Башкыр жомогу

Илгерки өткөн заманда бир калаанын ажосу болуптур. Жаш экен. Ал түгөт, кары-картаңдарды жек көрүп, четинен кырдыра берет. Бир гана боз улан картайган атасын жертөлөгө жашырып аман алып калыптыр.

Жаш ажого бир күнү коңшу өлкөнүн падышасы согуш жарыялайт. Жаш ажо ошондо казатка камынып кол жыйнайт. Боз улан анан казатка жөнөр алдында жертөлөдө жашырылган атасы менен коштошууга келсе, атасы мындай насыйкат айтыптыр:

– Уулум, силер абыдан алыска аттанасыңар. Ал жактан кыргынга да, ачарчылыкка да кабыласыңар. Апаатта ат-көлүгүңөрдү аргасыздан союп жеген күн башыңарга келет. Атургай аскер башчыңардын аты да союлат. Андан соң артыңарга кайтасыңар. Кайткан жолуңарда аскериңердин бири калбай минген атынын ээр-токум, жүгөнүн ыргытат. А сен жүк болот деп ыргытпагының. Алдыңардан көз жоосун алган аргымак чыгат. Ал аргымак колунда ээр-токуму, жүгөнү жок кишиден оолак качып, сенин гана алдыңа барып башын тосот. Сен ошондо аргымакка жүгөн катып, аны аскер башыңдын алдына тарт. Ошондон соң ал сага ылым санап, сени дос тутат. Болуптур эми, баргының.

Баары карыянын алдын ала айтканындай келет. Казатта кошуундун жол азыгы түгөп, алдыдагы ат-көлүктөрүн соё башташат. Акыры кошуун башынын да аты союлуп, аны да жешип, аркага кайтышат. Ашыкча жүк кылбайбыз дешип баарысы тең союлган аттарынын ээр-токум, жүгөндөрүн талаага ташташат. Бир гана баягы боз улан атасынын айтканын эстеп, ат жабдуунун бирин калтырбай көтөрүп алат.

Артка кайтып келаткан кошуундун алдынан көз жоосун алаар аргымак чыгат. Аны кармамак болуп баары жабыла чуркайт, бирок ат бирине да карматпайт. Бир убакта ал колунда ээр-тогум, жүгөн көтөрүнгөн баягы боз уландын алдына келип токтоп, ага башын тозот. Тиги болсо аргымакка жүгөн катып, атты аскер башы-ажонун алдына тартат. Ошондон кийин ажо экөө теңшерик дос болуп калышат.

Бир күнү ажо өз кошуунун ээрчитип, деңиз жээгине сейилге чыгат. Деңиз жээгин тиктеп отурган ажонун көзүнө те суу түбүндө жылтылдаган нерсе чалынат. Анан ал аскерине деңиз түбүндө жылтыраганды алып чыгууну буйруйт. Далай аскери деңизге чумуп, биринин артынан бири жок болот.

Кезек ажонун теңшерик досу деген боз уланга да жакындай берди.

Ал бирок атына шарт минет да, үйүнө чаап жөнөйт. Үйдүн жертөлөсүндөгү атасына түшүп, деңиз боюндагы болгон ишти баяндайт. Карыя уулун тыңшап, мамындай деди:

– Уулум, деңиз жээгинде бийик дарак туру. Шол дарактын жогору жагында куштун уясы бар. Ал уяда чоң кесек алмаз жатат. А алмаздын жылтыраган нуру деңиздин бетине чагылышпай коймокпу. Деңизге секирүү кезмети сага келгенде ажоңо айт: «Падышам, ажалдан ансыз да кутулбасмын. Андыктан береги даракка чыгып, акыркы мерте киндик каным тамып, кирим чайкалган журтума көз чаптырууга ыраакым кылың дегиниң». Ажо мунуңа көнөт. Анан сен дарак башындагы асыл ташты уядан алып, ажоңо кармат.

Боз улан деңиз жээгине кайтып, өз кезмети келгенде ажосуна деп турганы:

– Падышам, сиздин амириңизди аткарууда ансыз да ажалдан кутулбасмын. Арийне, береги даракка чыгып ата конушума бир мерте көз чаптырып өлүүгө ыраакым этиң.

Ажо аний дебеди. Көндү. Боз улан дарак башына тырмышып, уяга жетти. Жетип эле асыл ташты уучтады эле – деңиз түбүнөн көрүнгөн жылтырак көрүнбөй калбаспы. Чогулган эл элейди. Боз улан жерге түшүп, алмазды ажосуна карматты.

– Капылеттен жол тапкан акылыңа баракелди, досум! – деди ажо ошондо, – Казаттан кайтып келатканыбызда алдыма аргымагыңды тартсаң, бу мерте алмазды да мага карматып отурганың кандай?

– О падышам! – деди боз улан: – Айтайын дейм – корком, айтпайын дейм – башым катат. Мынча болду айтайын. Тек, ырайымдык болор бекен? Сиз кары-картаңдарды кырдырып салганыңыздан улам, мен атамды жашырып койгомун. Мен сизге эмне тартууласам, анын баары атамдын акылы менен болду. Амириңден айланайын, ажо, агер кары-картаңдарды кырдырып салбаганыңызда, алардын асыл баштарынан кандай гана керээттүү кеңештерди алып турмакпыз!

Ушундан соң ажо акылына келип, карыяны жертөлөдөн чыгартып, аны өзүнүн эң ардактуу акылкошчусу кылып алган экен жанына. Анан ал өз кошуунуна мынаминтип шардана кылыптыр:

– Мен абыдан акылы маң ажо болуп, карыларды кырдырып: оңбогондой жаңылыпмын. Эгер алар аман болгондо калаабыз акылмандардын ордосу болмок турбайбы, – деген экен.

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *