Кеменгердин кебин эш

Биз, баарыбыз тең эртедир-кечтир жолго чыгабыз. Жакынкы шаарга, алыскы жерге, чоң турмушка. Адам тагдыры ушундай.

Жол — кыргыз поэзиясынын сүйүктүү кырааты. Жолго чыкпаган бир дагы акынды жолуктурууга мүмкүн эмес. «Аттандым алыс сапарга» — акындар үчүн айтыла жүргөн сап. Кайда, эмнеге аттанганы тумандуу, бирок кооз. Арийне, туу туткан бийик максаты бардай, ошого жараша өпкөсү өтө көөп алгандай.

Жолдун образын мен кырчындай кезимден эле кыйла так түшүнчү экем. Жол — бул өзүңдү өзүң өстүрүү, жетилтүү аракети. Адеп-ахлак жагынан, илим-билим жагынан. Абийирдүү адам болуу. Билимдүү адам болуу. Кадыр-баркка жетүү. Мени ошентип тарбиялашкан. «Абийирдүү адам кайсы кызматта болсо да турмушту алга сүрөйт, — дечү атам. — Адамдык сапаттан кем, көкүрөгү көр туруп, көрүнгөн кызматка жулунган жаман».

Ушул сөз көңүлүмдө жоопкерчиликтин салмагын арттырганын сезем. «Адам катары, адис катары ушуга татыктуумунбу, мага тагылган жоопкерчиликти актай аламбы?» деп ар дайым өзүмдөн өзүм сурайм. Моюнга тагылган милдетти абийирдүү аткаруу үчүн бар күчүмдү аябайм.

Андыктанбы, айтор, бир кызматка илинип калса, өзүн өтө салмактуу, салабаттуу санап, абсолюттук акыйкатты, акыркы чечимди чөнтөгүнө салып алгансып, кырданган, сурданган адамдарга түшүнбөйм, атүгүл кыжырымды келтирет. Андайлар ал кызматы чөнтөгүнө кошумча дагы канча каражат түшүрөрүн, дагы кандай мансапка ээ кыларын алдынала эсептеп, чоттоп келишкени — андан да жаман.

«Уядан эмне көрсөң, ошону аласың» дегендей, менимче, бардыгы балалыктан башталат. Мен ар дайым эртеден кечке кызылча талаасында бел чечпей эмгектенген апамды эстейм. Апам бөлүнгөн коңшу аянтта иштегендерден артта калбоого аябай жан үрөөчү, анткени алар көп балалуу болгондуктан, кеминде төрт-беш жардамчысы болор эле, а апамдыкы жалгыз мен элем. Албетте, аларга атаандашып жете алчу эмеспиз, бирок жетүүгө аябай аракет жасачубуз. Бир күнү үйгө кеч кайткан апам атама: «Тигилерге жеттик» деди. Анда атам күлүмсүрөп: «Кубатбек турганда жетпей калат деп күмөн санаган эмесмин» деди. Ошондо бир кудуңдап өзүмө өзүм сыймыктанганым эч качан эсимден кетпейт. Ардактуу ата-энем ошентип, менимче, адам мүнөзүнүн эң маанилүү белгиси — өз кажары, кайраты, карандай эмгеги менен бутка бекем туруу тарбиясына мени тымызын бышыктырыптыр.

Мен атам менен апамды жандай жакшы көрөр элем. Мен кудай берген биртоп жашты жашадым, согушту көрдүм, куугун-сүргүнгө кабылдым, кыскасы, кандай гана кыйын-кысым күндөр башымдан өткөн жок. Бардыгын көтөрдүм. Көтөрүүгө апамдын ысык мээри дем-күч берди деп ойлойм.

Ашмалтай нерселерди айтып атсам, айкөлдүк кылып кечирип коюңуздар. Бардыгы ата-энесин сүйөт, ата-энеси — балдарын. Айтайын дегеним, ойдогудай жакшы кыртышка көмүлбөсө, үрөн жер бетине кулактанып өсүп чыкпайт. Анын сыңары ата-энеңе, жакындарыңа, иштеген ишиңе жалындап күйгөн сүйүүң болбосо, Атамекениңди, эли-жериңди сүйүп жыргатпайсың. Атамекенге, элге болгон сүйүү өтө кубулма — көзгө көрүнбөйт, колго урунбайт, андыктан аны жандүйнө жандоочусуна, көкүрөктүн «көкөйтемирине» айландыруу үчүн адамдарга, ишке болгон сүйүү тажрыйбасына терең кыртыш даярдоо зарыл. Ал мындан улам эске түшүп атыр: дардаңпоз саясатчыларды, көпчүлүк учурда өз көкүрөгүн өзү каккандан башка жүрөгүндө жылуулугу жок адамдарды байкап отурсаң, кудум эл алардын сүйүүсүнө ишенбей же шек санап аткансып, эки ооз сөзүнүн биринде Атамекенди, элди, Манасты сүйүүнү ала чуркайт. Ага окшогон ыйык сезимдерди көрүнгөн жерге көтөрүп чабуунун артында кандайдыр бир абийирсиз, митаам, арам аракеттер турат. Ыйык нерсе жүрөктө сакталат, аны тынымсыз айта берсе, ал ооздун желине, алабарман сөзгө, элдин акыл-эсин арбап, мээсин айландыруунун амалына, куралына айланат.

Бизде көбөйгөндөн көбөйүп бараткан чечендердин сөзүн албетте, угуу керек, арийне, алар акылга сыяр жүйөнүн ордуна биз ыйык санаган сөздөрдү жамгырдай жаадырса — ишенбөөңөрдү суранам.

Мен туулуп-өскөн Чоң-Арык айылында негизинен орустар жашай турган. Анын аркасы менен балачагымдан орус тилин жакшы билип, ал эч кандай апыртмасыз менин андан наркы рухий жана адистик жактан өсүшүмө эң зор өбөлгө түздү. Азыр совет мезгилин сөгүү ашатмай адатка айланды. Жолбашчылар — жырткыч, коммунистер — канкор болчу, мектептер жалаң мыкаачылар менен чыккынчыларды чыгарган дешет. Андайдын бири да эсимде жок. Жолбашчылар алыста эле, коммунисттер ар түркүн, арасында мыкты адамдары да көп боло турган, мектепте бизди чынчыл, кайрымдуу бол, эмгекти сүй деп окутчу. Же андай эмес беле, ардактуу мекендештер? Ага болбой эле азыркы саясат кызыкчылыгынын кылычын чапкандар өткөндү тебелеп-тепсеп, бир нече муундун, анын ичинде менин маркум ата-энемдин өмүр жолун жок кылып атканда, ачыгын айтуу керек, ичимден кан өтөт. Көзүмөн жаш агып, кыжырданам. Алар жашаган, сүйгөн, мээнеткеч, кайрымдуу, таза адамдар эле. Алар жер жүзүнө жакшы турмуш орнооруна жан-дили менен ишенген жана ал үчүн канын да, жанын да аяган эмес. Жоор чукушмай эң жогорку жакта болгонуна алар күнөөлүү эмес, советтик империя карапайым калктын катасынан кулаган жок, бийлик башындагылардын эки жүздүүлүгү менен акмакчылыгы ашынып кеткенинен кулады.

Адамдарды алдады, алар ишенди, Кыргызстан баарынан байгер мамлекет болот деген убаданы азыр да угуп атабыз, бизди кайрадан алдап аткан жокпу? Мен бардыгын ачык айтып көнгөн адаммын. Акыл тегереткен адам мага түшүнөт деп ойлойм. Ошентип ачык айтам: Совет бийлиги дүйнөгө белгилүү кенемте-кемчилигине карабай, 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин бытырап жок болуп кетүү кообунда калган кыргыздардын тагдырына бактылуу бурулуш жасады. Кыргыздарды сактап калды, калк кылып калыптады, билим берди, театр ачты, өнөр жай курду, эл ичинен азыр дүйнөгө аты дүң улуу адамдардын чыгышын шарттады. Качан, кайда жана кандай мезгилде жок дегенде, бир кыргыздын аты бүт дүйнөгө угулду эле?

Арийне, бул бурулуш тарыхтын бир кыска мөөнөтүндө ишке ашты. Совет мезгилине чейин, улуу кыргыз дөөлөтүнөн соң кыргыздар ондогон кылымдар бою өз тагдырын издеп, тоо аралап, талаа кезип күн өткөргөн, дүйнөдө алар тууралуу эч кимдин кабары дээрлик жок болчу. Андыктан мен А.Сыдыков, Ю.Абдрахманов, И.Раззаков жана башкалар өңдүү Совет мезгилиндеги кыргыз ишмерлерин кош колдоп колдойм. Совет мезгилиндеги жолбашчыларын тарыхынан сызып салбаган башка постсоветтик мамлекеттер сыяктуу эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөндөр катары алар дагы айрыкча сый-урматка арзыйт.

Менимче, аларга жасаган мамиле, сыйды айрым тоталитардык мыяттарын эсепке албаганда, бизге багыт берген дөөлөттөргө да жасасак болмок. Алар бизди уурулукка, талоончулукка, калпка, зордукчулукка үйрөткөн жок. Алар бизге чынчыл бол, эмгекти сүй, башка элдерди да урматта деп үйрөттү. А биз бөрк ал десе, баш алып салдык. Тоталитардык режимдин мыяттарына биз умтулган дөөлөттөрдү таштандыга кошуп ыргыттык. Ошентип каңгырап бош, жайдак калдык. Ал боштукка жапайы рынок жин оорусу жабалактап жабышты. Сатып ал, сат, алда! А көз ачып-жумгуча келечексиз, ишсиз, ач-жылаңач калган адамдар эмне кылмак? Аман калуунун баардык айла-амалына кайыл болмок!

Демократия өңдүү, эркиндик өңдүү, башкалардын укугун өзүңкүндөй сыйлоо сыяктуу дөөлөттөр ылайланган аң-сезимди айланып өттү, бери дегенде, өз учурунда өздөштүрүлгөн жок. Курсагың курулдап ачка турса, кайдагы эркиндик? Бир кесим наныңды тарттырып ийемби деп коркуп атып, башкаларды кантип сыйлайсың?

Бир эсептен кудайды тилдеген жана чектен чыккан тоталитардык мамилелерди эске албаганда, Совет бийлигинин дөөлөттөрү дин дөөлөттөрүндөй эле кеп. Биздин куу тумшук идеологдор бул эки дөөлөттүн бирдейлигин кылдат, аяр ачып берүүнүн ордуна антисоветчиктер менен алысты көралбас публицисттерди ээрчип, совет мезгили кылган-эткендин баарына какырып, түкүрүп жатып алышты. Ошону менен калың калктын — анын ичинде мен да бармын, — аң-сезимин будуң-чаң кылып салды. Кайда барабыз, кимге ишенебиз? Совет бийлигинин таза, ак жүрүү, эмгекти сүйүү тууралуу насааты демократия менен диндин таза, ак жүрүү, эмгекти сүйүү насаатынан эмнеси менен айырмаланат?

Совет мезгилинин айыбын ачуу кызыкчылыгы, социалдык өтмө-катарлыкты (преемственность) жоюу максаты кайсы түзүлүштө болбосун турмуш өзөгүн түзгөн моралдык дөөлөттөрдүн өтмө-катарлыгын да одоно бузду. Коммунизмби, капитализмби, демократиябы, айтор, кайсынысы кандай сонун болсо да, турмуштун өзөгү — адеп-ахлак.

Күнүмдүк тирликтин күйүтүндөгү адамдардын ойлонгонго оңуту келген жок. Алар жапайы рынок менен бийлик таңуулаган эрежени эрчибеске аргасыз болду.

Мен пайгамбар эмесмин, сыйкырчы да эмесмин, сиздерге акыл үйрөтүүгө менин эч акым жок, антүүнү каалабайм да. Тек, биздин мезгил тууралуу ой жүгүртүп, сиздер менен бирге териштирип-тескеп көрсөм дейм. Мүмкүн кимдир бирөөлөрдүн оюн ойготуп, аны мени менен бөлүшкүсү келер. Андай болсо, абдан кубанам. Пикирлеш адамдар көңүлдү көтөрмөлөп, ишеним жаратат…

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *