Бурят жомогу

Илгери өткөн замандардын биринде эки бир тууган жашаптыр. Улуусу — Галдан, көпчүлүк кандай жашаса ошондой жашоону каалоочу. Ал жапалдаш бойлуу, жоош, көп эмес, анча-мынча эле байлыгым болсо жетет дечү.

Кичүүсү – Баир. Ал чыйрак, акыл-эстүү болгон. Өз күчү жана акылы менен жашагысы келчү. Байлык топтосом дечү, а эгер бай боло албай калсам да, кедей болсом да, иши кылып мени эл сыйласын дээр эле.

Галдан бир мертебе инисине мындай дейт:

— Жүр, монастрга* барабыз, ламага* жолугабыз! Алар кудайга жакын, жараткандын жердеги өкүлдөрү, кантип туура жашоону жакшы билишет.

— Барса, баралы! – Баир маакул тапты. – Сапарга чыгуу да бир нерселерди үйрөтөр.

Бир туугандар жолго чыкты.

Бир күн жүрдү. Эки күн жүрдү. Үч күн жүрдү. Төртүнчү күнү жол боюнда шахмат ойноп отурган эки абышкага кезикти. Жолоочулар карылардын жанына токтоп, аларды кызыгып карап калды.

Галдан бир аздан кийин тигилерден жадап кетти да инисин шаштыра баштады:

— Жүр, Баир, кеттик! Бол эми?! Кеттикчи?!

— Сен баса бер, Галдан! Мен кичине карап туруп, анан артыңдан жете барам.

Галдан жолго чыкты, Баир калып калды.

Арадан үч жыл өттү.

Бир туугандар бири-бири тууралуу эч нерсе угуп, билишпеди. Үч жыл бою Галдан монастрда окуп, ламадан дин үйрөндү. Андан шарият жолун том-том китеп кылып жазып, үйүнө кайтты.

Галдан келип-келип, баягы бир туугандар ажырашып кеткен жайга жетти. Караса, баары эле баягы бойдон – эки кары шахмат ойноп атат, аларды карап иниси эси ооп турат.

Галдан жакын келип, инисинен сурады:

— Сен, Баир, баягыдан бери – үч жыл бою ушинтип эле турасыңбы?

— Ооба, ушерде эле, ушинтип эле турдум, бирок мен шахмат ойногонду үйрөндүм. А сен каерлерде болдуң?

— Мен ыйык ламада окудум. Бүт баарын билдим! Дин шарият жолун казып үйрөнүп, аларды өзүмө да көчүрүп алдым. Эми камаарыбай жашай берем. Жүр, үйгө кеттик. Мен барып сени да үйрөтөм.

— Кетсе, кеттик! – Баир да макул болуп экөө жолго түштү.

Аз жүрдү десек болбос, көп жүрүштү. Абдан чарчады. Бир жерге келгенде караса, жол боюнда бозүй турат. Ага кирди. Кирсе, бир кемпир менен бир чал ыйлап атат. Экөөнүн үнү каргылданып биротоло бүтүп калыптыр.

— Эмне ыйлап атасыңар? – Бир туугандар үй ээлерине кайрылат.

— Мындан өткөн азап-кайгы болобу? – дейт абышка. – Хан бизге буйрук берди, анын буйругуна ылайык күн сайын хансарайга барып, аны менен бирөө шахмат ойнош керек.

— Анын эмнеси бар?

— Балекети ошондо болуп атпайбы. Эгер ким хандан жеңилип калса, анын башын алат. Эртең эми бул ишке биздин бала барат.

— Балким силердин уулуңар утуп алар?

— Андай болсо кана? Ушу кезге чейин ханды бирөө да уткан жок. Айланайын, уулум ай, эми кантебиз, кандай арга кылабыз? — Абышка-кемпир кайра күчөп ыйлады.

Галдан бал китебин ачып, андан тигилерге керектүү кеңеш издей баштады. Ары оодарды, бери оодарды. Түн кирди, таң атты, таппай, таппай, акыры тапты окшойт:

— Мына! – деди кубана, – Таптым. Ыйык ламалардын кеңешин уккула! Анан ал окуп кирди: «Адамды эмне күтүп турганын бешенеси – тагдыры билет. Аны өзгөртө албайсың. Тагдырыңа жазылдыбы – ошону тарткын!» Ушундай кеңеш берет ыйык китеп. Силер да, урматтууларым, ошол улуу китептин жазууларына ыракым кылгыла! Бешенеге жазганды көргүлө! – Ушинтти да Галдан китебин жапты. Ал китебин кол кабына салып, кетүүгө камынганда Баир мындай сунуш киргизди:

— Капаланбагыла! Силер мага уулуңардын атын айткыла, а ханга анын атынан мен өзүм барам!

Кемпир-чал жалгызынын атын атагысы келбеди.

— Неге, уулум, сен биз үчүн башыңды өлүмгө байлайсың? – Чал-кемпир ынабады, таң калды.

— Эмне үчүн өлүшүм керек, мен деген ханды жеңип чыгам! – Баир чечкиндүү турду.

Эми бир тууган катары Галдан боор ооруй баштады:

— Сен ханды жеңүү мүмкүн эмес экендигин уккан жоксуңбу? Үч жыл бою шахмат ойногон эки чалды карап отуруп эле кыйын болуп кеттим дейсиңби?! Кой, жүр, үйгө кеттик?!

— Үйгө барбайм. Мен ханга барам! – Баир агасынын айтканына көнбөдү. – Мен ошол ханды утушум керек!

Ошентип көгөрүп отуруп Баир айтканынан кайтпады, кемпир-чалды көндүрүп, баласынын атын билип алды.

Ханга барды. Амандашты.

Өкүмдар аны каардуу карап, тоготподу, столго отургузуп, шахмат таштарын тизе баштады:

— Шартты билесиңби?

— Билем!

— Ким менен ойноруңду билесиңби?

— Билем!

— Алтын кылыч тууралуу уккан белең?

— Жо-оок!

— Анда көрүп ал! – Хан килемде илинип турган жаркылдаган кылычты көрсөтө үн катты. – Көрдүңбү? Сыйкырдуу кылыч. Эгер ким утулуп калса ушул кылыч ордунан жылып келип утулгандын башын шыпыра чабат!

— Кантип эле хандын башын өз кылычы кыя чапсын? – Баир таң кала суроо узатты.

— Хандын деген жокмун мен, утулгандын дедим! – Хан каарданып кыйкырды. – Мен эч качан утулган эмесмин жана утулбаймын да! Башта!

Экөө оюнду баштап, жүрүш кылды.

Баир жүрсө, хан коргонот, хан жүрүш кылса, Баир коргонот. Ошентип көпкө бири-бирин аңдышты. Бир убак кезек ханга келди. Ал пилди козгоюн деди эле, аны каякка алып барса да баары бир Баир мат койгудай. Хан кылычты тиктеди, кылыч кыймылга кирип, ыргалат, тим эле азыр илинген жерден учуп түшкүдөй. Ханды санаа басты. Анан кантсин, мурда андай болчу эмес эле да. Отуруп-туруп, башын мыжыгып хандын айласы кетти. Өңү бозорду, шалдырап өзүн жогото баштады. Илинип турган кылыч болсо эми эле бөлмөдө ойноп, башты келип кыя чапкыдай коомай турат.

— Кел, тең чыктык дейли? – Хан айласы кетип Баирден суранды.

— Болбойт, алдаяр ханым! – Баир баш чайкады. – Эгер тең чыксак, анда бул кылычыңыз экөөбүздүн тең башыбызды кыя чабат! Анда аябай эле жаман – ушул болбогон башым үчүн хандын мээси да чачырайт. Сиз жакшылап ойлонуңузчу, а мен үйгө барып келе коёюн?

Баир үйүнө кетет.

Хан болсо миң сан шахмат жолдорун ойлоп чыгат. Жеңүүгө мүмкүн эмес экен. А башында ажал болуп өз кылычы салаңдайт. Андан кутуулууга мүмкүн эмес. Акыры шахмат тактайынын жанында сарсанаадан жан кыят.

Баир болсо кандай жашай алса, ошондой жашады. Эң негизгиси анын абийири таза жүрдү, адамдар дайыма урматташты.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *