Француздардын атактуу новеллисти жана аңгеме жаатынын чебери. Тогуз жыл аралыгында натурализм багытындагы кыска прозалардан турган жыйырмага жакын жыйнактын автору. Толук аты-жөнү Анри-Рене-Альбер-Ги де Мопассан.

АҢГЕМЕ

Эки жаш айым көлөкөсү бульварга түшкөн, кичинекей парктын жанынан жолугушушту. Маңдай-тескей келгенде алгач күмөн санагандай болушту. Кайрадан бири-бирин тааныганына ишенимдүү болушканда кулачтарын жая:

— Раймонд!

— Матилт!…

Бир кварталдын балдары эле. Чогуу ойношчу, мектепке бирге барчу, ал гана эмес бир түндүктүн астында бир нече жыл жашаган. Кийинчерээк мектептеги башка достору сыяктуу бул орток жашоонун таттуу элестери толгон тагдыр буйругунун жолу менен ар ким өз жолуна түшкөн.

Экөө тең отуз жашка чамалап калган. Бирок Раймондтун көз капкактарынын учунан мурдунун таноолоруна чейинки бырыштарынан, чачтарындагы бирин-серин күмүш талдарынан улам кырк жашка барып калгандай өңдөнчү. Кийим-кечеси да жакшы эмес. Колунда түгү түшүп модадан калган астраган сумка, аны кармаган мээлейлүү колунун башбармагында кичинекей жыртык көзгө урунат.

Матилт заманбап кийимдери менен анын тескериси. Мойнунда ичке алтын шуру, колунда модалуу сумка, чачтарынын үсүндө батистен өрүлгөн, кичинекей жарашыктуу шляпа. Бармактарын кымбат балуу шакектер кооздоп турат.

Матилт тартынбастан жагымдуу маанай менен:

— Эмне болду сага? — деди. – Ооруп жүрөсүңбү? Эмне балакет болуп кетти? Болбосо мектепте жүргөнүңдө кандай сонун кыялдарың бар эле, бактылуу келечекти ойлочу эмес белең?

Раймонд терең үшкүрүп алды:

— Ошондой болчу, ооба, таттуу кыялдарым бар эле. Бирок жашоо таттуу кыялдардан эмес, ачуу чындыктардан турат… Бир офицерге турмушка чыккамын. Үй-бүлө курдук, балалуу болдук. Бирок опаасыз чыкты, мени таштап кете берди. Артынан балабыз каза болуп калды. Кыскасы, тагдыр менден жүз үйрүдү, жалгыз эч нерсе жасай алганым жок. Сенин болсо телегейиң тегиздей. Аны кийимдериң, көз карашын далилдеп турат. Сен үчүн кубанычтамын.

— Ооба, мен кыялданган жокмун, өзүмдү жашоонун агымына тапшырдым. Маңдайыма бир адам буюрду, аны менен үйлөндүм. Жакшы табат, мага жана балдарыма үзүлүп түшүп көңүл бөлөт. Эч кандай арманым жок. Эмнеге жаагыбызды талытып мында турабыз, жүрү, бир жерге барып отуралычы…

— Маңдайдагы дарыканага рецепт берген элем, дарынын даяр болушун күтүп тургам, паркка барып отурайын деп нийеттенип атсам, алдыман сен чыгып калдың.

— Дарыларың даяр боло берсин, жүрү, андан көрө, бир кондитер дүкөнүнө барып эрмектешели.
Дарыкананын так маңдайындагы дүкөнгө киришти, витринанын жанындагы бош үстөлгө отурушту. Дароо эски күндөрдү эскеришип, таттуу сүйлөшө башташты. Раймонд өзүнүн жакырчылыгын, оорусун, дарысын да унутуп салды. Бай досунун бактысын тең бөлүшүп, аны менен бирге күлүп отурду.

Ушул учурда көчөдөн, витринанын жанынан келишимдүү адам өтүп бараткан. Матилтти көрөрү менен токтой калды, шляпасын чечип жаш айымга салам берди. Матилт:

— Күйөөмдүн досу, — деди. – Мага бир мүнөткө уруксат бересиңби?

— Макул.

Тышка чыкты, турган калыбында сүйлөшө башташты. Бир мүнөт, беш мүнөт, он мүнөт… Дегеле сүйлөшүп бүтчүүдөй эмес. Ичке кирери менен досунан кечирим сурады:

— Күйөөмө тиешелүү маселе бар эле, — деди. — Өзү адвокат. Сени жалгыз таштаганым үчүн кечирим сурайм.
Раймонд саатын карап:

— Мен дагы, — деди. — сенден беш мүнөт уруксат сурайын. Дарыларым даяр болуп калса керек. Акчасын төлөп койгом, барып алып келе калайынчы.

— Албетте, күтүп турам.

Матилт жалгыз калары менен ичип-жегендеринин акчасын төлөөнү ойлонду. Сумкасын ачты, көргөн көзүнө ишенгиси жок. Үйдөн чыгар алдында күйөөсүнөн миң франк сурап алып, сумкасына салгандай болгон. Сумканын ичин чачып көрдү. Бет аарчы, пудра, күзгү, кичинекей акча капчыгы, ачкычтар баары оордунда; бир гана миң франк жок. Оордунда каккан казыктай катып калды… Тердеген колу менен мойнун сыйпалады. Күйөөсүнүн досу менен сыртта сүйлөшүп жатканда Раймонд?.. Жок, Раймонд мындай кылбайт! Аны мектепте окугандан бери тааныйт, үй-бүлөсүн да тааныйт, мүнөзүн дагы билет. Раймонд ууру эмес, жок, жок! Бирок ичинде бул жолу шектенүү пайда болду… Раймондтун сумкасы, өз сумкасынын жанында турат. Титиреген колу менен сумканы алып ачты, жүрөгү атылып кетчүдөй оозуна тыгыла түштү. Миң франк ичинде жүрөт.

Ушул учурдагы көңүлүнүн муздаганын, ичинде пайда болгон кайгыны өмүрү өткөнчө унута алмак эмес.
Бул аялга карата сый-урматы, ишеними дароо жоголду. Ал тараптан ушундай чыккынчылык, каракчыдай тоноочулук болгону жүрөгүн сыздатты. Раймондтун бул абалын башка бирөөнөн укса ишенмек эмес.
Акчаны алды, дароо төлөдү. Официантка:

— Досум маңдайдагы дарыканага кетти эле, — деди. — Сумкасы мынакей. Келгенде берип коюңуз. Мени сураса, зарыл жумушу чыгып, кетип калды деңиз.

— Макул айым.

Эми Раймондтун жүзүнө карай алчудай эмес, шашылыш чыгып кетти. Үйгө келери менен күйөсүнүн андан мурун келгенин байкады. Газета окуп отурат. Аялын карап:

— Эмне болду, — деди. Өңүң качып калыптыр, колдоруң титиреп атат, көңүлүңө жакпаган окуяга кабылдыңбы?

Аялы шляпасын чечип атып:

— Сураба – деди. – Абдан жаман окуя болду. Маанайым жок. Кийин айтып берем.

Күйөөсү жылмайып:

— Билбейм. Бүгүн сенде кандайдыр бир өзгөрүү бар. Үйдөн чыгып атканда эле түрүң бузулуп калыптыр болчу. Менден миң франк сураган элең, аны да үстөлдүн үстүнө унутуп кетипсиң…

Матилт чочуп кетти, бир кадам артка кетенчиктеди, өң алекеттен кетип:

— Эмнеее? – деди. – Эмне деп атасың?

— Эч нерсе деген жокмун. Миң франк тигил жакта турат.

— Ээ, жараткан, эмне, эмне кылып салдым. Эмне кылдым? Эмне кылдым?…

Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *