Поэзия таануу

Шакебиздин жакын теңтушу акын жана жазуучу Нуралы Капаров «Шакебиз аскерден эки ооз орусча сөз үйрөнбөй келиптир» деп тамаша кылып жазганы бар. Бул, тескерисинче, Шакебиздин кыргызий бактысы. Болбосо, Шакебиз шакылдатып орус тилин билип алганда, сөзсүз түрдө орус поэзиясын окуп, которуп, А.С.Пушкин, С.Есенин, А.Ахматова сыяктуу гиганттардын таасиринен чыга албай калмак.

Шайлообек акын болсо, андай традициялуу, көнүмүш болуп калган агымга кирбей, өзүнчө, өзүнө гана тиешелүү «дүйшеевдик» агым жараткан акын. Шондуктан жаш акындар көбү ага таасирленип кетип атпайбы.

Дегеним, 1920-30-жылдардагы профессионалдык адабиятыбыздагы поэзиядагы жаңы салт (адатта бир куплети төрт саптан турган 12 муун) классикалык орус поэзиясынын таасиринен жаралганы шексиз.

Ал эми өзгөчөлөнгөн Шайлообек байкенин поэзиясы — накта улуттук фольклордон уютку алып, уңгусу кыргыздын санат-термелериндей нускалуу, уйкаштыгы жаңылмачтай тилге эп келген, табышмактай сыр каткан, жамактай шыр кеткен, жомоктой укмуштуу, дарым ырларындай үмүт, кошок ырларындай күйүт жараткан, дастандардай улуулукту, сүйүү ырларындай сулуулукту, ант ырындай курч, айтыш ырындай мурч кошулган өзүнчө бир ажайып дүйнө.

* * *

Ш.Дүйшеев — эң ириде лирик акын. …1986-жылы абитуриент кезимде адегенде эки сабактан экзаменди ийгиликтүү тапшырып, анан үчүнчү эң акыркы сынакка үч күн калганда «Нуска» китеп дүкөнүнөн акындын «Аптап» деген китебин алдым. Бир сыйра окуган соң чалгы чыңагандагы чыңоонун үнү, каңшаарды өрдөгөн шыбактын жыты, чегирткелердин сайраганы, төмөндө тушалган аттын бышкырганы, мээ кайнаткан жайдын аптабы, деги койчу биз чөп чапкан Он-Бир-Жылга чабындысынын элеси көз алдыман кетпей койду.

Соңку экзамен «Коом таануу» сабагынан болчу. Орус тилинен келегей которулуп, сүйлөм түзүлүштөрү өтө татаал. «Кой, окубасам болбойт» деп эле сүйлөмдүн башынан окуп келип, аягына жетпей маанисин унутуп калам. Анан жаттап кирдим. Анда да болбоду. Колумда — «Коом таануу», оюмда — Ш.Дүйшеевдин ырлары. «Коом таанууну» окуп мээ ооруйт, «Аптапты» окуп мээ сергийт. Ошондо чыныгы поэзия гана көңүлдү сергитип, көкүрөктү эргиткен касиетке ээ экендигине ынанбай коё албайсың.

Же жөнөкөйлөтүп түшүндүргөндө кадимки Корголдун «Ак Бакайын» же Ыбырай Тумановдун «Жыргал күн» күүсүн укканда койнуңду жылуу суу аралап кеткендей бир кытыгылаган сезим тартуулайт. Же мындан да башкача айтканда, жай чилдесинде Бишкектин пиволоруна канча ичсең да суусундугуң канбай, анан ошол эле күнү жайлоонун салкынына барып, тиш какшаткан булакка жүзүңдү чайып, бир кесе саамал кымыз ичсең суусунуң канып, көңүлүң да тоюп, бир жыргай түшөсүң го. Шайлообек акындын ырлары да ошондой, нукура, кошулмасы жок, табигый, экологиялык жактан өтө таза, туптунук поэзия. Мөлтүр кашка.

* * *

Ш.Дүйшеев — публицист акын. СССРдин Борбордук Комитети үчүн кайра куруу 1986-жылдын М.С.Горбачев баштаган апрель пленумунан кийин башталса, кыргыз улуттук аң-сезими үчүн кайра куруу процесси Ш.Дүйшеевдин «Кайдыгерлик» деген ырынан кийин гана башталды деп ойлойм. Себеби, ошондогу Кремлде кабыл алынган чечимдер, токтомдор контордон конторго чейин эле жетип, талаадагы сугатчыга, тоодогу малчыга кайдан жетсин. Ал партиялык чечимдер асфальт жол бүткөн жерде кошо бүтчү.

Ал эми Дүйшеевдин аталган ыры өтүк кийип алып сугатчыга, тон кийип алып малчыга чейин жетти. Жүрөккө жетип, көкөйгө тийди. Берч болгон сезимдерди ойготту. Уй сааган саанчы өзү сары майга жетпеген, коюнун жүнүн кырктырган койчу өзү жүндөн токулган кийимге таңсык заман эмес беле.

Ошол заманда, сенектикке сенейип катып бараткан доордо «Кайдыгерлик» ыры сезимдерди козгоп, козголушка чакырган улуу чакырык болду. Кайра куруу башталды. Ал эми аягы кандай бүтөт, азыр айтыш али эрте.

* * *

Ш.Дүйшеев — новатор акын. Эгерде бу дүйшеевдик поэзиянын тегерегинде кимде ким илимий эмгек жазууга киришкен болсо, анда акындын чыгармачылыгын шарттуу түрдө үч циклге бөлсө болот. Биринчиси — лирикалык ырлары, экинчиси — публицистикалык, үчүнчүсү — эпикалык.

Таланттуу киноактер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун 50 жылдык мааракесинде бардык аттуу-баштуу адамдар көбүртүп-жабыртып, мактап-сактап сүйлөп атышат. Кезек Түгөлбай Сыдыкбековго жеткенде: «Сүймөнкул, сенин бир гана өзгөчөлүгүң бар, атак-даңкка эрте жетип, ошону көтөрө билдиң, көпкөн жоксуң, эми дагы көппө демекмин» деп нуска сөзүн айтты.

Шайлообек Дүйшеев болсо өткөн кылымдын сексенинчи жылдарынын экинчи жарымында кыргыз поэзиясында Юрий Гагарин сыяктуу «жалт» этип пайда болду. Анан ошол бийиктен паска түшпөй, кайра улам бийиктеп, улам изденип, улам оболоп келе жатат. Же болбосо Шакебизди альпинист деп элестетсек, ал «Аптапты» жазып Кан-Теңирди багындырды, анан «Арабадагы ырды» жазып «Коммунизм» чокусун (алиге чейин кыргызчалап да койбоптурбуз), эми минтип «Манаска» киришип, эң бийик «Жеңиш» чокусуна бет алып туру. Бундай оголе бийиктикте деле Шакебиздин башы оңою менен айлана койбостур…

* * *

Ш.Дүйшеев — эпик акын. Өзгөчө «Кошой менен Жолойдун кармашын» калем сап менен жазганы. Дегеним, «Манас» эпосу эң ириде манасчыдан уга турган чыгарма. Себеби, баары тең чыдап, эпосту аягына чейин окуй бербейт. Шакебиздин «Манасын» окуганда кадимкидей айгайлаган Саякбайдын үнү угулуп, ошол доордун сүрөтү көз алдыңа элестеп, көңүлүң толкуп, Манас Руху сезилип турат. Өзү «Манас» эпосу 60 варианттан жана 10 миллион сөздөн турат. Бул түгөнгүс кенч. Башка чыгармалардан айырмаланып, «Манас» дайым кыймылда. Касиеттүү байтерек сыңары улам өрчүп, өсүп, тамыры тереңдеп отурат. Ошол себептен Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» романы, Жалил Садыковдун үчилтик («Айкөл Манас», «Манастын уулу Семетей», «Сейтек») пьесалары, эми минтип Ш.Дүйшеевдин эпикалык дастаны жаралып отурат. Ал эми Бүбүмариям эженин 10 томдук «Манасы» өзүнчө бир орошон окуя.

Мындай, касиеттүү Манас дүнүйөсүнө даап кирүү үчүн ириде эр жүрөктүүлүк керек. Экинчиден, М.Убукеев, Б.Шамшиев өңдүү кинодогу манасчылар сыяктуу Манас дүйнөсүнө кирген адам арбалып отуруп, ошондон өмүр бою чыга албай калат эмеспи. Шакебиз өтө тереңге кирип кетти. Эми анын баарын шөкөттөп, асемдеп, улуу дастандын поэтикалык «дүйшеевдик» вариантын жазып чыгууга Шакебиздин бопоросу жетээр бекен (себеби Манасты түтөп отуруп гана жазууга туура келет).

* * *

Ш.Дүйшеев — улутчул акын. «Эне тилин унуткандар», «Күт эми, Эштек байке», «Кыянаттык», «Кыргызбай менен Кыргызгүлдүн баяны», «Ысык-Көлдү сакта дейсиң», «Эсиңе кел», «Бөлүнгөндөн акыры өлөт кыргыз» аттуу ырлары улуттук сезимди козгоп, ар-намысыңа келтирип, пастыктан — бийиктикке, арамдыктан — аруулукка, маңкуртчулуктан — манасчылыкка, бөлүнүүдөн — биримдикке үндөп турат.

Шакебиздин да, кыргыз элинин да багы бар экен. Дегеним, эгерде ал бул поэзиясы менен 1937-52-жылдары элге чыкканда түздөн-түз эле атылып кетмек. Шакең улутжандуу жүрөгү менен жөн жүрө алмак эмес. Сөзсүз бирдеменин үстүнөн чыкмак. Аны көрүп кимдир бирөө органдарга тоголок арыз жазмак. Анан куйтуланганды, бирөөнө оодара салганды билбеген Шакең «Мен болчумун» деп баарын мойнуна алмак… Анан?..

Андан көрө Ала-Тоо кыргыз элинде аман жүргөнүңүз биз үчүн чоң олжо эмеспи. Шакең — улутчан, улутман жана улут жандуу. Улуп-уңшуп да, улутунуп да, удургуп да улутун ырдабаса Дүйшеев мырза мындай Шайлообектик бийиктикке чыга алмак эмес. Бир кыргызга бир Айтматов жаралган сыңары эле, поэзияда улутчул бир Дүйшеев керек болчу.

Ошол жылдары Кыргызстанга демократиянын келиши тууралуу эскерген эки-үч мемуарды окуп, негизги каармандардын арасынан «Ш.Дүйшеев» деген фамилияны кездештире албадым. Чындыгында 1988-1991-жылдары Шайлообек акын ырын окуп, Сагынбек Момбеков гитара менен ырдап, жатаканаларга эшигинен кирбей тешигинен кирип, бир тыйын гонорар албай же билет сатпай, студенттерге адабий-музыкалык кечелерди уюштурган, поэзиясы жана музыкасы менен жаштарды демократиялык жана улуттук аң-сезимге үндөгөн ушул эки эр жүрөк эрен болчу. Бири, оозунан бопоросу түшпөгөн — Ш.Дүйшеев, экинчиси — гитарасы колунан түшпөгөн С.Момбеков.

* * *

Ш.Дүйшеев — сүрөткер акын. Эми акындын бул талантын далилдеш үчүн көп сөздүн кереги жок. Алиги эле мисалды келтирейин. Биринчиси акын Дүйшөн Жапаровго арналган:

…Чылбыры жок бараткан басышынан,
Чыга калсам көчөдөн капысынан.
Калдалаңдап байкушум токтой калат
Колго көнгөн колхоздун аты сыңар.

Ырың кандай, сураймын жайың кандай,
Ыдыраган заманда шайың кандай.
Дүйшөн иним «жакшы» деп көзүн бардайт
Дүкөнү бар аялга кабылгандай.

Же болбосо акын Алик Акималиевге арнаган ырында:
…Же «карс» этип жаңгак чагаар тиши жок,
Же элчилеп акча табар иши жок.
Желип-жертип жашап жүрчү ыр жазып,
Жепирейген жер тамында киши жок.

«Барматуха» ичип алган күндөрдө,
Байрон болуп батпай турчу сүйлөмгө.
Көйнөк кийип декабрда жеңи жок,
Көнгөн, көнгөн жүгөнү жок жүргөнгө.

…Орусча айтканда, «комментарии излишни». Кимде ким Д. Жапаров менен А.Акималиевди жакын тааныса, экөөнү тең сүрөтүн санарип («цифровой») фотоаппарат менен тарткандай эле укмуш келиштиргенин жакшы түшүнөт.

…»Карагайчы кемпир» жана «Айымай-Булак» поэмалары болсо акыркы жыйырма жылдагы кыргыз поэмаларынын ичиндеги зор жаңылык деп баалайм.
* * *

Ш.Дүйшеев — журналист акын. Адатта мыкты акындар жакшы макала жаза алышпайт. Же тескерисинче, мыкты журналисттердин жүрөктө калган поэзия жаратышы өтө сейрек. Ал эми Шакебиздин макалалары тим эле ыр сыңары куюлушуп окулат. Айрыкча, «Редактор Мусаев», «Алтайдын ошол поюзу» же Сансызбай Иманалиев агайга арналган макаласы. Биз көнгөн статьянын шаблондорунан чыгып, өтө эркин, юмор менен лирика аралашып, окурманга жугумдуу келет. Бизге билгизбей псевдоним менен эле жазбаса, журналист Ш.Дүйшеевдин чалагайым макалаларын кездештирбептирмин. Поэзиясы канчалык чын жүрөктөн жазылса, макалаларында да ошондой ак ниет мамиле сезилип турат.

Кийинки учурда көркөм өнөрдө коммерциянын таасири менен айрыкча музыка жана кино жаатында жеңил-желпи продукциялар өтө көбөйүп жатканы айныксыз чындык. Бирок поэзия дүйнөсү анчалык арзандап кетти деп ойлобойм. Аз сандагы эле жаш акындар келатат, бирок баары тең сынга толумдуу. Буга да Шайлообек Дүйшеевдин түздөн-түз салымы бар. Себеби, кыргыздын поэзия асманында Ш.Дүйшеев пайда болору менен анча-мынча, келди-кетти ыр жазып жүргөндөр кескин азая түштү. Себеби, өмүрүңдү, башыңды сайып коюп акын болгонго жараша Дүйшеевден өтө турган, эч болбосо ага жете турган акын болушуң абзел. Ошентип поэзияга болгон «планканы» өтө бийик көтөрүп койду.

…Бир жылдары Франкфурт-на-Майне аэропортунда көп көгүчкөндөр пайда болуп, самолётторду такыр учурбай коёт. Техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, эч кууп кетире алышпайт. Анан бир шумкарды алып келип коё бергенде баары качып жок болот.

Шайлообек байке мага кыргыз поэзиясындагы ошол шумкарды элестетет.

Оболой бериңиз, кыргыз поэзиясынын Ак Шумкары!

Ак Шумкар болсо бийиктикти, тайманбастыкты, аруулукту гана көксөп жашайт эмеспи. Өзү үч килосалмагы бар муштумдай куш 280-300 кг келген жаныбарды тээп түшүрө алат экен.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *