кууп жеткилери келишет.

Чана ордунан жылары менен иттер Лип-Липти кууп жөнөштү жана бул куугун кечке чейин токтогон жок. Адегенде жаалы келген Лип-Лип артта кууп келаткандарга тиш салмак болуп жулунду, бирок жулунган сайын Мит-Санын бугу ичегисинен өрүлгөн отуз футтук камчысы башында ойноп, кайра кайтарып жатты. Лип-Лип бүт үйүр менен да алыша кетмек, бирок тиги камчы мындан да коркунучтуу болгондуктан, айла жок, жипти тартып, арттагы иттерден качууга мажбур болду.

Индеецтен амал  качып кутулбайт. Башка иттердин Лип-Липке кастыгын күчөтүү  үчүн  Мит-Са  тигилерди  акыйтып  каратып  туруп  ага  эт  берчү.  Муну көргөн иттер жинди болуп кете жаздашчу. Эт жеп жаткан Лип-Липти тегерене чуркашып,  бирок  жакындай  алышчу  эмес,  анткени  Мит-Са  камчысын  кармап жанында  турчу.  Эт  жок  болуп  калганда,  иттерди  ары  кууп  жиберип,  тигиге тамак берип жаткандай түр көрсөтчү.

Ак  Азуу  ишке  жан-дили  менен  киришти.  Ал  башка  иттерге  караганда кудайлардын  эркине  баш  ийүү  үчүн  узагыраак  жол  басып,  алардын  эркине каршы  чыгуунун  пайдасыз  экенин  алардан  жакшыраак  билчү.  Анын  үстүнө бардык иттердин жектөөсүнөн улам алар маанисин жоготуп, барган сайын киши маанилүү  боло  баштады.  Ага  башка  иттердин  кереги  деле  жок  болчу,  Кичи болсо унутулуп баратты, бир гана бийлигин таанып, берилген кудайлар калып, ошолорду  гана  карап  калды.  Жан  талашып  иштеп,  тартипке  баш  ийип, буйруктун  баарын  аткарчу.  Чын  ниети,  жан-дили  менен  иштеди.  Колго үйрөтүлгөн  карышкырлар  менен  иттерге  мүнөздүү бул  касиеттен  Ак Азуу да кур эмес болчу.

Ак  Азуунун  башка  иттер  менен  катышы  бар  болчу,  бирок  бул  кастык менен  жек  көрүү  гана  эле.  Алар  менен  эч  качан  ойночу  эмес.  Ал  урушканды гана билчү, урушканда тигилердин катыгын колуна берип, Лип-Лип үйүр башы болуп жүргөндө көргөн кордуктарынын өчүн алчу. Азыр болсо Лип-Лип  кардан секирген чананы узун жип менен жулуна сүйрөп алдыда баратканда гана үйүргө башчылык  кылчу.  Өргүүгө  токтогондо  ал  Мит-Санын,  Боз-Кемчеттин  жана Клу-Кучтун жанынан кетчү эмес, анткени азыр бардык иттер ага тишин кайрап, эми ал баягы Ак Азуу көргөн азап-тозокторду көрүп жаткан.

Лип-Лип кеткенден кийин Ак Азуу үйүр башы болсо болмок, бирок ал бул  үчүн  өтө  түнт  болчу.  Чанага  чегилген  башка  иттерди  каап,  же  таптакыр көзүнө илчү эмес. Тигилер бетме-бет келгенде бурулуп кетишчү жана эң баатыр ит да Ак Азуунун үлүш этин тартып алууга даай алчу эмес. Тескерисинче, алар тиги  тартып  албасын  деп  өз  үлүшүн  жеп  жиберүүгө  ашыгышчу.  Ак  Азуу мыйзамды мыкты өздөштүрдү: чабалды басып, күчтүүгө баш ий. Ал өз үлүшүн мүмкүн болушунча тез жеп жиберчү. Мындайда этин жеп бүтө элек иттин шору катчу. Сүрдүү ыркыроо, арсайган азуулардан улам этин алдырып ийип, Ак Азуу аны жеп бүткөнчө кайдыгер жылдыздарга карап улугандан башка аргасы калбай калчу.

Мезгил-мезгили менен тигил же бул ит ага каршы козголоң чыгарганы менен  менен  Ак  Азуу  аны  дароо  эле  басып  койчу.  Өзүнүн  үйүрдөгү  өзгөчө абалын  бекем  сактап,  көп  учурда  алыша  кетчү.  Бирок  мындай  уруштар  көпкө созулчу  эмес.  Иттер  аны  менен  теңтайлаша  алышчу  эмес.  Атаандашы  эс-учун жыйганча  эле  жарадар  кылып  салчу  да,  иттер  уруш  баштала  электе  эле канжалап калчу.

Ак Азуу да кудайлар сыяктуу эле шериктерин катуу кармачу. Эч кандай жеңилдик  бербей,  өзүн  сыйлоону  талап  кылчу.  Иттер  өз  ара  кылбаганды кылышчу,  мунун  ага  тиешеси  жок  болчу.  Ак  Азуу  өз  абалынын  кол тийбестигине,  өзү  үйүргө  киргенде  жол  бошотуп  турушуна  жана  анын үстөмдүгүн таанышына гана көз салчу. Бир ит эрдемсинип, азуусун көрсөтүп же түгү тик тура түшсө болду, Ак Азуу дароо ага атырылып, жазасын берчү. Ал катаал өкүмдар болчу, бийлиги да темирдей катуу эле. Чабалдарды аёо  деген  анда  болчу  эмес.  Кенедей  кезиндеги  жапайы  Түндүктүн  катаал шарттарында энеси экөөнүн жашоо үчүн жанталашып күрөшкөндөрү таасирин тийгизбей койгон жок. Күчтүү душман кезиккенде, Ак Азуу момун болуп калчу.

Алсызды  басып,  күчтүүнү  сыйлачу.  Боз  Кемчет  узак  сапарда  баратып,  чоочун айылдарга  токтогондо,  Ак  Азуу  бейтааныш  чоң  иттердин  арасында  акырын, этият болуп жүрчү. Бир нече ай өттү, бирок Боз Кемчеттин сапары али аяктаган жок. Узак жол менен жан талашкан эмгектен улам Ак Азуу баралына келип, акыл-эсинин өсүшү да, сыягы, жетер жерине жеткенсиди. Ал айлана-чөйрөнү таанып бүттү. Эми  ал  ага  тике  карап,  эч  кандай  ой-кыялдарга  алдырбай  калды.  Бул  дүйнө катаал,  таш  боор  экен,  мында  жылуулук,  эркелик  жана  жакындык  деген  жок экен.

Ал  Боз  Кемчет  менен  деле  ынак  болуп  кеткен  жок.  Туура,  ал  кудай болчу, бирок катаал кудай эле. Ак Азуу анын бийлигине жан-дили менен баш ийчү,  бирок  бул  бийлик  акыл  артыкчылыгы  менен  кара  күчкө  негизделген бийлик болчу. Ак Азуунун табиятында бул бийлик жага турган да бир нерсе бар эле,  болбосо  ал  жапайы  Түндүктөн  кайра  келип,  кудайларга  берилгендигин көрсөтмөк  эмес.  Боз  Кемчет  жылуу  сөз  айтып,  сылап-сыйпаса,  балким,  ошол тереңде  жаткан  нерсеге  жетмек,  бирок  ал  мындай  кылган  жок.  Мындай нерселер анын адатында жок болчу. Анын үстөмдүгү катаалдыкка негизделип, ал ушул катаалдыгы менен буйрук берчү, таяктын күчү менен башкарчу,  уруп жазалачу жана эркелетпестен, урбай коюп сыйлачу.

Кишинин колу сылап-сыйпагандагы жыргалды Ак Азуу билчү да эмес. Анын  үстүнө  кишинин  колун  жактырчу  да  эмес,  анткени  шектүүдөй  туюлчу. Туура,  ал  колдор  кээде  эт  берчү,  бирок  андан  да  көбүрөөк  урчу.  Алардан алысыраак жүргөн оң болчу, анткени алар таш менен, таяк менен урчу, денеге тийсе  аткып,  чымчып,  жүндү  жулуп  алчу.  Чоочун  айылдарга  барганда балдардын колу да денени оорута алаарын билди. Бир бала аз жерден көзүн оюп коё  жаздады.  Ушундан  кийин  Ак  Азуу  балдардан  да  коркуп  калды.  Аларга чыдай алчу эмес. Тигилер келип, шектүү колдорун сунганда эле акырын туруп кетип калчу.

Чоң-Кул-Көлдүн жээгиндеги бир айылда Боз Кемчеттин  кудайларга кол салуу  өтө  оор  күнөө  деген  баягы  мыйзамы  кайра  такталды.  Ошол  айылга барганда, бардык айылдардардагы ит аттуулардын салты боюнча Ак Азуу тамак издеп  жөнөдү.  Бир  маалда  багыштын  тоңгон  этин  балталап  жаткан  баланы көрдү.  Ак  Азуу  барып,  эттин  ыргып  кеткен  кесимдерин  алып  жей  баштады. Бала  балтасын  таштап,  килейген  таякты  колуна  алды.  Ак  Азуу  артка  жалт берип,  таяктан  качканга  араң  үлгүрдү.  Бала  кууп  жөнөдү,  ал  бейтааныш айылдын  вигвамдарын  аралап  качып  баратып,  бир  маалда  жарга  камалып калды. Кача  турган  жер  жок  болчу.  Туюктан  чыга  турган  жалгыз  жолду  бала тосуп  турду.  Ал  таягын  көтөрүп,  илгери  кадам  шилтеди.  Ак  Азуунун  жаалы келди.  Адилетсиздикке  жаны  кашайып,  түгү  тик  туруп,  балага  аркырады.  Ал мыйзамды  жакшы  билчү:  жанагы  багыштын  тоңгон  этинин  кесимдери  сыяктуу калган-каткан  эттер  таап  алган  иттики  болот;  ал  жаман  иш  кылбаса  да,  эч кандай  мыйзамды  бузбаса  да,  бул  бала  аны  урганы  турат.  Ак Азуу эмне болуп кеткенин өзү да жакшы билбей калды. Ал көзүнө эч нерсе көрүнбөй, көз ачып жумгуча жасагандыктан, тиги бала да эч нерсени аңдай албай калды. Капыстан эле бала чалкасынан кетти да, таяк кармаган колу Ак Азуунун араандай ачылган оозуна кире түштү. Бирок  Ак  Азуу  кудайлардын  мыйзамын  бузганын  билди.  Алардын биринин  ыйык  денесине  тиш  салган  немени  оор  жаза  күтүп  турган.  Ал  баш калкалап  Боз  Кемчетке  качып  барып,  анын  аяк  алдында  бүрүшүп  жатканда, жанагы  өзү  каап  алган  бала  үй-бүлөсү  менен  ажылдап  өч  алабыз  деп  келип калышты. Бирок алардын колунан эч нерсе келген жок, Боз Кемчет аны коргоп калды.  Мит-Са  менен  Клу-Куч  да  аны  жактап  чыгышты.  Кишилердин кыйкырып урушканын угуп, колдорун жини келип шилтегилеп атканын байкап жаткан Ак Азуу өзүн актап жатышканын аңдай баштады. Ошентип, ал кудайлар да  ар  түрдүү  боло  турганын,  алар  өз  кудайлар  жана  жат  кудайлар  болуп бөлүнөрүн, алардын айырмасы бар экенин билди. Өз кудайың адилеттүү болсо да,  адилетсиз  болсо  да  чыдашың  керек.  Бирок  ал  башка  кудайлардын адилетсиздигин  көтөрүүгө  милдеттүү  эмес,  алардан  тиштеп  өч  алууга  акылуу. Бул да кудайлардын мыйзамы болчу.

Ошол  эле  күнү  Ак  Азууга  бул  мыйзам  менен  дагы  жакшыраак таанышууга  туура  келди.  Токойдон  отун  терип  жүргөн  Мит-Са  балдардын тобуна кабылып калды, алардын ичинде баягы өзү каап алган бала да бар экен. Чатакташа  кетишти  да,  балдардын  баары  Мит-Сага  жабылды.  Иш  чатагына айланды.  Аны  туш-тараптан  уруп  жатышты.  Ак  Азуу  адегенде  жөн  эле  карап турду.  Бул  кудайлардын  иши,  ага  тиешеси  жок.  Анан  алар  Мит-Саны,  өзүнүн кудайларынын  бирин  сабап  жатканын  аңдай  койду.  Ал  ойлонуп  турбастан тигилерди  качырып  кирди.  Жаалданганынан  топтун  ичине  кирип  барганын сезбей  калды.  Беш  мүнөт  өтпөй  балдардын  баары  качып  жөнөштү,  карда көбүнүн кандуу изи калып, Ак Азуунун тиштери убакытты текке кетирбегенин айтып турду. Мит-Са болгон окуяны айылга келип айтып бергенде, Боз Кемчет Ак  Азууга  эт  бердирди.  Болгондо  да  тойгончо  бердирди.  Курсагы  тойгон  Ак Азуу от боюна жата кетти да, мыйзамды туура түшүнгөнүнө ишенип үргүлөгөн боюнча уйкуга кетти.

Ушундан улам ал менчик мыйзамын жана кожоюндун менчигин коргоо керек  экенин  үйрөндү. Кудайдын  денесин  коргоодон  анын  менчигин  коргоого чейин бир эле кадам болчу, ал бул кадамды жасады. Өз кудайына тиешелүү нерселердин баарын коргош керек болчу, мында ал турсун башка кудайлардан да  тартынбаш  керек.  Кудай  деген  кудай,  итке  аны  менен  теңтайлашуу  кайда, бирок  баары  бир  Ак  Азуу  аларга  каршы  турууну  үйрөндү.  Парыз  сезими коркууну  жеңип,  акырында  ууру  чалыш  кудайлар  Боз  Кемчеттин  менчигине тийбес болду.

Ал көп өтпөй эле ууру чалыш кудайлар коркок болорун, чуу чыкканда эле  качып  кетерин  билип  калды.  Мындан  тышкары,  Боз  Кемчет  чуу  чыгары менен  жардамга  жетип  келерин  да  билди.  Ууру  андан  эмес,  Боз  Кемчеттен коркуп качарын да аңдады. Ал үрүп ызы-чуу салчу эмес, үргөндү билчү да эмес. Ууруну  туяры  менен  кол  салып,  ыңгайы  келсе,  тиш  салчу.  Түнттүгү  менен жалгыздыгынан  улам  Ак  Азуу  абдан  ишенимдүү  кароолчу  болуп  чыкты  жана Боз  Кемчет  да  ага  сый  көрсөтүп,  шыктандырчу.  Натыйжада  Ак  Азуу мурдагыдан да каардуу болуп, түнт тартып кетти.

Айлар  өткөн  сайын  ит  менен  кишинин  ортосундагы  келишим  чыңдала берди.  Бул  келишимди  байыркы  замандарда  жапайы  Түндүктөн  кишиге  баш калкалап  келген  алгачкы  карышкыр  түзгөн  эле.  Өзүнөн  мурунку  бардык карышкырлар  менен  жапайы  иттер  сыяктуу  эле  Ак  Азуу  да  бул  келишимдин шарттарын өзү иштеп чыкты. Шарттар абдан жөнөкөй  болчу. Кудайга сыйынуу үчүн  эркиндиктен  баш  тартуу  керек.  Кудай  Ак  Азууга  тамак  менен  оттун жылуулугун  берип,  коргоп, жанында  алып  жүрөт.  Бул  үчүн  ал  кудайдын  мал-мүлкүн кайтарып, денесин коргойт, ага баш ийип, буйругун аткарат.

Эгер  кудай  бар  болсо,  ага  кызмат  кылуу  керек.  Ак  Азуу  кудайына милдетин сезип, бир жагынан коркуп кызмат кылчу, бирок аны сүйчү эмес. Ал сүйүү  деген  эмне  экенин  билчү  да  эмес,  мындай  сезимди  эч  качан  туйган  да эмес.  Кичи  болсо  барган  сайын  унутулуп  баратты.  Анын  үстүнө  кишинин эркине  баш  ийип,  жапайы  Түндүктөн  жана  туугандарынан  биротоло  кол  үзүү менен  бирге  ал  Кичи  кездешкен  күндө  да  анын  ээрчип  кетүүгө  жол  бербей турган келишимге биротоло көндү. Кишиге берилгендик ал үчүн мыйзам болуп калды  жана  бул  мыйзам  эркиндикти  сүйүүдөн,  туугандык  сезимден  да  күчтүү болчу.

VI бап. Ачарчылык

Жаз чыгайын деп калганда, Боз Кемчеттин узак сапары аяктады. Апрель болчу, бир жашка чыгып калган Ак Азуу баягы эски журтка келгенде, Мит-Са аны  чанадан  чыгарды.  Ал  толук  жетилбегени  менен  бир  жашар  иттердин ичинде  Лип-Липтен  кийинки  эле  чоң  ит  болчу.  Бою  менен  күчү  жагынан карышкыр  атасы  менен  Кичини  тартып,  дээрлик  чоң  иттерге  теңелип  калды, бирок  алардай  чымыр  боло  элек.  Денеси  ичке,  субагай  келип,  урушта  күчү менен  эмес,  шамдагайлыгы  менен  алчу;  жүнү  карышкырдыкындай  боз. Сыртынан  караганда  ал  кадимки  эле  карышкырдын  өзү  болчу.  Кебетесинде Кичиден өткөн иттин канынан эч нерсе жок болчу, бирок мүнөзүндө бар эле.

Ак  Азуу  айылды  ток  көңүл  кыдырып,  сапарга  кете  электеги  тааныш кудайларды  көрүп  жүрдү.  Өзү  жокто  туулуп,  чоңоюп  калган  күчүктөрдү, мурункудай  чоң,  коркунучтуу  болбой  калган  иттерди  кездештирди.  Ал тигилерден  мурункудай  коркуп-үркпөй,  үйүр  ичинде  ээн-эркин  жүрдү  жана адегенде ушундан чоң ыракат алып жүрдү.

Мында баягы карыган Бэсик да бар экен, заманында ал азуусун көрсөтүп койсо,  Ак  Азуу  кирерге  жер  таппай  калчу.  Мурун  Бэсик  аны  кемсинтип, басмырлап келген болсо, эми ошол эле Бэсик Ак Азуунун көп өзгөрүү болгонун аңдоосуна жардам берди. Ал карып бараткан эле, ал эми  Ак Азуу болсо  жаш, эми күчкө толуп келаткан.

Иттердин  ортосундагы  мамилелердин  өзгөргөнү  жаңы  атып  келишкен багышты  союп  жатышканда  белгилүү  болду.  Ак  Азууга  бир  топ  эти  бар  чоң жото жилик туягы менен тийди. Талашып жаткан иттерден алысыраак жердеги токойго  барып,  олжосун  жей  баштады.  Бир  маалда  эле  Бэсик  келип,  ага атырылды. Ак Азуу тиги карыган немени эки жолу кандай каап алганын өзү да билбей калды. Анан четке ойт берди. Мындай чагылгандай чабуулду күтпөгөн Бэсик  селейе  түшүп,  Ак  Азууну  карап  туруп  калды,  ал  эми  эттүү  жаңы  сөөк ортодо жатты.

Бэсик  карып,  баягы  өзү  коркутуп-үркүтчү  күчүктөрдөн  ыдык  көрө баштаган  маалы  эле.  Ал  чыдаганга  аргасыз  болуп,  тигилерге  каршы  бүтүн тажрыйбасын  колдончу.  Баягы  баралына  келип  турган  маалы  болсо,  бул  жаш неменин  катыгын  дароо  колуна  бермек,  бирок  ал  азыр  алдан  тайып калгандыктан,  тайсалдап  турду.  Түгү  тик  туруп,  ыркырап  Ак  Азууну  карап турду,  тиги  болсо  мурунку  коркуусу  эске  түшүп, кичинекей  күчүктөй  бүрүшө түштү да, ушунчасында көп уят болбой качып кетүүнү ойлонуштура баштады.

Ушул  жерден  Бэсик  бир  жаңылыштык  кетирди.  Ал  каарын  төгүп  тура бергенде,  баары  ойдогудай  болмок.  Качканга  даярданып  калган  Ак  Азуу  этти ага  таштап  кетип  калмак.  Бирок  Бэсик  күтүп  отургусу  келген  жок.  Жеңиш меники болду го деген ой менен илгери кадам таштады да, сөөктү жыттады. Ак Азуу  үрпөйө  түштү.  Бэсик  үчүн  азыр  да  кеч  эмес  болчу.  Башын  бийик  көтөрүп, тигини бар сүрү менен карап тура бергенде, Ак Азуу туруштук бере албай кетип калмак. Бирок жаңы союлган эттин жыты таноосун кытыгылаган Бэсик кармана албай сөөккө тиш салды. Ак  Азуу  буга  чыдай  алган  жок.  Чанага  чегилген  иттерге  үстөмдүк кылып көнө түшкөн неме өзүнө тиешелүү этке башка ит тиш салып жатканын көргөндө  жаны  чыгып  кетти.  Ал  Бэсикке  адатынча  дароо  кол  салды.  Бир тиштегенде эле тиги карыган неменин оң кулагы тилинип шалбырай түштү. Ал чабуулдун  тездигинен  эңгирей  түштү.  Ушундан  кийин  эле  оңбой  калды. Чалкасынан  түшүп,  мойну  алжайып  канап  турду.  Ак  Азуу  аны  тургуза  койбой эки  жолу  ийинине  тиш  салып  жиберди.  Чабуулдун  тездиги  чын  эле  таң каларлык  болду.  Ушуга  удаа  эле  Бэсиктин  мурду  канжалай  түштү  да,  теңселе түшүп чегинүүгө аргасыз болду.

Жагдай таптакыр өзгөрдү. Эми жото жиликтин жанында аркыраган Ак Азуу  турду,  ал  эми  тигиндейрээкте  качууга  камынып  Бэсик  турду.  Ал чагылгандай  кол  салган  жаш  неме  менен  кармашууга  даай  албады.  Жакындап келаткан  карылыкты  эстеп  жүрөгү  сыздап  кетти.  Беделин  түшүрбөй  кеткенге аракет  кылды.  Жаш  ит  менен  анын  алдындагы  сөөккө  кайдыгер  артын  сала бурулду да, каадасын бузбай кете берди. Ак Азуу көрбөй турган жерге барганда гана жата калып, жараатын жалай баштады.

Ушундан кийин Ак Азуу өзүнө биротоло ишенип, менменсинип калды. Чоң иттердин арасында ээн-эркин басып, алардан мурункудай тартынбай турган болду.  Жок, ал  уруш  үчүн  шылтоо  издеген  жок, болгону  башкалардын көзүнө  көрүнгүсү келди. Өз укугун коргоп, башка иттердин алдында бүжүрөп тургусу келген жок. Башкалар  аны  менен  эсептешиши  керек,  болгону  ушу.  Кошо  чанага  чегилген башка күчүктөрдөй кылып эми аны эч ким басынта алмак эмес. Ал байкуштар чоң  иттерди  көргөндө  мурункудай  эле  жол  бошотуп,  алардан  обочо  болгонго аракет кылып, ал турсун кээде өзүнө берилген этин алдырып коюшчу. Ал эми дайыма  жалгыз  жүргөн,  түнт,  каардуу  Ак  Азууну  чоң  иттер  тең  ата  катары кабыл  алышты.  Алар  аны  жайына  коюш  керек  экенин  тез  эле  түшүнүштү  да, кастык  да  кылышкан  жок,  жакын  болууга  да  аракет  кылышпады.  Ак  Азуу  да тийишпегендерге  тийишкен  жок  жана  бир  нече  жолу  уруша  кеткенден  кийин алар ушундай болгону оң окшойт деп калышты.

Жай  ортолоп  калганда  бир  күтүлбөгөн  окуя  болду.  Индеецтер  менен багыш уулаганга кеткенде,  айыл четине тигилип калган жаңы вигвамды карап келейин деп баягы бөрү желишине салып бараткан Ак Азуу Кичиге кез  болду. Токтоп, карап калды. Ал элес-булас болсо да энесин билчү, бирок Кичи уулун унутуп  калыптыр.  Каардуу  ыркырап,  азуусун  көрсөткөндө,  Ак  Азуу  баарын эстеди.  Бала  кези,  бул  ыркыраш  эмнени  билдирери  эсине  келди.  Баягы  бала кездеги сезимдери кайра ойгонуп, бийлеп алды. Энесине эркелеп умтулду эле, тигинин тиши жаак сөөгүнө чейин бата түштү. Түшүнө албай туруп калды да, дендароо болуп артка кетенчиктеди. Бирок  бул  Кичинин  күнөөсү  эмес  эле.  Эне  карышкыр  өз  бөлтүрүгүн бирге  чыкканда  эле  унутуп  калат.  Кичи  да  Ак  Азууну  унутуп  калган  эле.  Ал үчүн  Ак  Азуу  бейтааныш,  чоочун  бирөө  болчу,  анан  калса  азыркы күчүктөрүнөн улам да ушундай мамиле жасоого акылуу болчу.

Күчүктөрдүн бири жөрмөлөп Ак Азууга келди. Өздөрү билбеген менен булар энелеш бир туугандар эле. Ак Азуу кызыгып тигини жыттады эле, Кичи кайра  атырылып  келип  мурдун  канжалата  каап  алды.  Ал  ого  бетер кетенчиктеди. Ойгоно калган баягы сезимдер менен элестер эми биротоло жок болду. Баласын жалап-жуктап, маал-маалы менен баш көтөрүп, ыркырап ийген Кичини карап турду. Эми ага Кичинин кереги жок эле. Ансыз жашоого үйрөнүп, анын эмне үчүн кымбат болгонун да унутуп калды. Анын дүйнөсүндө Кичиге орун жок калган сыяктуу эле, Ак Азууга да Кичинин дүйнөсүндө орун жок болчу.

Ал дендароо болуп тура берди, баягы эсине түшө калгандардын баары унутулду.  Ушул  маалда  Кичи  аны  куумак  болуп  үчүнчү  жолу  качырып  сала берди.  Ак  Азуу  буга  баш  ийди.  Кичи  ургаачы  болчу,  салт  боюнча  ургаачы менен  урушканга  болбойт.  Ал  бул  мыйзамды  билчү  эмес,  ал  турмуштук тажрыйбадан  да  келип  чыккан  эмес,  муну  ага  сокур  сезими,  айга,  түнкү жылдыздарга  каратып  улуткан,  өлүм  менен  белгисиздиктен  коркууга  аргасыз кылган сокур сезими шыбырап турду.

Айлар өтө берди. Ак Азуу күчкө толуп жетилди, мүнөзү болсо тукуму менен  айлана-чөйрөсүнө  жараша  калыптанып  баратты.  Ал  табиятынан ийкемдүү  болуп,  андан  ар  кандай  нерселерди  жасаганга  мүмкүн  эле.  Чөйрөсү аны өзү каалагандай  ийлеп, калыпка  салып  жатты. Эгер Ак  Азуу  кишилердин отуна келбесе, жапайы Түндүк аны чыныгы карышкыр кылып чыгармак. Бирок кудайлар  ага  башка  чөйрөнү  тартуулашты  да,  Ак  Азуу  ит  болуп  калды.  Анда карышкырдын каны болгону менен ал баары бир карышкыр эмес, ит болчу. Ошентип, табигый ийкемдүүлүгүнөн жана айлана-чөйрөнүн таасиринен улам  ал  биротоло  калыптанды.  Бул  болбой  койбой  турган  нерсе  эле.  Ал барган сайын түнт тартып, каардуу болуп, жалгыздыкка биротоло көндү. Башка иттер аны менен касташкандан көрө тынч жашаган жакшы экенин түшүнүштү, Боз Кемчет болсо аны барган сайын көбүрөөк баалай баштады.

Ак Азуу чоңойсо да,  бир адаттан кутула албай койду. Ал күлкүгө чыдай алчу  эмес.  Кишилердин  күлкүсүн  укканда  жаны  чыгып  кетчү.  Алар  башка нерсеге  күлгөндө,  көңүл  бурчу  эмес.  Бирок  бирөө  өзүн  карап  күлүп  койсо болду, жинденип кетчү. Баягы токтоо, сабырдуу ит жок болуп, жөн эле кутуруп кете  жаздачу.  Мындайда  туш  болуп  калган  күчүктөрдүн  шору  кайначу.  Баягы мыйзамды  жакшы  билгендиктен,  Боз  Кемчетке  тие  алчу  эмес,  анткени  анын акылы  менен  таягы  бар,  ал  эми  күчүктөрдүн  ачык  талаадан  башка  эч  нерсеси жок болчу. Аларды күлкүдөн улам жиндеп кеткен Ак Азуудан ушул ачык талаа сактап калар эле.

Ак Азуу үч жашка кеткенде, Маккензи дарыясынын жээгинде жашаган индеецтерге ачарчылык келди. Жайында балык түшпөй, кышында бугулар жер ооп  кетишти.  Багыштар  сейрек  кездешип,  коёндор  дээрлик  жок  калды. Жырткыч  айбандар  кырылды.  Ачыккандыктан  бирин-бири  жей  башташты. Күчтүүлөр  гана  аман  калып  жатты.  Ак  Азуунун  кудайлары  жалаң  аңчылык менен күн көрүшчү. Алардын карыгандары менен чабалдары биринин артынан бири  өлө берди.  Айылды  муңдуу  ый  басып  турду.  Аялдар  менен  балдар жарыбаган  тамагын  токойдон  аң  издеп  жүрүп  арыктап,  жеттигип  калган аңчыларга берип жатышты.

Ачарчылыктан кудайлар чийки кайыштан жасалган мокасиндери менен кол  каптарын  жеп  жатышты,  иттер  болсо  жан  кайыштарды,  ал  турсун камчыларды  жеп  жиберишти.  Иттер  бирин  бири  жеп,  кудайлар  болсо  иттерди жеди.  Адегенде  чабалдары  менен  начарларын  жешти.  Аман  калган иттер  муну  көргөн  соң,  өздөрүнүн  күнү  да  ушундай  болорун  аңдашты.  Эр жүрөктөрү  менен  акылдуулары  кызыл  кыргын  от  боюн  таштап, токойго  качышты.  Мында  болсо  аларды  ачкалык  өлүмү  же  ач  карышкырлар күтүп турган.

Ушундай кыйын кезеңде Ак Азуу да токойго качты. Ал башка иттерге караганда мындай жашоого жакшыраак ыңгайлашкан болчу, кантсе да баягы бала кезинде өткөн мектеби бар эле. Ал өзгөчө кичинекей жаныбарларды жакшы  кармачу.  Сак  тыйын  чычкандын  жерге  түшүшүн  күтүп,  сааттар  бою отурчу,  анын  сабырдуулугу  ичин  каарыган  ачкалыктан  кем  калчу  эмес.  Ал  эч качан  ашыкчу  эмес.  Тыйын  чычкан  кайра  даракка  чыгып  кетпесин  деп корпостон,  дал ыңгайы келмейинче күтүп, аңдып тура берчү. Оңу келгенде гана буктурмасынан  тиги  кыймылы  көзгө  илешпеген  тыйын  чычканга  чагылгандай тийип, илип кетчү.

Тыйын чычкандарга аңчылык көбүнчө ийгиликтүү болгону менен алар сейрек  кездешчү,  ошондуктан  майда  жаныбарларга  аңчылык  кылууга  туура келчү.  Ал  кээде  ушунчалык  ачка  болгондуктан,  чычкандарды  казып  жечү. Өзүндөй  эле  ачка,  бирок  өзүнөн  алда  канча  тажаал  арыс  чычкан  менен алышуудан да кайра тартчу эмес.

Өтө  өзөрүп  ачка  болгон  кездерде  Ак  Азуу  кудайлардын  отун  караан тутуп  барчу,  бирок  өтө  жакындачу  эмес.  Кудайларга  кездешкенден  качып, токойдо  жүрчү,  алардын  койгон  тузагына  түшүп  калган  бирин-серин жаныбарларды  уурдап  жеп  койчу.  Ал  турсун  бир  жолу  Боз Кемчеттин  койгон тузагына түшүп калган коёнду да жеп койду, ал эми Боз  Кемчет ушул  учурда ачкалыктан алы куруп, улам отуруп эс алып, токойдо темселеп келаткан эле.

Бир  күнү  Ак  Азуу  ачкалыктан  өлөйүн  деп  калган  жаш  карышкырды кездештирди.  Эгер  мынчалык  ачка  болбогондо,  тиги  менен  барып карышкырлардын  үйүрүнө  кошулуп  кетмек.  Азыр  болсо  тигини  өлтүрүп,  жеп коюудан башка арга калган жок.

Ак  Азуунун  багы  бар  экен.  Абдан  ачка  болуп,  өлөйүн  деп  калган учурларда дайыма бир нерсе кездешип калчу. Шайы өтө кетип, ырп этерге алы жок калган күндөрү да тагдыры колдоп, ири жырткычтарга кез болгон жок. Бир жолу  бир  сүлөөсүндү  өлтүрүп,  эки  күн  жеп  тыңып  калганда,  ачка карышкырлардын  үйүрүнө  туш  болду.  Куугун  абдан  катуу  болду,  бирок  Ак Азуу  тигилерден  тыңыраак  болгондуктан,  кутулуп  кетти.  Кутулуп  эле  тим болбостон, айланып келип шайы ооп калган куугунчулардын бирине кол салды.

Көп өтпөй эле бул жерди таштап, баягы өзү туулган мекенине жөнөдү.

Ийинине барса,  Кичи бар экен. Ал да пейили качкан кудайларды таштап, тууй турган маалы келгенде, ушул үңкүргө келген экен. Ак Азуу келгенде анын бир эле  бөлтүрүгү  калып,  ал  да  болбой  калган  экен.  Мындай  катуу  ачарчылыкта кичинекейлердин аман калышы кыйын.

Кичи эр жетип калган уулун сүйүнүп тосуп алды деп айтууга болбойт. Бирок Ак Азуу буга кайгырган деле жок. Энесинин кереги жок болгондуктан, кайдыгер  бурулду  да,  өзөн  бойлоп  жогору  кетти.  Сол  айрыктагы  баягы  энеси экөө  кармашкан  сүлөөсүндүн  ээн  калган  ийинин  таап  алды  да,  кечке  чейин ошол жерде жатып эс алды.

Жай  башталып,  ачарчылык  аяктайын  деп  калган  маалда  Ак  Азуу  Лип-Липти жолуктуруп калды. Ал да токойго качып келип, эптеп жан сактап жүргөн экен. Экөө  капыстан  кездешишти.  Тик  жээкти  айланып  өтүп  келатышып, асканын  жанынан  бетме-бет  чыгып  калышты.  Экөө  тең  коркуп  кетип,  ката түшүп, тиктешип калышты.

Ак  Азуунун  жагдайы  жакшы  болчу.  Бул  жумада  жолу  жакшы  болуп, тамакты  көп  жеген.  Ал  турсун  соңку  олжосунан  тойгон  курсагы  али  бөксөрө элек болчу. Бирок Лип-Липти көрөрү менен түгү тик туруп, үрпөйө түштү. Бул өзүнөн өзү болуп, мындай каардануу чаар баш Лип-Лип менен жолуккан сайын көнүмүшкө айланган нерсе эле. Азыр да Ак Азуу оозун араандай ачып тигиге аркырады.  Убакытты  текке  кетирбестен,  баарын  көз  ачып  жумганча  жасады. Лип-Лип  кетенчиктеди  эле,  Ак  Азуу  аны  ай-буйга  келтирбей  жыкты  да, чалкасынан  салып,  тарамыштуу  арык  мойнуна  тишин  матырды.  Лип-Лип калтырап-титиреп  өлүп  баратты,  Ак  Азуу  андан  көзүн  албай  тегеренип  карап турду. Анан кайра жолуна түштү да, бурулуштан көрүнбөй калды.

Ушундан көп өтпөй эле Ак Азуу токойдон чыгып, жалгыз аяк жол менен Маккензи дарыясына түштү. Ал мурун да бул жерге келип жүрчү, бирок анда бул жер ээн болчу. Азыр болсо айыл пайда болуп калыптыр. Ак Азуу токтоп, дарактардын  далдаасында  туруп  алып  карап  жатты.  Үндөр  менен  жыттар тааныш  сыяктуу  сезилди.  Бул  көчүп  келген  баягы  эски  айыл  экен,  бирок кандайдыр  бир  жаңы  жыттар  менен  үндөр  да  бар  эле.  Улуган,  ыйлаган  үндөр угулбайт.  Үндөр  ток  пейил  чыгып  жаткандай.  Бир  маалда  бир  аялдын ачууланган  үнү угулганда гана, тигилердин курсактары ток экенин дароо туйду. Балык жыттанып кетти, демек, айылда тамак-аш бар экен. Ачарчылык бүтүптүр. Ал  коркпой  токойдон  чыкты  да,  ээсинин  вигвамына  барды.  Кожоюн  жок  экен, бирок  Клу-Куч  Ак  Азууну  сүйүнгөнүнөн  кыйкырып  тосуп  алып,  жаңы  эле кармалган бир балыкты бүтүн берди. Ак Азуу  жата кетти да, Боз Кемчетти күтө баштады.

IV БӨЛҮМ

I бап. Душман

Ак  Азуунун  табиятында  өз  туугандары  менен  жакындашуу мүмкүнчүлүгү бир аз болсо да, чана башы болгондон тартып ал да жок болду. Иттер  аны  жек  көрүшчү;  Мит-Са  ага  ашыкча  эт  бергени  үчүн  жек  көрүшчү; чыныгы  жана  ойдон  чыгарылган  артыкчылыктары  үчүн  жек  көрүшчү;  алдыда чуркагандыгы  үчүн,  түктүү  куйругу  жана  көзгө  илешпей  чуркап,  жинин кайнаткан аяктары үчүн жек көрүшчү. Ак  Азуу  да  иттерди  ошондой  эле  жек  көрчү.  Чана  башы  болуунун  эч кандай  ыракаты  деле  жок  болчу.  Өзү  үч  жыл  бою  баш  көтөртпөй  келген иттерден качкансып алардын алдында чуркаганга араң көндү. Бирок буга көнүш керек  болчу,  болбосо  өлмөк,  ал  эми  ташкындап  турган  күч-кубаты  муну каалаган  жок.  Мит-Са  тизгинди  силкер  замат  чанадагы  иттер  ажылдап  үргөн боюнча Ак Азуунун артынан кууп жөнөшчү. Анын  коргонууга  чамасы  жок  болчу.  Иттерге  бурулары  менен  Мит-Санын  узун  камчысы  тумшугуна  ойной  түшчү.  Ак  Азуунун  алга  жулунуп качкандан  башка  айласы  жок  эле.  Куйрук  жана  арткы  буттар  менен  артында ызылдап келаткан иттердин үйүрүнөн коргонууга мүмкүн эмес болчу, мындай курал  менен  көптөгөн  аёосуз  азуулардын  мизин  кайтарууга  болбойт  эле. Ошентип,  Ак  Азуу  секирген  сайын  табияты,  сыймыгы  кор  болуп  чуркачу, чуркаганда да керели кечке чуркачу. Мындай  кордук,  зордук-зомбулук  жазасыз  калмак  эмес.  Эгер  денедеги кылды кайра денеге сайылып өсүүгө мажбурласа, ал жан чыдатпай оорутат. Ак Азуу  да  ушундай  болду.  Артынан  такымдап  кууган  иттердин  катыгын  колуна берсем дегенде эки көзү төрт болчу, бирок кудайларга каршы чыгууга болбойт, анын үстүнө алардын бийлигин тиги бугунун ичегисинен өрүлгөн отуз футтук узун  камчы  да  бекемдеп  турат.  Ошентип,  Ак  Азуу  мунун  баарына  чыдап, ичинде ит өлгөн жек көрүүсү менен каарын ичине катып жүрдү.

Өз  кандаштарына  кас  чыккан  кандайдыр  бир  тирүү  жан  болсо,  ал  Ак Азуу эле. Ал аёо дегенди билчү эмес, өзү да эч качан жан соогалап көрбөгөн. Денесинен  жараат  менен  тырык  кетчү  эмес,  иттер  да  өз  кезегинде  анын тиштеринин изинен арылчу эмес. Иттерди чанадан бошотору менен кудайларга барып  баш  калкалачу  көптөгөн  чана  башы  иттерден  айырмаланып,  Ак  Азуу кудайларга  барган  жок.  Ал  коркпостон  ары-бери  басып,  күндүзү  азабы  өткөн иттерден  өчүн  алчу.  Алдыга  чегиле  электе  азыркы  шериктери  адатта  анын алдынан  чыга  алышчу  эмес.  Азыр  болсо  абал  өзгөрдү.  Эртеден  кечке  чейин созулган куугундан улам иттер аны бизден качып жүрдү деп ойлоп, шерденип калышты. Ал үйүргө кошулары менен уруш башталчу. Анын жүргөнү ыркыроо, алышуу  жана  ызы-чуу  менен  коштолуп  турчу.  Ал  жуткан  аба  да  жек  көрүү менен каар жыттанып, бул ичиндеги каары менен жинин ого бетер күчөтчү.

Мит-Са  токтогонго  буйрук  бергенде,  Ак  Азуу  анын  буйругун  аткарчу. Адегенде  иттер  буга  көнө  албай  башаламан  түшүп,  баары  жек  көргөн  чана башыга  асылышты.  Бирок  Ак  Азууга  камчысын  ойноткон  Мит-Са  жардамга келди. Акырында иттер чана Мит-Санын буйругу менен токтосо, чана башыга тийишпей  эле  койгон  оң  экенин  аңдашты.  Эгер  Ак  Азуу  өзү  токтосо,  анда асылса болот экен. Көп  өтпөй  эле ал да  буйруксуз токтобой  турган болду. Ал муну тез эле үйрөндү. Ал мындай нерселерди өздөштүрбөй коё алмак эмес, эгер антпесе, жашоо туш кылган мындай катаал чөйрөдө жашап кете алмак эмес. Бирок иттер үчүн бул сабак деле болгон жок жана алар токтогон жерде аны  тынч  коюшпады.  Күн  сайын  артынан  ызы-чуу  түшүп  кууган  иттер мурунку  түндүн  сабагын  дароо  эле  унутуп  калышчу  жана  ал  сабак  түнү кайталанган менен таң атканда  анын изи да калчу эмес. Анын үстүнө алардын Ак  Азууну  жектешинин  дагы  бир  себеби  бар  эле.  Алар  анын  башка  экенин туюшчу жана ушунун өзү эле касташуу үчүн жетиштүү болчу. Алар да Ак Азуу сыяктуу  эле  колго  үйрөтүлгөн  карышкырлар  болгону  менен  алар  бир  нече муундан кийинкилер болчу. Жапайы Түндүктүн көп нерселери жоголуп, булар үчүн  ал  белгисиздик,  түбөлүк  коркунуч  жана  душмандык  өкүм  сүргөн  жер катары  гана  туюлчу. Ал  эми  Ак  Азуунун  кебетесинен, аракети  менен  жүргөн-турганынан  жапайы  Түндүктүн  илеби  келип, ал  ошонун  символундай  туюлчу. Ошондуктан ага тишин кайроо менен иттер адамдын отун курчаган токой менен караңгылыктан башбагып турган коркунучтан сактанууга аракет кылышчу. Бирок андай деген менен иттер бир сабакты –  бирге жүрүү керектигин жакшы өздөштүрүштү. Ак Азуу өтө коркунучтуу душман эле жана аны менен жекеме-жекеге  чыгууга  эч  бири даай  алчу  эмес.  Иттер  ага  үйүрү  менен  кол салышчу,  болбосо  ал  тигилерди  бир-бирден  бир  түндө  кырып  таштамак. Ушундан  улам  Ак  Азуу  тигилерди  өлтүрө  алган  жок.  Бирөөнү  жыгар  замат тигилер  жапырт  каптап,  тигинин  тамагын  үзүп  кеткенге  жол  берчү  эмес.  Бир нерсе  болор  менен  эле  баары  ага  жабылчу.  Алар  ич  ара  урушуп-талаша беришчү,  бирок  Ак  Азууга  келгенде  мурунку  чыр-чатактардын  баары  дароо унутулуп калчу. Алар канча аракет кылганы менен Ак Азууну өлтүрө алышкан жок.

Ак Азуу  алар  үчүн  өтө  ыкчам,  каардуу  жана  акылдуу  эле.  Капканга  түшө  турган жерден  качып,  тигилер  ороп  келаткан  жерден  чыгып  кетчү.  Аны  жыга  ала турган бир да ит жок болчу. Ал өзү жашоо үчүн кандай тырмышса, аяктары да жерге  ошондой  тырмышчу.  Ошондуктан,  үйүр  ичиндеги  бул  бүтпөгөн согушта аман калуу жана аякта туруу бирдей түшүнүктөр болчу жана муну Ак Азуудан жакшы эч бири билчү эмес. Ошентип, ал өз кандаштарынын, кишилердин отуна келип, аларды калка тутуп,  бошошуп  калган  карышкырлардын  кыркылышкан  душманы  болуп чыкты. Жашоонун өзү ушуга алып келди. Ал ит аттуунун бардыгына өч болуп, ушунчалык аёосуз өч алгандыктан, каардуулук менен жапайылыкты эч кимден сурабаган Боз Кемчет да буга айран калып, мындай ит жок экенин айтып калчу. Башка  айылдык  индеецтер  да  Ак  Азуудан өлүм  тапкан иттерин  эстешип, буга макул болушчу.

Ак  Азуу  бешке  чыкканда,  Боз  Кемчет  аны  менен  дагы  узак  сапарга чыкты. Аскалуу Тоолордон тартып Маккензи менен Поркупайн жээгиндеги жана  Юконго  чейинки  айылдар  Ак  Азуунун  алышкан  иттерди  кантип өлтүргөнүн  көпкө  чейин  унута  алышпады.  Ал  өч  алганга  баш-оту  менен кирип  кетти.  Чоочун  иттер  андан  жамандык  күтүшчү  эмес  жана  мындай күтүүсүз кол сала турган душман болорун билишпечү. Анын чагылгандай бир тийип өлтүрөр душман экенинен алардын кабары жок болчу. Чоочун айылдын  иттери  Ак  Азууга  менменсинип  келгенде,  ал  жөрөлгөсүн  жасабай туруп эле тигиге серпилген болот пружинадай бир тийип, тамактан алып кетчү да, тиги өзүнө келгенче эле өлтүрүп таштачу. Ал  уруштун  чебери  болуп  чыкты.  Эсеп  менен,  күчүн  эч  качан  бошко кетирбей, ыкчам урушчу. Качырып тийип, жаза тийип калса, дароо артка кетчү. Бардык  карышкырлар  сыяктуу  эле  Ак  Азуу  да  душманы  менен  узакка айкалышып алышкандан каччу. Ал буга чыдай алчу эмес. Бул коркунучтуудай туюлуп,  мындайда  кутуруп  кетчү.  Ал  ээн-эркин  болуп,  бутунда  бекем  туруш керек болчу. Жапайы Түндүк Ак Азууну дагы эле кучагынан коё бербей, бийлеп турчу.  Бала  кезден  өзү  сыяктууларга  кошулбай  жалгыз  өскөнү  да  анын эркиндикке умтулуусун күчөтсө керек. Жакындыктан кандайдыр бир коркунуч туюп турчу. Ал алдында капкан тургандай сезип, бул коркуудан эч кутула алчу эмес.

Чоочун  иттер  аны  менен  теңтайлаша  албады.  Ал  тигилердин азуусунан  оңой  эле  буйтап  кетчү  да,  ишин  бүтүргөн  соң,  бир  тиш  тийгизбей кетип калчу. Бирок дайым эле мындай боло берчү эмес. Бир нече ит жабылып, качканга үлгүрбөй калган учурлар да болчу, кээде бир эле иттен да ыдык көрүп калчу.  Бирок  мындай  учурлар  сейрек  эле.  Ак  Азуу  уруштун  чебери болгондуктан, бардык айкаштардан кылы кыйшайбай чыкчу. Анын  дагы  бир  артыкчылыгы  бар  эле:  ал  убакыт  менен  аралыкты жакшы билер эле. Албетте,  ал  муну  сокур  сезими  менен  жасачу.  Баары  өзүнөн  өзү болчу.  Көзү  мыкты  көрүп,  нервдер  көргөндөрүн  мээге  тез  жеткирчү.  Башка иттердикинен  мыкты  денеси  тез  жана  так  кыймылдачу  да,  акылы  менен  кара күчү шайкеш келе турган. Ак Азуунун  көрүү нервдери кыймылдаган нерсенин элесин  берери  менен  мээ  өзү  эле  зарыл  мейкиндик  менен  мезгилди  аныктап койчу. Ошентип, ал секирген иттен же анын азууларынан буйтап туруп эле көз ачып жумганча тигинин өзүнө кайра кол салууга жетишчү. Бирок бул үчүн аны мактай  бергенде  да  болбойт,  табият  берчүсүн  ага  сараңдык  кылбай  бериптир, болгону ушул.

Ак  Азуу  Юкон  фортуна  келгенде  жай  болуп  калган  эле.  Боз  Кемчет кыштын  аягында  Маккензи  менен  Юкондун  ортосун  кесип  өтүп,  жаз  бою Аскалуу-Тоолордун  батыш  этектеринде  аңчылык  кылып  жүрдү.  Поркупайн дарыясы  муздан  арылган  соң  кайык  жасап  алып,  аны  менен  Юконго,  уюл алкагынын  жанына  келди.  Бул  жерде  «Гудзон  булуңу»  компаниясынын  форту бар болчу. Фортто индеецтер көп эле, азык-түлүк мол келип, кызуу кыймыл өкүм сүрүп турган. 1898-жылдын жайы. Миңдеген алтын издөөчүлөр Юкон менен Доусонго жана Клондайкка кетип жатышкан. Алардын көпчүлүгү бир  жылдан  бери  сапар  тартып  келатышканы  менен  дагы  жүздөгөн  миль  бар болчу.  Беш  миң  милден  аз  жол  баскан  киши  жок  эле,  кээси дүйнөнүн тиги четинен келаткан болчу.

Боз  Кемчет  фортко  токтоду.  Алтын  оорусунун  шыбышы  ага  да  жетип, бир  нече  таңгак  тери  менен  бир  таңгак  мээлей  жана  мокасин  ала  келген  эле. Пайда  жакшы  түшөт  деп  кызыкпаса,  Боз  Кемчет  мындай  узак  жолго  чыкмак эмес. Бирок баары ал күткөндөн да алда канча жакшы болуп чыкты. Терилерден жүз процент пайда түшсө деп кыялданып келсе, бул жерде миң процент пайда  түштү.  Боз  Кемчет  чыныгы  индеец  катары  ишин  шашпай  жайбаракат баштап, товарлар арзан кетип калбасын деп бул жерде кеч күзгө чейин калмай болду.

Ак  Азуу  ак  адамдарды  алгач  так  ушул  Юкон  фортунан  көрдү.  Өзү билген  индеецтер  менен  салыштырганда,  алар  башкача  адамдардай,  бийлиги тигилердикинен  да  күчтүү  кудайлардай  туюлду.  Мындай  ишеним  өзүнөн  өзү пайда болду, ак кудайлардын кудурети күчтүү экенине ишенүү үчүн тырышып ойлонуунун деле зарылдыгы жок болчу. Ал муну жөн гана туйду, бирок ачык туйду. Бир кезде индеецтердин вигвамдары кишинин улуулугун далилдеп келсе, эми ал заңгыраган форт менен жоон устундардан курулган үйлөргө таң калып жүрдү. Мунун баары ак кудайлардын кудуретинен кабар берди. Алардын бийлиги  Ак  Азуунун  мурунку  кудайларынын,  анын  ичинде  өз  кудайы  Боз Кемчеттин  бийлигинен  да  күчтүү  экен.  Ал  бул  ак  кудайлардын  жанында  бала кудай эле болуп калат экен.

Албетте,  Ак  Азуу  булардын  баарын  туюп  гана  жүрдү.  Ойлонгонго кудурети жеткен жок. Бирок жаныбарлар көбүнчө ушундай туюмдарга таянып иш кылат жана Ак Азуунун азыркы ар бир аракети ак кудайлардын кудуретине ишенгенинен  кабар  берчү  болду.  Адегенде  алар  абдан  кооптуудай  сезилип жүрдү.  Булардан  кандай  коркунучту,  кандай  балакетти  күтсө  болору  белгисиз болчу. Тигилерди абдан кызыгып караганы менен аларга туш болгондон коркчу. Адегенде  бир  нече  саат  бою  алыстан  көз  салып  турду  да,  алар  иттерине  эч кандай жамандык кылбаганын байкап, жакындай баштады. Тигилер да Ак Азууга кызыга башташты. Анын бөрү чалыштыгы дароо көзгө  урунуп,  тигилер  сөөмөйү  менен  аны  бири-бирине  көрсөтө  башташты.

Алардын  бул  кылыгы  Ак  Азууну  кооптондуруп,  жакындап  келгендерине ыркырап, оолактай берчү. Ошентип, тигилердин бири да аны сылай алган жок жана сылай албагандары да жакшы болду.

Көп  өтпөй  эле  Ак  Азуу  бул  кудайлардын  бир  азы  гана  (он  чактысы) ушул  жерде  жашай  тургандыгын  билди.  Эки-үч  күн  сайын  жээкке  кеме  (ак адамдардын кудурети күчтүүлүгүнүн дагы бир анык далили) келип токтоп, бир нече  саат  турчу.  Кудайлар  кеме  менен  келип,  кайра  кетишчү.  Бул  ак  адамдар сансыз  көптөй  сезилчү.  Алгачкы  эки  күнү  эле  Ак  Азуу  өмүр  бою  көргөн индеецтерден  да  көп  киши  көрдү.  Алар  күн  сайын  келип,  фортто  болгон  соң, дарыя менен жогору кетишчү.

Ак  кудайлардын  кудурети  күчтүү  болгону  менен  иттери  эч  нерсеге жарачу  эмес.  Ээлери  менен  жээкке  түшкөн  иттер  менен  таанышкан  соң,  Ак Азуу  буга  тез  эле  ынанды.  Алар  ар  түрдүү  болчу.  Кээ  бирлеринин  буттары быртыйып кыска болсо, башкаларыныкы тартайып өтө эле узун. Жүндөрү өтө кыска келип, айрымдарыныкы такыр эле жок болчу. Бул иттердин бири да урушканды билчү эмес. Өз  туугандарын  жининдей  жек  көргөн  Ак  Азуу  алар  менен  урушууну милдети  катары  көрдү.  Бир  нече  жолу  алышкан  соң,  алардан  жийиркенип калды.  Алар  олдоксон  бир  байкуштар  болуп  чыкты,  Ак  Азууну  күчкө  салып жеңмекчи  болушканда,  ал  тигилерди  айла-амал  менен  оңой  эле  жеңип  койчу. Иттер ажылдап үрүп качырып сала беришчү. Ак Азуу дароо ойт берчү. Тигилер эмне болгонун  түшүнө  албай  туруп  калганда, Ак  Азуу  капталдан келип  тийчү да, тамактан алчу. Бул  ыкма  көп  учурда  оңунан  чыкчу  да,  ал  ит  чоочун  немени  талап кетели  деп  күтүп  турган  индеец  иттеринин  тебелендисинде  калчу.  Ак  Азуу акылдуу болчу. Иттерин өлтүргөндө,  кудайлардын каары келерин мурунтан эле билчү.  Ак  кудайлар  да  ушундай  болчу.  Ошондуктан,  душманын  жыгып, тамактап  салган  соң,  акырын  четке  чыга  берип,  калганын  берки  иттердин үйүрүнө койчу. Ак Адамдар жүгүрүп келип, үйүрдүн  сазайын берип жатканда, ал  суудан  кургак  чыгып  кетчү.  Адатта  обочо  жерге  барып  алып,  туугандарын таштар,  таяктар,  балталар  жана  колго  кирген  башка  нерселер  менен  уруп жатканын карап турчу. Ак Азуу абдан акылдуу эле. Бирок  анын  туугандары  да  өздөрүнчө  акылдуу  боло  башташты  жана буга  Ак  Азуу  да  кошулду.  Алар  тамашанын  баары  кеме  жээкке  келип токтогондо  башталарын  билип  алышты.  Кемеден  жаңы  түшкөн  иттердин  эки-үчөө  дароо  таландыда  калышчу.  Кишилер  калгандарын  дароо  кайра чакырышып,  беркилерди  жазалап  киришчү.  Бир  жолу  сеттерин  көз  алдында талап өлтүрүшкөн бир киши револьверин алып чыгып, удаасы менен алты жолу атты  эле,  үйүрдөн  алты  ит  тырайып  өлүп  калды.  Кудурети  күчтүү  ак адамдардын мунусу Ак Азуунун эсинен чыккыс болду.

Ак  Азуу  мунун  баарына  баш-оту  менен  кирип,  кандаштарын  эч  аяган жок  жана  мындай  уруштардын  баарынан  аман-соо  чыгып  жүрдү.  Адегенде  ак адамдардын  иттери  менен  эрмек  үчүн  урушуп  жүрсө,  кийин  буга  чындап киришти.  Башка  кыла  турган  иши  жок  эле.  Боз  Кемчет  соода  кылып,  байып баштады.  Ак  Азуу  болсо  тентиген  индеец  иттеринин үйүрүнө  кошулуп,  кеменин келишин күтүп турчу. Кеме  жээкке келип токтоору менен тамаша башталчу. Ак Адамдар  эстерине  келгенче,  үйүр  ар  кайсы  жакка  житип  жоголуп,  кийинки кеменин келишин күтүп калчу. Бирок  Ак  Азууну  үйүрдүн  бир  мүчөсү  деп  айтууга  болбойт  эле.  Ал башкаларга  аралашпай,  өзүнчө  ээн-эркин  жүрчү,  башка  иттер  андан  бир  аз кооптонуп  да  турчу.  Туура,  ал  тигилер  менен  чогуу  аракет  кылчу.  Чоочун  ит менен  урушту  баштап,  аны  жыгып  берчү.  Иттер  жабылып,  тигини  жайлап жатышканда,  Ак  Азуу  үйүрдү  каарданган  кудайлардын  жазалоосуна  таштап акырын кетип калчу.

Уруш  чыгаруу  оңой  болчу.  Ак  Азуу  пристанга  келери  менен  эле чоочун  иттер  ага  жабылчу.  Алар  сокур  сезимдерине  баш  ийишчү.  Иттер  Ак Азууну  көрөрү  менен  өздөрү  таштап  кеткен  жапайы  Түндүктү,  кишилердин жаккан  отун  тегеректеген  белгисиз,  түбөлүк  коркунучту  туюшчу.  Жапайы Түндүктөн  коркуу  иттердин  муундан  муунга  өтүп  келаткан  корунучу  болчу.

Жапайы Түндүк кылымдар бою аларды коркутуп, жүрөгүнүн үшүн алып келген, ал  эми  алардын  ээлери  ошол  жактан  келген  жандуунун  бардыгын  өлтүрүүгө уруксат  беришкен.  Эми  алар  ошол  укугунан  пайдаланып,  өздөрүн  да,  шерик кылып алган ээлерин да коргоп жатышат. Ушундан  улам  Юкондун  жээгине  түштүктөн  келип  түшкөн  иттердин баары  Ак  Азууну  көрөрү  менен  баса  калып,  чайнап  таштагысы  келип  турчу.

Келгин иттердин арасында шаардыктар да бар эле, бирок жанагы коркуу аларда да сакталып калган экен. Таламандын тал түшүндө алдынан чыккан бөрү чалыш бул  жаныбарга  алар  өздөрүнүн  эле  көзү  менен  эмес,  ата-бабаларынын  көзү менен  да  карап,  мурунку  муундардан  мураска  калган  сокур  сезимдери  аларга алдыңда илгертен келаткан душманың карышкыр турат деп шыбырап турчу.

Ак  Азуу  ушунун  баарынан  жаны  жыргап,  ыракат  алчу.  Аны  көрөрү урушка жулунган иттердин өзүнүн шору, ага эмне, жан деп алыша берет. Алар Ак Азууну табигый олжо катары көрүшсө, ал да тигилерди ошондой көрчү. Ал  бекеринен  күн  жарыгын  алгач  ээн  үңкүрдөн  көрүп,  бала  кезден  ак кекилик,  арсчычкан  жана  сүлөөсүндөй  душмандар  менен  кармашпаса  керек. Бекеринен  бала  кезинен  Лип-Лип  жана  жаш  иттердин  үйүрү  менен  алышып жүргөн  эмес. Жашоосу  башкача болгондо, ал өзү да башкача  болмок. Айылда Лип-Лип  болбогондо,  башка  күчүктөр  менен  аралашып,  итке  окшош  болмок жана  туугандарын  аяп  турмак.  Боз  Кемчет  жумшагыраак,  мээримдүүрөөк болгондо, кишиге жакын болмок. Бирок баары башкача болду. Катаал жашоодон улам түнт, каардуу жырткыч болуп, өз туугандарынын душманы болуп калды.

II бап. Жинди кудай

Юкон фортунда ак адамдар аз болчу. Алардын баары бул жерде көптөн бери  жашап,  өздөрүн  «ачыган  камыр»  дешчү  жана  муну  менен  абдан сыймыктанышчу.  Башка  жактан  келгендерди  көзгө  илишчү  эмес.  Кемеден түшкөндөр  жаңылар  деп  эсептелип,  аларды  «чечако»  деп  коюшчу  жана  бул алардын  өздөрүнө  жакчу  эмес.  Алар  камырга  кургак  ачыткы  салышчу  жана ушунусу менен кургак ачыткысы жогунан ачыткы камыр кошуп камыр жуурган эскилерден айырмаланышчу. Бирок  мунун  баары  майда-чүйдө  нерселер  болчу.  Форттун  тургундары келгиндерди көп жактырышпай, аларга бир нерсе болсо, табасы канып калышар эле.  Ак  Азуу  менен  иттердин  үйүрүнүн  чоочун  иттерди  талап  кеткени  аларга өзгөчө  жакчу.  Кеме  келатканда  эле  форттун  эски  тургундары  тамашадан  кур калбайлы деп жээкке ашыгышчу. Алар муну индеецтердин иттеринен бешбетер күтүп, Ак Азуунун мында ойногон ролуна баа беришчү. Бул  тамаша  алардын  ичинен  бир  кишиге  өзгөчө  жакчу.  Жакындап келаткан  кеменин  үнүн  угары  менен  жээкке  чуркачу,  уруш  бүтүп,  иттер  ар кайсы  тарап  кеткенде  кумары  канбай  нааразы  болуп,  пристандан  араң  кетчү.

Түштүктөн  келген  назик  ит  жерде  таландыда  калып  каңшылап  өлүп  бараткан учурларда  ал  киши  сүйүнгөнүнөн  секирип  турар  эле.  Ак  Азууну  дайыма  ичи күйүп карачу. Аны  форттогулар  «Сулуу»  деп  коюшчу.  Анын  чыныгы  атын  эч  ким билбегендиктен, элдин баары аны Сулуу Смит дешчү. Бирок ал сулуу эмес эле, балким, ушундан улам аны шылдың кылып ушундай атап коюшса керек. Анын түрү  өтө  эле  суук  болчу.  Аны  жаратып  жатканда  табият  өтө  эле  сараңдык кылып койгон экен. Өзү  арык,  бою  кодо,  башы  сөлпү  болчу.  Жанагы  «Сулуу» деген атка коно электе, теңтуштары аны «Мык» деп коюшчу.

Кежигеси  жапжалпак,  маңдайы  жапыс,  бирок  өтө  жайык  болчу.  Бирок көзгө  келгенде  табият  эмнегедир  берешендик  кылып  чакчайган  эки  көз  берип коюптур,  бирок  алардын  арасы  да  өтө  ачык  болуп,  ал  жерде  дагы  эки  көз жайгаша тургандай жер бар эле. Башка жерине караганда бети табактай болуп тургандыктан,  табият  бул  бош  орунду  эптеп  толтуруу  үчүн  оркойгон  ээк бериптир. Ал өтө эле чоң болгондуктан, көкүрөгүнө тиейин деп турчу. Балким, мындай  деле  эместир,  анткени  анын  мойну  мындай  жүк  үчүн  өтө  эле  ичке болчу. Ушул  ээгинен  улам  ал  өтө  катаал  немедей  туюлчу.  Бирок  буга  да ишенгиң келчү эмес, балким, бул ээгинин өтө чоңдугунандыр. Кандай болгондо да  Сулуу  Смиттин  табиятында  эч  кандай  чечкиндүүлүк,  катаалдык  жок  эле. Элдин  баары  аны  коркок,  байкуш  бирөө  катары  билчү.  Мунун  баары  аз келгенсип  саргарып  кеткен  узун  тиштери  бар  эле  жана  эки  азуусу  жука эриндеринен  көрүнүп  турчу.  Көзгө  келгенде  табияттын  боёгу  түгөнүп  калса керек, калган-катканы менен боёп салган экен, бүдөмүк сары сыяктуу бир нерсе болуп калыптыр. Шамал уйпалаган самандай болуп башы менен жаагынын ар кайсы жеринде үксөйүп турган суюк чачтары да ушул сыяктуу бирдеме болуп жаралып калса керек.

Кыскасын  айтканда,  Сулуу  Смит  ушундай  бир  түрү  суук  неме  болчу. Бирок  мында  аны  күнөөлөгөнгө  да  болбойт,  анткени  кудай  ушундай  кылып койсо,  кубарыңдын  акысы  барбы.  Ал  форттогуларга  тамак  жасап,  идиш-аяк жууп,  кара  жумуштун  баарын  кылчу.  Форттогулар  да  аны  көп  жерибей,  ал турсун  турмуштан  жолу  болбой  калган  бир  байкуш  катары  аяп  коюшчу.  Бир жагынан  андан  коркушчу.  Мындай  неме  артыңдан  келип  атып  коюшу  же кофеңе уу салып коюшу мүмкүн. Анан калса ашкана кармаган бирөө керек эле, ал эми Сулуу Смит бардык кемчиликтерине карабастан бул ишти жакшы билчү.

Ак  Азуунун  чеберчилигине  суктанып,  меники  болсо  деп  жүргөн  киши ушундай  неме  болчу.  Ал  Ак  Азуу  менен  ойногонго  аракет  кылды,  бирок  Ак Азуу  ага  көңүл  бурбай  койду.  Бирок  тигил  болбой  эле  көжөлө  берген  соң үксүйүп ыркырады да, качып кетти. Бул киши ага эмнегедир жакчу эмес. Андан кандайдыр  бир  жамандыкты  сезип,  сунган  колу  менен  шыбыраган  үнүнөн коркчу.

Карапайым  жаныбарлар  жакшылык  менен  жамандыкты  жөнөкөй  эле аңдашат.  Ооруну  басып,  эркиндик  менен  жыргалды  алып  келе  турган нерселердин баары жакшылык болот. Ошондуктан жакшылык жагымдуу. Ал эми жамандык кыйынчылык, коркунуч, азап-тозок алып келет да, ушундан улам  жагымсыз.  Чириген  саздан  көтөрүлгөн  тумандай  болуп  Сулуу Смиттин түрү суук денеси менен жан дүйнөсүнөн жаман жыт келип турчу. Ак Азуу сокур сезими менен бул адамдын жаман экенин, жамандык кыла турганын туйчу.

Сулуу  Смит  Боз  Кемчеттикине  биринчи  жолу  келгенде  Ак  Азуу  үйдө болчу.  Ал  тигинин  келатканын  алыстан  эле  эле  туюп,  үрпөйө  түштү.  Жаткан жери ыңгайлуу болсо да,  тиги киши жакындаганда эле акырын ордунан туруп, чыныгы карышкыр сыяктуу шырп алдырбай кетип калды. Алар Боз Кемчет экөө эмне  жөнүндө  сүйлөшкөнүн  Ак  Азуу  түшүнгөн  жок,  ал  тигилердин сүйлөшкөнүн  гана  көрдү.  Сулуу  Смит  сүйлөшүп  жатып  Ак  Азуу  жакты көрсөттү. Тигинин колу өзүнөн элүү фут алыста эмес, аркасында сылайын деп тургандай  ырылдап  жиберди.  Сулуу  Смит  каткырып  күлүп  жиберди,  Ак  Азуу болсо артта сүйлөшүп турган тигилерди кылчая карап, токойду көздөй салды.

Боз  Кемчет  итин  сатпай  койду.  Ал  азыр  байып,  колунда  баары  бар болчу. Анын үстүнө мындай чанага чеге турган, жол баштай турган мыкты итти Маккензиден да, Юкондон да таба албайсың. Урушканды  да жакшы билет. Ал иттерди  киши  чиркейди  өлтүргөндөй  эле  өлтүрүп  коёт.  (Муну  укканда  Сулуу Смиттин  көзү  жылтырай  түшүп,  жаланып  жиберди).  Жок,  Ак  Азуу  эч  кандай акчага сатылбайт.

Бирок  Сулуу  Смит  индеецтерди  жакшы  билчү.  Ал  Боз  Кемчеттикине тез-тез  келип,  келген  сайын  бирден  бөтөлкө  ала  келчү  болду.  Вискинин  бир күчтүү касиети бар, ал кишини суусатат. Боз Кемчет да эми көп суусай турган болду.  Алкымы  барган  сайын  ушул  ачуу  суюктукту  көбүрөөк  талап  кылып, мурункудай  өзүнө  өзү  ээлик  кыла  албай,  ал  үчүн  баарына  даяр  болуп  калчу болду. Терилерден, мээлейлер менен мокасиндерден түшкөн акча азая баштады. Акча салган капчыгы жукарган сайын Боз Кемчеттин тынчы кете баштады. Акырында  акча  да, товар  да,  тынчтык да  –  баары жок болду. Бир  гана баягы  барган  сайын  күчөгөн  чаңкоо  калды.  Так  ушул  малда  Сулуу  Смит кайрадан Ак Азууну сат дей баштады, бирок бул жолу анын баасы доллар менен эмес,  вискинин  бөтөлкөсү  менен  өлчөнүп  калды.  Боз  Кемчеттин  кулагына  да бул сөз жагып турду.

— Кармай алсаң, ит сеники. – Анын акыркы сөзү ушул болду.

Бөтөлкөлөр Боз Кемчетте калды. Сулуу Смит эки күндөн кийин келип:

— Итти кармап бер,- деди.

Ак  Азуу  бир  күнү  кечинде  үйгө  келип,  жаны  жай  алып,  вигвамдын жанына  жата  кетти.  Кудай  жалгап,  жанагы  ак  адам  жок  экен.  Ал  кийинки күндөрү Ак Азууга такай тийише бергендиктен, үйдөн кетип калган болчу. Бул адамдын  колунда  кандай  коркунуч  турганын  билбегени  менен  кандайдыр  бир жамандыкты сезип, андан оолак боло турайын деген.

Ак  Азуу  жатары  менен  Боз  Кемчет  темтеңдеп  келди  да,  мойнунан кайыш кур менен байлады. Анан кайыш курду бир колу менен кармап жанына отура  кетти.  Экинчи  колунда  бөтөлкө  бар  экен,  андан  ичкен  сайын кулкулдаганы угулуп турду.

Бир сааттай убакыт өткөн соң бир маалда бирөөнүн келатканы угулду. Ак Азуу муну биринчи туюп, ким келатканын билген соң түгү тик тура түштү. Боз  Кемчет  болсо  үргүлөп отурган. Ак  Азуу  ээсинин  колундагы  кайыш курду акырын  тартып  көрдү  эле,  тигинин  бош  турган  манжалары  чыңала  түшүп, Боз Кемчет ойгонуп кетти.

Сулуу Смит вигвамга келди да, Ак Азуунун жанына келгенде токтоду. Тиги болсо бул коркунучтуу немеге акырын ыркырап, колунан көзүн айырбай карап  турду.  Анын  бир  колу  алга  созулду  да,  анын  башын  көздөп  төмөндөй баштады. Ак Азуу катуураак ыркырады. Кол төмөндөй берди, ал болсо жаалы келип, ыркыроодон деми кысылып, ого бетер жерге жабыша берди. Бир маалда анын тиши жыландыкына окшоп жарк эте түшүп, шак эткен үн угулду. Тигил колун  тартып  алганга  үлгүрдү.  Сулуу  Смит  коркуп  кетти.  Боз  Кемчет  баштан ары бир койду эле, Ак Азуу кайра жер менен жер болуп жатып калды.

Ак  Азуу  ар  бир  кыймылды  байкап  турду.  Сулуу  Смиттин  ары  басып барып,  килейген  таяк  алып  келгенин  көрдү.  Боз  Кемчет  ага  кайыш  курду карматты. Сулуу Смит алга басканда, кайыш кур кериле түштү. Ак Азуу козголбой жата  берди.  Боз  Кемчет  аны  сабап  жатып  тургузду.  Ак  Азуу  ага  баш  ийип ордунан турары менен өзүн алып кетмекчи болгон немени көздөй секирди. Тиги неме  ушуну  күтүп  турган  белем,  секирип  баратканда  эле  жанагы  таягы менен жыга чапты. Боз Кемчет күлүп, аны колдогондой башын  ийкеди. Сулуу Смит кайыш курду дагы тартканда, жанагы соккудан эси оой түшкөн Ак Азуу араң турду.

Ал  кайра  секирген  жок.  Бир  сокку  жегенден  кийин  эле  ак  кудай  тиги таякты  бекер  кармап  турбаганын  түшүндү.  Ак  Азуу  акылдуу  болгондуктан, кармашуунун  пайдасыз  экенин  билди.  Куйругун  кыпчып,  бирок  дагы  эле акырын  ыркырап,  Сулуу  Смиттин  артынан  жөнөдү.  Тигил  болсо  андан  көзүн айырбай, таягын даяр кармап баратты.

Фортко  келген  соң  Сулуу  Смит  аны  бекем  байлап  таштады  да,  жатып уктап  калды.  Ак  Азуу  бир  сааттай  күтүп  турду  да,  кайыш  курду  кырчып,  он секундга  жетпей  эле  эркин  болуп  калды.  Ал  чайнап  убакытты  текке  кетирген жок,  кайыш  кур  бычак  менен  кескендей  кыя  шылынган  эле.  Эки  жагын каранып, түгү тик туруп ыркырады да, Боз Кемчеттин вигвамына карай салды. Бул  чоочун,  коркунучтуу  кудайга  баш  ийүүгө  милдеттүү  эмес  болчу.  Ал  өзүн Боз  Кемчетке  биротоло  берген  эле,  андан  башка  киши  ага  ээлик  кыла  алмак эмес. Бир аз гана айырмасы болбосо, баягынын баары кайра кайталанды. Боз Кемчет  аны  кайра  байлап  койду  да,  таң  атары  менен  Сулуу  Смиттин  колуна салып  берди.  Ак  Азуу  айырманы  ушунда  түшүндү.  Сулуу  Смит  катырып сабады. Бул жолу катуу байланган Ак Азуунун  ары-бери туйлап, арылдагандан башка  айласы  калган  жок.  Сулуу  Смит  таяк  менен  да,  камчы  менен  да  сабап жатты, мындайды Ак Азуу дегеле көргөн эмес. Ал турсун, баягы Боз Кемчеттин сабаганы да буга салыштырганда баланын оюну болуп калды.

Сулуу  Смиттин  жаны  жыргап  турду.  Өз  курмандыгын  тигиле  карап, таяктын  же  камчынын  соккусунан  улам  Ак  Азуу  каңшылап,  аркыраган  сайын көзү  жылтырай  түшүп  жатты.  Бардык  коркок  кишилердей  эле  Сулуу  Смит  да каардуу болчу. Башкалардын таягы менен сөгүүсүнөн башы көтөрүлбөгөн неме өчүн  алсыздардан  алчу.  Бардык  жандуулардай  эле  Сулуу  Смит  да  бийлик кылгысы  келчү,  бирок  өзү  теңдүүлөргө  анте  албагандыктан,  күчүн  байкуш жаныбарлардан  чыгарчу.  Бирок  бул  үчүн  аны  да  күнөөлөп  болбойт.  Кудай ушинтип  ага  ушул  түрү  суук  дене  менен  кем  акылды  берип  коюптур,  эмне кылсын, анан жашоо да минтип өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып койбодубу.

Ак  Азуу  эмне  үчүн  сабап  жатышканын  билди.  Боз  Кемчет  мойнунан кайыш  кур  менен  байлап,  анын  учун  Сулуу  Смиттин  колуна  карматканда  эле кудайы  ушул  киши  менен  жөнө  деп  жатканын  түшүнгөн. Сулуу  Смит  фортко алып  келип  байлап  койгондо,  ушул  жерде  каласың  деп  буйруп  жатканын  да билген. Демек,  ал эки кудайдын тең буйругун аткарбай, жазага кириптер болду.

Жаңы  ээсинен  качкан  иттерди  азыркы  өзүндөй  кылып  сабап  жаткандарын мурун да көрүп жүргөн. Ак Азуу акылдуу болгону менен анын канында мындан да  күчтүү  нерселер  бар  эле.  Алардын  бири  берилгендик  болчу.  Ак  Азуу  Боз Кемчетти  сүйчү  эмес,  бирок  анын  эркине,  каардуулугуна  карабастан  ага берилген  бойдон  калды.  Өзү  да  буга  каршы  эч  нерсе  кыла  алган  жок. Табиятынан  ушундай  болчу.  Берилгендик  Ак  Азуунун  тукумуна  табияттын берген  белеги,  так  ушул  нерседен  улам  кишиге  үйүр  алган  карышкыр менен жапайы ит анын жан шериги болуп калган.

Сабагандан кийин Сулуу Смит Ак Азууну фортко кайра сүйрөп барды. Бул жолу ал индеецтердин ыкмасына салып, таяк менен байлап салды. Бирок өз кудайынан  баш  тартуу  оңой  эмес,  муну  Ак  Азуу  да  башынан  өткөрдү.  Боз Кемчет  анын  кудайы  болчу,  ошондуктан  тиги  каршы  болсо  деле  болбой жабыша берди. Боз Кемчет чыккынчылык кылып аны сатып ийсе деле болбой койду.  Бекеринен  ага  жан-дили  менен  берилген  эмес  эле.  Аны  ээсинен ажыратуу оңой эмес болчу.

Ошентип,  түнү  форт  уктап  жатканда,  Ак  Азуу  байлап  койгон  таякты кемирип  кирди.  Таяк  таштай  катуу  болуп,  мойнуна  жакын  байлангандыктан, чымырканып жатып тишин араң дегенде жеткирди. Өжөрлүгүнө салып бир нече саат  кемирген  соң  акыры  бошонду.  Бул  башка  иттин  колунан  келмек  эмес, бирок Ак Азуу муну жасады да, мойнунда калган таяктын учун салаңдатып, таң эртең менен форттон качып чыкты.

Ак  Азуу  акылдуу  болчу.  Бирок  ал  акылдуу  эле  болсо,  эки  жолу чыккынчылык кылган Боз Кемчетке кайра келмек  эмес. Бирок ал ишенимдүү да болгондуктан, кайра үйүнө келди жана ээси үчүнчү  жолу чыккынчылык кылды. Кайра эле баягыдай кайыш кур менен мойнунан байлап, Сулуу Смиттин колуна салып берди. Бул жолу мурункудан да катуу таяк жеди.

Боз  Кемчет  ак  адамдын  камчы  менен  сабап  жатканын  кайдыгер  карап турду. Ал итти арачалаганга аракет да кылган жок. Бул эми анын ити эмес эле. Аягында Ак Азуунун араң эле жаны калды. Түштүктүн назик ити мындай катуу сабаганда  өлүп  калмак,  бирок  Ак  Азуу  буга  туруштук  берди.  Ал  жашоонун катаал  мектебинен  өткөн  эле.  Жашоого  өтө  жөндөмдүү  келип,  ага  болбой тырмышты. Азыр ал араң эле дем алып турду. Бут серпкенге алы жок эле.

Сулуу  Смит  аны  алып  кете  албай  жарым  сааттай  күттү.  Анан  Ак  Азуу ордунан  эптеп  турду  да, теңселип, Сулуу  Смиттин  артынан  темтеңдеп  фортко жөнөдү.

Бул  жолу  аны  кемире  албай  турган  чынжыр  менен  байлашты.  Ал устунга кагылган темир казыкты жулганга канча аракет кылса да, пайда чыккан жок. Бир нече күндөн кийин таптакыр сызга отуруп калган Боз Кемчет акыры соолугуп,  Поркупайн  дарыясы  менен  Маккензини  көздөй  жөнөдү.  Ак  Азуу болсо  Юкон  фортундагы  киши  кейпин  кийген  айбандын  менчиги  болуп  кала берди. Бирок ит жиндилик деген эмне экенин кайдан билмек эле. Ак Азуу үчүн Сулуу  Смит  кудай  эле,  коркунучтуу  болсо  да  кудай  болчу.  Бул  акылынан айныган жинди кудай болчу, бирок Ак Азуу жиндилик деген эмне экенин билчү эмес;  ал  бул  кишиге  баш  ийиш  керек  экенин,  эмне  айтса,  ошонун  баарын аткарыш керек экенин гана билди.

III бап. Жек көрүү мекени

Жинди  кудайдын  колунда  Ак  Азуу  азезилге  айланды.  Форттун четиндеги тосулган жерде чынжырга байлап алып, атайын кыжырына тийчү. Ал Ак  Азуунун  шылдыңдап  күлгөнгө  чыдай  албай  турганын  байкап  калды  да, аягында сөөмөй кезеп каткырып күлчү болду. Мындайда  Ак Азуу тим  эле  кутуруп  кете  жаздачу  жана  анын  кутурганы  Сулуу  Смиттикинен  да ашып түшчү.

Буга  чейин  Ак  Азуу  өз  туугандарын  гана  жек  көрчү.  Азыр  болсо тегерегиндегилердин баарына өчөгүшкөн душман болуп калды. Сулуу Смиттин шылдыңынан  улам  баарын  жининдей  жек  көрө  турган  болду.  Өзүн  байлап турган  чынжырды,  кашаанын  сыртынан  карап  турган  кишилерди,  алардын ээрчип  келген  иттерин  жек  көрчү.  Ал  турсун  өзүн  тосуп  турган  кашаанын тактайларын да жек көрдү. Бирок ал баарынан да Сулуу Смитти жек көрчү. Сулуу Смит бекеринен минтип Ак Азуунун  кыжырына тийчү эмес. Бир күнү кашаанын жанына бир топ киши чогулуп калды. Сулуу Смит колуна таяк кармап  кашаанын  ичине  кирди  да,  аны  чынжырдан  бошотту.  Кожоюн  сыртка чыгары  менен  Ак  Азуу  кашаанын  ичинде  ары-бери  атырыла  чуркап,  карап турган кишилерге жете  албай атты. Анын азыркы түрү укмуш эле. Узуну беш футтай,  бийиктиги  эки  жарым  футтай  келип,  салмагы  токсон  фунттай  бар  эле жана  ар  кандай  карышкырдан  алда  канча  чоң  болчу.  Москоол  денеси  энесин тартып, денесинде май деген жок эле. Табына келип тургандай денесинде бир да унций ашык салмак жок, жалаң гана булчуң, сөөк, анан тарамыш бар эле.

Кашаанын эшиги кайра ачылды. Ак Азуу токтоп калды. Таң кала турган нерсе  болду.  Ал  күтүп  калды.  Эшик  дагы  чоңураак  ачылды.  Капыстан  эле килейген бир итти түртүп киргизип ийишти да, эшик дароо кайра жабылды. Ак Азуу мындай чоң итти (бул мастиф болчу) мурун көргөн эмес эле, бирок анын чоңдугу  менен  кутургандай  түрү  аны  токтото  алган  жок.  Бул  жыгач  да  эмес, темир да эмес, кайнаган жинди чыгарса боло турган тирүү жан болчу.  Азуусу жарк дей түшүп, мастифке секирди да, мойнунан жулуп кетти. Мастиф башын чулгуп  алып,  күркүрөгөн  боюнча  Ак  Азууга  атырылды.  Бирок  Ак  Азуу  ары-бери буйтап, тигини жакындата койбой, бирок ошол эле учурда тишин матыра коюп, кайра секирип кетип атты.

Сырттагы кишилер кыйкырып-өкүрүп, кол чаап турушту, Сулуу Смит болсо  толкунданганынан  калтырап,  душманын  жайлап  аткан  Ак  Азуудан көзүн  ала  албай  турду.  Килейген  оор  мастиф  адегенде  эле  алдырып  коюп, акырында аны чала өлүк кылып сүйрөп кетишти, ал эми Ак Азууну Сулуу Смит таяк менен сабап араң ажыратты. Анан жеңилгендер акчасын беришип, Сулуу Смиттин колуна акча түшүп калды.

Ушундан баштап Ак Азуу кашаанын сыртына качан эл чогулар экен деп күтчү болду. Мындайда  уруш болчу, бул болсо эми ал үчүн жашоонун жападан жалгыз ыракаты болуп калды. Байлоодо жатып бук болуп, бир жагынан көргөн кордугунан улам кутура жаздап калган Ак Азуу ээси кашаага уруша турган итти киргизгенде  гана  жинин  чыгара  алчу.  Сулуу  Смит,  сыягы,  анын  күчүн  билчү, анткени  ал  мындай  уруштардын  баарынан  жеңип  чыкчу.  Бир  жолу  үч  итти биринин артынан бирин удаа киргизишти. Андан көп өтпөй эле жаңы кармалган карышкырды салышты. Үчүнчү жолу эки ит менен кармашты. Ушул уруш өтө катуу  болуп,  экөөнү  тең  акырында  жайлаганы  менен  өзү  да  уруштан  араң чыкты.

Күзүндө,  алгачкы  кар  жаап,  суунун  бети  каймактап  калганда,  Сулуу Смит Юкон менен Доусонго бара турган кемеден өзү менен бирге Ак Азууга да белет алды. Ак Азуу «жоокер карышкыр» деген ат менен элге белгилүү болуп калган  эле,  ошондуктан  ал  жаткан  палубадагы  темир  тордун  жанынан  киши үзүлгөн жок. Ал ыркырап, тигилерге атырылчу же аларды мисирейип жек көрүп карап  жатчу.  Эмне  үчүн  ал  буларды  жек  көрбөшү  керек  эле?  Ал  бул  суроону ойлонгон да жок. Жек көрүүнү гана туюп, ага биротоло берилип кетти. Жашоо ал үчүн тозокко айланды. Адамдын колуна түшкөн бардык жапайы айбандардай эле  ал  да  камакта  отура  алчу  эмес.  Бирок  айла  жок,  жатат.  Кишилер  аны шылдыңдап  карап,  тордон  таяк  менен  сайгылашчу,  ыркыраса,  каткырып шылдыңдашчу.

Өзүн  курчаган  бул  адамдар  андагы  табият  бербеген  тажаалдыкты, ажаандыкты  ойготушту.  Бирок  табият  ага  ыңгайлашуу  жөндөмүн  берген  эле. Башка айбан өлүп тына турган же баш ийип көнө турган жерде Ак Азуу шартка ыңгайлашып,  өжөрлүгүнөн  танбай  жашай  берди.  Сулуу  Смит  деген  азезил, балким, акыр-аягында Ак Азууну көндүрөт беле, ким билсин, бирок азырынча анын бардык аракети текке кете берди.

Сулуу  Смит  азезил  болсо,  Ак  Азуу  да  андан  калышчу  эмес,  ошентип, эки  азезилдин  кырылышкан  согушу  бүтпөй  келатты.  Мурун  ал  таяк  кармаган кишиге баш ийиш  керек экенин түшүнчү, бирок азыр аны да унутту. Ал Сулуу  Смитти  көргөндө  эле  кутуруп  кетчү.  Таяктын  күчүнөн  тордун  бурчуна тыгылган  Ак  Азуу  баары  бир  тынбай  ыркырап,  азуусун  көрсөтө  берчү.  Аны токтотуш  мүмкүн  эмес  болчу.  Сулуу  Смит  канчалык  урса  да,  баары  бир  баш ийчү эмес. Ээси сабап бүтүп кетип баратканда да артынан аркыраганы угулчу же  ал  тордун  темир  чыбыктарына  асылып,  жек  көргөнүнө  чыдабай улуп ийчү.

Кеме  Доусонго  жеткенде,  Ак  Азуу  жээкке  түштү.  Мында  да  тордун ичинде,  кызыгып  караган  кишилердин  көз  алдында  жашай  баштады.  Сулуу Смит  «жоокер  карышкырын»  көргөзмөгө  коюп,  элден  алтын  кум  менен  элүү центтен  алып  жатты.  Тыным  деген  жок  болду.  Уктап  кетсе,  таяк  менен сайгылап  ойготушчу.  Көрүүчүлөр  төлөгөн  акчаларынын  үзүрүн  толугу  менен көргүсү  келишчү.  Оюн  кызыктуураак  болсун  үчүн  Ак  Азууну  ыркыратып, кутуртуп турушчу. Бирок баарынан жаманы ал жашаган чөйрө болду. Адамдар ага  коркунучтуу  жапайы  жырткычтай  карашып,  алардын  бул  мамилеси  темир тордун  чыбыктары  аркылуу  өтүп  турду.  Алардын  ар  бир  сөзүнөн,  ар  бир кыймылынан  корккондору  туюлуп  турчу.  Бул  болсо  отко  май  тамызгандай болуп Ак Азуунун жинин ого бетер күчөттү. Бул анын ийкемдүү табиятынын, анын айлана-чөйрөгө ыңгайлашып кете аларынын дагы бир далили болчу. Ал  көргөзмөдө  эле  жатпастан,  адис  жоокер  да  болуп  чыкты.

Уруштурарда  аны  тордон  алып  чыгышып,  шаардан  бир  нече  миль  жердеги токойго алып барышчу. Жергиликтүү атчан полицияга туш болуп калбоо үчүн бул иш адатта түнү болор эле. Бир нече сааттан кийин таң жарып калган маалда көрүүчүлөр менен бирге уруша турган ит келчү. Ак Азуу ар кандай тукумдагы түрдүү  иттер  менен  урушту.  Бул  жапайы  өлкө  болчу,  адамдар  да жапайы  эле,  ошондуктан  ит  уруш  адатта  иттердин  биринин  өлүмү  менен аяктачу.

Ак  Азуу  урушканын  уланта  берди,  урушка  түшкөн  иттер  болсо  өлө берди.  Ал  жеңилгенди  билген  жок.  Кичинекей  кезинен  Лип-Лип  менен,  жаш иттердин бүтүндөй үйүрү менен урушуп көнгөндүн пайдасы тийди. Ал  бутунда бекем  турчу.  Эч  бир  ит  аны  жыга  алган  жок.  Байыркы  ата-бабалары карышкырлардын каны бар иттердин  жакшы көргөн бир ыкмасы бар эле: алар капталдан  тийип,  жыга  койгонго  аракет  кылышчу.  Тайгандар,  лайкалар, овчаркалар  жана  ньюфаундленддер  –  бардык  иттер  ушул  ыкманы  колдонуп көрүштү,  бирок  эч  пайда  чыккан  жок.  Ак  Азуунун  жыгылган  күнү  болбоду. Элдин баары  бири-бирине ушуну айтып, азыр жыгылат ко деп кыпылдап үмүт кылышканы менен алар ойлогондой болгон жок.

Ак  Азуунун  чагылгандай  ыкчамдыгы  ишке  жарап  жүрдү.  Анын атаандаштарынан  артыкчылыгы  ушунда  эле.  Ал  турсун,  алардын  эң тажрыйбалуулары да мындай ыкчам итти көргөн эмес болчу. Анын үстүнө Ак Азуу  күтүүсүз  кол  салчу.  Адатта  иттер  урушардан  мурун  жөрөлгөсүн  жасап, азуусун көрсөтөт, ыркырайт, жалын үрпөйтөт. Ал эми Ак Азуу менен урушкан иттер  уруш  баштала  электе  эле  же  өзүнө  келгенче  эле  иши  бүтүп  калчу.

Мындай  учурлар  өтө  көп  болгондуктан,  атаандашы  жөрөлгөсүн  жасап,  ал турсун кол салганча Ак Азууну кармап тура турган болушту. Бирок  Ак  Азуунун  эң  чоң  артыкчылыгы  анын  тажрыйбасында  эле. Атаандаштарынын эч бири ал сыяктуу урушту мыкты билчү эмес. Ал баарынан көп  урушуп,  ар  кандай  чабуулдун  мизин  кайтара  алчу,  анын  өз  ыкмалары  ар түрдүү келип, жеткире иштелип чыккан болчу. Убакыт  өткөн  сайын  уруш  да  сейрек  боло  турган  болду.  Ит  урушту жакшы көргөндөр Ак Азууга татыктуу атаандаш табуудан үмүт үзүп калганда, Сулуу  Смит  айласы  кетип  аны  карышкырларга  салды.  Индеецтер  аларды атайын  капканга  түшүрүп  алып  келишчү  жана  Ак  Азуунун  карышкырга түшкөнүн  көргөнү  эл  көп  келчү.  Бир  жолу  алар  кайдан-жайдандыр  бир  чоң ургаачы  сүлөөсүндү  таап  келип,  бул  жолу  Ак  Азуу  өз  өмүрү  үчүн  кармашты.

Сүлөөсүн  ыкчамдыгы  жагынан  да,  тажаалдыгы  жагынан  да  андан  кем калышпай, тиштерин да, курч тырмактарын да колдонду. Ал эми Ак Азуу тиши менен гана аракет кылды.

Сүлөөсүн менен урушкандан кийин уруш болбой калды. Ак Азуу менен теңтайлаша  турган  татыктуу  атаандаш  жок  калды.  Ошентип,  ал  жазга  чейин тордо  жатты.  Жазында  Доусонго  Тим  Кинен  деген  кумарчы  бульдогу  менен келип  калды.  Бул  Клондайкка  келген  алгачкы  бульдог  эле.  Ак  Азуу  бул  ит менен  урушпай  калмак  эмес  жана  уруш  болордон  бир  жума  мурун  эле шаардыктардын сүйлөшкөнү ушул болуп калды.

IV бап. Жабышкан өлүм

Сулуу Смит аны чынжырдан бошотту да, четке чыга берди. Ак  Азуу  биринчи  жолу  урушка  качырып  кирген  жок.  Ал  кулагын тикчийтип, маңдайындагы  таң  каларлык  айбанды  кызыгып  тиктеп  тура  берди. Мындай итти дегеле көргөн эмес экен. Тим Кинен бульдогду түртүп:

— Ал тигини, ал! — деди.

Былчыйган  кодо  ит  тегеректин  борборуна  келип,  көзүн  ирмеп,  Ак Азуунун маңдайына туруп калды.

Элдин ичинен кыйкырып жиберишти:

— Ал, Чероки, ал! Энесин тааныт! Ал ошону, ал!

Бирок Черокинин урушайын деген ою жоктой. Башын буруп, кыйкырып жаткан  элди  карап,  мултуйган  куйругун  шыйпаңдатып  койду.  Ал  Ак  Азуудан корккон  жок,  жөн  гана  урушту  баштагысы  келбей  турду.  Анын  үстүнө маңдайында  турган  ит  менен  урушуш  керек  экенине  ишене  албады. Чероки мындай атаандашка көнгөн эмес эле, ошондуктан чыныгы атаандаштын келишин күтүп турду.

Тим  Кинен  келип,  бульдогго  эңилди  да,  жүнүн  тетири  сылап,  акырын алга  түртө  баштады.  Бул  аракет  Черокини  козутушу  керек  эле,  ал  козутмак турсун  кыжырын  келтирип  жиберди.  Акырын  ыркыраган  үн  угулду.  Киши колунун кыймылы иттин ыркыраганына дал келип жатты. Кол Черокини илгери түрткөн  сайын  ыркырай  түшүп,  басылып,  кол  тиери  менен  кайра  ыркырап атты. Черокинин жүнүн тескери сылаган кыймыл кичине түрткү менен аяктап, анын тамагынан да ошол түрткү менен бирге ыркыраган үн чыгып турду.

Ак Азуу буга кайдыгер кала алган жок. Жалы менен арка жүнү үрпөйө түштү.  Тим  Кинен  Черокини  акыркы  жолу  түртүп  жиберди  да,  четке  чыга берди.  Бульдог  түрткүнүн  күүсү  менен  бир  нече  кадам  барды  да,  буттарын ийрейтип  тегеректин  борборуна  туруп  калды.  Ушул  маалда  Ак  Азуу  ага атырылды.  Карап  тургандар  суктанып  кыйкырып  калышты.  Ак  Азуу мышыктыкындай  жеңил  секирик  менен  ыргып  барып  атаандашына  жетти  да, бурдап алып, четке ойт берди.

Бульдогдун  жоон  мойнунда  кулакка  жакын  жерден  кан  пайда  болду. Чероки муну элес албай, ал турсун ыркырабастан бурулду да, Ак Азууну кууп жөнөдү.  Ак  Азуунун  ыкчамдыгы  менен  Черокинин  өжөрлүгү  карап тургандардын  бүйүрүн  кызытып  жиберди.  Алар  кайра  мелдешип,  байгени көбөйтүп  башташты.  Ак  Азуу  кайра-кайра  бульдогго  секирип  бурдап  алып, аман-соо  ойт  берип,  таң  каларлык  атаандашы  болсо  эч  нерсе болбогон  немедей,  шашылбастан,  жайлап  да  калбастан  артынан  түшкөнүн токтоткон жок. Черокинин жүрүм-турумунан белгилүү бир максаты бар экени, андан эч нерсе алаксыта албай тургандыгы туюлуп турду. Анын  ар  бир  кыймылы,  аракети  ушул  максат  менен  боло берди.  Ак Азуу эч нерсеге түшүнбөдү. Мындай итти мурун көргөн эмес. Жүнү кыска келип, жумшак денесинин тиш тийген жеринен кан дароо көрүнө калып жатты. Башка  иттердикиндей  урушта  тоскоол  болчу  катуу,  калың  жүн  жок  эле.  Ак Азуунун  тиштери  бульдогдун  жумшак  денесине  оңой  эле  батып, бирок тигинин коргоноюн деген деле ою жок сыяктуу. Дагы бир таң калганы, эмнегедир бул башка иттердей каңшылап жибербейт экен. Ыркыраганы эле  болбосо  бульдог  анын  тиштегендерин  унчукпай  көтөрүп,  кууганын  эч токтоткон жок.

Чероки  да  бир  топ  шамдагай  экен.  Ал  алынын  жетишинче  ары-бери жүгүрүп,  Ак  Азууну  кармаганга  аракет  кылды,  бирок  ал  кармата  койбоду. Чероки  да  дендароо  болуп  калды.  Ал  буга  чейин  мындай  жанына  жуута койбогон ит менен урушуп көрбөгөн. Буга чейинкилер алышканга аракет кылышчу. Бул ит болсо жанына жолото койбой, тияк-биякка секирип, кутулуп кетип  жатпайбы.  Ал  турсун  Черокини  бурдап  алат  да,  кайра  дароо  коё  берип, четке ойт берет.

Ак  Азуу  болсо  тигинин  тамагына  жете  албады. Жетсеби! Бульдогдун  бою жапыс болуп, салаңдаган ээги да тамагын жакшы коргоп турду. Ак Азуу улам качырып  тиштеп,  тигинин  тишин  денесине  жакындата  койбой кайра  ойт  берип  турду.  Черокинин  денесиндеги  жарааттары  көбөйө баштады. Башы менен мойнунун чоло жери калбай кан агып, бирок ал кенебеди. Ал мурункудай эле Ак Азууну чын дилинен кубалай берди жана бир  жолу  гана  токтоп,  элди  карап,  уруша  берем  дегендей  мултуйган куйругун шыйпаңдатканболду.

Ушул учурда Ак Азуу атырылып барып, Черокинин ансыз да шалбырап турган  кулагынан  бурдап  өтүп,  четке  ойт  берди.  Жинденген  Чероки  кайрадан кууп, айланып чуркаган Ак Азууну туурадан качырып барып тамактамак болду. Ал бир аз жетпей калды, анткени Ак Азуу күтүлбөгөн жерден артка ойт берди, муну көргөн эл да дуулдай түштү.

Убакыт өтүп жатты. Ак Азуу Черокинин айланасында ары-бери секирип бийлеп, ыңгайы келгенде каап алып, кайра ойт берип кетет. Ал эми бульдог болсо ниети биротоло карарып кууганын токтоткон жок. Эртеби-кечпи, ал максатына жетип, Ак Азууну тамактайт да, уруш бүтөт. Азыр болсо тигинин тиштегендерине эптеп чыдаштан башка айла жок. Кыска кулактары шалбырап үзүлүп, мойну  менен  ийиндеринен  тамтык  калган  жок,  ал  турсун  эриндери  да шалбырап  канап  турду.  Мунун  баары  тиги  Ак  Азуунун  чагылгандай чабуулдарынан болду, алардан качып кутулууга да, алдын алууга мүмкүн эмес эле.

Ак Азуу Черокини жыкканга көп жолу аракет кылды, бирок бойлорунун айырмасы чоң эле. Чероки кодо, жоон эле. Ушул жолу Ак Азуудан оомат качты. Черокинин  жанында  ары-бери  секирип,  ойнотуп  турганда  атаандашы  дароо бурулганга  үлгүрбөй  калды  да,  башы  ары  бурулуп,  ийини  ачык  калды.  Ак  Азуу тигини  көздөй  атырылды,  бирок  өз  ийини  тигинин  ийининен  алда  канча  бийик болгондуктан,  токтоно  албай,  тигинин  аркасынан  аша  аласалып  кетти.  Эл «жоокер  карышкырдын»  жыгылып  калганын  биринчи  жолу  көрдү.  Ошондо  да учуп  баратып  мышыктай  болуп  оңоло  калды  да,  чалкасынан  түшпөй  калды. Капталынан  түшкөн  неме  дароо  ыргып  турду,  бирок  ушул  учурда  Чероки тамактап калды.

Ал жакшы тиштей албай, көкүрөккө жакын жерден тиштеп калды, бирок коё  бербеди.  Ак  Азуу  ары-бери  туйлап,  бульдогду  ыргытканга  аракет кылды.  Бул  сүйрөлгөн  оордуктан  кутуруп  кете  жаздады.  Бульдог  аны  тушап, матап,  капканга  түшкөн  сыяктуу  эркиндиктен  ажыратып  турду.  Сокур  сезими буга  жаалданып  каршы  чыкты.  Өзүн  өзү  унутуп,  жашоону  гана  самап  турду. Денеси  эркиндикти  талап  кылды.  Мээси,  эс-акылы  бул  кармашка катышпай,  жашоо,  кыймыл  эңсөөсүнө  баш  ийип  турду.  Ал  баарынан  да кыймылды самады, анткени кыймылдын өзү жашоонун өзү эмеспи.

Ак  Азуу  тынымсыз  тегеренип,  ары-бери  секирип,  мойнунда  асылып турган  элүү  фунттук  жүктөн  кутулгусу  келип  жатты.  Ал  эми  бульдог  жаагын ачып жибербегенге гана аракет кылды. Анда-санда буту жерге тие калганда гана Ак  Азууга  каршылык  көрсөтүмүш  болгону  болбосо,  кутуруп  кеткен атаандашынын  ар  бир  кыймылына  баш  ийип,  абада  айланып  учуп  жүрдү.

Чероки  сокур  сезимине  баш  ийди.  Ал  туура  кылып  жатканын,  жаагын  ачпаш керектигин  билип,  кээде  ушунусунан  ыракат  алып  титиреп  кетип  жатты. Мындай  мүнөттөрдө  ал  турсун  көзү  жумулуп,  денесинин  ооруганына  да,  Ак Азуунун  оңго-солго  айландырганына  кайыл  болду.  Мунун  баары маанилүү  эмес болчу. Азыр  кандай болсо да  жаакты  ачпаш керек  эле  жана ал ачкан жок.

Ак  Азуу  алы  такыр  куруганда  гана  туйлабай  калды.  Эч  нерсе  кыла албай,  эмне  болгонуна  акылы  жетпеди.  Өмүрүндө  мындай  болуп  көргөн эмес  эле.  Мурун  урушкан  иттер  мындай  эмес  болчу.  Алар  менен  урушканда тиштеп,  жулуп  алып,  кайра  ойт  берип  кетиш  керек  эле.  Ал  энтигип капталынан  жатты.  Чероки  тиштеген  жерин  коё  бербей,  салмагын  салып, чалкасынан  түшүргөнгө  аракет  кылды.  Ак  Азуу  ага  каршылык  көрсөтүп, бульдогдун  жаагы  терисин  чайнагандай  болуп  улам  жогорулап  келатканын туйду.  Мүнөт  өткөн  сайын  тамакка  жакындай  берди.  Бульдог  тиштеген жерин  коё  бербей,  ыңгайы  келсе  дагы  көбүрөк  тиштегенге  аракет кылды. Бул Ак Азуу тынч жатканда гана мүмкүн болчу, ал туйлай баштаганда эле бульдогдун жаагы карыша калып жатты.

Ак Азуу Черокинин жалына гана жете алат болчу. Ийинден жогорураак жерге тишин матырганы менен чайнай албады, ал бул ыкманы билчү эмес, анын үстүнө тиши да мындай кармашка көнбөгөн. Ал айласы куруп Черокини жулмалап  жатып,  абал  өзгөргөнүн  туйду.  Чероки  аны  чалкасынан  жыкты  да, тиштеген  жерин  коё  бербестен  үстүнө  туруп  алды.  Ак  Азуу  арткы  буттарын бүктү  да,  душманын  мышык  сыяктуу  тыта  баштады.  Черокинин  курсагы жарылып кала жаздап, аркы капталга бир секирип, берки капталга бир секирип гана аман калды.

Черокинин  тишинен  кутулуш  мүмкүн  болбой  калды.  Маңдайга жазылган  тагдыр  ушул  окшобойбу.  Жанагы  тиштер  улам  жогорулап,  тамыр бойлоп жылып келатты. Ак Азууну моюн  терисинин калың бүктөмдөрү менен коюу жүнү гана сактап турду. Чероки оозу толо жүн болсо да кичине ыңгайы келе түшкөн сайын аптыгып көбүрөөк бурдап калганга аракет кылып жатты. Ак Азуу муунуп, барган сайын дем алышы кыйындалы. Сыягы,  кармаш  аяктап  баратты.  Черокиге  акча  сайгандар  кубанычы ичине  батпай,  бааны  көтөрүп  жиберишти.  Ак  Азуунун  тарапкерлери  ындыны өчүп,  онго  бирди,  жыйырмага  бирди  сайгандан  баш  тартып  жатышты.  Бирок ойлонбой туруп элүүгө бирди койгон бир киши болду. Ал Сулуу Смит болчу.

Ал тегеректин ичине кирди да, сөөмөйү менен Ак Азууну көрсөтүп шылдыңдап күлдү. Бул таасир берди. Ак Азуу жөн эле кутуруп кеткенсиди. Акыркы күчүн жыйнап, ордунан турду. Бирок мойнунда салаңдаган элүү фунттук жүгү менен ары-бери  туйлап  жүгүргөн  сайын  жанагы  ачуусу  коркууга  айланды.  Кайрадан жашоону эңсеп, акыл-эсинен кетип, дененин гана буйругун аткарып калды. Ал тегерене  чуркап,  мүдүрүлүп  жыгылып,  кайра  туруп  туйлап,  атаандашын  ары-бери ыргытканы  менен  аракети  текке кетип, жабышкан өлүмдөн  кутула  албады. Акырында  ал  чалкасынан  кетти  да,  бульдог эсине  келтирбей  аптыга бурдап,  жогору  жактан  тиштеп  калды.  Карап  тургандар  дүркүрөтө  кол  чаап, «Чероки! Чероки!» деп кыйкырып жатышты. Бульдог мултуйган куйругун жан-алы  калбай  шыйпаңдатып  жиберди.  Бирок  ал  кол  чабууга  алаксыган  жок. Куйругу  менен  килейген  жаагы  өз  өзүнчө  иштеп  жатты.  Куйрук  ары-бери кыймылдап, жаактар болсо Ак Азуунун тамагын капшырып баратты. Ушул маалда көрүүчүлөр эмнегедир удургуй түшүштү. Ары жактан ит айдоочулардын  кыйкырганы,  коңгуроолордун  үнү  угулду.  Сулуу  Смиттен башкасы полиция келип калды окшойт деп кооптоно түшүштү. Бирок көп өтпөй эле жолдон чана менен катар келаткан эки киши көрүндү. Алар шаардан эмес, шаарды  көздөй  келатышты,  сыягы,  кайсы  бир  чалгындоо  экспедициясынан окшойт.  Чогулган  элди  көрүп,  иттерин  токтотушту  да,  эмне  болуп  жатканын билгени келишти. Ит айдаган кишинин бою жапалдаш келип, муруту бар экен. Бири  болсо  узун  бойлуу  жаш  жигит  экен,  таза  кырылган  бети  суукта  тез жүргөндөн кызарып кетиптир.

Ак Азуу кармашканды дээрлик токтотту. Кез-кезде калтырап каршылык көрсөткөнү  менен  пайдасыз  болуп  калды.  Бульдогдун  аёосуз  тиштери  барган сайын  катуураак  кысып,  аба  жетпей  баратты.  Башында  көкүрөккө  жакын жерден  тиштеп  калбаганда,  Чероки  Ак  Азуунун  күрөө  тамырын  бая  эле  кырча чайнамак.  Чайнап,  улам  жылдырып  отуруп  тамакка  жеткенче  көп убакыт  өттү,  анын  үстүнө  оозу  да  Ак  Азуунун  калың  жүндүү  терисине  толуп калган эле. Ушул учурда Сулуу Смит айбандыгынан улам болгон кичине эс-акылын да  жоготуп  койду.  Ал  Ак  Азуунун  көзү  аңтарылып  баратканын  көрүп, жеңилгенин  түшүндү.  Кутуруп  кеткен  немедей  Ак  Азууга  атырылып,  аянбай тепкилей баштады. Эл нааразы болуп кыйкырып, ышкырганы менен эч ким эч нерсе кылган жок. Сулуу Смит буга көңүл бурбай, Ак Азууну тепкилей берди.

Бир  маалда  эл  удургуй  түштү.  Жанагы  узун  бойлуу  жигит  тургандарды  оңго-солго түртүп, алдыга өтүп келатты. Сулуу Смит тебейин деп оң бутун көтөрүп келатканда, тегерекке кирип келди да, тигини бет талаштыра коюп калды. Бир бутунда  турган  Сулуу  Смит  туруштук  бере  албай,  учуп  барып  карга  жатып калды.

Жигит чогулган элге карады.

— Коркоктор! — деп кыйкырды ал. – Айбандар!

Ал  ачуусунан  туттугуп  турду,  бул  кадимки  кишинин  кадимки  ачуусу эле.  Бозомук  көздөрү  болот  сыяктуу  жалтылдап  турду.  Сулуу  Смит  ордунан туруп,  жүрөгү  түшүп  тигинин  жанына  барды.  Бейтааныш  неме  анын  оюн билген жок. Анын ашкан коркок экенин билбестен, мушташканы келди го деп ойлоп,  «Айбан!»  деп  кыйкырып  туруп,  экинчи  жолу  жаткыра  сокту.  Сулуу Смит  карда  жата  бергеним  оң  окшойт  деп  ойлоп,  кайра  турууга  аракет  да кылган жок.

— Мэтт, кел, жардам берчи,-  деди бейтааныш өзү менен кошо келген ит айдоочуга.

Экөө  иттерге  эңилип,  Мэтт  Чероки  жаагын  бир  аз  ачса  эле  Ак  Азууну бошотуп алганга даяр турду. Жигит бульдогдун жаагын ачканга аракет кылып, бирок анысы текке кетип жатты. Ал аракет кылганын токтотпой, «Айбандар!» деп кайталай берди.

Чогулган  эл  күбүр-шыбыр  болуп,  кээ  бирөөлөрү  тиги  тоскоол  болгон немелерге нааразы боло башташты. Бирок тиги бейтааныш неме башын көтөрүп карары менен тымтырс боло түштү.

— Айбандар! — деп кыйкырды тигил, анан кайра ишин улантты.

— Пайдасыз экен, мистер Скотт. Биз буларды ажырата алгыдай эмеспиз,- деди Мэтт акырында.

Алар өйдө болуп, тиштешкен иттерди карап калышты.

— Кан көп кетпептир, — деди Мэтт, — тамагына да жеткенге үлгүрбөптүр.

—  Азыр  жетет,-  деп  жооп  берди  Скотт.  –  Көрдүңбү?  Жогорураактан тиштеп алды.

Жигит толкунданып, бир жагынан  Ак  Азууну  өлүп  калабы  деп  коркуп турду.  Черокини  башка  бир  нече  жолу  уруп  жиберди.  Бирок  тиги  баарын түшүндүм,  бирок  өз  милдетимди  аягына  чейин  аткарам,  жаагымды  ачпайм дегендей мултуйган куйругун шыйпаңдатып койду.

— Жардам  бергилечи!-  деп  кыйкырды  жаны  кашайган  Скотт  чогулган элге.

Бирок  бир  да  киши  ордунан  козголбоду.  Кайра  шылдыңдашып, какшыктай башташты.

— Оозуна бирдеме тыгыңыз,- деп кеңеш берди Мэтт.

Скотт  белинде  салаңдап  жүргөн  тапанча  кабынан  револьверин  алып чыгып,  анын  оозун  бульдогдун  карышкан  жаактарынын  ортосуна  тыкканга аракет кылды. Күчүнүн жетишинче катуу түрткөндүктөн, болоттун Черокинин тиштерине  тийип  чыйкылдаганы  угулуп  турду.  Ит  айдоочу  экөө  чөгөлөп, иттерге  эңилип  турушту.  Бир  маалда  Тим  Кинен  келди  да,  Скотту  далысына түртүп, коркуткандай үн менен:

— Тишин сындырба, конок,- деди.

— Тишин эмес, мойнун сындырам,-  деп жооп берди Скотт револьвердин оозун Черокинин жаактарына тыгып.

— Мен сага тишин сындырба деп атам!-  деп өкүмүрөөк кайталады Тим Кинен.

Бирок  анын  Скотту  коркутайын  дегенинен  пайда  чыккан  жок. Револьверди  тыгып  жаткан  Скотт  башын  көтөрүп  карады  да,  жайбаракат сурады:

— Сиздин итиңизби?

Кумарпоз бирдеме деп жооп бергендей болду.

— Анда жаагын ачыңыз.

— Токто,-  деди  жини  келген  Тим,  —  бул  сен  ойлогондой  оңой  иш  эмес. Мен да эмне кылышты билбейм.

— Андай  болсо,  ары  барыңыз,-  деген  жооп  болду.  –  Жолтоо  болбоңуз. Менин колум бош эмес.

Тим  Кинен  кеткен  жок,  бирок  Скотт  ага  көңүл  бурбады.  Бульдогдун тиштеринин  арасына  револьвердин  сайын  эптеп  тыгып,  ары  жагынан чыгарганга  аракет  кыла берди.  Чыгарган  соң  этияттык  менен  бульдогдун жаагын  ажыратып,  Мэтт  болсо  анын  оозунан  Ак  Азуунун  терисинин бүктөмдөрүн эптеп чыгара баштады.

— Итиңизди кармаңыз!- деп буйрук берди Скотт Тимге.

Черокинин ээси унчукпай баш ийип, бульдогду кучактады.

— Кана!- деди деп кыйкырды Скотт болушунча чымырканып.

Иттерди  эки  жакка  ажыратышты.  Бульдог  жан  талашып  каршылык көрсөтө берди.

— Муну  ары  алып  кетиңиз,-  деп  Скотт  буйрук  берди  эле,  Тим  Кинен Черокини элдин арасына алып кирип кетти.

Ак  Азуу  турайын  деп  бир-эки  жолу  аракет  кылды,  бирок  тура  албай, аяктары бүгүлө түшүп, карга кайра жатып калды. Чала жумулган көзү тунарып, алдыңкы  жаагы  шалпая  түшүп,  тили  салаңдап  чыгып  калды.  Өлөрчө  муунуп калганы көрүнүп турду. Мэтт карап көрдү.

— Бир аз жаны бар экен,- деди ал,- дем алып атат.

Сулуу Смит ордунан турду да, Ак Азууну көргөнү келди.

— Мэтт, чанага чеге турган жакшы ит канча турат?- деп сурады Скотт.

Ак Азуунун жанында чөгөлөп турган ит айдоочу бир аз ойлонуп туруп:

— Үч жүз доллар,- деп жооп берди.

— Ал эми мындай чала жанчы? — деп сурады Скотт Ак Азууну буту менен түртүп.

— Ошонун жарымы, — деп жооп берди ит айдоочу.

Скотт Сулуу Смитке бурулду.

— Уктуңбу, айбан мырза? Мен сага жүз элүү доллар берем да, итти сатып алам.

Ал  намыянын  алды  да,  акчасын  санай  баштады.  Сулуу  Смит  колун артына алып, берген акчаны алган жок.

— Сатпайм,- деди ал.

— Жок, сатасың,- деди Скотт, — анткени мен сатып алып атам. Ал, акчаны! Ит меники.

Сулуу  Смит  колун  аркасына  алган  бойдон  кетенчиктеди.  Скотт  ага умтулуп, муштумун көтөрдү.

Сулуу Смиттин башы ийинине кире түштү.

— Ит меники…- дей баштады ал.

— Сенин бул итте эч кандай акың жок. – Скотт анын сөзүн бүтүргөн жок.

– Акчаны аласыңбы же дагы бир жолу урайынбы?

— Болуптур, болуптур,-  деп жиберди Сулуу Смит коркконунан. –  Бирок сиз мени мажбурлап жатасыз. Бул  итке  баа  жок.  Мен  өзүмдү  карактаганга  жол бербейм. Ар бир кишинин өз укугу бар да.

— Туура,-  деди Скотт, акчаны берип жатып. –  Ар бир кишинин өз укугу бар. Бирок сен киши эмессиң, айбансың.

— Доусонго эле жетейинчи,-  деп коркутту Сулуу Смит,  —  мен сизге бир айла табам.

— Оозуңду ачсаң эле, мен сени Доусондон кууп жиберем. Түшүндүңбү?

Сулуу Смит бирдеме деп күбүрөдү.

— Түшүндүңбү?- деп кыйкырды ачуусу келген Скотт.

— Ооба, — деп бурк этти Сулуу Смит кетенчиктеп.

— Эмне?

— Ооба, сэр,- деп айкырды Сулуу Смит.

— Абайла!  Каап  албасын!-  деп  бирөө  элдин  арасынан  кыйкырды  эле, баары күлүп калышты.

Скотт бурулду да, Ак Азуу менен алек болуп аткан ит айдоочуну карай басты. Чогулган  эл  тарап,  айрымдары  топ-топ  болуп,  Скотту  карап  коюшуп, өздөрүнчө сүйлөшүп турушту.

Тим Кинен топтордун бирине барып кошулду.

— Бул ким?- деп сурады ал.

— Уидон Скотт,- деп жооп берди бирөө.

— Уидон Скотт дегениң ким?- деп такыды тигил.

— Кендин  инженери.  Бул  жердеги  чоңдордун  кишиси.  Тынч  жүрөйүн десең, мындан оолак бол. Кендин чоңу мунун досу болот.

— Мен  аны  дароо  эле  билдим,-  деди  Тим  Кинен.  –  Жок,  мындайларга тийишип болбойт.

V бап. Жапайы

— Эч нерсе чыкпайт!- деди ындыны өчкөн Уидон Скотт.

Ал тепкичке отура кетти да, далысын үмүтсүз куушурган ит айдоочуну карады. Экөө  тең  Ак  Азууну  тиктеп  калышты.  Тиги  болсо  жүнү  тик  туруп, аркырап,  чынжыр  болбосо,  чанадан  чыгарылган  иттерди  баса  калчудай жулунду. Иттер да таяк  менен коштолгон Мэттин акыл-насаатынан улам Ак  Азууга  тийишпей  коюу  оң деп  калышкандай.  Азыр  алар тигиндейрээкте аны унутуп калган сыяктуу кайдыгер жатышат.

— Ооба,  бул  карышкыр  экен,  а  карышкыр  дегениң  колго  үйрөнбөйт,- деди Уидон Скотт.

—  Ким  билет,-  деп  каршы  болду  Мэтт.  –  Мүмкүн,  мында карышкырдыкына  караганда  иттин  каны  көбүрөөктүр.  Бирок  мен  төгүнгө чыгара албай турган бир нерсени билем.

Ит айдоочу  унчукпай  калды  да, Багыш-Тоо  жакты  табышмактуу  карап койду.

—  Билгениң  болсо,  маалкатпай  айт,-  деп  өктөм  айтты  Скотт.  –  Айт, эмнени билесиң?

Ит  айдоочу  Ак  Азууну  көрсөтүп,  далысынын  артын  бармагы  менен сайып койду.

— Карышкырбы, итпи – баары бир, бирок бул – колдо жүргөн неме.

— Койчу!

— Койбой эле. Бул чанага да чегилген. Жакыныраактан карап көрсөңүз, төшүндө тагы турат.

— Чын  айтасың,  Мэтт!  Сулуу  Смиттин  колуна  түшкөнчө,  бул  чанада жүрсө керек.

— Биз да муну чанага чексек болот.

— Чын эле!- деп жиберди Скотт.

Бирок кайра эле ындыны өчө түштү да, башын чайкап, мындай деди:

— Эки жумадан бери кармап турабыз, бул болсо ого бетер жапайы болуп баратат.

— Чынжырдан бошотуп көрбөйлүбү,- деп сунуш кылды Мэтт.

Скотт ага ишенбегендей карады.

— Ооба,-  деп  сөзүн  улады  Мэтт.  –  Аракет  кылганыңызды  билем, бирок дагы бир жолу аракет кылып көрбөйсүзбү. Бул жолу таяк алганды унутпаңыз.

— Анда сен аракет кылып көр.

Ит  айдоочу  таяк  алып, байлоодо  жаткан  Ак  Азууга  барды.  Тиги  болсо камчыны караган цирктеги арстан сыяктуу таяктан көзүн албай турду.

—  Карасаңыз,  таяктан  көзүн  албай  турат,-  деди  Мэтт.  –  Бул  жакшы жөрөлгө. Демек, бул акылдуу ит. Таяк колдо турганда, каба албайт. Анан калса бул кутуруп кеткен ит эмес да.

Кишинин  колу  мойнуна  жакындаганда,  тигинин  түгү  тик  туруп ыркырап,  жерге  жата  калды.  Мэттин  колунан  көзүн  албай,  ал  кармап  турган шектүү таякты да байкап турду. Мэтт каргыдан чынжырды чыгарды да, дароо четке чыга берди.

Ак  Азуу  эркин  болуп  калганына  ишене  албай  турду.  Сулуу  Смиттин колуна  түшкөндөн  бери  көптөгөн  айлар  өттү,  ушул  мезгилдин  ичинде  иттер менен уруштурганда гана бошотушпаса, жалаң байлоодо жатпадыбы. Ал  эмне  кыларын  билбей  турду.  Балким,  кудайлар  дагы  бир  нерсе кылганы тургандыр? Ак Азуу качан кол салып ийишер экен дегендей абайлап бир  нече  кадам  шилтеди.  Бардыгы  адаттан  тыш  болуп  жаткандыктан,  эмне кыларын  да  билбеди.  Эмнеси болсо  да  бул  карап  турган  кудайлардан алысыраак болуп, кепенин артына өтүш керек. Эч нерсе болгон жок. Буга таң калган  Ак  Азуу  кайра  келип,  кишилерге  он  футтай  жетпей,  сактанып  туруп калды.

— Качып кетпейби?- деп сурады жаңы ээси.

Мэтт ийинин куушуруп койду.

—  Тобокелге салалы. Тобокел – эрдин жолдошу дейт.

— Байкуш,-  деп  кобурады  Скотт  тигини  аягандай.  –  Буга  баарынан  да жылуу мамиле керек,-  деп кошумчалады да, кепеге кирип кетти. Ал жактан бир кесим эт алып чыкты да, Ак Азууга ыргытты. Тиги болсо четке ойт берип, этти шектенгендей карап калды.

— Майор, кет! – деп кыйкырды Мэтт, бирок кеч болуп калган эле.

Майор  этке  жетип,  тиштээр  замат,  Ак  Азуу  атырылып  барып,  жыга койду. Мэтт  чуркап  жеткенче,  Ак  Азуу  тигини  жайлап  таштады. Майор  эптеп өйдө болду, бирок тамагынан аккан кан кыпкызыл болуп карга жайыла берди.

— Жаман болду, бирок тиги өзү айыптуу,- деп жиберди Скотт.

Бирок  Мэтт  бутун  көтөрүп,  Ак  Азууну  тепмек  болду.  Секириктин артынан  тиштердин  шак  эткени,  анан  кыйкырык  угулду.  Кутургандай аркыраган  Ак  Азуу  артка  кетенчиктеп,  Мэтт  болсо  эңкейип,  тиги  каап  алган бутун карай баштады.

— Каап албадыбы,-  деди ал, айрылган шымы менен дамбалынан көрүнүп турган канталаган кызыл такты көргөзүп.

— Мен  айтпадымбы,  мындан  эч  нерсе  чыкпайт,-  деди  ындыны  өчкөн Скотт. –  Бул ит тууралуу көп ойлондум, эмнегедир эсимден кетпей койду. Эмне кылмак элек, башка айла жок.

Ал ушуну айтып, револьверин кош көңүл алып чыкты да, огу бар болду бекен деп карай баштады.

— Мистер  Скотт,-  деп  жиберди  Мэтт,-  бул  ит  эмнени  гана  көргөн  жок! Мунун дароо эле периштеге айланып кетиши кыйын. Бир аз күтө туралы.

— Майорду караңызчы,- деп жооп берди Скотт.

Ит  айдоочу  жарадар  болгон  итти  карады.  Ал  карда  канына  чыланып, өлөйүн деп жаткан эле.

— Буга чала болот. Өзүңүз да ушундай деп айтпадыңызбы, мистер Скотт. Бирөөнүн этине көз артып, ушундай болду. Ушундай болуш керек эле. Алдында турган этин башка бирөөгө алдырып ийген ит да итпи.

— А сен өзүңчү, Мэтт? Итти го ит деп коёлу, бирок бардык нерсенин чеги болуш керек да.

— Мага да чала болот,-  деп моюн берген жок Мэтт. –  Мен аны эмне үчүн тебишим  керек  эле?  Ал  туура  кылды  деп  өзүңүз  айтпадыңызбы.  Чындыгында аны тепкенге менин акым жок болчу.

— Муну атып эле салганыбыз оң,-  деп көжөлдү Скотт. –  Бул баары бир колго үйрөнбөйт.

— Мистер  Скотт,  келиңиз,  ушу  байкушка  бир  мүмкүнчүлүк  береличи. Бизге келгенче бул байкуштун  эмнелерди көргөнүн, эмне болуп жүргөнүн ким билет. Байкап көрөлү. Эгер болбосо, мен муну өзүм эле атып салам.

— Кудай  көрүп  турбайбы,  мен  деле  муну  өлтүргүм  келген  жок,-  деди Скотт, револьверин кабына саларда. – Бош да жүрүп көрсүнчү, эмне болор экен. Мына, азыр сынап көрөйүн.

— Таякты алып алыңыз,- деп эскертти Мэтт.

Скотт башын чайкады да, Ак Азуунун ишенимине киргиси келип сүйлөй берди. Ак Азуу сактана түштү. Жагдай коркунучтуу эле, анткени бул кудайдын итин  өлтүрүп,  досун  каап  алды.  Эми  катуу  жазаны  күтпөгөндө,  эмнени  күтмөк эле.  Бирок  ал  буга  баш  ийгиси  келбеди.  Түгү  типтик  туруп,  бүткөн  бою чыңалып, азуу көрсөтүп, эмне болот, эмне жок дегендей тиги кишиден көзүн албай  турду.  Скоттун колунда таяк жок болгондуктан, абдан жакын келишине жол  берди.  Кудайдын  колу  башына  жакындады.  Ак  Азуу  бүжүрөп,  жерге жабышты.  Коркунуч  менен  чыккынчылык  ушул  жерде  болчу.  Ал  кудайлардын колун,  андагы  бийлик  менен  куулукту  жакшы  билчү.  Анын  үстүнө  мурункудай эле  денесине  кол  тийгенде  чыдай  албай  кетчү.  Ал  мурункудан  да  каардуураак ыркырап,  жерге  ого  бетер  жабышты,  бирок  тиги  кол  дагы  эле  жакындап  келе берди.  Бул  колду  тиштегиси  келбей,  жакындап  келаткан  коркунучка  чыдап турду, жашоону эңсеген сокур сезими менен күрөшүп жатты.

Уидон Скотт колумду тартып алганга үлгүрөм деген ойдо болчу. Бирок эми  Ак  Азуунун  оролуп  жаткан  жыландын  тездиги  жана  таамайлыгы  менен каап аларына күбө болду. Скотт мындайды күтпөгөндүктөн,  кыйкырып жиберди да, каптырган оң колун  сол  колу  менен  кармады. Мэтт  сөгүнүп-сагынып жетип  келди. Ак  Азуу артка  кетенчиктеп,  түгү  тик  туруп  аркырап,  коркутуп  турду.  Эми  болду болбоду, баягы Сулуу Смит сабагандай кылып сабайт болуш керек.

—  Эмне  кылганы  турасың?-  деп  Скотт  капыстан  кыйкырып  жиберди.

Мэтт кепеге чуркап кирип, мылтыкты алып чыгып калган экен.

— Эч нерсе, — деди тиги, жайбаракат сүйлөмүш болуп. –  Берген убадамды аткарайын. Муну атам дебедимби, атып салайын.

— Жок, атпайсың.

— Жок, атам. Мына карап туруңуз.

Бир  аз  мурун  Ак  Азууну  ага  каптырып  алган  Мэтт  коргосо,  эми  кезек Уидон Скоттко келди.

— Сен өзүң сынап көрөлү дебедиңби жана, мына эми сына. Биз жаңы эле баштадык да, муну эми таштап койгондо болбойт. Анын  үстүнө  бул  жолу  айып менде болуп калды… Карачы тигини!

Кепенин бурчунан караган Ак Азуу жүрөк түшүрө аркырады,  бул жолу ал Скоттко эмес, ит айдоочуну карап аркырады.

— Муну карасаң!- деп таң калды ит айдоочу.

—  Карачы,  кандай  акылдуу,-  деп  ашыга  сөзүн  улады  Скотт.  –  Бул мылтыкты  экөөбүздөн  кем  билбейт.  Мындай  акылдуу  итти  таштап  койгон болбойт. Мылтыкты коюп кой.

— Макул.  Байкап  көрөлү.  –  Мэтт  мылтыкты  жыйылган  отунга  жөлөп койду.

— Тигини караңыз!- деп кайра кыйкырып жиберди ал.

Ак Азуу тынч алып, ыркырабай калды.

—  Дагы бир жолу көрөлү. Карап туруңуз.

Мэтт мылтыкты алары менен Ак Азуу кайрадан ыркырай баштады. Ары коюп койсо, жаагы дароо жап болду.

— Дагы бир тамаша кылып көрөлү.

Мэтт мылтыкты алды да, акырын ийинине жакындата баштады. Ак Азуу дароо  ыркырап,  мылтык  көтөрүлгөн  сайын  анын  ыркыраганы  да  күчөй баштады.  Мэтт  ага  кезегенче  эле  тиги  четке  ойт  берди  да,  кепенин  артына бекинип калды. Азыр эле турган ит көздөн кайым болуп кетти.

Ит айдоочу мылтыкты акырын койду да, кожоюнун карады.

— Туура,  мистер  Скотт.  Ит  абдан  акылдуу  экен.  Атканга  кол  баргыдай эмес.

VI бап. Сүйүү кудайы

Ак Азуу жакындап келаткан Уидон Скотту көрүп, жазалоого жол бербей тургандыгын эскертип, түгүн тик тургузуп аркырады. Азыр таңылып, көкүрөктө асылып  турган  тиги  колду  каап  алгандан  бери  бир  суткадай  убакыт  өттү.  Ак Азуу кудайлардын жазаны кийинкиге калтырбай турганын билчү, эми болсо өз айыбынын  жазасын  тартууга  даяр  болуп  турду.  Анан  кандай  болмок  эле?  Ал болгондо  да  ак  кудайдын  ыйык  денесине  тишин  матырбадыбы.  Өзүнүн кудайларга  байланыштуу  тажрыйбасынан  улам  кандай  оор  жаза  күтүп тургандыгын билди.

Кудай андан бир нече кадам ары отурду. Ак Азуу мындан корккон жок, анткени  адатта  кудайлар  туруп  алып  жазалашат.  Анын  үстүнө  бул  кудайдын таягы  да,  чыбыгы  да,  мылтыгы  да  жок  эле.  Анан  калса  Ак  Азуу  өзү  да  бош болчу. Байлаган жип да, таяк да жок эле. Бир нерсе болсо, тиги өйдө болгуча эле качып кетмек. Азыр болсо эмне болорун күтүп, карап тура берсе болот.

Кудай  жайбаракат  отурду,  ордунан  турганга  да  аракет  кылган  жок, ушундан  улам  Ак  Азуунун  аркыраганы бара-бара  күңүрт  ыркыроого  айланып, акыры ал да жок болду. Анан кудай сүйлөй баштаганда жалы кайра тик туруп, тамагынан  баягы  аркыраган  үн  кайра  чыкты.  Бирок  тиги  кудай  калыбынан жазбастан  отуруп  алып  жайбаракат  сүйлөй  берди.  Ак  Азуунун  ыркыраганы тигинин үнү менен шайкеш келип, сөздөр менен ыркыроонун ыргагы дал келип калды. Бирок тигиинин сөзү түгөнөр эмес. Ак Азуу менен мурун минтип эч ким сүйлөшкөн  эмес.  Анын  жумшак,  жубаткан  сөздөрүнөн  кандайдыр  бир жылуулук сезилип, мунусу Ак Азууга жагып турду. Сокур сезиминин шыбырап эскертип  жатканына  карабастан,  жаңы  кудайына  ишенгиси  келип  турду. Адамдар  канча  жолу  көңүлүн  калтырганы  менен  кайра  эле  баягы  ишеним жаралып келатты.

Кудай  бир  топко  чейин  сүйлөп отурду  да, кетип  калды. Бир  маалда  ал кайра кепеден чыкты. Ак Азуу шектенип карады. Анын колунда чыбык да, таяк да, мылтык да жок эле. Бир нерсени бекиткидей соо колу да алдында турат. Ал баягыдай жакын келип отурду да, эт сунду. Кулагын тикчийткен Ак Азуу бир эле учурда этти да, кудайды да карап, бир нерсе болсо ойт бергенге даяр турду.

Жаза  дагы  кийинкиге  калды  окшойт.  Кудай  жөн  гана  эт  сунуп  турат, болгону ушу. Эт болсо эттей эле эт экен, шектүү деле эч нерсе жок. Бирок Ак Азуу  дагы  эле  шектенип,  Скоттун  колу  тумшугуна  келип  калганы  менен  этти албай турду. Кудайлар акылдуу болот, булардын оюнда эмне бар экенин, тигил эттин  артында  эмне  турганын  кайдан  билесиң.  Ак  Азуу  өз  тажрыйбасынан, өзгөчө аялдардан улам эт менен жаза көп учурда тыгыз каражолтой байланышта болорун билчү.

Акырында кудай этти Ак Азуунун аяк алдындагы карга ыргытып койду. Тиги  болсо  кудайдан  көзүн  албай  туруп  этти  жыттап  көрдү.  Эч  нерсе  болгон жок. Этти тиштеди да, сугунуп ийди. Дагы эле эч нерсе болгон жок. Кудай дагы бир  кесим  эт  сунду.  Ак  Азуу  экинчи  жолу  да  колдон  албай  койгон  соң  кудай этти  дагы  ыргытып  берди.  Бул  бир  нече  жолу  кайталанды.  Бир  маалда  кудай этти ыргытпай, колдон ал дегендей туруп алды.

Эт даамдуу экен, Ак Азуу болсо ачка болчу. Өтө сактык менен жылып отуруп  келди  да,  акыры  этти  колдон  алмак  болду.  Кудайдан  көзүн  албай, кулагын  куушуруп,  жалы  тик  туруп,  тигини  эскерткендей  ыркырап,  мойнун созуп,  этти  алды.  Этти  жеп  жиберди,  дагы  эч  нерсе  болгон  жок.  Ошентип отуруп  эттин  баарын  жеди,  дагы  эле  эч  нерсе  болгон  жок.  Демек,  жаза  дагы кийинкиге калды.

Ак  Азуу  жаланып-жуктанып,  эми  эмне  болор  экен  деп  күтүп  калды. Кудай болсо сүйлөй берди. Анын үнүнөн эркелеткени сезилип турду, мындайды Ак Азуу билчү да эмес. Ушундан улам ал буга чейин болбогон сезимди туйду. Жаны бир башкача жыргап, эңсөөсү канып, ичиндеги аңгыраган боштук толуп келатты. Бир маалда баягы сокур сезими кайра ойгонуп, мурунку тажрыйбасы эскерте баштады. Кудайлар куу болот, алар өз максатына жетиш үчүн ар кандай айла-амалдарды колдонушат.

Мына, ойлогондой болуп чыкты! Баягы кытмыр кол жакындап, башына келатат.  Бирок  кудай  сүйлөй  берди.  Үнү  жумшак,  жубаткандай  чыгып  жатты. Кол чочулатканы менен үнгө ишенсе боло тургандай. Үнгө ишенейин десе, кол кооптондуруп  турат.  Ак  Азуунун  жан  дүйнөсүндө  ушундай  карама-каршы сезимдер  менен  туюмдар  алышып  жатты.  Ушундай бири-бирине  кас  күчтөрдү тизгиндейм деп катуу аракет кылгандыктан, жыгылып калчудай сезилип турду.

Акыры  өзү  менен  өзү  тил  табышты:  ыркырап,  куулагын  куушурганы менен  Скотту  капкан  жок,  качып  да  кетпеди.  Кол  төмөндөп  келатты.  Ак Азуунун башына жетейин эле деп калды. Мына ал типтик турган жүнгө тийди. Ак  Азуу  жерге  жабыша  түштү.  Кол  артынан  ээрчип,  кайра  тийди.  Ак  Азуу бүрүшүп,  калтырап,  өзүн  араң  кармап  турду.  Сокур  сезимин  зордоп  жаткан ушул колдон кыйналып турду. Адамдын колунан келген жамандыктын баарын ал  бир  күндө  унута  алмак  эмес.  Бирок  кудайдын  эрки  ушундай  болгондуктан, өзүн баш ийдириш үчүн колунан келген аракетти жасап жатты.

Кол бир көтөрүлүп, бир түшүп, эркелетип, сылай берди. Кол көтөрүлгөн сайын  Ак  Азуунун  арка  жүнү  да  тура  калып  жатты.  Түшкөн  сайын,  кулагы куушурулуп,  тамагынан  ыркыраган  үн  сызып  турду.  Ак  Азуу  ыркырап,  бир нерсе  болсо  өч  алам  деп  эскертип  жатты.  Ким  билет,  мунун  чыныгы  максаты качан  билинерин.  Ишеним  туудурган  жумшак  үн  качан  каардуу  кыйкырыкка айланып,  эркелетип  жаткан  жумшак  манжалар  качан  кычкач  болуп,  ай-буйга келтирбей жазалап жиберерин ким билет. Бирок кудай дагы эле жумшак сүйлөп, колу Ак Азууга бир тийип, кайра көтөрүлүп, мындан эч кандай деле жамандык сезилген жок. Ак Азуу арсарсып  турду.  Сокур  сезими  мындай  мамилеге  каршы  чыгып  жатты, анткени ал кысып, эркиндигине кайчы  келди. Бирок андай деген менен денени  ооруткан  да  эч  нерсе  жок  болчу.  Тетирисинче,  бул  эмнегедир  жагып турду.  Кудайдын  колу  жылып  отуруп  кулагына  жетти  да,  акырын  кашый баштады,  ушундан  улам  баягы  жагымдуу  сезим  ого  бетер  күчөдү.  Бирок  Ак Азуу  дагы  эле  коркуп;  сактанып,  жамандык  күтүп,  жанагы  алышкан сезимдерге  жараша  бир  туруп  жаны  жыргай  түшүп,  бир  туруп  азап  тартып жатты.

— О, шайтан десе!

Жеңин түрүп алып, тепшидеги жугундуну эшикке төгөйүн деп кепеден чыга  калып,  Ак  Азууну  эркелетип  турган  Уидон  Скотту  көрө  койгон  Мэттин оозунан ушул сөз чыгып кетти.

Анын  үнү  чыгары  менен  Ак  Азуу  артка  ойт  берди  да,  кутургандай ыркырап жиберди.

Мэтт кожоюнун карап, жактырбагандай башын чайкады.

— Сиз  мени  кечирип  коюңуз,  мистер  Скотт,  бирок  кудай  урсун,  сизде бери болгондо он жети жинди бар, ар бири өз билгенин кылат.

Уидон  Скотт  менменсине  жылмайды  да,  келип,  Ак  Азууга  эңкейди. Эркелете сүйлөп, колун акырын сунуп, кайра башынан сылай баштады. Ак Азуу буга чыдап, аны эмес, кепенин эшигинде турган Мэтти көзүн албай карап турду.

—  Сиз  абдан  мыкты  инженер  болушуңуз  мүмкүн,-  деп  бакылдады  ит айдоочу,-  бирок сиз көп нерседен кур калыпсыз: бала кезиңизде циркке качып кетип калсаңыз болмок экен.

Ак Азуу Мэттин үнүн угуп ыркырады, бирок бул жолу мойну-башынан сылап жаткан колдон качкан жок. Бул  баягы  мурунку  жашоонун,  жек  көрүү  заманынын  аякташы  болчу. Эми  Ак  Азуу  үчүн  жаңы,  сонун  жашоо  бшталды.  Мында  Уидон  Скоттун сабырдуулугу менен акылы керек болду. Ак Азуу болсо сокур сезимин жеңип, өз  тажрыйбасына  каршы  туруп,  жашоо  үйрөткөн  нерселердин  баарынан  баш тартууга тийиш эле. Анын  мурунку  жашоосуна  азыркылар  сыйбай  турду,  анын  үстүнө мурункулар жаңы нерселердин баарын четке кагып жатты. Кыскасын айтканда, айлана-чөйрөнү  таанып-билиш  үчүн  жапайы  Түндүктөн  келип,  Боз  Кемчеттин бийлигине баш ийгендегиден да көбүрөөк чебердик керек болуп турду. Ал кезде Ак  Азуу  али  калыптана  элек,  жашоо  кандай  калчаса,  ошондой  калыпка  түшө турган кичинекей күчүк эле. Азыр болсо баары башкача. Мурунку жашоосу аны катуу  ийлеп,  эч  кимди  сүйбөгөн  жана  эч  ким  да  сүйбөгөн  каардуу,  тажаал жоокер карышкырга айландырды. Эми өзгөрүш үчүн мурункулардын баарынан баш  тартып,  кайра  жаралыш  керек  болчу  жана  мунун  баары  анын  башына жаштыгы  артта  калып,  баягыдай  ийкемдүүлүгү  жоголуп,  жан-дени  биротоло темирдей катып, сокур-сезими жүрүм-турум муктаждыктары менен эрежелерин биротоло калыптандырып койгон кезде келди. Бирок  андай  деген  менен  Ак  Азуу  туш  болгон  жаңы  чөйрө  аны  кайра ийлей  баштады.  Катаалдыгын  жумшартып,  башка  бир  жаңы  калыпка  салып кирди.  Чынын  айтканда,  баары  Уидон  Скоттун  колунда  эле.  Ал  Ак  Азуунун табиятынын  түпкүрүнө  чейин  жетип,  буга  чейин  уктап  жаткан  жана  жарым-жартылай  сенек  болуп  калган  сезимдерин  эркелетип  ойготту.  Булардын  бири сүйүү  эле.  Ал  мурунку  кудайлар  пайда  кылган  жакындык  сезиминин  ордун ээледи. Бирок сүйүү дегениң да бир эле күндө келе койбойт. Ал жакындыктан туулат да, өтө жай өсөт. Ак Азууга жаңы кудайы жакчу, дайым бош болсо да, андан  качкан  жок.  Анын  колунда  жашоону  Сулуу  Смиттин  тору  менен салыштырып болбойт эле. Анын үстүнө эми ал кудайсыз жашай алмак эмес. Тээ баягыда  жапайы  Түндүктү  таштап,  Боз  Кемчеттин  аяк  алдына  тартар  жазасын күтүп  сойлоп  келгенден  баштап  эле  ал  адамдардан  көз каранды  болуп  калган.

Ачарчылыктан  кийин  жапайы  Түндүктөн  экинчи  жолу  Боз  Кемчеттин  балык жыттанган айылына келгенде да ушул мөөр кеткис болуп экинчи ирет басылган. Ошентип,  кудайсыз  жашай  албагандыктан  жана  Уидон  Скотт  Сулуу Смитке караганда жакшы болгондуктан, Ак Азуу калып калды. Берилгендиктин белгиси катары кожоюндун мал-мүлкүн кайтара турган болду. Чанага чегилген иттер  уктап  жатканда,  кепени  тегерене  басып  кайтарып,  Скоттун  кеч  келген коноктору кожоюн өзү чыкканча таяк менен коргонуп тура турган болушту. Ак Азуу  көп  өтпөй  эле  ууруларды  тааный  турган  болду  жана  жүрүм-турумдун маанилүү экенин аңдады. Ал эшикке түз барган адамга тийчү эмес, бирок эшик ачылып,  кожоюн  аны  тосуп  алганча  көзүн  албай  карап  турчу.  Бирок  көзгө чалдыкпайын  деп  жашырынып  келгендер  Ак  Азуудан  көргүлүгүн  көрүп, шерменде болуп качып кетчү.

Уидон  Скотт  Ак  Азууну  сыйлап,  анын  алдында  күнөөкөр  болгон адамдардын  айыбын  тартмак  болду.  Скотт  үчүн  бул  абийир  иши  болчу.  Ал адамдар  Ак  Азууга  карыздар  экенин,  бул  карызды  төлөш  керек  экенин  сезди, ошондуктан  Ак  Азууну  мүмкүн  болушунча  көбүрөөк  эркелеткенге  аракет кылды. Күн сайын бир топко эркелетип, сылап-сыйпай турган болду.

Ак  Азуу  адегенде  мындан  шектенип,  жаман  көргөнү  менен  бара-бара бул ага жага баштады. Бирок бир көнүмүш адатын – ыркыраганын таштай албай койду.  Кол  тиери  менен  ырылдай  баштачу  да,  Скотт  кетмейинче  улана  берчү. Бирок  ырылдаганы  да  башкача  боло  баштады.  Чоочун  бирөө  муну  байкамак эмес,  ал  үчүн  Ак  Азуунун  ыркыраганы  кишинин  жүрөгү  түшө  турган жапайылыктын  көрүнүшү  боло  бермек.  Баягы  энеси  менен  үңкүрдө  жашап жүргөн мезгилден тарта каарданып ыркырап жүрүп, тамагы биротоло кыркырап калгандыктан, өз сезимин башкача билдире алчу эмес. Бирок андай деген менен Скоттун  сезимтал  кулагы  бул  ыркыроонун  башкача  болуп  баратканын  жана итке эркелеткени жагып жатканын туйчу.

Убакыт өткөн сайын  жакындыктан  пайда  болгон  сүйүү  арта берди. Ак Азуу өзү да муну билип-билбей туя баштады. Сүйүү дайыма толтурууну талап кылган  боштук  аркылуу  сезиле  турган  болду.  Сүйүү  менен  кошо  оору  жана тынчсыздануу  келип,  алар  кудайдын  колу  тийгенде  гана  басылчу.  Мындай учурларда  сүйүү  кубанычка,  ээ-жаа  бербеген  кубанычка  айланып,  Ак  Азууну бүтүндөй  бийлеп  алар  эле.  Бирок  Кудай  кетери  менен  баягы  оору  менен тынчсыздануу кайра келип, ичи аңгырап, куса болуп чыкчу.

Ак Азуу өзүнө келе баштады. Жашы бир топко барып,  жашоосу ийлеп туруп  катаал  калыпка  салып  койсо  да,  анын  мүнөзүндө  жаңы  нерселер  пайда болду.  Адаттан  тыш  сезимдер  менен  туюмдар  жаралып  жатты.  Ак  Азуунун жүргөн-турганы  да  өзгөрдү. Мурун  ал  ыңгайсыздык  менен  ооруну  жек  көрүп, алардан  каччу.  Эми  болсо  өзгөрүп,  жаңы  кудайы  үчүн  ыңгайсыздык  менен ооруга  да  чыдай  турган  болду.  Мисалы,  эртең  менен  тамак  издеп  шимшилеп жүргөндүн  же  жылуу  жерде  жаткандын  ордуна  Скоттун  чыгышын  күтүп, муздак тепкичте сааттар бою турчу. Ал түндөсү кеч келгенде да кар ичиндеги жылуу  ийинин  таштап,  жылуу  сөзүн  угуп,  эркелеткенин  сезиш  үчүн  тосуп чыкчу. Кудайдын жанында болуп, анын эркелеткенин туюп, аны менен шаарга барсам дегенде ал турсун тамакты да унутуп калчу.

Ошентип, жакындыктын ордун сүйүү ээлеп алды. Сүйүү жакындык бара албай  турган  түпкүрлөргө  чейин  жетти.  Ак  Азуу  сүйүүгө  сүйүү  менен  жооп берди.  Ал  нур  чачкан  кудайлуу  болуп,  анын  жанында  күн  нурун  алган өсүмдүктөй  жайнай  түшчү.  Бирок  Ак  Азуу  сезимин  билдире  алчу  эмес.  Буга жашы да ылайык келбей, анын үстүнө мүнөзү да катаал болчу. Дайыма жалгыз жүрүп,  токтоолукка  үйрөнгөн  эле.  Анын  түнттүгү  узак  тажрыйбанын натыйжасы  болчу.  Үргөндү  билбегендиктен,  ээсин  үрүп  тосо  алчу  эмес.  Өз сүйүүсүн  көрсөтүш  үчүн  ары-бери  чуркап  секирчү  эмес,  обочо  жерде  күтүп турчу, дайыма күтчү. Анын сүйүүсү үн-сөзү жок сүйүү болчу. Ээсинин ар бир кыймылын  ээрчиген  көзү  гана  сүйөм  деп  турчу.  Кожоюну  ага  тике  карап сүйлөшкөндө,  жан-денин  бийлеп  алган  сүйүүсүн  кантип  билдирерин  билбей уялып кетчү.

Ак  Азуу  жаңы  жашоосуна  ыңгайлаша  баштады.  Кожоюндун  иттерине тийбеш керектигин түшүндү. Бирок баягы өкүм мүнөзүн таштай алган жок жана иттер да жаңы башчысын тез эле таанышты. Анын бийлигин тааныгандан кийин алар да көп убара кылбай калышты. Ак Азуу үйүргө кошулары менен алар ага жол беришип, ага баш ийип калышчу.

Ушул  сыяктуу  эле  Мэттке  да  көндү,  бирок  аны  кожоюндун  менчиги катары  эсептечү.  Скот  өзү  кээде  гана  тамак  бергендиктен,  бул  милдетти көбүнчө  Мэтт  аткарчу.  Ак  Азуу  өзү  жеп  аткан  тамак  кожоюндуку  экенин,  ал тамак берүүнү Мэттке тапшырганын аңдады. Мэтт бир жолу аны башка иттер менен бирге чанага чекмек болду, бирок анын бул аракетинен майнап чыкпады. Кожоюну өзү чегип, чанага отурганда гана Ак Азуу буга көндү. Ал ошондо ээси анын  башка  иттердей  эле  Мэттке  баш  ийип,  чана  тартышын  каалаганын түшүндү.

Маккензидеги  чаналардан  айырмаланып,  Клондайктагы  чаналардын таманы  болот.  Иттердин  чегилиши  да  башкача.  Иттер  желпүүр  сыяктуу жайылбастан,  эки  катар  болуп  биринин  артынан  бири  тартышат.  Клондайкта чана башы ит чыныгы чана башыдай болот. Эң алдыга акылдуу, күчтүү, башка иттер коркуп, баш ие турган итти коюшат. Ак Азуу тез эле ушул орунду ээлеп алды.  Бир  топ  убара  болгон  соң  Мэтт  анын  башкага  макул  болбой  турганын түшүндү. Ак Азуу бул орунду өзү тандады жана Мэтт чананы айдап көрүп эле мунун  туура  экенин  айтып  бакылдап  калды.  Эртеден  кечке  чана  тарткан  Ак Азуу түн ичинде кожоюндун мал-мүлкүн кайтарууну да унуткан жок. Ошентип, ал Скоттко жан-дили менен кызмат кылып, көп өтпөй эле чанада андан мыкты ит жок болуп калды.

— Эгер өз оюмду айта турган болсом,-  деп калды бир жолу Мэтт,-  ушул итти  жүз  элүү  долларга  сатып  алып,  абдан  жакшы  кылган  экенсиз.  Мурду-башын канжалатканыңызды айтпаганда да, аны куп сызга отургузган экенсиз.

Уидон  Скоттун  бозомук  көзү  ачуудан  кайра  жылтылдай  түшүп, «Айбан!» деп кобурады.

Жаздын  аяк  ченинде  Ак  Азуунун  башына  оор  кайгы  түштү.  Кожоюну айтпай-дебей  туруп  эле  капыстан  жоголуп  кетти.  Чынын  айтканда,  эскертүү болгон,  бирок  мындай  иштерден  тажрыйбасы  жок  Ак  Азуу  буюмдарын чемоданга  салуу  эмне  экенин  билген  эмес.  Кийин  ал  кожоюн  жок  болуп кетерден  мурун  кийимдерин  салыштырып  жатканын  эстеди,  бирок  ага  мурун маани  берген  эмес  эле.  Кечинде  Ак  Азуу  адаттагысындай  эле  аны  күттү.  Түн жарымда бороон болуп, кепенин артына барды. Уйку-соонун арасында тааныш кадамдардын  үнү  чыгып  калар  бекен  деп  кулак  түрүп  жатты.  Саат  экилерде биротоло  тынчы  кетип,  крыльцого  барып,  бүрүшүп  жата  кетти  да,  андан  ары күтө баштады. Бирок ээси келген жок. Таң атканда эшик ачылып, Мэтт чыкты. Ак Азуу аны жалдырап карады. Мындан башка сурай турган ыкмасы жок болчу. Күндөр өтө берди, ээси болсо келген жок. Буга чейин оору дегенди билбеген Ак Азуу кадимкидей  ооруп  калды.  Ал  абдан  начарлап  кеткендиктен,  Мэтт  аны  кепеге алып  кирүүгө  мажбур  болду.  Кожоюнга  жазган  катында  Ак  Азуу  жөнүндө  да бир нече сап жазды.

Катты Серклде алган Уидон Скотт андан төмөнкүлөрдү окуду: «Каргыш  тийген  карышкыр  иштебей  койду.  Тамак  да  жебей  жатат. Жаман  болуп  калды.  Иттер  баш  көтөртпөйт.  Сиздин  кайда  кеткениңизди билгиси келет, а мен болсо түшүндүрө албайм. Өлүп калабы деп корком».

Мэтт чынын жазган эле. Ак Азуу куса болуп, тамактан такыр калды, кол салган  иттерден  да  коргонгон  жок.  Кепедеги  мештин  жанында  тамакка  да, Мэттке  да,  баарына  кайдыгер  карап  жата  берди.  Мэтт  эркелетип  да  көрдү, кыйкырып  да  көрдү,  эч  кандай  таасир  болгон  жок:  Ак  Азуу  аны  нуру  качкан көздөрү менен бир карап, кайра эле башын алдыңкы эки бутуна таштап койду. Бир  күнү  кечинде,  Мэтт  эриндерин  кыбыратып  бирдемени  окуп отурганда,  Ак  Азуу  акырын  кыңшылап  ийди.  Ордунан  туруп,  кулактарын тикчийте  эшик  жакты  карап, тыңшап  калды. Бир  аз өтпөй  эле  Мэтт  бирөөнүн басып келатканын укту. Эшик ачылып, Уидон Скотт ичкери кирди. Учурашкан соң, эки жагын карады.

— Карышкыр кайда?- деп сурады ал.

Ак Азуу мештин жанында турган эле. Ал башка иттердей болуп ээсине асылган жок, жөн гана ээсин карап турду.

О,  шайтан  десе!-  деп  жиберди  Мэтт.  –  Карасаң  мунун  куйрук шыйпаңдатып турганын!

Уидон  Скотт  Ак  Азууну  карай  басып,  аны  өзүнө  чакырды.  Ак  Азуу чуркап  барбаса  да,  барды.  Тартынып  турганы  менен  көзүндө  кандайдыр  бир адаттан тыш жалдыраган сүйүү турду.

— Сиз жокто мага бир жолу да минтип караган эмес,- деди Мэтт.

Уидон  Скотт  муну  уккан  жок.  Ал  отура  калып,  Ак  Азууну  эркелетип кирди: кулагын кашып, аркасын сылап, далысын назик таптады. Ак Азуу буга акырын ырылдап жооп кайтарып, баягы жумшак үн эми мурункудан даана угулуп турду. Бирок  муну  менен  бүткөн  жок.  Ал  кубанычын,  көөдөн  тепкен  терең сүйүүсүн  кантип  билдирерин  билбей  турду.  Анан  бир  маалда  мойнун  созуп, башын ээсинин колтугуна катты. Кулагы гана көрүнүп, ырылдаганын токтотуп, ээсине ыктап турду.

Эки киши бирин бири карап калды. Скоттун көзү жашылдана түштү.

—  Мына  сага!-  деп  ийди  таң  калган  Мэтт.  Анан  мындай  деп кошумчалады:  —  Мен  муну  карышкыр  эмес,  ит  деп  дайым  айтчу  эмес  белем. Карасаңыз!

Сүйүүгө  үйрөткөн  ээси  келгенден  кийин  Ак  Азуу  тез  эле  өзүнө  келди. Кепеде  дагы  эки  түн,  бир  күн  болгон  соң,  крыльцого  чыкты.  Иттер  анын мурункуларын  унутуп,  кийинки  ооруп,  начарлап  жүргөн  кези  гана  эстеринде калгандыктан, ага туш-тараптан жабылышты.

—  Мына  сага  уруш!-  деп  ыраазы  боло  кобураган  Мэтт  аларды крыльцодон карап турду.

— Акесин тааныт булардын, карышкыр! Ал, ал!

Ак  Азууга  тукургандын  кереги  жок  эле.  Сүйүктүү  ээсинин  келиши  ал үчүн  жетиштүү  болду.  Баягы  туйлаган  жашоо  анын  жан-денин  кайра  бийлеп алды.  Ал  урушуп,  кубанычын  уруш  менен  билдирип  жатты.  Күткөндөй  эле иттердин  баары  жеңилип,  чилдей  тарап  качып  кетишти  да,  күүгүм  киргенде биринин артынан бири күнөөлүү болуп кайтып келишип, Ак Азууга баш ийип беришти.

Ээсине  башын  катып  ыктаганды  үйрөнүп  алган  соң  Ак  Азуу  бул ыкманы көп колдончу болду. Жеткен чеги ушул болду, андан арылай алган жок. Ал  баарынан  көбүрөөк  башын  коргочу  жана  башына  эч  кимди  тийгизчү  эмес. Жапайы  Түндүк  аны  эскертип,  капкандан  корк,  денеңди  оорута  турган нерселердин баарынан корк деп шыбырап турчу. Сокур сезими башынын эркин болушун  талап  кылчу.  Эми  болсо  Ак  Азуу  ээсине  ыктап,  өз  эрки  менен  өзүн байкуш  абалга  коюп  турду.  Ал  мунусу  менен  чексиз  ишенимин,  толук  баш ийгенин  билдирип:  «Өзүмдү  сенин  колуңа  тапшырдым.  Эмне  кылсаң,  өзүң бил»,- деп айткандай болду.

Бир  күнү  кечинде  Скотт  үйгө  келгенден  кийин  Мэтт  экөө  криббеж ойноп отурушкан.

— Он  беш  –  эки,  он  беш  –  төрт,  дагы  эки,-  деп  Мэтт  санап  атканда, эшиктен кыйкырган үн, иттин ыркыраганы угулуп калды. Алар тиктеше түшүп, ыргып турушту.

— Карышкыр бирөөнү талап атат!- деди Мэтт.

Чаңырган үндөн улам эшикке чуркап чыгышты.

— Жарык кылчы!- деп кыйкырды сыртка чуркап чыккан Скотт.

Мэтт  алып  чыккан  чырактын  жарыгы  менен  карда  чалкасынан  жаткан кишини  көрүштү.  Ал  колдору  менен  бетин,  тамагын  жаап,  Ак  Азуунун тиштеринен  коргонуп  жатыптыр.  Бул  ашыкча  сактык  эмес  эле,  анткени жаалданган  Ак  Азуу  тиги  немени  тамактайын  деп  жатыптыр.  Курткасынын, көйнөгүнүн жеңдеринен тамтык калбай, тиштелген колдорунан кан агып турду.

Скотт  менен  ит  айдоочу  муну  дароо  көрүштү.  Скотт  Ак  Азууну моюндан кармап, ары алып кетти. Тиги болсо аркырап жулунганы менен ээсине тийген жок жана анын катуу кыйкырыгынан кийин дароо тынчып калды. Мэтт  тиги  кишини  жардам  берип  тургузду.  Колун  бетинен  алганда Сулуу Смиттин айбан чалыш жүзүн көргөн ит айдоочу чочуп кетти. Жарыктан көзү  уялган  Сулуу  Смит  бүшүркөп  айланасын  карады.  Ак  Азууну  көрө  коюп өңү бузула түштү.

Ошол  учурда  ит  айдоочу  карда  бир  нерсе  жатканын  көрдү.  Чыракты жакындатып, болот чынжыр менен жоон таякты тээп көрдү. Уидон Скотт муну көрүп, түшүнгөндөй башын ийкеди. Эч нерсе дешкен жок.  Ит  айдоочу  Сулуу  Смитти  далыдан  алды  да,  ары  көздөй  бурду.  Баары түшүнүктүү эле. Сулуу Смит качкан бойдон кетти.

Ээси болсо Ак Азууну сылап, аны менен сүйлөшүп жатты:

—  Сени  алып  кетейин  деген  экен  да,  ээ?  А  сен  кетпей  койгон турбайсыңбы! Жакшы, жакшы, анын шорун берген экенсиң.

— Ал  тим  эле  тозокко  түшкөндөй  болгондур,-  деп  мыйыгынан  күлдү Мэтт.

Ак  Азуу  болсо  ыркырай  берди,  бирок  бара-бара  тик  турган  арка  жүнү жатып, ыркыраганы барган сайын жумшарып баратты.

V БӨЛҮМ

I бап. Узак жол

Ак  Азуу  бир  балакеттин  болорун  күн  мурун  туйду.  Бир  нерсе  болот деген  сезим  ага  кайдан-жайдандыр  келип  жатты.  Ал  өзү  мунун  кантип  жана эмне себептен экенин билбегени менен анын бул туюму кудайлардан эле.  Алар  өздөрү  да  билип-билбей  итти  шектендирип  коюшту,  эми болсо  ал  тепкичтен  кетпей  калды.  Үйгө  кирбегени  менен  адамдар  бир  нерсе кылганы жатканын сезди.

— Тыңшасаңыз!- деди бир күнү кечинде ит айдоочу тамак ичип отуруп.

Уидон  Скотт  кулак  түрүп  калды.  Эшиктен  артынан  буулугуп  ыйлаган сыяктуу  акырын  кыңшылаган  үн  угулду.  Анан  Ак  Азуунун  кудайым  өткөн жолкудай  болуп  жоголуп  кетпеди  бекен  деп  эшикти  жыттагылап  жатканы сезилди.

— Бир нерсени сезип атат окшойт,- деди ит айдоочу.

—  Уидон  Скотт  Мэтти  жалдырай  караганы  менен  сөзү  буга  шайкеш келген жок.

— Калифорнияда карышкырдын мага эмне кереги бар?- деп койду ал.

— Ошону  айтып  атпаймбы,-  деди  Мэтт.  –  Калифорнияда  карышкырды эмне кылмак элеңиз?

Бирок  анын  айтканы  Уидон  Скотту  канааттандырган  жок.  Мэтт  аны күнөөлөп жаткандай сезилди.

— Биздин иттердин буга алы жетпейт,- деп сөзүн улады ал. – Бул алардын баарын тамактап таштайт. Штраф төлөй берип ыштансыз калбасам да, полиция муну менден алып туруп, токко тарттырып өлтүрүп коёт.

— Бул – жеткен кан ичер, мен билем да,- деп макул болду ит айдоочу.

Уидон Скотт ага ишенбегендей карады.

— Жок, мүмкүн эмес,- деди ал чечкиндүү түрдө.

— Албетте, мүмкүн эмес,-  деп дагы макул болду Мэтт. –  Буга атайы бир адамды коюш керек болот.

Олку-солку  болуп  турган  Скотт  жеңилдей  түшүп,  башын  кубангандай ийкеди. Анан унчукпай калышты да, бир гана Ак Азуунун буулугуп ыйлагандай кыңшылаганы, эшикти жыттап жатканы угулуп турду.

— Бирок бул сизге абдан жакын болуп калды эле,- деди Мэтт.

Тиги чыдабай жарылып кетти:

— Ушу сен эле жетпей аттың эле, Мэтт! Өзүм да эмне кыларымды билбей турам.

— Мен деле макулмун, болгону…

— Болгону эмне?- деп тигинин сөзүн бөлүп жиберди Скотт.

—  Болгону…  –  деп  акырын  баштаган  Мэтт  бир  маалда  ачуусу  келип турганын жашыра албады:  —  Эмне эле жиниңиз келет? Сизди карап туруп эмне кыларын билбей турат деп айтыш деле кыйын.

Уидон  Скотт  бир  азга  өзү  менен  өзү  боло  түштү  да,  анан  айыптуудай:

— Сеники  туура,  Мэтт.  Эмне  кыларымды  өзүм  да  билбей  турам.  Кеп ушунда болуп атпайбы,- деди. Анан бир аз унчукпай калып: — Жок, бул итти ала кеткенге такыр болбойт,- деп кошумчалады.

— Мен да буга макулмун,- деп жооп берди Мэтт, бирок кожоюн бул жолу да анын сөзүнө канааттанган жок.

— Бул  сиздин  кетериңизди  кантип  билип  алды  дейм  да,  ушуга  башым жетпейт,- деп эч нерсе болбогондой сөзүн улады ит айдоочу.

— Мен  да  түшүнө  албай  турам,-  деп  жооп  берди  көңүлү  чөгө  түшкөн Скотт.

Анан  бир  күнү  эле  Ак  Азуу  кепенин  ачык  турган  эшигинен  кожоюн буюм-тайымдарын баягы каражолтой чемоданга салыштырып жатканын көрүп калды.  Тигилер  улам  кирип-чыгып,  келип-кетип,  кепенин  бейкут  жашоосу бузулду.  Ак  Азуу  эми  күмөн  санабай  калды.  Ал  көптөн  бери  сезип  жүргөн балакетти эми түшүндү: кудай дагы качканы калган экен. Биринчи жолу кошо ала кетпеген неме бул жолкусунда деле ала кетпейт болуш керек.

Ушул  түнү  ал  карышкырчасынан  узакка  уңулдап  улуду.  Баягы  күчүк кезинде  жапайы  Түндүктөн  ээн  калган  журтка  келип,  Боз  Кемчеттин  вигвамы турган  жердеги  таштандыларды  көргөндөгүдөй  кайдыгер  жылдыздарга  карап кайгы-муңун төгүп улуду.

Кепедегилер жаңы эле жатышкан болчу.

— Бул кайра тамак жебей калды,- деди Мэтт төшөгүнөн.

Уидон Скотт бирдеме деп кобурады да, жуурканын чүмкөнүп алды.

— Өткөн жолу куса болду эле, эми өлүп калат ко.

Тиги керебеттеги жууркан кыймылдай түштү.

—  Жаагыңды  басчы!-  деп  кыйкырды  караңгыдан  Скотт.  –  Кемпирдей болуп кейигениң өттү!

— Туура,-  деп  жооп  берди  ит  айдоочу.  Уидон  Скотт  анын  шылдыңдап жатканына толук ишене алган жок.

Эртеси  Ак  Азуу  ого  бетер  коркуп,  тынчы  кетип  калды.  Кожоюндун артынан  калбай,  Скотт  кепеге  киргенде,  эшиктен  жылган  жок.  Ачык  турган эшиктен жердеги буюм-тайымдар көрүнүп турду. Чемодандын жанында эки чоң саквояж  менен  кендир  кап  пайда  болду.  Мэтт  кожоюндун  жуурканы  менен жылуу кийимин капка салды. Муну карап турган Ак Азуу кыңшылап ийди.

Көп  өтпөй  эле  эки  индеец  келди.  Ак  Азуу  алардын  жүктү  ийинине көтөрүп,  чемодан  менен  капты  көтөрүп  бараткан  Мэттин  артынан  ээрчигенин карап турду. Бирок аларды ээрчиген жок. Кожоюн али кепеде болчу. Көп өтпөй эле Мэтт кайра келди. Кожоюн эшикке чыкты да, Ак Азууну ичкери чакырды.

—  Байкушум  десе,-  деди  ал  Ак  Азуунун  кулагынан  кашып,  аркасын сылап  жатып.  –  Мен  кетип  атам.  Мындай  узак  жолго  сени  кошо  алып  кете албайм да. Кана, эми акыркы жолу жакшылап бир ыркырап койчу. Бирок  Ак  Азуу  ыркырабай  койду.  Анын  ордуна  кожоюнун  жалдырай карап, башын колтугуна катты.

— Гудок берип жатат!- деп кыйкырды Мэтт.

Юкон жактан кеменин катуу сиренасы угулду.

— Тезирээк  коштошуңуз!  Алдыңкы  эшикти  жапканды  унутпаңыз!  Мен арткы эшик менен чыгам. Болуңуз!

Эки  эшик  тең  бир  маалда  жабылды  да,  Уидон  Скотт  тепкичте  Мэтт кепенин  артынан  келгенче  күтүп  турду.  Эшиктин  ары  жагынан  ыйга  окшогон кыңшылаган үн угулду. Анан Ак Азуу тумшугун эшикке такап алып, аптыгып дем тарта баштады.

—  Жакшы  кара,  Мэтт,-  деди  Скотт  дөбөдөн  түшүп  баратып.  –  Эмне болгонун мага жазып тур.

— Сөзсүз,- деп жооп берди ит айдоочу. – Токтоңузчу! Уктуңузбу?

Экөө  тең  токтоп  калды.  Ак  Азуу  ээси  өлгөн  иттей  улуп  атты.  Анын уңулдап  улуганынан  кайгы-муңу,  көкүрөк  жарган  ыйы,  кыйналып  онтогону сезилип, улам күчөй берди.

«Аврора»  кемеси  быйыл  Клондайктан  биринчи  жолу  жөнөп жаткандыктан,  палуба  элге  толо  экен.  Мында  алтын  издеп  келип,  жолу болгондор да, жолу болбой сызга отуруп калгандар да көп эле, алардын баары бир кезде кандай жабылып келсе, ошондой жабыла кетип жатышкан эле. Скотт трапка келгенде ит айдоочу менен кол кысып коштошмокчу болду. Мэтт болсо анын сунган колун да байкабай, арт жакты карап калды. Тиги да бурулуп карап, тигиндейрээк жерде жалдырап турган Ак Азууну көрдү.

Мэтт шыбырап сөгүндү. Скотт болсо аң-таң болуп итти карап турду.

— Алдыңкы  эшикти  жаптыңыз  беле?  –  Скотт  башын  ийкеди  да,  кайра андан сурады:

— А сен өзүң арткы эшикти жаптың беле?

— Албетте, жапкамын!- деп кызуулана жооп берди Мэтт.

Ак  Азуу  кошомат  кылгансып  кулагын  куушурганы  менен  аларга жакындабай отура берди.

— Эми муну эптеп алып кетиш керек.

Мэтт  Ак  Азууну  карай  басты  эле,  тиги  ойт  берди.  Ит  айдоочу  аны кармайын  дегенде,  жүргүнчүлөрдүн  арасына  кирип  кетти.  Ары-бери  буйтап качып, Мэттке карматпай койду. Бирок ээси чакырары менен дароо жанына келди.

— Качантан  бери  тамак  берип  келатам,  мени  жанына  жолото  койбойт,- деп таарынгандай кобурады ит айдоочу. –  А сиз буга бир да жолу тамак берген жоксуз. Ээси сиз экениңизди бул кантип билип алды дейм да.

Ак  Азууну  сылап  турган  Скотт  бир  маалда  эңкейип,  анын  тумшугу менен эки көздүн ортосундагы жаңы тилинген жерлерди көрсөттү.

Мэтт анын ичин кармалап көрдү.

—  Биз  терезени  унуткан  турбайбызбы!  Карасаңыз,  ичинин  баары тилиниптир. Демек, терезени талкалап чыккан турбайбы.

Бирок  Уидон  Скотт  аны  тыңдаган  жок,  бир  нерсени  ойлонуп  жатты.

«Аврора»  акыркы  жолу  гудок  берди.  Узаткандар  шашылып  кете  башташты. Мэтт  мойнунан  жоолугун  алып,  Ак  Азууну  байлап  кетмек  болду.  Скотт  анын колун кармап калды.

— Жакшы  кал,  Мэтт.  Сен  карышкыр  тууралуу  жазбай  калдың  окшойт. Аны сага мен…

— Эмне дейсиз?- деп кыйкырды ит айдоочу. – Сиз чындап эле…

— Ооба. Жоолугуңду байланып ал. Мен бул тууралуу сага жазып турам.

Мэтт трап менен түшүп баратып токтоп калды.

—  Климатка  чыдай  албайт!-  деп  кыйкырды.  –  Ысыкта  мунун  жүнүн кыркып туруш керек!

Трапты  алышты  да,  «Аврора»  жээктен  жылды.  Уидон  Скотт  акыркы жолу Мэттке кол булгалады да, жанында турган Ак Азууга кайрылды.

— Мына  эми,  ырылдай  бер,  жинди,  ырылда,-  деп,  бутуна  ыктаган  Ак Азуунун кулагын кашый баштады.

II бап. Түштүк

Ак Азуу кемеден Сан-Францискодо түштү. Оозу ачылып калды. Ал күч-кубаттуулукту аң-сезимсиз түрдө кудайлар менен байланыштырчу. Ак адамдар Сан-Францисконун  тайгалак  тротуарында  бараткандагыдай  кудуреттүү сыйкырчы  сезилген  эмес.  Баягы  жыгач  үйлөр  жок,  туш-тарапта  заңгыраган имараттар.  Көчөлөрдө  коркунучтуу  нерселер:  тырашманкелер,  кареталар, автомобилдер,  зор  фургондорго  чегилген  чоң  аттар  толтура  экен,  алардын арасында  Ак  Азууну  коңгуроосу,  чаңырган  үнү  менен  коркуткан  коркунучтуу трамвайлар  да  көп  экен,  анын  чаңырганы  түндүктүн  токойлорунда  кезикчү сүлөөсүндүкүнө окшоп кетти. Мунун баары кү-кубаттуулуктан кабар берип турду. Ушунун баарынан бардык  нерсеге  өкүмдарлык  кылган  кудуреттүү  адамдын  бар  экени  сезилип турду. Ак Азуу таң калганынан дендароо болуп калды. Бир жагынан апкаарыды. Баягы күчүк кезинде жапайы Түндүктөн Боз Кемчеттин айылына келгендегидей өзүн  бир  байкуш  сезип  турду.  Анан  да  кудайлардын  көптүгүн  айтпайсыңбы! Алардын көптүгүнөн Ак Азуунун башы айланып калды. Көчөнүн ызы-чуусунан кулагы  бүтүп,  кымгуут  кыймылдан  улам  эмне  кыларын  билбей  калды.  Ал кожоюнуна  көз  каранды  экенин  мурункудан  да  курч  сезип,  андан  калып калбасам экен деп жан талашып ээрчип баратты.

Шаар  жаман  түштөй  болуп  Ак  Азуунун  эсинен  чыкпай,  көпкө  чейин түшүнө да кирип жүрдү. Анан кожоюну аны багаж жүктөгөн вагондун бурчуна, чемодандар менен сандыктардын арасына чынжыр менен байлап койду. Мында бир жоон кудай бар экен, ал  баарын башкарып, сандыктар менен чемодандарды алып  кирип,  калдырата  жылдырып,  биринин  үстүнө  бирин  жыйып  же  башка кудайлар тосуп алып жаткан эшикти көздөй ыргытып жатты.

Кожоюну Ак Азууну ушул кайнаган тозоктун ичине таштап кетти, андай болбосо  да  кожоюндун  буюмдары  жанында  турганын  көргөнчө  ага  ушундай сезилди. Көрөрү менен аларды кайтара баштады.

— Маалында келдиңиз,-  деди баягы жоон кудай Уидон Скотт бир сааттан кийин келгенде. – Бул ит чемодандарыңызга тийгизбей койду.

Ак Азуу вагондон чыкты. Дагы оозу ачылып калды. Баягы коркунучтуу шаардан дайын жок. Ага вагон туш-тарабынан шаар курчаган үйдөгү бөлмөдөй сезилген  эле.  Бирок  бир  сааттын  ичинде  шаар  жок  болуптур.  Ызы-чуудан  да дайын  жок.  Аяк  алдында  күнөстүү,  бейкут  өлкө  туруптур.  Бирок  таң  калып турганга  убакыт  жок  болчу.  Ак  Азуу  кудайларды  коштоп  жүрчү  бардык укмуштарга көнгөн сыяктуу эле буга да көндү.

Аларды  карета  күтүп  туруптур.  Кожоюнга  бир  аял  менен  бир  эркек келди.  Аял  колун  созуп,  кожоюнду  моюндан  алды.  Бул  душман  экен!  Уидон Скотт  дароо  анын  кучагынан  чыгып,  ыркырап,  кутуруп  кеткен  Ак  Азууну кармап калды.

— Коркпоңуз, апа,-  деди Скотт Ак Азууну тынчтандырып жатып.  –  Бул сизди  мага  кол  салды  деп  ойлоду  окшойт.  Эч  нерсе  эмес.  Бул  баарын  тез  эле түшүнөт.

—  Мен  эми  ага  чейин  уулуму  ити  жок  кезде  гана  эркелете  алат турбаймбы,- деп күлдү миссис Скотт, коркконунан кубара түшсө да.

Ал дагы ыркырап, түгү тик туруп, өзүнөн көзүн албай турган Ак Азууну карады.

— Бул баарын тез эле түшүнөт, көрөсүз го, тез эле түшүнөт,- деди Скотт.

Ал Ак Азууну эркелетип турду да, биротоло тынчтанган соң, катаал үн менен кыйкырды:

— Жат! Сага айтып атам!

Ак Азууга бул сөздөр тааныш болгондуктан, бир аз ыргылжың болгону менен буйрукту аткарды.

— Келиңиз, апа!

Скотт Ак Азуудан көзүн албай туруп колун созду.

— Жат!- деп дагы бир кыйкырды. – Жат!

Ак  Азуу  ыркырап,  туруп  баратып  кайра  отурду  да,  бейтааныш кудайлардан көзүн албай карап турду. Бирок аял да, анын артынан кучакташкан эркек  да  кожоюнга  жамандык  кылышкан  жок.  Кожоюн  менен  бейтааныш кишилер буюмдарды тырашманкеге салышты да, ага отурушту. Ак Азуу аларды ээрчип,  кээде  аттарга  жакын  барып,  зуулдатып  алып  бараткан  кожоюнга  зыян келтиришиңерге жол бербейм деп эскертип баратты.

Он  беш  мүнөттөн  кийин  тырашманке  таш  дарбазадан  өтүп,  учтары чырмалышкан коюу орех бадалы өскөн  аллеяга кирди. Аллеянын эки тарабы ар кайсы  жеринде  чоң  дубдар  өскөн  шалбаа  экен.  Шалбаанын  тегизделген  көк чөбүн күнгө күйгөн алтын түстүү талаа кыюлап, андан ары адырлуу жайыттар башталат экен. Аллеянын аягындагы дөңсөөдө узун  верандалуу, көп терезелүү үй турду. Бирок  булардын  баарын  караганга  Ак  Азуунун  чамасы  болгон  жок. Тырашманке аллеяга кирери менен эле ачуусу келгенинен көздөрү жана түшкөн бир  овчарка  качырып  сала  берди.  Ак  Азуу  кожоюнунан  бөлүнүп  калды. Адатындай  түгү  тик  тура  түшүп,  эскертпестен  туруп  тигини  тамактан  алып кетейин  деп  барып,  токтоп  калды.  Чочоюп  отурду  да,  бир  аз  мурун  жарып салайын  деген  немеге  тийгиси  келбей  турду,  анткени  ал  канчык  эле,  ал  эми анын тукумунун заңы боюнча ага тийүүгө болбойт. Ак Азуу үчүн канчыкка кол салуу өз инстинктине каршы чыгуу менен барабар болмок.

Ал эми канчыктын инстинкти башкача эле. Канчык болгондуктан, анда жогоркудай инстинкт жок болчу. Бир жагынан жапайы Түндүктөн, өзгөчө анын мына  бул  карышкырга  окшогон  тургунунан  коркту.  Овчарка  үчүн  карышкыр өчөгүшкөн  эски  душман  болчу,  анткени  ал  тээ  байыркы  заманда  эле  ата-бабалары кой кайтара баштагандан тартып короого кол салчу. Ошондуктан, Ак Азуу  кармаштан  баш  тартып  отурары  менен  овчарка  качырып  сала  берди.  Ак Азуу  тигинин  курч  тиштери  азыр  далысына  бата  түшөрүн  билип  ыркырады, бирок  баары  бир  аны  капкан  жок,  болгону  кетенчиктеп,  аны  айланып  өтмөк болду. Бирок канчык баары бир өткөрбөй койду.

— Кет, Колли!- деп кыйкырды тырашманкедеги бейтааныш киши.

Уидон Скотт күлүп жиберди.

— Эч  нерсе  болбойт,  ата.  Бул  ага  жакшы  сабак  болот.  Ал  көп  нерсеге көнүш керек. Дароо көнө берсин. Ал бир айласын табат.

Тырашманке  кете берди, Колли болсо Ак Азуунун жолун тороп турду. Жолдон четтеп, шалбаа менен айланып өтмөк болду эле, тиги туурадан чыгып кайра  тороп  калды.  Кайра  бурулуп,  аркы  шалбаага  салды  эле,  ал  жерден өткөрбөдү.

Тырашманке  болсо  кожоюнду  алып  кетип  баратты.  Мына  эми дарактардын  ичине  кирип,  көрүнбөй  кала  турган  болду.  Жагдай  кыйын  болуп калды. Ал дагы бир жолу айланып өткөнгө  аракет кылды, бирок тиги артынан калбады.  Ошондо  ал  катуу  баратып,  артка  бурулду  да,  тигини  далысы менен  сокту.  Бул  анын  далай  жолу  сыноодон  өткөн  уруш  ыкмасы  болчу. Овчарка да катуу келаткандыктан, жыгылгандан кийин да күү менен бир нече жолу аласалып кетти. Токтогонго аракет кылып жерди чапчып, ыза болгонуна чыдабай каңшылап ийди.

Ак Азуу күтүп турган жок. Жол ачык эле, ал эми анын каалаганы ушул болчу. Овчарка ажылдап үрүп артынан түштү. Ак Азуу эми түз салды, ал эми чуркаганга келгенде ал овчарканы окутуп коймок. Тиги ажылдап үрүп, секирген сайын чымырканды, Ак Азуу болсо ээн-эркин зымырап баратты.

Ак Азуу үйдү айлана берип, эшиктин алдына токтогон  тырашманкеден ээси түшүп атканын көрдү. Ушул учурда ага кайрадан кол салышарын туйду. Шотланд тайганы аны көздөй учуп келаткан экен. Ак Азуу дароо токтоп, камына  албай  калды.  Аңгыча  тайган  капталдан  келип  бир  тийди.  Күтүүсүз соккудан  Ак  Азуу  аласалып  кетти.  Тура  калганда  түрү  тири  укмуштай  эле: кулактары  куушурулуп,  оозу-мурду  диртилдеп,  азуусу  тайгандын  тамагына жетип-жетпей шак эте түштү.

Кожоюн аларды көздөй чуркады, бирок ал алыс болгондуктан, тайганды Колли  гана  сактап  калды.  Ал  Ак  Азуу  тигини  секирип  барып  тамактан  алып кетерде  келип  калды.  Колли  учуп  келип  бир  тийди.  Бул  жапайы  Түндүктөн келген неменин жанагинтип кумга аласалдырып, анан да жеткирбей кетиши аны ыза  кылып,  жек  көрүүсүн  ого  бетер  күчөтүп  ийген  эле.  Тайганга  атырыла бергенде туурадан качырган овчарка аны экинчи жолу аласалдырды.

Жетип келген кожоюн Ак Азууну кармап калды, тигилерди болсо атасы чакырып алды.

— Арктикадан келген байкуш карышкырды жакшы тосуп алышты,-  деди Скотт,  Ак  Азууну  жоошутуп  жатып.  –  Бул  өмүрүндө  бир  жолу  аласалган  эле, мында болсо заматтын ортосунда эки жолу аласалдырышты.

Тырашманке  ары  кетип,  үйдөн  башка  бейтааныш  кудайлар  чыгышты. Айрымдары  обочо  турушту,  бирок  эки  аял  келип,  кожоюнду  мойнунан кучакташты. Ак Азуу мындай душманчасынан жасалган аракетке бир аз көнүп калды.  Ал  кожоюнга  залал  келтирген  жок,  анан  калса  тигилердин  үнүнөн  эч кандай  коркунуч  да  сезилбеди.  Бейтааныш  немелер  Ак  Азууга  жакындайлы дешти эле, ал ыркырап  койду, кожоюн да анын эскертүүсүн ырастады. Ак Азуу бүрүшүп ээсинин бутуна ыктады, тигил болсо аны башынан сылап, жоошутуп кирди.

«Дик! Ордуңа бар!» деген буйрукту  уккан тайган тепкич менен чуркап чыгып, верандага жатып калды, бирок дагы эле ыркырап, чоочун немеден көзүн албады.  Аялдардын  бири  Коллини  мойнунан  кучактап,  сылап-сыйпап эркелете баштады. Бирок Колли дагы эле тынч ала албай, карышкырдын дагы эле кетпей турганына жини келип, бекер кылып жатасыңар дегендей кыңшылап турду.

Кудайлар  верандага  чыгышты.  Ак  Азуу  ээсинен  калган  жок.  Дик  ага ыркырады эле, Ак Азуу да ага жалын дүгдүйтө жооп берди.

— Коллини ичкери алып  кирип кеткиле, а бул экөө уруша берсин,-  деди Скоттун атасы. – Урушкандан кийин дос болуп калышат.

— Анда  өзүнүн  достугун  көрсөтүш  үчүн  Ак  Азуу  Дик  өлгөндө  өкүрүп туруш керек,- деп күлдү ээси.

Атасы ишенбегендей адегенде Ак Азууну, анан Дикти, акырында уулун карады.

— Сен…?

— Уидон башын ийкеди.

—  Туура.  Дик  бир  мүнөттөн,  ашып  барса  эки  мүнөттөн  кийин  тиги дүйнөгө кетет.

Ал Ак Азууга бурулду.

— Жүр, карышкыр. Үйгө Коллини эмес, сени алып кириш керек экен.

Ак  Азуу  тепкич  менен  абайлап  чыкты  да,  куйругун  чагарактатып веранда  менен  баратып,  Диктен  көзүн  алган  жок  жана  ар  кандай  күтүүсүз нерселерге даяр эле. Бирок коркунучтуу деле нерсе жок экен. Бөлмөгө кирген  соң  баары  бир  сактанып,  булуң-бурчту  карап  чыкты.  Анан  ыраазы болгондой  ээсинин  аяк  алдына  жата  кетти  да,  айланасын  карап,  аңдып тургандай сезилген коркунучтуу нерселер менен тура калып кармаша кеткенге даяр турду.

III бап. Кудайдын ээлиги

Ак  Азуу  табиятынан  ийкемдүү  болчу  жана  көп  жерде  болгондуктан, ыңгайлашуунун маанилүү жана зарыл экенин билчү. Ал судья Скоттун Сиерра-Виста  деген  ээлигиндеги жашоого  да  тез эле  көнүп  кетти.  Иттер  менен башка олуттуу  чыр-чатак  болгон  жок.  Түштүктөгү  иттер  мындагы  кудайлардын мыйзамдарын  ага  караганда  жакшыраак  билишчү  жана  кудайлар  аны  үйгө киргизгенден кийин эле алар унчукпай  калышты. Буга чейин Колли менен Дик карышкырды  көрүшкөн  эмес,  бирок  кудайлар  алып  келгенден  кийин  алардын эркине баш ийүүдөн башка айла жок эле.

Дик  адегенде  бир  аз  чочуркап  жүрдү,  бирок  көп  өтпөй  эле  Ак  Азууга Сиерра-Вистанын менчиги катары карап, көнүп калды. Эгер Дикке койсо, экөө достошуп  кетмек,  бирок  Ак  Азууга  достуктун  кереги  жок  болчу.  Ал  иттерден жайына коюшун талап кылды. Өмүр бою кандаштарына кошулбай өзү жалгыз жүргөн  неме  өзүнүн  көнүмүш  адатын  бузгусу  келген  жок.  Дик  тийишип тажатканда, ал аны ыркырап кууп ийчү. Ал түндүктө жүргөндө эле кожоюндун иттерине тийбеш керектигин аңдаган жана аны мында да унуткан жок. Өзүнчө болгонго аракет кылып, Дикти эч көзгө илбей койгон соң тиги байкуш ак көңүл ит карышкыр менен достошуу үчүн жасаган аракетин токтотуп, ага аткананын жанындагы мамы сыяктуу карап, көңүл бурбас болду. Ал эми Коллинин жөнү башка эле. Ал кудайлардын карышкырды үйдө калтырышына  макул  болгону  менен  аны  жөн  койгусу  келген  жок.  Карышкыр менен анын тууган-туушкандарынын өз ата-бабаларына каршы жасаган сансыз кылмыштары анын эсинде турду. Алардын короого кол салгандары бир күндө, ал  турсун  бир  муунда  да  унутулбайт,  алар  өч  алууга  чакыра  берет.  Колли  Ак Азууну  үйгө  киргизген  кудайлардын  эркине  каршы  чыга  албаганы  менен акырын кылгылыкты кыла берди. Алардын ортосунда канча кылымдардан бери келаткан  кастык  бар  эле,  Колли  болсо  муну  дайыма  Ак  Азуунун  эсине  салып турду.

Ошентип,  Колли,  жыныстык  артыкчылыгынан  пайдаланып,  Ак  Азууга асылып,  куугунтуктай  берди.  Коллиге  кол  салууга  инстинкт  жол  бербегени менен  анын  асылганына  кайдыгер  кароо  да  мүмкүн  эмес  болчу.  Овчарка асылганда, Ак Азуу анын курч тиштерине калың жүндүү далысын тосо берип, калыбынан жазбай ары басып кетчү; эгер бул да жардам бербесе, башын катып, сабыр  кылып,  чыдап,  айлана  басчу.  Бирок  кээде  тиги  болбой  эле  арткы аяктарына  асылганда,  уятты  коюп,  тезирээк  качканга  туура  келчү.  Бирок  көп учурда Ак Азуу калбаат кебетесин бубай сактачу. Мүмкүн болушунча аны көзгө илбей,  өзү  да  анын  көзүнө  илинбегенге  аракет  кылып,  аны  көргөндө  же жакындап келатканын туйганда, ордунан туруп, кетип калчу.

Мында Ак Азуу үйрөнө турган нерселер көп болчу. Түндүктөгү жашоо бул  жердегиге  караганда  жөнөкөй  болчу.  Баарынан  мурун  үйдүн  ээси  менен таанышууга  туура  келди,  бирок  бул  ал  үчүн  жаңылык  эмес  болчу.  Мит-Са менен  Клу-Куч  Боз  Кемчетке  таандык  болуп,  ал  таап  келген  этти  жеп,  отуна жылынып,  анын  төшөгүн  жамынып  жатышкан  сыяктуу  эле  Сиерра-Вистанын жашоочулары да Ак Азуунун ээсине таандык болчу. Бирок  мында  да  айырмачылыктар,  көптөгөн  айырмачылыктар  бар эле.  Сиерра-Виста  Боз  Кемчеттин  вигвамына  караганда  алда  канча  чоң  болчу.

Ак  Азуу  мында  көптөгөн  адамдарга  туш  болду.  Сиерра-Вистада  судья  Скотт аялы менен бар эле. Кожоюндун эки карындашы –  Бэт менен Мэри бар болчу. Анан  кожоюндун  аялы  Элис  менен  балдары  –  алты  жашар  Уидон  менен  төрт жашар Мод турушчу. Булар тууралуу ага эч им айтып бере алмак эмес жана ал өзү да адамдардын туугандык байланышын түшүнчү эмес жана түшүнө да албас эле.  Бирок  андай  деген  менен  бул  адамдардын  баары  кожоюнуна  таандык экенин  ал  тез  эле  аңдады.  Анан  алардын  жүргөн-турганын  байкап,  үндөрүн тыңдап  отуруп,  алардын  ар  биринин  кожоюнга  канчалык  деңгээлде  жакын экенин, кожоюн аларга кандай мамиле кыларын  ажырата баштады. Ак Азуу да жаңы  кудайларга  ушуга  жараша  мамиле  кылып,  кожоюн  жакшы  көргөндөрдү жакшы  көрүп,  кожоюн  үчүн  кымбат  болгондорду  колунан  келишинче  коргой турган болду.

Кожоюндун балдары ушундай болду. Ак Азуу өмүр бою балдарды жек көрүп  келген.  Алардын  колдорун  жек  көрүп,  бир  жагынан  коркчу,  анткени баягы  индеец  айылындагы  балдардын  таш  боордугу  менен  мыкаачылыгы эсинен  кетчү  эмес.  Уидон  менен  Мод  биринчи  жолу  келгенде,  ыркырап,  көзү жалтылдай түшкөн. Кожоюну бир муштап, катуу кыйкыргандан кийин, Ак Азуу алардын эркелеткенине көнүүгө мажбур болду. Кичинекей колдор эркелеткенде токтобогон ырылдагы бара-бара жумшарды. Кожоюндун баласы менен кызы эч залал келтирбей тургандыгын сезген соң, өзү эле сылата турган болду. Бирок  Ак  Азуу  баары  бир  сезимин  билдире  алчу  эмес.  Ал  кожоюндун балдарына  айласы  жок  баш  ийип,  алардын  асылганына  араң  чыдачу.  Өтө  эле тажатып  жибергенде,  акырын  туруп  кетип  калчу.  Бирок  көп  өтпөй  эле  Уидон менен Мод ага жагып калды, бирок мунусун дагы эле тигилерге билдире албай жүрдү.  Ал  эч  качан  балдарга  өзү  келчү  эмес,  бирок  эми  качпай,  алардын келишин  күтүп  турчу.  Анан  чоңдор  балдарды  көргөндө  Ак  Азуу  жыргай түшөрүн, кетип калса, маанайы суз боло түшөрүн байкап калышты.

Ал көп нерсени үйрөндү жана мунун баарына убакыт керек болду. Анын оюнча,  балдардан  кийин  судья  Скотт  турчу.  Мунун  эки  себеби  бар  эле: биринчиден, кожоюн аны өтө баалачу, экинчиден, судья Скотт өтө токтоо адам болчу. Ал верандада гезит окуп отурганда, аяк алдында жатканды сүйчү. Тиги болсо Ак Азууга карап же анда-санда сүйлөп койгону менен көп тажатчу эмес. Бирок кожоюн үйдө жокто гана ушундай болчу.  Ал келгенде Ак Азууга андан башка эч кимдин кереги жок болуп калчу.

Ак  Азуу  үй-бүлөнүн  бардык  мүчөлөрүнө  сылатып-сыйпатып, эркелеттиргени  менен  эч  кимди  кожоюнундай  сүйчү  эмес.  Эч  кимге  кожоюн сылагандагыдай  назик  ырылдачу  эмес.  Скоттун  туугандары  канча  аракет кылышса  да,  эч  кимисинин  колтугуна  башын  каткан  жок.  Ал  Уидон  Скоттко гана  ушинтип  толук  ишенип, баш ийип, баш-оту  менен берилгенин билдирчү. Чынын айтканда, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү ал үчүн кожоюндун менчиги гана болчу.

Мындан  тышкары  Ак  Азуу  үй-бүлө  мүчөлөрү  менен  кызматкерлердин айырмасын тез эле билди. Кызматкерлер андан коркушчу, ал болсо кожоюндун менчиги  деп  тигилерге  тийчү  эмес.  Алар  менен  Ак  Азуунун  ортосунда бейтараптыктан башка  эч  нерсе жок болчу.  Алар  Клондайктагы Мэтт  сыяктуу эле кожоюн үчүн тамак жасап, идиш-аяк жууп жана башка ар кандай иштерди кылышчу.  Кыскасы,  алар  мындагы  чарбанын  ажырагыс  бөлүгү болчу.

Ээликтин  сыртында  да  Ак  Азуу  үйрөнө  турган  нерселер  көп  экен. Кожоюндун  ээлиги  чоң  болгону  менен  баары  бир  чеги  бар  эле.  Сиерра-Вистанын жанынан чоң жол өтчү. Андан ары башка кудайлардын ээликтери  – көчөлөр  менен  жолдор  башталчу.  Алардын  жеке  ээликтери  тосмолордун артында  болчу.  Мунун  баары  сансыз  мыйзамдар  менен  башкарылып,  Ак Азуунун  жүрүм-туруму  ошолорго  жараша  болчу.  Ал  кудайлардын  тилин билбегендиктен,  бул  мыйзамдар  менен  өз  тажрыйбасынын  негизинде  гана таанышчу. Киши мыйзамдарынын бирине тушукмайынча, инстинктине таянчу. Бир нече жолу тушуккан соң, ал мыйзамды түшүнүп, аны экинчи бузчу эмес.

Ак  Азууга  баарынан  да  кожоюндун  кыйкырганы  менен  жазалаганы катуу  тийчү.  Кожоюнун  баш-оту  менен  берилип  сүйгөндүктөн,  анын  кичине катаалдыгы  Боз  Кемчет  менен  Сулуу  Смиттикинен  да  катуу  сезилчү.  Алар сабаганда  денеси  ооруган  менен  эч  кимге  баш  ийбеген  руху  кайнап  турчу. Мунуку болсо урганга деле окшобогону менен таасирдүү болчу. Анын нааразы болгону эле Ак Азуунун сай-сөөгүн сыздатып ийчү. Чынында,  кожоюн  аны  сейрек  учурларда  эле  жазалачу.  Ак Азууга  анын  үнү  эле  жетиштүү  болчу,  өзүнүн  туура  же  ката  иш  кылганын ошого  карап  эле  билчү.  Анын  үнү  багытты  аныктай  турган,  жаңы өлкө, жаңы жашоо менен таанышууга жардам бере турган компас болчу.

Түндүктө  колго  үйрөтүлгөн  жалгыз  жаныбар  ит  болчу.  Башкалардын баары жапайы болгондуктан, алы жеткен  иттин  мыйзамдуу  олжосу  болор  эле. Ак  Азуу  мурун  аңга  көп  чыгып  жүрчү  жана  түштүктө  баары  башкача  экенин билчү эмес. Ал буга Санта-Клара өрөөнүнө келгенде эле ынанды. Бир күнү эрте менен  үйдүн  жанында  жүргөн,  бурчтан  чыгып  эле  тоокканадан  качып  чыккан бир  тоокко  туш болуп  калды. Албетте, аны жегиси  келди.  Эки  секирик, тиштердин шакылдаганы, тооктун чарылдаганы угулду да, тентек тооктун иши бүттү.  Тоок  абдан  семиз,  даамдуу  экен.  Ак  Азуу  жаланып-жуктанып,  бул жакшы оокат экен деп калды.

Ошол  эле  күнү  аткананын  жанынан  дагы  бир  тоок  жолугуп  калды. Бирок  аны  атчылардын  бири  ажыратмакчы  болду.  Ал  Ак  Азуунун  кыялын билбегендиктен,  чыбык  менен  коркутту.  Бир  ургандан  кийин  эле  Ак  Азуу тоокту коё берип, тигиге асылды. Аны чыбык менен эмес, таяк менен токтотуш керек  эле.  Секиргендеги  экинчи  чапканды  ал  тоготуп  да  койгон  жок.  Атчы кыйкырган  бойдон  көкүрөгүнө  асылган  иттен  улам  чалкасынан  кетти  да, чыбыгын таштап, колу менен тамагын басып калды. Натыйжада тигинин билеги шылынып калды.

Атчынын үрөйү үрктү. Ал Ак Азуунун каарынан да  үрбөстөн, ыркырабастан туруп унчукпай кол салганына катуу таң калды. Кан аккан колун бети менен мойнунан албастан сарайды көздөй кетенчиктеди. Колли келбегенде анын  иши  чатак  болмок.  Колли  баягыда  Дикти  сактап  калгандай  аны  да куткарып калды. Овчарка арылдаган бойдон Ак Азууга бир тийди. Ал ишенчээк кудайларга  караганда  акылдуураак  болуп  чыкты.  Ал  бекеринен  шектенбептир.

Ууру баары бир уурулугун кылбадыбы!

Атчы  атканага  кирип  кетти,  Ак  Азуу  болсо  кутуруп  кеткен  Коллинин курч тиштерине бирде бир далысын, бирде экинчи далысын тосуп, кетенчиктей берди.  Бирок  тиги   көнүмүш  адаты  менен  чектелген  жок.  Анын  жаалы  күчөп бараткандыктан, Ак Азуу акыры уятты коюп, талаага качып кетти.

— Ал  тоок  жегенин  коёт,-  деди  кожоюн,  —  бул  үчүн  мен  аны  кылмыш үстүнөн кармашым керек.

Кылмыш  эки  күндөн  кийин  болду,  бирок  мындай  болору  кожоюндун оюна да келген эмес. Ак Азуу тооккана менен анын ичиндеги тоокторду байкап жүрдү.  Кечинде  тооктор  түнөөгө  кирген  соң  өткөндө  алып  келип,  жыйып коюшкан тактайлардын үстүнө чыкты да, андан тооккананын чатырына секирип өтүп,  андан  тооккананын  короосуна  түштү.  Анан  тоокторго  кыргын  салып кирди.

Эртең  менен  верандага  чыккан  кожоюн  атчынын  мууздалган  элүү тоокту чөпкө катарынан тизип койгонун көрдү. Скотт адегенде таң калып, анан суктанып  ышкырып  жиберди.  Ак  Азуунун  болсо  айыптуу  болгондой  же уялгандай  түрү  көрүнбөйт,  тескерисинче,  кыйратып  койгондой  болуп  турат.

Анан кожоюндун оозу жыйрыла түшүп, тиги жайдары кылмышкерге кыйкырып кирди.  Анын  үнүнөн  каарданганы  туюлду.  Ал  эле  эмес  Ак  Азууну  муштуму менен бир коюп, тумшугун өлгөн тоокторго тыкты.

Ушундан  кийин  Ак  Азуу  тоокторго  тийбес  болду.  Мунун  мыйзамга каршы  келерин  түшүндү.  Көп  отпөй  эле  кожоюн  аны  тоокканага  алып  барды. Тирүү тоок алдынан чыга калганда, баса кала жаздады. Бул табигый нерсе эле, бирок аны кожоюндун үнү токтотту. Алар тоокканада жарым сааттай болушту. Ак  Азуу  сокур  сезимине  алдырып,  тоокту  баса  калайын  деген  сайын, кожоюндун  үнү  аны  токтотуп  жатты.  Ошентип,  ал  дагы  бир  мыйзамды өздөштүрдү да, тоокканадан чыга электе эле тоокторду байкабай турган болду.

— Кыныккан ит тыныкпайт. —  Судья Скотт уулу эрте мененки тамакта Ак Азууну  үйрөткөнүн  айтып  берген  соң  башын  чайкап  ушундай  деди.  – Тоокканага  бир  кирип,  кандын  даамын  татып  калгандан  кийин…  –  Ал  кайра көңүлсүз башын чайкап койду.

Бирок Уидон Скотт буга макул болгон жок.

— Билесизби, мен эмне кылам?-  деди ал акырында.  —  Мен Ак Азууну бир күн тоокканага камап коём.

— Тооктор эмне болот?- деп каршы чыкты атасы.

— Мындан тышкары,-  деп улантты уулу,-  ар бир өлгөн тоокко  бир алтын доллардан берем.

— Анда утулса, атама кандайдыр бир жаза бериш керек,-  деп кийлигише кетти Бэт.

Ага  эжеси  кошулуп  кеткен  соң  отургандардын  баары  бул  сунушту колдошту. Судья Скотт да башын ийкеп макул болду.

— Болуптур!-  Уидон  Скотт  бир  аз  ойлоно  калды.  –  Эгер  Ак  Азуу  кечке чейин  тоокторго  тийбесе,  анын  тоокканада  өткөргөн  ар  бир  он  мүнөтү  үчүн сотто өкүм  чыгаргандай олуттуу  үн  менен  салтанаттуу  түрдө  «Ак  Азуу,  сен  мен ойлогондон акылдуу экенсиң!» деп айтасыз.

Үй-бүлө  мүчөлөрүнүн  баары  бекинип  алып  аңдый  башташты.  Бирок алар  күткөндөй  болгон  жок.  Ак  Азуу  ээси  тоокканадан  чыгып  кетери  менен жатып, уктап калды. Ойгонгон  соң  тепшиге  барып,  суу  ичти.  Тоокторду  карап да  койгон  жок.  Алар  ал  үчүн  жок  сыяктуу  эле.  Саат  төрттө  күүлөнүп  келип тооккананын  чатырына  секирип  чыкты  да,  андан  ары  жерге  секирип  түшүп, үйдү  көздөй  кетип  калды.  Ал  жаңы  мыйзамды  өздөштүрүптүр.  Судья  Скотт ыраазы болуп верандага чогулган үй-бүлө мүчөлөрүнүн алдында салтанаттуу үн менен  «Ак  Азуу,  сен  мен  ойлогондон  акылдуу  экенсиң!»  деп  он  алты  жолу айтты.

Бирок  мыйзамдардын  ар  түрдүүлүгүнөн  улам  Ак  Азуу  жаңылыштык кетирип,  көп  уят  болуп  жүрдү.  Акырында  башка  кудайларга  тиешелүү тоокторго да тийбеш керектигин түшүндү. Мышыктар, коёндор жана үндүктөр да ушундай эле. Чынын айтканда, бул мыйзам менен таанышкан соң, анда тирүү жандыктардын эч бирине тийбеш керек турбайбы деген ой калды. Шалбаадагы бөдөнөлөр  аяк  алдынан  кылы  кыйшайбай  учуп  кетип  жүрдү.  Ак  Азуу  бүткөн бою  калтырай  түшсө  да  өзүн  токтотуп  жүрдү.  Ал  кудайлардын  эркине  баш ийди. Бирок  бир  күнү  Диктин  шалбаада  бир  коёнду  кууп  калганын  көрдү. Кожоюн  муну  көрсө  да  кийлигишкен  жок,  ал  турсун  Ак  Азууну  тукуруп  да койду.  Ошентип,  ал  жаңы  мыйзамдын  коёндорго  тиешеси  жоктугун  билди жана акырында толук өздөштүрдү. Үй жаныбарлары  менен тынч жашаш керек. Дос  болбосоң  да,  бейтарап  болууга  тийишсиң.  Ал  эми  адамга  баш  ийбей, жапайы жашаган тыйын чычкан, бөдөнө жана коён сыяктуу жаныбарлар ар бир иттин  мыйзамдуу  олжосу  болуп  саналат.  Кудайлар  колго  үйрөнгөн жаныбарларды гана коргоп, алардын касташуусуна жол беришпейт. Алар өзүнө баш  ийгендердин  жашоосу  менен  өлүмүн  өздөрү  билет  жана  бул  бийлигин катуу коргошот.

Санта-Клара  өрөөнүндөгү  жашоо  түндүктөгүдөй  жөнөкөй  эмес  эле. Цивилизация  Ак  Азуудан  баарынан  мурун  өзүн  өзү  башкара  билүүнү  жана жөргөмүштүн желесиндей билинбей чырмаган, ошол эле учурда болоттой бекем токтоолукту талап кылды. Мындагы жашоо миң түрлүү болуп, Ак Азуу анын ар бирине  туш  болуп  жүрдү.  Мисалы,  Сан-Хосе  шаарында  кожоюндун тырашманкесин  ээрчип  жүргөндө  же  кожоюнду  күтүп  көчөдө  турганда, жашоонун  зор  агымы  жандап  өтүп,  өз  мыйзамдарына  дароо  ыңгайлашууну тынымсыз талап кылып, табигый умтулууларын басууга мажбур кылчу.

Шаардан  салаңдап  эт  илинип  турган  касапканаларды  көрчү.  Бирок аларга тийүүгө болбойт эле. Кожоюн кирген үйлөрдөгү мышыктарга да тийүүгө мүмкүн эмес. Туш-тараптан ыркыраган иттер менен да урушканга болбойт эле.  Мындан  тышкары,  тротуардан  ары-бери  өткөн  сансыз  адамдар  да  ага кызыга  беришчү.  Алар  атайын  токтоп,  Ак  Азууну  бири-бирине  көрсөтүп,  ар тарабынан  карап,  баарынан  жаманы,  кармалап  да  жиберишчү.  Чоочун колдордун эркелеткенине чыдоого туура келчү, бирок Ак Азуу да эми сабырдуу болуп калды. Ал эми баягыдай тартынбай, бейтааныш кудайлардын мамилесине сыр  алдырбай  жооп  берчү.  Алардын  кичи  пейилдигине  кичи  пейилдик  менен жооп берчү. Бирок алар баары бир Ак Азуудан чочулап, өтө жакындай алышчу эмес. Аны башынан сылагандар өз эрдигине ыраазы болуп кете беришчү. Бирок  Ак  Азуу  үчүн  баары  эле  оңой  болгон  жок.  Кожоюндун тырашманкеси  Сан-Хосенин  тегерегиндеги  кыштактардан  өтүп  баратканда, жолдогу  балдар  таш  менен  урушчу.  Ак  Азуу  аларды  кууп  жетип,  жарып таштоого  болбой  тургандыгын  билчү.  Айла  жок,  сокур  сезимин  араң  карманчу жана ушинтип жүрүп, кадимки итке айланып баратты. Бирок андай деген менен Ак Азуу адилеттик жана калыстык деген эмне экенин  билбесе  да  мындай  жагдайга  нааразы  болчу.  Ар  бир  тирүү  жанда кандайдыр бир деңгээлде адилеттик сезими боло тургандыктан, тиги балдардан коргонууга  уруксат  беришпегенине  ичи  күйдү.  Бирок  өзүнүн  кудайлар  менен түзгөн  келишиминен  улам  кудайлар  аны  коргоого  милдеттүү  экени  эсинен чыгып кетиптир. Бир күнү ээси тырашманкеден түшө калып, колундагы чыбык менен тиги тентектердин сазайын берди. Ушундан кийин алар таш менен урбай турган болду жана Ак Азуу баарын аңдап, ыраазы болуп калды.

Көп  өтпөй  эле  Ак  Азуу  дагы  бир  ушундай  окуяга  туш  болду.  Шаарга кеткен  жолдун  боюндагы  бир  салундун  жанында  үч  ит  бар  эле  жана  алар дайыма  асылышчу.  Уруштун  эмне  менен  бүтөрүн  билген  ээси  Ак  Азууну уруштура  койчу  эмес.  Ак  Азуу  бул  мыйзамды  жакшы  өздөштүргөнү  менен кесилиштеги  салундун  жанынан  өткөндө  абдан  жаман  абалда  калчу.  Анын каардуу ыркыраганы тигилерди бир аз тайсалдатканы менен алар обочо жерден үрүп, артынан куумуш болуп, кордой беришчү. Бир топко чейин ушундай болуп жүрдү.  Салундагылар  да  иттерди  колдошуп,  ал  турсун  бир  жолу  ачык  эле тукурушту. Ошондо кожоюн тырашманкесин токтотту да, Ак Азууга:

—  Ал тигилерди!- деди.

Ак  Азуу  уккан  кулагына  ишенбеди.  Ээсин  бир  карап,  иттерди  бир карады. Анан кайра ээсине сурагандай карады.

Ээси баш ийкеди.

—  Ал, тигилерди, ал! Акесин тааныт!

Ак Азуу эми олку-солку болгон жок. Кайрылды да, тигилерди унчукпай качырып  сала  берди.  Алар  да  качкан жок.  Будуң-чаң  боло  түштү. Иттер үрүп, ыркырап,  тиштери  шакылдады.  Жолдун  чаңы  көтөрүлүп,  эч  нерсе көрүнбөй  калды.  Бир  нече  мүнөттөн  кийин  эки  ит  калтырап-титиреп  жатып калды,  үчүнчүсү  болсо  качты.  Ал  арыктан  ары  секирип,  тосмодон  өттү  да, талааны карай качты. Ак Азуу чыныгы карышкыр сыяктуу зымыраган бойдон үн-сөзсүз  артынан  түштү  да,  талаанын  орто  ченинде  кууп  жетип,  аны  да өлтүрүп салды. Ушинтип,  үч  итти  бир  өлтүргөндөн  кийин  ага  иттер  тийишпес  болду.

Бул  окуя  бүт  өрөөнгө  угулуп,  кишилер  иттерин  бул  жоокер  карышкырга жакындатпай кайтарып калышты.

IV бап. Байыркы чакырык

Айлар өтө берди. Түштүктө тамак мол, иш жок болгондуктан Ак Азуу семирип,  жашоосу  жакшы  болду.  Ак  Азуу  үчүн  Түштүк  географиялык  эле аймак болбостон, жашоонун да Түштүгү болуп калды. Киши мээрими аны күн сыяктуу жылытып, ал кара топуракка отургузулган гүлдөй ачылды. Бирок  Ак  Азуу  менен  иттердин  ортосунда  кандайдыр  бир  айырма  бар болчу. Ал бардык мыйзамдарды башка шарттарда жашап көрбөгөн иттерден да мыкты  билчү  жана  аларды  так  аткарчу,  бирок  жапайы  Түндүк  дагы  эле  коё бербей  тургандай,  ичиндеги  карышкыр  дагы  эле  жашап  тургандай  баягы катаалдыгын койгон жок.

Ал  башка  иттер  менен  жакын  болгон  жок.  Дайым  жалгыз  жүргөн неменин эми да башка иттерге кошулайын деген ою жок болчу. Күчүк кезинен Лип-Лип  жана  анын  үйүрү  менен  кас  болуп,  кийин  Сулуу  Смиттин  колунда тынымсыз урушуп жүргөндүктөн, Ак Азуу иттерди жек көрчү. Анын жашоосу кадимки  агымдан  четтеп,  өз  туугандарынан  жат  болуп,  кишиге  жакын  болуп калган эле. Анын  үстүнө  Түштүктөгү  иттердин  бардыгы  Ак  Азууну  шектенип карашчу.  Алар  аны  көргөндө  жапайы  Түндүктү  көргөндөй  коркуп,  алардын үргөнү  менен  ырылдаганынан  жек  көргөнү  туюлуп  турчу.  Ак  Азуу  болсо тигилерди тиштегендин да кереги жок экенин аңдады. Анын арсайган тиштери менен  каардуу  титиреген  эриндери  дароо  таасир  этип,  ар  кандай  жаалданган итти токтотчу. Бирок жашоо аны дагы бир жолу сынады, бул сыноо Колли болчу. Ал ага эч тынчтык бербей койду. Мыйзамга да Ак Азуу сыяктуу толук баш ийбей, кожоюндун аларды жакындаштырайын деген бардык аракети текке кетти. Анын тажаал  ыркырагы  кулагынан  кетчү  эмес.  Колли  баягы  тооктордун  окуясын  эч унута  албай,  андан  дайыма  шектенип,  болбогон  жерден  кынтык  тапчу.  Ал полисмен  сыяктуу  артынан  калбай  ээрчип,  көгүчкөндү  же  тоокту  карап  койсо эле ажылдап үрүп жатып калчу. Мындайда Ак Азуунун жакшы көргөн ыкмасы бар болчу: ал жерге жатып, башын алдыңкы буттарына коюп, уктамыш болуп калар эле. Тиги болсо эмне кыларын билбей, акыры унчукпай калчу.

Коллини  эске  албаганда,  баары  жакшы  болчу.  Ак  Азуу  карманганды үйрөнүп,  мыйзамдарды  толук  өздөштүрдү.  Токтоо,  сабырдуу  жана  чыдамдуу болуп калды. Чөйрөсү да ага кас эмес эле. Коркунуч, өлүм менен оору аңдыбай калды. Мурун  кадам  сайын  күтүп  турчу  коркунучтуу  белгисиздик  да  эми  бара-бара  жок  болуп  баратты.  Жашоо  жеңил  жана  бейкут  болуп  калды.  Анын жай агымында коркунуч менен кастык учурабады. Ага кар жетишпей турду, бирок муну өзү аңдаган жок. Эгер Ак Азуу ой жүгүртө  алганда,  «Жай  көпкө  созулду»  деп  ойломок.  Ал  карды  сокур  сезими менен эңсечү. Ушул сыяктуу эле жайдын аптаптуу күндөрүндө Түндүктү эстеп, бир аз куса болчу. Бул анын себепсиз, өзүнө да түшүнүксүз тынчсыздануусунан байкалчу.

Ак Азуу эч качан жайдаңдап кетчү эмес. Ал өз сүйүүсүн башын ээсинин колтугуна  катып  же  эркелеген  ырылдоо  менен  гана  билдире  алчу.  Бирок  көп өтпөй эле үчүнчү ыкманы да таап алды. Ал кудайлар күлгөндө кайдыгер боло алчу эмес.  Күлкүнү укканда жаалданып, кутуруп кетчү. Бирок кожоюнга минте албагандыктан, бир күнү ээси аны тамашалап күлгөндө, эмне кыларын билбей калды.  Мурункудай  жаалданайын  десе, сүйүү  тоскоол  болуп  калды. Жаалдана алган жок, бирок бир нерсе кылыш керек болчу. Сыр бербей, керкейгенге аракет кылды эле, ээси каткыра  баштады. Ал ого бетер керкейди, ээси болсо ого бетер күлдү.  Акырында  Ак  Азуу  чыдай  албады.  Үстүңкү  эрини  ачылды  да,  тиши кашкайып чыгып, көзүндө кандайдыр бир жылмаюу сыяктуу нерсе пайда болду. Ошентип, күлгөндү да үйрөндү.

Ак Азуу ээси менен ойногонду да үйрөндү: ээси аны чалкасынан жыгып алып, ар нерсе кылчу, тиги болсо ыркырап, тишин арсайтып, кожоюнун тиштеп ала  тургандай  түр  көрсөтчү.  Бирок  тиштери  Скоттко  тийбей,  жөн  гана  абада шакылдачу. Соккулар, түрткүлөр, тиштердин шакылдаганы, ыркыроолор күчөп кеткенде,  киши  менен  ит  экөө  эки  жакка  ойт  беришип,  тиктешип  калышчу. Анан  нөшөрлүү  булуттан  чыккан  күнгө  окшоп  жарк  деп  күлүп  жиберишчү. Анан ээси Ак Азууну мойнунан кучактап калар эле да, тиги болсо баягы эрке ырылдагын баштачу. Оюн ушуну менен аяктачу. Бирок  ээсинен  башка  эч  ким  аны  менен  минтип  ойной  алчу  эмес.  Ал буга жол берчү эмес. Бирөө ушинтип тийишсе, ыркырап, түгү тик тура түшкөн соң, тигинин ойногусу да келбей калар эле. Ээси экөө тигинтип ойногону менен башка  иттер  сыяктуу  ар  ким  менен  ойной  берчү  эмес.  Ал  бир  гана  кишини жакшы көрүп, сүйүүсүн башкаларга тартуулагысы келчү эмес.

Ээси  атчан  көп  жүрчү  жана  мындайда  аны  коштоп  жүрүүнү  Ак  Азуу биринчи  милдети  катары  көрчү.  Түндүктө  кишилерге  берилгендигин  чана тартуу  менен  далилдечү,  мында  болсо  чана  деген  жок,  эч  ким  иттерге  жүк  да артпайт.  Ошондуктан  Ак  Азуу  ээсин  дайыма  коштоп  жүрчү  жана  ушинтип ээсине  берилгендигин  далилдөөнүн  жаңы  ыкмасын  тапты.  Ал  керээли  кечке кабагым-кашым  дебей  чуркап  жүрө  берчү.  Бөрү  желишке  салып  элүү  миль баскандан  кийин  да  чарчаганы  билинбей, аттын  алдында  зыпылдап  кете  берер эле.

Ак  Азуу  ушинтип  ээсин  коштоп  жүрүп,  сезимин  билдирүүнүн  үчүнчү жолун  үйрөнүп  алды,  бирок  таң  калыштуусу,  аны  өмүрүндө  эки  жолу  гана пайдаланды.  Бул  биринчи  жолу  ээси  таза  кандуу  азоо  атты  түшпөй  туруп дарбазаны  ачып-жабууга  үйрөтүп  жатканда  болду.  Канча  жолу  дарбазага жакындап келип, жабууга аракет кылса да, тиги чалпоо ат үркүп, кетенчиктей берди.  Барган  сайын  азоолонуп,  кош  аяктап  тура  калып,  ээси  теминип  койсо, мөңкүй  баштады.  Кабатыр  болуп  карап  турган  Ак  Азуу  бир  маалда  чыдабай кетип, атка жетип барды да, жаалдана үрүп жиберди. Ушундан кийин өзү канча аракет кылды, кожоюн да канча шыкактады, бирок болбой койду. Кийин дагы бир жолу үрдү, бирок анда ээси жанында жок болчу.  Бул  мындай  болду: талаада  чаап  баратканда,  ат  капыстан  чыга  калган коёндон  үркүп  кетип,  кожоюн  аттан  жыгылып,  бутун  сындырып  алды. Жинденген Ак Азуу тиги күнөөлүү атты тамактан аларда, ээси токтотуп калды.

— Үйгө бар! Үйгө!- деп кыйкырды ал бутунун сынганын билген соң.

Ак Азуу ээсин жалгыз калтыргысы келген жок. Тиги кат жазып берейин десе, жанында калем да, кагаз да жок экен. Ак Азууга үйгө бар деп кайра буйрук берди. Тиги болсо ээсин жалдырай карап, бир аз ары барган соң кайра келди да, акырын  кыңшылады.  Ээси  аны  эркелетип,  бирок  олуттуу  үн  менен  сүйлөштү. Ак Азуу кулагын тикчийтип, ынтаа коюп тыңдады.

— Эч  нерсе  болбойт,  үйгө  бар,  жаныбарым,-  деди  ал.  –  Үйгө  бар  да, ушундай болду деп айт. Бар, карышкырым, бара кой. Жөнө!

Ак  Азуу  «үй»  дегенди  билгени  менен  калганын  түшүнгөн  жок,  бирок эмне  деп  жатканын  боолголоп  билди.  Бурулду  да,  аргасыздан  жөнөдү. Тигиндейрээк барды да, кайрылып карады.

— Үйгө бар! – Ушул катуу буйруктан кийин гана ал баш ийип жөнөдү.

Ак  Азуу  келгенде  үйдөгүлөр  кечки  салкындан  ыракат  алышып верандада отурушкан эле. Ал чаңдан бопбоз болуп, акактап турду.

— Уидон келген го,- деди апасы.

Ак  Азууну  көргөн  балдар  кубанганынан  кыйкырышып, ага  асылышты. Ал  тигилерден  качып  веранданын  аркы  бурчуна  барды  эле,  кичинекей  Уидон менен  Мод  аны  бурчка  камап  алышты.  Тиги  болсо  бошонууга  аракет  кылып ыркырап жиберди. Скоттун жубайы коркуп карап калды.

— Балдар Ак Азуунун жанына барганда баары бир корко берем,-  деди ал.

– Кайсы күнү асыла кетет деп жаным жок.

Ак  Азуу  ыркырап,  эки  кичинекейди  ыргыта  коюп  бошонуп  чыкты. Апасы экөөнү чакырып алып соорото баштады жана аны жайына койгула десе болбойсуңар деп жатты.

— Бөрү баласы ит болбойт,- деди судья. Буга ишенгенге болбойт.

— Бирок  бул  чыныгы  карышкыр  эмес  да,-  деди  Бэт,  агасынын  ордун жоктотпой.

— Сен Уидондун сөзүн айтып жатасың,- деп каршы болду судья. –  Ал Ак Азууда иттин каны бар деп жүрөт, бирок бул божомол да. А түрүнө караганда…

Судья сөзүн бүтпөй калды. Ак Азуу ага келди да, каардуу ыркырады.

— Кет! Ордуңа бар!- деп катуу айтты судья Скотт.

Ак  Азуу  кожоюндун  аялына  бурулду.  Аны  көйнөгүнөн  тиштеп тартканда, жука неме айрылып кетти да, тиги кыйкырып жиберди. Баары Ак Азууну карап калышты. Ал башын бийик көтөрүп, тигилерди карай  берди.  Тамагы  титирегени  менен  эч  кандай  үн  чыгара  алган  жок.  Бир нерсе айтайын деп, бирок айта албай турган немедей болуп турду.

— Бул кутуруп кеткен жокпу?-  деди Уидондун апасы. –  Түндүктөн келген неме түштүккө чыдай албас бекен деп айткам мен Уидонго.

— Бул сүйлөп ийчүдөй болуп турат!- деп кыйкырды Бэт.

Ушул учурда Ак Азуу капыстан катуу үрүп жиберди.

— Уидонго бир нерсе болуптур,- деди аялы.

Бардыгы дүрбөп турушту, Ак Азуу болсо тепкич менен ылдый түштү да, тигилерди ээрчиткендей артын улам карап  коюп баратты. Ал өмүрүндө ушуну менен экинчи жана акыркы жолу үрдү, бирок оюн түшүндүрдү.

Ушул  окуядан  кийин  Сиерра-Вистадагылар  Ак  Азууну  сыйлап калышты,  ал  турсун  баягы  колун  каап  алган  атчы  да  Ак  Азуу  карышкыр болгону менен акылдуу ит экен деп жүрдү.  Судья Скотт баягы оюнан кайтпай, өз  пикирин  далилдеш  үчүн  элдин  баарын  нааразы  кылып,  энциклопедиядан жана зоология боюнча китептерден далилдерди келтирди.

Күн артынан күн өтүп, Санта-Клара өрөөнү күн нуруна мемиреп турду. Күн кыскарып, Ак Азуунун түштүктөгү экинчи кышы жакындап калганда, таң каларлык  окуя  болду:  Ак  Азуу  Коллинин  тиши  мурдагыдай  курч  болбой, оорутпай калганын туйду. Овчарканын мурунку кылыктары эсинен чыгып, аны менен олдоксон ойной турган болду.

Бир  күнү  Колли  экөө  шалбаада  ойноп  жүрүп,  бир  маалда  тиги  аны токойго азгырып алып кетти. Кожоюн бүгүн атчан сейилге чыкмак, Ак Азуу да мындан  кабардар  эле,  анткени  токулуу  ат  эшикте  байланып  турган.  Бир  аз кыйылды.  Эмнегедир  бардык  мыйзамдардан,  бардык  көнүмүш  адаттардан,  ал турсун кожоюнга болгон сүйүүсү менен жашоо кумарынан да күчтүү бир сезим бийлеп  турду.  Колли  тийишип  качкан  соң  олку-солку  болгону  унутулуп, артынан  кетти.  Ал  күнү  кожоюн  сейилге  жалгыз  чыкты,  Ак  Азуу  болсо  бир кезде  Түндүктүн  жымжырт  токоюнда  энеси  Кичи  Жалгыз  Көз  менен  жанаша чуркагандай Колли менен жанаша чуркап жүрдү.

V бап. Үргүлөгөн карышкыр

Ушул учурда гезиттерде Сан-Квентин түрмөсүнөн мыкаачылыгы менен аты  чыккан  бир  кылмышкердин  качканы  тууралуу  кабарлар  пайда  болду. Жатында жатканда эле маңдайы тайкы болуп, төрөлгөндөн кийин да жакшылык көрбөгөн бул адам таш боор чөйрөгө туш болуп, биротоло жырткычка айланып калган неме болчу. Анын кебетеси кишидей болгону менен айбандан айырмасы жок эле жана аны башкача атоого да мүмкүн эмес болчу.

Сан-Квентин түрмөсүндө аны  оңолбойт деп эсептешчү. Эч кандай жаза анын  өжөрлүгүн  койдура  алган  жок.  Акыркы  демине  чейин  тажаалдана каршылык көрсөтүп, эч жеңилчү эмес. Ал канчалык каршылык кылган сайын, коом ага ошончолук катаал мамиле жасап, тиги болсо ого бетер көжөлө берди. Байлама  көйнөк,  ачкалык,  уруп-согуу  таасир  берген  жок  жана  Жим  Холл жашоодон  мындан  башка  нерсени  көрбөдү.  Сан-Францисконун чалдыбарында  өткөн,  коом  кандай  калыпка  салса  ошондой  боло  турган  бала кезинен тарта ага ушундай мамиле жасашты.

Жим  Холл  үчүнчү  жолу  түрмөгө  отурганда,  өзүнө  окшогон  бир  айбан кароолчуга туш болду. Тиги аны куугунтуктап, каралай бергендиктен, түрмөнүн болор-болбос  жеңилдиктеринен  да  куру  калды.  Алардын  болгон  айырмасы ушул  эле:  тигинин  бир  боо  ачкычы  менен  револьвери  бар  болчу,  ал  эми  Жим Холлдун  колу  менен  тишинен  башка  эч  нерсеси  жок  эле.  Бир  күнү  ал кароолчуга  капыстан  кол  салып,  чытырман  токойдогу  жапайы  жырткыч сыяктуу тамактап койду.

Ушундан  кийин  Жим  Холлду  бир  кишилик  камерага  которуп  коюшту. Мында  ал  үч  жыл  жатты.  Камеранын  асты-үстү,  капталы  бүт  темир  менен капталуу болчу. Үч жыл бою бир да эшикке чыккан жок, асманды, күндү бир да жолу көргөн жок. Күндүн ордуна камерада күүгүм турду, түндүн ордуна көөдөй болгон  жымжырт  караңгылык  турду.  Ал  темир  көрдө  жатты.  Бир  адамдын жүзүн  көргөн  жок,  бир  ооз  сүйлөшкөн  жок.  Тамак  беришкенде,  кадимки жапайы  айбандай  ыркырачу.  Бүт  дүйнөнү  жек  көрчү.  Каарына  чыдабай  күнү-түнү улучу, анан жумалап, айлап көрдөй караңгыда үн катпай отурчу. Анан  бир  түнү  эптеп  качып  чыкты.  Күзөтчү  бул  мүмкүн  эмес  деп безилдегени  менен  камера  бош  эле,  кароолчу  болсо  босогодо  өлүп  жатыптыр.

Кылмышкердин сырткы дубалга карай кеткен жолунда дагы эки кишинин өлүгү жатыптыр, бул үчөөнү тең ал куралсыз колу менен шырп алдырбай өлтүрүптүр. Өзү өлтүргөн күзөтчүлөрдүн куралдарын алып кеткен Жим Холл тоодо бекинип жүрдү. Анын башы өтө чоң алтын акчага бааланды. Куралданган ач көз фермерлер  анын  артынан  түшүштү.  Анын  акчасы  менен  күрөөгө  коюлган мүлкүн кайра алууга же уулун колледжден окутканга болот эле. Милдетибизди аткаралы  деп  шыктанган  жарандар  да  аны  издеп  жүрүштү.  Тыңчылар  үйүрү менен анын кандуу изине түшүштү. Ал эми мамлекеттен айлык алган тыңчылар болсо  күнү-түнү  тыным  албай,  телефон  чалып,  телеграмма  жиберип,  атайын поезддерде жүрүштү.

Жим  Холл  кээде  куугунчулардын  көзүнө  чалдыга  калып  жүрдү. Мындайда  эрте  мененки  тамак  учурунда  гезит  окугандар  тигилердин  коркпой бетме-бет  барышканын  же  туш-тарапка  качышканын  ыракаттанып  окушчу. Мындай  кагылыштардан  кийин  өлгөндөр  менен  жарадар  болгондорду ооруканаларга таратышчу да, алардын ордун башкалар ээлешчү. Анан  эле  Жим  Холл  дайынсыз  жок  болуп  кетти.  Аны  издеп  жүрүп тыңчылардын  тамандары  тешилди.  Алыскы  өрөөндордө  куралчан  адамдар бейкүнөө фермерлерди кармап алышып, ким экенин текшерип жүрүштү. Ал эми Холлдун  башына  коюлган  акчага  кызыккандар  анын  өлүгүн  тоолордон  ондон ашык жолу табышты.

Гезиттерди  Сиерра-Вистада  да  окушуп,  бир  жагынан  кызыгып,  бир жагынан  чочулап  жүрүштү.  Аялдар  коркуп  калышты.  Судья  Скотт  сыр алдырбай аларды тамашалап калчу, анткени кызматтан кетерден бир аз мурун Жим Холлду соттоп, өкүм чыгарган болчу. Ошондо Жим Холл сот залындагы элдин  алдында  ушул  өкүмдү  чыгарган судьядан  өч  ала турган  күн  да  келерин айткан эле.

Бул жолу Жим Холлдун күнөөсү жок болчу.  Аны ак жерден соттошту. Уурулар  дүйнөсүндө  жана  полиция  чөйрөсүндө  муну  «түрмөгө  тыгуу»  деп коюшчу.  Жим  Холлду  кылбаган  кылмыш  үчүн  «түрмөгө  тыгышты».  Судья Скотт  мурун  эки  жолу  соттолгонун  эске  алуу  менен  аны  элүү  жыл  түрмөгө кесип жиберди.

Судья  Скотт  иштин  көп  жагдайларын  билген  эмес  жана  сүйлөшүп алышкан  полиция  кызматкерлеринин оюнуна  эрксизден  катышып  калганынан, көп  далилдер  бурмаланганынан,  Жим  Холлдун  бул  кылмышка  тиешеси жоктугунан  күмөн  да  санаган  эмес.  Жим  Холл  болсо  судья  Скоттун билбегендиктен  ушундай  кылып  жатканын  билген  эмес.  Судья  баарын  билет, ушундай  өкүм  чыгарган  соң  тигилер  менен  бир  турбайбы  деп  ойлогон. Ушундан  улам  судья  Скотт  өлүм  жазасынан  бир  аз  гана  айырмасы  бар  элүү жылдык  өкүмдү  окуганда,  ансыз  деле  бул  дүйнөнү  жек  көрчү  Жим  Холл кутуруп кеткен немедей ордунан атып туруп, көк мундирчен душмандары жерге басып жыгылганча жинденген. Баарын кылган судья Скотт, мен андан сөзсүз өч алам  деп  кыйкырган.  Анан  Жим  Холл  түрмө  камерасына  тирүүлөй  көмүлгөн жерден качып кетпедиби…

Мунун  баарынан  Ак  Азуунун  кабары  жок  болчу.  Бирок  кожоюндун аялы Элис экөөнүн бир сыры бар эле. Сиера-Виста уйкуга кеткенде Элис келип, Ак Азууну холлго киргизип койчу. Үй ити болбогондуктан, таң ата эч ким тура электе кайра келип, эшикке чыгарып жиберчү. Ушундай  түндөрдүн  биринде  Ак  Азуу  ойгоо  жатты.  Үйдөгүлөрдүн баары уйкуда эле. Бир маалда тумшугун акырын көтөрүп, бейтааныш кудайдын жытын сезди. Анан анын басып келатканын сезди. Ак Азуу үргөн жок. Мындай адаты  жок  болчу. Бейтааныш кудай  акырын келатты, Ак Азуу  болсо  эч  шырп алдырган жок, анткени анын денеге тийип, шуудурай турган кийими жок болчу.

Жапайы Түндүктө эчен жолу аң уулап жүрүп, күтүүсүз кол салгандын кадырын билчү. Бейтааныш  кудай  тепкичтин  жанына  жеткенде  токтоп,  кулак  түрө тыңшап калды. Ак Азуу катып турду. Эмне болор экен деп күтүп калды. Тепкич коридорго  алып  барчу,  анда  болсо  кожоюн  менен  анын  жакындарынын бөлмөлөрү бар. Ак Азуу тишин арсайтканы менен унчукпай турду. Бейтааныш кудай бутун көтөрүп, тепкичке койду да, жогору чыкмак болду. Ушул  учурда  Ак  Азуу  ага  секирди.  Эскерткен  да  жок,  ыркыраган  да жок.  Денеси  абада  каалгый  түштү  да,  бейтааныш  кудайдын  артына  барып тийди. Далысына асылды да, мойнуна тиштерин матырып, дароо жыкты. Экөө тең жыгылды. Ак Азуу четке ойт берди да, тиги турайын дегенде кайра асылып, кайра моюндан алды.

Үйдөгүлөр  корккондон ойгонуп  кетишти.  Тепкич  жактан  бир  үйүр  айбан алышып жаткандай үндөр угулду. Анан револьвер удаасы менен атылды. Кимдир  бирөөнүн  корккондон  чаңырган  үнү  угулду.  Анан  иттин  аркыраганы угулду. Айнектер шаңгырап сынып, эмеректер кулап жатты. Бирок  ызы-чуу  тез  эле  басылып  калды.  Үч  мүнөткө  да  жеткен  жок. Үйдөгүлөр коркуп, тепкичтин башында турушту. Төмөндөгү караңгылыктан аба суунун  бетине  чыгып  жаткандай  чулпулдаган  үн  угулуп  жатты.  Кээде  ал ышылдаган, ал турсун ышкырган үнгө айланып  кетип жатты. Бирок бул да тез эле басылып, караңгыдан бирөөнүн оор дем алып жатканы гана угулуп калды.

Уидон  Скотт  кнопканы  басты  эле,  тепкич  менен  холл  жапжарык  боло түштү.  Анан  судья  Скотт  экөө  револьверлерин  даяр  кармап,  ылдый  түшүштү. Бекер  эле  сактанышыптыр,  көрсө,  Ак  Азуу  ишти  алда  качан  эле  бүтүрүп коюптур.  Кулаган  эмеректердин  арасында  бетин  баскан  бирөө  жатыптыр.

Уидон  Скотт  эңкейип,  тигинин  колун  алып,  чалкасынан  салды.  Тамагындагы аңырайган тешик анын эмнеден өлгөнүн айтып турду.

— Жим Холл!- деп жиберди судья Скотт. Анан ата-бала тиктеше түштү.

Ак  Азууну  карашса,  ал  капталынан  жаткан  экен.  Жумулган  көзүн тигилер эңкейгенде бир аз ачып, өйдө караганга аракет кылып, куйругун кичине кыймылдатымыш болду. Уидон Скотт аны сылады эле, жооп кайтарып кичине ырылдады. Анысы араң чыгып, дароо эле үзүлдү. Көзү жумулуп, денеси жайыла түштү да, сулайып жатып калды.

— Ишиң бүткөн экен, байкушум,- деп кобурады ээси.

— Аны көрө жатарбыз,- деген судья телефонго карай жөнөдү.

— Чынын айтканда, миңден бир гана мүмкүнчүлүгү бар,-  деди Ак Азуу менен бир жарым саат алпурушкан хирург.

Терезеден  тийген  күндүн  алгачкы  нурлары  электр  жарыгын  жеңип баратты. Балдардан башканын баары хирург эмне дээр экен деп топтолуп күтүп турушту.

— Арткы бут сынган,-  деп  улантты  ал.  –  Кабыргадан үчөө  сынып, бери болгондо бирөө өпкөгө кирип кеткен. Кан көп кетип калыптыр. Сыягы, ичинде да бар, анткени муну тебелеген окшоп турат. Мен үч ок тийип, чыгып кеткенин айткан жокмун. Миңден бир десек, аша чапкандык болор. Он миңден бир   десек туура болот ко.

—  Ошол  мүмкүнчүлүктү  да  колдон  чыгарбайлы!-  деп  жиберди  судья Скотт.  –  Айткан  акчаңызды  берем!  Керек  болсо,  рентгенге  салыңыз.  Уидон, дароо  Сан-Францискодогу  доктор  Никольско  телеграмма  жөнөт.  Сиз таарынбаңыз, доктор, биз сизге ишенебиз, бирок бул ит үчүн колдон келгендин баарын жасаш керек.

Хирург түшүнгөндөй жылмайды.

— Албетте, албетте. Мен түшүнөм, бул ит ага татыктуу. Муну кишидей, оорулуу  баладай  караш  керек.  Температурасын  карап  тургула.  Мен  саат  ондо кайра келем.

Ак  Азууну  кишидей  карашты.  Судьянын  кыздары  башка  бирөөнү жалдасакпы дегенге нааразы болушуп, өздөрү карай башташты. Анан Ак Азуу баягы хирург ишенбеген жашоо мүмкүнчүлүгүн сууруп чыкты. Бирок  хирургду  да  күнөөлөй  бергенге  болбойт.  Ал  өмүр  бою адамдардын  цивилицациясынан  улам  назик  болуп  калган  иттерди  дарылап келген.  Ак  Азуу  менен  салыштырганда  алардын  баары  алсыз,  чабал  болуп, жашоо үчүн тырмыша алчу эмес. Ак Азуу болсо жапайы Түндүктөн чыккан ит болчу, ал жерде  чабалдыкка  жол  берилбейт,  алсыздар дароо  жок болот.  Анын атасында да, энесинде, андан мурунку муундарда да алсыздык деген жок болчу.

Жапайы  Түндүк  Ак  Азууга  темирдей  организм  менен  чыдамкайлыкты  мурас кылып  берип,  эми  ал  мурун  ар  бир  тирүү  жанга  мүнөздүү  болгон  өжөрлүк менен жашап кетейин деп тырмышып жатты.

Бекем таңылган таңуулар менен гипстен улам былк эткенге чамасы жок Ак  Азуу  узак  жумалар  бою  өлүм  менен  алышты.  Узак  сааттар  бою уктаган  неме  көп  түш  көрүп,  баш-аягы  жок  Түндүктүн  элестери  өтүп  жатты. Мурункулардын  баары  кайра  жанданып,  Ак  Азууну  туш-тарабынан  курчап алды.  Мына,  Кичи  менен  баягы  үңкүрдө  жатышат;  бүткөн  бою  калтырап  Боз Кемчеттин  аяк  алдына  сойлоп  баратат,  анан  эле  Лип-Лип  менен  ажылдаган күчүктөрдүн үйүрүнөн жан талашып качып бараткан болот. Ачарчылык  маалында  жымжырт  токойдун  ичинде  аң  уулап  жүрөт; мына, ал чанага чегилген иттердин алдында баратат, капчыгайга кире бергенде иттер  желпүүр  сыяктуу  куушурулуп,  аралаша  түшөт  да,  арттан  камчынын ышкырыгы  жана  Мит-Са  менен  Боз  Кемчеттин  «Раа!  Раа!»  деп  кыйкырганы угулат. Баягы Сулуу Смиттин колунда жашап жүргөн күндөрүн, өзү катышкан уруштардын  баарын  көрүп  жатты.  Мындай  учурда  Ак  Азуу  кыңшылап, ыркырап жиберчү да, жанында отурган кишилер жаман түш көрүп атат окшойт деп калышчу.

Бирок баарынан жаман бир азаптуу түш бар эле: анын түшүнө чаңырган сүлөөсүнгө  окшоп  качырып  келаткан  эбегейсиз  зор  трамвайлар  көп  кирчү. Мына,  Ак  Азуу  тыйын  чычкандын  жерге  түшүшүн  күтүп,  бадалда  бекинип жатат.  Эми  секиргенде,  тыйын  чычкан  заматтын  ортосунда  тоодой  болгон трамвайга  айланып  кетет  да,  коркунучтуу  ышкырып,  ага  карай  от  бүркөт. Асмандан  кудуп  түшкөн  карчыга  да  келатып  эле  трамвайга  айланып  кетчү. Мына,  ал  баягы  Сулуу  Смиттин  кашаасында  отурат.  Топтолгон  элден  улам уруш  болорун  билип  турат.  Эшикти  карап,  уруша  турган  итти  күтөт.  Эшик ачылат да, баягы коркунучтуу трамвай качырып келаткан болот. Ушул азаптуу түш  күн  сайын,  түн  сайын  кирип,  Ак  Азуу  аны  көргөн  сайын  жаны  чыгып коркуп кыйналчу.

Акыры акыркы таңуу менен соңку гипсти ала турган күн да келди. Бул салтанаттуу күн эле. Бүт Сиерра-Виста чогулду. Кожоюн анын кулагын кашып, тиги  болсо  баягы  эрке  ырылдагын  баштады.  Кожоюндун  аялы  аны  «Ыйык Бөрү» деп атады. Бул элге абдан жагып, аялдар «Ыйык Бөрү! Ыйык Бөрү!» деп кайталап кыйкырып жатышты.

Ал  эптеп  турайын  деп  аракет  кылды,  бирок  кайра  жатып  калды.  Узак жаткандыктан, булчуңдары күчүн жоготуп коюптур. Ал кудайлардын алдында айыптуу  болгон  немедей  алсыздыгынан  уялып  кетти.  Болгон  күчүн  жыйнап туруп, төрт аягына турду, бирок ары-бери теңселе берди.

— Ыйык Бөрү!- деп жапырт кыйкырып жиберишти аялдар.

Судья Скотт аларга салтанаттуу карады.

—  Туура  айтасыңар!-  деди  ал.  –  Мен  да  муну  дайым  айтчумун.  Ак Азуунун кылганын эч бир ит кыла алмак эмес. Бул деген бөрү.

— Ыйык Бөрү,- деп оңдоду миссис Скот.

— Ооба,  Ыйык  Бөрү,-  деп  макул  болду  судья.  –  Мындан  ары  мен  муну ушундай деп атайм.

— Эми  буга  басышты  кайрадан  үйрөнүш  керек  болот,-  деди  хирург.  – Азыр эле баштай берсин. Эми баса берсе болот. Эшикке алып чыккыла.

Ак Азуу эшикке чыкты, анын артынан королду ээрчигендей бүт Сиерра-Виста чыкты. Алы кетип, шалбаага жеткенде, чөпкө жатып, бир аз эс алды. Анан процессия ары карай жылды, Ак Азуу баскан сайын денесине кан жүгүрүп,  булчуңдарына  күч  кирип  баштады.  Атканага  жеткенде,  дарбазанын жанында Колли жаткан экен, жанында алты күчүк бойтоңдоп ойноп жүрүптүр.

Ак Азуу аларды таң калып карап калды. Колли ырылдап жиберген соң, обочолой  түштү.  Кожоюн  чөптө  сойлоп  жүргөн  бир  күчүктү  буту  менен  аны көздөй түртүп койду. Ак Азуу үксүйө түштү эле, кожоюн жоошутуп койду. Бэт кармап турган Колли андан көзүн айырбай, ыркырап эскертип турду.

Күчүк сойлоп Ак Азууга келди. Тиги болсо кулагын тикчийтип, кызыга карап  калды.  Анан  экөөнүн  мурундары  тийише  түштү  да,  Ак  Азуу  тигинин жылуу  тили  менен  жаагын  жалап  жатканын  туйду.  Анан  өзү  да  эмне  болуп кеткенин билбей тилин чыгарып, күчүктүн мурдунан жалап койду.

Кудайлар  буга  кыйкырып,  кол  чаап  жиберишти.  Ак  Азуу  буга түшүнбөй, аларды таң кала карады. Анан кайра алы кете түштү да, жерге жата кетип, башын капталынан коюп, күчүктөрдү карады. Калган күчүктөр да сойлоп келип  калышты.  Коллинин  нааразы  болгонуна  карабай,  алардын  аркасына чыгып,  кайра  кулап  түшкөнүнө  көнүп  берди.  Адегенде  кудайлардын  кол чапканынан  уялып,  ыңгайсызданып  турду.  Бирок  бул  тез  эле  өтүп  кетти.

Күчүктөр ойноп жатышты, Ак Азуу болсо күнгө талыкшып, көзүн чала жуумп, үргүлөп кетти.

Англисчеден которгон Таалайбек АБДИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *