— Ишенбай агай, сиз Салижан агай экөөңүздөр мектептеги курактан бери эле дос экенсиздер. Агайдын достугу тууралуу да кеп салып бербейсизби?

— Салижан экөөбүздүн жеке мамилебиз Фрунзе шаарындагы өз учурунда даңазалуу «номур беш» мектебинен башталды. А кезде шерттешип достошуу мода болуп кеткен. Биз ансыз деле бири-бирибизге тартылып, көңүлдөш болуп кеттик. Мектептен эле анын шыгы ачылып, жазган ырлары гезиттерге басыла баштаган. Жолу да ошол тарапка кетээри анык болуп калган. А мен арабөк болгондуктан ар бир мугалим өз кесибине үгүттөй берчү, акыры экономиканы тандаганымды айтсам, «сени философияга кетсе деп жүрдүм эле, эми мунуң да туурадыр. Маркс бекеринен экономикага өтүп кетпесе керек», — деп койду. Ошол замандан Сакемдин көзү жумулганга чейин мамилебиз үзүлбөй , бир туугандай эле болуп калдык. Көлдөгү үйгө өзүм барып калсам, атам да, энем да «Ой, Саке кайда?»деп жоктоп калаар эле.

Көп жылдар бою чогуу жүргөндүктөн мен анын туулуп- өскөн айылын, туугандарын, жердештерин да көбүрөөк билип калдым.

— Ал киши атасы тууралуу да айтып берчү беле?

— Кайсы жыл экени эсимде жок, Кара-Шорого бир аптага эс алууга барып калдык. Сакем барган эмес. Эртеси ошол жерден эс алып жүргөндө чайга чакырып калышты. Көлдүк айылынан келгендер да бар экен. Андай жерде Салижан жөнүндө сөз болбой койбойт да. Айда, анын кылык-жоруктарын айта берип, убакыт кандай өткөнүн билбей калдык. Бир маалда улгайып калган бир карыянын айтканы эсимде. «Ал кишинин таги жакшы болчу» деп баштады. (Тек дегенди ошентип айтат экен). Илгери жаш кезим. Жигит аке айылда башкарма. Абдан кадырлуу киши эле, жарыктык. Анын айтканы айткан, эл да анын ою менен болчу. Бирок сабатсыз экен, мени катчы кылып алды. Бир күнү жылдык отчет берем деп, колхоздогу болгон иштин баарын-ийгилигин да, кемчилигин да айтып берип, «ушуну жаз, чогулуштан кийин районго жиберебиз» дегенинен айтканынын баарын тирмийип олтуруп жазып чыктым да, даяр болгондо өзүнө барып окуп бердим. Айрым жерлерин кошумчалап туруп, «дагы оку» деди. Дагы окуп бердим. Кечке жуук эл чогулуп, жыйналыш болду. Анан карасам эле баягы мен жазган кагазды кармап алып бакылдап окуп кирди. «Э, кудая тобо, эмне болуп кетти деп жакындап барсам, баягы кагазды тескери кармап алыптыр, бирок жазылгандардын иретин бузбай, сөзмө-сөз айтып баратат. А кишинин мынчалык куйма кулак, эс тутуму шумдук экенине ошондо бир айран таң калгам», — деп дагы көп окуяларды айтып берди эле.

«Аккан арыктан суу агат». Бул сөз да бекеринен чыкпаса керек. Эл ичинде зоболосу бийик, ошол замандын өлчөмүндө бардар ата-энесинин убайын көрбөй, кемелине келе элек кезинде алардан ажырап, андан көп узабай, сагырлардын ата ордуна тиреги болуп жүргөн улуу агасы күтүлбөгөн жерден кырсыктан каза болуп, тоголок жетимдин тагдыры башына түшөт. Ошол агасы 31 жашында каза болгондо Сакем үчүн «өзүнчө бир дүйнө өлдү, ийип турган булак көзү бүтөлдү» деп зарлап жазганы бар. Орто билимге жетелек кезинде турмуш өзүнүн өйдө-төмөн кыялын көрсөтүп, реалдуу дүйнөнүн сөлөкөтүнө жаш өспүрүмдүн көзүн ача, билим университетинен мурда «турмуш университетинин» сыноосунан өткөрө баштайт.

— «Турмуш «университетинин» сыноосу Салижан агайды курчуткан турбайбы…

— «Жашабай жатып» көп нерсеге сергек, ал эмес, кеменгердей мамиле кыла баштаганы да ушундан болушу ыктымал.

Мына так ушул жерде баса айтып кете турган нерсе, Сакемдин инсандык өзгөчөлүгү, табигат тартуулаган рухий жандүйнөсүн чөктүрбөй, булгабай бийик кармап, таза сактап калгандыгы дегим келет. Орто мектепти бүткөн жылы жазган ырында мындай ой-тилек бар. Улуу агайындар айтат имиш: шашпа иничек, жыйырмадан өткөн соң, турмуш акең бийик максат, жакшы оюңду жексендейт, баарынан көңүлүң калат, көр оокаттан башканы ойлонбой каласың… Андай «акыл» айткандар көп болот. А Сакем болсо кесе жыйынтык чыгарат:

«Мени да ороп көңүлкоштук белгилер,
Бүт баарына караймынбы кайдыгер?
О жок, дүйнө ак пейлимден суранам:
Андан көрө оору бер же кайгы бер!»

Жараткан анын арзуу-тилегин толук берди белем, көрөгөч көзү жумулгуча, сезимтал жүрөгү токтогуча эч нерсеге кайдыгер болбоду. Ал өз өмүрүн дүйнөдөгү, өзүбүздүн мекенибиздеги окуялардан, элибиздин тагдырынан бөлбөдү, адамгерчиликтин бийик критерийлери менен өлчөнгөн үндөш, санаалаш болуп жүрүп өтүп кетти.

Өзүмдүн жеке баамымда Салижан жарым-жартылай жасалган ишти, бөксө сезимди өксүк сапат катары түшүнчү. Иштесе, «майын чыгара» тирмейип отуруп алып иштеп, бүткөн соң «ай, бир аз жетпей калды» дей берчү. Бул жолу айтып калдым «Молдоке, сен ишке япондордой мамиле кыласың. Аларда мындай пикир бар, ар бир адам өзүнө жараша жасайт, эгерде башкалар суктангандай кылса, анда анын ички дүйнөсү ошого тете сапаттуу, а эгер, халтура кылса, ал өзүнүн копиясы». Абдан сүйүндү, «атаганат, ушуну кантип бизге сиңире алабыз, ыя? Ушул жөнүндө жазчы, жайылтып көрөлү…» Атайлап жазганга чолоо тийбей калды.

Салижандын табийгат тартуулаган өзгөчө касиети — анын мындайча айтканда, бүтүндүгүндө болчу. Анын кубанычы да, кайгысы да, сүйүүсү да, жек көрүүсү да, айтор адамга мүнөздүү бүткүл сезимдери жарым-жарты болгон эмес. Дайыма эле эл көзүнө көргөзбөгөнү менен ичинде буулугуп, ташкындап турганын жакшы билгендер даана сезчү.

— Салижан агайдын сүйүүсү тууралуу айтып бере аласызбы?

— Анын өмүрүндөгү айрым окуялар көмүскөдө калгандыктанбы же бүгүн модага айланган интим темасы кытыгылап турабы, ким билсин, кээде, айрыкча кыз- келиндер, Салижан агайдын махабат баяны жөнүндө айтып бере аласызбы дешет. «Аны өзүнөн башка киши жеткире албайт, өзү айтып бербейт, ырларын окусаңар түшүнөсүңөр» дейм.

Салижан өзү айтып калаар эле: Такташтын мыкты саптары бар. Мухаббат бул эски нерсе, бирок ар жүрөк аны жаңыртат». Туура. «Сулуу-сулуу эмес, сүйгөн сулуу» деген сөз бар эмеспи кыргызда. Бул да чындык!

Адам болгон соң сүйүү ар кимдин башынан өтөт. Кээде өткүн жамгырдай жылт этип келип кайра өчүп калат. Кээде акыл-эс менен эсепке айланып уюп да кетет. А бирок легендага айланган Мажнун таризде «акылдан адаштырган» сыйкырлуу сезим ар адамга берилбейт окшобойбу. Ошондуктан сүйүүнүн түпкүрүндөгү энергия кудуретин бардык эле пенде түшүнбөйт.

Сакем да сүйгөн. Сүйгөндө да «жалбырттап, алоолонуп», «солкулдаган сонун селкиге ашык болгон», аны көргөндө «көзүнөн нур жанып», «көрбөй калса, «кусалыктан буулугуп», «сагынычтан саргайып» түшүндө көрүп, бирок апкаарып, айбыгып, чечкиндүү аракет кыла албай жүрүп, экөөнүн тагдыры ача кетти. Ошол кездеги сезими ыр саптарында бар:

«Ошол түнү сүйүү менден күбүлдү,
ошол түнү гүлүн төктү өрүктөр».

Ал өзү сүйүүнү адамга канат байлап учурган «касиеттүү күч» деп жазды. Ошол күчкө табынгандай аны купуя аздектеп, көңүлүнүн тереңинде сактап жүрдү. Ошондон кийин мүнөзү да өзгөрүп, ачыла баштады. Тамашакөй болуп кетти, тартынбай сүйлөчү болду. Сүйүүнүн сыйкыры да ушунда белем.

Кийинчерээк Кимияга көңүлү түшүп, үйлөнүп, эки балалуу болду. Өмүр агымы токтоор жерине келгиче улана берди.

— Агай ооруп жүргөндө сизге кандайдыр бир керээз сөзүн айттыбы?

— Мектепте окуп жүргөн кезде эле ар кандай бийик идеялардын таасириби же өзүнүн эле жеке табиятыбы, айтор өзү аны ырга айландырган бир тилеги бар эле. Анын маңызы мындай: жаш өткөн сайын турмуш акең адамды ары чайпап, бери чайпап отуруп, бала кездеги арзуу тилектин көбүн күбүп түшүрүшү мүмкүн. Көроокаттын артынан түшүп, башканын баарына кайдыгер болуп калган адам аянычтуу «О жок, андан көрө «оору бер же кайгы бер» деп жазып да жиберди.

Дүйнөнү чарк айлангансып, эмне жөнүндө гана ойлонгон жок. Бул жерде жүрүп алып, Че Геваранын тагдырына капа болду. Жетимдерим эмне болду экен? — деп, тапкандарынын көп бөлүгүн бир туугандарына берип жүрдү. Бир гана өзү жөнүндө тийиштүү кам көргөн жок. «Ойлордун эң оору жандүйнөсүнө чөгүп, кээде ток, кээде ач болуп жүрүп, тобо кылдым, тилеги орундалгансып, ашказанына доо кетип, сыркоолоп да калды. Чынын айтсам, биз да чочуп жүрдүк. Алда неме болот дегенсип, өзү да ойго батып жүргөнү сезилчү.

Так ошо кезде Хади Такташка кызыгып, аны көп окуп, айрым ырларын которуп жүрдү. Себеби, ал акын ооруп жүргөндө жазган ырлары Сакемдин ошол кездеги маанайына үндөш болгону.

«Кыштан өлөм!
Мен өлгөн соң
силерге жашоо болоор,
көңүлсүз да, кунарсыз».

Же болбосо:

«Байкуштар ай!
Силер үчүн мен өлсөм,
бу дүйнөнүн калат кандай кызыгы?!»

Ушуларды, ушуга окшогон түрлүү варианттарды айтып, өзү каткырып күлүп калаар эле. Алда чунагым-ай, өлүм темасын да күлкүгө айландырып жибересиң да» деп айласыздан өзүбүз да күлчүбүз: эми чындыгында бизге эле кыйын болот, бизди кунарсыз дүйнөгө таштабай, аракет кыл, жүгүр, көбүрөөк кыймылда» дейбиз да. Көрсө, бу да анын дүйнөгө, өмүргө иллюзиясыз, тике караган сергектиги тура.

Кийин, кечээ эле кайрылгыс сапарга кетээрине көзү жеткенде «Жетимиш деген оңой жаш эмес, биздин тукумда буга жеткени болбоптур. Өмүр чексиз өңдөнүп жүрө берет экенбиз, бирок бере турган дарамети бар адамдар мен жашаган жаштын жарымына келгенде эле берип коет экен. Ага айла жок» дейт бир жолу. Не дейсиң, каяша айтуу мүмкүн эмес.

Анын дагы бир сапаты эске түшөт. «Оору кадырын соо билбейт» демекчи, өзү сыркоолоп жүрсө да, так ошол кээде табы айнып жүргөн Кеңеш менен Эсенбекти көп эстеп, санааркап, «ошол жетимдерим сакайып кетсе экен» дегени, чынын айтайын, мага чоң таасир кылган, өзү ооруп жатып тигилерге бушайман болгонун кара, пейлинин кенендиги да дечүмүн.

— Агайдын инсандык мыкты сапаттары кайсылар эле деп ойлойсуз?

-Жаратылыш айрым учурда берешендигин аябай, рухий гүлзарына дээрди да, таланты да, энергияны да, төгүп коет турбайбы. Бирок бул сапаттар билим менен сугарылбаса, алардын өнүмү өксүк болуп калышы да ыктымал. Чындыгында эле ушулардын бардыгы анда бар эле. Тек жагынан мураска калтырылган топуктуулугу менен адептүүлүгү биз билип-билбеген Салижандын инсандык затын калыптаган. Анын көп кырдуу жөндөмүнүн бошкогу эрте ачылды. Дүйнөлүк классиканы тек гана «ышкысы кызыгандан» окубастан, ийне-жибине чейин чечип-изилдеп чыкты. Көркөм адабияттын өзү эле, албетте, ал терең болсо, турмуштун адам баласынын наркы жакта жашынып жаткан ички дүйнөсүн чагылдырган рентген сыяктуу билим булагы эмеспи. Ошол дүйнөгө карк болгондордун көбүнүн аң-сезими үч устундук (дээр, билим жана турмуштук) синтези катары калыптанат, алардын көзү курчуйт, сезими сергек болот. Бирок мында бир парадокс бар: билгениң канчалык кенен болсо, али биле элек чөйрөңдүн горизонту улам алыстап жыла берет. Ошондуктан Сакем билимине маашырканып, кыйынсынган жан эмес эле, тескерисинче, барган сайын бир нерсеси жетпей тургансып, кажынып издене берчү. Беш-алты китеп окуп алып эле, ошондогу ойлорду чала бучук түшүнсө да, кыйынсынып, башкаларга акыл айтып үйрөтө баштаган айрым «билимдүүлөргө» аянычтуу мамиле кылар эле, бирок аны ачык айтчу эмес.

Кийинки жылдары, аны айрыкча ойго салган түйшүк элибиздин келечеги болуп калды окшойт. «Бүгүнкүдөй өткөөл доордо калайык эгемендүүлүктүн кадырына жетпей турат. Союздун түндүгү түшкөндөн баштап, өз-өзүбүздү таба албай, илең- салаң болуп, калайманга тушугуп, эртеңкиге ишенич жукарып баратат. Бактыбызга таза, эрктүү жетекчи да чыкпады. Кызматкерлердин көбү кадимки эле микроб, кудая тобо, барган эле жерин ириңдетип жиберет экен. Же бир иштин иретин билишпейт. Өзүмдүкү дегенде, өлкөнү унутуп коюшат турбайбы, ал эле эмес, элди барчалап бөлгөнгө да даяр экен буларың, бүт дүйнө жаңы нукка багыт алып таратса, биздикилер «алтын доорду» илгерки өткөн замандан издешет. Кээ бири «эл үчүн башымды саям» дешип, экиленишет. Сайбай эле койсун, башы өзүнө керек, ар бир адам өз оокатына тың болуп, сарамжалдуу чарба күтсө, элдин энчисине кол салбай, маңдай терин төгүп, байыса эле өлкө көтөрүлүп кеткен турат» деп, кейип-кепчип калаар эле.

Маектешкен Айгүл БАКЕЕВА

«Кыргызстан маданияты» гезити (17-март, 2011-ж.)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *