Кыргызстан эгемендүү мамлекетке өткөндөн баштап, элдин жашоо шарты өзгөрдү. Ар ким алы жеткен тирилигин кыла баштады, кимдир жер иштетти, кимдир алып сатарлыкка өттү, кимдир ошол кездерде талап тоноп рэкеттик кылса, да бирөөсү алдамайга өттү дегендей… Завод фабрикалар жоюлду, не деген ишканалар менчиктештирилип кетти, кен жер, алтындар чет элдиктерге сатылып, аайтор мындан бийликтегилер эле туйтунду.

Эптеп нан таап жан бакмайга түштү кайран кыргыз. Чаар ала сумка үйдө отуруп бала багаар аялдардын жонуна артылды да, алар акчанын артынан кубалап комерсанттык кылып кетишти. А аталар үйдө отуруп үлпүлдөп бала бакмайга түштү го ошол жылдары. Мына бизге берилген эркиндиктин баасы!…

Анан барып барып, илгертен эле көчмөн эл элек, жер кыдырып иш издеп, жан багуунун айласы кылып, океандын аркы башына, атургай Африкага чейин жетип тирлик кылган кыргыз тукуму чыкты… Айткылачы, азыркы учурда, кыргыз кылбаган иш барбы да, кыргыз баспаган жер калдыбы?.. Алды Казакстан, Россияга жетсе, арты Америка, Кореяга чейин кетпедикпи! Куруп калгыр тыйын артынан кубалап… Жер кезип бакыт-байлык тапканы да бар, табалбай өзүбүздүн эле кыкеңдерге алданып, шору кайнаганы ошончо.

Эл башчыларыбыз өз көмөчтөрүнө күл тартып, карапайым калкты ойломок турсун, өз капчыктарын кампайтуу менен алек болсо, жер кезип жүрүп да, бирин-бири буттун тартып өстүрө койбоонун аракетин көрүшкөнүнө — күйбөгөн жериң күл болот. «Балык башынан сасыйт» деп калетсиз айтылбаган тура. «Орустарда ыйман жок дагы, ынсап бар, ал эми мусулман калкында ыйман бар, ынсап жок» —  деген макал бекеринен айтылбагандай… Азыр ошол эки чындыкка турмуш өзү күбө, анткени ошол нерселердин жоктугунан, өлүм-житим, кырсыктар көп болууда.

Жакында эле Москвада алоого өрттөнүп кеткен 17 кызыбызчы? Алар келечектеги энелер эле, кыргыз тукумун көбөйтүүчүлөр болчу, балким ошол кыздардан келечектин генийи төрөлүшү мүмкүн эле…. Кечээги эле Дача-СУдагы авиа апаатычы?.. Канчалаган адамдар мемиреп уктап аткан бойдон түбөлүк уйкуга кетишти, ошолор ойлоду дейсизби, эртеңки күндү көрбөй калаарын?…

Аттиң, ажал деген нерсе айттырбай келчүү нерсе тура… Россиянын дал жүрөгүнө жайгашкан Москванын өзүнөн эле канчалаган табыт барат күнүнө, айына. Бөөдө жалаага кабылгандар, бөөдө ажал тапкандар, полицияда күнөөлүү да, бейкүнөөлүү да жаткандар, ишсиз жүргөндөр, кыйынчылык сыноону көтөрө албай ичип кеткендер, кала берсе селсаякка айланып кеткендер жүздөп саналат.  Андыктан, ар бирибиз пейлибизди оңдосок — балким, бул нерселер азаяр беле?..

Учурдун мигрант кыргыздарынын башынан өтүп жаткан жакшысы менен жаманына, кубанчы менен көз жашына, жашоо көйгөйлөрүнө, жетишкендиктерине күбө болуп жүрөбүз. Ал эми башын иштетип, жашоонун көзүн таап, жакшы жашагандар, соопчулук иштерди аткарып, көпчүлүктүн башын бириктирип жүргөн намыстуу кыргыздын уул-кыздары да арбын. Кантсе да ар бир тамырында кыргыздын каны согуп турган жарандарга ыйман ынсап каалар элем. Анткени адам пейли оңолсо заман оңолор. Кыргызстаныбыз өркүндөп өсүп, бийликке эл башкарчу таза адамдар келип, завод-фабрикаларды иштетип, талаалап жүргөн мигрант кыргыздарды кайра Мекенге чакырса, ар бир кыргыз ата-эне, бала-чака, бир туугандарынын кашында болуп, өз Атажуртунун абасын искеп, суусун ичип жашаса экен деген изги тилек ар бирибиздин көөдөнүбүздө турат!

Алыстагы мигрант болуп жүргөндөр Ала-Тоо койнундагы мекендештерине салам жолдоп, Кыргызстаныбыздын амандыгын тилейбиз. Бизге да Кудай өз журтубузга кайтууну буюрсун, өз жерибиздин топурагы буюруп, өз жерибизде жашайлы!

Качан биз туулган жердин жытын искеп;
Качан биз тандыр нанын ысык тиштеп;
Качан мен өз үйүмдө таңды тосуп;
Качан мен Атажуртка берем иштеп?..

Мекендештерим, бир боорлорум! Биз силерди жакшы көрөбүз, биздин жазган бир сабыбыз, эч болбосо Мекенге кошкон бир тамчы салымыбыз болсо дейм.

Бүгүн менин сиздерге айтайын дегеним, көптөн бери Москва шаарында жашап эмгектенип, бала-чака, ата-энесин таштап келип тирлик кечип жүргөн кыргыз кыргыздарынын жакшылыгына сүйүнүп, жамандыгына күйүнүп, алардын кагаз бетине түшүргөн сырлары, ырлары менен окурмандарды тааныштырууну чечтим. Мекенибизге акча салып салым кошуу менен гана чектелбестен, жүрөгүнөн сызылтып жараткан жакшы чыгармалары аркылуу да элинин сүймөнчүлүгүн арттыргылары келген Кара-Суунун карлыгачтары менен тааныштырмакчымын.

ТОЛКУНДАНУУ

Айылда калып жалаң кемпир-чалдар,
Жана да куса болгон бөбөк балдар.
Ата-эне мээримине тойбой, канбай,
Аталуу, апалуу да жетим жандар.
Алыска кеткен иштеп ата-энелер,
Күтүүдөн күндөр батып, атты таңдар.

Замандын агымынан чыга албай,
Тутантып тириликти жүрөм талбай.
Балапан балдарымды чырылдатып,
Таштадым бал жытына кумар канбай.
Эң таттуу жоруктарын көрө албадым,
Анан мен кантип коем кусаланбай.

Экиге толгучакты эркелетип,
Эмчегим балкылдатып эмизбедим.
Кем кылбай эч нерседен багайын деп,
Каралдым наның чайнап жегизбедим.
Адалдан акча тапсам, аш ичирсем,
Баламдын телегейи тегиз дедим.

Кем болбой эч нерседен өскөн менен,
Кем болуп эркелетүү, мээрим куса.
Жол карап улутунган бөбөктөрдүн,
Көзүнө, жүрөгүнө толгон ыза.
Ойлосом, сагынычтан учкум келип,
Балапан балдарымды көздөй сыза…

Күн өтүп, күн артынан жыл өткөнүн,
Күз келип, алып кетти жаз көктөмүн.
Буралып бойго жетип катар-катар,
Байкадым балдарымдын бат өскөнүн.
Капыстан жуучу келип таң калтырды,
Сезбепмин ай кызымдын бой жеткенин.

Жүрүпмүн дале өзүмдү бала сезип,
Жүрөгүм жүргөн тура аалам кезип.
Кечээ эле туулган балдар бүгүн минтип,
Карачы, убакыттын учкул тезин.
Мезгилдин ылдамдыгын майтаралбай,
Мен бүгүн толкунданып турган кезим…

Мен бүгүн толкунданып турган кезим…

ДИЛ ООРУ

Эки-үч күн мурун айылдаш, бир көчөдө жашачу жердешим курулушта иштеп, башына кыш кулап кетип каза болду. Жаш бала эле, жыйырмага чыгып чыкпаган…Москвадан жылына эки жүз, үч жүздөп табыт кетет экен.

Зээниңди кейитээрлик көйгөй!…

Балким миграция болбосо, эл башына жакшы бийлик келип, элди талаалатып тентитпесе, ушул бейажал өлүмдөр азайар беле?.. Он гүлүнөн бир гүлү ачылбай, ата-энесин муңга бөлөп, күл ойрон болуп, чымындай жаны чыркырап, бул бейоопа дүйнөгө келип, артына из калтырбай, арман кылып көзү ачык кеткендердин саны арбып барат… Ошол жаш баланы да ата-энеси тыйын-тыпыр тапса, тириликти улантса деп жиберген чыгар алыска…

Минтип Москвадан музга катырылып, табыт менен барарын ким ойлоду дейсиң?! Балким маңдайына жазылган тагдыр ошондой чыгаар… Ким күнөөлүү?…Калкты чилдей чачыратып, туш тарапка таркаткан бийликпи же ишсиз калып, элин бага албай, кыргызды кулга айланткан мамлекетпи?.. Балким баласын алыска жиберип, анын тыйынына кызыккан ата-энедедир күнөө?.. Кандай болгон күндө да, мунун аягы болуш керек ко!!!

Самара НАСЫРОВА, КР жазуучулар союзунун мүчөсү, «Көктөм», «Эки асыл», «Тагдырдан тамган тамчылар», «Сезимдер тополоңу» китептеринин автору.
15 жылдан бери Москвада жашап эмгектенет, кесиби мугалим.

САПТАР
Түндүктөн жалгыз кылып түтүнүңдү,
Койдум мен жарты кылып бүтүнүңдү.
Оорумун, жүрөгүңдө оорумун мен,
Башталып бүтпөй койгон күтүү сындуу…

Түндөргө чырак жаккан жолдоруңда,
Түңүлбөй максат күткөн ойлоруңда.
Айкелмин…
Тирүү бойдон айкелмин мен,
Жаралгам жалгыздыктын колдорунан.

Көмүлгөн сүйүүң менен топуракка,
Сен мени чоочутпа да, чоочуркатпа.
Ансыз да мага дүйнө бейтааныштай,
Ансыз да өчүп турат жол чырактар.

* * *
Атымды уучтап алып муштумуңа,
Кеткенсиң бир өзүңө ырыс сурап…
Мен батпай калган экем, бала болуп,
Тытылган турмушуңдун бир бурчуна…

Таштаган көчөң мени таштан болду,
Үстүмдөн үйрүлгөн бир асман болду.
Өзүмдү миң жоготуп, миң издедим,
Түздөйм деп сен адашып баскан жолду.

Айтам деп жаман сөздөр үшүткөнүн,
Урулдум айга-жылга күтүп сени.
Кайтпадың… Коркпойт окшойт убалдан да
Кудайдын эрке эне-күкүктөрү…

Өгөйлөр өгөй ырын ырдаган бир,
Өмүрүм өгөөлөндү, жылгаланды…
Келбедиң » апа» аттуу бейтаанышым,
Керегиң ташка тийсин мындан ары!

Тилегим күтүп жүрүп күйүт болгон,
Жүрөгүм күтүүлөрдөн күйгөн, тоңгон.
Жолукпа эми мага, мүмкүн болсо,
Өзүмдү өзүм таппай жүргөн жолдон!

Жолукпа эми мага мүмкүн болсо,
Өзүмдү өзүм издеп жүргөн жолдон!

Музфира МАМЫТОВА, Москва шаарында көп жылдан бери жашап эмгектенет

АТА МЕКЕН
Шылдырап көк кашка суу тоо этектен,
Жаралган  жаратылыш кереметтен.
Алыста жүрсөм деле ой санаамда,
Жүрөктүн толтоосунда Ата-Мекен.

Акырын соккон желге гүл ыргалып,
Комуздун коштоосунда ыр ырдалып.
Баарынан бийик көрөм турпатыңды,
Жылмайып күн ойгонот бир нурданып.

Асканын тик боорунан жердеп келген,
Кийиги аркар, кулжа, марал деген.
Көркүнө эч бир дүйнө тең келалбайт,
Медерим ыйыгымсың Ата-Мекен!

Көк мейкин бийик сызып бүркүт учкан,
Улардын үнүн укчу кубулжуган.
Ырымда даңктап сени Ата-Мекен,
Асыл жер алтын башым ийип турам!
Базаргүл КОЖОЕВА, Москва шаарында беш жылдан бери жашап эмгектенет.

ЖУМУШ САТАМ
Жакаңды уучта!

Мурда кийин бул тууралуу угуп жүргөн болсом, анчейин этибар алчу эмесмин. Бирок соңку кездерде кайсыл жактан жумуш издебе, өзүбүздүн мекендештеримдин өз жумушун сатканы же бирөөгө далдалчы болгондору жанды кашайтты. Кимдин ишин, кимге сатат?..

Ал эмне түбөлүк иштеп калчу жумушпу? Кирешеси канча? Ал жерден канча айлык алат жана ошол сатып алган жумушунда узак иштеп кете алабы? Дегеле сатып канча пайда табат? Ооба, пайда табат деңизчи, бирок даяр турган жумушту мекендештер үчүн, соопчулук үчүн жөн эле дарегин берип жиберип койсо болбойбу деген ойго келесиң.

Тааныштардан бир иш сатуучу жердешибиздин номерин алып атайын байланыштым.

— Эже, саламатсызбы, мага жумуш керек эле?

Ал шыр эле:

— Аласыңбы? — деди.

– Канча? –

– Жети миң. –

– Эмне жумуш?.. Өзүңөрдүн иштеген жумушуңарды сатасыңарбы же ортомчусуңарбы?

— Жети миң берсең, бир тааныш орус менеджер менен кездештирип коем. Ал сага каалаган жумушуңду таап берет.

— Регистрациядан башка документим жок. Анан мен каалаган жумушту таап бере алабы?

— Он күндөй күтөсүң. Мен айткан сумманын жарымын бересиң. Бирок көбүнчө уборка иштерин табат.

— Уборканы өзүм деле таап алам. Мага айлыгы көп, уборкадан башка иш болсо…

— Анда мындай, кел, экөөбүз сүйлөшөлү. Мен июлда Кыргызстанга кетем. Өзүм бир орус кемпирди карайм, күнүнө 1300 рубль төлөйт. Ошол ишти сатам, бирок он миңге. Бир айдан кийин кайра келем жакпаса, кайра сен мага сатасың.

— Мм, макул сатып алдым дейин. Анан ал жумушта иштей албай калсамчы. Ал жагын да ойлонуштуруп, арзанырак айтсаңыз болбойбу?

— Чоң кыз, мени менен көп соодалашып башымды оорутпа. Сатып алам, канча десең ошончого деп талашкандар толтура.

— Кыргыз экенсиз эже, бул жумушуңузду сатпай эле таштап кетсеңиз болбойбу?

— Бекер тамак кайда бар экен сага, сатам эле, мен эле эмес азыр элдин баары сатып калган!

* * *

Айланайын жердештер, бирөөнүн ишин корубагылачы! Ичи тар адамдын жолу да тар…

Шириндик жасоочу цехте жумуш бар деген жарыяны окуп барып калдым. Баары орус улутундагылар, бир-эки кыргыз бар экен. Кубанганымды айт, бири-бирибизди колдоп иштейт экенбиз деп. Атын Орозгүл деп тааныштырган мекендешим таптакыр адамгерчиликсиз жоругу менен мени таң калтырды. Орозгүл эмес эле чынында Оля болуп калыптыр (Орустар Оля дешет экен)! Ичи тарып эч нерсе көрсөтпөйт, суроолорума тескери жооп берет. Кээ бир адамдар ушунчалык бат чарчатат эмеспи. Узак убакыт бул кыз менен иштеше албашымды ойлоп, эки сааттай иштеп, ал жерден чыгып кеттим. Тобо, жердешим мени эки саатка араң батырды. Арадан 3-4 күн өткөндөн кийин жанагы цехтин бригадири (орус аял) чалып, келип, иштөөмдү суранды. Жумушу жакса да Олянын ал жерде экенин эстеп, иш таап алдым деп койдум да, Оля иштеп атабы?» — дедим. «Жок, ал айдалган» дейт. Көрсө, мен Олянын ордуна барган экемин. Ал байкушум мени батырбай, ал жумуш же өзүнө буйрубай, же мага буйрубай иштен айдалыптыр.

Ушундай замандаш, ичиң канчалык кең болсо, ишиң ошончолук жүрүшөт. «Бирөөгө ор казба, өзүң түшөсүң» деген кеп азыр 40 күн эмес, 40 мүнөт айланып өз башыңа келет.

Эмне дейбиз?.. Баарыбыз өз мекенибизден сыртта эмгектенип жүрөбүз. Таңдан кечке үй бетин көрбөй, адал эмгек менен тер төгүп иштөөдөбүз. Тапканыбыздын берекесин берсин Жараткан.

Айтайын дегеним, ушундай иштеп жүргөн жерибизде бош орундар болсо же ишканаңызга жумуш сурап бирөө-жарымыбыз баш багып калсак, «байдын ашын бай дөбөт коруйт» болбой, колубуздан келишинче жылуу сүйлөп узатып койсок, эмнебиз кемийт? Даяр турган бир орустун жумушун сатып нааразычылык алганча, жөн эле чакырып дарегин айтып, адамгерчилик кылалычы.

Ал адам ошол сиз таап берген жумушта иштеп, кем-карчын толуктап, алыстагы үй бүлөсүн багып, үй тургузуп жатса, сизге албетте чоң сооп да. Кантсе да адамдык касиетибизди жоготпой, адам бойдон, кыргыз бойдон калалычы. Бөтөн эл, бөтөн жерде, өзгө улутка шерменде болбой ынтымакта жашайлычы!

* * *
Апа, Тилек ыйлабайтабы?.. Жакшы караң, аа? Барып эле туулган күнүңүзгө пул салам. Телефонуңузду өчүрүңүз, сүйлөшүүгө мүмкүн эмес. Учак абага көтөрүлүүдө !

— Апа, ыйлап атабы, көнүп калаар.

— Өчүрүңүз! — деген стюардесса кыздын өктөм үнү дагы кайталанганда гана ак жоолукчан келин телефонун өчүрдү.

— Биринчи баратышыңбы? — деди жанындагы эже келинге.

— Ооба.

— Барып эле пул салам дегениңден айтам да. Ал жакта пул табыш оңой эмес, кызым. Жаштыгыбыз дээрлик Россияда өттү.

— Балаң канча жашта?

— Беш айлык, — деди келин көзүнө жаш толуп. Дагы суроо узатса ыйлап жиберээрин сезди белем, тиги аял башка суроо салбады.

— Жаш экенсиң, иштеп ал. Апаң балаңды сени карагандан да артык карайт, кабатыр болбо, — деп жооткотуп койду…

Сапар карыды. Дагы Москва….

Ушинтип баратабыз. Балдарды ата-энебизге таштап коюп, тиги келин айтмакчы «барып эле пул салабыз» деп коебуз. Заман ушул эл барган жерге барыш керек, иштеш керек дейбиз. А бирок көкүрөктөгү баланын оозу сүткө тойбой, ата-эне мээримине канбай, ооруп калса бирөөнүн баласы аманат болуп ата-энебиздин айласы алты куруп, санаага түшкөнүчү…

Мындан эки жыл мурдагы кайгылуу окуяны эстесем, жүрөгүм тилинет. Кошунабыз 2 жашар небересин алып калып, уул-келинин Россияга жиберген. Кудайдан тилеп алган жалгыз уул небереси арыктагы сууга түшүп кетет. «Бирөөнүн аманаты» деп кирпигине чаң жугузбай небересин караган чоң эне помидорун чаап, ошону менен алаксып, көз ачып, жумганча кичинекей Даниелден ажырап калды.

* * *
Эмнегедир бул жолку сапарымда туулган жерге болгон сагынычым толук тарабай келаттым. Бейиштей жергемден чынында кетким келбеди. Береке нуру төгүлүп жылуулугун айт. Азыр элди эл эле багып калыптыр. Дегеним, кичинекейибизде апам күн алыс нан жапчу. Эми болсо нан жеген баягы үй толо бала жок, а апам нан жабуудан бошоп, той-топурдан алып келген нандары топтолуп, жегенге биз жок катып калчу болуптур. Кошуналарыбыз көргөнү киришет. Бири дарбызын, бири коонун, дагы бири бадыраң, помидорун көтөрүнүп. Мээнеткеч кошуналарымдан айланайын деп дарбызды өзгөчө жакшы көргөн жаным баргандан кайтканча дарбыз жеп жыргап калбадымбы. Москванын суугу жанга тийген күндөрдү, эрте менен уйкулуу көзүмдү араң ачып жумушка жөнөгөнүмдү бат эле унуттум. Барынан да ата-энендин жанында жүргөндөн артык бакыт жок тура.

* * *
Айылыма келип, көчөгө бурулаардагы ирмем мага өзгөчө жакты. Бети-башы топуракка булганган баё, ширин балдар тал чыбыктан жасап алган аттарын чапкылашып чуу түшүп ойноп жүрүшөт. Көчө будуң-чаң…

— Ушулардын баары биздин көчөнүн балдарыбы? — десем, атам күлүп:

— Бардыгы неберелер. Ата-энелери силер сыяктуу Россиялап кетишкен. Ар бир үйдөн төрттөн-бештен бала бар, — деп коет.

Москваң курусун, өзүбүздүн өлкөдө жарытылуу жумуш болгондо ушинтип өзгө элден жакшы жашоо издеп, көздөрү жайнаган жаш балдарын карыган ата-энесине таштап ким кетмек эле? Түгөнбөгөн ойлор, жоопсуз суроолор менен алпурушуп олтуруп, жылуу жергем алыста калды. Көз ачып жумганча кайра эле Москванын кучагындамын…

Лира АКМАТОВА, узак жылдан бери Москвада эмгектенет, кесиби журналист

ТЕМИР ЖОЛ!
Күүгүм кирген..
Поезд үнү, угулат.
Вокзал толо жүргүнчүлөр!
Эл аягы тыйылбайт…
Кыйкырышат, ышкырышат деги койчу,
Ызы-чуусун айт!
Алыс жактан, болор болбос
Терезелер жылтылдайт…
Чубалышкан вагондор да
Бара жатат кылтылдап.
Узаткандар, коштошкондор,
Кыз-жигиттин көздөрүнөн
тып-тып этип, жаш тамат.
«Көрүшкөнчө» — деген сөздү
улам-улам кайталап.

Москва!
Көз жашка ишенбеген,
Билдирбей колдорду кишендеген..
Үшүгөн, кыргыз жигит,
Үмүттүү вокзал карап,
«Бир бурчуна түнөйм»деген.
Кылычын кармаган кыш,
Тоңдурат, кекчил белең?
Көгүш тартып эриндери,
Кылч-кылч этип титиреген…
Инсан жок боору ачыган,
«Каралдым кимсиң?» — деген…

Жыттанат ачуу арак…
Көздөн өтүп тамак-аштар…
Курсак ачтан, куйкаланат.
Апакеси жапкан нанды
Кайдан табат?
Жуунбаган жытынан
Окшуп, баш айланат.
Ушинтип жүргөнүнө
Ыйлайт да, капаланат.
Каргыш айтат «Оо тагдыр,
Сага наалат!»

Эч жерге батпады да,
Өскүлөң чачтары да.
Өмүрдү тилдеп турат,
Жаралып калганына.
Же акча жибербестен балдарына
Оор үшкүрөт…
Оорутуп жүрөктөрдү
Арак ичет, жалдырап тапканына…
Бир гана өтүнөөрүм:
Балдарына атаң «бомж» деп айтпагыла!

Сайрагүл ЖОЛБОРСОВА, КР Жазуучулар союзунун мүчөсү, «Аруу сезимдер» китебинин автору. 10 жылдан бери Москва шаарында жашап эмгектенет, кесиби медик.

 

Материалды даярдаган Самара НАСЫРОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *