Алтай жомогу

Жашыл адырлардан ашып, кара токойго кызыл түлкү күйүгүп жете келди. Ал али өзүнө ылайыктап ийин каза электе эле бул жердин бир жаңылыгы кулагына шак угулду – буердин падышасы аюу алдан-күчтөн тайып, аябай карыптыр.

Муну угары менен жаңы келген түлкү бүт токойду жаңырта кыйкырат:

— Ай-яй-яй, балакет бизди басканы калды! Аксакалыбыз күрөң аюу өлүм алдында жатат! Анын алтын түспөл жүндөрү түлөп түшүп, курч тиштери оозунда калбай, буттарынын кубаты кетти. Болгула, келгиле, чогулгула, масилет куралы: күрөң аюунун ордуна биздин токойдо ким баарынан акылдуу болсо, ким баарынан сулуу болсо, ким баарынан жылдыздуу болсо ошону шайлап коёлу.

Тогуз дайранын куймасында, тогуз тоонун этегинде кедр дарагынын түбүндө туруп алар кара токойдогу жан-жаныбарларга баш-көз болор жанды тандап атышты. Алар бири-бирине сыланып-сыйпанып, жүндөрүн көрсөтүп, тиштерин ырсайтып, секирип ойноп ыкчамдыгына мактанып, тим эле биринен бири өтүп кыйынсынып турушту.

Карт аюу да мында келди:

— Неге эле ызылдап атасыңар?! Эмнени эле чече албай турасыңар?!

Жаныбарлар баары тынчып калды. Түлкү гана шиш тумшугун көккө кадап куйтуланды:

— Ой, ардактуу аюужан, картайбаңыз, жүз жыл жашап бекем туруңуз! Биз бул жерде эртеден бери талашабыз, тартышабыз же аныбыздан бир майнап чыкпайт. Жакшы болбодубу, өзүңүз келип. Эми сиз чечип бериңиз: ким баарынан кооз да, ким баарынан татыктуу?

— Ар ким өзүнчө кооз, ар ким өзүнө сулуу! – Аюу корс жооп кылды.

— Ой, акылманым десе, аныңызда калет жок, аны баарыбыз эле айтып атабыз, бирок бизге сиздин айтканыңыз гана керек болуп атпайбы. Сиз кимди айтсаңыз, ошол гана ардактуу орунга отурат.

Түлкү ошентип жалпаңдап кооз жүндөрүн тили менен кайра-кайра таранып, буттарын керип-чоюп, куйругун чайкап, ак төшүн күнгө жаркылдатып жылмаюусун токтотпой атты.

Ошентип турушкан жаныбарлар алыстан чуркап келаткан маралды байкап калышты: ичке, бирок кайраттуу буттары тоо челип, бутактанган мүйүзү көк асмандын түпкүрүн чийгилеп өзүнчө эле келатканы ажайып.

Түлкү ачылган оозун жумганча марал алардын жанына келип калды. Чуркап келгенге анын майин жүндөрү тердебептир да, ичке кабыргалары ичине кирип кетпептир, каны кайнап чыкпаптыр. Турат. Жүрөгү жайма жай согуп, көздөрү акырын балбылдайт. Тили менен эриндерин жалап, аппак тиштерин ырсайтып ачат.

Карт аюу жай козголуп, чүчкүрүп-бышкырып, колу менен маралды жаңсады:

— Мынабул жандык баарыңардан кооз экен!

Түлкү түнөрүп, кызарып-татарып, не кыларын билбей кызгангандан өз куйругун өзү тиштеди.

— Жакшы турат окшойт беймсиң, кымбаттуу марал? – деди түлкү кекээрдене. – Көрүнүп турат, түз буттарың чарчаптыр, энтигип атасың… Тыйын чычкан да сенден мурда келди, буту кыйшык суусар да эбак келген, араң жүргөн кашкулак да эртеден бери эле мында. Сен эле кечигип…

Марал бутактанган мүйүздүү башын ылдый ийди, камыш чоордон чыккандай үн менен акырын доош чыгарды.

— Урматтуу түлкү! Тыйын чычкан мынабул эле кедр дарагынын башында жашайт, суусар болсо кошуна айылда уктаган, кашкулактын үйү буерде эле эмеспи, тигил адырлардын артында. А мен болсо тогуз тоону ашып, тогуз өзөндү кечип, тогуз жайыкты басып өттүм…

Марал башын өйдө кылды – кулактары гүл желесиндей боло түштү. Мүйүзү жука түк чыгып, май айынын балы сүйкөлгөндөй жалтырап күнгө чагылышат.

— Сен эмне эле күйпөлөктөйсүң? – Аюу түлкүгө кайрылды. – Сен, өзүң, башчы болоюн дедиң беле?

Анан аюу түлкүдөн ары кетип, маралга жакындап, ага таазим эте минтти:

— Маркабат, кадырлуу марал, ардактуу орунуңуз кут болсун!

Түлкү куучуңдап ал жерге дагы жете келди:

— О-ха-ха! Калжаңдаган кайдагы бир карт маралды баарыбызга башчы кыласыңарбы, эми баарыбыз ошонун айткан-дегени менен болобузбу? Ха-ха-ха! Азыр ал кооз болсо болгондур, а аны кышында көргүлө эле – башы көсөө[1], токол[2], моюну ичке, жүнү ыдырап тытылган, өзү болсо шамалга ыргалып араң басат.

Марал жооп кылып сөз таппады. Башка айбанаттар бир нерсе дейт бекен деп аларга үңүлсө, баары эле башын жерге салат.

Кала берсе көптү көрүп кексейген карт аюу да маралга ар жаз сайын мүйүзүнө жаңы шак чыгып кошуларын, жылдан жыл өтүп, анын ошол мүйүзү бутактап отурарын, ал канчалык жашы улуу болсо ошончо өзү сулуу болорун ойлонбоптур.

Таарынычтан маралдын көзүнөн мөлтүр жаштар тамчылап, ал ачуу суюктук сөөгүнө сиңип, сөөктөрү кабырылып кетти.

Жакшылап карагыла эле: маралдын көзүнүн астында көгүлтүр чуңкур турат. Бирок аны менен анын көркү бузулган жок, кайра мурдагыдан да чырайлуу боло түштү. Маралдын сулуулугун жан-жаныбарлар гана эмес, адамдар да ырга салып, даңктап келет, акындар жакшы көргөндөрүн маралга салыштарат.

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Көсөөмүйүзү жок.
[2] Токол – мүйүз чыкпаган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *