АҢГЕМЕ 

Качандыр бир Орусия, андагы ак карлуу үйөздүк шаарча, кыштын бүтүшүн тойлогон масленица майрамы жана гимназия окуучусу Саша болор эле, баланы апасынын ордун баскан сүйкүмдүү, сезимтал жеңеси Варя аны байчечекей деп атачу.
Кыш аяктап бараткан, күндөр жылуу да, нымдуу да эле. Орустар, үйөздүктөр бул талаа шаарчасында абдан көп жашачу, ушундай күндөрдө Сашага айылдан атасы келди. Ал тээ түпкүрдөгү күрткү баскан чарбасынан келип, ар дайым Елецкий короосундагы кир анан калса ыш баскан мейманканадан орун алчу. Атасы албеттүү, кызыл жүз, агарып бараткан тармал чачтуу, алдуу-күчтүү, чырымталынан келген киши.
Ал кончу узун өтүк кийип, жыргалдуу замандагы жылуу-жумшак, көңүрсүп кой менен жалбыз жыттанган чолок тончон жүрөт. Качан көрсөң шаңдуу шаардын майрамдарынан улам делөөрүп, качан көрбө кызымталдыктан көздөрү кызарып турчу.
А Саша болгону он жашта, ал чындыгында эле бул Елецкий короосунун ыплас бөлмөлөрүндө гана эмес, үйөздүк дүйнөнүн бардык жеринде байчечекейдей бажырайып турат. Ал ошондой адаттан тыш, өзгөчө бала дейсиңерби? Жок, эч кандай өзгөчө эмес: кудай ар бирибизге наристе кез, балалык, өспүрүм куракта ушундай укмуштуу, бейиштегидей жароокерлик бербейт бекен?
Анын үстүндө узун, ачык боз түстөгү ак күмүш топчулуу жаңы күрмө, калканчынын үстүндө күмүш пальма бутакчалуу жаңы баш кийим бар. Ал али да бардык жагынан ууздай жаңы наристе! Ушул күрмө, мына бул баш кийим, мобул бутакчалар — анын асман-көгүш, жайнаган көздөрүнө, таптаза назик жүзүнө, бүтүндөй туруш-турпатынын ууздай тазалыгына, наристелик жөнөкөй дем алуусуна, анын жакында эле кудай жараткан дүйнөгө карап бажырайып ачылган ишенимине толгон, көңүл коюп тиктеген көз карашына, дайым суранычтуу илептеги күнөөсүз шыңгыр үнүнө кандай жарашыктуу дейсиң!
Саша чоочун короодо, мещандык үй-бүлөдө жашайт. Бөтөн үй-бүлөдөгү кайгылуу, жалгыз, көңүлсүз, бири-бирине коёндой окшош күндөр. Качан капысынан бул кичинекей үйдүн дарбазасынын алдына жалдары үрпөйгөн эки ат чегилип, камыш толтурулган араба келип токтогону ушундай бир бакыт дейсиң! Ушул күндөн тартып Саша Елецкий мейманканасына көчөт.
Атасы эрте туруп, ансыз деле үп бөлмөнү көздү ачыштырган тамеки түтүнүнө толтурат, андан кийин далиске карап самоорду алып келгиле деп кыйкырат. А Саша канча уктаса да болорун, гимназияга баруунун кереги жоктугун сезип, жыргап уктап жатпайбы. Акыры атасы аны эркелетип ойготуп, тамашаламыш болуп үстүнөн жуурканды сыйрып ыргытат десең. Саша кургур жок дегенде бир мүнөт уктай турайын деп өтүнөт атасынан, андан соң дароо өзүнө келип, диванга олтуруп, тегерегин кубанычтуу ырай менен карап, түшүнө эмнелер киргенин божурайт. Түшүндө латынчадан экзаменди кайра тапшырганын айтат, бирок гимназияда эмес, а кайсы бир көгүчкөн баккан жайда имиш.
Жуунган соң какайып турат да, адептүүлүк менен уйкусурап бурчка карап чокунуп, жүгүнөт. Андан кийин атасына басып келип анын барскандай шадылуу колдорунан өбөт. Саша бактылуу, жаш периште сындуу мөлтүрөп таптаза. Ал ыстаканына дээрлик беш тоголок кант салып, бүтүн токочту аймап, кайрадан атасына тыпылдап басып барат:
— Рахмат, атаке!
Анын курсагы деле ток, бирок маалы келгенде: базардагы тырактирге нанүштөгө баруу үчүн атасы ичигин кийе баштайт. Кийинип болуп, экөө жылуу-жумшак, түтүнгө толгон бөлмөнү аңырайта ачык калтырып, сыртка чыгышат.
Үп бөлмөдөн чыккандан кийин сырттагы морлордон түтүн булап, ис жыттанган нымдуу кышкы аба кандай жагымдуу! Аларды алдыда эң сонун узак күн күтүп турат!
Тырактирдин “таза” тарабы экинчи кабатта. Тик карап өйдөлөп кеткен жана тапталып бүткөн тепкичтерден эле ичкеридеги адамдардын кыжы-кужу үндөрү, чай ташыгычтардын ары-бери чуркашканы угулуп, бөлмөнү коюу, ысык аба каптаганы сезилет.
Ошентип атасы шапкесин алып, кыска тонунун өңүрүн ачып, дароо эле бир нече адамга тамак буйрутма кылат. Көмөч казандагы эт кошулган солянка, каймак майга оонатылган лещ балыгы, куурулган навага балыгы, графиндеги арак, алты бөтөлкө пиво алып келүүлөрүн буюруп, үстөлгө тааныштарын чакырат. Аларың – күптүйүп тон кийинген сары чачтуу мужуктар, капкара ыраңдуу узун чапанчан букалар…
Ушул тар, анан калса коңурсук жыттанган бөлмөдө баш-аягы жок тынымсыз, түшүнүксүз талашып-тартышкан үндөрдүн, чегин билбей ичип-жеп мас болгон адамдардын арасында отуруу азаптуудай сезилет!
Айлана толгон мужуктар, жүк ташуучу арабакечтер, семиз көпөстөр жана тыртайган арык кызыл кулактар! Канчалаган тамак менен арактан, үп болгон абадан боргулданып нымшыган, кызарган жүздөр, булоолоп тердеген маңдайлар, үрпөйгөн баштар, коюу сакалдар, тондор, бүрмөлүү чапандар, кыска тондор, ичиктер, эбегейсиз өтүктөрү, кары эриген кийиз чокойлору менен отургучтардын алдын көлчүк кылгандарычы! Бардык жер тебеленген, какырык-түкүрүккө толгон, кээ бир үстөлдөгүлөр жапайы немедей сандырактап кыйкырып, ак көйнөк, ак ыштан кийген чай ташыгычтар болсо тияк-биякка колдорундагы көмөч казандары, тамактары менен чуркап, баштарын сереңдетип, эстери ооп жыгылчудай. Ушул убакта буларды башкы ашкана үстөлүнүн арт жагынан катаал жана кыраакы көздүү, узун бойлуу, арык абышка гана камырабай тыптынч карап тура берет!
Бирок да бул бактылуу күн байкалбастан бат эле бүтүп калат, балакайдын асман көгүлтүр көздөрү бакытка магдырап, бакырайып ачылат!
А дүйшөмбү күнү мунун баары дароо аягына чыгат. Шаар кадимки тынч абалына кайтып келет, атүгүл базар аянтчасы да ээнсиреп, Сашага улуу кайгы жылып келет, анткени атасы кетер маал болбодубу.
Ооба, атүгүл атасы да бул күнү ушул майрам күндөрүндөгүдөй эмес, башкача маанайда ойгонду. Ал карапайым, түйшүккө баткансып тыптынч мелтейди. Ал жолго камынып, карыздарын төлөп атты. А короодо болсо аттар арабага чегилүүдө. Акыркы, эң күйүттүү саат! Мына, азыр алардын бөлмөсүн тейлеген адам кирип келип мынтип кыйкырат:
— Аттар даяр, Николай Николаевич!
— Ошентип тулку-бою зоңкойгон, кыска тондун үстүнөн кийген аюу ичигинен улам семирип кеткенсиген, тизеден өйдө кийиз чокойлуу жана төрөпейилдүү тумак кийген атасы жумшак орундукка отурат да, минтет:
— Кел, олтуралы Сашенька, Христос жолдошуң болсун.
Бирок ошол эле замат ордунан туруп шашылыш чокунуп, аны өпкүлөп, эриндерине колун тийгизе баштайт…
А ат-көлүктөр болсо үй алдында даяр турушат. Алардын куйрук-жалы төгүлүп, кирпиктери бажырайып, муруттарында камыр тоңуп калгансып, о кудайым, алар – шаар эмес, элет жакты көзгө элестетип, жүрөккө кандай жакын, кандай сүйкүмдүү! Чолок тондун үстүнөн күрөң бүрмөлүү чапан кийген кызматкер болсо колуна узун камчысы менен тизгинди кармап, арабанын алдында отурат…
Дагы бир мүнөттөн кийин бүттү анан, бул аттар Успенский көчөсүнөн зуу коюп шаардан узап, сурданган кышкы талааларга зымырап жөнөшөт.
Кечир, кош бол, жашоодогу эң бактылуу бул жума!
— Көрүшкөнчө, Сашенька, Христос жолдошуң болсун!
1927
Которгон: Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *