УЛАМЫШ

Илгери жоокерчилик заманда атасы казатта каза тапкан бир кыз энеси экөө эл ичинде эптеп күн өткөрөт. Кыз атасы же ага-иниси болбогондон кийин элге аралаша албай жалтак өсөт. Купуя айтылган сөздү түшүнбөй, ар кандай сөздү түз маанисинде кабыл алат. Кайсы бир кышта эптеп согум таап союшат. Кыш чыгып, согум түгөнө баштайт. Бир жилик эт калат. Кыш тууган жалгыз эчкисинин сүтүн саап ичишип оокат кыла беришет.

Кыз бир күнү: “Эне этти салып жебейлиби?” – дейт. Анда энеси “узун сары” келгенде салып жейли балам деп коет. Бир күнү энеси айылчылап алысыраак кетет. Бир маалда кыз сыртка чыгып, эки жакты карап турса, бир узун бойлуу сары киши келатат. Баягы энем айткан “узун сары” ушул киши турбайбы, — деп ойлоп, ал кишини чакырып үйгө киргизет. Этти салып берип коноктойт. Конок ыраазычылыгын билдирип, батасын берип кете берет.

Кеч курун энеси келет. Кызы алдынан тосуп, “узун сары” келгендигин, аны коноктогонун айтат. Анда энеси: кагылайын, ырас кылыпсың. Меймандос болгон жакшы. Эл сыйлаган эшикке жатпайт, ат сыйлаган жөө баспайт. Бирок кызым сөздү да сыйлай бил. Керектүү сөздү көкүрөгүңө түйүп, куйма кулак бол. Сөз маанисин туура түшүнүп, сөз келсе жүйөөсү менен айта бил. “Узун сары” деп жазгы үзүмчүлүк маалды атайт. Ал мезгил согум түгөнүп, мал төлдөй элек учур болот. Ошондуктан, ууз чыкканга чейинки мезгил өтө эле узарып кеткендей сезилгендиктен, эл ал учурду “узун сары” деп атайт. Балам, ушундай сөздөрдү көкүрөгүңө түйө жүр дейт энеси.

Ошондон баштап кыз сөздүн кадырына жетип, өзү тетик, ойлогону жетик акылдуу кыз болуп өсүптүр. Кийин-кийин акылы менен бир айыл элди эчен азаптан куткарып, Акылкарачач деген лакап атка конгон дешет. Мүмкүн баягы узун сары кишинин батасы тийгендир, ал да тегин киши эместир.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *