Абдыкерим МУРАТОВ

«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата

Илгери бир ашкан зор өнөрлүү уста кызын күйөөгө узатыптыр. Угушунча күйөө бала да өзүндөй өнөрлүү экен, өнөрлүү болбой жерге кирсин: келинчегинин – устанын кызынын башына күндө бирден жумуртка коюп, ошону атып, өз өнөрүн – мергендигин сынайт экен. Кайсыл убакта мындай өнөр сыноо болорун билген уста-ата ошол убактысын билип, кызыныкына шап кирип барат. Барса, эл айткандай эле, кызынын башында жумуртка, өңү купкуу. Ачуусу келген ата күйөө баласына катуу буйруп, чачын жибиттирет да, жибиген чачты устанын байтешеси менен чаап кирет. Ооба, ал да өнөрүн көрсөтөт! Кызынын тагдыры үчүн ушинтет, себеби ал ата да, атага кыз деген, оо, ал теңдешсиз нерсе!

Кыз бала эң биринчи кезекте – аял болот, эне болот. Индонезиянын президенти болгон Сукарно (Индонезиянын 1945-67-жылдардагы мамлекет башчысы) минтип айтат: «Мухаммед пайгамбардын насаатын унутпайлык: аял – мамлекеттин жерпайы. Аялдары тынч жашаган журт тынч болот. Аялдар кыйынчылыкка жеткен журт бир кесепетке кабылат».

Кыргыздардын «Кызы жүк көтөрсө, энесинин бели майышат» деген жакшы макалы бар.

«Кызга ата-эне так жасайт, бак жасабайт» делет, бирок эне болочок турмуш тууралуу кызына үйрөтүү керек, ал анын келечектеги багын отоп, сугарып, алдына азык чачкан менен барабар. Жакшы энелер кыздарына бойго жете баштаганда мындай насааттарын айтат: кайын эне, кайын атаңды өз ата-энеңдей сыйла, биз сага таарынбайбыз, алар таарынат, ошону эске ал; күйөөңдүн бир туугандары ага турмушка чыккан соң сенин да бир туугандарың болот; көпчүлүктүн көзүнчө күйөөңдү кагып силкпе, башкарба, жемелебе; барган жердеги улуу кишилердин насааттарын угуп, аларды аткар, мурда билбеген адамдардын мүнөздөрүн үйрөн, ошого ылайык мамиле кыл; күйөөң жакшы мамиледе болгон кишилер менен сен да жакшы мамиледе бол; бирөөлөрдүн күйөөң тууралуу айткан сөздөрүн жана күйөөңдүн бирөөлөр тууралуу айткандарын бири-бирине ташыба; жаңы барган жерде эрте туруп, өз милдетиңди аткар; даамдуу тамак жаса; үй ичин таза карма; кир жууганды өз убагында аткар; колуңдан келсе үй-бүлө мүчөлөрүнүн баарына жардам бер; жаңы барган жериңден биздин үйгө эч нерсе ташынба, биз кудайга шүгүр, өз оокатыбыз өзүбүзгө жеткен кишилербиз; бизге сөз да ташыба; балалуу болгонго чейин жалгыз да келбе, күйөөңдү же кайын эне, кайын сиңдилериңди ээрчите кел; балаңды үй-бүлөң менен жакын кыл, алар каралашса, кармалашса, сен балаңды алардан кызганба.

Кыз баланын бактысы өңүнүн сулуулугу, кымча бели гана эмес, акыл-идиреги, адеби, билими, болочок эне болууга, бала төрөп, өстүрүүгө даярдыгы болушу менен көбүрөк байланышат.

Кыз – зирек, баамчыл пенде. Кыз бала артыкча боорукердиги менен ата-энеге уул балага караганда жакын болот дешет. Көп мисалдан – бир мисал: Илгери кылмышкерди жазалоо үчүн анын колдорун кесип салышчу экен. Ал окуяны бүт эл көрүп турат. Бир күнү шаар акиминин алдына уурулук менен айыпталган бир кишини алып келет. Аким адаттагыдай эле анын колун кесүүгө өкүм чыгарат. Ууру жаза майданына келди. Эл да жыйылды. Желдет даяр болду. Ошол убакта бир кичине кыз шаар акиминин алдына келип, жалбарып сүйлөдү:

— Улуу аким, туура эмес иш кылганы үчүн атамдын колун кесүүгө буйрудуңуз. Билемин, бул иш үчүн ушундай жаза бересиз. Атамын менден башка дагы төрт перзенти бар. Энебиз оорукчан, бизди бага албайт. Эгер атамдын колун кестирсеңиз баарыбыз ачтан өлөбүз, биз атабыз бар үчүн гана жашап атабыз. Бизге ырайым кылыңыз да, атамдын колун кестирбеңиз. Кокус андай кылууга такыр ылаажы жок болсо, анда атамдын ордуна менин колумду кесиңиз!

Аким бул кыздын атасын ушунчалык коргоп сүйлөгөнүнө таң калды жана мындай деди:

— Мейли, атаңдын колунун ордуна сенин колуңду кестирейин! Бирок эртең! А сен ага чейин кийин өкүнүп калбагыдай болуп жакшылап ойлонуп кел!

Эртеси белгиленген учурда кыздын атасын колу-бутун байлап кесер жерге алып келди. Кыз атасын көрүп сүйүнүп:

— Коркпо, атаке, мен акимге айттым, сиздин колуңуздун ордуна меникин кесмек болду, — деп айтат.

Ошентти да кыз колун баталгага коюп, желдеттин балта көтөрүшүн күтүп калды.

Кыздын сөзүнөн кайтпаганын, атага болгон жакшы көрүүсү күчтүүлүгүн сезген аким бул окуядан катуу таасирленди, ойлонду. Жаза майданына келген калк да кыздын баталгада турган мыйтыйган колун көрүп көздөрүнө жаш алды.

Аким кызды да, атасын да азат кылды, ал гана эмес экөөнө сыйлык берип жөнөттү да, куду ошол жерге таш бетине эстелик үчүн минтип жаздырды: «Бир кичинекей кыз атасынын колунун ордуна өзүнүн колун кестирүүнү каалады. Ушул кыздай перзентке ээ болгон ата-эне кандай гана бактылуу».

Ошентип кыз атасынын колун сактап калды, демек бир туугандарын да өлүмдөн алып калды, ал гана эмес каардуу акимдин жүрөгүн жибитти, атага болгон кыз баланын сүйүүсү кандай болорлугун кылымдардан кылымдарга өтө бере турган кылып ибараттады.

Кыргыздар кыз баланы урмак турсун, кол тийгизбейт, кыз балага кол тийгизсең колуң «ойноок болуп калат», «сынып калат», «кембагал болуп каласаң» дешет. «Көп келтек жеген кыздар бактысыз болот» деген да табырка бар.

Кыз балдарды болбогон нерсе менен ыйлата бериш, сөгүп-сагыш, азилдөө, мыскылдоо, буюмдарын зордук менен тартып алуу, бөлмөсүнө уруксатсыз кирүү – эркек балдар үчүн адепсиздик. Кыздын көңүлү гүлдөй назик болот деп айтышат, ошол гүлдү туура эмес карасаң, соолуп калат, ал эми бир жолу соолуган гүлдү кайра оңоп өстүрүш кыйын.

Кыз бир тууганы уул балдардан бир жаш чоң болсо да, аны «сиз» деш керек. Кокус энебиз бул дүйнөдөн кетсе, улуу кыз эжебиз эне ордуна эне болот, куду энелик милдеттерди аткарат жана энени сыйлагандай сыйлоого тийишпиз.

Кызы бойго жетип, көкүрөгү билине баштап, күзгү алдында көп турчу болгон кезде анын ата-энеси да кызыктай сезимге кабылат, билинбей жүрүп эле кызыбыз ушул жашка келип калды, турмушка чыгууга али жаш, жаш болгону менен эртең бирөөлөр кудалап келип калса же кызыбыз бирөө менен сүйлөшүп жүрсө, кудай анын бетин ары кылсын, бирөөлөр алып качып кетсе, эмне кылабыз дегенди адегенде энеси, анан ал айтса атасы ойлоно баштайт. Чын эле эмне кылышат? Турмуш ушунусу менен кызык да, кечээ эле ушул кызы төрөлгөндө теңтуштары «кырк жылкылуу болупсуң» деп куттукташканда о-ооу ал күндөр алыс-алыс деп ойлогон. Көрсө көз ачып-жумганча эле турбайбы?

Эч бир ата-эне кызын бактысыз болсун деп тилебейт. Бирок бойго жеткен кыз менен ата-энелердин, өзгөчө энелердин ортосунда түшүнбөстүк көп чыгат, а түгүл балалыктан, ата-энеликтен кечип ийген жаман окуялар да жүз берип кеткен учурлар болот. Кызы же ата-энеси жактырбаган жигитти, же куда-кудайгыйды тандап алат, же алыска кетмек болот, же ата-энеси тапкандарга каршы болот, иши кылып ар түрдүү турмуштук майда жана чоң конфликттер буга шыкак болот да, ата-эне менен кыздын ортосунан «кара мышык» аралап өтөт.

Ушундай нерселерден чыгуунун башкы жолу – ата-эненин үй-бүлөлүк милдетин туура түшүнүүсү, кызга жакшы тарбия берүүнүн натыйжасы, ата-эне менен кыздардын бири-бирин сыйлоосу. Эгер кызы жаңы барган бүлөөсүнө батып кетсе, аны узаткан ата-эненин бактысы тоодой, турмушу гүл үстүнө гүл болот, тескерисинче, кызы жаңы барган жерге батпай калса, ата-эненин ичкени ирим, жегени желим болот.

Дал ошон үчүн кыз баланы турмушка даярдоо, көнүктүрүү зарыл. «Уул туулса, жол сүйүнөт, кыз туулса, очок сүйүнөт» дегендей кызды очок ээси болууга кантип үйрөтөбүз деп ата-эне сарсанаага ал киши төрөлгөндө эле бата башташ керек. Мында «кырк жылкыны» санап жүрө берген акыры трагедияга алып келет. «Септүү болгончо, эптүү бол» деп кызды болочок үй-бүлөгө, башка турмуш жагдайларына ата-эненин эшигинде үйрөнөт, анан кызда да барган жеримден бак айтсын деген үмүт болушу керек. Кээ бир кыздарды ата-энеси көнбөгөн жерине берет, мындайда кыз баары бир баса берем деп, балалуу болгонго чейин же балалуу болгондон кийин дале келе берет. Бул эки жактын ата-энесине тең оор жана алардын ортосуна жарака салат. Мындан чыгуунун жалгыз жолу да – акыл менен иш кылуу, турмушту таразалап тартып, ошол тараза менен жашай билүү.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *