Абдыкерим МУРАТОВ

 «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата

Балалуу болгон киши аны адам кылып жетилтүүгө милдеткер, мейли дене жактан болсун, мейли акыл-эс жактан болсун, мейли адеп, билим берүү жагынан болсун, бул эң башкы парыздардын бири. Эки жашка чейин баланы эне сүтүнөн өксүтпөө керек. Эгер эне оорулуу болуп же сүтү чыкпаса, атасы ага башка бир сүт чыгарып эмизип берер аялды таап келет. Ал аялдын баласы менен өз баласы «эмчектеш» болот, алар бир туугандардай болгон. Ал эми баласын энеси ар кандай себептер менен эмизе албай калса, аны эмизген башка аял «сүт эне» деп аталган. Ошол «сүт энеге» баланын ата-энеси өмүр бою карыздар болот, атасы анын «сүт акысын» ашыгы менен төлөп берүүгө милдеткер.

Эки жашка чейин эмчек эмген кезинде баланын энеси тамак-аштан өксүбөшү керек, анын эмчеги сүткө толо болуп турушу үчүн ата баласы эмчегин эмген эненин азыктуу тамак жешине, тынчтыкта жашашына кам көрүүсү шарт.

Турмушта мындай бир окуя болгон. Кичинекей чагында агасы ойноп отуруп, карындашынын көзүнө кум чачып ийет. Албетте, кыз ыйлайт, эмне кылып соороторун билбей бир тууганы адеп карындашынын көзүн чукулап, анан дале болбой калганда колун карекке катуу матырып жиберет. Көп жылдар өтүп кыздын көрүүсү начарлап, а түгүл көзүнө ак түшүп калат. Апасы ар дайым уулун уруша берет, «сен ушундай кылып», «ушуга сен күнөөлүсүң», «карындашыңды эми эр албай коёт» ж.б. сөздөр айтылат. Бул сөздөр баланы ичтен жеп отурат. Ал карындашын өзгөчө жакшы көрө турган.

Бир күнү бойго жеткен кыздын колун сурап, болочок кудалар келет. Аны-муну сурап отуруп, келгендердин бири тамашакөй неме чыгат. Баягы агасына карап:

— Биздин келиндин бүт баары келишкен экен го, бир гана айыбы көзүн сен бузуп койгон экенсиң да! — деп тийишип өтөт.

Ошондон беш-он мүнөт өтпөй эле сарайдан сөйкө салынып аткан кыздын агасынын жипке асылып турган өлүгүн табышат…

Бул окуяда ким айыптуу? Албетте, эки баланы бири-бирине душман кылып койгон алардын апасынын күнөөсү чоң, балким ал улам-улам уулуна карындашынын көзүнүн майып болуп калышын эскертип отурбаса, кырдаал мынчалык татаалдашпайт беле, ким билет дейсиң…

Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө балага мамиле – аны туура тарбиялоо менен байланышат. Ата-эне баланы жараткандыгы үчүн эмес, аны адептүү, акылдуу кылып тарбиялагандыгы үчүн эл алкышына ээ болот. Балдары жаман болуп калган ата-эне элден чыгып, калк жыйналган жерге буту тартпай, кайгы менен үйдө отуруп калат.

Кичине чагыбызда, азыр да «балам алып келиптир», «балам берип ийиптир» деп алыстагы балдарынан, кыздарынан келген белектерди беш эсе кылып элге берген ата-энелерди көрүп жүрөбүз. Мындай күнү ата-энеден өткөн бактылуу жан бул жер үстүндө болбой калат. Ошол күнкү атанын, эненин бактысын ошондой белек бере албаган дагы бир алыстагы уул, алыстагы кыз көргөндөбү…

«Өз уулун эч бир пайдалуу ишке үйрөтпөгөн адам, — деп жазат Т.Фуллер, — ууруну багып атканга тете». «Балдары болуп туруп эриккен аял наамарт», — дейт Жан Поль. «Дүйнөдө наристенин чулдарашынан өткөн салтанаттуу гимн жок», — дейт В.Гюго. Ал эми казак ойчулу, акыны Абай Кунанбай уулу эмне дейт дебейсизби: «Эгер мамлекет менин колумда болгон болсочу, адам баласын оңдоп болбойт деген адамдын тилин тыйып койгон болор элем». Анын айтуусу боюнча адамдын баласы болгон соң ал оңдолот, түзөлөт, кыйшык баскан жерин түздөөгө болот.

Ошол Абай атак-даңкка жетип, казак-кыргызга таанымал акын болгон кезде атасы менен ат бастырып баратып, Кунанбайдан сурайт имиш: «Ата, мына мен атактуу акын болдум, казактын баарына таанылдым, атадан кыйын бала болдумбу, сага жеттимби» деп.

Антсе атасы айтыптыр: «Аның ырас балам, бирок мен деген казак-кыргызга таанымал акынды – сени тарбияладым, сен дагы менин уулумдай бир уул тарбияласаң анан атадан артык уул болосуң» дептир.

Калыйпа Харун-ар Рашид эл турмушун билмекке мусаапырдай кийинип, эч кимге байкатпай базар кыдырып жүрүптүр. Анан мал базарга келсе аларман менен сатарман бир койдун баасын бычыша албай жатыптыр. Чарбадар-сатуучу жыйырма теңге сураса, аларман-касап айтат: «коюңуздан он төрт кило эт, төрт жарым кило май чыгат, он беш теңгеден бир теңге да ашпайт» деп.

Калыйпа жигиттерине акырын койду сатып алгыла деп ишарат берет. Экинчи жигитти касаптын артынан жиберет.

Келип койду сойсо, чын эле он төрт кило эт, төрт жарым кило май берет. Касапка башка койду көрсөтөт, аны да, кийинкини да так айтат.

Калыйпа таң калат. Сарайга чакырып, аны-муну сураса, касап эч нерсе билбейт, илим жагы да, парасат жагы да жок экен.

Ачуусу келген өкүмдар:

— Эй, касап! Сен эмне турмушту жалаң эле кайсыл койдон канча кило эт, канча кило май чыгат деп ойлойсуңбу!? Сенде мекенчилдик, элге сүйүү деген сезимдер жокпу!? Адал менен арамдын баркын билбейсиңби!?

Анан ал башкаларга сабак болсун үчүн жума күнү касапты эл алдында астырууга буйрук берет.

Эртеси эле калыйпанын алдына бири-биринен өткөн сылык-сыпаа эки жигит келип,

касаптын уулубуз деп өздөрүн таанытышат.

— Атабыз жооп бере албаган суроолорго биз жооп берели? – деп бири-биринен өтүп ылтымас кылат.

Өкүмдар алар менен сүйлөшүп отуруп булардын мекенчилдигине, илимдүүлүгүнө, парасаттуулугуна ыраазы болот. Бирок аталарына кылган өкүмдү кайра кайтарып албастыгын айтат. Ошондо балдардын улуусу:

— Таксыр, бала – ылай, ата менен эне ошол ылайдан карапа жасап аткан уста. Бала энеден ууру, жалгынчы, жалкоо болуп төрөлбөйт да. Аны тарбиялоочу ата-эне жана чөйрө го. Атабызга чыгарган өкүмдү анын өз атасына чыгарыш керек эле. Атабыз өзү илимсиз болсо да, бизди илимдүү, парасаттуу болууга шарт түзүп берди. Демек, анда айып жок, аны азат кылышыңызды суранабыз, — деди.

Калыйпа көпкө ойлонду. Касапта айып жок, айып ага касапчылыктан башка нерсени үйрөтпөгөн атасында деп жыйынтыкка келди.

Атанын жана энени милдети – бала табууга гана эмес, аны тарбиялоодо экен.

«Перзентти беш жашка чейин падыша деп бил, беш жаштан он беш жашка чейин ага кызматчыңдай кара, он беш жаштан кийин болсо ага теңтушуңдай мамиле жаса» (инди макалы). «Басылган кадам – адатка, адат – мүнөзгө айланат, мүнөз болсо бул – тагдыр» (У.Теккерей).

Ушундай сөздөр аалам элдеринде, адамдарында айтылып кете берет, аларга сан да жетпейт, кагаз да түтпөйт.

Дүйнө тарыхында ар кандай улуттагы, ар кандай диндеги адамдарга өрнөк өмүр калтыруу жагынан астына киши салбаган инсан Мевлана Жалилиддин Руми. Ал фарсы, түркий тилдерде жазып, Ооганстанда туулуп, өмүр соңун азыркы Түркиянын Кония шаарында өткөргөн жана миллиондогон адамдар аны устат катары бүгүнкү күнгө чейин эсептеп келет. Анын өтө тарбиялуу уулу Түркия түрк адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн бири Велед. Атасы Жалалиддин Руми баласына мындай насаат айтат: «Уулум Велед! Ар дайым бейиш эшиги сага ачык болууну кааласаң адамдардын баарына тегиз мамиле кыл. Эч качан ичиңе кек сактаба. Май жана шам чырак сыяктуу жумшак бол, ийне сыяктуу катуу болбо. Сага эч кимдин жамандык жасабашын кааласаң, оюңа кылдай да жамандык келтирбе. Мына ошол кубаныч, мына ошол бейиш. Бир эле кишини душмандык сезим менен эскерсең көңүлүң кирдеп калат. Мына ошол тозоктун өзү. Анткени көңүлдөн тилге жол болгондой эле тилден да көңүлгө жол бар».

Биздин айылдагылар илгерилери мындай бир насаатты көп айтышчу: бир карыя өлүп баратып уулуна өз өмүрүнөн алган тажрыйбасынан улам мындай беш нерсеге этибар бере жүр дептир: биринчиси, зайыбыңа сырыңды айтпа; экинчиси, накустадан карыз алба; үчүнчүсү, ооган менен дос болбо; төртүнчүсү, эртең мененки муштан кайтпа, кеч чакырганга барба; бешинчиси, калыстыкка чакырса, эки жакка тең кара. Кийин баласы бүт өмүрүндө атасы айткан ибараттарды сынап көрүп, ал кишинин абдан туура айтканына толук ынанган экен.

20-кылымдын соңку он жылдыктарында АКШнын балдар доктору Спок дегендин окуусу дүйнөгө кеңири таралды. Анын илими боюнча бала төрөлөрү менен энесинен ажыратып, эне сүтүн бербей, өзүнчө багыш керек болгон. Ушул окуу тез эле аалам аралады, Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө да бала жарык дүйнөгө келери менен эле ага ууз сүтүн эмизбей энеден бөлүп койчу болду. Бир топ жылдар өтүп «споктук усулдар» менен төрөлгөн балдар эр жеткенден кийин башкача натыйжа көрүндү: балдар ууз сүт эмбей, оорукчандар арбыды, кайрымсыз, таш боорлор көбөйдү, өзүмчүлдүк өкүм сүрдү, акыры мындай балдардан баңгилер менен кылмышкерлер арбын чыкты.

Африканын кайсыл бир жеринде бир жигиттин көзүнө жылан уусун чачат. Мындайды эч кандай элдик дарыгерлик да, медицина да дарылай албайт дешет. Анан ошол жигиттин жанында бир аял-эне бар экен, ал дароо эле эмчек сүтүн саап, аны менен жигиттин көздөрүн жууп жибериптир да, жигит кийин кадимкидей көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуптур, көрсө, эненин сүтү жыландын уусун кесип жибере турган күчкө ээ экен. Бир убакта ошону бербей балдардын бир нече муунун бузуп алган «споктук окуунун» азабын эми бүткүл дүйнө тартып атат.

Абу Али Ибн Сина «Табыпчылык мыйзамдары» деген эмгегинде жазат: «наристелер организмин жана мүнөздөрүн калыптандыруу үчүн биринчиден, аны жеңил гана терметүү, сылоо; экинчиден, ага музыка уктуруп, ыр угузуу зарыл. Бөбөктүн буларды кандай кабыл алуусуна жараша, аларда дене көнүгүүлөрү же музыкага мамиле пайда болот. Биринчиси анын дене түзүлүшүн, экинчиси болсо рухун калыптандырат». Ушуга карап көрсөк, биздин элдин балдарды бешикке салып, акырын терметип турушу, бала бош жатканда туугандарынын сылап коюшу, эненин бешик ырын ырдоосу – баары анын адам болуп калыптануусунда чоң мааниге ээ көрүнүштөрдөн экен.

Азыр жаш энелер сүт эмизбей, ар кандай жолдор менен даярдалып дүкөндөрдө сатылган азыктарга көнүп алды. Бирок булардын бирөө да эне сүтүн алмаштыра албайт, эне сүтүндө балага керектүү азык заттардын баары бар, ал наристени дене жагынан гана өстүрбөй, акылына акыл кошот. Жаш энелер өздөрү тамак, айрыкча суюктук ичпейт да, эмчеги кургап калат, бала ыйлайт, өсүүсү начарлайт, ошон үчүн бала эмизген энени багуу анын өзүнүн гана эмес, жалпы туугандарынын, андан өтүп, мамлекеттердин милдети экендигин түшүнүүбүз зарыл болот.

Балдарды көп нерсеге үйрөтүүдөн коркобуз, мисалы, азыр шаарда энелерди, эжелерди карасак, базарда бүт эле ошолор жүрөт, эмне үчүн 10 жаштан тартып балдар-кыздар базарга барып, соода кылып келе албасын, «кой, өзүм барам» деп жөнөп калабыз. А балдар болсо интернет-кафелерде пайдасыз оюндарды ойноп отурат.

Илгери эски кишилер балдарын көздөн далдоо кармап, мүмкүн болушунча көп балалуу, очор-бачарлуу болууга аракет кылган. Аларда чоң үй, кичи үй дегендер болгон, кичүү үйлөр бүт чоң үйгө имерчиктип турган, тапканын алып кеткен же чоң үйдөгүлөр башка кичи үйлөргө бөлүнгөндөргө үлөштүрүп береп турган. Жазуучу-педагог Жунай Мавляновдун мындай эскерүүсү бар: «Биздин ата-энебиз да бир топ перзенттүү болушуптур. Бирок туруп калганыбыз алтоо экенбиз – төрт уул: Темиркул, Субанкул, мен, кенжебиз Абиш, эки кыз: Каныкей, Бүзайнап. Үй-жайлуу, бала-бакыралуу болгонубуздан кийин деле тамак-ашты апабыз кайсы үйдө отурса, ошол жерден барып жеп-иччүбүз. Ошентип баарыбыз түгөл өзүн тегеректеп отурганга эргип кетеби же атайлап эле биздин көңүлүбүздү көтөргүсү келеби, апабыз кээде: «Алтоону арстан дээр экен, бешөөнү бекзат дээр экен, төртөөнү төрө дээр экен» — деп жамактатып калар эле.

Акем менен апаман (улуу агабыз чоң атабызды көргөндүктөн атабызды «аке» деп калыптыр. Биз да аны ээрчип «аке» дечүбүз). Алардан тарагандар да бу кезде, Кудайга шүгүр, жоон топпуз. Бирок санын билсем да, айталбайм. Антсем апамын арбагын нараазы кылып коюшум ыктымал. Себеби, а киши небере-чебире гана эмес, кибире да көрүп, жыл сайын канат-бутагы жайылып баратканын билсе да алардын канча экенин эч кимге, эч качан айтчу эмес.

Бир жолу жанагинтип өзүн тегеректеп отуруп тамак жеп, чай ичип жатканыбызда сөздөн-сөз чыгып агабыз Темиркул: «Апа, акем экөөңөрдөн тарагандар канчага жеткенин билесизби?» — деп калды. Апабыз анын сөзүн ошол жерден үзүп таштады. – «Бизден тарагандар сенин колхозуңдун кою беле санап жүргүдөй» — деп.

Андан мурдараак жакын эле туугандарыбыздын бири апабыз менен сүйлөшүп отуруп: «Жеңе, Кудай буюрса Абишиңизге Артыкбай чоң атабыздын ооматы келет окшойт, жаман балдарынын саны тогузга жетип калган турбайбы» — десе, — «Эгер сен бул үйгө менин неберелеримди санаганы келип жүрсөң, экинчи келбегиниң,» — деп аны таарынтып жибергенин да уккан элек.

Ошолордон кийин апабыздын бала-бакыралардын саны туурасында сөз кылганды токтотконбуз».

Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө ушундай: көп балалуу болсо да, алардын санын айтпайт. Көз тийет дешет. Бул өзүнчө ырымы.

Жазуучу Чыңгыз Айтматов 14 жаш курагында бүтүндөй айылдын чоң түйшүгүн өзү алган. Ал тууралуу кийин минтип эскерет: «Кантип мени колхозго секретарь-катчы кылып калышты?

Агезде колхоз башкармасы мурдагы чабан Турдубаев Кабылбек болучу. Азыр ал кишинин көзү өтүп кетти. Ошондо эле алтымыштан ашып калган. Абдан эмгекчил, колунан бары келген Кабылбек акени күтүлбөгөн жерден эле бир күнү кой кайтарып жүргөн жеринен колхозго чакыртып, башкарма кылып отургузуп коюшкан. Ал өз атасынын атынын алгачкы төрт арибин «ТУРД» деп эле жаза алчу. Кол койсо да ушул төрт арип менен кол койчу. Андыктан ага орус тилин билген, кат сабаты жоюлган бир жардамчы керек эле.

Мен болсо бала кезимен Фрунзеде, анан Москвада билим алганмын, кат-сабатым жоюлган, орус тилин жакшы билем. Бул артыкчылыктар мени ошол кездин көз карашы менен алганда кыйла билимдүүлөрдүн катарына кошчу.

Кабылбек аке башкалардан кеңеш сурап отурбай, дароо эле мени жанына чакыртты. Yйгө келиштиби же мектептен алып кетиштиби, анысы азыр жадымда калбаптыр, айтор, атка учкаштырып алган чабарман:

— Сени башкарма чакырып жатат, — дешип, Кабылбек акеге эргештирип барышты.

Башкарма мени бир топко сынагандай карап туруп:

— Ии, кана, айтчы! Канча жаштасың? — деп сурады.

Ошондо он төрт жашта элем, бирок мен:

— Он беш жаштамын, — деп жооп бердим.

— Ап баракелде, он беш жашымда мен бир короо койду бакчумун. Кат тааныйсыңбы?

— Ооба, кат тааныйм.

— Болду, анда! Калкоско кат сабаты жоюлган, ыйман-адептүү бирөө керек эле. Сенден башка эч ким жок. Баары бронтко кеткен. Бизге болсо ишке жарабаган кары-картаңдар менен бала-бакыралар гана калды. Ырас болбодубу, сен бар экенсиң. Окууңду таштап, айылга катчы болосуң. Макулбу?

Ал мезгилде мындай сунуштарга дароо эле жооп берилчү эмес. Айтары менен эле макул боло койбой, талашып тартышып, ыргалжын болуп туруп, анан: «Жообун эртең берейин» деп кетип калмай. Биз болсо улуулар же Кабылбек акедейлер ар дайым туура сүйлөйт, алардын айткандарынын калети жок деген ой менен чоңойгонбуз да.

— Жакшы, иштеп көрөйүнчү. Балким иштеп кете алам, — дедим мен.

Yйгө келерим менен Каракыз апам бул иштен кабары болсо керек, дароо мага суроо узатты:

— Ии, балам, эмне дешти тигилер?

— Айылга секретарь бол дейт, мен макул дедим.

— Андай болсо ишиңди дароо башта! — деди. Ичинен мени менен аябайсыймыктанып алган шекилдүү.Бир тууган иниси – атамрепрессияда атылып, саясаттын жазыксызкурмандыгы болгон. Андыктан «эл душманынын» үй-бүлөөсү дешип биздикүнөөкөр көрүшкөндөр да көп эле. Анан ошондойдо он төрт жаштагыөспүрүмдүн колхоздун чечүүчү кызматтарынын бирине отурушусыймыктанбай турган нерсеби? Агезде биздин турмуш-шарт, жалпы жагдай да ошого алып барган эле…

Колхоздогу катчылык вазийпа менин мурдагы күндөлүк турмушумду башка нукка салды. Акыры менин бул милдетти аткарууга ныпым оюм да, даярдыгым да, тажрыйбам да жок эмес беле. Тагдыр башка жазса айла жок, ачуу жана катаал турмушка дароо бетме-бет келдим. Элдин ар кандай статистикалык маалыматтарын топтоп, аларды жазып, жылнаамаларды, отчетторду, протоколдорду, актыларды түзүшүм керек. Эсеп-кысап, малчылык, талаачылык иштердин баары айылдык кеңештен башкарылчу.

Башкармалыктын эң бир талылуу маселелерин да, элдин талаптарын да керт башым менен аткарууга милдеткер элем. А кийин салык жыйноону да мага өткөрүп берди. Августтун аягы, сентябрь башында колхоздун мурдагы салык жыйноочусу да аскерге алынып, фронтко кетти. Кийин ал кайра кайтып келбеди. Фронтто каза тааптыр…

Анан айылга бир жарадар аскер келди. Ал балдак менен басчу. Ушул кишини катчы кылышты. Баса албаганы менен баары бир майданды көрүп келген, кат тааныйт. Ал кишиге катчылыкты өткөрүп берер менен мага эми салык жыйноо милдети тагылды. Бу мен айтып аткан салык ошол мезгилдин эң негизги алымы – согуш салыгы эле. Ошо менен мамлекеттин ишенген каражаты чогултулчу. Ар бир түтүн өлдүң-талдың согуш салыгын төлөөгө милдеткерсиң, башка жол жок.

Бей-бечаралар, карып-мискиндер да кайгылуу абалын колко кылган менен баары бир бул салыктан кутула алчу эмес. Салыктын өлчөмү жогор жактан расмий бекитилчү. Мен аларды элден жыйнап, кайра аны башкармага өткөрүшүм керек. Салык менен байланышкан документтердин баарын ырастап, акчаны алганымда алган кишиге анымы тастыктап эки нускада тилкат карматчумун. Тилкаттын түпнускасын салык жыйнаган жерге, дагы бир нускасын өзүмдүн журналыма көктөп коем.

Жаңы ишиме кыйлага чейин көнүгө албай жүрдүм. Дайым эле барган-турган жериңен акча доолап, «келелеп», «берчилеп» эле турсаң… Анан да дал ошол мезгилде өлкөдө финансы көйгөйү көлкүп чыгып, акчанын куну кеткен кез. Кагаз пулдар чөнтөгүмө батпай, куюлуп, учуп, айламды алты кылчу. Бир пуд жүгөрүнүн баасы 3000 рубль. Ал эми колхоздо иштеген бир кызматкердин айлыгы 50 рубль. Эл тапканын, колго киргенин эле базарга алып барып, пулдап кирди. Колунда калган, ансыз күнү өтпөй калчу акыркы малын да соодалады. Согуш салыгынан кутулуу үчүн эл картөшкөсүн, жүгөрүсүн базарга ташып, анын жарыбас акчасын мага алып келип атты. Биздин аймактагы бардык нерсе Жамбылдагы Олуя-Ата базарынан сатылчу. Азыр ойлоп көрсөм, ал кезде элдин сабырдуулугу жана көтөрүмдүүлүгү ушунчалык зор экен. Бүгүн адамдар ошондогудай кыйын-кысталышта жашаган болсо, ошол замат көтөрүлүшкө чыгып, болгон нааразычылыгын ашкере айтып-деп, бийликке акаарат билдирип, коомдо башаламандык өкүм сүрүп кетмек. Ал эми андагы согуш мезгилинде ачкалыктан тишинин кирин соруп отурушса да жанагы милдеттүү салыгын төлөбөй коюу оюна да келчү эмес. Жок, бүгүн эч ким мындай кыйынчылыкка чыдамак эмес… Ал мезгилде мындай иштер кадыресе эле көрүнүштөй болчу.

Бул кызмат мен үчүн өтө чоң таасир калтырды. Жумуш жагдайынан улам, ар бир үйдөгү кыйынчылыкты, адамдардын сабырдуулугун жана чыдамкайлыгын өз көзүм менен көрүп, ошонун баарына күбө болдум, өзүм кошо ошондой шартта жашадым. Алар төлөп жаткан акча мен үчүн өзгөчө эле. Жок, мен анын акча экенин, материалдык байлык экенин ойлончу эмесмин. Тек гана анын кара тер, таза көңүл, ак ниет менен табылган акча болгонунан куттуу нерсе катары ушунчалык бир аяр кабыл алчумун. Керээлден кечке салык жыйноо түйшүгү менен жүрүп, үйгө келип, чырагданды жандырганда гана түн ортосу болуп калганын туйчумун».

Чынында XX кылымдагы адамдардын ичинен дал ушул муун – балалыгы, жаштыгы Улуу Ата мекендик согуш жылдарына туш келген муун абдан иштемчил, ыйман-адептүү болуп өстү. Эгер азыркы учурдагы балдарда адептик жактан кандай жакшы сапаттар көп болсо, ошолордун көбү аларга ушул муун аркылуу ар кандай формаларда тарады деп тайсалдабай айтууга болот. «Дарактын жетилгендиги анын мөмөсү менен өлчөнгөндөй эле, адамдын сапаттары да анын адеби менен өлчөнөт» (Абу Наср аль-Фарабий) дегендей эле бул муун паровоз локомотивдерди тартып жүргөндөй бүтүндөй коомго локомотив болуп тартып берди.

Менин атам да ушул муундан, кичинекей бир ыймансыз нерсе болсо чыдабай кетет. Ошолор бар үчүн бир кылым таза кылым болду. Алар балдардын алдындагы карызын ак ниети менен абийирдүү аткара алышты.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *