АҢГЕМЕ

Дөңсөө колдон колго өттү. Аны экинчи жолу ээлеп алышкан жоокерлер башаламан качып баратышкан тараптын соңунан түшкөн жок, көздөгөн максат орундалгансып, анда-санда ок чыгарышып тим болушту. Аларга азыр аз да болсо тыныгуу керек эле.

Дөңсөөнүн колдон колго өтүшү бир гана күндүн ичинде болду, эки жолку чабуулга эки тараптан тең баягы эле күчтөр катышты. Экинчисинде, албетте, катышкандардын карааны азайып, кармашуу анчалык узакка созулбады.

Жеңишке ээ болушкан жоокерлер өз ара кубанычты бөлүшүү үчүн бири бирин жигердүү тиктешет. Бирок бул тиктешүү жеңиш менен куттукташуудан көрө кимиси бар, кимиси жогун түгөлдөөгө окшойт.

Дөңсөөдө тынчтык. Эч ким ишенбеген, күмөндүү тынчтык.

Согуш турмушуна жедеп көндүм болгон солдаттар мындай учурдан жакшылык күтүүнүн ордуна андан пайдаланып калууга ашыгышат. Адегенде эле чылым тартууга киришет, кайсы бири баштыгын оодарат, кайсы бири аягына-быягына да үлгүрүп, анан алыскы тылга кат жазат.

Уюлгуган чаң менен түтүн капкачан тараган. Снаряд менен бомбаларга тытылып, тамтыгы кеткен дөбө, кыйраган жыгачтар. Ар кай жерде пулеметтор, майтарылган замбиректер, атылбай калган октор, ыргытылбаган гранаталар — кайсынысы советтики, кайсынысы немецтики экени чаңдан байкалат. Айтор ок-дары жагы мол. Көкөйдү кесип турган киши күчү менен оокат.

Дөңсөөдөгү күчтөрдүн чамасы бошко кендиги душмандарга белгилүү. Эгер эртеңге калса, аларды сүрүп чыгуу кыйын болорун да жакшы билишет. Эки жактын тең рациясы иштөөдө… Кайсы жагына жардам мурдараак келет — дөбөнүн тагдыры ошого жараша чечилмек.

Тыныгуудагы жоокерлерге көз жүгүртүп, чылым тартып турган чүңкүр кабак киши — бөлүктүн командири Савельев. Кийими, погонунан бери чаң басып, анын ким экендиги таанылбайт. Чаң менен түтүн жоокерлердин баарын бир бирине окшоштуруп койгон. Ошондой болсо да, Савельевдин көз карашы жана баамчылдыгынан улам командир экенин дароо эле ажыратууга болот.

Лейтенанттын көз карашы окоптон жылбай күн батышты тиктеп, автоматын бетине кармап турган жаш солдатта. Анын шыргыйдай узун, арык денеси кур менен кынжыйта тартылгандыктан, ого бетер тартайып, жарга сүйөп койгон жыгач сыяктанат. Лейтенанттын боз чаңгыл бети жыйрылгансып, тиштери гана кашкайып көрүндү. Бул анын жылмайып күлгөнү эле.

Кызык эле солдат да. Башкаларга окшоп эс албай эмне эле какайып калган? Же бирөө аны күзөткө койбосо. Ушу солдат өзүнүн таң каларлык жүрүш-турушу менен командирдин көңүлүн ар качан бурат. Башкаларга окшобогон бала кыял солдат менен кантип таанышканы командирдин эсине түштү…

Эртең согушка киребиз деген күн. Солдаттардын баары үйлөрүнө, досторуна, сүйгөн кыздарына, айтор, каалаган тааныштарына кат жазышууда. Кайсы бирлери кокус өлүп калсак… «дешип, бирибирине керээзин айтышат». Ошол күнү жаш солдат эч кимге кат жазган жок, кепке сөзгө кошулбай, өзүнчө ойго батып, тынчсызданып жүрдү. Анын көңүлүнө түшкөн бүлүктү байкаган лейтенант кечке жуук жаш солдат окопто обочолонуп, автоматына таянып, көз жашы мөлтүрөп отурганын көрөт. Биринчи жолу согушка катышуудан жүрөксүп отурганыбы деп ойлоп, командир аны сөзгө алат:

— Солдат! Эмнеге ыйлайсың?

Ал көз жашын дароо жеңи менен сүртүп, какайып тура калат:

— Жооп берүүгө уруксат этиңиз, жолдош командир.

— Вольно! — Командир жай сурашууну каалагандай жанына келип, анын ийинин таптайт: — Тим эле да ыйлачу беле?

— Ырас, мен тим эле ыйлаганым жок.— Командирдин ырайымдуулугуна эреркеп, жаш солдат чынын айтат.— Апам эсиме түштү. Ушу маалда мен боз үйгө куурай жагып, апам сүт бышырчу эле. Отту дайыма мен жакчумун… Эгер мен кечиксем, апам эшикке чыгып жол карай турган…

Лейтенант ошол сүйлөшүүгө чейин анын жаш солдат экенин, фамилиясы менен аты Арсыгулов Сүйүн экенин гана билчү. Ошо аңгемелешүүдө Сүйүндүн башынан өткөндөрүн, өмүрүн кызыгуу менен угат.

Жаш солдаттын анык жашы он алтыда болуп чыкты. Армияга эртелеп чакырылганы аз келгенсип, мектептин босогосун он жашка чыкканда аттаган (сегиз жашында «айлыбыз алыс» деп атасы окутпай койгон экен).

Сүйүн өзүнөн кичүү балдар менен бирге окуганына арданбайт, боюнун сөлөктүгүнө жана эби-сыны жоктугуна, башкаларга күлкү болгонуна арданат. Эптеп төртүнчү классты бүтүп, орто мектептин бешинчи классына көчкөндө жашын көбөйтүп, он алтыдамын деп комсомолго өтөт. Анан эки жылдан кийин комсомолдук жашы он сегизге толуп, армияга чакырылат.

— Метрикаң жок беле? — деп таң калат командир. Сүйүн анын өзүнө суроо берет:

— «Метрика» деген эмне?..

Лейтенант азыр эс алуу, оокаттанууну ойлобой, башкалардан сактык кылгансып, душмандар бекинген тарапты тиктеп турган. Арсыгуловду көргөндө экөөнүн аңгемеси эсине түшкөн эле.

Савельев ойлоно калды.

Ушу каргашалуу дөбөгө туш болгону бир рота аскерден бир взвод чамалуу кишилер гана соо калды. Ротанын командири оор жараланып, бөлүктү башкарууну Савельевге тапшырган…

Тирүү калган жолдоштору командирге мурункудан да ысык, жакын көрүнүдө. Күтүүсүз учурда жаш солдаттын автоматы «дырырр» этти. Тыныгууда дендирей түшкөн солдаттар тура чуркашып, колдоруна куралдарын кармашып, өз оруңдарын ээлешти. Чылымдын түтүнүн буркуратып турган лейтенант Савельев гана былк этпеди. Чаалыккан Арсыгулов каалгып уйкуга карамыгып, автоматын окусунан басып алганын ал көрүп турган.

Сүйүн өзү да чочугандай башын жулкуп алып, эки жагын элеңдеп караганда кулагынын түбүнөн октор чуу чуу этти.

Командир кыйкырып жиберди:

— Арсыгулов!

Жаш солдат шашкан бойдон окопко жата калды.

Жоокерлер окуянын кандайча болгонун түшүнбөй, биздин жигит душмандын снайпери менен атышкан экен деп болжошту. Анын өзү да эмне болуп кеткенине акылы жетпей карбаластап турганын байкашпады. Иштин жөн-жайын түшүндүрүүдөн эрингендей командир чылымын соруп тура берди. Мындайда командир шашылыш түрдө беттешүүгө даярданууга буйрук берчү эле. Эч нерседен камырабаган лейтенанттын оозунан күтүлбөгөндөй сөз чыкты:

— Эмнеге жардана калдыңар? Баргыла, эс алгыла! Кузнецов, сен күзөттө болосуң!

Баш аягы бир чакырым келбеген, кыркалуу дөңсөө. Бир кезде жакын жерде орношкон кыштак калкынын жайы-кышы эс алуу жайы болуу керек. Айланада мындан башка токой да, тоо да көзгө чалынбайт. Жоокерлер бадалдардын түптөрүндө колу-буттарын кенен созушуп, суналып жатышты. Заматта туш-тушунан коңурук башталды. Планшетин башына жаздаган лейтенант да уйкуда. Кирпик какпай чакчайган — Сүйүн гана. Ал ушу кыштактын тагдыры жөнүндө ойлонот. Өзү согушка катышкан жарым жыл ичинде мынчалык кыйроого учурап, караманча ээн калган кыштакты көрө элек болучу. Эч болбосо бирин серин карылар, аялдар жана балдар учурар эле. А мындан кыбыр эткен тирүү жан, жадаганда сорок эткен канаттуу куш көрүнбөйт. Баары тыптыйпыл болгондой. Бул кыйраган кыштакта жашоо биротоло токтогондой…

Дал ушул минутада Сүйүн бир ажайып окуяга туш болду — жанындагы бадалдан кичинекей чымчыкты көрдү. Өңүмбү, түшүмбү деп өз көзүнө ишене албады. «Бул жерде тири жандык, тиричиликтин белгиси жок эле го» — деп ойлоп турганда чымчык чыйпылдап, бутактан бутакка учуп конуп, ага жакындай баштады. Бул тири укмуш кадимки эле королу экенин тааныды.

Баятан бери көңүлдү басмырлаган жалгыздык сезим заматта жоголуп, ажайып дүйнөгө кайрадан аралашкансыды.

Королу айланчыктап кетпейт. Балким ал жалгыздыкка көнбөстөн, адамдарды паана кылып келгендир же ушу бадалдардын арасынан уясын жана уялаштарын издегендир.

Солдатты эми королунун тагдыры ойлонто баштады. Эртеден бери ажалдын оту бүркүлүп, тирүү жандык түгүл, жыгачтарынан бери бүлгүнгө учураган дөңсөөнүн айланасында бечера чымчык кантип түрүү калды экен? Королу канаттуунун баарысынан кичине, баарысынан чабал болгону менен, мүмкүн баарысынан бактылуудур.

Бул бечера башка тирүү калган куштарга окшоп ок атылбаган, түтүн каптабаган, өрттүн жалыны алоолонбогон бейкут тарапка эмне үчүн ооп кетпеди экен? Коркунучтуу жерде королуга эмне бар?

Сүйүн мурда королу жөнүндө ойлонмок тургай, аны канаттуу куштардын катарына кошчу эмес. Анын кадырын тагдыр өз эпчилдиги менен гана билгизди. «Эч болбосо ушу бечара тирүү калгай эле» — деп тиледи Сүйүн. Алдыда дагы канча октор атылат. Балким бул дөбө түзөлүп, бирин-серин бадалдар орду-түбү менен жок болор.

Жаш солдат жалгыз королону сактап калуу жөнүндө ойлонду. Аны башка жакка, айтор ушу каргашалуу дөбөдөн алысыраак учуруу керек эле. Бирок кичинекей чымчык анын эркине көнбөдү. Соңунан түшкөн адамдан качып, бадалдын бир четине жеткенде кайра артына кайрылат… Өзү байырлаган дөбөдөн кетүүнү каалабагандай, мындан пааналуу жерди керек кылбагандай, имерчиктеп кетпейт. Эч нерсе түшүнбөгөн бечара чымчыкты кандай болсо да сактагысы келди.

Жаш солдат дагы канча убараланат эле, айланага минометтордун октору ышкырып келип, күп-күп этип түшүп, кулак тундура жарыла баштады. Чымчыкты кубалап бараткан жаш солдат жыгылды. Көзү караңгылады.

Снаряддар дале сейректеп түшүп жатты. Жарадар солдат бөжөңдөп чуркаган медсестранын жонунда жаш балача шалактап баратты. Кыймылдаган сайын жаратынын сыздаганына, таңдайы кургап суусаганына — баарына, баарына кайыл, эптеп эле ушу каргашалуу дөңсөөдөн алыстасак деген тилекте. Адатта адам коркунуч өткөндөн кийин эсине келет, андан ары иштери, максаты жөнүндө жайынча ойлонот. Бирок далбастаткан коркунуч өткөндөн кийин да Сүйүндүн жүрөгү эмне үчүндүр кооптуу согуудан танбады.

Сүйүн буга чейин кадимкидей коркунучту башынан өткөрүп көрбөгөн эле. Согушка биринчи жолу кирерде гана жүрөгү дүкү-дүкү соккон, анысы корккондугубу же белгисиз нерсе менен беттешүүдөгү сезим ушундай болобу — ачык түшүнө албай койгон. Мындай түшүнүксүз сезимди мектепте окуп жүргөндө да башынан өткөргөн. Анда согушка катышуу деген нерсе оюна да келчү эмес, жөн эле вожатыйдын кыстоосу боюнча кээде пионерлердин жалпы чогулушунда сүйлөөрдө эмне үчүндүр апкаарып, жүрөгү дүкүлдөп, алгач үнү калтаарып барып оңолчу. Кийин армияга чакырылуунун алдында өзү менен классташ кыз менен окуусунан бет алышып же сүйлөшүп калганда ошентип калтаарып калар эле. Жакшы жери — аны бир жигит ала качып, Сүйүндү белгисиз түйшүктөн куткарды.

Коркунуч өзүнөн өзү коркунучтуу эмес. Адам өзүнүн алсыздыгын сезүү коркунучтуу. Эки буту кыймылга келбей, шал болгонсуп, томолонуп жатып калганда мусапырчылык кандай болорун биринчи жолу билди жана ушундай учурда жардамга келген Машага керек болсо, жанын курман кылууга даяр болуп баратты.

А Маша болсо, бул ишке демейдеги милдетиндей гана карайт. Аны кубантканы — көтөргөн жүгүнүн жеңилдиги.

Алар канча жол басышканын байкашкан жок. Айтор, замбиректердин жана минометтордун үнү угулбай калган кезде гана (мүмкүн атышуу токтолгондур) кара терге чөмүлгөн Маша чарчаганын билди. Сүйүндүн жараты да ошондон кийин катуулап кыйнай баштады.

Машанын буттары чалыштап калды… Токтолду… Экөө тең чалкалап, бир балаадан кутулгандай, ээн эркин суналып жатышты. Жарадар кээде гана кыңкыстап кайра басылат. Суусап, оозунун ичи кургагансыйт.

Кыйла убакыт өттү. Убакытты барктоо жагынан жарадарларга ким тең келсин. Сүйүндүн тынчы кете баштады. Медсестра болсо эч нерсени кенебейт, каякка, эмне үчүн баратканын да унуткандай сулк жатат. Санитарлык бөлүккө жараты кабылдай электе төзирээк жеткирүү керек эле. Бир жагынан бир ууртам суунун азабы өтүп баратты.

— Суу! — деди ал бейкут жаткан сестрага угуза. Маша козголбоду. Мүмкүн укпагандыр, же уккусу келбегендир, аны сүрүштүрүүгө убакыт кайда? Жарадар мурункудан да катуу унчукту.

– Суу! Суу!

Дагы да жооп болбоду. Бул эмнеси? Кантип эле укпасын? Андан көрө ээн жерде эч ким жокто медсестра эмне кылам десе да өз эрки да. Таштап кетем десе, ким кой демек? Сүйүн өз ичинен ачууланды: «Эх, мындай экениңди мурда билбегеним, ай…» Ачуусуна чыдабай бурк этти:

– Сен эмне унчукпайсың? Билем сени…

Бул ачуунун тиешеси жоктой медсестра камырабайт.

— Тоготпогонун карачы! — деп чыйпылыктады ал.— Катардан чыгып, керек болбой калган кишиге ушундай карашат экен го! — Жарадардын күйбөгөн жери күл. Аны сөккүсү келди.

Коюп жиберүүдөн да кайра тартпагандай колун жаңсады, алсыз колу кыздын көкүрөгүнө акырын гана урунду. Кара терге чыпылдаган гимнастерканын алдынан соккон жүрөк анын алаканын ургулап, оор дем алышы колун бирде өйдө көтөрүп, бирде ылдый түшүрүп термелте баштады. Кыз демин жыйнай албай жаткан эле.

— Кудай ур,— ал сунулган колун кайра тартып алууга чамасы жетпей, жасакерленип күбүрөдү: — Маша! Кечир мени?

Кыз дале болсо демигип, эсин жыйнай албай жатты. Оозун кыбыратууга да дарманы жок. Жарадардын жаагы жап болду. Суу сураганы, атүгүл, кээде кыңкыстаганы да басылды. Ал өз жоругуна катуу капаланып, «мендей дөдөйгө азыркы көргөндөр да аз» деп өзүн өзү табалайт. Капаланат. Оюна ар нерселер келет…

Баарынан да өз өмүрүн эстөө таң калтты. Көргөндөрүнүн көптүгүнө жана кызыктыгына эмес, тагдырынын тамашакөйлүгүнө таң калды. Кичинекейинен баштап ар нерсеге өз мөзгилинен мурда чарпылып, бирок аны толук бойдон башынан өткөрө албан, өмүрүнүн ар бир курагы өксүгөндөн өксүүдө. Боюнун сөлөктүгүнөн өз теңдерине кошула албай балалык доорду өткөрдү. Өспүрүм курагында боз уландар менен жүрүп, же андан жок, же мындан жок дагы арабөк калды. Аскер кызматына киргенден кийин, эми туруктуу ордумду таптым го деп ойлогон. Жоокердин өмүрү албетте чалагайым болууга тийиш эмес, же жеңишке жетмек, же окко учмак. Тилекке каршы, мында да күткөндөй болгону жок. Жараланды, айыгабы, жокпу — күмөн. Айыккан күндө да аскер кызматына жарайбы, жокпу — анысы да күмөн. Ошентип, жоокерликтин өтөөсүнө да чыга албай тургансыды.

Сүйүн өкүнүчтүү өмүрү жөнүндө ойлоп жатканда медсестра эс ала баштады. Аны да Сүйүн капысынан, кыздын жүрөгүнүн кагышынан улам билди. Эң мурун алаканы ысып чыккан болучу, бүкү-дүкү соккон жүрөк бир аздан кийин чоочун колго үйрөнүшкөндөй жоошуй баштаган. Анан эмне үчүндүр колуна токтун учкуну типгендей сезип, тынчы кете баштады. Бул эмнеси? Мындай жорук башынан өтүп көрбөгөн жигит жаратын унутуп, эмне болуп баратканын түшүнө албай жатты.

Ал азыркы учурга чейин кыз жүрөгүн тыңшап да, аны менен сырдашып да көргөн жан эмес. Кыздарды сыртынан эле билем деп ойлой турган (анда биле тургандай эмне болмок эле). Анын байкоосунда ушул Маша далайды башынан өткөрүп, балким бир-эки эрден чыккан бийкечтерден болуу керек эле. Солдаттар болсун, баары менен ачык сүйлөшкөнү, эч нерседен ыйбаа кылбаганы ага ушундай таасир калтырчу. Азыр болсо, ошол эле Маша жаш өмүрүн согушка зарп кылып, сыртынан ачык көрүнгөнү менен, терең сырлуу, жолдоштукка бекем жана махабаты тунук, карапайым орус кызы экени жүрөгүнөн сезилип турду. Мындай кызды ал эч жерде жолуктура элек болучу.

— Эх, Маша! Садагасы, Маша! Экөөбүз кандай күнгө туш болдук! Сени эмне үчүн азыр гана таанып отурам? Кечээ, эч болбосо, бүгүн түштөн мурда кайда элең?..

Маша кечээ да, бүгүн да, түштөн мурда да, Сүйүн менен бир бөлүктө болучу. Алар биринчи көрүшүп, бирге кызмат кылгандан бери алты ай убакыт өтпөдүбү? Бирок анда бул кыз анын көзүнө башкача көрүнчү. Ал бар болгону медсестра эле. Армияда медсестра жана врач кыздар аз бекен. Машаны ошолордун бири деп кое турган.

Сүйүн алаканын кыздын көкүрөгүнөн алгысы келбей калды. Аз да болсо, анын катарында жата турууну, эркелетүүнү каалады. Бир кереметтүү күчтөн кубат алгансып, ийкемге келген колун жылдырып, анын көкүрөгүн сыламак болду. Канчалык этияттанса да сөөмөйү кыздын тирсийген көкүрөгүнө барып урунду.

Маша чочуп ойгонду. Киши кыйналганда чырм эткенге не жетсин! Чарчаганы басылып, бою жеңилдей түшкөн. Бир чырм эткен уйку менен бир жутум суунун кадырын сапарда жүргөн киши гана билет.

Бул убакта ай кылайып чыга калган эле. Маша башын көтөрүп жарадарга үңүлдү:

— Акыбалың кандай, жоокер?

— Жакшы.

Медсестра анын жообуна ишене албай:

— Чын айтчы, кандайсың? Жаратың оңой эмес көрүндү эле.

Анда баягыдай эле жооп чыкты:

— Жакшымын.

Ал эмне үчүн антип жооп берди, чын эле айыктыбы, же кыздын көңүлүн улайын дедиби, же кыргыздар өлгөнү жатса деле көңүлүн сурагандарга «жакшымын» деп айтчу адатын карматтыбы? Эмнеси болсо да Маша анын жообуна ынанды. Убакытты өткөрбөй, жоокердин жаратын ырбатпай санитардык бөлүктү таап алуу керек эле. Медсестра ордунан туруп, эңкейип, анын колунан тартты. Жарадар башын көтөрүп, чымырканганда жараты чыдатпай бакыртып ийди.

— Айтпадым беле?! — Маша аны кылдаттык менен жөлөп отургузду.

Сүйүндүн таңылган жараттары сыздата баштады. Суу көздөн учат. Кыздын сыйкырлуу жүрөгү, өзүнүн делбелениши эмне үчүндүр ойго келбей калды. Бардыгы заматта өзгөрүлгөнсүдү. Бири жарадар солдат, экинчиси медсестра… Экөөнүн ортосунда башка эч нерсе калбагансыды.

Медсестранын абалы деле жыргарлык эмес. Курсагы ачып, суусагандан тили оозуна батпай турат.

Экөөнүн ортосунда бир баштыкча, бир фляжка гана калганын көрүштү. Баштык бош экен. Фляжканын түбүндө гана суу шылдыр-шылдыр этет. Экөөнүн көзү да ошо бир ууртам сууда. Фляжканын капкагын ачып, оозуна жакындатып бараткан Маша жарадар солдаттын тамшанганын байкап токтоло калды. Анын кебетеси ушу бир ууртам суудан жаным калар эле дегендей белгини тапты. Адатта жарадарга суу ичирүүгө болбойт. Ал эми «ичпе, оозуңду гана чайка!» — дегенге анын көнбөсү белгилүү. Суудан көзү каткан жарадарлар мындай учурда өлөрүнө карабай колуна тийгенди жутуп коет.

Маша аны жалжылдап карайт. Бул көз караштан: сага ичүүгө болбойт, мен ичейин, ансыз сени самаган жерге кантип көтөрүп жеткирем деген ниети сезилет. Мейлиң, бирок көзүм көрбөсүн дегенсип солдат тетири карайт, көзүн жумат. Эми бүттү го деп бери бурулганда фляжка кыздын калтыраган колунда, оозуна дале жетпей турганын көрөт.

Кызды мынчалык сабырдуу жана чыдамкай болот деп ойлобогон жоокер ага ыраазы болуп, чын пейлинде сууну ичип жиберсе экен деп күттү. Ыйба кылып турабы деп шектенип, ыраазылыгын да билдирди:

— Ич! Иче гой, Маша!

Медсестра болсо, өзүнчө ойго чумуган. «Мындайда жарадарлар башканын өлгөн-тирилгенине карабастан, сууну колдон талашчу эле. Бу жигит эркектик намысын ойлоп, кыздан суу талашуудан ыйбаа кылгандыр. Анысына ыракмат! Жакшы үй-бүлөдө тарбияланган окшойт… Мен анын суроосун орундатсамбы? Окус бизге мындан ары суу табылбаса, же адашсак, бечара бир тамчы суусунга жетпей арманда кетип жүрбөсүн. Менин деним соо, дагы узакка чыдай алам…»

– Солдат! — кыз фляжканы ага сунду.— Мен соомун, чыдай алам. Бир жут. Эч болбосо, оозуңду чайка.

Жигит башын чайкады… Кыз колу талыганда гана фляжканын, оозун бекитип, жанына байланды.

Экөө тең тунжурашат. Мындайда сөз да табылбайт. Эч болбогондо бир нерселер жөнүндө сүйлөшүп, көңүлдү алагды кылуу керек эле.

— Солдат! Бир нерсе айтсаң боло! Жарым жылдан бери экөөбүздүн бүгүн кездешкенибизди кара!

Эмне айтуу керек? Жигит ойлонуп калды. Ушул арада медсестра чөнтөгүнөн блокноту менен каламын алып чыкты.

Туулган жериңдин адресин айтчы!

Ал солдаттын адресин алып, өзүнүкүн ага жазып берди. Анын колунан чыккан кагаз Сүйүнгө адрес эмес эле, жигит менен кыздын ортосунда жазылчу ашыктык каттай сезилди. Ал үчүн кыздар менен алышкан биринчи кат ушу болучу.

— Сүйүн! — Маша аны атынан атай баштады. — Апаң менен атаң билимдүү кишилерби?

— Апам сабатсыз, атам лекпести бүткөн. Мени менен кат жазышып турат.

— Өзүң орто мектепти качан бүттүң?

Сүйүн бир аз мукактанды. Окуган классынын төмөндүгүнөн арданганы жок, Машадан кичүү болуп көрүнөмбү деп чочуду. Жакшы жери — кыз жооп күтпөгөндөй суроосун улады.

— Кыздар менен кат алышып турасыңбы?

— Жок.

— Эмне үчүн? — Машанын күлүмсүрөгөнү айлуу түндө ачык билинди.

Жылмаюу иреңине жарашкансып, ал мурункусунан да татынакай көрүндү. Дагы күлө түшкөй эле.

— Мүмкүн, ошондойдур, — деди ал жука эрдин чое сүйлөп. —  Сен, калп антууну билбеген жигит окшойсуң. Сага окшогон жигиттерди аз көргөм. Сен эмнеге мелтирейсиң?

Сүйлөө керектигин ал өзү да билип турган. Ал тургай бир топ нерсе жөнүндө сурагысы бар. Эмне үчүндүр батынбай каймана аңгемеге түштү:

— Илгери менин чоң атам бир бутунан жарадар болгондо аттан түшпөй ошо жарадар бутун канжыгасына таңып алып, урушту уланта берген экен…

— Анык баатыр турбайбы! — Кыз сөзгө ынтаа коюп. — Кыргыздар ким менен согушчу экен?

— Илгери, илгери калмактар менен.

— Чоң атаңдар дагы кимдер менен согушкан?

— Өз ара…

— Граждандык согушпу?

— Уруу арасындагы согуш…

— Бабаң да согушту бекен?

— Бабам да, анын бабасы да.

Маша күрсүнүп койду:

— Тарыхта согушту көрбөгөн муундар болду бекен? Сүйүн ийнин куушуруп тим болду.

* * *

Алар кайрадан жолго чыгышты. Жарадарды медсестра солдойтуп жонуна көтөрүп алган. Жаратына күч келбесин үчүн кыздын мойнуна ылдый асып койгон эки колу анын тирсийген төшүнө жабышып баратат. Кыз кадам таштаган сайын жарадардын тумшугу анын жумшак чачына бата түшөт, мурдуна кандайдыр бир жагымдуу жыт келет. Жүрөгү элеп-желеп болуп кайрадан тынчы кете баштады. Маша эч нерсе менен иши жоктой кадимкисинче басып баратат.

— Маша! — деди Сүйүн чиренип,— токточу?

— Эмне болду! Жаратың ооруттубу?

— Жок.

Медсестра басып баратып түкшүмөлдөп койду:

— Анан эмне болду?

— Жөн эле, токто дейм!

— Тентектик кылба, жоокер! Убакыт кымбат!

— Маша дейм! Токто! — Сүйүн чиренип, аны ийнинен булкту.— Ташта мени…

Буга эмне болуп кетти дегенсип, медсестра токтой калып, аны акырындап жерге отургузду.

Сүйүн эт бетинен кулап, жер кучактай жыгылды. Медсестра дал болуп анын жанында унчукпай кыйла отуруп калды. Акырында солдат өзү сөзгө келди.

— Түшүнөсүңбү, мен эркекмин! Солдатмын. Мен сага көтөртүп жүрө албайм.

— Ошондой де. — Маша жылмайып койду. — Мен эмне болду деп чочудум эле. — А сен түшүнөсүңбү жарадар экениңди?

— Бул эч нерсе эмес. Мени ташта. Санитарлык бөлүктөр өзү келип алып кетишсин!

— Сен эмне деп жатканыңды билесиңби?

— Билем. Болду мен эч жакка барбайм. — Ал көмкөрөсүнөн оңдонуп жатып алды.

Талашуунун пайдасыздыгын түшүнүп, Маша анын жанында окуя кандайча бүтөрүн билгиси келип, ойлуу жатты. Жаралуу неме албууттанып кандай чечимге барбасын, баары бир оюнан айныбады.

Сүйүн болсо күтүлбөгөн учурда жараланганына, кандайдыр бир купуя сезим козголгонуна жана өмүрүндө биринчи жолу ыкласы түшкөн кызга көрсөткөн тагдырдын шылдыңына ызаланып, кайгырып, баарынан кечкиси келип көшөрүп жатты. Балким, санитарлык бөлүктөр же болбосо биздикилердин чалгынчылары жолугушуп калар. Болбосо бу көрөкчө өлгөнү жакшы.

Убакыт өз жумушун иштей баштады. Ызасы, ачуусу басылып, кызды бөөдө кыйнаганына кейиди. «Менин азабымдан ал ачка болуп же душмандын колуна түшпөгөй эле» — деп чочуп башын көтөрдү.

— Солдат! — дейт медсестра жай гана. — Жолду уланталы. Убакыт кымбат.

Сүйүн шылкыйып жер карайт, адатынча кыйкырбайт. Медсестра аны колдон тартып, аркасын тосот…

Ай кыйла көтөрүлгөн. Жүгү мурункудан оор тартып, медсестра илкип-калкып кетип баратты.

Экөө тең унчугушпайт. Өзүбүздүн арткы бөлүктөргө, санчастка ана жетебиз, мына жетебиз деген үмүткө жетеленген немелер акыркы күчү түгөнгөнчө алга озунушат…

Бир оокумда медсестра жаткан жеринен козголбой калды. Анын жанында соолуп жарадар жатты. Бир көргөн кишиге алардын кимиси жарадар, кимиси соо экенин ажыратуу кыйын.

Сүйүн адатынча медсестраны сөзгө албай, эч нерсе сурабай тынч жатты. Маша бу жолу уктабады, анда-санда үшкүрүп коюп, ойлуу, кең асманды тиктеп жатты. Анын ойгоо экенин билсе да жанындагы жолдошу сөзгө албады. Сөз Машадан чыкты:

— Биз каякка баратабыз? Байкайсыңбы?

— Санчастка.— Бейкапар жооп берди жигит.

— Санчастка али жете элекпиз деп ойлойсуңбу?

— Антип деле ойлогонум жок. Кыздын үнү кооптуу угулду:

— Биз адашкан окшойбуз. Арткы бөлүк мынчалык алыс болбоого тийиш эле. Экөөбүз ачык сүйлөшөлү: чын эле адашкан болсок коркоор белең?

— Ооба.

— Колго түшүп кетебиз деп коркосуңбу? — кыз суроосун кайталады.— Эмнеден коркосуң?

— Мен үчүн экинчи бирөөнүн азапка түшүшүнөн.

Күтүлбөгөн жооп медсестраны ойлонтту. Дайыма баладай көрүнүүчү солдаттын оозунан жетилгендиктин белгисин билдирүүчү сөздү биринчи жолу угушу болучу. Ал башын көтөрүп, эки колун тизесине айкалыштырып, анын маңдайына жакын отурду. Жигит аны чынында эле бир башкача жалжылдап тиктеп жаткан эле.

«Бул кыз мага мынча эмне айланчыктайт?» — Мени санчастка жеткирем деп, башына балаа үйгөнүн билип турса да, эмне үчүн капаланбайт. Бардык солдаттарга ушундай карайбы? Же мага өзгөчө мамиле кылганыбы? Андай болушу да мүмкүн». — …Сүйүн өзү да ага башкача, мурда болуп көрбөгөндөй мамиле кыла баштабадыбы. Балким бул кыз аны от арасынан бекер жеринен сууруп чыкпагандыр. Эч болбосо, фронттун кызыл жалынынан эмне үчүн алып чыкканын билгиси келди.

— Маша, сенден бир сөз сурагым келет. Айтасыңбы?

— Балким, айтпасмын… Оболу сурооңу айтчы? — деди кыз токтолбоп.

— Мени согуш талаасынан эмне үчүн алып чыктың? Эмне үчүн өз башыңды азапка байладың?

— Жарадарды ташуу милдетим. Мунун эмнесин сурайсың?

— Жашырып жатасың. Жарадарды ташый турган убакыт жок болучу.

— Кандай десем… Сен да солдат, мен да солдат. Экөөбүз тең командирдин буйругун аткарабыз.

— Демек, лейтенант Савельевдин буйругу экен да.

— Ооба, дал ошонун.

Жарадардын оозу бүлкүлдөп, кээде гана «менин командирим!» деген сөзү угула калат…

Ал согуш талаасынан кетишин Машанын гана демилгеси деп ойлоп, жана анын андан берки тарткан азабынан улам ушу кыздын мага кылган мамилесинде кандайдыр бир купуя сыр барбы деп болжогон. Ошондой үмүткө кубанып, шерденип анын айтканын угуп келаткан, эми кыздын мамилесинде аскердик карызды өтөөдөн башка нерсе болбогон соң ысык деми сууп, эч нерсеге көңүлү келбей калды.

Жаш солдаттын көңүлү чөгө түшкөнүн Маша да байкады. Анын көңүлүн улоого убакыт да жок, шайманы да жок.

Маша сөздү чукулунан чечкиндүү айтты:

— Жигит, башыңды көтөр! Колуңду бер! Анын башы да, колу да көтөрүлбөдү.

— Солдат, башыңды көтөр! — Медсестра жанагыдан тың сүйлөдү.— Экөөбүз талашууга убакыт жок.

— Маша! – деди солдат муңайымдуу.— Сага чоң ыракмат! Менин кебимди ук!

— Айта кой. Убакытты коротпо!

— Маша! Өзүң басалбай жүрүп, мени көтөрүп каякка темселейсиң? Мени таштап, биздикилерди изде. Мага анан келесиңер… Мен абдан ойлодум. Мындан башка арга жок.

— Айтарың ушубу?

– Мен чыным менен айтып жатам. Ойлонгун. Анан кеч болуп калат.

— Эх, солдат! Мен ойлонбоптурмунбу? Мен каякка барам, каяктан издейм? Биз адаштык. Бир бөлүнүшсөк, экинчи көрүшпөсүбүздү өзүң деле билип турасың. Экөөбүз болсо да, жалгыз кетсем да ушу. Мындайда жалгыздык жаман. Эмнеси болсо да чогуу көрөбүз.

— Суранамын: мени таштап, тобокел деп издеп көр?

— Мындай сөз экинчи оозуңдан чыкпасын. Экинчи жолу ошентип айтсаң таарынам. Кана, колуңду сун. Мойнумду кучакта.

Ал энесине талпынган, буту баса элек кичинекей балача колдорун сунду. Маша аны кайрадан жонуна көтөрүп алды.

«Уят, ай? Менин солдат болгонум, эл коргогонум ушубу?» — Сүйүн кайгырып баратты.

Аңгыча түнкү тынчтык бузула баштады. Ар кайсы жерден атылган түрдүү ракеталар асманды жаркыратат. Моторлордун күрүлдөгөнү бирде чыгыштан батышка, бирде батыштан чыгышка карай өтөт.

Алар асмандагы алтын казыкты тиктешет да, бара жаткан багытынан адашпаганын аныкташат.

Ооба алар адашкан жок. Бул баш айланткан согуштун багыты өзү бузулуп, кээде биздикилер батыш жагында калып, душман чыгыш жагынан кармашкан учурлары да көбөйүүдө.

Эрбеңдеген караан кетип баратат. Медсестранын жонунда жаш солдат, жамбаштагы булактаган фляжкадан суу шылдыр-шылдыр этет. Бул дабыш угулган сайын ичээр суубуз бар дегенсип, экөө тең каниеттенишет.

Төбөдө алтын казык жаркырайт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *