АҢГЕМЕ

Дон Хосе Монтьель өлгөндө анын жесиринен башкалардын баары андан акыры өчтөрүн алгандай сезишти өздөрүнүн; бирок Хосенин чын эле өлгөнүнө ишенүү үчүн убакыт керек болду. Атүгүл, дымыккан ысык бөлмөдөгү тегерек жана чоң коонго окшогон табытта жаздыктарга чулганган ак шейшепте жаткан Монтьелдин жансыз денесин көрүшкөндө да көптөрү дагы деле анын өлгөнүнөн шек санап турушту. Хосенин сакалы таза алынган, үстүндө ак күрмө, бутунда жалтыраган туфлилин көрүп эле аны дайымкысындай тирүү деп ойлоого болор эле. Бул баягы эле ар жекшембидеги саат сегизде чиркөө ырын тыңдаган дон Хосе Монтьель болучу. Арийне, азыр анын колунда камчынын ордуна крест карматылган. Качан гана табыттын капкагын мыктап, өлүктү кооз үй-бүлөлүк күмбөзгө коюшканда гана шаардыктардын баары дон Хосе Монтьель чындап эле өлүмүш болуп жатпаганына ишеништи.

Маркум өз жайына коюлгандан кийин анын жесиринен башкасынын баары Хосе Монтьелдин ушунтип өз ажалынан өлгөнүнө таңыркап турушту. Адамдар анын маңдайына буктурмадан атылган октон өлүү жазылган деп ойлошчу, бирок күйөөсү кайсы бир заманбап олуя сыяктуу өз төшөгүндө, күнөөлөрүн моюнга алып жан берет деген ишеничте эле катыны. Ал тек гана майда-чүйдө нерселерден алеңгир болду. Хосе Монтьель шаршемби күнү асма тордо жатып, түштөн кийинки саат экилерде каза болду. Өлүмдүн себеби — ден соолугуна зыяндуу катуу ачуулануудан улам болду. Маркумдун жубайы тажыяга шаар тургундарынын баары келип, үйдө гүл коюуга орун калбай калат деп күткөн. А иш жүзүндө партиялаш жолдоштору менен чиркөөдөгү ынтымакташтарынын гана мүчөлөрү келишти, а гүлчамбарларды жергиликтүү башкармалык менен Германияда консул болуп иштеген уулу гана жиберишти. Парижде жашаган эки кызы болсо үч барактан турган телеграмма жөнөтүшүптүр.

Аларды почтодо тике туруп алып, кадимки эле сыя жана жыйырма долларга ылайык сөздөр менен толтурулчу кагаздын далайын коротуп жазышканы сезилип турду. Эч кимиси келем деп убада берген жок. Түнкүсүн кечээ жакында эле аны бактылуу кылган адамдын башы жаткан жаздыкка жүзүн катып озондогон алтымыш эки жаштагы Монтьель жесир биринчи жолу эринен үмүт үзүп, айласы түгөнүү эмне экендигин билди. “Бөлмөмдөн такыр чыкпаймын, — деп ойлоду аял. – Мени ансыз деле Хосе Монтьель менен бир табытка жаткызышкандай болду. Бул дүйнөнү көрөйүн деген көзүм жок”. Анын ойлору чындыгында жүрөктөн сызылды.

Бул ырым-жырымдарга ишенген, ата-энесинин эрки менен колун сурап келген жападан жалгыз адамга турмушка чыккан назик аял буга чейин чыныгы турмуш менен эч качан бет келишип көрбөгөн. Үйдөн күйөөсүнүн денесин алып кетишкенден үч күн өткөндөн кийин тынымсыз ыйлаганын токтотпосо да, бирдеме кылышы керектигин түшүндү; бирок эми мындан аркы жашоосу кайсы жол менен кетээрин чече алган жок. Баарын башынан баштоо керек эле.

Хосе Монтьель өзү менен кошо көргө ала кеткен эсеби жок сырлардын ичинде анын сейфин ачуучу коддор да бар эле. Бул маселени чечүүгө атайы кызматтагылар киришти. Ал темир жашикти короого алып кирип, дубал түбүнө коюуну буйруп, эки полисей мылтыктын оозун кулпуга мээлеп, тарсылдатып ата башташты. Түшкө чейин жесирдин бөлмөсүнө аскер башчынын буйруктары менен коштолгон мылтык үнү угулуп турду. “Мага ушул эле жетпей атты эле! — деп ойлоду жесир, — атышуу токтосун деп беш жыл бою кудайга жалынып, эми минтип өз үйүмдө атышып жаткандыгы үчүн кудайды алкашым керек”. Ошол эле күнү оюн бир жерге топтоого аракет кылып, өлүмдү чакырды, бирок анысына  жооп уга албады. Темир сейфти ачуу үчүн жардыргыч колдонууга туура келди; үй жарылуудан титиреген учурда жесирдин көзү илинип бараткан.

Монтьель жесир оор  үшкүрүнүп койду. Октябрь менен анын ылайлуу жамгыры түгөнбөчүдөй сезилет, аял алсырап бараткан Хосе Монтелдин жомоктогудай чарбасында ачык-айкын багытсыз каалгып баратып, өзүн бейтаалай сезди. Мал-мүлк менен чарба башкарууну үй-бүлөнүн карылыгы жеткен жана адал ниеттүү чарба башкаруучусу сеньор Кармайкл колуна алды. Монтьел жесир акыры күйөөсүнүн өлгөндүгүнө ишенип, ага моюн сунганда уктоочу бөлмөсүнөн чыгып, үй иштерине киришти. Ал көзгө жагымдуу нерселердин баарын жыйыштырып, эмеректерге күңүрт түстөгү жабууларды жаап, дубалда илинген маркумдун сүрөтүн аза тасмасы менен кооздоп чыкты. Эки ай мурунку тажыядан бери анда тырмак кемирүү адаты пайда болду. Бир жолу (аялдын көздөрү эми дайым кызарып жана шишип турчу болду) жесир сеньор Кармайкл үйгө кирип келатканда кол чатырын жаппай киргенин көрүп калды.

— Кол чатырыңызды жабыңыз, сеньор Кармайкл, — деди аял. – Бизге келген кырсыктардан кийин, үйгө ачык кол чатыр менен киргениңиз эле жетпей турду эле.

Сеньор Кармайкл кол чатырын жаппастан, бурчка койду. Ал картаң негр эле, капкара териси жылтырап турат, үстүндө ак күрмө, ак туфлисинде болсо бутундагы чорду өйкөбөстүгү үчүн бычак менен атайын тешик жасалган.

— Ушинтсем батыраак кургайт.

Жесир күйөөсү өлгөндөн бери биринчи жолу терезени ачты.

— Канчалаган кырсыктар болду, аз келгенсип, мынабу кыш, — деп күбүрөдү аял тырмагын тиштегилеп. – Жамгыр эч токтобос болду го.

— Кандай болгон учурда да бүгүн же эртең токтобойт, — деди чарба башкаруучу. – Өткөн түнү бутумдагы чор такыр уктаткан жок.

Монтьел жесир сеньор Кармайклдын бутундагы чорлору аба ырайынан кабар береринен шектенген жок. Аял шаардын элсиз чакан аянтчасына, Хосе Монтьелди жерге берүү зыйнатын көрүү үчүн эшиктерин ачпаган үнсүз үйлөргө көз жүгүртүп, тиштелген тырмактары, күйөөсүнөн мураска калган уч-кыйрына көз жетпеген жерлери жана алдыдагы эч качан түбүнө жетип түшүнө албас эсепсиз милдеттер таптакыр аргасын курутканын сезди.

— Дүйнө кандай коркунучтуу! – аял боздоп ыйлап жиберди.

Ушул күндөрү ал үйгө келгендерге өз акылын жоготкон адамдай таасир калтырды. Чындыгында анын акылы буга чейин мынчалык тунук болгон эмес. Саясый жүйө менен жаңы массалык киши өлтүрүүлөр али баштала элек, аял болсо октябрдын бүркөк таңдарын бөлмөсүндөгү терезе алдында отуруп өлгөндөрдү аёо менен эсинен өткөрө баштады. Эгер кудай жетинчи күнү эс алууну каалабаган болсо, дүйнөнү мындан да жакшыраак кылганга убактысы болмок деп ойлоно берди.

— Ал ушул күндү пайдаланганда дүйнөдө мынчалык чала жасалган иштер болмок эмес, — деди ал. – Канткен күндө да эс алуу үчүн түбөлүк убактысы калып жатпайбы.

Ал үчүн күйөөсү өлгөндөн бери эч нерсе өзгөргөн жок, бир гана нерседен башкасы: мурун, анын тирүү кезинде кайгылуу ойлор үчүн себеп жок эле.

Монтьель жесир айласы түгөнгөндүктөн алсырап баратканда, сеньор Кармайкл кыйроонун алдын алууга аракет кылды. Иштер эң начар абалда эле. Аймактагы сооданы баскынчылык менен бир колго топтогон Хосе Монтьел эле. Эми ошол коркуу сезиминен кутулган шаар бейгам уктап жатты. Карааны көрүнбөгөн сатып алуучуларды күтүп, короодо үйүлгөн зор кумураларда сүт ирип, көөкөрлөрдө бал ачып, кампанын караңгы текчелериндеги быштакты жеген курттар семирип жатты.

Электр жарыгы бар, дубалдарында ыйыктардын сүрөтү тартылган күмбөздө жаткан Хосе Монтьель эми алты жылдык киши өлтүрүүлөрү жана зомбулугу үчүн өз азабын тартып жатты. Бүткүл өлкөнүн тарыхында мынчалык кыска убакытта эч ким анчалык байыган эмес. Зордукчул бийлик тарабынан дайындалган алгачкы алькальд[1] шаарга келгенде Хосе Монтьель буга чейинки бийликтин көзөмөлчүсү эле жана убактысын май жубазынын алдында отуруп өткөрчү. Бир канча убакытка чейин аны биринчиден, жолдуу, экинчиден, такыба адам катары эсептешчү. Себеби, ал элдин баарына угузуп, эгерде лотереядан утса, чиркөөгө адам бою менен тең ыйык Жусуптун айкелин тургузууга убада берген жана эки жума өтүп, алты эсе келген утушка ээ болгондо гана убадасынын өтөөсүнө чыккан.

Анын бут кийим кийгенин биринчи жолу каршылаш тарапты биротоло жок кылууга буйрук алган жаңы аскер башчы, полиция сержанты, мерез сологой келгенде көрүштү. Хосе Монтьель ишти анын жашыруун тыңчысы болуудан баштады. Бул жөнөкөй соодагер, токтоо, жоон-жолпусунан келген, эл ичинде эч кандай шек жаратпаган эркек өзүнүн саясый каршылаштарына алардын бай же кедей экендигине жараша мамиле жасачу. Кедейлерди аянтта полиция атып жатты. Байларга болсо жыйырма төрт саат ичинде шаарды таштап чыгып кетүү буйругу берилди.

Хосе Монтьель өзүнүн үп баскан иш бөлмөсүндө аскер башчы менен бекинип алып, кыргынды чоттошуп, анын жубайы болсо өлгөндөргө ыйлап, аза күтүп жатты. Аскер башчы иш бөлмөсүнөн чыгып келатканда, аял күйөөсүнүн жолун тороду. “Бул адам эмес – жырткыч, — деди ал. – Өкмөттөгү байланыштарыңды пайдаланып, бул кара мүртөздү бизден башка жакка которууга аракет кыл. Ал деген шаарда бир да адамды тирүү калтырбайт эмеспи”. Ошол күндөрү ансыз да иши башынан ашып турган Хосе Монтьель аялды четке түртүп, ага тиктеп да койбостон жооп берди: “Көк мээленбечи”.

Чындыгында ал кедейлердин өлүмүнө эмес, байлардын айдалып чыгышына кызыкдар болуп турган. Акыркыларынын эшиктерин аскер башчы аткылап, шаардан чыгып кетүүгө мөөнөт дайындап, ошондо Хосе Монтьель алардын малы менен жерлерин өзү белгилеген баада сатып жатты.

“Аңкоо болбо, — деди ага аялы. – Сен аларга жардам берем деп жакырланасың жана өзүң баш болуп чоочун жерде ачкадан өлбөй калышканы үчүн алар сага эч качан ыраазы болушпайт”. Анын макоолугуна күлгөнгө да убактысы жок Хосе Монтьель аялын четке түртүп, мындай дечү: “Ашканаңа бар да, мага тоскоол болбо”.

Ушундайча болуп бир жыл ичинде каршылаш тарап жок кылынып, Хосе Монтьель шаардагы эң бай жана кудуреттүү адамга айланды. Ал кыздарын Парижге жиберип, уулу үчүн Германиядан элчилик орун камсыз кылып, өзүнүн бийлигин биротоло бекемдегенге киришти. Бирок бардык чектер менен мыйзамдарды аттап, колу жеткен байлыктын үзүрүн алты жылга жетпеген убакыт гана көрдү. Жылдыгы өткөндүн эртеси күнү жесири тепкичтин кыйчылдаганын угуп, ал кыйчылдак кезектеги жаман кабардын жышаанасы экенин дадил туйду. Ал кабар кечинде келди. “Кайрадан каракчылар кол салышты! — дешти жесирге. – Кечээ элүү баш жаш малды айдап кетишти”. Жесир тырмактарын тиштегилеп, селкинчектүү орунтугунда эч нерсе жебестен мелтейип, ичкени иримге, жегени желимге айланган. “Мен сени эскерткемин, — деп кайталады ал маркумга кайрылып, — бул шаардын жашоочуларынан ыраазычылык күтүүгө болбойт. Сен али мүрзөңдө денең сууй электе, баары бизден жүз үйрүп кетишти”.

Үйгө эч ким келбей калды. Токтобостон жамгыр төгүп жаткан аягы жок ушул айларда көргөн жападан жалгыз адамы — ак ниеттүү, чаалыкпас, дайым үйгө кол чатырын жаппай кирген сеньор Кармайл гана болду. Иштери да оңолгон жок. Сеньор Кармайл Хосе Монтьелдин уулуна бир нече кат жазды. Анда ал анын бул жакка келип, ишти өз колуна алышы керектигин кыйытты; атүгүл сеньор Кармайл анын апасынын ден соолугу тууралуу кабаатыр экендигин да билдирди. Бирок бул каттарга негедир тайсалдаган жооптор келип жатты. Акырында Хосе Монтьелдин уулу ачык эле мойнуна алды: демек, ал өз жанынан корккон үчүн кайтып келбейт. Ошондо сеньор Кармайл жесирге алар жакында итке минип калуу алдында турушканын билдирди. – Такыр эле андай эмес, — деп каршы болду жесир. – Быштак менен унду кайда батырарымды билбейм. Сиз дагы өзүңүзгө керектүү нерсенин баарын алыңыз, а мага тынч өлүүгө мүмкүндүк бергиле”.

Бул сүйлөшүүдөн кийин аны тышкы дүйнө менен байланыштырган нерселердин ичинен ал ар бир айдын аягында кыздарына жөнөтчү каттардан башка нерсенин баары жок кылынды.

“Бул шаарга каргыш тийген, — аял кыздарына зор ишеним менен кат жазчу. – Бул жакка эч качан кайтып келбегиле жана мен тууралуу кам санабагыла: бактылуу болушум үчүн силердин бактылуу экениңерди билүү жетиштүү”. Кыздары ага кезеги менен жооп берише турган. Алардын каттары ар дайым шайыр-шаңдуу келип, каттарды жылуу жана жарык бөлмөлөрдө жазышары жана кыздар бирдеме тууралуу ойлонуп токтоп калышканда, өздөрүн көптөгөн күзгүлөрдөн көрүшөрү сезилип турчу. Кыздар дагы кайтып келүүнү каалашчу эмес. “Бул жерде цивилизация, — деп жазышчу алар. – А силер жакта жашоого шарт жок. Адамдарды саясат үчүн өлтүргөн жапайы мамлекетте жашоо мүмкүн эмес”. Бул каттарды окуганда жесирдин жандүйнөсү жеңилденип, ар бир сүйлөмдөн кийин башын макул боло ийкеңдетчү.

Бир жолу кыздары ага Париждин эт дүкөндөрү тууралуу жазышыптыр. Алар кызгылт чочколорду кантип мууздашарын жана дүкөн алдына ал эттерди гүлчамбарлар менен кантип кооздоп илип коюшарын баяндашыптыр. Каттын аягында, кыздардыкына окшобогон кол менен кыстарылып жазылган жазуу бар экен: “Анан да элестетип көрсөң, эң чоң жана эң кооз гүлчамбарды чочконун көчүгүнө тыгып коюшат”. Бул сүйлөмдү окуган Монтьель жесир эки жылдан бери алгач ирет жылмайды. Үйдөгү жарыкты өчүрбөстөн, уктоочу бөлмөсүнө көтөрүлүп, жатар алдында электр шамалдаткычты дубалга каратып буруп койду. Андан кийин керебеттин жанында турган кичинекей шкафтан жабышкак малаамдын[2] түрмөгүн алып, оң колунун тиштегилегенден ырбап кеткен баш бармагына ороду. Мындан кийин ал сыйына баштады, бирок экинчи жолку сыйынуудан кийин эле теспесин сол колуна кармады, анткени малаамдын сыртынан теспенин таштары начар кармалып жаткан. Кайсы бир тараптан күркүрөгөн күндүн жаңырыгы келип жетти. Жесир катын башын көкүрөгүнө салаңдатып, уктап кетти. Теспе кармаган колу саны ылдый сыйгаланды эле, ошондо ал короодо отурган Улуу Энени көрдү. Анын тизелеринде ак шейшеп жайылып, анда болсо майда тиштүү тарак жатты. Ал чоң бармактарынын тырмактары менен биттерди сыгып отуруптур. Тул катын ага мындай суроо узатты:

— Мен качан өлөм?

Улуу Эне башын көтөрдү.

— Колдоруң камтууга келбей калган күнү.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

[1] Алькальд – атайы кызмат.

[2] Малаам – пластырь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *