— Бейшебай байке, көптөн бери кабарлашпай кеттик, абалыңыз, чыгармачылыгыңыз кандай?

— Көп көргөндү мен да көрүп, эл катары жүрөм. Ал эми чыгармачылык жагына келсем, ичим анча чыкпай турат.

— Анда илим жагына көбүрөөк ооп кеттиңиз го?..

— Бул менин колумдагы иш эмес. Бул жагынан мен өзүмө ээлик кылалбайм. Кайсынысы мени жетелеп кете турган болсо, мен ошол жагына ооп кете берем. Азыркы учурга келсем, мени көркөм чыгармачылык байлап алды көрүнөт. Отуруп, кагаз бетине түшүрө элекмин, бирок бир аңгеме жазуу менен мээмди эзип келем.

— Аты эмне?

— «Даараткана».

— Коюңузчу, деги эмне жөнүндө?

— Аны өзүм да толук билбейм. Бир билгеним — биз өзүбүз аңдап-аңдабай, кылкылдатып жутуп бараткан нукура кыргыздык касиет, керемет болсо керек деп боолголойм.

— Анда ушуга байланыштуу бир суроо: сизде чыгармачылыктагы күтүүсүздүктөр болду беле? Мисалы, муну айтам деп атып, башкага бурулуп кетип дегендей…

— Болбой эле, дайыма болгон жана боло берет. Билсең, чыгармачылык дегендин өзү турган турпаты менен күтүүсүздүк. Мына, кичинекей кезиңде көп эле уккандырсың, башың шылкылдап үргүлөй баштагандале, ата-энебиз: «Аа… Кара кемпир жетелей баштаган экен…» деп күлүп калышчу. Чын эле, анан өзүбүзгө өзүбүз ээ болалбай, отурган жерибизде томурайып уктап калчу эмес белек. Көркөм чыгарманын жаралуу механизми деле куду ушундай — жазалекте өзүң кожоюнсуң, жаза келгенде Кара кемпир жетелеп кетет. Бир мисал: ушул жылы силердин гезитке жарыяланган «Чымчыктар сайрап жатат» аңгемемди мен тээ 1986-жылы баштаган экем, ошондон бери жазбай (же жазалбай) жүрүп, мына быйыл эки күндө бүтүрүпмүн. Мен адегенде мындай ойду айтайын дегем: аялы чымчыктар сайрап жатат, үйгө бирөө келет окшойт десе, а күйөөсүнө бирөө эмес, ымыркай кезинде чарчап калган бөбөгү келгендей сезиле берет. Бүттү — ушул: өтө жөнөкөй, өтө так. Аңгемемди бүткөндөн кийин окуп чыгып, мен мына буга ынандым: жазып атканымда Кара кемпир мени түз бараткан жолдон «адаштырып», далай азапка салды. Чынымды айтайын, мен азыр бул аңгемемде эмнени айткым келгенин өзүм да оңгулуктуу билбейм. Ырас, мында деле чымчыктар сайрайт, мында деле аялы ошол сөздү айтат, мында деле ал терезени карайт. Бирок учуп кеткен ымыркай бөбөгү келгендей сезилет деген ой-сезим жок сыяктуу. Анын ордуна наристелик тазалык, бир боорлук сезим, өлүмдүн эмне экенин биринчи жолу туюу ж.б. ж.б. ээлеп калыптыр. Айтор, бир кабат үй курам деп, он кабат куруп алып, анан бул кандайча болуп кетти деп башы маң адам сыяктуумун…

— Кызык… Ошо күтүүсүздүк кайдан пайда болот деп ойлойсуз?

— Муну мен билбейм. Бул балээни эчким билбесе керек. Билбей эле коелу. Биз аны билип алсак, мага көркөм чыгарма таптакыр жаралбай калчудай, биз аны таптакыр жараталбай калчудай сезиле берет. Ошентсе да, мындай күтүүсүздүк, балким, көркөм өнөрдүн өзүнчө бир сыйкырдуу мыйзамыдыр. Биз бул дүйнө, тиги дүйнө бар деп коебуз го, мындан башка өтө табышмактуу үчүнчү дүйнө да бардыр. Балким, үчүнчү дүйнө көркөм дүйнөдүр. Сен сураган Кара кемпириң дал ушул үчүнчү дүйнөдүр?..

— 90-жылдардын айланасында чыгармачылыгыңыз гүлдөп тургандай болду эле. Азыр солгундап калган жокпу?

— Чын эле, 90-жылдарда күргүштөтүп жакшы иштеген көрүнөм. Докторлук диссертациямды коргоптурмун. Буга кошул-ташыл «Бука» повести баш болгон бир нече аңгемени, көркөм очеркти жарыялапмын. Бул балким, анда ооматым келип турганыдыр, мүмкүн социализмдин демидир… Азыр ойлосом, демим дымый түшкөндөй сезилет.

— Эмне үчүн?

— Кээбир бактылуу сүрөткерлер болот, үстөлгө отура калсале илхам чымындары дыңылдап учуп келип, анан аны чарк айланып кетпей тура берет. Ал болсо күжүлдөп жаза берет, жаза берет… А мен мындай бактыдан кур калгамын. Каалаймбы, каалабаймбы, баарыбир дымуу шоруна кабылбай койбойм. Анын үстүнө өзүң билесиң, заман да аңтар-теңтер болуп, башаламандык башталып кетти. Биз дел болуп отуруп калдык. Көңүл кайт болду. «Деги бүгүнкү күндө адабияттын кереги барбы?» деген пикирлер жаай баштады. Ушулардын баары чыгармачылыкка таасирин тийгизбей койбойт окшойт.

— Баса, сиздин дымый түшкөнүңүзгө мүмкүн замандын, буга жараша адамдардын пейил-кую, психологиясы кескин өзгөрүшү, анан сиздин мындай өзгөрүшкө шыдыр эле сүңгүп киралбай, ага ылайык тема таппай калганыңыз да таасирин тийгизген жокпу?

— Мен буга таптакыр түшүнбөйм жана түшүнгүм да келбейт. «Бүгүнкү жазуучулар жаңы заманды, психологияны өздөштүрө албай жатышат, ошондуктан жакшы чыгармалар жаралбай калды» деген сөздү көп эле угуп жүрөм. Уккан сайын итиркейим келет. Кызык, бүгүнкү күндө да бүткүл дүйнөнү тамшандырган Чехов же өзүбүздүн эле Айтматов, эмне ушу бүгүнкү базар экономикасын, психологиясын жазды беле? Темир доорундагы адамдарды жазасыңбы же бүгүнкүнүбү, кеп кайсы мезгилди, эмнени жазууда эмес да, кеп кандай жазууда болуп атпайбы!

— Чыгармачыл чөйрөдөн кимдер менен жолугуп, баарлашып турасыз же өзүңүз менен өзүңүз эле бук болуп жүрөсүзбү?

— Бүгүн мага чыгармачыл адамдар гана эмес, дегеле элдин баары томолой жетим калгандай туюлат. Баарыле бир-бирине жолугуп, кучакташып көрүшүп, эзилише сүйлөшүп аткансыйт. Анан кичинеле узаган соң, ким менен жолукканыңды, эмне жөнүндө сүйлөшкөнүңдү таппай, эсиң эңгирейт да, кол шилтеп, көртирликтин көйгөйүнө төнүп кетесиң. «Кайдан бүткөн бизге бул адат» дегендей, мындай балакет, көңүлкоштук кайдан келди? Билбейм… Же эмне, бул капитализмдин бизге тартуулаган берекесиби?!

Өгүнчөрөөк мындан 20 жыл мурун «Мектеп» басмасында чогуу иштешкен бир сүрөтчү карп-күрп алдыман чыга калса, аликке жарабай, бакырып жибере сактадым. Менин өң-алетимди көрүп, ал да чочуп кетти: «Эмне болду, Бейшеке, эмне болду?..» «Кечирип койчу, сени өлүп калган экен деп жүргөм…» дедим мукактанып. Далайдан бери көрбөгөндөн кийин, чын эле мен аны өлүп калган экен деп жүргөм. Ал да түшүндүбү, «аа, өмүрүм узун болот экен да…» деп, күлүмүш болду. Эсилим СССР учурунда эки күндүн биринде: жыйындардабы, же редакциялардабы, же дагы башка жердеби, такай жолугушуп, чер жазыша баарлашып, кээде чукчуңдашып, атүгүл чачташа кетип, анан эч нерсе болбогондой тарап кетчү эмес белек. Азыр анын бири да жок. Кээде бирөөнү жайына тапшырып барып, көрүстөндө гана көрүшүп калчу болдук. Анан ал мен жөнүндө, мен ал жөнүндө «Аа, сен да тирүү жүргөн экенсиң» деп ичибизден ойлоп, бир-бирибизден минтип сурашып коебуз: «Баланчаны көрүп жүрөсүңбү?» Жөн-жай жолукканда деле баягыдай ысыктык, табигыйлык жок, кандайдыр бир жат, бейтааныш адамдар сыяктуубуз. Көрсө, акылман калкыбыз: «Көзү алыстын көңүлү алыс» деп таап айткан тура. Ушуларды ойлоп отуруп, кээде бу биздин түбүбүзгө жалгыздык жетеби деп селт этип кетем. Өзүмө келсем, чыгармачыл адамдар менен байланышпай калганыма көп жыл болду. Кээде же окуганга, же жазганга көңүл чаппай, кимдир бирөө менен сүйлөшкүм келип, кадимкидей буктанып, куса болом. Жолугушуп сүйлөшөйүн десең — бирөөсүнүн да колу бош эмес болуп чыгат. Шалдыраган жаның ого бетер шалдырап, отуруп каласың. Мындан 10-15 жыл мурун сен экөөбүз эки күндүн биринде жолугушуп, баарлашып турчу эмес белек. Анан… Мына эми минтип 7-8 жылдан бери сени биринчи көрүшүм. Сакалың, баскан-турганың баягыле бойдон. Бир аз тотуга түшүпсүң, Олжоке…

— Сиз жалгыз калдык деп атпайсызбы, бирок азыр жолугушууга мүмкүнчүлүктөр көп го. Телефон менен болсо да байланышып атабыз го…

— Чыгармачыл адам эл кайнаган жерде жүрсө да, жетесинен жалгыз адам. Мен жалгыз калдык деген жокмун, томолой жетим калдык деп атам. Ал эми телефон, соткаңа келсек, ушуларың жерге кирсин. Буларың ансыз деле темирге айланып бараткан жаныбызды биротоло темирге айландырып, жаны тынат көрүнөт. Мына, жер семирткичтин адам тили келбеген канча түрү бар, бирок ошонун баары биригип келип, өзүбүздүн кыгыбызга жетпейт. Ушул сыңары, бүгүнкү байланышуунун мыкты формасы катпы деп ойлойм. Кат аркылуу гана төрт дүйнөңдү жайып, ыймандай сырыңды төгаласың.

— Узак жылдар бою узанып, аягына чыгалбай, сизди эзип келаткан чыгармаларыңыз барбы?

— Андай чыгармаларым көп эле болсо керек. Эстеп көрөйүнчү (ойлонуп калды – О.Ш.). Аягына чыгалбай эмес, толук бүтүп, бирок таза баракка көчүрүп жазалбай жүргөн чыгармаларым да бар экен. «Жүрөк сууга агып баратат» деген повестимди, «Коңгуроо», «Жолдогулар же чарчагандар» аттуу көлөмдүү аңгемелерди мен эчак эле бүткөм, бир гана таза баракка көчүрүшүм керек. Бирок эмне үчүн буга жараган жокмун? Мунун себебин азыр өзүм да билбейм. Ал эми аягына чыгалбай жүргөн чыгармаларыма «Карагул ботом» повестимди, «Дөң», «Открытка», «Кат», «Плащ» өңдүү аңгемелеримди айтсам болот. Аягына чыгалбай койгонумдун себеби ар кандай. Бирөөсүн жазып келатып, же орто жолго келгенде, же мына бүтөйүн деп калганда, башың каңгырап бош калып, андан ары эмне жазарыңды билбей, шалдырап отуруп калышың мүмкүн. Анан ошол бойдон уланбай калып, дымуу доору башталып кетет. Экинчисин жаза баштаганда, кимдир бирөөгө жолугуп, чыгармаларыңдын мазмунун ага дердеңдеп айтып берсең, ал: «Кой, мунуң эчтекеге жарабайт, болбой калыптыр…» деп койсо, ындының өчүп, таштап саласың. Анан ал чыгармаң да чалажан бойдон калат. Үчүнчүсүн болсо бир жерине келгенде, «кой ушул жеринен токтото турайын, калганын эки-үч күндөн кийин улантайын» деп таштап саласың. Эки-үч күндөн кийин балээнин уланта аласыңбы, бул үчүн чалажан чыгармаңдагы көркөм дүйнөгө куду муруңкуңдай сүңгүп кирип, жуурулушуң керек. А бул тирүүнүн тозогу. Жазганыңды миң жолу кайталап окусаң да, баягы дүйнөнү табалбайсың. Ошондой эле баягы ыргак да жок, сезим да жок, дем да жок. Жоготуп жиберген чыгармаңды кайрадан ордуна тургуза албайсың го, дал мурункудай деңгээлине жеткире жазалбайсың го, бул да андан өткөн тозок. Ошондуктан, атаңдын гөрү, колдон келсе баштаган чыгармаңды бир дем менен аягына чыгаралсаң кана! Мен чалажан чыгармаларымдын алдында өзүмдү күнөөлүү сезе берем, ичим күйө берет…

— Эми ошол чалажан чыгармаларыңызды аягына чыгараласызбы?

— Билбейм.

— Жаңы чыгарма жазууга киришүүнүн алдында кандай абалда болосуз?

— Туталанам. Эч ким менен деле урушуп-талашпайм, бирок эмне экенин билбейм, өзүмдөн өзүм эле кыжынып, туталана берем. Ушул маалда мага калем да, кагаз да коркунучтуу сезилет. Калем кармагандан, кагаз карагандан кадимкидей заарканып турам. Анан эле бир маалда колума калем алып жазып кирем да, жазган сайын жаным жай ала баштайт. Ошентип, өзүмө ээлик кылбай, Кара кемпир жетелеп кете берет… Ошондуктан чыгармачылык дегениң — бул уйку-соо ортосундагы абал болсо керек деп да ойлоп калам.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

«Dе-факто» гезити (№43, 01.07.08-ж.)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *