Алтай жомогу

Бир кашкулак болуптур. Ал күнү бою уктап, түнү болсо жортуп ууга чыкчу экен. Ошондой күндөрдүн, тагыраагы, түндөрдүн биринде ошол кашкулак оокат издеп чыгат. Эптеп аны-муну таап, жалмалап жеп, курсагын тойгузганча таң атып кетет.

Күн чыкканда ийиниме жетип барайын деп шашып жөнөйт. Киши көзүнө чалдыкпай, иттерден жашырынып, кайсыл жер көлөкө болсо, кайсыл жер кара болсо ошерди тандап жүрүп отурду.

Ошентип атып турагына да жетти.

— Хрр… Бррр… – Бир убакта эле ушундай түшүнүксүз доошту угуп, элейип туруп калды.

«Бул эмне?»

Анын жүндөрү үрпөйүп тикеленип, түрсүл соккон жүрөгү атыла жаздап кабыргаларын тешип жибергени араң турду.

«Мындай коркунучтуу үндү эч качан уккан эмесмин…»

— Хррр… Фиррлить-фью… Бррр…

«Кой, кайра токойго кайтып барайын, мага окшогон азуулуу жырткычтардын баарын чакырып келейин, карт аюуга кайрылайын: мен мында жалгыз бардык айбандар үчүн өлгөнгө кайыл эмесмин да.»

Ошентип кашкулак жырткыч айбандарга барды да, алардан жардам сурап кирди:

— Ой, менен ийинимде бир коркунучтуу мейман отурат! Жардам бергиле! Мени сактай көргүлө!

Жырткычтар келишти, кулактарын делдейтип жер тыңшашты, чын эле бир нерсе эле күрүлдөп атат.

— Бррррррк, хрр, фью…

Келген жырткыч айбандардын баарынын түгү тикеленип, жүрөктөрү ооздоруна кептелди.

— Эй, кашкулак, бул сенин жайың, сен өзүң биринчи кир! – дешти алар.

Кашкулак кетенчиктеп, артка кайтайын десе, жанагы жырткычтардын баары аны жеп сала тургандай азууларын арсайтат.

— Кир! Кир! – дешет алар кашкулакка тап берип.

Ошентишет да өздөрү өлө коркуп, куйруктарын чаттарына кыпчышат.

«Не кылсам, кантүү керек?» Кашкулакты ой басты.

— Неге туруп калдың?! – Аюу айкырды.

Кашкулак шырп алдырбай, жүндөрүн үрпөйтүп, калтырап коркуп, ийиндин оозуна эптеп барды.

Аяктан баягы эле доош чыгат:

— Хрррр!

Кашкулак эми кетенчиктей берип, чээнинин башка тешигине өттү. Аерден дале ошол коркунчтуу үн чыгат. Экинчи, үчүнчү, баардык сегиз оозуна тең барса, сегизинде тең ошол доош. Айласы куруду.

Анан кашкулак тогузунчу эшигин казып кирди. Өз ийинин ушинтип бузган уят эле да, анан эмне кылат – бүт Алтайдын алаамат айбандары чогулуп карап турушат.

— Бол, бол! Тез-тез! – дешет баары шаштырып.

Акыры ал коркуп-үркүп атып, уктай турган жеринин эң үстүнө келди.

— Хррр, бррр, фррр…

Барса, жумшак, мамык чөп үстүнө жатып алып, аппак коён жыргап коңурук тартып атыптыр.

Жанагы келген жаныбарлардын баары кыткылыктап күлүп, күлкүдөн жер тепкилешип, тим эле жыргашат:

— Коён! Кашкулактын жүрөгүн түшүрдүң, коён!

— Ха-ха-ха! Хо-хо-хо!

— Уялгандан эми кайда качасың, кашкулак? Коёнго каршы канча аскер топтогонсуң? Ой, тообо!

— Ха-ха-ха! Хо-хо-хо!

Кашкулак башын көтөрө албайт, уяттан өңү кыпкызыл, өзүн өзү жектейт:

«Неге өз үйүмдөгү доошту өзүм эле чечпедим? Неге өзүм эле ийинге түшүп карабадым? Неге бүт Алтайга дүң түшүрүп, баарын убара калдым?»

Коён болсо баягысындай эле коңурукту кош тартып, корулдатат.

Кашкулактын жини кайнап, коенду түрттү:

— Эй, жогол, мындан! Сени бул жерде жат деп ким уруксат берди!

Коён катуу уйкудан чочуп, секирип турду. Көзү чанагынан чагайын деп каректерин оодарылтып карады. Караса, жан-жаныбардын бүт баары – карышкыр да, түлкү да, сүлөөсүн да, суусар да, кала берсе жапайы мышык да буерге келип алышыптыр.

«Не болсо ошол болсун» деп ойлойт коён.

Анан коён кашкулактын тик маңдайына – тумшугуна ыргыды, андан ары, дагы ары ыргып отуруп, караган-чердин арасына кирип кетти. Коёндун ак ичинен кашкулактын тумшугу да акка боелуп, жаагында кашкулактын арткы буттарынын издери калды.

Жанагы жан-жаныбарлар андан бетер каткырды:

— Ой, кашкулак, сен кандай гана сулуу болуп калдың! Хо-ха-ха!

— Сууга барып, өзүңө бир карачы!

Кашкулак токойдогу сууга барды, суудан өзүнүн өңүнүн чагылышын көрдү, анан ыйлап ийди:

— «Барып аюуга арызданам!»

Аюунун алдына келип, минтти:

— Аюу чоң ата, сенден жерге чейин ийилип таазим кылам! Сенден ырайым сурайм. Өзүм өткөн түнү үйүмдө болбодум, меймандарды да чакырбадым. Катуу чыккан коңурукту угуп, чочуп кеттим… Канча жаныбарларды убара калдым, өз тумшугум менен өз үйүмдү казып бузуп да алдым. Эми карабайсызбы, коёндун ак түсүнөн жана анын курч тырмактарынан менин бардык жогум боёлуп калды. Айыпкер болсо артын да карабай качып жоголду. Ушул ишти карап бериңиз.

Аюу кашкулакка карады. Андан ары узап барып ага үн катты:

— Сен ушуга да арызданасыңбы? Мурда сенин башың топурактай капкара эле, азыр эми тумшугуң, жаактарыңа ак аралашып, ажайып кооз болуптур, баары сага суктанып карашат. Мен сенин ордуңда турганда, менин да үстүмөн коён басып өткөндө… Ошого аябай өкүнүп атам. Ооба, өкүнүчтүү, мага аябай өкүнүчтүү…

Ошентип, оор улутунуп, аюу чээнине кирип кетти.

Кашкулак болсо жаагы, тумшугу ала-була болуп жашап калды. А түгүл өзүнүн ошондой өңүнө көнүп да алды. Кала берсе мактанып да коёт имиш:

— Карагылачы, коён мени кандай сулуу кылып койду. Ал экөөбүз азыр эми түбөлүк ажырагыс достордонбуз, – деп.

Кашкулак ко ошентип айтыптыр, а коёндун бул окуя боюнча эмне деп айтканын уккан жан жок…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *