Маектеш тууралуу маалымат:
Абдыкерим Муратов 1956-жылы Ноокат районунун Шанкол айлында туулган. Өткөн кылымдын 80-90-жылдарында анын таалим-тарбиялык насааттары «Абийир, ар-намысты бийик туталы», «Бешигибиз – Жер», «Ырыскың өзүңө буйрусун», «Шаар-бактын» даңкы өчөбү?», «Жетимдер», «Сайрасын булбул багыңда…», «Абалың кандай, асыл жер» деген педагогикалык, этикалык публицистикаларында көтөрүлдү. Балдардын эне тилин унутуп жатышы, руханий маданиятыбыздын өкүнүчтүү абалы «Далил керекпи?.. (эне тил көйгөйлөрү)», «Эне тилдин эртеңи кандай?», «Тереңдеги тамырлар: маданий мурастарга мамилебиз кандай?», «Кыргызга окшоп турабыз, бирок…», «Социализм бизге эмне берди?», «Келгиле!.. (Балдар адабияты тууралуу)», «Кыргызбызбы?», «Гимнби, же кошоматчылыктын ырыбы?..», «Эне тилин жана адабиятын окутуу эмнеге муктаж?» ж.б. макалаларында курч жана таамай айтылды. Автордун ошол макалалары өлкөдө жүрүп жаткан кайра куруунун идеяларын өзүнө сиңдиргендиги менен баалуу болгон. Кийин «Zaman Кыргызстан» газетасында иштеп, анын ар бир санына чыккан «Аптанаама» аталышындагы бурч жазууларын окурмандар күтүп окуп жүрүштү, «Замандаш» журналынын башкы редактору катары ал басылмада да ондогон курч макалалары жарыяланган. Бүгүн эми биздин сайтыбызда мейманда.

Биринчи маек: Улут тагдыры

– Азыр баары экономикалык кризисти эң бир актуалдуу маселеге айлантып алышты: мамлекеттик саясатта деле – ошол, үй-бүлөдө деле – ошол. А андан маанилүү рухий кризис эмне болууда? Дегеле материалдык тартыштык ар дайым болуп келген жана боло бермекчи, ал эми рухий жакырчылыктын коркунучу адам баласын эмнеге алып барарын караламан калкка Сиз өңдүү зиялылар катмары дайыма кан какшап туруусу зарыл го деп өзүңүз менен маек куруунун ыңгайын издеп жүрдүм эле. Мунун дагы бир себеби, каалайбызбы, каалабайбызбы: учурда Салижан Жигитов, Мурза Гапаров, Алым Токтомушев сындуу коомдун абийирдүү катмарынын ордун толуктаар сиз өңдүү бирин-экин саналган агаларыбыздын оозун карайт экенбиз. Чындыктын тили менен сүйлөй турган сиздей жазуучу, публицисттердин ою коомчулукка ориентир болууга да тийиш. Андыктан сукбатыңыз канча узак болсо да кулак сизде… Адегенде улут тагдыры, азыркы учур тууралуу жалпы ой калчап алсак…

— Ой, Олжобай, сенин койгон маселең түбөлүктүү маселелердин – түбөлүктүүсү. Шекспир өзү айтайын дегенин Гамлеттин оозу менен кыйкырттырып атпайбы: «Быть или не быть» деп. Кыргыз улутунун эртеңки келечеги да ушул суроонун тегерегине барып такалат. «Дүйнөлөшүү» дейбизби, «ааламдашуу» дейбизби, кыскасы, улуттардын глобалдашуу доорундагы тагдыры маданияттардын интеграцияланышына алып барат да, ал бара-бара майда улуттардын улуттук касиеттерин жеп тынат, кыргыз деген адамдар жер үстүндө жашаганы менен алардан кыргыздык белгилерди таппай калабыз. Мына ушул «жеп-жутуу» процессин ооздуктайбыз деп далай кишилер мерт болду. Нобелдик сыйлыктын ээси, ХХ кылымдын теңдешсиз чоң ойчулу А.И.Солженицин өз кезегинде «орус маселесин» көтөрүп чыгып, «быть нашему народу или не быть» деген суроону кабыргасынан койду. Теңдешсиз территорияны ээлеп аткан орустар ушинтип атса, анан биз эмне болобуз. Дагы бир нобелчи И.Бродский «Күлдөн сура, күйүп бүтүү эмне экенин» деп атпайбы. Тарыхта күйүп-күйүп күл болуп калган улуу державалар аз эмес. Мурат Аджи «Европа, тюрки, Великий степ» деген китебинде кыпчактар Күнчыгыштан Күнжүрүшкө күйүп барып, күлгө айланып кетпедиби деп тастыктап бербедиби. Кана эми ошол кыпчактар? Монгол татарлары кана? Улуу кыргыз дөөлөтү кана? Эл, мамлекет, улут жоголуп кетиши мүмкүн, бирок ошол элдин, улуттун маданиятка калтырган издери кала берет, ошол эле орустар жоголуп кетсе да алардын Пушкинин, Толстоюн, Достоевскийин, Чеховун, Тургеновун, Шолоховун эч бир цивилизация жок кыла албайт. Азыркы орус лингвисттери А.С.Пушкиндин чыгармаларын казып окуп, ал акын орус лексикасын, стилистикасын байыткан, жаңы сөздөрдү киргизген деп атпайбы, Пушкин аларды кайдан алган – элден алган, ал сөздөр, сөз айкаштары, идеомалар эл ичинде болгон да. Ошон үчүн накта элдик маданият менен сугарылгандар элин оңой менен жоготпой турушка аракет кылат.

Улутту жок кылуунун дагы бир оңой жолу, кыйтыр амалы – өз ичинен иритүү, ичке «курт» таштап коюу. Өткөн кылымдын 1933-жылдарынан башталып, 1937-1938-жылы апогейине жеткен зыялыларга «аңчылык», «мээлерге чабуул» мыкты-мыкты уулдарыбызды алып кетип гана калбай, жалпы улуттун сезтентти, мокотту. Биз мындан күйүп калганбыз да. Ошол жылдары сен билесиң, Олжобай, кыргыздын каймактары атылып кеткен, ошолор бул «алашчыл», тигил «алашчыл», бул «Туран» партиясында, тигил «Алаш» партиясында деп отуруп бирин-бири аттырып, Динмухаммед Кунаев айткандай «кыргыздын душманы – кыргыз болуп», бири-бирин кыйратып салган. Кийин орустарга кыргыз тилин окутканы үчүн И.Раззаков Москванын жазасын алган. Ошондон кийин улуттук кызыкчылык дегенди унутуп, өлгөн жерге барып куран окутуштан да коркуп калбадыкпы. Айылыңды коргоп турган күлүк аттарды башкалар келип аттырып салса, кийин алардын басып кирүүсүнө жакшы жол ачыларын ошол башкалар кылдат ойлошкон да. Балким ошондон улам жанагы кодура партиялар улут маселесин көтөрүп чыгуудан алыс тургандыр. Мен азыркы саясый партияларды «паралич» партия деп алдым. Азыр партиялар негизги күч. Ошол эле кезде алар элдин «аллегриясын» гана жаратпаса, негизи жөн гана турушат, башкы ойду эптеп кандай болсо да бийликке жетүү керек деген багытка жумшоодо. Ошол үчүн алар азыр адашпаш керек, башка улуттарга жаман көрүнбөш керек деген принципти карманат да, натыйжада, кыргыз кызыкчылыгын арткы орунга сүрүп ташташат. Мисалы, жакынкы кошуна Казакстан чын эле азыр казак маданиятын көтөрүүгө, улуттук тарыхын, этнографиясын, этнопедагогикасын, деги эле казак этносун изилдөөгө катуу киришти: чет өлкөлөрдө калган казактарга жер берип, каражат берип, көчүп келгиле деди, негизинен европалыктар көбөйө баштаган түндүк жактарын колдон чыгарып ийбеш үчүн борборун Алматадан Астанага көчүрүп алды, аларда эне тилин билбегендер аябай көбөйүп кетти эле, азыр мамлекеттик бийлик башчыларынын баары казакча билсин, жазуу каттары казакча жүрсүн деп чыгышты. Бир кезде, тагыраагы, XIX кылымда, орус турмушунда улуттук кризис болуп, жалпы коом деградацияланган кезде алдыңкы интеллегенция ошол абалдан чыгуунун бирден-бир жолу деп мектеп ачууну, бала чактан келечектеги орус улутундагылардын оюн оң жакка бурууну максат кылышкан.

Ошол кезде Л.Н.Толстой, А.Зеленко, Ф.Рау, Л.Шлегер, И.Никашидзе, С.Дурылин, М.Клечковский, А.Дауге, жубайлар Н. жана М.Чеховдор, Е. жана А.Фортунатовдор ошондой билим берүү жолу менен коомду өзгөртүүнү практикалык түрдө башташкан. Орустун аттуу-баштуу жазуучулары, адабият сынчылары көркөм чыгармачылыктарын агартуучулук жакка буруп, атайын журналдарды ачышкан, ооматы келип турган «Война и мир» сыяктуу романдарын коё туруп, макала, окуулук жазып, элге, эң биринчи кезде балдарга, орусчул идеяларды тараткан. Мунун бир көрүнүшүн атамекендик агартуу тармагынан да көрүүгө болот: айыл мектептеринде, билим берүү тармактарынын жетекчилигинде иштеп келген Касымаалы Жантөшев 30-жылдардын башында «Окуу китеби. 1 жылдык», «Сабатсыздар үчүн кыргыз тилинин программасы жана окуу методу», «Колхозчулар үчүн окуу китеби», «Мектеп балдарынын тилин өстүрүү жөнүндө», «Эсепти чыгаруу жолдору жана бөлчөктөр» деген сыяктуу агартуунун ар кандай маселелери боюнча сабаты жаңы ачылып аткан элге түздөн түз практикалык жардам көрсөтө турган китептерди жазган. Өзү да Түштүктүн тоолуу аймактарына барып агартуучулук иштерине кол кабыш кылган. Ушундай эле патриоттук жумушту И.Арабаев, К.Тыныстанов, У.Абдукаимов, М.Абдыкеримов, А.Осмонов ж.б. зыялылар аркалашкан.

У.Абдукаимов да мектепте директору, райОНО башчысы болуп иштеп келбеди беле, ошон үчүн ал эл, өзгөчө балдар эмнеге муктаж экенин билип, ошол багытта окуулуктарды жазган. Ал эми азыр дүйнөлүк өсүштүн кереметин көрсөткөн Жапония өлкөсүнүн ушунчалык даражага жетишин алардын XX кылымдын 60-70-жылдардагы билим берүү тармагында жасаган реформасы менен түшүндүрүшөт. Өткөн кылым башында орустардын диний ойчулу, жазуучу-публицисти В.В.Розанов улутташтарынын жабыры жанына ушунчалык баткам белем, күйгөнүнөн М.О.Гершензонго минтип кат жазган: «Бизде өз Мекенибизге карата ой-туйгубуз жокко эсе: гректерде ал бар; урумдуктарда болгон; еврейлерде, албетте, ал жашайт; француздарда «ажайып Франция» деген мактаныч дайым коштоп жүрөт; англичандарда – «өтмүштөгү Англия»; немецтерде – «биздин эски Фриц». Бир гана Орусия гимназиясынан жана университеттеринен бүткөндөрдө – «Проклятая Россия…»; бизде «Отечество» деген түшүнүк «проклятие» дегенди туюндуруп калган. Мына ушинтет дейт да, ал мен орустардын тагдырына ушунчалык ыйлаймын, орустар кайда жоголду деп ушунчалык кейиймин дейт. Бизде азыр мына ошол 1911-жылдагы, Розанов айткан кездеги, орустардын абалы кайталанып тургандай, ошондогу розановдук кыйкырык азыр ар бир кыргыз зыялысынын жүрөгүн жарып чыгышы керек эле. Тилекке каршы, жымжыртпыз. Көбүбүз кыргыздык патриоттуулук дегенди жарма менен кымызды көөртүп көчөдө сатып пул табуу, кийиздери самсаалаган бозүйлөрдү көрүнгөн жерге тигип коюп, анда тамак кылып сатуу, болбосо ак калпакты башка кондуруу деп түшүнөбүз. А улут үчүн күйгөн, каныбызда ойноп турган мүнөз, менталитет ойгонбой быкшып жатат. Азыр ошол беймарал уктап жаткан нерсени эптеп ойготуп калбасак, а түбөлүк уктаган бойдон жок болушу ыктымалбы дейм…

– Жогоруда Салижан Жигитов, Мурза Гапаров, Алым Токтомушевди кеп башында кыстарып отурганымдын себеби: бу кишилер ар дайым активдүү позицияларын учурунда айтып, жазып коңгуроо кагып турушар эле. Дегеле кыргыз интеллигенциясынын арасында бийликке ар дайым каш кагып келген бул үчөө биздин аткаминерлер үчүн өзүнчө бир «чыйкан» сымал көрүнүп да, бөлүнүп да турушар эле. Анан калса ылым санашып, бирине бири эш болуп келгендеричи…

— Мындай караганда бул үч зыялы кызыктай жашады: мисалы, Салижан Жигитовду ошол кездеги мамлекет башчысы өзүнө кеңешчи кылып алды, Ак үйдөн түз эле Ташкенге элчи кылып жиберди, ошол эле Аскар Акаев дагы сиз айткан Мурза Гапаровго мамлекет эсебинен үй берди, Алым Токтомушов да бергендерди алып эле атты. Бирок булар ошол бийликтин ыргыткан сөөгүнө алданып, алардын ырын ырдап берген жок. Алар эл көйгөйүн көтөрүп турду. Булардын интеллигенттиги ушунда. Өздөрүнүн ошол кездеги абалын Мурзаке мындай деп айткан жери бар: «Ырас, СССРдин заманында «андай чертпей мындай черт» деген идеология болгон. Ага көпчүлүк «чертмекчилер» өз кызыкчылыгы үчүн, албетте, унчукпай баш ийип, ошол идеологиянын каалаганындай чертип беришкен. Бирок көпчүлүктүн арасында сыртынан «Маш ботойду» черткен болуп, а ичинен сыздап, өзүнүн муңдуу кайрыктарын кайрып келгендер бар болчу. Мына эми, «Маш ботойдун» заманы бүтүп, «Көкөй кестинин» заманы келген кез. Шондуктан азыр «Маш ботойчулар» пенсияга чыгып, «көкөй кестичилер» өздөрүнүн ички кайрыктарын кайрып отурушат. А алардын муңдуу күүсүн уккандар аз». Тилекке каршы, Гапаров кеп кылган «маш ботойчулардын» заманы бүткөн жок. Кайра бир башын алсаң эки башы чыга калууда. Айланайын ата-бабабыздын «күйгөн адам – кошокчу» деген керемет сөзү бар. Ал үчөө ошол күйгөн адамдар болгон. Орус телекөрсөтүүсүндөгү бир жолугушууда Орусиянын таанымал кинорежиссеру Никита Михалков мындай бир ойлорун айтты: орус мамлекети борбор жактан орустарды чыгышка карай сүрүү керек, биздин келечегибиз дагы, иштей турган ишибиз дагы ошол чыгыш жагыбыз, андыктан Сибирь жак боюнча өзгөчө кам көрүүсү зарыл деди. Эмне үчүн? Чын эле азыр ойлоп көргөндө Орусиянын табийгый шарты катаал чыгыш жагы келечексиз деп эсептелип, ал жерден орустар АКШ, Израиль, Европа өлкөлөрүнө, Орусиянын борбордук аймактарына көчө качышууда, мунун айынан мектептер жабылып, айрым деревнялар аңгырап бош калууда. Булардын ордун ким толтурат? Албетте, кытайлар, вьетнамдыктар, азыр аябай эле өсүш алып, дүйнөнү дүрбөлөң түшүрүп аткан индиялыктар ал жерлерге байыр алышы мүмкүн. Анан кавказдыктар, борборазиялыктар, ошонун ичинде биздин кыргыздар да бар дейли. Эгер ушундай болсо бара-бара Сибирь жакта орустар азайып, ал жерден орустук таасир экинчи, үчүнчү, андан өтүп эң арткы планга сүрүлүшү мүмкүн. Белгилүү киноишмери ошону айтып атат болуш керек. Эгер ошондой болсо, орустар баягы Ермакка чейинки жери менен Орол тоонун күнжүрүш жагында гана калат. Мына ушул дүйнөлүк миграциялык процесстер кыргыздарды дагы бир проблемалар менен кездештириши бышык. Айрым маалыматтарда азыр кыргыздардын жарым миллионго жакыны, айрымдар бир миллионго барып калат дешет, айтор, жалпы калктын олуттуу бөлүгү кийинки жыйырма жылда сырт өлкөлөргө убактылуу иштеп кеткендер экен. Алардын эң көбү ошол Орусиянын чыгыш жагында. Алар ошол жерлерде орустардын ордун толтура алабы, деги эле алардын Ала-Тоосунан алыстап кеткени туурабы, туура эмеспи деген ойлор да түйшөлтпөй койбойт.

Бул кеткендерди билбейм, алардын неберелери кыргыз болбой каларына ишенип эле турам. Демек, азыркы мигранаттар урпактарын кыргыз кыла албайт, аны үчүн аларга шарт жок. Же дагы биздин АКШга кетип, барып иштеп, үй-бүлө күтүп алгандарыбыз балалуу болушса, наристесин «АКШ жараны» деп каттап, «кыргыз» дегенди документтерине жазышпайт. Кореядагылар да, Түркиядагылар да кыргыздыгынан ажырайт, ал жактагы көчмөн кыргыздар чоң элге сиңип жок болуп кетет. Ошондо элин тоздурган XX кылымдын аягындагы бийлик башчыларын ашатып сөккөндөн башка айла калбайт. Белгилүү журналист Мелора Стуруанын мындай деген сөзүн ойлошубуз зарыл: «Бийик материялар тууралуу гана ойлоно берүүнүн кажети жок, ар ким өз ордунда иштеши керек, иштегенде да жакшы иштеши керек, кала берсе үйрөнчүк эле бир нерселер менен алектенип жатсаң да. Ошондо гана адегенде сенин үйүң, анан сенин көчөң, шаарың, өлкөң… өзгөрүүгө бет алат… Анан бир күн эле уйкудан турсаң бүт коом ажайып өзгөрүп, күн баарына бирдей жарык чачып калат…» Биз окуп-билген соңку жүз жылдагы улут тагдырында кыргызды улут катары, эл катары көтөрүп чыгайын деген жетекчи аз болгондой да, андан көрө өзүмдүн жылуу ордумду сактап турайын, башкалардан сөз укпайын дегендер көп болгондой. Элди эмес көчүктү сактоо биринчи орунга коюлгандай. Буга бир чети тоталитардык коом да айыптуудай, мамлекеттик саясат да ошого бурулуп тургандай. Эне тили деп зар какшаган, 16-жылкы Үркүн окуясынын чыныгы себебин чукуп чыккан, кыргыз деп күйгөн биринчи муунду 37-жылы окко тостук, 49-50-жылдарда «Манастын» айланасында чуулган түшүрдүк, окуу китебине улуттук фольклорду көп киргизген Т.Байжиев менен З.Бектеновду жиберчү жакка жиберип ийдик, Ташым Байжиев ошол жактан келбей калды, Зыяш агай «үй түрмөсүндөгүдөй» жашады, К.К.Юдахинди, С.М.Абрамзонду «кыргыз улутчулдугу» менен айыптадык, кыргыз тилин орустарга окутабыз деген И.Раззаковду элинен кууп, дагы бир жолу улут сыймыктарын балчайтып, жок кылып аттык.

Азыр да кыргызды жок кылуу жүрүп жатат. Будуң-чаң түшкөн, доорлор алмашылган мезгилдердин эң опурталдуу нерсеси – баланы бузуп алуу. Биз аларды ошол бузулуудан сакташыбыз керек. Сактаганда анын ден соолугун, керт башын сактоо жөнүндө гана эмес, анын ички рухий дүйнөсүн, балалык таза көрөңгөсүн, пакиза, баёо ааламын сактап, ошолорду бузбай келечекке өткөрүүбүз керек эмес беле деп ойлонобуз. Мен бир жолу «Одиссей» деген борбор калаадагы китеп дүкөнүнө кирдим: китептердин көптүгүнө жана ушунчалык кооздугуна таң калбай коюуга болбойт, оозум ачылды, жомоктордон эле миңдеген чыгарылыштар турат. Анан мен дүкөнчү кыздан «Кыргызча жомок китеп барбы?» деп сурадым. Кыз жактырбагандай, мени жапайы кишидей бир карап алды да, «бар эле» деп кыргызча жомок аңтарып кирди. Кудай жалгап он миңдей китептердин арасынан бир кыргызча жомок таап чыкты. Таап чыкса, анысы да Пушкиндин «…өлгөн кызы» болуп чыкпаспы?..

Мына кыргыз баласынын китеп дүйнөсү, баш калаанын баш дүкөнүндө кыргызча китептер 0,01 пайызды да түзбөйт. Анан кантип кыргыз баласынын, кыргыз улутунун эртеңи жөнүндө ооз толтуруп сүйлөй аласың, анан кантип Кыргызстанда бардык элдер жана улуттар тең укуктуу деп айта аласың? Балким бул улуттун улут катары жоголушунун башталышы болуп жүрбөсүн? Дагы бир жолу 4-класста окуган кызым «Байчечекей» деген журналды көтөрүп келиптир, мугалим «10 сомдон бергиле деди» дейт, кубанычы ичине батпайт. Ырасында мен да кубандым. Жоготуп алган «Байчечекей» кайра ошол жылы көктөмдө көз жарганына сүйүндүм. Ошол эле кезде «Байчечекейдин» багы 5-6 жылдан бери ачылбай, «Кырчын» кыйылып, «Жеткинчек» балдарга жетпей турган ушул чакты эстеп, бир кезде 60-150 миң нуска менен чыккан бул басылмалар 3-4 миңге гана түшүп калганына ким (эмне) айыптуу экенин билбей башым катып атты. Ала-Тоолук агартуучунун абалы азыр башка, алардын «информациялык жарылуу» кылымында дале болсо колу кыска, окуюн десе гезиттин баары саясат, криминал, эротика, анын үстүнө алар айыл жерине жетпейт, жеткенине да чөнтөк чак келбейт. Деги эле мен соңку жылдарда мектептерде же көчөдө «Ч.Айтматовду» же «Манасты» көтөрүп жүргөн балдарды көрө албадым. Бул биздин эле Орусия Федерациясында ушу тапта билим берүү тармагы үчүн 30 газета, 70 педагогикалык журнал чыгып атат да, аларга 30 миңдей макала басылат. Жылына 15 миңдей педагогикалык багыттагы 70-80 млн. нускада китеп жарык көрөт, демек аларда мугалим маалымат жана усулдук жардам ала турган, кругозорун көтөрө турган «информация мухити» бар, бирок алар ошого да ыраазы болбой, муну да аз дешип кыйкырып атканына күбө болуп калганыбызды айта кетейин, биз бул жактан да өксүп турабыз, анын үстүнө биздин салык саясатыбыз, гезит-китеп таркатуу системабыз да ушунчалык ынсапсыз, булар айыл мугалимине жана анын окуучусуна атайын «маалыматтык чаңкоо» жаратууга гана салым кошуп аткандай…

Соңку жылдарда мамлекет эсебинен балдар үчүн китептер чыкпай, мектеп китепканалары толукталбай жатканы аябай эле өкүнөрлүк чындык. Азыр китеп окуу деген балдар үчүн жат боло баштады. Социологдордун изилдөөлөрү боюнча мектепти бүткөндөн кийин жаштардын 10 пайызы гана классикалык чыгармаларды окубаса, калган 90 пайыз адамдар жалаң эле детектив, эротика, секс дегендей китептерди окушат экен. Бул көрүнүшкө айыпты кайдан аңтарабыз да, алдын ала эмне кылабыз деген маселе көтөрүлбөй койбойт. Маданиятка бюджеттин «ашканын бөлүү» саясаты акыры барып ошол мамлекетти алып жыгарын тарых нечен жолу тастыктаган. Учурда балдардын көп алаксый турган нерсеси – албетте, компьютер жана телевизор. А бирок алардын балдарга арналган көрсөтүүлөрү аз, өтө аз. Мисалы, Кыргызстанда эң көп көрүлгөн телеканал ОРТ, алардын балдар берүүлөрү орточо жалпы көрсөтүүлөрүнүн 5,8 пайызын гана түзгөн. РТРдики – 3, ТВЦныкы – 3,9, НТВныкы – 0,8 гана пайыз. А изилдөөлөр боюнча бала бир суткада орточо 2 саат көгүлтүр экран астында көшөрүп отурат экен. Андай болсо ал эмнени тиктеп отурат? Албетте, атасы менен баласы кыз талашып калган латынамерикалык же мафиялардын мушташ-тиштешин, өбүшүп-жытташуусун өлө берген жазгы козу карындай жамырап чыга келген орусиялык сериалдарды, болбосо голливуддун боевиктери менен эротикаларын карап отурушат да. Алардын кыргыз баласына таалим берер бир да данеги жок, данек болмок түгүл биздин динди, улутту, менталитетти мыскылдаган идеялар толтура. Ошол жагынан да биздин келечек балдарыбыз билинип-билинбей кыйроого бараткандай. «М-Вектор» деген иликтөө агенттиги Бишкек шаарында бир изилдөө жүргүзгөн, б.а., массалык-маалымат каражаттары эл арасында кандай тараган деген маселени аныктамакчы болгон. Бул ишке 15 жаштан 50 жашка чейинки 1200 киши катышып, жообун берген. Жыйынтыгында эң популярдуу телеканал орусиялык 1 канал – ОРТ экен, болжолу борбордун 249 миңдей тургуну ушул каналдын берүүлөрүн күн сайын тиктешет, анын да көрсөтүүлөрүнүн ичинен эң эле көп көрүлгөнү көркөм фильмдер жана сериалдар болуп чыгыптыр. Экинчи орунда РТР каналы – 123,6 көрүүчүсү бар, үчүнчү орунда 86,6 миң кишини алаксыткан «Пирамида». Радиолордон болсо «Европа плюс», «Русское Радио», «Хит FM», газеталардан «Вечерный Бишкек» биринчи орунда, экинчи «Дело №», үчүнчү орунда «Комсомольская правда».

Элди өзүнө тарткан бул массалык-маалымат каражаттарына ыраазы болгондон башка сөз жок. Кеп башкада. Деги биз кайсыл өлкөдө жашайбыз? Биздин өлкөнүн аты эмне да, негизги калкты кайсыл улуттагылар түзөт? Маселеге ушул өңүттөн карап көрсөк? Анда бир топ көйгөйлөр көлкүп чыгат. Биринчиси, неге кыргыз тилиндеги телерадио, гезиттер Кыргызстандын борборунда 1-орунда эмес. Эгер жанагы көрсөткүч Орусиянын бир шаарында болсо нормалдуу көрүнүш болмок, антпей ал кыргыз өлкөсүндө болуп атпайбы. Андай болгондон кийин бул көрүнүш биз өзүбүздүн улуттук жүзүбүздү, улут катары борбор калаадагы ордубузду жоготуп бараткандыгыбызды каңкуулап турбайбы. Экинчиси, жанагы популярдуу телеканалдар, мисалы, ОРТ же РТР Кыргызстандын идеологиялык иш аракетин оң жолго салуу үчүн кандай кызмат кылып атат? Билинбейт! А балким улуттук трагедиянын бир учу ушунда да жатат.

— Жогорудагы үч инсандын тагдырынан улам ошол көзү өтүп кеткен үчөөндөй чынчыл адамдарга бүгүн абыдан чукак болуп турганыбызда: өткөндө Сиздин эки мерте чечкиндүү позицияңызга абыдан ыраазы болдум. Биринчиси: Фетхуллах Гүлен туурасында эң биринчилерден болуп ой-пикириңизди ачык билдирген адам сиз болдуңуз көрүнөт. Экинчи жолу да «Кыргыз адабияты коркунучта» деп эң биринчи коңгуроо кагып, бийлик өкүлдөрүнүн көзүн жооруттуңуз десем болот. Себеби бийлик башындагылардын ишаратысыз мындай кылтың саясат жүргүзүлүшү мүмкүн да эмес. А кенен алып караганда: бүгүнкү күндө билим берүү системасында Фетхуллах Гүленге каршы саясат жүргүзүлө баштаганы да, «Кыргыз адабияты коркунучка» кабылганы да чын-чынында глобалдык өтө маанилүү маселе экендигин терең аңдабай жаткандайбыз… Дегеле ушул эки маселенин артындагы «ит өлүгүн» кеп кылсак кандай болор эле?

— Гүлендин мектептери дегенде биз өлкөдөгү «Себат» билим берүү уюмуна караган кыргыз-түрк лицейлерин түшүнөбүз. Чынында ал мектептин окуучулары Фетхуллах Гүлен ким экендигин дале билбейт, сиз экөөбүз В.И.Лениндин эмгектерин жаттап окушкандай анын эмгектерин окушпайт. Ал бай киши деле эмес. Жашынан диний билим алып, ислам илимине акыл-ою канып, дүйнөнү билим менен өзгөртүүгө болорун, адамдардын руханий жакырдануусун илим жана билим аркылуу байытууга мүмкүн экенин түшүнгөн киши. Азыркы Түркия бийлигине Р.Эрдоганды алып келүүгө кол кабыш кылган инсан. Дүйнөнүн 140тай мамлекетинде жергиликтүү улут менен бирге түрк лицейлерин ачууга идея берген адам. Алардын билим берүү мазмуну жана технологиясы дүйнөлүк пешкадам стандарттарга туура келет, бүтүрүүчүлөрү кандай гана кадрдык атаандаштык болбосун ошого жарайт. Мисалы, Кыргызстандагы «Себат» лицейлеринен окуган окуучулар дүйнөнүн 45 мамлекетинде иштеп жатышат. Болгондо да жакшы кызматтарда, дүйнөлүк ири компанияларда камчы салдырбай эмгектенишүүдө. Айталык, Ат-Башынын кулуну Вашингтон университетинде англис тилинде сабак берет. Мындай мисалдар толтура. Бул лицейлер дүйнөлүк алкакка чыгууга абдан жардам берди. Эң биринчи кезекте «Себат» билим берүү мекемелери дүйнөнүн эң алдыңкы билим берүү мекемелеринин технологияларын, окуу китептерин, методикалык колдонмолорун пайдаланышат. Табигый-математикалык билимдерди англис тилинде окутуп жатат. Алардын абдан жакшы жатакана, эркек жана кыз балдарды өзүнчө бөлүп окуткан жакшы системасы, таланттуу балдар менен иштөөнүн мыкты технологиялары бар. Мен ошон үчүн бул лицейлерди Гүлендин «Хизмет» кыймылындагы мектептер деп чануу Кыргызстандын билим берүү системасына урулган чоң сокку болот деп айтып келе жатамын. Элибиз илгертеден «Жети өлчөп, бир кес» дейт, бир нерсени жок кылуу оңой, аны куруу азап менен тозок. Биздин советтик билим берүү системасынан артыкчылыктуу жактары көп болчу, бирок бир нерсени айтуудан коркчу, ал – ар бир баланын жөндөм-шыгы ар түрдүү боло тургандыгы жөнүндөгү теория.

Мына ошону эске албай СССРде бардык бала бирдей деп карачу. Гүлен мектептери мына ушул стеротипти талкалады. Таланттуу балдарды гана тандап алып, алардын ошол талантын ташкындатты. А талант деген жерде жатпайт. Бир мисал, Эрнесто Инаркиев деген жигитибиз шахматтан өспүрүмдөр арасында жакшы ийгилик жаратты эле, ошону көрүп-билип калган Калмак Президенти Кирсан Иллюмжинов бизге караганда жакшы шарт түзүп, өздөрүнө алып кетти. Дүйнөнүн эң чебер кол тобу спортсмени Т.Дүйшөбаев, мыкты боксчу О.Назаров, музыкадан да бир топ, бир топ таланттарыбыз, алардын ичинде Жеңиш дегин жигитибиз, бийчи А.Токомбаева, кинорежиссёр Д.Асанова, Н.Эген, жазуучу Муса Мураталиев ж.б. табылгас таланттар сыртка кетип калышкан. Кезегинде жаңыдан перестройка деген нерсе башталган жылдарда же андан кийин эгемендүүлүк алган кездери биздин өлкөдөн адистер, өзгөчө еврейлер, немистер кетип жатса, биз анчалык таназар алган эмеспиз, кайра «кетсе, кетсин» деген мамиледе болгонбуз. Көрсө, бул биз үчүн чоң жоготуу экен. Азыр бүт КМШ өлкөлөрүндө «мээлердин агылышы» же «утечка мозгов» деген нерсе тууралуу кабатыр макалаларды күн сайын жазып жатат. Чын эле айрым өндүрүш ишканаларынын, илимий иликтөө тармактарынын иштебей калышында ошону иштетип жаткан иш билги адистердин кетип калышынын үлүшү болот. Аларды кезегинде сактап кала алат белек? Азыр эми ошол кыймыл токтодубу? Ушундай ойлор да улут тагдырын ойлогон кишилерден кыйгап өтпөйт. Мына карап көрүңүз, Кыргызстандан ар кандай программалар, чакырыктар менен жыл сайын сырткы өлкөлөргө жүздөгөн балдар окуу үчүн кетет. АКШ, Германия, Орусия, Улуу Британия, Түркия ж.б. өлкөлөрдө жүздөгөн кыргызстандыктар билим алышууда. Анан ошолордун бир тобу биздин бюджеттин эсебинен да окушат, демек аларга акча коротуп атабыз. Бирок ошолор кайра бизге кайтып келишеби? Кызык факт – Орусиядан сыртка окуганы кеткендердин 70 пайызы Ата Мекенине кайра кайтып келүүнү ойлошпойт экен. Бул цифралар бизге да дал келиши мүмкүн. АКШда азыр математиктердин 30, теоретик-физиктердин 50 пайызы Орусия жана КМШдан баргандар болсо, суперзаманбап «Майкрософт» корпорациясында 250 орусиялык программисттер иштешип жатыптыр. Ошол кеткен орусиялык атуулдардын ордун ким толтуруу керек, албетте, КМШдан, анын ичинде бизден да барып аткан орустар менен еврейлер.

Ошон үчүн азыр бизден окуудан кетип аткандар айлыгы жана жашоо шарты кыйла жогору европалык жана орусиялык шаарларда жашагысы келет. Ошондо биз алардын сүйүнчү пулдан тартып, бала бакча, мектеп, пособие жана башка чыгымдарына банкрот болгон бойдон даяр жемибизди жедирип кала беребиз. Адистер ар бир окумуштууну жоготуу өлкө үчүн 300 миң долларынан айрылуу дешет. Анан да кеткендер негизинен көп жыл күч бере тургандар – жаштар, мисалы, орусиялык кеткендердин орто жашы 26 жаш экен. Бул да кыйла ичти ачыштыра турган нерсе. Азыр орусиялыктар мындай өсүш болуп турса Орусия бара-бара илимий-техникалык потенциалынан бир топ ажырайт деп барабан кагып, «мээлерди агызбай» кармап туруунун жолдорун издештирүүдө. Олчойгон Орусия, илимий-техникалык жана кадрдык потенциалы күчтүү өлкө ошентип аткан соң биз да ойлонуп, атайын программаларды түзбөсөк, жакында «мээлерсиз» каларыбыз бышык. Бизде негизи таланттуу балдар көп, мындан жыйырма жылдай илгери Ө.Мамаюсупов Ноокатта таланттуу балдарды топтоп «Билимкана» ачты эле, дароо эле алардын балдары 100% жогорку окуу жайларына өтүп жатышты. Өзгөчө зээндүүлөр дейбизби, зиректер дейбизби, таланттар дейбизби, мунун баары улуттук байлык. Талант деген жерде жатпайт деп илгертеден айтылып келет. Бул айрым бир адамдардын мээ түзүлүшүнө, урук-тукумуна же насилинен деп коёбуз, иши кылып ошолорго гана байланыштуу эмес, аларга кошумча жаратылыштын дейбизби, жараткандын дейбизби, айтор, миңден бир адамга берилген тартуу. Рамис Рыскуловду мээси чоң деп жүрбөйбүзбү, ошон үчүн анын ырларында, сүрөттөрүндө күтүүсүз нерселер келе калат болуш керек. Кыргыздарда ошондой таланттуу балдар барбы? Бар?! Алар кайда?! Ким билет, балким араба сүйрөп «Ош» базарда жүргөндүр, балким витамин жетпей ошол жөндөмүн өлтүрүп аткандыр, балким апасына кошулуп самса жасап отургандыр. Ушундай балдарды окутуу-тарбиялоо боюнча атайын программа түзүү зарыл. Талант адамга кам көрүүгө байланыштуу окшобойбу.

Орусия атайын мамлекеттик деңгээлде «Одаренные дети» деген программа кабыл алып, бул үчүн 2000-жылы бюджеттен 4,7 млн, 2001-жылы 11 миллион рубль каражат бөлгөн. Бул акчаларга таланттуулар изделген, слёттор, конкурстар, олимпиадалар өткөн, пристиждүү окуу жайларына контракттары төлөнгөн, чет жактарга жиберилген, акылдууларга бапталган өзүнчө татаал окуулуктар чыгарылган. А бизде ошондой таланттарды издөө иши өтө төмөнкү деңгээлде. Муну мамлекеттен же министрликтен күтүп тура бербей областтар, райондор дале аткара берсе болмок. Өзгөчө байлар жардам беришсе. А биздин байлар – прихватташтыруунун продуктулары. Рынок экономикасын пайдаланып, алгачкы мыйзамсыздыкты, башаламандыкты арка кылып байлык топтоп алгандар. Аларды «элитократтар» дейбизби, «клептократтар» дейбизби, не деген менен булар баары бир азыркы улут рухий маданиятын көтөрүүгө караганда нейтралдуу өлкөлөргө алып барып акчасын катууну артык көрөт же мектептен чоң хансарайларды салып алууга киришет. Же эптеп парламентке келип элге көрүнүүнү, байлыгын коргоп калууну ойлошот. Ушулар балким улут сыймыгы болгон балдарды бир-экиден бөлүп кетип, ошолорго кам көрөр беле деп ойлойсуң. Не бир акча кетирген акаевдик «XXI кылымдын кадрлары» деген программанын балдары кайда, аларга төлөнгөн олчойгон каражат кумга сиңип жоголдубу? Мында Жапониянын тажрыйбасын алып көрөлү. Аларда мектептеги эң башкы сабак – жапон тили. Бул тилдин оозекисин жана жазуусун үйрөнүү балдардын эске тутуусун өстүрөт, салт-ырасымдарды жакшы билишине алып келет. Жапон иероглифтерин жазуу үчүн үлкөн тажрыйба топтоо керек, анан аябай тыкан болуу зарыл. Булардын тыкандагы балким ошол жазууну үйрөнүү түйшүгүнөн улам келип чыкканбы деп да ойлоп кетесиң. Алардын жазуусунун эле үч системасы мектеп окуучулары сөзсүз өздөштүрүүчү нерселер болуп саналат. Күн Чыгыш өлкөсүнө «кандзи» деген кытай иероглифтери 6-кылымдан бери колдонулуп келет, байыркы бай мурасынын көбү ушул арип системасында жазылган, ошон үчүн балдар «кандзини» сөзсүз окуп-үйрөнүшөт. Анан дагы ар бири 46 тамгадан турган «хираган» жана «катакан» деген ариптери бар, аларды үйрөнүшөт. «Кандзинин» өзүнүн эле миңдей белгилери бар.

Мына ушундай тамга «балакеттери» жапон баласын түйшүккө салат. Бирок ошол эле кезде бул түйшүк балдардын байыркы мурастарды баалай билишине үйрөтөт жана каллиграфиялык көндүмдөрүн калыпка салат, сулуулук тууралуу эстетикалык табитин көтөрөт деп эсептешет адистер. Ушул жапон иероглифтерин башка тамгалар менен алмаштыруу тууралуу да айткандар көп болгон, бирок ага көпчүлүк көнбөй келатат, башкы аргумент: кийинки муун мурастарыбызды окуй албай калбасын дешет. Жапон мектептеринде мугалим бардык балага бирдей мамиле кылууга көнгөн, баланын жакшы-жаманы болбойт, болгону алардын жалкоосу жана тырышчаагы болот дешет. Ошон үчүн да өлкөдө таланттуу балдар жана таланты жоктор үчүн атайын программалар түзүлгөн эмес. Репетиторлук курстар мыкты уюштурулган, алардын «дзюку» жана «тбико» деген формалары ири шаарларда кеңири таралган. Мындай кечки жана жекшембилик курстарга башталгыч мектептин өйдөгү класстарынын 80% балдары жана орто мектептин 95% окуучулары тартылган. Ушулардын таасириненби, окуучулар классында экинчи жылга калбайт. Мектептер ЖОЖдорго кирүүгө зарыл болгон билим берүүгө толук гарантияланбагандыктан да жогорудагыдай курстарга катышкандардын саны арбын. Балдар атайын эсеп боюнча башталгыч класста сабак өтөт, башкача айтканда, саноону, алуу-кошууну үйрөнөт, биздегидей калькулятор алып отурбайт, аларда компьютердик технологиялар аябай өскөн менен балдардын логикалык ой жүгүртүүсүн өстүрүү үчүн эң биринчи эсептөөнү, санакты билиши керек дешет. Кийинки отуз беш-жыйырма жылдагы жалпы дүйнөдөгү, анын ичинде Жапониядагы илим менен техниканын таң каларлык бурулушу айрым атуулдарды кооптондуруп, жапон билим берүү тармагынын глобалдашуусунан, батыштык, америкалык таасирге берилип кетишинен, ошолордун моделин кургак кабыл алуудан кооптонгон көз караштар да өкүм сүрдү. Мына ушундай жагдайлар өлкөдө билим берүү тармагынын үчүнчү реформасын баштоого түрткү болду.
Орто мектептин жогорку класстарына ийкемдүү окуу пландары түзүлүп, зачет системасы киргизилди. Инсанды кайра курууга багытталган программалар иштелип чыкты. Буларда билим алуу гана максат кылынбастан, баланын чөйрөдөгү аракеттенүүсүнө да оңтойлуу багыт берилди. Демек, мындай системада дүйнөлүк стандарттагы билим берүү менен бирге эле байыртан жапон салтында катуу сакталып келаткан милдет жана эркиндик тууралуу түшүнүктөр алдыңкы планга чыгат. Анда өз алдынча иштөө принциби калыптанат, турмуш кайыгында өз калагы менен сүзүп кете берүүнү үйрөнөт. Жапон мектеби индивидуалдашууга үйрөтүүнүн мектеби деп койсо да болот. Ошол эле кезде алар батышты ээрчип, ошол жакка ыктап кетүүнү осолдук катары көрөт, эң башкысы өз салтын сактоо үчүн күрөшөт. Түркияда болсо атуулдары жашы да, карысы да түрк элдеринин, анын ичинде Түркиянын келечегине аябай ишенип карашат. Алардын аң-сезимине XXI кылым жана андан кийинки жүз жылдыктар түрк дүйнөсүнүн биригиши, ааламда эң чоң күчкө айланышынын, түрк тили БУУнун расмий бир тилине жетишинин мезгили деген идея сиңдирилген. Бай адамдар өздөрү эле акча чогултуп аны билим берүү тармагына жумшашат, балдардын келечегинен өткөн байлык жок деп эсептешет. XXI кылым согуш куралдарынын кылымы эмес, идеялардын кылымы, кимдин идеясы, идеологиясы кыйын болсо жеңиш ошонуку дешет. Ошон үчүн алар арак ичпейт, жүзүн карагыла таптаза, балдары да таза төрөлөт, демек генофонд жакшы уланып жатат дешке болот. Кореянын болсо билим алууга умтулуусуна негиз түзгөн бир жагдайы бар. Маселен, орто мектепти бүтүрүүчү экзамендерин жакшы бере албаса, ал барктуу университетке кире албайт, а ошол мыкты университетти бүтпөсө аны ишке оңойлук менен албайт, а түгүл кыздарды же жигиттерди үй-бүлө куруу үчүн тандоодо да анын кайсыл окуу жайын бүткөндүгү эске алынат. Сеул мамлекеттик университетин бүткөн жигитти ар кандай жакшы компаниялар жумушка алат, кызмат тепкичтери жогорулайт, кыздар да шынаарлашып өзгөчө мамиле калат. А экинчи даражадагы барк-баасы төмөн окуу жайына кирип калсаң тагдырың биротоло экинчи катардагы адам болуп чечилет, жашоо-шартың жакшырбай, аз айлык алып, жумуштан жумуш кыдырып жүрө бересиң. Балким бул да бизге сабак болор азиялык, а мүмкүн түштүк кореялык гана өзүнчө менталитеттин бир белгисидир. Же болбосо Индиянын мисалы. Индиялыктар башка өлкөлөрдө көп иштеп, жакшы акча таап атышыптыр. Алар биздин мигранттардай жөнөкөй жумушчулар эмес, чоң айлык алган, дүйнөнүн биринчисибиз, экинчисибиз деген өлкөлөрдө медицина, компьютер тармагында иштегендер, окумуштуулар.

Мына ошол дүйнөнүн эң мыкты өлкөсүнө индиялык кадрлардын иштеп жатышы да биз үлгү ала турган өрнөк. АКШда болсо адамдар өңү-түсүнө, расасына, динине, бул же тигил идеологияга жакындыгына карабай бир Америка өлкөсү үчүн күйүп-бышып турат. Кинолорун караңыз, эгер ошол фильмдерде эки полицей башкы каарман болсо, сөзсүз бирөө каратендүү киши болот жана алар бири-бирине эриш-аркак жүрүшөт. Демек, бул да элди бириктирүү идеясы. Же Кытай. Социализм менен эле элин да багып, элинен ашырып бизди да багып келатат. Бизге окшоп коммунисттери «кызыл билеттерин» ыргытып кетпеди. Өткөнүн шыбап «поктошподу». Жөн гана партиянын ичин сасыткылардан тазалап алышты. Же ушул эле кошунабыз Өзбекстанды алалы. Өзүнүн «өзбектик өзгөчөлүгүн» сактап келди. Өзбекстан ошол эле кезде азыр автомобилдер державасы катары дүйнөгө таанылды: Асакеден «Тико», «Дамас», «Никси», «Матиз» чыкса, Самарканддан «СамКочАвтонун» үнөмдүү автобустары менен жүк ташуучу машиналары чыгып атат, Анжиандан поезд вагондору жасалууда, Ташкенттен Самаркандга жана Фергана өрөөнү тарапка тез жүрөр электр поезддери каттай баштады. Ичинде жалаң өзбек тили, өзбек музыкасы. Мамлекет белек берсе да, бирөөлөр лотерея ойнотсо да байгеге өз машиналарын коюшат, өз автолору өздөрү үчүн арзан, үнөмдүү. Ташкенттин ичинен кесип өтчү, саатына 90 чакырымдан төмөн жүрбөй турган, светофорлор кезикпей турган, бүт шаардын түштүгү менен түндүгүнө 14 минутада өтүп кетүүгө мүмкүн болгон тез жүрөр магистралдар курулду.

Биз дүйнөлүк мейкиндикке киребиз деп, «түрк модели», «европа модели», «кытай модели», «швецариялык модель» деп отуруп «кыргыз» дегенден ажырап калдык. «Кыргызстан – жалпыбыздын үйүбүз», «Кыргызстан – адам укугунун өлкөсү» дегендей ураандарды чыгарып салдык эле, 40 жашка чейинкилердин тең жарымы арабдашып кетти, 50 жаштан өйдөкүлөр орусташып бүткөн эле. Анан ким кыргыз болуп калат? «Манасты» ким окуйт? Ушуларды ойлойсуң. Биздин азыркы абал өрттөнүп жаткан айылдай. Өрт эбак кеткен. Ошол өрт кеткенди моюнга албай атабыз. Бизди чет өлкөлүк донорлор, өкмөттүк жана бейөкмөт уюмдар көп каржылап калды. Келип алып алар картошканы кантип тигүүнү, кочкорлорду кантип койго ашырууну үйрөтүп, семинар-пеминар, тренинг-пренинг дегендерин өткөрүп, грант-прант дегендерин берип таштайт. Жазуучу Тимур Зульфукаров мында он беш жылдай мурда айтты эле: «Үй күйүп атканда өрт тууралуу семинарларды өткөрүп, четөлкөлөктөрдүн ошол багыттагы тажрыйбаларын үйрөнүп отурар заман эмес. Ансыз да он беш жылдан бери обу жок сөздөр менен өзүбүздү алдап келебиз». Бизде да ошондой. Уялбай айтканда бирөөлөргө жалдырап-жалынып, чөгөлөп турган абалга келдик, чөгөлөөдөн ким куткарып, башыбызды ким көтөрөт? Ушундай кезде советтик учурдагадай оозубузга талкан салып отура беребизби же келгендердин тамагы менен арагына тоюп, тост көтөрүп жүрө беребизби, бул эң эле олуттуу чечим. Эгер бул жагынан чөгөлөөдөн кутулбасак ушул жерде туруп «келгиндердин» кызматкерине айланабыз да, акыр барып америкалык индейлердин акыбалына түшөбүз. Ошон үчүн акүй-көкүйдө улуттук «кыргыз бийлиги» болуш керек, кыргыз маселесине күйгөн накта улуттук, бирок шовинисттик эмес массалык-маалымдоо каражаттары, улуттук кызыкчылыкты көтөргөн бизнес аракеттүүсү шарт. Өркөнү өскөн өлкөлөрдө бул кадыресе кабыл алынган туура түшүнүлгөн көрүнүш. Өзгөчө чет жактан жана ичтен ар кандай провокатарлор жамырып көбөйүп жаткан азыркы биздегидей чакта.

Мына кара, азыр «кыргыз» дегендер эмне болгону турат: Тажикстанда кыргызча атылыштар, мисалы, Туура-Суу, Алтын-Булак, Марал-Кокту дегендер эми жок болот, ордун тажикче аталыштар ээлейт, Өзбекстандын кыргыздары окууга, ишке алуу түйшүгүнөн улам паспортуна «өзбек» деп жаздырып атат, Кыргызстанда паспорттон «кыргыз» деген графаны алып салганы турат. Ушинтип, кыргыз жок болот. Бир гана тарыхта кыргыз-бурут менен кылымдар бою душман болуп келген кытайлар кызыл-суулук кандаштарыбыздын паспортуна «кыргыз» деп жаздырып, ошол жакта 200 миңдей кыргыз калгыдай…

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *