Азыр кыргыздар катуу кеттик: Чыңгыз хандын тегин кыргыз кылдык, индеецтерди, уругвай, парагвайларды, жапон-сапондорду бизден чыккан дедик, дүйнөдөгү канча бир жер аттарын өзүбүзгө энчилеп алдык, Швейцарияны, Сингапурду жөн эле басып өтөбүз дедик, Анталияга орустар эми барбай, бизге келет дедик. Ушундайда Салижан Жигитов жетишпей жатпайбы. Ал бир жолу айтты эле: «Кыргыз эли дүйнөдөгү жерлердин жакшысын ээлей алган эмес. Сыймыктанган Ала-Тообуз жыйында эс алганга дурус, бирок байкер жашаганга такыр эле ыңгайсыз». «Тоолорубуз кооз, табиятыбыз таза, Ысык-Көлүбүз керемет, туризм тармагын өрчүтсөк байып жатып калабыз деген ойдо жүргөн кыргыздар да арбын». «…кокусунан адашып Кыргызстанга келип калгандар биздин ач белдерде жатып, тамак-ашыбызды ичип, башка сервис сөрөйлөрүбүздү көрүп, бажыкана, милийса, коопсуздук жааттарындагы өкмөтчүлөрдүн кылгылыктарын баштан кечирип, кээде каракталып, башка ыдыктарды жеп, акыры бизден көңүлү үч көчкөн журттай калып, «Кыргызстанды желкемин чуңкуру көрсүн» деп кетет».

Муну ким, кандай баатыр айтат!? Ошон үчүн биз ал кишини улутбезери атап, кыргыздын душманы катары көрдүк. Андан Салижан Жигитовдун кадыры бөксөрүп, зоболосу түшүп кетпеди же Кыргызстан дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөргө теңелбеди.

Ал киши чукугандай сөз таап, жайкы ысыкта беймарал суу ичип аткан уйду сайгак келип чаккандай «чагып», «таап» айтчу. Минтип атпайбы: «Баса, биздин көзү жок баатырлар Балыкчыдан Кара-Кечеге темир жол, Таластан Бишкекке, Алматыдан Ысык-Көлгө кара жолдор салып ийебиз деп чамынып, элди дүрбөтпөдүкпү, алда канча акча, адам жана техника күчүн жумшап, анан башталган иштин үдөөсүнө чыкпай таштап салбадыбы. Эми ал тоолор кыргыз кыялкечтигинин, атүгүл дөдөйлүгүнүн оркойгон эскерткичтери сыяктуу бүлүнүп, жемирилип, ышпалдасы чыгып жатпайбы. Табияттын бөөдө бузулганына, каражат, эмгек, үмүт-тилек курулай сапырылганына жоопкер болгон, уялып койгон демилгечилерден бирөө жок. «Жолуңар эмне болду?» деп массалык маалымат каражаттары аркылуу бакырып сурап койгон кыргыз жок».

Азыр мына ошол киши, ошол үн жетпей жатат. «Салижан агай болгондо…», «Жигитов минтмек…» деп умсунуп алчу болдук…

Өтүп барат бул заман зуулдаган,
өтүп барат зуулдап улуу заман,
кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.

Арманыман ачышат жүрөк, ичим.
Алыспы же жакынбы түгөнүшүм –
аны билбей жүрөмүн, кайрандарым,
терек күүсүн эшитип силер үчүн.

Шуулдаба, теректер, теректерим,
шуулдасаң ачышып каректерим
шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..

Бир убакта акын ушинтип, жакындарын жоктогон болсо эми биз али кишини жоктоп калдык…

Өзгөндүн Көлдүк айлында туулуп, онунчуну Фрунзедеги көзгө басар кыргыз мектептен бүтүп, кыштактан келген башка балдарга караганда ал дүйнөлүк маданиятка, орус тилине тез аралашты. Анын «Ыймандай сырым» деген ыр китеби жука болгону менен азырга чейин накта лирикалык маанайы, ички дүйнөсүн ачып берген сыр жашырбастыгы менен улуттук поэзиябыздын төрүнөн орун табууга акылуу жыйнак эле. Табиятынан ыр жандуу жана кылдат эстетик катары Салижан Жигитов «Ырлар жана жылдар» деген сын макалалар жыйнагы менен адабиятчылардын алдыңкы катарына дароо эле чыкты жана өмүр бою сын жана адабият таануу багыты анын көчбашы өнөрүнө айланып, адабиятыбыздагы «ак тактардан» тартып, көп акын-жазуучулардын, адабиятчылардын, жаш каламгерлердин портретин ачып берген. Анын өзгөчө белгилей турган жагы – XX кылымдын 20-жылдарындагы кыргыз маданий турмушун архивдик, документтик жана адабий материалдар менен ачып, ошолорду шурудай тизип, анын бизге жазып бергендигинде. Кыргыз поэзиясындагы салттуулук жана жаңычылдык боюнча кандидаттык, улуттук адабияттын пайда болушу жана калыптанышы боюнча докторлук диссертациясын коргоп, илимдин бул тармагына бараандуу салым кошуп, Алыкул Осмоновдун акындык дүйнөсү жөнүндө салмактуу китебин чыгарды.

Мустай Карим, Назым Хикмет кыргыз тилинде Салижан Жигитовдун эң мыкты таржымалында «тоолук кыргыз» акындарына айланды жана бул эмгектер улуттук котормо өнөрүндөгү эталон көрүнүш катары өз ордун эч качан жоготпой турган даражада кала берди.

Салижан Жигитов адабият илиминин поэзиясын тапкан, курч тилдүү адабият сынчысы гана эмес, курч тилдүү инсан да эле. Жамаат ичинде турганда тегерегиндегилердин баарын өзүнө магниттей тартып алып, куудулдук жана артисттик өнөрү менен боор оорута күлдүрө берчү, анын ушундай аскияларына кимдер гана ыраазы болбогон жана кимдерди гана бутага албаган. Тилекке каршы, анын ошол оозеки икаялары, аскиялары жазылбай калды, жок дегенде видеого алынып калса эми укмуш болмок. Журналисттер менен маек уюштуруунун да устаты эле, мейли көгүлтүр экранда болсун, мейли гезит бетинде болсун, акын жөн гана бир интервью, сукбаттары менен элди арбап алчу жана ошол чыгуулары менен басылмалардын нускаларын көбөйтүп турчу. Мындайда оозеки сөзүн өзү кайра-кайра карап, стилист катары ийине жеткирип, «ой, ушул кыргыздар сабаттуу текст курай албайт» деп кейип алчу.

Деги эле кыргызга мынчалык күйгөн, мынчалык сындаган киши өткөн кылымда болгон эмес, жаңы кылымда да болоруна көзүм жетпейт. Аны үчүн ал канча бир кишилерге жаман көрүнбөдү, өз улутун жериген адам катары аталды, бирок тилинен кайткан жок. Бул накта атуулдук эрдиги, улут сүйөрлүгү эле. Ушул кызматы үчүн эле биз бул кишини улуттук баатыр деп атасак ылайык келер. Бирок аттиң…

Кантсе да каниет кылар нерсе – ал кишинин артында элине деген ак эмгеги калды…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *