АЙМАГЫ  

Азыр Орусия Федерациясынын Иркутск облусунун Төмөнкү Удин районунун Чоң жана Кичи Бирүса, Кызыр, Агул, Уд, Кан, Ия дарыяларынын баш жактарында негизинен аңчылык жана бугу багуучулук менен шугулданган элдер бар. Айылдары Алыгжер, Жогорку Гутара, Нерха. Борбор калаасы – Алыгжер. Болду, айылы да, шаары да ушул үчөө эле. Аларга да самолёт менен, же кышында тартылган дайралардын бетиндеги муздар менен араңдан зорго өлдүм-талдым менен жетесиң. Андыктан да цивилизациядан оолак калган жерлер дейсиң. Бул элдер тайга токойлорунун арасында. Элдин аты — тофалар.

КАЛКЫ

Тофалар, же тофа эли, калкынын саны өтө эле жай көбөйдү, соңку отуз жылда болгону 620 кишиден 700 кишиге өсүп, 2002-жылкы эл каттоодо алардын так саны 840 деп расмий эсеби чыкты. Бирок кээ бир булактар 654 эле санда, алардын ичинен да тазалары 320 гана адам дешет. Мурдагы кылымдарда дээрлик 1930-жылдарга чейин аларды карагаз (кара каз) деп эле аташкан, бул алардын каралыгына да байланыштуу болсо керек, биз тубаларбыз деп да жүргөндөр кездешет. «Тофа» дегенди тоъфа, тофа, топа, тоха, тыва деп да түшүндүрүшөт. А анын мааниси кадимки эле «адам», «киши» дегенди билдирет экен.

ТАРЫХЫ

Азыркы ушул аймактарда байыркы доорлордо булар жашаган эмес дешет. Тофалар тууралуу алгачкы тарыхый маалыматтар кытайлардын Вэй сулаласындагы V кылымдагы жылнаамаларда кездешет, анда дубо (туба, туво) уруулары тууралуу айтылат. XIII кылымдарда монгол жапырыктарынан, анын колбашчысы Жуучу хандан качкан бул уруулар Саян тоолорунун төрлөрүнө, эч ким бара албас жактарга чыгып кетет. Бара-бара монголдук таасирлер жоголуп, орустар жерлерин аралап, орусташып, а түгүл аракты да өкүртө ичип калышат. Климатынын өтө татаалдыгынанбы же башка шарттарданбы, анча көбөйбөгөн эл, алар 1926-жылы — 417 адам болсо, 1959-жылы 586, 1970-жылы 620, 1989-жылы 722 болуп отуруп, 2002-жылы 837 адамга жеткен. Бул көрсөткүчтөр алардын жоголуп бараткан эл экендигин тастыктайт. Диний ишеними — шаманизми, ошол эле кезде православдар да бар. Совет бийлиги эң кеч — 1925-жылы декабрда гана орногон. Үч жылдан соң биринчи колхоз — «Кызыл мергенчи» уюштурулган.

ЖАН БАГУУСУ

Байыртадан тофалар тыйынчычкан, түлкү, марал, элик, багыш, карышкыр ж.б. жаныбарларды атып, алардын терисин саткан, бугуларды өстүргөн, кол өнөрчүлүгү да дурус болуп, тери, мүйүз, жыгач иштетип, аларды соодагерлерге айырбаштап турган, өзгөчө булардын лыжалары, ээрлери, мүштөктөрү жакынкы базарларда жакшы өткөн. Бугу, багыш, маралдардын териси менен алачыктарын жапкан, аларды кийим катары да пайдаланган, наристе балдарын бугунун сүтү менен баккан. Тамак-ашына этти көп колдонгон, алар көбүнчө жапайы жаныбарлардын — бугунун, багыштын, маралдын, эликтин, коёндун, тыйын чычкандын этин жешкен. Бугунун сүтүн саап, аны кайнатып, чайга кошуп ичишкен. Арпа нанын колдонгон. Аялдар жасана кийингенде кытай шайыларынан көйнөк, жоолук тиктирип, орустардан, буряттардан, тувалардан алган шуруларды (бисерлерди) аларга тагып, шөкөттөшкөн. Бир кезде балдары нак алтын таштар менен ойношчу дешет, ал жерлерден монголдор, буряттар алтан (алтын) алып, иштетип турчу экен. Ар кандай жапайы жана бакма жаныбарлардын тыбытын тарап алып, алардан түрдүү нерселерди токуп же курап сатуу — бул элдердин негизги жумушу болгон.

Эгерде жүз жылдай мурда тофалар жеринде бир нече миңдеген түндүк бугулары болуп, ошолор тиричилигин өткөргөн негизги унаа, көлүк, эт-сүт булагы катары эсептелсе, азыр эми алардын башы аябай азайып кетип, болгону эки жүздөй эле калыптыр. Булар эми болсо жылкы багууга кынык ала башташыптыр.

ДАРЫГЕРЧИЛИГИ

Байыртадан көчмөн эл болуп, кышын-жайын тез-тез журт которуп, көчүп-конуп, тоо-таш аралап жүрүшкөн. Тайга токойго кирип кеткен аңчылардын өлүктөрү да табылбай калчу экен. Дээрлик совет учурунда да, ага чейин андан бетер медициналык жардамдар жок болгон, андыктан жугуштуу оорулар күчөп, бул эл табигий жактан кырылуу, жоголуу жагдайын көп жолу башынан өткөргөн. Кесел болгондорду бакшылар (шамандар) жана табыптар дарылашкан, негизинен дары чөптөрдү, жапайы жаныбарлардын өтүн, майын, терисин, этин колдонгон.

ТҮПКҮ ТЕГИ

Тофалар сегиз түрдүү уруу-урукка бөлүнүп, ар бири ошолордун кайсы бир түрүнө таандык экендигин социализмге чейин айтып келишкен. Андай кандык тектештиктикти «нён» деп аташкан да, түпкү башатын кайсыл бир мифологиялык нерсеге же жаныбарга байлап айткан. Тофалар башында карагаз деп аталган дебедикпи, алар чыгыш тегин аюу менен байланыштырат: эки бир тууган аюу болот экен, анда тайгада эл жок, бир жолу ошол экөө капысынан бир адам баласына — кызга жолугуп калат, кызды кимиси күчтүү болсо аялдыкка алмак болуп, улуусу кичүүсүн өлтүрөт да, ага үйлөнүп, ошондон булардын уруусу тарайт. Бул эми уламыш. Уламыш болгон менен алар чынында аюуларга сыйынат, пир турат. Элде аюулардын алты аты аталат: «Иресанг» — чоң ата аюу, күчтүү, акылдуу; «Ашкиняк» — эркек, эмгекчил, мерген жана балыкчы аюу; «Чорханых» — жылуу тондун жаныбары; «Кусугтар» — кедр тобурчактарын жыйнагыч; «Шайденга» — кайда болсо изин тазалап кете берүүчү жырткыч; «Кайхерар» — майлуу, семиз, согумга ылайык аюу. Мына ушуларга карата алардын тукуму болгон тофалар да өз түпкү тегиндей касиеттерди алып жүрүшөт дешет.

Табияты

Бул элдер жашаган тоолорду Тофолария деп аташат, анын жалпы аянты 21,6 миң чарчы чакырым. Иркуттук орус жазуучусу Валентин Распутин булардын жерин «асман жанындагы аймак» деп атаганчалык эле бар, а айрымдар «Сибирь Швейцариясы» десе, кээ бири «жомоктор өлкөсү» деп аташат. Бул жерлерде тоолор, дайралар, тайга — баары асман тиреп турат. Ушул жерлерден 200дөй дайра башат алып, алардын шаңдуу үнү ажайып көрккө көрк кошот. Шаркыратмалар менен майда көлдөргө болсо сан жеткис. Кинзелүк чокусунан 400 метр төмөнгө түшкөн Федосеев жана Гутар шаркыратмасы кооздугу менен көргөндүн көз жоосун алып, эсин оодарат. Кооз көлдөрү Агул жана Аюу тим эле бир укмуш. Тоолору көп, жалпысынан Сибирдин өлчөөсүнөн алганда кыйла бийик, ак кар басып жаткан жерлери бар, бирок биздикине салыштырганда анча эмес (эң бийиктери да 3 миңге жетпейт), гүлдөрү, бадалдары, тоо токойлору ар түркүн, суулары туптунук, балыктары көп, булар көлдөгү балыктарды жеген эмес, дайрадагыларды жана аккан суудагыларды гана жегенге болот дешкен. Айтуудан Тофаларияда адам буту баспаган дегендей жерлери да, чирип түшкөнчө кыйылбаган дарактары да бар.

ТИЛИ

Тофа тили саян чыгыш түрк тилдеринин саян тобуна кирет. Демек алар түрк элдери, бир кезде монголдорго жакын болгон. Биздин кыргыз, алтай сыяктуу түрк тилдерине, өзгөчө байыркы варианттарына жакындыктар, окшоштуктар орун алган, айрымдарын окуп көрөлү: шэйда иш — выпей чаю; туру — стояий; ыът — собака; ъап — мешок; баъш — голова; алтан — золото ж.б.

Тофалар үчүн эң эле кейиштүү нерсе — эне тилинде билим алуучулардын өтө эле аздыгы, борбор шаарында, тагыраагы, айылчасында, бүт эле орусча сүйлөшөт, улуттун жарымынан да көбүрөөгү эне тили катары орус тилин аташат, калганы да кебинин жарымына орусча кошуп ийгенин билбей калат.

Ушуларга карап туруп; бул түрк боордошторубузду бир аз жылдардан кийин жер бетинен таппай калабыз го деп сарсанаа болом…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *