Бурят жомогу 

Илгери бугунун төрт көзү бар экен. Ал ошонусуна сыймыктанып, төрт аяктуулардын ичинен эң эле ыкчам жүргөнү менмин деп мактанчу тура.
Бир жолу ошол бугу ат менен кездешип калат да, ага минтет:
— Сен жакшы чуркайсың, бирок баары бир мага тең келе албайсың. Миң чуркасың да мага жетпейсиң!
— Жок! – дейт ат. – Жетем.
— А сен кантип жетем деп атасың? – Бугу таң калат.
— Үстүмө кишини мингиземин да, ага мени чап дейм, ал чабат, а мен ошондо аябай чуркап, сенден ашып кетем!
Бугунун буга күлкүсү келди. Шылдыңдап күлүп да алды, анан:
— Кантип эле сен ушул турушуңда мага жетип аласың. Өлсөң-талсаң да жете албайсың, сен бир кибиреген нерсесиң да! – деп каткырды.
— Сени кууп жетем! – Ат да айтканында бекем турду. Ал эмнеге ишенип атат, балдар, аны анан көрөбүз да.
Ошентип экөө кол алышып, мелдешип, чуркаша турган күндү болжошту.
Бугу күч топтоо үчүн жакшы жайыт тандап кетти, ат адамга келди да ага айтты:
— Мени мин да, чап! Шамалдай чуркап бугуну чаңыбызга калтыралы!
— Макул! – деди ээси аттын оюн түшүнүп.
Айтылган күн келип, алар жайыкка чыгып жарышты баштады.
Адегенде бугу узап кетти, анан адам атка камчы басты эле, ал болушунча чуркады. Ат арыш керип отуруп бугуга жетти, жетмек турсун озуп да кетти.
Бугу атка жетпей өксүп-өксүп ыйлады. Ызаланды. Өпкө-өпкөсүнө батпай ыйлай берип, акыры төрт көзүнүн экөөнөн такыр эле жаш чыкпай калды. Анан ал көздөр соолуду.
Азыр силер, балдар, жакшылап байкасаңар, бугунун көздөрүнүн алдынан соолуган көзгө окшогон издерди байкайсыңар. Бул ошондон калган тактар.
А ат болсо адамга кызмат кылып, аны менен дос болуп келатканын силер биз айтпасак дале жакшы билесиңер да…
Которгон Абдыкерим МУРАТОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *