Бул сөз кайда, качан айтылганы табышмак. Окустан колубузга тийди. Али ачыла элек табышмак… Алтай, Хакас, Монгол тараптагы чааташ жазууларынын кыргызча көчүрмөсү шекилди.

БИРИМДИК
Илгери бир атанын балдары эдик. Бир уянын балапандары эдик. Бир сайдын булагы эдик. Бир бутактын жемиши эдик. Оо, биз бир жүргөндө, эрктүү бир эл болгондо колубузда кушубуз сайрап, төрүбүздө кутубуз көкөлөдү. Кой үстүнө торгой жумурткалады. Кул кулдуу, күң күңдүү болгон эде. Эми не болдук?.. Бытырадык… Ини агасын тааныбай, бала атага акарат келтирди… Тамыр кыркылды… Ташыбыз талкан болду… Терибиз тескери сыйрылды. Талпагыбыз ташка жайылды. Зоболобуз кулап, жоболоңдуу заман келди. Биримдик кеткенде кыргызга кыргыз жоо болду. Тилегибиз таш капты… Калыстыктан тайдык… Акты көө жапты. Журт калкылдап турду. Жумурткадан кыр издедик. Жумурдагы табышмак ачылды. Жүрөк ачыды. Сөөк өчтү жоого колтук ачтык. Жайлообуз жайлоо болбой калды… Кыштообуз кыштоо болбой калды. Кыргыз биринин көзүн бири кашайтты. Жүрөгүбүздөн кан акты. Айгыр ашынып үйүрүн кажыды, Каган көөп элин кажады. Каган калкын укпай, катынын укту. Журтун эмес, бүлөсүн коргоду. Калыстыкка умтулбай, көр байлыкка жутунду. Ар жыйнабай, мал жыйнады. Ачуусун калкына чачты. Мына эми, эмне болду… Биримдиги жок караламан кайран эл карга-кузгунга жем болобу.
Элдүү элем. Элим кана.
Жердүү элем. Жерим кана.
Күндүү элем. Күнүм кана.
Бир ата, бир эненин балдары эдик… Бири-бирибизге бычак сайдык. Көзүбүз канталады… Кыргыз эненин эмчеги зыркырады… Арбактар алдастады… Зилзала болду… Чагылган түшүп, өрт чыкты. Нөшөр төгүп, сел жүрдү… Аска урап коо болду… Көл толкуду… Булак соолуду… Бак кыйрады… Чөп куурады… Элге убал болду…

Аттиң, биримдик болбосо бир журттун тирлиги бир кийиктин өмүрүндөй экен го!

Жат жоого таба болдук. Бетибиз күйдү.

Эл башындагылар бөлүнүп баштады… Бир ууч журтубуз өз, жатка бөлүндү… Уугубуз бычырап сынды… Түндүгүбүз кулап түштү… Улуу журт уруу-урууга тарады… Денеси тилинди, жүрөгү канады… Көзүнөн жаш куюлду, комузу сынды, калпагы тебеленди, камчысы колдон түштү… Күлүгү мүдүрүлдү… Барар жер, басаар тообуз түгөндү… Ач бел, куу жондо калдык… Арман ай, арман.

…Ушуга эл башы каган сен гана жаза тартасың! Эгерим арбактар кечирбейт. Каргыш узатпайт. Убал уктатпайт.

… Бутактан жарака кетсе, бүтүшү үчүн бир жыл керектир.

… Жерден жарака кетсе, топурак толуп, чөп чыкканча жүз жыл күтөөрбүз.

… Элден жарака кетсечи….

Олда, бир боор элим, эми кайра зоболобуз көтөрүлчү күндү миң жыл күтөбүзбү…

… Гүлдөөрүбүздө күлойрон болдук го.
… Күлүгүбүз мөөрөй аларда мүдүрүлдүк го.
… Бүркүтүбүз шаңшыр кезде мунжу болдук го.
… Комузубуз таңшыр кезде дүлөй болдук го.
… Элибиз ырыстуу болордо ээн талаада калдык го.
… Кан суудай акты… Сөөк тоодой жатты.
Төбөдөн көк баспаса, Астыдан жер жарылбаса,
Кыргыз журту сени ким жоготот эле…
Сага ким тең келмек… биримдик болсо…
Аскар тообуз жапыз болду.
Обологон туубуз жыгылды.
Эми ким бирөөгө кул болобузбу…
Көралбастыгың түбүңө жеттиби акыр!
… Сынган билек да кыргыздыкы…
… Сыздаган жүрөк да кыргыздыкы.
КАГАН
Каган күн жүздүү. Теңирдин жердеги элчиси. Бут алдында төшү түктүү кара жер, төбөдө түбү түпсүз Көкө Теңир. Ортодо биз кыргыз эли. Эл башында Каган. Эми кыргызга Каган тандап турубуз. Каганды тектүү жерден тандадык. Адегенде бакшыга Көкө Теңирден белги келди. Теңир өзү белги берди. Кырк уруу кыргыз бирден билги ак сакалын өкүл кылды. Кырк аксакал чогулуп кыргызга Каган тандамак болду. Сака калчап кол таштадык.

Оо, каганат эрежеси темирдей катуу эди. Кыргыз баласы кыркка чыкканча Каганга сын айталбады. Жашы кырктан өткөндөр гана тандалып Каган болмокчу. Кыркка дейре аксакал боло албайт. Ар билги өз уруусунун жоокер башчысы. Ар уруу өз түмөн түйшүгүн, кайгы касиретин Каганга аксакал аркылуу гана жеткирет. Көйгөйдү айылда аксакал гана чечет. Билги чечпесе Каган өзү колго алат.

Кагандын бир сөзү эки болбойт. Кагандын сөзү өлгүчө, өзү өлсүн деген бар. Каган бир айтат. Кара башын унутуп, калк камын ойлойт. Каган чындыктан тайса, калктан ынтымак качат. Каган менен кырк аксакал биригип бир улуу каганат. Каганат жолу аксакалдар аркылуу гана. Аруу, калыс жол.

Мына бакшы таягын айлантып келип Элтерес уруусунун аксакалын кагандыкка көрсөттү. Ол Көктүн уулу! Ол Элтебер болчу. Оны Көкө Теңир өзү бакшынын көзү менен көрсөттү. Бакшы баладай аруу, Теңирдей тегиз.

Биз Теңирге каршы айталбайбыз да. Каганды Көкө Теңир тандады. Теңирдин мээри түштү. Эне сүтүн кем эмген, Ата жолун билбеген Каган боло албайт. Эне сүтүн аз оозанган элин-жерин таштап качышы мүмкүн. Бел-белесте беш удургуп, айгай салып, Көк туу көтөрүп, ак сарбашыл айттык. Каган келди. Көктөм келди. Баарыбыз сүйүндүк. Кыргыз кагандуу болду. Уруулаштар эл болду. Жайыт жайлуу болду. Эми Каган аксакалдарга кеңешип иш кылат. Эми Каган элдик киши. Ачуусу бар кеги жок. Теңтушу бар, теңи жок. Жоодон качкандарды, ууру кылгандарды Каган эми өлүмгө буйрук кылат. Күнү да Каган. Түнү да Каган. Кырсык түшсө да Каган. Кагандыктан кайтпаң! Кырсык келбең!

ЖИГИТТИК
Эресеге жеткен эркектин эки түрү болгой. Көптү көргөн карыя шону айтып отурду. Бири — эр жүрөк, бири — суу жүрөк. Эрен жигит жоо жүрөк болгон. Эр жигит бок жүрөк эмес, таш жүрөк. Ичи кең болгой, ат айланып баткыдай. Чынында, кээси ичи тар, бир тоголок таруу батпайт. Тегерегиңди караң, эркек болуп туруп, ныпым жигитчилиги жок айры бут, жумуру баш жүдөмүштөр да жүрү…

… Жигитчилиги бардын кабагы жарык жүргөй.
… Жигитчилиги бар ала көөдөн эмес, эр көкүрөк.
… Жигитчиликти беттеген канжыгага аш эмес, баш байлайт.
Жоого колтук ачпайт. Башканын байлыгына сугун артпайт. Сөздү пир тутат. Жигитчилиги бардын алган жары алдында, эл алдында, Күн алдында жүзү жарык. Жүзү караңгыдан сактасын! Чыныгы жигит моюн толгобой, боор толгойт. Эки сүйлөбөйт, өтүрүк айтпайт. Жүрөгүндө жалын болгой. Тирүүлүктүн азгырыгына алданбайт. Намысты колдон алдыртпай, колго алгайле. Оозу бош эмес, бек болгой. Ачууланат, анысын тек билдирбейт. Көзүнө жаш имербейт. Оозуна от, ок тиштеп антташкан. Эл менен болот. Элден чыкпайт. Элдин каабына калбайт. Өзгөнүн куйругуна калбыр байлабайт.

Жигитчилик туу белде, …эрегиште, …суу кечкенде, … эр эңиште, … сүңгүшкөндө, … калкына кара түн түшкөндө, … жар учунда, … канжыгага кан тамганда, … узак жолдо, … кийикке барганда, … жоо табалаганда, … дос күткөндө, … бийиктикте, … тереңдикте сыналат. Жигит өмүрү жүз жылкы, намысың миң жылкы. Наркын карачы! Эр жигит өлүп баратып да тирүүлөрдүн камын ойлойт.

… Жигитчилик жоодон жазгантпайт.
… Жигиттер бири-бирине өбөк.
… Жигитчилик муң билбейт.
… Жигитчилик даңаза болгой.
… Жигитчилик муратка жетет. Жашоо мерчемин билет.
… Опузазын душманга гана көрсөтөт. Бирөөгө жалынбайт. Муңун айтпайт.
… Жигитчилик дегениң кебелбес аскар тоо экен го.
… Бөксөрбөс көл экен го, чиркин!
Же жалганбы…
Жигитчиликтен тайыганда башынан ак калпагы, колунан кылычы түшөт, астынан аты качат. Ырысы оошот башкага.

СЫН
Үч күн, үч түн болду. Урушту токтотуп, ат-унаабызды тындырдык. Ак жаанда калдык. Нур жаады дедик. Мөңгү Суу көбүрүп акты. Кыр аштык. Кыргыз ашпаган кыр калдыбы… Кечпеген өзөн калдыбы… Алтын башы көрбөгөн азап калдыбы… Каганыбыз жолдо жүргөндө, аттан түшүп жатканда, атка мингенде, ат сугарганда жигиттерин сынаакы көз менен карайт… Онан эмей. Шонүчүн Каган кыраакы, улуу кыялына жетип, беттегенин жексендеп келет. Жигиттери менен жүрүп, жалынганы Теңир, табынганы күн, жамынганы түн болду.

Мынабу кыраакы жигиттер шондо сыналды. Эр жигит чоң чабышта сыналат эгей. Түнкүсүн сак уктаган жигит сергек. Сыр сактаган жигит москоол. Экөө жоого бирге жөнөй турган. Шонда Каганды коштогон акыл кеңешчилер дебедиби… Эр жигит казатта сыналат. Каган ачуусу келгенде каарынан сыналат.

… Жан жолдошуң башыңа иш түшкөндө сыналат.
… Ага-тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта сыналат.
… Алган жарың башыңдан ырыскы кеткенде сыналат.
… Эл-журт ынтымагы жоо келгенде сыналат.
… Тайган ууга чыкканда сыналат.
… Тулпар тушунда, күлүк күнүндө чабылып… сыналат.
Кагандын күчү калыстыкта… чечендин күчү сөзмөрдүктө… чындыктын күчү сынбастыкта… элдин күчү ынтымакта… акылдын күчү сабырдуулукта.

БҮРКҮТ
… Тигине, азыр да күндү беттеп учуп баратканын көр! Ана, эми шукшурулуп, кулаган аскадай төмөн атты… Оо… итиң. Биз чаап барганча каңшылаган үн угулду. Кырааным десе, көк карышкырдын өпкөсүнө өткүр тырмагын батырып алган экен!

Ак жем менен табына келген кези эди. Салкын жайда асыралды. Бул бүркүт качырганын куткарбас, өрт менен кирген суудай. Чабыты көктөгү сыдырым жел менен кошо сызып, бийикте гана оболойт… Ыраакты эңсейт… Мөңгүгө жумурткалайт… Өзү аруу кармайт… Жолдуу болгондо гана көңүлү ачылат… Көзү курч… Жетээр жемин көрсө куюндай сызат… Ээсинен жемин талашпайт… Томогону кийээрде башын чулгуйт… Кай бирде буту менен кагып түшүрөт…
Ителги, ылаачын, куш жагалмай таптаган мүнүшкөрлөр бүркүтчүгө сый карайт. Жолу улуу да. Бүркүтчүнү ак тайганы коштоп жүрдү.

СУУ
Оо, суу жанга да, малга да, чөпкө да тең го. Бул дүйнөнү адалдап, жан дүйнөңү аруулап, жан киргизген суу — ыйык. Суунун жаны бар, күч кошот, дем берет. Жашоо да, өмүр да суу сыяктуу агып тургай. Аккан суу — аруу суу. Каган айтты… аталар суу булгабаган. Тунук суу аздектеген. Маңдайыбызга жазылган ырыскы. Ымыркайда кырк булактан оозанганбыз. Булактын көзүн ачкан, суу бар жерге журттаган… аруу ойлор булак башатта торолот.

Суулуу каганат — гүл каганат. Суусуз каганат — кул каганат. Биздин каганат сууга байгер. Көгөргөн мөңгү, агарган кар. Керемет бекен! Бийиктеги ак мөңгү кемисе, алтын кемигени ошол. Кыргыз алтынсыз деле жашай берээр. Ак мөңгүсү жок кантип өмүр сүрөт… Кагандын ордосунда булактан бүткөн ыйык кош көл бар. Ал муздактан бери бабалардын көз жашынан толгон, соолбойт. Мүрөк суусу кыргыздарда гана бар, аны билген табат, билбеген булгайт. Кыраакы Каган күлүгүнө минээрде… Суу атасы — булак … деди. Эрендер да, Билгилер да кырга карап …Бул биздин суу, биздин суу соолубасын… деп ант ичтик. Тооп кылдык. Эл башы болбой, суу башы болгон канча ырыскы. Суу башаты тунук. Суу башында бололу. Илгеркидей… Суу булгабаң! Кесир кылбаң! Жаанга жаман айтпаң! Суу сыйлаган зор болсун! Суу кордобоң! Бөксөрбөң!

Каныбек Иманалиевдин «Каганат» китебинен алынды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *