Бийи бир, баатыры миң эл – озот,
Баатыры бир, бийи миң эл – тозот.
Элден

Ак таңдай акын, сулуу кыз,
Алгыр тайган, кыраан куш – элдики.
Элден

 Ардактуу окурманым!

Балким, биз кыжаалаттуу темага келдик. Буга дейре учугу чыгып кеткен бир кепти эми кеңите айтуунун келди кези. Сөз, «өзүн өзү башкаруу», жаки, «өзүуюшуу», т.а. анын уруучул өңүтү тууралуу. Бул – азыркы учурдагы эң бир талаштуу, кычыткылуу маселенин бири, атургай, анабашына айланып баратат. Себеби, бир жагынан карасаң, көчө бурч сайын көрнөктөрдө жазылгандай (а демек, бул, мамлекеттик саясаттын маанилүү бир таламына айланган) «урууну ойлобой, улутту ойлош керек!», «коктуну ойлобой коомду ойлош керек!»

Кыргыз коомчулугунун, айрыкча, интеллигенция бөлүгүнүн басым бөлүгү азыр ушундайча ойлонот. Бирок экинчи жагынан, ага эгей, ата тегин тактап, уруусун  сүрүштүрүп, саман-топону аралаш чыгып жаткан, уруу эмес, урук санжыраларына чейинки китептерди кубалап окуган катмардын да саны арбып барат. Бул катмардын ичинде айрыкча жаштар көбөйүүдө. Буларды да түшүнсө болот,  кыргыздын, жалпы эле көчмөн дүйнөнүн тарыхы, аны түзгөн уруулардын  айрым-айрым тарыхысыз даана чечилбейт.

Анан да санжыра деген, бул, саймедиреп түзүлгөн ата санак эле эмес, ал – санжаптуу тутум! Мында, санжырада – түркүн катыш, мисалы, топтук (ага-тууган, куда-сөөк, жек-жаат…); кишилик мамиле (тайаке-жээн, жезде-балдыз, карын бөлө, бөлө…); өнөгө өнөр (саяпкерлик, мүнүшөрлүк, дарымчылык…); карк каада-салт, карт тырыхтын сөз түйүнгө катылган кабарларын айтпаганда – элдик жашоо мүнөз эби менен түгөл камтылган. Кыскасы, санжыра, бул – элтааным мөлл уюган элдик оозеки энциклопедия болгон десек жарашат. Эл өзүнүн элдигин таанып, уңгусуна умтулган (самоидентификация) бу заманда жаш кары дебей санжырага өнтөлөп ыкканынын себеби ушуяктадыр.

«Сөзгө түйүлгөн тарых» демекчи, улут тарыхын уруу тарыхы аркылуу таануу соңку жылдары айрыкча активдешти. Бирок, бул азыр жалпы кыргыздык бийигин чапчый албай өксүп туру; чапчыганды кой, көп учурда айрым уруулук эгоизмден артылып чыга албай, көп мүчүп туру. Андай болсо, уруулук таанымы азыр Адигине, Тагайдан аркы  замандарга улам аркырап, тереңдеп бараткан көпчүлүк кыргыз урууларынын бу умтулушу – ар жагы кайда алпарат?

«Учаардан мурда коноор жериңи бил» деген. Билбесе, кайда конот? Калдактап учуп алган сапары кай куйукка камайт, же, не бийикке калкытып кетип, каңгытып тынат. Демек, бул жакта – маселе бар, ырас, болгону соң, ага анда жооп берүү да керек. Керек болсо, мамлекеттик идеология деңгээлинде – бардык кыргыз урууларынын башына «жалпы кыргыз санжыралык» калпак кийгизип! Анткени, «тарых» деген таптаза эле кыздай «күнөөсүз» тарыхтан түзүлбөйт, түзүлгөн эмес, түзүлбөйт дагы; ал дайыма белгилүү идеологиялуу.

Бул – маселенин бир жагы. Экинчи жагы – биз азыр эркин демократиялуу, укукчул мамлекет болуп алып (көбүнесе, батыш режим талабындагы), мейли, «адам», мейли, «дин», мейли, «сөз», мейли, «нике», мейли, «партия» эркиндиктерине кокодон марып турган тушубуз. Андай болсо, мындай «анархиянын босогосу алды» шартта эмне үчүн коомдун бир бөлүгүнө «эркин уруучул» тойпоңдоп койбоско! Кыргыз деле акыры, бир, нак кыргызча демократияланып алсын да – «кыргыз» укугун («АДАМ» эмес!) расса бир пайдаланып!

Тамаша – тамаша менен. А чынында, «уруучул жолдо – Улутумду көтөрөм, манастэк кыргызымды сактап калам!» дегендердики да өзүнчө эп. Ушундай бек, таза ишенимге ээлер азыр өзүнчө жыйналышып, алигидей өзыктыярлуу уруучул коомдорун түзүп алышкан: «уруум – могол, улутум – кыргыз, урааным – Манас!»

Бул агымга кошулбагандар колу-жолу бош, өз ишенимине бек, «граждандык коомдун» бир бөлүгүн түзүп, өз иши менен алек, жүрүшөт. Бирок, тагдырдын (т.а. кыргыздын!) тамашасы – так ушул «өз ишенимине бек» деген бейуруу граждандык коомдун дал ушу бөлүгү иш жүзүндө «бек» болбой, бир бөлүгү – «бузуку динчил», бир бөлүгү – «садака НПОчул», бир бөлүгү – «ээнооз сөз эркинчил», бир бөлүгү – «жердешчил партиячыл» болушуп, же аларды сокур ээрчишип, БИР Кыргыз Элин-Мамлекетин не бир илмекайып жолдордо «эркин, демократиялуу, укукчул» пытыратып, иритип жатышкан жат күчтөрдүн колунда жепен куурчак болуп калышкандыктары да ырас.

Жөн эле жепен куурчакталбай, мунун активдүү бөлүгү, экинчи мизинде саткынчылчык-кынчыл куралга айланып (хиджабчан, сакалчан террорчулар, кылмышкер азимжандарды коргоо-чулар, аты жылма «адвокат-клиникачылдар» ж.б.), өз элине каршы шилтенип турушкандыктары – бул дагы бүгүнку күндүн бир ачуу чындыгы, кашкайган факт!

Ушундай элди ичтен ириткич «укукчулдук»; араби-рухий бөлүп-жаргыч фанатизм; саясы клан-партиячылдык болуп көрбөгөндөй дооранын сүрүп турган тушта акын Надырбек Алымбековдун бир төрт сап ыры чыныгы элдик ынтымактын бир учу кайда кылайып (корунуп, уялып!), жашынып жаткандыгын көз алдыга кандай гана дааналап тартып берет-ов!

Партиялар бийлик үчүн түзүлөт,
Байыган соң элден колу үзүлөт.
Уруу деген түбөлүктүү партия,
Уставы жок бирин-бири түшүнөт.

Арийне, бул жакта баары эле сыдыргыга салгандай түз, жол шыдыр деп да эч айтууга болбойт. «Коктунун» да кокуйкүн өз «ыз-бызы» бар. Бирок, коомдун бир бөлүгүн (кыргызчыл-улутман!) өз бооруна басып жаткан, алгы кезеңдери улам аргый берээри күтүлгөн (жаш муунду күтүрөтүп боюна алып!) бул улуттук өзүн таануу, өзүн сактоо («инстинкт самосохранения!»), өзүуйушуу (анти анархизм!) кыймылы-тенденциясы да (Эл – Сел!) акыры бир илимий-футурий анализге алына, аны жаратман нукка салып кетүүнүн коомдук-мамлекеттик жолу изделмеги ийги. Авторду акыркы жылдары ойго салып, толгонтуп келаткан бир маселе ушул.

Эмесе, азиз окурман, ага алпарар КЫРГЫЗЖОЛ тууралуу автордун көп жылдардан берки ой толгоолору, назарыңызда. Материалдардын тарыхый мүнөзүн сактоо максатында аларды жаңыртпайбыз. Кас калыбында сунабыз.

Азыр кыргыз коомчулугунда кызуу талаш-тартышка жем таштап жандуу талкууга алынган маселелердин бири, дал ушул салттуу жол – уруучулдук. Муну жандалбастап жактагандан баштап, тумтак жеригенге чейин жеткен түрдүү көз караш жашап жатат азыр. Негизинен үч түрлүү мамилени белгилесе болот.

Биринчи. Активдүү колдогон катмар. Бул топтогулардын көз карашынча уруучулдук кыргыз элин кылымдар бою эл катары сакталып келишинде эң башкы ролду ойноп келген коомдук түзүлүш. Бүгүнкү чар учкандай кысталаң заманда, дүйнөлүк ирилешүү (глобалдашуу) аз улуттарды иритип жутуп, жок кылып бараткан капсалаңда, улут тарыкпай ушул жолдо гана кайра биригүү аркылуу өзүн сактайт. Элдик байлыгын – экономикасын, маданиятын, кайталангыс кыргыздык руханын заманга бап сактап да, төп да өнүктүрүп кете алмак.

Бул багыттагы иш акыркы бир жыл ичинде айрыкча жанданып, демилгечил топ өтө көп иш бүтүрүп – үлгүрдү. Атаганда, Оң, Сол Канат, Ичкилик тобуна кирген уруулардын дээрлик көпчүлүгүнүн уруу курултайлары өткөрүлдү. Ал – Канаттарда жыйнала алдыда эми Кош Канат жана Ичкиликтин башын кошкон жалпы элдик Курултайды беттеп барат…

Экинчи. Ортоңку катмар. Бул топтогулар кыргыздын тарыхында, элдин эл катары сакталышында уруучулуктун ойногон зор ролун танышпайт. Уруучулдукка кайрылуу, анын тарыхый, маданий, руханий аспектилерин изилдеп окуп үйрөнүү – эл катары өзүбүздүн тек башатыбызды терең-тереңдерден таануга ыңгай ачат. Бүгүнкү рынок кыскан заманда жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди жеринде чечип, тууганчыл алакада сакталып жашай да берет деп эсептейт.

Алтургай уруучулдуктун бүгүнкү күндө да айрым маданий өңүттөгү орчун маселелерди (м: тарыхый инсандардын мааракелерин өткөрүү, китеп чыгаруу, ж.б.) чечүүдө мамлекеттик органдарга активдүү колкабыш кыла алар мүмкүнчүлүгүн да танышпайт. Бирок кантсе да, аны тарыхый өткөн чак санайт. Кыргыздардын акыркы кылым ичинде текши отурукташып, уруулар аралашып, жаңы социалдык шарт келип чыккандыгына байланыштуу аны мамлекеттик деңгээлде жандандыруу мүмкүн эмес дейт.

Ал эмес ага кайрылуу, алтургай мындай аракет элди кайра артка тартат, жалпы улуттук-бир кыргыздык деңгээлин карай түйшөлүп өнүгүп бараткан калкты, ал тескерисинче, ичтен көмүскө ыдыратып, кедергисин тийгизет деп эсептейт. Мындай өңүттөгү көз караш жыйындысы белгилүү аалым, мударис Кусейин Исаевдин уруучулдуктун тарыхый философиялык, социалдык проблемаларын ар тараптуу камтыган «Улуттун биримдигин келечегин ойлойлу», («КТ» г. XII. 2009) аттуу кеңири маегинде берилди.

Үчүнчү. Тумтак арабөк жана жериген катмар. Арабөк катмардыкы белгилүү – алардын позициясы «тегин билбеген тентимиш Иван» деңгээлден ары ашпайт. Жериген – башка. Булар көбүнесе, тарыхын, ата-тегин тануу укугунан айрылгандыктан гана «аргасыз кыргыз» бойдон калышкан «скрытый нигилистер». Коомдук өнүгүү тууралуу Батыш илиминде калыптанган көз ка-рашты тутунушат. Көчмөндүк алар үчүн цивилдүү адамзаты алдэбак басып өткөн «ташкылым». Андыктан ар кадамында алар: «как и все цивилизованные люди во всем мире…», — деп таңдайын такылдатып бүтпөйт, өзүн пас, өзгөнү (Батышты!) дайым бийик санайт. «Көчмөндөр цивилизациясы» деген сөз ууртуна ууру күлкү (же кыжыр!) чакырат. Эталону – Батыш.

Цивилдүү, демократиялуу, укукчан, гүлдөгөн Кыргыз Өлкөсүн кургусу келет, бирок кашайып күчөп бараткан күлала коломто уруучулдук – феодализмге чакырык, «мишайт этет». Куйкасын жети куруштурат. Арийне, биерде биз уруучулдукка байланыштуу аспекте гана бул катмардагы эң «крайнийлерди» – нигилисттерди айттык.

Бул айтылгандардын Батыштын, же Орустун кундуу маданиятында, терең илиминде тарбияланган, улутубуздун орчун потенциалын алып жүргөн омокту мыктуулдарыбызга эч тиешеси жок!

Жогорудагы позициялардын ар биринин өз-өз өлчөлүү чындыктары туру. Биздин баамыбызда эми «уруучулдукка» кыргыз алкагында калып, чектелип мамиле этпей, улуттук философия угунан чыгып, артылып-адамзаттык чындыктар менен салыштырып, артылып – жалпы табияттык мыйзам менен өлчөп мамиле этүү бышып жетилди.

Андан да эң башкысы – биз, кыргыздар, ушу азыр өзүбүз кан какшап айтып жаткан уруучул деңгээлден алдэбак, эбак эле (!) бийик деңгээлге өсүп кеткенибизди көсөөдөй көзгө тик сайып (!) көрсөтө турган чак келди. Б.а. уруучулдуктан аргып, тайпа (жанаша уруучулдук), канат баскычтарын басып жашап «Эл-Мамлекет» деген уюган зыл биримдикке эбак жеткенибизди эми ак, так, нак (!) түшүнө турган кез келди. Эми түшүнбөсөк, болбойт! Муну бая да айттык!

Ар жагын койгондо да тарыхка так тамгаланган байыркы Хунну кезинен берки улаңгайыр замандар арасы улуу көчмөн каганаттары оодарылган-оожалган кыймылдуу кандай керемет мамлекеттик системди (арийне, көчмөн түрүн!) түзүшкөнүн, анын табияттын эң түпкү кундуу-сырдуу ТЕҢ мыйзамына кандай купташ-айкаш түшкөнүн, аа сунала-кынала өскөнүн, эң жаңы системдик илимий-философиялык нукта — Телегейде, айкын түшүнө турган чак келди.

Уруучул деңгээл эң кеми, биз үчүн, эсеби, эски Грек, Рим дооруна салыштырмалуу, ошого тушташ Хунну заманында эле басылып өткөнүн, андан бери Батыш жолу Батыш мамлекетчил жолуна кыйыр кайыгандай эле, көчмөн жолу да Канат, Эл деңгээлдерине карай тике өсүп кеткенин илимге айландырар чак келди.

Батыш коом таануу илими башыбызга жапкандын баарын эле ширге кие бербей! Таш кылымдан саал бээректеги эле «трайбализм» өңдүү терминде бизди «тыраалай» берген жат, баскынчыл философиялардын таш жарлыгын серпип ийип! «Трайбализм» демекчи, мен бул тууралуу мындан туура он тогуз жыл мурда жазган элем. Жүрүп жаткан сөз удулуна куп дал тургандыктан ошол макаламды эми ушерде түгөл кайра колдонгум бар.

УРУУЧУЛУК  ТРАЙБАЛИЗМБИ?

«Ушул тапта кыргыз айылдарын уу-дуу кылган маселенин бири – колхоздордун тарап жеке чарбаларга өтүп жатышы. Мунун келечегин мезгил таразалаар, агыкөгүн адис айтаар, мен тек, ушуну менен кошо калкып чыккан бир жагдайды айткым бар. Ал – уруучулдук. Ооба, бирибиз урук, уруу сүрүштүрүп маашырланып санжыра айткан, экинчилерибиз «кыргыздын ынтымагын ыдыратып бузган саат ушул» деп жер сабаган кадимки эле уруучулдук тууралуу.

Жакында биздин айыл да жеке чарбага өттү. Колхоздун малын бириндетип тараткан күндө да короо сарай, жер жайыт «бириндебейт» экен, андыктан абалы айылды топторго бөлүү сунушу болду. Ким каалагандай топ түзсүн делди. Мейлиң дос жараның менен, болбосо короолош коңшуң, кааласаң кесиптешиң же урук-тууганың менен, айтоор, каалаган кыртышыңда каалагандай бирик деди (эгерде айылымда ар кыл саясий партиялардын жетиштүү мүчөлөрү болсо анда маа десең марксизм же троцкизм, болбосо дарвинизм же… да бир «изм» идеясына ылайык бириксең да эрк берилмек).

Ошондо эмне болду дебейсизби, кыргыздын бардык каада-катышы быякта калып, баягы эле урук кууган, уруу сүргөн табияты биринчи планга шарт чыкты. Он чакты топ түзүлүп, ортодон топбашыларын шайлап алды. Билишимче кыргыз чарбаларынын бары эле ушул таризде тарады өңдөнөт. Демек, ой калчай турган жери бар. Учурдагы басма сөздү карасаңыз да бири тамшанып санжыра басат, экинчилери ага кыр көрсөтүп «трайбализм» идеясын таратуучу деп айып тагат. Тараган чарбалардын өзүндө да «тамаша» көп. Айтоор, проблема турган соң ага көз жумган жарабас.

Кийинчерээк жалпы улут идеясын иштеп чыгышыбыз керек деп көп айтчу болдук, а бирок анын байланган казыгын таппай кайсалайбыз. Менимче, улуттук идея деген көктөн түшпөйт, жерден чыкпайт, башка калктардан көчүрүлүп да алынбайт. Ал өзүңдүн эле кыртышыңда жатат, кесе айтканда, так ошол уруучулугуңда да бир принциби катылган. «Кыргызчылык» деп өзүбүз жерип салган түшүнүктүн боюнда улуттук канча бир асыл сапат тунуп турганын сактанып болсо да айтчу болдук.

Эмесе ошол «кыргызчылык» деген жакшы маанидеги түшүнүктүн байтүбүн алиги биз айткан «уруучулдук» деген жакшы маанидеги түшүнүк да тиреп турат. Жөн эле «кыргызчылык» деген болбойт, анткен жалаңкабат түшүнүк, тиреген түркүгү, азыктандырган кыртышы жок нерсе, ал: «я просто советский человек» же «тегин билбеген тентимиш Иван, же болбосо «кыргызча космо-политизм» гана.

Кыргыздай көчмөн элдин тарыхы өзгөчө тарых. Анын улут катары калыптанышын уруулардын тарыхысыз, уруучулдуктун ургаал жаратманчыл рухусуз элестетиш мүмкүн эмес. Муну тансаң улутуңду танасың тарыхыңды танасың. Улут демекчи, кыргыз улут болуп түзүлүп үлгүргөн эмес деген да бир карандай миф бар. Шырдагы шырылып бүткөн, калпагы тигилип бүткөн, макалы тизилип бүткөн, Манасы түзүлүп бүткөн, б.а. материалдык да, руханий да дүйнөсүндө бир жалпылыкка алдэбак өсүп жеткен калкты улутка айланган эмес деп ким айтат?!

Жетишет, «жомокчулардын» заманы өттү. Бая бир кур Ч.Айтматов «трайбализм» деп койду эле далайыбыз дүрр коштоп кеттик. Эми ээги түшкөн энебизден өйдө «экология» деп зар какшап «табият» деген татына сөздү «унутуп» калгандай, уруучулук деген сөздү да «трайбализмге» такачу болдук. Жок, бул экөө эки башка саясат. Трайбализм, латынча «трибус» – уруу, урук деген уңгудан чыккан.

Андан агылчындар «трибализм» деп термин жасашкан. Термин эмес бүтүндөй элдерди ичтен иритип, сырттан курутуп, кырды бычак кырылыштырган оторчул чоң саясатты, эл башкаруунун эң айла амал системасын иштеп чыгышкан. Индостан, Арабстандын кай бир элдерин канча мухит аржагынан былк эттирбей кармап турган каруу-күч бирин бири муунткан бир туугандардын билегинен ошентип «ойгонгон». Трайбализм саясаты империялык Орусиянын да күчтүү куралы болгон. Урууларды араздаштыруу аркылуу улут наркын жок кылууга умтулуу күч болгон. Трайбализм идеясы тарыхты чагылдыруунун методологиясынын өзөгүнүн өзүн түзүп калган.

Андыктан, мейли орус же улут тарыхчыларынын басым көпчүлүгүнүн жазганында:  көчмөндөр  бирин-бири  мууздагандан башканы билбейт, урууну уруу жойгондон башканы сүйбөйт. Айткылачы калайык, ошенткен журт тарыхтын канча бир калайман окуяларынан кантип эсен өтө алды? Жок! Эл, уруулар арасында ынтымак, намыс, биримдик гана ар заманда аныктоочу багытты түзгөн. Сарбагыш, Бугу салышып жүрүп эле өткөн эмес (экөөнүн чатагын ордо оюнга, же Ормон, Балбайдын жеке мамилесине такаган ой чектелген ой. Мунун баёо көзгө түшпөгөн көп жагы бар).

Кыргыздын ар уруусу Ата Журттун ар жеринде бир-бирине арка сүйөп чеп турган. Ошол эле кезде ички чынжыр байланышы күчтүү сакталган. Төмөнтөн өйдөгө баш ийген АДАТКА бой сунган. Кыргызды эл катары сактап калган нерсе ошол. Демек, санжыра деген саймедиреген кооз сөз эмес, иралды чоң саясат болгон десек жарашат. Айла канча, оболу оторчул Орусия тарабынан ырааттуу жүргүзүлгөн трайбализм саясаты соңунда улуттун жүзүн өчүрүүгө багытталган сусловчулук, кылчусун кылды, кыл жип менен бууду. Чычалабай чындыкты моюндасак, бузулган элге бучук аким заманын аталарыбыз менен биз жашадык. Эми улуттук кайра жаралуу процессинде иралдыда трайбализмдин сасык жытын бойдон кагалы.

Кыргыздын жалпы ураан-асабасы жайында сөз жүрүп жатса «колу ийрисине тартып кеткен» кокуй күн кээ бир депутаттарыбыздын кечээги жоругу жакшы маанидеги уруучул патриотизмге эч бир жанашы жок, ал жаңкы өзү көп айткан «трайбализм» деген оторчул саясаттын эски оорусу экенин, ошонусу менен ал кааласын каалабасын кечээги орус колонизаторунун ишинин бүгүнкү купуя улантуучусу, демек, улут чыккынчысы болуп калаарын айырып билер чак келди.

Атаны кудай деп билген, Ата улуудан Ата уулга өскөн, урукка өнгөн, урууга биригип улутка айланган, ынтымак ырдаган угуттуу элдик философиянын бийигин тааныйлы. Алымдуусун алалы. Азыр биз көп айткан аймактык башкаруу, бийликтин төмөнкү структурасы дегенибиздин бир учугу да барып келип ушуякта катылып жаткан чыгаар. Ошондо вертикал байланыш бир тараптуу – жогортон төмөн гана акпай, төмөнтөн өйдөгө да өсүп тил табышуунун гармониясы табылаар. Демократия дегениң бир эле элдин бир үлгүдөгү энчиси эмес, анын принциптери азал күндөн бар калктын өнө боюнда улуттук түрп түспөлүндө жашап келгенин унутпайлы. Албетте, бул айтылгандар ким бирөөгө патриархалчылдык болуп көрүнөөр. Бирок тарыхтын дөңгөлөгү артка айланбасы анык – ак.

Биз суктанган жапан калкы улуттук аң сезимдеги секирикти обол өз кыртышынан, б.а. дүйнөдө өзгөчө жаралган, Аматэрасу Кудай сүйгөн (!) калк экендиктерин жар салган синтоизм мифинен таап, ошого аң сезимдүү ишенип иштөөдөн башташкан» («Асаба», 1991-ж.).

Кыргызда «Кара» жана «Караламан» деген тааным бар. Муну, орустагы «народ» жана «толпа» деген түшүнүктөр менен салыштырып тааныса болот. Эсеби, тарых, коом таануу илими «Эл – Народду» бир учурда: «тарыхтын жаратман, кыймылдаткыч күчү» («созидательная, движущая сила истории») деп даңазалай тааныйт, ал эми экинчи бир учурда, кай бирөөлөрү аны: «жок, ал кайда бурсаң ошол жакка жетеленген топураган масса» («народ – толпа!» ) атайт.

Кайсынысы чын? Эл чын эле топук «Карабы» («Народ»), же топураган Караламанбы («Толпа»)? Аныгы-таныгы кайсыл? Критерий эмне?

Тык! Критерийи так өзүндө таамай жатыптыр, аталыштын! (кыргызың түшкүр, жөн атабайт ко!). Эсеби, Эл өзүнүн КИМ экенин нак Элдик деңгээлинде («национальное самосознание») аңдап турганында ал Каралык («Народ») калкагарында болот. А эгерде ул-уттук аң сезимдин бийигине көтөрүлө албай өзүнүн КИМ дигин тааный албай маң турса, анда ал аламан («толпа») деңгээлге түш-көнү, б.а. Кара аламан, аламандаган Кара!

Бир элдин экинчи бир элди башка чапса былк эткис көлүк-өлүк кылып бийлеп туруш үчүн миң бир жойпу жолдордо алдап-маңдап, миң бир жөөт жолдордо кулдап-пулдап турмагы ошол! Азал күндөн! Биздин башыбызда ошол ширге жабылуу келет, али! «Уруучулдук – трайбализм» деген ушунун бир жаңырыгы!

Эмесе, уруучулдукту да биз эми улут-тук аң сезимдин бийигинде, Каралык, жаки, Эл-Мамлекеттик деңгээлибизде туруп баа-лашыбыз, кастарлашабыз, билишибиз, сүйүшүбүз керек экен эми, кайталайм, «Эл-Мам-лекеттик» бийигин карай ырааттуу өсүп отурган көчмөн кооомдоштуктун бир соңку тепкичи катары гана!

Атабыз Исхак Разаковдун: «душмандын күчтүүлүгүнөн коркпо, өзүңдүн алсыздыгыңан корк!», — деген насыят сөзү ушул учурга кандай гана орунду-ов! Биз эмне үчүн өзүбүздүн улуттук аң сезимдин бийигинде боло албай аламандап кеткен маң абалы-быздан коркпостон, «уруучулдук» – алай-

булай-шолай деп, ал элди ыдыратат, бузат, иритет деп, анын элди тээ төмөндөн эң ырааттуу-ирээттүү, тартиптүү жана абийирдүү, а эң башкысы өткөрө намыстуу (!) өр-күндөй келген ыйык-бийик жолун эмне үчүн, эмне үчүн (!) күнөөлөшүбүз керек?!

Эмне үчүн Элди «Эл-Мамлекет» деген эң бийик сересине өстүрүп бараткан Ыйык Чынжырдын бир эң маанилүү тогоолун же-ришибиз керек, жулуп ыргытышбыз керек?

«Уруучулдуктан» эмес, ата-бабаларыбыз Манастын, Комуздун, Сайманын тилинде-дилинде дирилдеп алдэбак «Карага» калкып кеткен туу калкагарына караандай албай каңгып калган өзүбүздүн эмики пастыгыбыздан, мажүрөлүгүбүздөн корксок кантет, бурадарым?.. Жогоруда «уруулук намыс», «эң маанилүү тогоол» дедик уруучулдукту.

Эмне үчүн? Анткени, көчмөн коом тартибине ылайык, бая айтылгандай кыргыздын ар бир уруусу Мекендин ар бир жеринде эл биримдигин сак-сактап бир бирине арка сүйөп чеп турушкан.

Эсеби, черик, моңолдор – Кытай тарабы; ичкилик эли – сарт тарабы; саруу-кушчу – Олуя Ата, Ташкен тарабы; солто – казак; бугу – казак, кытай тарабы, ж.б. д.у.с.

Ушул өңдүү кыргыздык-стратегиялык жоокерчилик жолунда дайымкы күндөлүк турмуштук алака элдик чынжырдын бирим-дигинде уруулук деңгээл-орунду айрыкча активдүү ишке салган. Уруулук биримдик уйуш-малдыктын айрыкча активдүү ачылганы ош-ол. Тык!

Абай салыңыз, бул эми билгенге, азыр бүткүл Батыш илими “саморганизация – синергетика» атап улуу “өзү уюшмалдыкка» умтулуп-умтулуп бирок жете албай келаткан коомдук жаркын тепкичи ушул эмеспи!  Билгенге…

Ооба, дал ушул! “Өзү уйушмалдыктын» коом турмушунда эң күчтүү ачылып чыккан бир тоом-тоголу ушул! Ушжерден биз эми бая II-III баптарда кыйла айтылган «Жарандык Коом» жана «Укукчул Мамлекет» аталган түшүнүктөргө уруучул ыңгайдан жана бир бир кайрыла өтсөк болот, эми. Эсиңиздеби, II бапта кыраа немис Ф.Гегельдин бир айт-канын мисал тарттык элек. Эми да эстеп алалы:

В гражданском обществе каждый для себя цель, все остальное для него ничто. Индивиды в качестве граждан этого государства – частные лица, целью которых является собственный интерес» — деген эле.

Өзүнүн кылымдар бою баскан калыптанган чарба жүргүзүү ыңгайынан («психология-философия хозяйства») башка-көзгө койгуланып атайлап башка буруу жолго салынган, «Карадан» тайып «Караламандаган» кайран кыргыз как азыр качандыр Гегелдер так мүнөздөп жазып койгон так ушул тозооку жолго түшүп алган, т.а. түшүрүшкөн! Айтылган – ичке ийри жылаан ыргытылып, как жүрөк толтодон мыжый кармап, жеңиш үчүн!

Чарба жүргүзүүдө сан миңдеген жеке атом-субъектилерге чачыратылган;

менчик күтүүдө – сан миңдеген жеке менчик ээлерине бытыратылган;

«майда ишкерлик» саясатында берилген «максаттуу кредиттер» атайын майдаланып, кумга сиңген суудай максаттуу жок кылынган;

соңунда миллиарддарга айланган карыздар туула элек балдарыбыздын тумшугуна «ме!» такалган (!);

ушинтип, «жеке укук» деген былгы саясатта жете бириндетилген;

акыры «адам укугу» деген алдооч баштыкта бала өзүнүн «бала укугун» атасына балп «үйрөткөн» (баласы атасына «баягыны» үйрөтөт!);

окуучулар өз мугалимин оптом окуткан деңгээлге чейин жетип, бычырап «жарандыландык».

«Жарандык Коомубуз» минтип ичтен быдырап-ыдырап эле чектелип тим болбой, азыр миңдеген беймаалым НПОлорго айланышып, жоопкерчилиги чектелген шектүү Ос-ООлорго өсүшүп, «укук! укук!» деп жер муштаган укукчулдардын полкун түзүшүп, ушунун далайы чет элдик кандайдыр «шектүү», «максаттуу» бир Ордодон агылган-координацияланган акчаларга туйтунушуп, биригип, «Эл-Мамлекет» деген бир Улуу Кыргыз Кемени түбүнөн кемирип-жемирип жеп бүтүрүп жатышкан келемиштердин армиясына айланып баратышкан жокпу? Кеме эпадам чөгүп баштаса, эң биринчилерден болуп «жеке укугун жете коргоп!» желпинишке чейин өлкөдөн желпинип качып кетүүгө «дайым даяр!» турган!

Эсеби, жаңы маалыматым жок, Акаев кандыгынын акыркы жылдарындагы эсепте Кыргызстанда 13 миң ашык НПО боло турган эле, ошол эле туштары бизден ашса ашкан асты демократиясы кем эмес кең байтак Ка-закстанда болгону, төрт миңге жетпеген бейөкмөт уюм бар эле. Эсеп-кысабын, чыныгы максатын да көп учурда көшөгөлөгөн мынча армия бизде эмне иш кылат? Арык уйга ушунча залкар мүйүздүн кереги барбы? Маалымат ачык болушун милдеттүү талап кылып тажабай такылдатышып, дээрлик ар бир мамкеңсенин эшигин жыртып маңып жүргөндөр кимдер?

Шаардан чыгышып, меймандос мамлекетибиздин тээ ак кар, төр кумайларына чей-ин жетишип, аркарлар менен бир тайраңдап, кандайдыр шектүү жер чалгындап чаңып жүрүшкөндөр кимдер?

Ал – «Жарандык Коом! Жана алардын жаңы кызматташтары!» Анан мына ушул жармы кыргыз-жармы орус (чет!) обществолор «жарандык коом атуулдук биримдик үчүн коррупцияга каршы» аталган кандайдыр коалицияларга шып биригип алышат. Ушинтип, коррупциянын булагын бир колу менен өзү тынымсыз түзүп турган, экинчи колу менен аны тынымсыз «коргогон» «укукчул системдин» «системдүү жемиштери» өсүп чыгышат. Жер сабаган «тешик-эшик эдилбайсалдар!»

Буларды ким тескейт? Тескей алабы? Тескетеби? Мамлекетпи? Жок, тескетишпейт! Анткени ал өзү ушул шектүү «Адамдын» укугун коргоого эл аралык документтерде милдеттенип алган укукчул Мамлекет!

Ал эми… ал эми, ошол Мамлекетке өсүп бараткан жолундагы бая тепкич – уруучулдукчу? Тескейт! Тескегенде да кандай! Тебетейин тескери кийгизип туруп тескейт!

Анткени ошол ар бир бытыраган жаран, быдыраган НПО, бычыраган бечара, ар-ар бири, биригип келип, кайсыдыр бир жети атанын, уруктун, уруунун бир мүчөсү! «Жарандык Коомдон» бийик турган Коом бул! Уруучулдуктан да артылып «Эл» деген деңгээлге эбак өсүп чыгып кеткен коом бул!

Демек, уруучулдук өз жолунда эле, кыргыздын наркы-салтында өзүнүн ар бир мүчөсүн тескеп орду-ордуна коюп коө алат! Тек, мунун заманга бап адептик-мыйзамдык чектерин гана белгилеп коюу жетиштүү. Бул – маселенин бир жагы.

Экинчи жагы – мен «Жарандык Коом-ду» да жериген жерим жок. Тескерисинче, ал өзү «жарандык» аталган жалган мейкинге жасалма тентитилип, негизи бир чо-оң жерден координацияланган сырткы акчага тумтак көз карандыланып, кара курсактын айынан өзү ирип, өзү аркылуу бүтүндөй өз өлкөсү кошо иритилип-курутулуп, экөө бирдей курмандык болуп жатышканын ачык билсе деп жаным сыздап айтып атам.

Мына ушул куу жолдо өз киндигин кесип атып «жарандык коом» кантсе да ичтен активдешип жетилип да алды азыр. Эми ал да уруучул-тууганчыл жолдо өзүн жаңы деңгээлде ирээттеп алмак, үзүлгөн чынжырларын улап, Мамлекеттин чыныгы активдүү жаранына айланмак (эстеңиз: «Мамлекет – менин Тең Түгөйүм!»). Ушундай, уруучулдуктун бир табияты. Курманбек Салиевичти болбой эле «үйрөтө» берген (баягы баласы атасына балп үйрөткөн «алиги» укукка!) чаарбаш Турсунбек Акунду бир моңолдор өзү эле «үйрөтүп» коет.

Демек, бул коом, «уруучулдук» эмес, аныгында «элдик» деп айтылаар бийик, бул коом беталды жайылып-маарап кеткен кыргыздын «Жарандык Кой Коомун» жыйып-түгөлдөп, «Мамлекет!» деген экинчи бийик Түгөйүнө («Эл-Мамлекет» деген биздин мен-талитетте бир түшүнүк дегенбиз!) түгөйлөш-түрүп коюуга кудурети жетик! Тек мунун, эми, мамлекеттик маанилүү саясат экенин түшүнүп, аны мамлекеттин кызыкчылыгында билги ишке салар кез жеткендей…

«Саясий» демекчи, ырас уруучулдуктун да өзүнүн ичте кымырылган бир «ууру» саясаты болбой койбойт. Бая: «уруучулдук элди

кериге сүйрөйт, тымызын ыдыратат» деген бир кооптун да жүйөсү жок эмес, бар. Бирок мындай былгы ыдыроо, айттык, бир шартта ишке ашып кетиши мүмкүн – Кара Каралыгы-нан тайып Караламандап кеткен тушта! Буга эгерим жол бербөөнүн да дарысы-шартты өзүндө – Каралык деңгээлин кармашында.

Уруулук эмес улуттук бийиктигинде, болгондо да Мамлекеттин калган аз сан улут өкүлдөрүн өз көлөкөсүндө асыраган туу калк деңгээлин тута билишинде. Күнү кечээ Сарбагыш уруусунун курултайында таамай айтылгандай:

«Улуттун ынтымагына шек туудурар кандай гана маселе болбосун, талкууланууга жатпайт!»

Муну аңтара салып да бир айтсак: «улуттун ынтымагына шек туудурар кандайдыр иши билинген уруу катуу намыска жыгылат, калган «кырк уруу» тарабынан «айыпталат!»

Бул үчүн, демек, кечээги жат мыйзамды ичибизге ууру салган «Жарандык Кодекс» эмес, улутту бир уюлга уюткан, кылымдык кы-раа нарк-салтынан агылган, жаңы заман реалийине төп, мисалы, жаңы «Эл Наркы» («Элдик Кодекс») кабылданышы шарт! Анын уңгусун манасуйул гана аныктайт!

Мисалы, анын түркүк түшүнүктөрүн:

а)  Башы Манас – Аягы Манас!..

б) Кыргыздын ар бир уруусунун бүгүн-кү аз же көп санына карабай, Кыргыздын Эл катары түзүлүп, сакталып келишинде ойногон ролу, кошкон салымы бирдей. Кайсыдыр бир уруу, кайсыдыр бир кезде тарых майда-нында жигердүү көрүнсө, экинчи бир уруусу, башка бир кезеңде Элдин Бели болуп турган, б.а. кызматы бирдей, таразаланбайт (ырасында да ар бир замандагы тарыхый шарт, коога ар башка да, алар салыштырыл-байт).

в) Кыргыздын ар бир уруусу бүгүнкү күндөгү аз же көп санына карабай жалпы улут маселесин чечүүдө бирден гана добушка ээ.

г)  «Ак таңдай  акын,  сулуу  кыз,  алгыр

тайган, кыраан куш – элдики» салтында улуттун чыныгы гөзөлдөрү бөлүнбөйт. Айрым урууга таандыкталбайт, «Элдик» саналат. Бүгүнкү күндө чыгып жаткан кыргыздын кыраан уул-кыздары да ушул нарк-салтта мындан ары да «элдиктелет», кастарланат.

д) Кыргыздын тарыхы түптө. Кырк уруусунун изи изделет. Тарых такталат. Бирок Кыргыз Элинин ушул азыркы турган жергесинде, акыркы ирээт Эл болуп Долон бий атабыздын тушунда кайра уюган биримдиги ыйык, бийик. Бул биримдикке кошкон ар бир уруунун өз-өз салым-үлүшү өзгөчө. Антпесе, мисалы, тарыхты куткуп келсең, айрым жагдайлар, маселен «аталаштыруу – уулдаштыруу» уламасы, санжырадагыдай да чыкпай калышы ыктымал.

Маселен, азыркы Азык уруусунун тарыхы азганакай азык көтөргөн бир балага эмес, Азия кеңдигинде чачыраган эзелки элге кетиши мүмкүн. Болбосо, саруу теги, б.з. чейин бир кез Миң Өзөндөн (Минусинск) Сары Өзөнгө (Хуаңхы) куюлуп түшкөн эски динлиндерден «из» делиши да этимал. Бүгүнкү Моңолдор башы – Көкө Ата теги, көңкү хуннуларга таяшы ыктымал. Каңдынын теги тетиги эле баба Каган Огуздун «Каңгылуу» (араба) бир черигинин караңгы тарыхынан «калдырттап» угулаары да анык.

Эми бул жолдо кылдырттап кете берсек, анда, акыр түбү, Кыргыздын өзүн да Каңгыдан алып чыгарыбыз, тынарыбыз ажеп! Демек, санжыранын өзү да өз тушунда  тектеш  урууларды  «бир элдештирүү» угундагы кыраа, этиет, билги идеология болгонун моюндоо шарт.

«Аталаштыруу – уулдаштыруу» процесси сөзсүз эле түздөн түз «уул – ата» эмес, «Элге» кайра уюудагы, бирге уйумдашуудагы жаңы тарыхый муктаждык-зарылдык болгондугун да билген эп! Келечек үчүн!

Бүгүнкү күнгө эсен жеткен, бүгүнкү кыргыздын  кызыкчылыгында!   Сенин,   Менин!.. Демек, бул акыркы уйуу – абсолют! Азыркы Оң, Сол, Ичкилик ТЕҢ чынжыры – ыйык!

е) Батышта генетика илими менен тыкыз байланышта өнүктүрүлүп атайын эле илим тармагына айландырылган укумчул-дук – евгеника – асыл тукумдук тууралуу, санжыра иликтин азыркы замандын демографиялык, эл каттоо ж.б. социологий маселелерин жаңыча түшүнүүдөгү орду-ролу өзүнчө сөз. Биякта бүтүндөй жаңы кыргыз илиминин башаты жатыры.

Жаңы мамтүзүлүш, башкарууда уруучулдуктун, т.а. Элдик Канаттын Орду – Жолу кандай болот, бул тууралуу сөз, анан.

Чоюн ӨМҮРАЛЫ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *