АҢГЕМЕ
Чоң энем мени кошуна балдарга кошуп, дөбөчөгө кожогат терип келүүгө жиберди. Эгерде бир себет толо жемиш терип келсем, аларды өзүнүкүнө кошуп сатып, мага “таттуу ат токоч” сатып келүүгө убада берди. Кызгылтым жалдуу, куйругу жана такалары бар, кызыл шире жалатылган чабдар атка окшотуп жасалган таттуу токоч айылдын бардык балдарынын урмат-сыйын камсыз кылып, алардын эңсеген кыялы болор эле.
Дөбөчөгө биздин жыгач даярдоочу жайда иштеген кошунабыз Левонтийдин балдарына кошулуп жөнөдүм. Левонтий болжол менен ар он беш күн сайын жалыйна алат, ошондо жаш балдардан башка эчтемеси жок кошуна үйдө чоң той башталып, а Левонтийдин аялы айыл аралап чуркап, карыздарын кайтара турган.
Мындай күндөрдө мен эптеп айла таап, кошуналарга качар элем. Чоң энем мени коё берчү эмес. “Бул кара тамандардыкынан тамак жебе”, – дечү ал. Левонтийдикинде мени жан дили менен кабыл алышып, жетим деп аяшар эле. Коңшунун таап келген акчасы бат эле түгөнүп, Васёна эже кайрадан карыз сурап айыл кыдырып жөнөчү.
Левонтийдин үй-бүлөсү жакыр жашаган. Алардын үйүнүн тегерегинде эч кандай чарбасы жок, атүгүл жуунуш үчүн кошуна үйгө киришчү. Жаз келген сайын алар үйүн тегерете чырпык менен курчашып, анысын күз келгенде отун ордуна пайдаланышат. Чоң эненин жемелөөсүнө мурунку матрос Левонтий “мен айылды сүйөм”деп жооп кайтарчу.
Ошентип, Левонтийдин “бүркүттөрү” менен кызгылтым жалдуу таттуу токоч үчүн каражат иштеп тапканы дөбөчөгө жөнөп кеттим. Левонтийдин балдары уруш баштаганда мен бир нече ыстакан кожогат терип койгом. Балдардын улуусу кичикийлер мөмөнү идишке эмес, өздөрүнүн ооздоруна жыйнап атканын байкап калыптыр. Мунун айынан бардык олжо чачылып, желип кетти да, балдар болсо Фокин дайрасына түшүп келүүнү чечишти. Алар менин да кожогатымды көрө коюшту. Ошондо Левонтийдин Санькасы менин терген кожогатымды да жеп салууга үндөп ийди балдарды. Андан кийин алар менен мен да кошо дарыя жакка тыз койдум.
Идишим бош экенин кечке жуук гана эстедим. Үйгө бош себет менен кайтып баруу уят да, коркунучтуу да болчу. “Чоң энем Катерина Петровна, Васёна жеңемдей эмес эле, – андан калп айтып, же ыйлап, же башка шылтоолор менен да кутула албайсың”. Саньканын мага үйрөткөнү бул болду: себетке чөптөн толтуруп, үстүнө бир ууч мөмө чачып коюш керек. Мына ушул “алдамчылыкты” үйгө алып келдим.
Чоң энем мени көпкө чейин мактап, бирок мөмөнү ачып көргөн жок, аны себети менен шаарга апарып сатмай болду. Мен көчөдөгү Санькага бул тууралуу айтканымда — ал менден ооз басырыкка деп токоч берүүмдү талап кылып туруп алды. Бир эле токоч менен Саньканын оозун жабуу кыйын болду мага: ал соргокко тойгончо токоч ташыдым. Түнү уктай албай, азап тарттым. Себеби чоң энемди да алдадым, үйдөгү токочту да уурдадым. Акырында, эртең менен турар замат баарын моюнга алууну чечтим.
Ойгонсом, кечигип калыптырмын, чоң энем эбак эле шаарга жөнөп кетиптир. Ошондо чоң атамдын алачыгы айылдан бир топ алыс экенине өкүндүм. Чоң атамдыкында жайлуу, тынч, ал мага калканч болмок. Эриккенимден Санька менен балык уулаганы жөнөдүм. Бир аз убакыт өткөндөн кийин булуңдун ары жагынан сүзүп келаткан чоң кайыкты көрдүм. Кайыкта отурган чоң энем мага карап муштумун кезеп атыптыр.
Үйгө кеч кирерде гана кайтып келип, ошол замат чыгдандагы шалчалар менен аттын ээр-токумдары салынган убактылуу төшөнчүмө куладым. Бүрүшүп жатып, өзүмө боорум ачып, апамды эстедим. Апам чоң энем сыяктуу шаарга жемиш сатканы каттачу. Бир жолу ашыкча жүктөн улам кайык аңтарылып калып, апам чөгүп кеткен. Ал сал тосмонун алдында калып, апам чачынан илинип калыптыр. Ошондо дарыя апамды коё бермейинче чоң энем кандай азап тартканын эстедим.
Эртең менен ойгонуп, чоң атам келгенин көрдүм. Ал менин үстүмө кирип, чоң энемден кечирим сурашымды буйруду. Моокуму канганча тилденип, урушуп алган чоң энем мени нанүштөөгө отургузуп, андан кийин баарына анын балакайы эмне кылганын түгөл айтып берди.
Ошентсе да чоң энем мага атка окшогон таттуу токоч ала келиптир. Андан бери көп жыл өттү, чоң атам да, чоң энем да жок эми. Өзүмдүн да күнүм бүтүп баратат, бирок азыр дале чоң энемдин таттуу токочун, ошол укмуштуу кызгылтым жалдуу чабдар атты унута албай келем.
1963-жыл.
Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *