Абдыкерим МУРАТОВ

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата

Ислам дининде адамдын ыймандуулугун билүүнүн бир ченеми анын кошунасына кылган мамилеси менен аныкталат.

Мухаммед пайгамбарыбыз хадистеринде: «Силерге коңушуларыңыздарга жакшылык кылууну буйрамын», — деп айтат. Жакшы кошуна жандын ырахаты, жаман кошуна бир өмүрүңдү өкүнүчтө өткөргөндүк. Гөрүңдө да кошунаң тынч болсун делет. Кошунаң тынч болбосо сенде да тынччылык болбойт, кошунаң ачка болсо сенин тамагыңдан оокат өтпөйт. Дин китептеринде кошунага урмат, ызат, сый менен мамиле кылуу керектиги айтылат.

Чыгыштын раваяттарынын бирине кулак төшөңүз: Иран шахынын Абдулла ысымдуу бир акылман увазири болуптур. Бир жылдап өкүмдар астына келбей, башка бир иштер менен алаксып, убакыт бөлө албай жүрдү. Ушул кезде бийликте, жалпы эле элде ыдыроо башталды.

Бир күнү ал падыша астына бараткан, алдынан көпчүлүк торой чыгып, ороп калды. А түгүл алардын ичинен бейадеп бирөөсү келип увазирдин сакалынан жулкулдатып тартты. Калк ошол кишинин каарынан сүйгөн увазирин куткарып калды. Увазир болгон ушул ишти келип падышага айтты, калк менен эсептешүү керектигин түшүндүрдү жана жанагы бейадеп кишини жазалабай эле коюу керектигин да эскертти.

Ошол ошол болгон, эртеси таңында бир соодагер Абулланын алдына келди да увазирге минтип айтты:

— Кечээ күнү сиздин сакалыңызды жулмалап азар берген адамдын ким экендигин айтканы келдим. Ал – менин кошунам, аты – Садык. Сиз аны чакырып катуу жаза беришиңиз керек!

Абдулла соодагерди чыгарып ийип, кечээги сакалга асылган кишини – Садыкты чакыртты. Ыраң-башы купкуу Садык бүшүркөп, чочуп увазир алдына келди да, кечээги күнөөсү үчүн кечирим берүүнү ылтымас кылып увазирдин аягына жыгылды. Абдулла Садыкты ыракым кыла, сүйөп тургузуп минтти:

— Сени мен жазалоо үчүн эмес, кошунаңдын жарыбаган киши экенин билдирип коюу үчүн чакырдым. Сенин соодагер кошунаң чагымчы, жалаакор адам экен. Мага келип сенин үстүңдөн чагымчылык кылды. Бар, үйүңө бар да, өзүңө этият бол, анткени сенин жаныңда эң жаман жалаакор, чагымчы кошунаң жашап атыптыр!

Бул баян кошунасы жаман киши дайыма коркунучта күн кечирет деген ибаратты каңкуулайт.

Хадистерде насаатталат: «Түбөлүк жашай турган жайда жаман кошуна болуудан сактангыла, талаадагы кошуна бир аз убакыттан кийин эле кетип калат».

Абу Хамид Газзалий (1058-1111-жылдарда Иранда жашаган аалым жана ойчул) «Насихат ул-мүлк» деген китебиндеги баяндардын биринде мындай раваят келтирет: Нуширвани Адыл заманында бир адам кошунасынын тамаркасын сатып алат. Күндөрдүн биринде бакчасында иштеп атып дарак астынан көмүлгөн карапа таап алат, анын ичинде казына бар экен. Тамаркасын саткан кошунасынын алдына барды да карападагы казынаны анын алдына коюп минтти:

— Бакчадан мен ушул казынаны таап алдым. Аны мен көмгөн эмесмин. Аны сен көмгөн болушуң керек. Ошон үчүн бул казына сеники болуш керек, ме, ал!

— Жок, — деди кошунасы, — тамарканы жери, бак-дарагы – бүт баары менен сага саткамын, ал – сеники, демек, казына да – сеники.

Экөө казына жөнүн чече албай көпкө ары-бери тартышты, аны эч кимиси албады. Анан эрчишип акылман Нуширвани Адылга барышты. Экөөнүн жөн-жайын шашпай угуп, кошуналардын кайра өздөрүнө муражаат кылды:

— Силердин перзентиңер барбы?

— Бар! — дешти алар.

Биринин уулу, экинчисинин кызы бар эле.

— Экөөң кудалашкыла да, казынаны келин менен күйөөгө тартуу кылгыла, — деди Адыл.

Ошентип байлык адилет бөлүндү, анткени алар адилет кошуналар экен.

А азыр уруштун эң көбү кошуна менен кошуна ортосунда болот. Жер талашат, балдарына болушат, сенин дарагыңдын көлөкөсү менин жериме түштү дегендей эле майда сөздөн бет карашпай калат.

Менин балалыгымда мындай бир окуя болгон деп айтат бирөө: колхоз айылдагы жерлердин баарын кайра тартып, канча жан бар, ошого карап 20 сотыхтан кылып бөлө баштады. Биринин жери бирине өтүп эле эл ызы-чуу түшүп калды. Биздин болсо бой жеткен төрт-беш түп өрүктөрүбүз болор эле, ошолор кошунабызга өтүп кетти. Эмне кылабыз, акыры биз эрте жаздан тээ сары күзгө чейин ошол өрүктөрдүн арасынан чыкпайт элек, анын кургатып кагын жейт элек, чоң энем менен атама андан бетер ыйык эстелик-мурас болсо керек эле. Иши кылып оор окуя эле. Бирок биз балабыз, чоңдор да унчукпады. Тагдырга салып тура беришти. Кошуналар кыркып салды. Кыйын болду. Бир топ жыл өтпөй балдар көбөйдүбү же жерди көбөйттүбү, билбейм, айтору, жанагы өрүктөрдүн орду кайра бизге кыркылып берилди. Бирок өрүктөр жок эле. Ушундай кыйын кез болсо да кошунага кылапат сөз айтпаган энемдин, атамдын, апамдын эрдигине таң калам.

Мен досумдун ушул сөздөрүнөн кийин айылдагы атамды эстейм: атам тамаркабыздын кошуналар турган жагына терек эктирчү эмес, теректин тамыры боюндай таркап, кошунанын жеринен азык алып калат, көлөкөсү да ошолордун эгинине түшүп, өстүрбөй коет деп. Ал эми биздин кайноолу, шабдоолу, гилас, өрүк, алма бактарыбыздын мөмөсү кошунанын дубалынан ары ашып турса, бизге алдыртчу эмес, ал кошунанын акысы дечү, а түгүл өзү терип алып барып берип атканына да далай жолу күбө болгонбуз.

Айылыбызда Эркин эже деген эткээл апабыз бар эле. Ала жаздан үйгө каттай баштачу. «Акчолпон, быйыл мени менен чык!» дечү. Күндө, күн алыс келип айта берчү. Анысы энебизди жайлоого – Көк-Дөбөгө бирге чыгалы, чогуу конуш жайлайлы дегини эле. Эркин эже кымызсыз жүрө албаган үчүн сөзсүз жайлоого чыкчу, анан аны менен кошо чыкканды каалагандар көп эле табылчу, бирок ал менин энемди гана кошуна кылганга кызыкдар эле. Башка бирөөлөргө «Быйыл Акчолпон экөөбүз кошуна болобуз» деп айтып, аларды качырып койчу. Көрсө, кошуна тандоо деген да бир чоң иш, талант-жөндөм белем.

Мухаммед пайгамбарыбыздын хадистеринде айтылат: «Кишинин он аялды зина кылган (ойноштук кылып бузуп койгону – М.А.) азабы кошунасынын аялы менен зина кылганынан жеңилдир. Кишинин он үйдөн уурулук кылганы кошунасынын үйүнөн уурулук кылганга караганда жеңилдир». Буерде, албетте, зина кылыш, уурулукка барышты актап аткан жок, буерде кошунага кол салуу ушунчалык бир оор күнөөлөрдүн эң оору экенин эскертип атат.

Мухаммед Арфий «Жамий ул-хакоят» китебинде жазат: Абдурахман Авзоий арапа күнү (ай башы) кечкурун үйдө отурган. Бирөө эшигин каккылайт. Чыгып караса – кошунасы. Ал колу жука жана перзенти көп киши эле. Жалынычтуу, муңайым суранат:

— Урматтуу кожом, мына эртеге айт келип калды. Менде болсо ага карата кара чака да каражатым калбады. Бир аз пул берип тура алар белеңиз?

— Кана сүрүштүрүп көрөйүнчү? — Ал эшигин ачык калтырып аялынан сурады. Аялы «болгону жыйырма беш дирхам акчабыз бар, мейли жарымын кошунага берели да, жарымын эртең өзүбүз айттайылы» деген сунушун ортого салды.

— Жок! — деди ал аялына, — кошунага акчанын баарын берели, ушундай кылсак анын сообунун бир бөлүгү баары бир бизге тиет.

«Жанындагы кошунасы ачка турса өзү тойгон адам мусулман эместир» делет пайгамбар осуяттарында.

Илгери кыргызда мергенчилер уудан кайтканда шыралга деп азыгынын алгачкысын кошуналарына ооз тийгизген. «Кожожаш» дастанынын башкы каарманы Кожожаш мерген кырк үйлүү кытай уруусун кайберен эти менен багат эмеспи, кырсыктуу ошол жүрүшүнүн алдында анын Зулайкага үйлөнүп, мергенчиликке чыкпай калганына ошол кийик этин жеп кынык алган кошуналары жини келип, сөз айтып, анан аттантат эмеспи. Демек, мифологиялык-тотемдик доордо да кошуналарды багуу эр-жигиттин мойнундагы карызы болгон.

Кошуна «жан кошуна», «акыркеттик кошуна», «кыяматтык кошуна», «кыбыла жактагы кошуна» дегендей жакындыкты билдирген сыпаттоолор менен ардакталат. Конок чакырсаң, той берсең кошунаны аттап кетүү адепсиздик болот, үйүнө киши чакырууну дал ошол кошунаңдан башта, жакшылык ишти ойлонуштурсаң кошунаң менен кеңеш.

Кошуналардын бир окуясын Мавлана Жалилиддин Руми мындай бир күлкүлүү жоруктары менен кыябына келтире баяндап берген экен, аны сиз да окуп көрүңүз:

Көсөм келип, бир дүлөйгө кеп айтты:
«Коңшуң ооруп, үйдө жатат», — деп айтты.
Керең башта такылдатты таңдайын:
«Кулак укпайт, кантип сурайм ал-жайын?!»
Бирок кайра: «Уят укса кимде ким,
Барам, — деди, — бул коңшулук милдетим!
Эшитпесем мейли, тайбай күчүмөн,
Эринине карап, сөзүн түшүнөм!»
«Ал-абалың кандай?» десем оболу,
Ал жооп берет: «Шүгүр, маанай жогору!»
Анда: «Жакшы! Эмне жедиң?» дегенде,
Ал мындай дейт: «Ботко арбын жегенге!»
«Аш болсун!» деп андан ары билгени,
Аста сурайт: «Дарыгериң ким деги?!»
Ал ошондо атын атайт табыптын,
А мен айтам: «Эң мыктысын табыпсың!»
Дароо минтип кошумчалайм артынан:
«Демек сени, айыктырат дартыңан!»
Ошентип ал собол-жообун жаттады,
Оорулуунун улагасын аттады:
«Оо, кошуна, ал-жай кандай, дуруспу?
Оору десе, таштап келдим жумушту.
«Абал начар, өлүп барам кыйналып!»
«Абдан жакшы!» — деди керең жылмайып.
Кудай урган, душманбы?! — деп кайдагы,
Курган кесел тишин катуу кайрады.
Эшитпесе дүлөй кантсин, бу затты,
Эрдин тиктеп, да бир собол узатты:
«Эмне жедиң?» Кесел айтты: «Уу жегем!»
«Ээ, аш болсун! Сонун тамак бу деген!»
Анан аста: «Дарыгериң ким?» деди,
«Азирейил!» — деп оорукчан жиндеди.
Керең анда тил безеди эрип бир:
«Кудай жалгап, эң мыктысы келиптир!»
Дароо кайра сөз улады артынан:
«Демек сени, айыктарат дартыңан!»
Кесел кантсин, көздөрүнөн жаш акты,
Кабар алган кошунасын ашатты.
Укпаган соң эрдин тиктеп көбүнчө,
Укмуш ойго батты керең өзүнчө:
«Аткаралдым милдетимди ачыгы,
А кошунам кубангандан жашыды».
Жарыктык ай, жандүйнөсүн муң чалып,
Жатып калса кесел «отту курчанып»,
Дүйнөң түшкүр, иш кылгансып өнүмдүү,
Дүлөй кайтты өз үйүнө көңүлдүү.
(Которгон Алтынбек ИСМАИЛОВ)

Бул баянда кошуналык милдетин аткаруу үчүн барган оорулууну көргөн киши менен кесел адамдын мамилесинин бузулушунун жөнөкөй кырдаалы жакшы баяндалат. Кошуналык алака-катыш ушулардан эле бузулуп, ушинтип эле доо кетет.

Кошуначылык – күндө бир нече жолу көрүшүп, бир нече жолу саламдашып турган адамдардын территориялык гана эмес, алардын руханий да биримдиги.

Ошон үчүн кыргыздар «Жакшы кошунаң – бөксөрбөгөн казынаң», «Там тандабай, кошуна танда» дейт.

Айылга бирөө жаңыдан көчүп келип атса, кошуналар «Кошунуңар куттуу болсун» деп өрлүктөп келген, б.а. тамак-аш алып келген, кой союп коноктошкон, үй чарбасына керектүү буюмдарын берген, отун жагып, жүктөрүн түшүрүшкөн. Көч келе жатканда кошуналар айран, кымыз, нан, каймак, май, жарма ж.б. даамдарын алып чыгып тосуп алган. Боз үйүн кайда тигүү керек, сууну кайдан алуу керек, бейшептегени кайсыл жакка баруу керек, малды кайда жаюу керек, кыскасы, баарын түшүндүрүп берген.

Кыргыздардын байыркы салттары менен чоңойгон, аны биздин күндөргө чейин алып жүрүүчү Ч.Айтматовдун «Ак кемесиндеги» Момун чал эмнеге кийийт, кошуналардын мамилесинин бузулгандыгына кейийт: «Бир чоң тамда, бирок көчүк айлангыс кичинекей бир бөлмөдө турат экен. Бир тамда көп түтүн эл турат экен да, эшикке чыкса, бирин бири тааныбайт, тим эле базарда жүргөндөй. Саламдашуу жок, кол баштыгын көтөрүп үй-үйүнө кирери менен эшигин бекитишет. Камакка салып койгонсуп, ошо бойдон жашай беришет. Күйөө балабыз шопур экен, деди таятасы, автобусу менен көчөмө көчө кыдырып, эл ташыйт экен. Таң заардан кетип, каш карайганда келет. Иши абдан оор окшойт бечаранын. Кызым көзүнүн жашын тыя албай ыйлады дейт, тагдыр ушул экен, кечирип кой дептир. Жаңы үйгө кезек алышыптыр. Качан тиери белгисиз. Жаңы үй тийгенде, эри каршы болбосо, баламы колума алам дептир. Азырынча силердин колуңарда тура турсун дептир. Бушайман тартпа, дейт анда таятасы, эриң экөөңөр ынтымакта болсоңор, калганын кудай өзү кем койбос. Балаңан убайым тартпа. Көзүм барда эч кимге бербейм. Кудай колдосо, тирүү жан өз жолун таап кетет… — дептир таятасы».

Ошентип кошуналык мамилеге доо кетирген социализм, шаар байыркы кыргыздарга өөн көрүнөт, тескери көрүнөт.

Жапондордун Сайгё (1118-1190) деген акыны өткөн. Ал мындай ырын жазып калтырыптыр:

Кана мага табылса
Жалгыздыктан коркпогон,
Жымжырттыкты сүйгөн адам
Кыштоого чилде күнү
Там салар элем кошуна.
Демек, кошунаң жакшы болсо – чилдеде кыштоо үчүн калууга да кайылсың. Анткени ошого татыктуу кошунаң бар, сени ал бардык кыйынчылыктардан, табияттын ысыгынан, суугунан алып чыга алат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *