«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата

Абдыкерим МУРАТОВ

Улуулар биз да баруучу курактагылар. Кудай ошолордун жашына жеткирсин дейбиз. Илгери өзүбүздөн бир жаш улуу болсо да «ага», «ака», «аба», «эже» дечүбүз. Азыр ошол салт калып баратат. Кыргызда улуунун улуудай жолу болот, улуудай сыйы болот. «Хадистерде» жашы улуураактарды өздөрүңөргө баш кылгыла, кайсыл топто жашы улуу киши баш болсо, ал ата ордуна өтөрү айтылат. Демек, улуу кишинин аталык да, энелик да жагдайы, жооптуулугу, урматы болорун эстен чыгарбашыбыз ылаазым.
Улуу адам келсе, аны өзүңдөй өйдө өткөрүүгө, аны тамак менен да, сөз менен да, урмат менен да сыйлоого тийишпиз. Силерден да улуу биртуугандарыңар, туугандарыңар болсо алардан тез-тез кабар алып барып тургула, куру барбай колдон келген бир назы-немат же белек ала барсаң андан бетер тигилердин көңүлүн аласың.
Улуу адамдын астында сөз талашпагыла, булкунуп-жулкунбагыла, анын сөздөрүн, насаатын уккула. Улуулар – силерге караганда бул дүйнөгө меймандар. Алар үйгө келсе, жол бошоткула, колуна суу куйгула, тосуп алгыла, атын байлагыла, чыгып кетип атса, ордуңдардан туруп узаткыла, атына мингизгиле, үйдөн чыгаргыла, бут жана сырт кийимдерин кийүүгө жардам бергиле.
Жашы улуу адамдын астында бутуңарды узатып отурбагыла, эгер отурган жерден силерден улуу адамдар сыртка чыгып келерин билсеңер, ордуңардан туруп чыгарып жибергиле, эгер тигил киши отура бер дебесе, кошо чыгып келгиле, улуулар алдында жамбаштап жатпагыла, буттарыңды сунуп отурба, алардан мурда тамакка кол узатпай жүргүлө, тамак келгенде ордуңардан лып тура калып чыны-табактарды улуу адамдарга алып бергиле, эсинеп (эстеп), уйкусурап отурууга болбойт.
Улуулардан кеңешин уккула, атайын үйүңө чакырып тургула, чоң иш баштардын алдында улуулардын батасын алгыла, улууларга тил кайтарбагыла, аларга тик карабагыла, акарат кылбагыла.
Тентектик кылгандар көбөйгөн, же айып кылгандары кармалган айылга башка жактан келгендер «эмне силерде улуулар жокпу» дейт, же «булар улуусун укпаган эл экен» дешет. Бул ошол айыл үчүн, ошол уруу үчүн жеткен уят иш.
Эки адам урушса, улууларга барат. Улуулар эмне десе, кичүүлөр аларды угууга, айткандарын аткарууга милдеттүү.
Балдар, жаштар өздөрүнүн жашы улууларды эмне үчүн урматташты жана кандай кылып урматтоону билиши керек. Өздөрү да ошолордой жашка барат, ошондо аларды да кимдир бирөөлөр сыйлашын элестетет.
Улуу муун силер деп кан төккөн, кыйналган, кысталган, эчен кыйынчылык көргөн, уйкусуз түндөрдү баштан кечирген, мамлекет курган. Ошон үчүн алардын бели эңкейип, чачтары түшүп же кара чачтарын ак аралап, көзүнөн кубат кеткен. Алардын ошол абалын сыйлоо, түшүнүү керек. Айрым жаштар көзү жакшы көрбөгөн энени шылдыңдап койсо, бул бүт карыларды шылдыңдагыны.
Кары кишилердин көбү таарынчаак, бала пейил болуп калат, аны түшүнүү керек, алар силерди ар дайым кечире билет, силерди жакшы болсун дейт, силер ошону түшүнүшүңөр керек.
Кары адамдарга жакын болуп, алардын сөзүн укканың — өзүңдү ар тараптан байытканың, «Карынын сөзүн капка сал» дейт, «Кары билгенди – пери билбейт» дейт, «Карынын сөзү – акылдын көзү» дейт. Андан башка да «Карынын сөзү – канык, көрсөткөн сөзү – жарык», «Карынын сөзү – жамак, жамагы – жашоого сабак», «Карынын сөзү кеп болот, калайыкка эп болот» деген сыяктуу накылдар айтылып келет.
Азыр бир топ балдар, өзгөчө кыздар ата-энесинин каражаты жетпеген нерселерди эле аларды кыйнап сатып бер дей беришет, эгер алар сатып бербесе, улуу бир туугандарына кайрылат. Же болбосо ар кимисинен акча алып, биринен алганын экинчисине айтпай тайраңдап көчө таптап калат. Мында улуулардан да күнөөсү бар, алар тигил кыздар-балдарды кимден, кантип, канчадан акча алып жатат, ошонун баарын билип турушу керек эле да.
Улуулар биз көрбөгөн нерсени көрөт, биз билбегенди билет, ошону биз туябызбы?
Кээде улуулардын, өзгөчө ата-энебиздин көзүнчө кичүү бир туугандарыбызды бир чаап ийебиз, урушабыз, жемелейбиз же эзилип эркелетебиз, бул да адептүүлүк эмес. Мунун баарын өз убактысы, жекече тарбиялоо маалы болорун эстеп жүргөн оң.
«Улууга – урмат, кичүүгө – ызаат» деген макал айтылат. Улуулар сыяктуу эле кичүүлөргө да өзгөчө мамиле керек.
Кичүүлөр силерди улуулантып, кеңеш берет же бир маселеңди чечет деп келет, андайда силер анын үстүнөн шылдыңдап күлбөгүлө же ашкере катуу айтып урушпагыла, акыл парасат менен пикир-оюңарды, кеңешиңерди айткыла, колуңардан келсе, материалдык, болбосо, моралдык жардам бергиле.
Улуу адамдар кичүүлөрдүн ким экендигин жакшы билет, аларды таразалап турат. Чыныке Төлөбай уулу деген бий өткөн. Ал Суусамырда жайлоодо жай отургунда бир казак төрө сурайт экен: «Аксакал канча уулуңуз бар» деп. Антсе бий «Бир жарым» деп коюптур. Көрсө, ал кишинин төрт уулу бар экен, ошолордун ичинен бирөө гана эл камын көргөн, элге да, ата-энеге да жаккан эр экен, калган үчөө өзү менен өзү жүргөн бир жандар тура. Ошол үчөөнү жарым балага санап жатыптыр Чыныке бий.
Кичүүлөр сенин деңизиңе суусун куюп жаткан дарыя-куйма, силер ошолор менен улуусуңар, барктуусуңар. Ар кандай иштериңерде улууларга таянгандай эле кичүүлөргө да таянгыла. Силердин алдыңарда кичүүлөр алсыз жана коргоого муктаж экендигин сезип жүргүлө. Үй-бүлөдө улуулар кандай жол тутса, кичүүлөр алардын артынан ээрчийт, ошон үчүн «улуу көч кайда кетсе, кичүү көч ошол жакка кетет» деп коюшат. Кайсыл урууда, айылда улуулар өрнөк болсо, ошол айылдын кичүүлөрдү аларды тарткан. Мисалы, Ысык-Көлдүн Бозтери, Тору-Айгыр деген айылдардан улуу муун билимдүү, окумал чыгып, кийин аларды кичүүлөр тартып, мына ушул эки айылдан илимдин ондон ашык докторлору, а түгүл академиктер чыккан. Биздин Ноокат районунда да Көк-Бел жана Кыргыз-Ата айылдарында улуу муун көп окуп, окумуштуу болгон экен, алар улам кийинкилерге жөлөк-таяк, сүрөмөл болуп отуруп, бул жагынан райондо гана эмес, облуста да алдыга кеткенин өзүбүз көрүп турабыз.
Демек, улуу-кичүү мамилеси элди эл, улутту улут кылып сактап келген улуу жүк, улуу уңгу.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *