Илгери бир акылман карыя жашаган экен. Анын жалгыз уулу болуптур. Бала чоңойгондо акылы тайкы, оюнкараак чыгат. Ата-энесине кол кабыш кылбайт. Буга атасы капа болуп жүрөт.
Кыш түшүп, бир күнү кар жаайт. Атасы уулунан короодогу карды күрөп коюшун өтүнөт. Баласы жалкоолонуп:
— Башым ооруп атат, — деп жатып алат.
Атасы короодогу карды күрөп атып, тайгаланып жыгылып бутун кокустатып алат.
— Эгер уулум тоодон таяк кесип келип берсе, бат эле оңолот элем, — дейт атасы уулун сынамакка. Уулу:
— Мен азыр эле кыркып келе коем, — тоого жөнөйт. Жолдо баратса, таякчан бир кары адам кезигет, аны коркутуп таягын тартып алат да, сүйүнгөн боюнча атасына келет. Атасы таякты отко салып жиберет. Уулу үндөбөйт. Атасы:
— Уулум, эгер таякты өз колуң менен кыркып келгенде, таяк күйбөйт болчу. Эми менин оорум айыкмак турсун күчөдү, — дейт.
Уулу кайра тоого жөнөйт. Жолдо ойлонот: “Кар калың. Аяз минтип чыкылдап турат. Тоого жетмегим азап болот ко? Андан көрөкчө базардан эле сатып алайын”.
Ошентип, базардан таяк сатып алат да, атасына алып келет. Атасы бир аз ойлонуп отуруп, таякты шарт сындырып салат. Уулу үндөбөйт. Бул жолу карыя уулуна эч нерсе айтпастан, тескери бурулат. Уулу атасынын капалуу түрүнөн чочуп, эми чындап эле тоого жөнөйт. Эчен кыйынчылык менен барып, таяк кыркып келет. Атасы бул жолу таякты алыс ыргытат. Ошондо уулу ыйлап жиберет. Жолдогу кардын калыңдыгын, үшүгөнүн, ачка болгонун, тоодон карышкыр көргөнүн айтат. Ошондо атасы бул жолу уулунун таякты чындап мээнет менен алып келгенине ишенет. Баласына мындай дейт:
— Уулум, менин оорумдун дарысы сенин чындык сөзүң болчу. Эки жолу калп айтып, таякты оңой жол менен таап келдиң. Үчүнчү жолкусунда гана өзүң барып, тоодон өз колуң менен кыркып келдиң. Эми мен тез эле сакая баштайм.
Ошол окуядан кийин уулу чынчыл, ак ниет, эмгекчил боло баштаптыр.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *