Луи де БОНАЛЬД
(1754-1840), француз саясатчысы, публицист, философ

 Залкар ой – жүрөктөн, улуу сезим – эс-акылдан жаралат.

* * *

Көралбастардан мурда өзүңдүн башкалардан бой көтөрмө жүрүм-турумуң менен көп душман табасың.

* * *

Дин – жакшылыктын деле жолу эмес, бирок динсиз жашоо – жалаң жамандыктын жолу.

* * *

Акылдуу эркек менен акылдуу аял бир түндүктүн алдында батыша албайт.

Петр ВЯЗЕМСКИЙ
(1797-1878), орус акыны жана сынчы

Акылы тайкылардын акылы – куулук.

* * *

Атагым чыкканын каалайм, бирок ал баламдын бешигине, анан атамдын көрүнө жарык берип турса болду.

Жюль ГОНКУР
(1830-1870), француз жазуучусу  

Алажипти аттабаган аялды кыжырланткан сойкудай болуп, китептин түздөн-түз душманы – гезит.

* * *

Залкар адамдарга кичинекей атакты буюруп коёт.

* * *

Өзүн гений санабагандардын таланты тайкы.

* * *

Эң эле так эмес илим – статистика.

* * *

Көргөн-билгенин баары чиймелейт, чебер жазуучу гана ылгаганын жазат.

 

Реми де ГУРМОН
(1858-1915), француз жазуучусу жана сынчы  

 

Арким билгенди билгениң – эчнерсе билбегениң.

* * *

Адатта бир аялдан көңүлү сууган үчүн эле аялдын баарын ашата сөккөн эркектер болот.

Уильям ГЭЗЛИТТ
(1778-1830), англис публицисти

Колунан ыр жазуу келбегендер сынчы болот дейсиңер. Арийне, кара кылды как жарган сынчы болуш үчүн мыкты акын болсоң жаман эмес.

* * *

Сынчы акындарды аңдысын. Бул алардын иши. Акындар сынчыларды аңдыбай, ырыңарды жазгыла!

* * *

Өз эстелигине муктаж эместер эстелик болууга татыктуу.

* * *

Сөздү көбөйткүң келбесе, өзүң жөнүндө аз сүйлө.

* * *

Кемчиликсиз адам болбойт, ошого кудая шүгүр. Болбосо кемчиликсиз адамдар коколой башы менен калмак.

* * *

Коомго коомдук пикирден өткөн коркунуч жок.

* * *

Талаш-тартыш жаратпаган ишке кызыгуулар жаралбайт.

* * *

Өзүн бийик деңгээлдемин деп ишеним жаратып алгандын, бийиктик жөнүндө кенедей түшүнүгү жок.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *