Улуттук адабий процесстин ХХ кылымдагы өнүгүү багыттарына өз чыгармачылыгы менен ар тараптан кеңири таасир этип, кайсыл бир деңгээлде анын жетишкен чектерин, көркөмдүк бийиктиктерин аныктап келген Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адабият таануу жана адабий сындын алкагында такай кызыгуу туудуруп, ар кандай деңгээлде каралып келди. Ошондон улам, ушул кезге чейин көркөм дүйнөсү дээрлик бардык ракурстардан каралып келген (ал тургай, «Айтматов — «Правдист»» аттуу монографияда анын журналист катары эмгектенген бир нече жылдагы гезит майданындагы чыгармачылыгы да изилденгендиги маалым) атактуу жазуучубуздун кеңири белгилүү чыгармаларынын адабий сын жана адабият таануу жанрлары менен болуп келген өз ара «мамилелери», карым-катнашы өз алдынча адабий изилдөө предмети катары карала турган тема.
Бул аспект боюнча карасак, кыргыз адабиятында белгилүү адабиятчы Кеңешбек Асаналиевдин чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлейт. Ч.Айтматовдун ар бир жаңы жарык көргөн чыгармасы эч кимди кайдыгер калтырбай, алар жөнүндө өз пикирлерин, ойлорун жазган адабиятчылар, сынчылар мурдагы совет адабиятында эле эмес, дүйнөлүк деңгээлде да көп болуп келген. Асыресе, ошол көптөгөн авторлордун туруктуу далалаттарынын натыйжасы катары бара-бара «айтматовтаануу» аттуу адабият таануудагы жана адабий сындагы туруктуу агым пайда болгон. Георгий Гачев, Лариса Лебедева, Владимир Лакшин, Виктор Левченко, Кеңешбек Асаналиев сыяктуу адабиятчылар атактуу жазуучунун көркөм дүйнөсүнө арналган атайын китептерди чыгарып, дал ошол «айтматоведение» агымынын калыптанышына орчундуу салым кошкондугу талашсыз. Ошол эле учурда Ч.Айтматов жаш жазуучу кезинен тартып («ошол кезде адабиятчы катары республикада таанылып калган К.Асаналиев анын «Бетме-бет» повестин кол жазма түрүндө окуп чыгып, эң жогору баа бергендигин» атактуу жазуучу өзү кийин дүйнөлүк деңгээлге жеткен кезинде ыраазы болуп эскергени бар), азыркы күндө эң соңку чыгармасы болгон «Тоолор кулаганда» романына чейин туруктуу иликтеп келген адабиятчы К.Асаналиев ошол адабияттагы «айтматовтаануу» агымынын лидери болуп калгандыгы айныгыс чындык.
Албетте, адабий сын жана адабият таануу жанрларында өмүр бою активдүү иштеп, улуттук көркөм адабий нарктын эстетикалык, рухий бийиктиктеринин жалпы кабыл алынган критерийлерин аныктаган адабиятчы катары К.Асаналиевдин улуттук адабияттын жетишкендиктеринин эң мыкты үлгүлөрүн жараткан Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына болгон такай кызыкдар мамилеси, анын дээрлик бардык чыгармаларына (жогоруда айтылган эң алгачкы «Бетме-бет» повестинен баштап, «Жамийла», «Саманчынын жолу», «Гүлсарат», «Ак кеме» жана башка чыгармаларына) оперативдүү түрдө калыс, терең жазылган пикирлерин билдирип туруу менен улуттук адабий процесстин өнүгүшүнө орчундуу салым кошкону азыр ачык, даана көрүнүп турат. Анткени, 50-жылдардын аягына чейин провинциалдык деңгээлде калып, улуттук рамкалардын шарттуу тар чөйрөсүнүн чен-өлчөмдөрүнөн чыга албай келген адабий сын адегенде таланттуу жаш жазуучунун чыгармаларын адаттан тыш көрүнүш катары кабыл алып, бир катар терс пикирлерди жараткандыгы таң калычтуу деле болгон эмес. Дал ошол көркөм-эстетикалык жаңы бийиктиктин жаралуу процессинде К.Асаналиев, К.Бобулов сыяктуу дүйнөлүк адабияттын деңгээлинде ой жүгүрткөн адабиятчылардын аракеттеринен улам гана реакциячыл сын пикирлер жокко чыгарылгандыгын дагы эске сала кетүү ашыктык кылбас.
К.Асаналиев адабиятчы катары көп эле акын-жазуучулардын чыгармачылыгына кайрылып келди. А бирок анын илимий-эстетикалык элегинен эң көп өткөнү — Чыңгыз Айтматов. Ал тургай бул өңүттөн карасак, атактуу жазуучубуздун чыгармачылык эволюциясы менен катар эле адабият таанууда өз жолун, татыктуу изин калтырган адабиятчы К.Асаналиевдин дагы «өсүү» процессин, изденүүчүлүк параметрлерин, ар кандай этаптардагы көркөм дүйнө таанымындагы өзгөрүүлөрдү иликтегенге жетишерлик бай, кызыктуу материал бар десек болот.
Арийне, эгерде К.Асаналиевди таанылган жана эң ири айтматовтаануучу катары кароону максат кылсак, анын «Бетме-бет» повестине эң алгачкы ирет оозеки айтылган пикиринен тартып, соңку кезде толук бойдон Айтматовдук образдардын көркөм семантикасына арналган эмгектерине чейин карап чыгуу зарыл.
Асыресе, Айтматовдун чыгармачылыгы, ар бир чыгармасы жарыяланар замат адабий сындын көңүл чордонунда калып, көп учурда кызуу талаш-тартыштарды жаратып келгендигин эстен чыгарбай, ошол авторлордун ичинен К.Асаналиев эмнеси менен айрымаланып келгендигин аныктап алуу абзел. Бул аспектиден алганда, Асаналиевдин «айтматовтаанууга» кошкон эмгектери да кайсыл бир деңгээлде өз алдынча классификациялап, сынчынын, адабиятчынын көз карашындагы көркөмдүк-эстетикалык критерийлердин «эволюциясына» баа бере кетүүнү талап кылат. Негизинен жазуучунун ар бир чыгармасына өз пикирин билдирип, баасын берип келген адабиятчынын эмгектерин үч топко бөлүп кароого болот. Биринчи катарда, албетте, адабий сындын эң оперативдүү жанры болгон рецензиялар турат. Асаналиевдин макалалаларында Айтматовдун ар бир жаңы жарыяланган чыгармасына карата дароо реакция жасап, анын жаңычылдыгын, актуалдуулугун, учурдагы адабий процесстеги ээлеген ордун учкай болсо да, ачык, так белгилөө мүнөздүү. Жаңы жарык көргөн чыгармаларга алгачкы адабий сын реакциясы оперативдүүлүгү менен гана айырмаланбай, ал чыгарманын кийинки тагдырында орчундуу роль ойноочу пропагандалык кызматты дагы аткарары белгилүү. Бул милдет адабий чыйыр салууда өзгөчө жооптуу да болуп, ал рецензиянын көлөмүнүн салыштырмалуу кыска экендигине карабастан, иликтөөгө алынып жаткан чыгарманы бардык ракурстан баалап чыккандыгы менен кийинки кайрылган авторлорго көркөм-эстетикалык ориентир болуп калат.
Маселен, жогоруда аталган макалаларында К.Асаналиевдин «Саманчынын жолу», «Жаныбарым, Гүлсары!» повесттерине жасаган эң алгачкы адабий талдоолору абдан тактыгы, объективдүүлүгү менен айрымаланат. Айталык, повесттеги ат Гулсары менен башкы каарман Танабайдын образдарын параллелдүү кароо, бул көркөм метафораны ар кандай конфликттерде салыштырып кароо жалпыга маалым эстетикалык критерий катары каралып калды. А бирок эң алгачкылардан болуп ушул параллелге көңүл буруп, андагы подтекстти чечмелеп, окурманга ачып берген Асаналиев болгондугун белгилеп койсок акыйкаттык болор.
«…Гүлсарыны кишендөө, бул — Танабайдын күч кубатын, инициативасын «кишендөө». Кишенге да моюн бербей, Гүлсары үйүрүнө качып келген сыңары, Танабай да куру кыйкырыктардын, мансапкорлордун ар түрдүү арамза иштерине моюн бербейт, өз жолунан, өз позициясынан кайтпайт. Ак ниеттүүлүктү, принципиалдуулукту, чечкиндүүлүктү даңазалаган повесттин пафосу ушунда. Биз повесть жөнүндө олуп-чолуп айттык. Анын не бир эстетикалык рахат бере турган жактарын окуучу өзү окуп, өзү биринчи сезгени алда канча жакшы…»
К.Асаналиев «айтматовтаануучунун» экинчи катардагы эмгектери катары анын көркөм жалпылоого багыт алган, мурунку жарыяланган чыгармаларга дагы кайрадан кайрылып, жазуучунун чыгармачылык концепциясына тереңден карап, адабий-сүрөткердик бейнесин тартууга умтулган макалаларын карай алабыз. «Движение во времени», «Возрождение эпоса» сыяктуу концептуалдуу, жазуучунун көркөм дүйнөсүн ар тараптан изилдөөгө алган эмгектери менен автор «айтматоведение» жаатында гана эмес, жалпы эле улуттук адабият таанууда өзгөчө көркөмдүк-эстетикалык чектерге жеткендиги менен өзгөчөлөнүп турат.
Адабиятчы «Жаныбарым, Гүлсары!» повестин баалап жатып, «Чыңгыз Айтматовдун мурдагыга канааттанбаган, улам жаңыны тапкысы келген изденгич касиети бар» экендигин белгилейт. Мындай критерий призмасы аркылуу карасак, К.Асаналиев адабиятчынын өзүндө да дал ушундай изденгич мыкты сапаттар бар. Мисалы, ал мурда өзү жазып, кайсыл бир деңгээлде жеткиликтүү иликтеп өткөн чыгармаларга дагы кайрадан кайрылып, мурда каралбай калган жаңы параметрлер жагынан изилдеп чыгуудан танбайт. Алсак, анын «Айтматов: кечээ жана бүгүн» (1995) аттуу фундаменталдуу эмгеги ал мурда эле бир канча ирет жазган чыгармалар жөнүндө кайталап жазылгандыгына карабастан, бул ирет жазуучунун коштилдүү табияты иликтөө предметине айлангандыгынан улам жалпы эле адабий турмуштагы өзүнчө бир жаңычыл эмгек болуп калды.
Ар бир чоң жазуучунун чыгармачылыгы жөнүндө жазылган көптөгөн адабий сын макалалар биринчи иретте пропагандалык гана ролду ойноп тим болбостон, анын көркөм образдар дүйнөсүнүн татаал системасын терең интерпретациялап, окурмандар чөйрөсүнө жеткиликтүү деңгээлде чечмелеп бере алгандыгы менен баалуу боло ала тургандыгы түшүнүктүү. Калыстык үчүн айтып коюу парз. «Айтматовтаануу» абдан өөрчүп, бул тематикада жазылган эмгектер көп экендигине карабастан, бул «утуштуу» теманы спекуляцияга айландырып, а чындыгында баштан аяк жазуучунун чыгармаларынын сюжетин гана кайталаган чылк «суудан» турган «эмгектер» да арбын…
Арийне, «айтматовтаануу» аталган эмгектерди мындай критерийлер менен кароого Кеңешбек Асаналиев сыяктуу адабиятчынын бийиктетип койгон планкасы дагы мүмкүндүк берип жаткандыгын унутпашыбыз керек. Ар кандай нерсе салыштыруу аркылуу бааланат демекчи, анын эмгектери дүйнөлүк адабият таануудагы эң мыкты айтматовтаануучулар катарынан эбак эле орун алып калгандыгы да бекеринен эмес.
Ар бир жазуучу, акын өз чыгармачылык жолунда сөзсүз басып өтүүчү эволюцияны адабиятка бүт күчүн үрөп, жалпы чыгармачылык потенциалын, интеллектуалдык энергиясын арнаган адабиятчылар, адабий сынчылар дагы баштан кечирери маалым. Дал ошондон улам алар дагы чыгармачылык башталууну, профессионалдык жетилүүнү баштан кечирет. Ошол себептен биз адабият таанууда дагы тигил же бул адабиятчынын өз шедеврлери жаралганын адабий-эстетикалык факт катары кабыл алабыз. Маселен, Александр Аниксттин Шекспир, Гете жөнүндө жазылган эмгектерин, Михаил Бахтиндин, Игорь Селезневдун Федор Достоевский жөнүндөгү, Игорь Золотусскийдин Николай Гоголь жөнүндөгү эмгектерин бул жанрдагы шедеврлер катары кароого акылуубуз.
Биздин пикирибизче, улуттук адабият таануубузда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын изилдөөдө ушунчалык көркөм-эстетикалык бийиктикке жеткен изилдөөлөр катары Кеңешбек Асаналиевдин «Шекер и Космос» (2002) , «Аил Шекер и Космос» (2004) аттуу эмгектерин атасак болот…
Жогоруда белгиленгендей, жарым кылымдан ашуун убакытка созулган чыгармачылык жолунда Кеңешбек Асаналиев жалпы адабият маселелери менен тыгыз алектенип, анын ичинде Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жөнүндө өзгөчө ынтаа коюу менен жазып келди. Ошентсе да, жазуучунун чыгармачылык портреттерин, анын көркөм дүйнөсүн жалпылап караган талдоолорун салыштырмалуу кечирээк жаза баштады. Алсак, «Айтматов: кечээ жана бүгүн (кош тилдүү чыгармачылык жана көркөм ойлоо маселеси)» — деп аталган эмгегинде кыргыз адабияты үчүн гана эмес, жалпы эле мурдагы советтик адабият тарыхында феномен болгон бул кубулушту дүйнөлүк адабий процесс фонунда карайт. Айтматовдун мурдагы совет элдеринин адабиятынын өнүгүшүндө кеңири таркай баштаган кош тилдүү чыгармачылыкка берген таасирин, анын чыгармачылыгындагы дал ушул өзгөчөлүк менен байланышкан артыкчылыктарын жана айырмачылыктарын чечмелейт.
Дүйнөлүк адабий процессте кеңири таркаган тенденцияларды кош тилдүү, көп тилдүү чыгармачылык аркылуу иликтеп, адегенде кыргыз жана орус тилдеринде параллелдүү түрдө көркөм чыгармаларды жаратып жүргөн жазуучунун кийинчерээк биротоло орус тилинде гана жазып калгандыгына дагы кеңири токтолот. Жазуучунун өзү мунун себебин улуттук адабий сындын деңгээли төмөндүгүнөн улам, анын тар ой-жүгүртүүлөрү (узость мышления) дагы биротоло орус тилинде жаза баштаганга түрткү бергендиги менен түшүндүргөнүнө К.Асаналиев ынана бербейт жана бул көбүнчө «официалдуу адабий сынга» тиешелүү болсо керек деп айтат. Чынында эле, улуттук адабий сын жана улуттук адабият таануу үлгүлөрүн Кеңешбек Асаналиевдин жана Камбаралы Бобулов сыяктуу улуттук «айтматовтаанууга» бир топ олуттуу салым кошкон авторлордун чыгармачылыгы аркылуу карасак, анда алар дегеле Айтматовдун чыгармалары жөнүндөгү эң бийик деңгээлдеги иликтөөлөрду жаратышкандыгын дагы тастыктап коюу зарыл.
Асыресе, атактуу адабиятчы Георгий Гачевдин «Чингиз Айтматов и мировая литература» (1982) деп аталган глобалдуу масштабдагы адабий изилдөөсү сыяктуу бийик көркөмдүк-эстетикалык деңгээлде жазылган чыгармалар сейрек учурайт. Ошол эле учурда, Кеңешбек Асаналиевдин улуттук көркөм образдардын семантикасын ачуу методикасы менен жазылган «Шекер и Космос. (Ч.Айтматов: художественная семантика образов)». — Б., 2002; «Аил Шекер и Космос. (Ч.Айтматов: Художественная семантика образов)». Б., Инновационный центр «АРХИ», 2004, — сыяктуу эмгектери бул айтматоведдин жеке чыгармачылыгындагы гана эмес, жалпы эле улуттук адабият таануудагы эң жогорку бийиктиктер катары каралышы абзел. Анткени, Чынгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү сүрөткер катары гүлдөп-өскөн доорунда жаралган «Жаныбарым, Гүлсары!», «Ак кеме» повесттери жана «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романдары жөнүндө жазуучунун эң алгачкы чыгармачылык башаты болгон этабынан тартып, көркөм дүйнөсүн мынчалык масштабдуу, элестүү изилдеген эмгектер мурда болгон эмес эле…
Чыңгыз Айтматовдун эң соңку чыгармалары «Тавро Кассандры» жана «Когда падают горы» романдары жөнүндө да Кеңешбек Асаналиев адабий сындагы жалпы «хордон» айрымаланып, бул чыгармалардын жаңы доордо жаралганына карабастан, жазуучунун мурдагы чыгармачылыгынын табигый уландысы, эволюция контекстинде кароого умтулат.
Таанымал айтматоведдин «Безилдейт неге, чабалекейлер…» аттуу «Тоолор кулаганда» романына жана «Адабий дебюттун дүйнөлүк арымы» (мемуар китептен) аттуу Чыңгыз Айтматовдун эң алгачкы көлөмдүү повестине (бул повесттин жарыяланганына 50 жыл толгондугуна байланыштуу) арналган макалаларынын «Адабий Ала-Тоо» газетасында бир учурда басылып калышынын өзү да символикалуу көрүнүш. Анткени, логикага таянсак, атактуу математик Лобачевскийдин теориясында айтылмакчы, «параллелдер чексиздикте кесилишкен сыяктуу», убакыт чен-өлчөмүнөн «чексиздик» мейкиндигине чыгып, улуттук адабий процесс фактысы гана болуудан эбак чыгып, дүйнөлүк адабий процесстин фактыларына айланган чыгармачылыктын феномени дагы утурумдук чен-өлчөмдөргө сыйбастыгы белгилүү. Демек, өмүр бою — өз чыгармачылыгынын башталышынан тартып, эң соңку этабына чейин масштабдуу алкакты камтып келген адабиятчы да чыгармачылык изденүүлөрүн жалпылоого, мурдагы коюп келген суроолоруна тыянак чыгарууга умтулган.
Кеңешбек Асаналиевдин «айматовтаануу» жаатындагы көптөгөн эмгектеринин дагы бир уникалдуу касиети — алар мурда эле бир нече ирет иликтенген болсо да, эч качан бирин-бири кайталабайт. Улам жаңы көркөм-эстетикалык пласт-катмарларды ачып, өзү изилдөө темасы кылып алган жазуучунун чыгармаларынын мурда белгисиз болгон, айтылбаган сырларын «аңтарууга» далалат жасагандыгы менен баалуу болуп эсептелет.
Майрамкүл ТҮНКАТАР кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *