АҢГЕМЕ

Жака белин жакшы эле карап, адатынча саксынып, чытырман шак өсөкөн сайдын таманы менен жүрүп отуруп, Капканын корумунун арасындагы алачыктай үңкүрүнө жаңы эле жеткен болчу. Ошондо да үңкүрдүн оозуна бир далайга көчүк басып, дүрбүсүн колуна алып, маңдай-тескейге көз чаптырып, бу чөлкөмдө жапайы жандыктан  башка адам аттуунун жоктугуна чындап ишенип, бир аз да болсо жаны жай ала түштү. Анан мылтыгын үңкүрдүн оозуна жөлөп, эңкейе жылып, анан жөрмөлөп, анан сойлоп, үңкүрдүн тээ түбүндөгү жараңкага катылган чүпүрөктү колундагы башына зым илгичи бар таягы менен у-уу бир топ убараланып атып араң тартып алды.

Акырын үңкүрдүн оозуна жылып келип, эрикпей-талыкпай орогон узун ороочун жайып,  колуна тай туяк алтынды алган кезде, үңкүрдүн ичине караңгылаша түшүп, далдайган бир караан көрүнсө болобу?! Жүрөгү кабынан чыгып кете жаздады. Оозунан келмеси ыргып, көөдөн кысылып, ичинен бери дем чыкпай, тили кокосуна тыгылгандай болуп, тай туякты кучактаган боюнча капысынан пайда болгон караандын астында нес болуп катты. “Эй, сен кимсиң?” дейин десе, тили күрмөөгө келсечи.

— Ата, сени караан тутуп, сага таянып жүрсө, сенин кылганың ушул беле?! — деди караан.

Жаземдебей тааныды үндү. Жалгыз уулу турбайбы бул, кара чечекейи Калыбек турбайбы…

— Б-б-б-балам, айланайыын… — ары жагын айта албай, үнү дирилдеп, ушул эки ооз сөз да кызыл өңгөчүнөн кыйылып, бир башкача чыйылдап чыгып, абышканын  баягы каткан денеси эми такыр эле жерди карай бошоп, өзүнөн өзү шөлбүрөп өлүп баратты.

— Балам деп койот, баладан айлангыр! Мени балам десең, өмүр бою ушинтип бар байлыгыңды менден кызганып, үйдөн үңкүргө качып жүрөт белең?! Эми мен сени аябаймын, ата! Өз убалың өзүңө! Сени азыр ушул үңкүргө алтының менен кошо көөмп туруп кетем, ата! — деди баласы.

Үнү бир башкача каардуу чыкты. Дегеле жансоога бере турган түрү жок. Жалынайын дейт, жаагы карышып, үнү чыкпайт, тизесин кучактайын дейт, денеси зыл таш менен бастыргандай козголбойт. Аңгыча баласы өзүнө карай мылтык сунуп калды эле, ошондо баятан берки ичинде буулуп турган  үн “бааа” деген бакырыкка батып, үңкүрдүн ичин жаңыртып чыгып кетпеспи…

* * *

Үй ичин жаңырта бакырган чалды сыртта от калап жүргөн кемпири укканда, колунан таштеги ыргып кетти. Эсин жыйып, этегине чалына чуркап кирсе, абышкасы өпкө-өпкөсүнө батпай демигип, сакалы ылдый тер куюлуп, көзү чанагынан чыгып кетчүдөй алаңдап калган экен. Кара кемпирдин чындап эси чыгып, абышкасын айыккыс кесел баскандай түшүнүп, жуурканын этегине жыгылып ыйлап жиберди. Ансыз да жаман түштөн алдастап калган чалдын эми чындап жүрөгү түшүп, жалгыз уулу Калыбек бирдеме болуп кеткенби деген жаман ой мээсин өрдөп кетти.

— Өй, кемпир жайчылыкпы, деги эмне болду, балаң кана?! — деди эчкирип ыйлаган кемпирин жулкулдатып. Аныс эми күчөнө өңгүрөп, колун бетине басып ыйлап берсе болобу. Абышканын ансайын айласы куруп: — Ой, деги бала аманбы, эмне болдуң, айтып ыйлачы байболгур, — деп анысына жооп ала албай, бир топко отурду.

Кыйладан кийин ыйлап болгон кемпири:

— Кудайды карабай бакырып, таң атпай жүрөгүмдү түшүрдүң, абышка. Деги эмне болгонсуң, денең тимеле күйүп чыгыптыр. Кудай өзүнө чакыргандан алыс болсоң экен, — деп сүйлөндү.

— Өхх… — Оор үшкүрүндү чал. — Жаман түш көрдүм кемпир, жанагы албарсты деген эмеси да басты окшойт. Деги табым айнып турат, оору-сыркоо жакындап калган окшобойбу… — деп күң этти…

Ооба, ошол күндөн тартып чал сыркоолоп, бир топ күн үйүнүдө үңкүйүп жатты. Көкүрөгү ачышып, карс-курс жөтөлүп, табы айнып, бирде тиши-тишине тийбей шакылдап чыйрыгып, бир туруп денеси от болуп, кийими сыгып алма болуп тердеп, алдастап көзүн караган кемпири менен уулун убайымга салды. Ал тургай демейде киришип-чыгышпаган кошуналары, туугандары да бир маал чалдын абалын сурап кирип-чыгышчу болду.

Башынан эле сөзгө чоркок, эл менен эзилип сүйлөшө албаган чалга бул көрүнүш дегеле жакпады. Алардын ал-ахыбалын сураганы ага “ии, өлгөнү жатасызбы” дегендей туюлуп, “эмне келишет, өлгөндө келип кара ашыма тойоорсуңар” деп айткысы келип, айта албай, ооз учунунан учурашкан болуп отурат. Бир чети жакпаса да ушул элдин кирип-чыгып турганы ага жакшы болду. Болбосо, үйдө ээн калды дегиче эле, баягы жаман түшү көз алдына тартылат. Айрыкча, уулу Калыбек кирип-чыккан сайын жүрөгү опкоолжуп, анын баягы үңкүрдөгү каардуу үнү кулагына кайрадан жаңырып, алдастап, уулунан көзүн ала качып, жанын койоорго жер таппайт. Ансайын уулу күйпөлөктөп, атасынын жанынан карыш чыккысы келбей, башын кармалап, бутун ушалап, желкесин укалап чебелектейт. Бирок анын атасынын айыгышына кылган аракеттери тескерисинче, атасына оор тийип, жүрөгүн мыжыгып, жандүйнөсүн тегирменге салган буудайдай майдалап жатты.

Ушунча жыл бирге түтүн булаткан, түйшүгүн бирге тартып, жанына эш тутуп келаткан чүкөдөй кара кемпири менен өз канынан жаралбаса да жүрөгү эзилип багып-чоңойткон баласынын алдына абышканын дени өлүп, уятына чыдабай, өз өмүрүн кыйгысы келип турду. “Мына сага!” деп туруп өмүр бою өзү гана билип, өңгөгө четин чыгарбаган, ушу азыр жан этин оорутуп кыйнаган сырды экөөнө төгүп алгысы келет. Далай жолу оозун таптап, баштай турган болуп обдулуп, бирок көк желкесинен бирөө тарткандай кайра тымып калат. “Эй куураган Дүйшөн, ушунча жыл өзүң азабын тарткан алтын менен эми төрүнө гөрү чукул калган кемпириң менен али жаш, ачуу-таттууну көрө элек жалгыз туягыңды кыйнайсыңбы? Кой, алтыныңды жан адамга көрсөтпө, сырыңды жайыңа жазданып жат” дегенсийт кимдир бирөө. Анан ошого макул болуп, шалдайып отуруп калат.

* * *

Ал тапта мерген Дүйшөндүн ооруп жатканы айыл аралай сөз болуп, уккандар жашы токсонго чукулдап калса да үйүндө жатпай, аска-зоону аңтар-теңтер кылган айтылуу бул мергендин өнөрү кайрадан бирине-экинчиси айтып уу-дуу. Ооба, ал союз союз болуп турган маалда эле атагы чыккан, далай КГБнын кишилери ууга ээрчитип, өнөрүнө таң берген анык мергендердин алдыңкы сабында болчу. Ал тургай эл аны “Дүйшөн оңко тургузган” деп узакка сөз кылып, айтып түгөтө алчу эмес. “Ой, ал деген бир эмес эки жолу оңко тургузуптур” дечү кай бирлери. “Оңко тургузганы” болсо, илгертеден келаткан али күнгө чейин чын-бышыгы аныкталбаган бир укмуш сүрөттөлүш эле. Тагыраагы, эгер кимде ким өмүрүндө өз колу менен тогуз жүз токсон тогуз кайберен атып, анан миңинчисин атканда, аткан кийигиби, аркар-кулжасыбы, элигиби, айтор миңинчи аң ордунда таштай катып, жыгылбай калат экен деген кеп эле. Демек, бу Дүйшөн чал ошол миңден ашык кайберенди тындым кылган мерген катары саналчу. Ооба, азыркы заманда орустун автомат мылтыгы менен аска-тоонун ичин күлдөй сапырып, кайберен тукумун жүздөп кырса турулуу иш дечи. Бирок бу Дүйшөндүн мергенчилик заманы тээ Союзда согуш жүрүп жаткан маалда Кытайдын Текес, Какшаал ооданында башталып, андан бери Ат-Башынын эле Аксай, Арпа, Шырыктысында анан бу айылга суу куйган Үч-Келтебигинде эле өттү. Чып этме, бүркүмө мылтыктар элдин колуна тие электе эле Дүйшөн түтөтмө кара мылтык менен бала күнүнөн кайберен тукумуна өч чыгып, далай мүйүзү кучак кулжаларды жер жыттатып, кара сур тоо текелерин аскадан ала салдырган. Ал кезде Текесте, Какшаалдын кар жатпаган кара тоолору аркар-кулжанын мекени боло турган. Кокту сайында жүздөп жайылып, чубап сууга түшкөн аркар-кулжа, эчки-текеси аралашкан, короологон үйүрлөрдү эртең менен кечинде үркүтүп, эки маал атып түшүүчү. Кийин союздун айкөл кол башчыларынын амири менен ата-турагына оогондо Дүйшөн өз ырыскысын дале тоо арасынан таап, аң уулап жүрдү. Союздун ак коюн багып, тоо арасында болгон соң, мергенчилик көндүм иш эмеспи.

Бирок Дүйшөндүн бир жаман адаты — ал башкаларга окшоп, аң уулоого көпчүлүк менен чыгууга таптакыр көңүлү чапчу эмес. Айла барбы, канатташ отурган койчулар, жай бою жамбаштап үйдүн капшытында жатчу КГБнын кишилери бас-баска салганда барбай койо алмакпы. Андайда барып, көңүлү келсе үч-төрттү, келбесе бир-экини жыгып, өзүнүн мылтык көзүн мыкты билген мерген экенин далилдеп койчу. Мактоо укчу, даңаза болчу.

Анткен менен анын жалгыздап тоо аралаганы, башкалардан корунуп кийикке чыгаары,  жалгыз чыкканда кара башына эки-үч кийикти сулатып, аларды музга тыгып таштап, кийин керек болгондо сууруп чыгып, союп кетээри көпчүлүккө билинип калды. Ал тургай кээси “бу, шумдугуң курган Дүйшөн чал, эл менен чыкса атайын атпай койот экен” десе, дагы бири “кызылга кызганчаак тура, мурунку күнү Ак-Ташка ууга чыгаарыбызды айтып койсок, ошо түнү барып, кийикти үркүтүп ийиптир” деп сөз кылчу. Айтор, кандай сөз ээрчибесин, кимдер эмне дебесин, Дүйшөн жалгыздап тоо аралаганын, жайлоо-кыштоого чыкканда да жалгыз үй болуп, элден окчундап конгонун койгон жок. Эл менен деле бир эжигейдей эзилип катташпады, жоро-жолдош күтүп достошкон жок. Жашыраак кезинде кемпири далай көз жашылап, кээде кыялын көрсөтүп чыртылдап, “ботом, эл эмне дейт, уурудай болбой элге жакын консок, чай ичишсек болот беле?! Же айтчы, жашырган бирдемебиз барбы?! Ушунуңду койсоң боло?!” деп наалып жүрдү. Бирок койдура алган жок. Дүйшөндүн элден качкан, элден корунган эмне сыры бар экенин не эл, не койнунда жаткан кемпири да өмүрү билбеген бойдон калды. Союз таркап, эл эркин жашоого өткөнү, ак койсуз калган Дүйшөн чал энчисине тийген эки теше жерди деле эл катары жазда сугарып, күздө оруп жыйбай, эс тартып калган баласы Калыбекке таштап, өзү мылтыгын асынып, азыгын куруна байланып, жөө-жалаңдап тоо арасында жүрдү. Адатынча эле жалгыз басып, жалгыз атып, жалгыз өз бүлөөсүнө гана олжосун алып келип, токсонго чыкканча тоо аралаганын токтоткон жок…

* * *

Капканын төрүндөгү Муздуу делчү түбөлүк мөңгү-муз жаткан төр башындагы жараңка-жараңка болгон күбүрдүн башында Дүйшөн чал күрс-күрс жөтөлүп, күйүгүп отурду. Бул анын баягы жаман түш көрүп, ооруп калгандан берки биринчи тоого чыгышы эле. Ошол капилет келген коркунучтуу түш, аны менен кошо келген алдастаткан оору мергендин шайын бир топ эле оодарып салыптыр. Бу түбөлүк муздун күбүрүнө өлгөн-талганда араң, түш оой жетип отурат. Далай жолу көңүлү айнып, окшуп, ошол жерден эле артка кайта турган болуп, бирок белиндеги бир бөлтөк нерсе үчүн тиштенип отуруп жеткен. Баятан бери күбүрдүн чекесине тонун ички бетинен жаап, ойлонуп отурат. Улам тиги муз күбүрүн, түбү көрүнбөгөн караңгы кургуй жакты карап койот. Асман аңкайып ачык, табы болбосо да тиги Ор-Казгандын кырынан кыңа чыккан Күн жарыктык Дүйшөндү жылыткысы келгендей маңдайда жаркырап туру. Ээн төр. Жалгыз Дүйшөн жана анын жан адамга айтпаган жан сыры. Санаасы санга бөлүнүп, көз алдына тээ бир өмүрү үзүк-үзүк болуп тартылып өтүп жатты…

Оо, анда Дүйшөн өз курагынан эрте жетилип, кара күчү, алаңгазардай алп мүчөсү менен Текестеги бозгун кыргыздардын арасында аттын кашкасындай бөлүнүп турган кези. Жергиликтүү чоң багыштардын оокаттуу байына малайлык кылып, карыган эне-атасы менен чиедей жаш бөбөктөрүн багып жүрчү. Күндөрдүн биринде аны чоңбагыштар ууга ат жетелегенге ээрчите чыгып, капысынан эле колуна кокусунан мылтык карматып, тээ кырды карай чубап бараткан топ аркарды алдынан чыгып айдактоого жумшап калышты. Каруу-күчү бой тиреп турган Дүйшөн лып этип ордунан атып, жапсар ылдый жүгүрүп, кайра сай өйдө коктунун төрүнө жетип, андан тараш-тараш зоокаларды аралай баягы аркарлардын алдынан өңүп чыга калды. Атасынын үйрөткөнү бар эле, кара мылтыктын көчүгүнө от коюп, кырка тизилип, өөндөгү кишилерди таңыркай караган аркарлардын арасындагы эң чоңун мээлеп, от дарыга жеткен маалда машааны басып калды. “Даң” эткен үнгө улай баягы аркар өөндү карай кулап, калганы тосотто турган чоң багыштарды карай жабылып, алардын бирөө да эшик-төрдөй чыккан аркарларды аталбай, айтор, ошол күндөн тарта Дүйшөн мерген аталып, эки-күндүн биринде ууга чыгарышып, олжодон кеңири шыралга бөлүшүп, тез эле жашоосу жакшыра түшкөн.

Ошондой күндөрдүн биринде тоо аралап жүрүп, анда-санда чоң багыштарга соода-сатык жасап калчу өңү тааныш уйгурду көрүп калды. Акмалай карап отурса, уйгур суу жээктей келип, бир чоң таштын түбүнө житип жок болду. “Эмне болуп кетти, сыйкыры барбы” деген Дүйшөн шегин чыгарбай аңдыса, баягы эки үйдү бириктиргендей кошулган таштын ортосундагы жаракаганы кум-шагыл менен көөпм жаткан экен. Демин ичине катып, карап отуруп, тээ кечке маал уйгур төмөнгө түшүп кеткенде баягы жерге жетип барды. Жараңканы кырдуу таш менен шилеп, үстүндөгү ширендини алды эле, алдынан чүпүрөк түйүнчөк колуна урунду. Жулуп алып, арыдан бери ача салса, Кудай бетин салбасын! Жаркыраган эле сары темир! “Алтын!” деп бакырып барып, чочуп токтоду. Чын эле тай туягынын кебине куюлган чылгый алтын экен. Салмагы атасынын айбалтасынан үч келет. Алтын оор болот деп угуп калчу, чоң багыштардан…

Ал ал болду. Ошол күндүн эртеси эле ансыз да дүргүп турган Дүйшөндүн туугандары Кытайдан союзга, Кыргызттанга карай түндөп жол тартмак болушту. Бирок Дүйшөн аларга баягы таап алган алтын тууралуу ооз ачкан жок. Атасы арнап мингизген Жээрде-Кашка менен  чу коюп, өзөнгө түшүп, баягы тай туякты колтугуна бекем салып кайра чыкты. Жолдо келатканда чегарадан катуу текшерүү болорун угуп, баягы  тайтуяктын санаасын тартты. Бирок бу алтын деген адамды не бир акылдуу, амалкөйгө айландырып салат тура. Жолдогу өргүүдө кийик уулаганы чыккан болуп, өзү токунуп келаткан кайыш каптама ээрдин үстүңкү кайышын шыпырып жиберип, ээрдин кашынын алдын баягы тай туяк баткандай оюп, тай туякты ошол коңулга батырып, үстүн кайыш менен жылмалап каптап салды. Муну жан киши байкоос алган жок. Чындап эле союз менен Кытайдын чегине жеткенде буларды тосуп алган советтик чегарачылар катуу текшерүүгө алды. Ат-ылоодогу жүктөрдү бирден чачып текшергендери аз келгенсип, эркек-аял дебей чечинтип, кийинтип, баш-аягы жок суроолорду узатып, үч күндөн соң, а дегенде Көлдүн Көтмалдысына, андан кийин Кочкордун Төлөгүнө жашатып, эки-үч жыл дегенде араң атасынын туугандары турган Атбашыга жетип, турукташып калышты.

Бирок жаңы жашоо, КГБнын тынымсыз текшерүүгө алуусу, бу туугандарды “кытайлар” деп кодулап, теңине албаган мамилеси бир тең да, баягы кайыш ээрдин кашынын алдындагы тайтуяктын санаасы бир тең болду. Ата-энеси тууган жерге жеттик деп сүйүнүп жаткан маалда жыйырмага эми жаңы чыгып, бой тиреген кер мурут Дүйшөн өңдөн азып, ой басып, мурдагыдай кара күчүнө таянган эрдемсинүүсү артка кайта берди. Муну атасы байкаган, бирок ал Текесте калган Чоңбагыштын Эркегүл кызына жоруп, “каап, баламан бир ооз сурап койбой, бу оңбогурум ошону жактырып калып, кусаланып жүрөбү” деп жөн болгон. Ата байкуш, уулу өмүр бою өзүн жей турган “алтын” деген ооруга чалдыкканын, аны ошол алтындан башка эч ким дарылай албасын кайдан билсин…

Ооба, чындап эле Дүйшөндү баягы тайтуяк кыйын кыстоого алып, ал басса-турса “алтынымды бирөө билип калсачы?!” деген шектенүү менен өмүр өткөрө турган болду. Ат талаа-түстө калат, ээрди да ар ким токуна койот, непаадам, бирөө жарым алтынды байкап калса, эмне болот? Муну ойлогон Дүйшөн а деп Атбашыга келген жылы эле тоо аралай бастырып, аңчылык кылганча жер уусун чалып, күндүз болжоп койгон жерине түн ката ээрдин алдындагы тай туякты калтырып кайтып барган. Мына, ошол күндөн тарта ал тоону жалгыз аралап, жайы-кышы дебей баягы алтындын азабын тартып, алда кимден шекшинип, улам-улам жер которо жашырып жүрүп бир өмүрүн өткөрдү. Кейиштүүсү — ал ата-энесинен да, каалап алган жарынан да баягы тай туяк алтынды жакын көрүп, эси-дартынан ошол чыкпай, ошону менен гана тагдырын айрылгыс кылып байлап салды. Кол-жолу бошору менен баягы алтынына келип, ээн жерге отуруп алып аны кармалап, аягынан бир карап, башынан бир карап, аны менен сырдашып, оорукчанга айланды. Андан башка не кылмак? “Менин тайтуяк алтыным бар” деп кимге мактанат? Антсе эле КГБ деген жаналчудай жандимилер муну өмүр бою түрмөгө кесип же атууга жибербейби. “Союздун адамы эч качан байлыкты алдыга койбошу керек, эл теңдикте турмуш кечирсин” деген ураан жаңырып турган ченде, мындай алтыны барларга бу чөлкөмдө жашоо барбы?! Болбоду дегенде “мамлекеттик чегарадан уруксатсыз жашыруун алтын алып өткөнү үчүн” деп деле атып салышар. Мунун шегин билинди дегиче, кошуна койчубу, үйүндө жардамчы койчу болуп жүргөн кара чечекей иниси деле алтын үчүн башка чаап өлтүрүп, өлүгүн ташка корумдап салышы мүмкүн.

Ошентип, өмүр бою алтындын арылбаган азабында жашады. Киши мене киши болуп катышпаганы, жалгыздап көчүп-конгону, жалгыздап аң уулаганы да ошондон болду. Ал алтынды кой, ошо тайтуягындай алтын жаткан коктуну да башкалардан коруп, кызганып, “кокус, бирөө жарым, мен баа уйгурду капыстан көрүп калгандай көрүп калсачы?!” деген коркунуч менен жашап өттү. Кудай Таала деле адамдын пейил-куйуна жараша ырыскы берет тура. Дүйшөндүн аялы өмүр бою согончогун канатып, бала төрөгөн жок. Туугандарынын кыстоосу менен жакын бирөөнүн кызыл эт баласын асырап чоңойтту. Алтын курусун, жада калса ошол жалгыз баласына да мылтык көзүн таанытып, тоонун сырын үйрөтүп, мергенчиликке алып чыкпады. Анткени, ал тоо аралаганда эле баягы алтынын акмалачу, кокус, ээнчилик боло калса каткан жеринен алып чыгып, күндүзү күнгө, түндөсү айга жарк эттире чагылыштырып, ошондон ырахат алып, ошондон канагат алып, кайра каттап ороп, катчу жерине катып кете турган. Анан кантип баласын мындайга ээрчитип алмак эле. Бала неме эртең эле “атамдын алтыны бар” деп айтып ийбейби! Анда эле күн бүтпөйбү!

* * *

Ошентип, өмүр бою бир тайтуяк алтындын азабын тарткан мерген бүгүн өзүн жүктөн бошотуп, ушунча жыл кыйнаган Кудайдын алдына өзү бара турган чечимге келип күбүрдүн башында турду. Жылаңбаштанып, кочушуна тайтуякты кармаган бойдон кыл чокуну тиктеп, кудум ошол чокунун башында Кудай тургансып, күңгүрөнүп алды.

— Оо, жараткан. Мага токсон жыл ашык жаш бергениң кайсы дагы, ошонун жетимиш жылын мобу кочушка толбогон тайтуяк алтындын алдына басып бергениң кайсы?! Ушунуң калыстыкпы? Ушул алтындан көрө мени ачка койсоң да өз күнүмдө өзүм көрүп, кайда болбосун кара башым менен карын-курсагымдын дартын ойлоп, элчилеп күн өткөрөт элем го?! Кайсы жазыгым үчүн менин башыма ушул алтынды байлап берип, өмүр бою эздиң? Ушул үчүн элден чыгып, ушул үчүн өмүр бою жалгыздап жүрүп, мына сенин алдыңа кеткени баратам… Жада калса этегин ачып алган аялым менен да адам катары жакшы жашай албай, өмүр бою ага сырымды ачпай, душманымдай шек санап жүрдүм… Мындай ит жашоонун кимге кереги бар эле? Атурсун, сен бербесең да эл берген жалгыз балама жан сырымды ача албай, билгенимди бералбай, жасаганымды үйрөтө албай, ата парзыман, карызыман кутулбай, чоочунсутуп келатам. Деги, пендеңе мындай жашоону кантип ыраа көрдүң? Болуптур, бул менин башым менен кошо жатсын! Мен өзүм аз келгенсип, уулумду да алтындын азабын тарттыргым келген жок. Сени ошону кааладың беле? Анда мен сени жеңдим! Эми бул алтын эч кимге азап алып келе албайт. Сен жеңилдиң, Жараткан! Эрегишкеним үчүн кечир мени! — деди абышканын үнү дирилдеп.

Мууну калчылдап, бошой түштү. Бирок чымырканып, акыркы күчүн жыйып, кочушундагы алтынды кургуйга салып жиберди. Бирок өз боюн кармай албай… Кургуйдун оозуна сүрдүгүп барып, музга жабышып калган тондун этегин бурдай токтоп калды. Кургуйдан бычактын мизи ташка тийгендей чыңк-чуңк деген үн чыгып, күүлдөп-чуулдап барып жок болду. Кулак жарган тымтырстык…  Алтындын жаны тынды. Абышканын да жаны тынды…

One Reply to “Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ: Алтын жана аңчы”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *