АҢГЕМЕ

Аткана жайгашкан короодо ойноп жатканыбызда, төмөн жактагы күмүш талдардын арасынан көрүнбөй жылжып аккан суунун шылдыр үнүн угар элек. Үйүбүз чоң бактардын арасынан жоголуп кеткен сыяктанат. Апам Стамбулга кеткенден бери менден бир жаш кичүү иним Хасан экөөбүз Дадарухтун жанынан айланчыктап чыкпайбыз. Дадарух атамдын жардамчысы, жашы өтүп калган адам. Таң атары менен аттарды көздөй чуркамай. Аттарды аябай жакшы көрөбүз. Дадарух менен бирге аларды сугарабыз, жайдак минүү биз үчүн чоң бакыт. Хасан коркот, жалгыз мине албайт. Дадарух аны өңөрүп алат. Жембаштыктарга арпа толтуруп, акырларына чөп-чар салуу биз үчүн азгырыктуу оюндардан да кызыктуу болчу. Аларды ат тарак менен тароо керек. Мына, эң кызыгы ушу. Дадарух колуна ат таракты кармаары менен тыкы… тык… тыкы.. тык кадимки саат жебеси сыяктуу… бир оордунда тура албайт.

— Мен дагы жардам берейинчи, — деп суранам.

Дадарух мени Тосундун үстүнө миңгизип, колума ат таракты карматып:

— Кана эми тара, — дейт.

Бул темир тарак менен атты тароого аракет кылам, бирок жанакыдай жагымдуу үндөр эмнегедир чыкпайт.

— Куйругун кыймылдатып атабы?

— Ооба, кыймылдатты.

— Кана, карайынчы?..

Артыма эңкейип карайм. Бирок куйругун көрө албайм.

Таң эрте акыркы келээрим менен:

— Дадарух, аттарды мен тарайынчы, — дейм.

— Тарай албайсың.

— Эмнеге?

— Кичинекейсиң, ошон үчүн.

— Тарай алам эле.

— Чоңойчу, анан.

— Качан?

— Боюң ат менен тең болгондо…

Короодогу жумуштарды жасай келгенде бир гана аттарды тарай албайм. Боюм аттын курсагына араң жетет. Болбосо эң кызыктуусу ушул. Тосунга да ат тарак менен тароо жагып аткансып, кулактарын жапырып, куйругун шыйпаңдатат. Тарап бүтөргө аз калганда жактырбай баштайт. Дадарух “таак” деп соорусунан таптап коет да, башка аттарды тароого өтөт. Бир күнү жалгыз калдым. Хасан менен Дадарух суу жээгине түшүп кетишкен. Ичимде аттарды тарайм деген ой бар эле. Аттаракты издедим, таба албай койдум. Аткананын бурчунда Дадарухтун терезеси жок бир бөлмөсү боло турган. Ал жакка кирдим. Текчелерден издедим. Жок, жок! Керебетинин астындагы жашыл тактайдан жасалган сандык турчу. Ошону ачтым. Аз жерден кубанганымдан кыйкырып жибере жаздадым. Апам бир жума мурун Стамбулдан салып ийген белектердин арасынан чыккан факфон[1] ат тарак адамдын көз жоосун алып жалтырап турат. Ала чуркадым. Тосундун жанына жетип бардым. Курсагын тарагым келди. Бирок тыбырчылап бир оордунда турбай койду.

— Оорутуп атат ко? – деп ойлодум.

Күмүштөй жалтыраган ат тарактын тиштерин карадым.  Өтө эле курч анан учтуу дагы болчу. Бир аз мокосун деген ой менен таш дубалга сүртүп көрдүм. Тиштери бузулары менен кайрадан тарап көрдүм. Дагы эле аттар так секирип жолотпой койду. Ачууландым. Жинимди ат тарактан чыгаргым келди. Он кадамдай алды жакта жайгашкан кудукту көздөй чуркадым. Ат таракты таш ноонун үстүнө койдум. Жерден көтөрө алчу бир таш таап келдим да, ургулап баштадым. Ошентип Стамбулдан келген, Дадарухтун колдонууга колу барбаган ат тарагын бүлүндүрүп таштадым да, ноонун ичине ыргытып жибердим.

Атам таң эрте жумушуна кетип баратып,  атканага кирип нары жак, бери жагына көз жүгүртмөй адаты бар эле. Ал күнү да жалгыз элем. Хасан үй тиричили менен алектенген кызматчыбыз Первиндин жанында болчу. Атам ноонун ичинде сынып жаткан ат таракты таап алып, Дадарухка кыйкырды:

— Бул жакка кел!

Эмнеге билбейм, демим кысылып, коркуп баштадым. Ким сындырганын сураганда, Дадарух таң калып, башын чайкап:

— Билбейм, — деди.

Атамдын көздөрү мага кадалды, эч нерсе сурай элегинде:

— Хасан – дедим.

— Хасанбы?

— Ооба, кечээ Дадарух уктап жатканда бөлмөсүнө кирген. Сандыктан алды. Таш ноонун үстүнө коюп, таш менен ургулап салды.

— Эмнеге Дадарухка айткан жоксуң?

— Уктап жаткан болчу.

— Чакыр жанакы баланы.

Тосмолордун эшигинен өттүм. Көлөкөлүү жол менен үйдү карай чуркадым. Байкуштун эч нерседен кабары жок эле. Аркамдан ээрчий чуркап келди. Атам сүрдүү киши. Тик караганда жүрөгүбүз оозубузга тыгыла түшчү. Хасанга:

— Эгер калп айтчу болсоң, сага көргүлүктү көргөзөм!

— Калп айтпайм.

— Ат таракты эмнеге сындырдың?

Хасан Дадарухтун колундагы ат таракка таңыркай карады. Сары чачтуу башын чайкап:

— Мен сындырган эмесмин, – деди.

— Калп айтпа дедим.

— Мен сындырган жокмун.

— Чынын айт, урушпайм. Калп айтуу жаман нерсе, — деди.

Хасан мойнуна алган жок. Атам каарын төгүп, “уяты жок калпычы” деп жаактан ары тартып жиберди.

— Алып кеткиле үйгө, экинчи атканага келбесин. Дайыма Первин менен отурсун,  — деди.

Дадарух боздоп ыйлаган Хасанды көтөрүп, үйдү көздөй басты. Ушул окуядан кийин атканада жалгыз ойномой. Хасан үйгө камалган, атканага келбейт. Апам келгенден кийин да ырайым болгон жок. Ыңгайы келе калганда атам “ал жалганчы” дейт. Хасан токмок жегенин эстеген сайын ыйлайт. Сооротмок тозоктун иши. Байкуш апам менин жалаа жапканымды эч качан билген жок. “Келесоо Дадарух аттарга тебелетип салды” – деп тим болду.

Кийинки жылы жайында апам кайрадан Стамбулга кетти. Биз жалгыз калдык. Хасанга атканага барууга болбойт. Түнкүсүн уктаар алдында, эмне иш кылганыбызды, тай-кунандардын чоңоюп же чоңойбогонун сурайт. Кокустан эле бир күнү ооруп калды. Доктур келди. Дифтерия экен. Кошуна аялдар үйдү айланчыктап жүрүшөт.  Ала куштарды кармап келишип, союп инимдин мойнуна ороп жатышты. Атам керебеттин жанынан чыкпайт.

Дадарухтун маанайы чөгүнкү. Первин үңүлдөп ыйлаганын токтотпойт.

— Эмнеге ыйлап атасын? — дедим.

— Иниң ооруп атат.

— Айыгып кетет.

— Айыкпайт.

— Анда эмне болот?

— Иниң өлүп калат, — деди.

— Өлүп калабы?

Мен дагы ыйлап баштадым. Ал ооругандан бери Первиндин жанында жатам. Ошол түнү эч уктай албадым. Үргүлөп баратканымда Хасандын элеси көз алдыма тартылат. “Жалаа жаптың” – деп маңдайымда боздоп турат.

Первинди ойготтум.

— Хасандын жанына барам, — дедим.

— Эмнеге?

— Атама бир нерсе айтышым керек.

— Эмне айтасың?

— Ат таракты мен сындыргам, ошону айтам.

— Кайсы ат таракты?

— Өткөн жылкы. Атам Хасанды урушкан…

Сөзүмдү жыйынтыктай албай калдым. Терең кайгыга муунуп бараттым. Көзүмдүн жашын көл кылып окуяны Первинге айтып бердим. Азыр атама айтсам, балким Хасан дагы угуп мени кечирет.

— Эртең айтасың, — деди.

— Жоок, азыр барып айтам.

— Азыр атаң уктап жатат. Хасан да уйкуда. Эртең айтасың, барып өбөсүң иниңди, кечирим сурасаң ал сени кечирет.

— Макул анда.

— Кана эмесе эми укта.

Түнү бою көзүм илинген жок. Таң агарып калганда Первинди ойготтум. Турдук. Мен жан дүйнөмдү кыйнаган азаптан кутулуу үчүн шашып жаттым. Тилекке каршы, күнөөсүз байкуш иним ошол түнү каза болуп калыптыр. Даскоркон жээгинде айылдын имамы менен Дадарухтун ыйлап отурушканын көрдүм. Алар атамдын сыртка чыгуусун күтүп жатышкан.

Түрк тилинен которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Факфон – цинк жана никелден жасалган күмүш түстүү аралашма буюмдар.

One Reply to “Өмер СЕЙФЕДДИН: «Ат тарак»”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *