Алтай жомогу

Күзгө жуук күрөң аюу өлө семирип, жатып ичер жалкоо болду, жүнү майлагандай жалтырап, көргөндүн көз жоосун алат. Токойдо ал басар-баспас болуп араң эле кыймылдайт, жаткан карагайларды көрсө аттагандан эринип, айланып өтөт.

Токойдун бир жайыгынын ортосунда килтейген кедр[1] өсүп турган. Анын тобурчактары аябай эле салмактуу келип, ошол салмагы кедрдин бутактарын жерге самсаалатып ийип, өзүнчө эле бир башкача.

Күрөң аюу ошол кедрдин алдына келип, тилин жаланып, шилекейин агызып, үшкүрүнө ойлонот: «Ушул тобурчактын ичинде укумуштай даамдуу мөмөсү болсо керек ээ…»

Ошентип кыялданат да, өзү болсо колун сунуп, ага жеткенге аракет кылбайт, балким аракет кылса болот беле, жөн гана жалкоолуктан мойну жар бербейт.

Бир убак эле «тап» дей түштү. Караса, тобурчак! Ал аюунун төбөсүнө тийди да, анан дал майпаң бутунун алдына түшсө болобу.

Аюу аны акырын алды да, оозуна салды, карсылдатып чагып, жаланып-жуктанып, кайра төбөсүн тиктеди. Ал жактан дагы тобурчак түшөт деп үмүт этти. Түшкөн жок. Караса, чаар ала кедр чымчык бутакта конуп отурат.

— Ой, улуу урматтуу аюу ага! – дейт ал. – Мен сизге эң сонун тобурчакты таштадым.

Кедр чымчыгынын чый-пыйы чыгып коркуп алган, калтаарып үнү да араң угулат.

Бир убак бутакта отуруп кокус дагы бир тобурчакты түшүрүп ийди эле, анысы түз эле келип аюунун төбөсүнө тийди.

Кедр чымчыгы учуп кетүүдөн да коркуп, кыймылсыз отура берди.

— Ардактуу, урматтуу, аюу төрө! Мен ушул тобурчакты жай бою бүт жандыктардан жана канаттуулардан коргоп сизге гана сактап келаткам. Эгер кааласаңыз, дагы сизге ондогон тобурчактарды таштап берем…

— Оо, кандай меймандос, кандай берешен чымчык…

Аюунун минтип мактаганына кедр чымчыгы андан бетер дардаңдап, тим эле бой көтөрүп калды.

Аюу болсо анын таштагандарын улам ашайт да, мактап кирет:

— Биз эми экөөбүз түбөлүк достордонбуз. Эгер кааласаң мени бир тууган агам деп атагын. Бирок сен агаңа – карт аюуга дагы оор-оор тобурчактардан таштай бер.

Кедр башында турган чымчык капталдай туруп көзүн жердеги аюуга карай узатты эле, эчтеке эмес, анысы анчалык коркунучтуудай көрүнбөйт, жүрүшү жоош, өзү менен өзү.

— Азиз, аюу ага, сиз мени гана караңыз! Мен ушул тумшугум менен тобурчактар менен уруп жыга коймок белем. Эгер сиз өзүңүз да бир аз аракет кылсаңыз…

— Эгер андай болсо, бутактарды силксем, тобурчактар бүт ушул жайыкта жайнап калбайт беле, аны терип алууга менде кемпир-кесек кайдан дейсиң…

— Ой, агатай! Тобурчак болсо, терип алчулар табылбай коймок беле! Биз – кедр чымчыктары үчүн бул жумуш көндүм иш да. Бир гана жаман жери мен жалгыз өзүм сизге жетише албай жатпаймынбы, жалгыздык деген жалгыздык да. Эгер уруксат этсеңиз, мен бир туугандарымды чакыра коёт элем.

— Чакыр.

Кедр чымчык жанагы карагайдын төбөсү жагына учуп чыкты, бир-эки жолу сайрагандай болду. Бул аймактын баары анын турак журту да, баары ага тааныш да, учуп келишти…

Аюу болсо кедрдин жоон-жоон бутактарын бүт ачуусу менен силкип, тобурчактарды түшүрүп, ага да болбой төрт буттап кагып, ага да алымсынбай башы менен сүзгүлөп атты.

Дарак башында бир да тобурчак калбаганда гана аюу жанын жай алдырып, дем алганы отурду.

Караса, бу жайык жерде же чымчык жок, же тобурчак жок. Болгону бир бышпаган дүмбүл тобурчак жатат.

Каратып туруп, бир чымчык муну да аюу агасына ыраа көрбөдү. Аны да алды да, анан учуп жоголду. Аюу ачууланды. Ушул кенедей чымчыкты кара, кылганын. Бүркүт болсо да бир жөн. Бул тырмактай нерсенин алдаганы неси!?

— Мейли, эми, – аюу колун шилтеп койду, – жегиле, тобурчак данын жегиле! Силер аны канча жеген менен баары бир тырмактай бойдон каласыңар! Мен болсо азыр эле ушундай семизмин, кыш келсе мындан бетер териме батпай семирем да…

Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

[1] Кедр – Сибирь жакта өскөн дарак, карагайдын бир түрү.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *