АҢГЕМЕ

Көчөрбай отуз бештен ооп барып араң перзент көрдү. Жайы-кышын тоо-тоолоп, кырылгыр ак койдон башка барар жолу, бактысы болбогон карапайым чабан догдур-могдур менен деле иши болгон жок. Сол ийнине шайтан конгон күндөрү же бирөөдөн кыйыр какшык сөз укканда аракка ачуусун чылап келип, аялы Ажарды басып жыгылып сабап жатып калчу. Арачыга ээ бербей катуу сабачу да, эки-үч күн ысык тамак ичпей ачка калчу. Аялы чүмкөнө онтолоп төшөктө жатса, казанын ким асмак эле. Көчүгү көмөчтөй эме мешке көң калаганды ушул жашка чейин билбептир. Акыры аялы кыбырап туруп, от жагып, дасмал жайып, чоң чыны кесмени алдына койгондо, ачыгып калган неме алеки мүнөттө эки чоң чыныны бошотуп жиберип, чекесин чыбырчык тер басып, эрди-катындын элдешкени ошол эле.

Ажар айланадан кулагы уккан эмчи-домчу кемпир-кесектин бирин койбой түшүп жүрдү. Бирок боюна бүтпөдү. Мурунку катынындай кылып мени да кетирип жибереби деген түпөйүл коркунучтан да, бир үйдө бозоруп эри экөө тиктешип отурганы жанына батчу. Акыры кысыр калган кунаажынды саттырып, Фрунзеге барып, догдурга бир айлап түшүп келгенден кийинки жылы кыз төрөдү. Андан кийинки жылы эркек төрөгөндө Көчөрбай кысыр эмди тай союп, аракты суудай агызып, той берди. Ошо тойдон мас болуп үйүнө барган Курманаалы уйчу жалаң кыз тууй берген катынынын кабыргасын сындыра тепкени эл учунда дуулдап кеп болгон. Быйыл да көз тийбесин, боюнда бар Ажардын.

Уулу төрт жашка карап кетсе, анда дагы бир жыл күтүшкө туура келет. Баланы үч, болбосо беш жашында отургузат эмеспи. Кыштоодогу чабандар да «Уулуңду отургузасың го» деп той каңкуулашкандан, агасынын кышкы каникулга чыккан баласына койду калтырып, «баланчасында баламды отургузам» деп аяш-жараш, тууган-туушкандарга өз оозу менен айтып, бир эсе колхоздон эки айдан бери ала элек айлыгын алып, тойдун арак-шарабын ала келейин деп, Нарынга камданды. Эки-үч айда төрөйм деп турган аялы кошо дүрбөдү. «Сиңдимдин кудасы келип кетсе да, минтип тоо-тоолоп жүрүп, баралбадым. Барам эле, төрөсөм дагы эки жылга жыла албай калам» деп карын майын, согум этинен жүктөнүп, эки жаш баласын жолго белендеп кийинтип калды. Көчөрбай катынынын мунусуна каршылык кыла албады. «Байкуш, бу деле жапайы болуп бүтмөй болду, төркүнүн бир күн болсо да көрүп, бугу чыксын» деди бир ою.

Коңшу чабандын бир уулу автобус өтө турган кара жолго чейин кош ат менен жеткизип келип, кайра тартты. Чоң жолдон сарайга чейин бир чакырымдай бар го, болжолу. Анын үстүнө быйыл кар калың түшүп, жол нугу билинбей, талаа мелтиреп аппак болуп жатат.

Айлыгыңды ме деп белендеп турган ким бар дейсиң. Алгач башкы зоотехникке, анан кассирге жалынып, жалпактап атып, эптеп маянасын алган Көчөрбай чөнтөгүнө кызарган он сомдуктарды солоору менен салабат күтүп, орус арагынан бир жащик алып, куржунга салды. Эртең эле кайра тартам деген Көчөке кийинки күнү да кете албады. Кайнагасы карын майын, этин аябай көтөрө келген карындашына ыраазы болгонбу, анын «конок болуп кеткиле» деген бир ооз сөзүн кыя албай, эртеңкиге калышты.

Нарындан автобус эрте эле чыккан. Жер тоңголок, жол тайгак. Сары «ПАЗик» Долонго кылдырап жылып чыгып, жылмышып отуруп түшүп, Сары-Булакка келгенде кыштын карыш күнү төбөдөн ооп калган. Сары-Булактын тоосу да кызык, сааттан мурда аска тумшугун жерге салат.

— Он беш мүнөт пририп, — деди шилби кара шоопур.

Автобустан чубай түшкөн эл кимиси ашканага, кимиси кыркалай дүкөндөргө жайыла басты. Тээ Нарындан чыкканда эле Аккыя, лахолдук тааныш үч чабан менен бака-шака түшүп, арткы узун орундукта төгүп-чачып арак ичип келаткан эри Ажардын канча тыйган сөзүн кулагына илбеди. Кайнагасы экөө түндө катыра ичкенин улам айтып коет Көчөр. Мурду Кара-Кужурга карап токтогон автобустан түшкөн төртөө түз эле ашканага киришти. Ажар чиедей жаш балдарынан улам сыртка чыга албады.

— Кандай кудай урган немелер, элди күттүрүп, — деп кейий бакылдаган шоопур — Жыйырма мүнөт күттүм. Мас эмелер сөз угар түрлөрү жок. Эриңди барып жетелеп келчи, карындаш! Кечтеп баратат.

Ажар элден уялганынан автобустан атып чыкты. Ашкананын бурчундагы столдо беш эркек бака-шака түшүп арак ичип атышыптыр.

— Көчөрбай, автобус күтүп атат, болбойсуңбу? — деди жини келе, эрин жеңинен тартып.

— Челкейген… энеңди! Күтө турсаңар өлүп кетесиңерби. Бар, азыр барам! — деди күйөөсү жанындагы эркектердин алдында шагы сына түшкөнүнө ызырына.

Автобус дагы он мүнөттөй күттү. Ансыз да Нарындан чыккандан эле тынчтык бербей келаткан кызуу кишилердин мындан аркы жолдогу кажы-кужусун уккусу келбегендер шоопурга «Айдабайсыңбы, ай», «Менчик машинеси болсо да эмне болуптур», «Мастар чыкмак беле, кете берели» деп чуулдап жиберишти. Автобус ордунан жыла жөнөгөндө «Кое турсаңар боло, уятыңыз барбы?» деп оозу бош өтүнгөндөн башка сөз айталбады. Кызы гана «Атам эмнеге калып калды» деп ыйлаганы болбосо, жүргүнчүлөр тиги мастардан кутулушканына сүйүнгөндөй, ар ким жан тынчтыгын каалап турду.

Нарын дайра башталган Кара-Каман, Балгартка чейин созулуп жаткан чоң жолдун бери башындагы айыл, ондогон сарайлардын тушунан улам түшүп кала беришип, Ак-Ташка жете бербей серейип үч-төрт эле жүргүнчү калды. Сарайы тушка келгенде Ажар ай талаага түшүп калды. Каш карайып бараткан. Шоопур «Жаш балдарың, алдыгы оор жүгүң менен жете албайсың го» деген болду ооз учунан. Жана Сары-Булактан «уятыңыз барбы?» деген сөзгө ичинен теригип калгандыктан, келиндин жагдайына кайдыгер эле.

— Ыракмат. Ат менен тосуп алышмак, — деди келин да шоопурду жактырбай. Ажар да бул кара шили шоопур эрин күтө турбаганына жини келип калган. Автобус узап кетти.

Иңирдеги сыркаар суук сөөктөн өтөт. Түштүк туштагы бир чакырым ары тоо кыркалары карарып дүпүйөт. Күрткүсү, түзү билинбеген талаа мелтиреп, маңдайдан соккон таштай муздак жел кар үйлөйт. Кайниси автобус караанын агылгалап туруп, атчан тосуп алат ко деген үмүтү заматта карарып кеткен түн менен кошо өчтү. Уулун жонуна алып, эки оор кара сомкени эки колуна көтөрө энтигип-кышылдаган келин кар малтап беш кадам жылып барат да, отуруп калат, кайра туруп барып карга тыгылып ыйлап аткан кызын жетелеп келет. Эми уулу безилдеп ыйлап кирди.

Ажардын жаны көзүнө көрүнө баштады. Өзүн унутуп, сөөктөн өткөн сууктан эки чүрпөсүн кайда коргоорун билбей, боюн алга урган сайын курсагындагы али жарык көрө элек чүрпөсү да булкуп-булкуп тээп, энесинен тынчтык суранат. Күндөгү ай да жок төбөдөгү. Кайра кар жааганы турат көрүнөт, асман урачудай капкара. Тизеден өйдө кар жиреген Ажар улам алга жылган сайын каруусу кете баштады. Акыры ырп этерге алы калбай баратканда, угулаар бекен деген үмүттө «Аай, Теми-ир!», «Аай, Чери-ик!» деп бир кайнисинин, бир коңшу чабандын атын чакырып кыйкырат. Бет маңдай соккон муздак жел угузчубу. Куураган куурайдын уңулдаган үнү гана уңшуйт.

Эми эне сенейип тоңгонунан ыйлаганга жарабай калган эки чүрпөсүнүн улам биринин колу-бетин үйлөп, укалап жылытып, улам жанталаша алга жылып баратты. Жанатан сүйрөй келаткан эки кара сомкени ойлогон да жок. Терезе жарыгы жылтырап көрүнгөнсүгөн үлбүл от ааламдын аркы четинде сыяктуу сезилди. Улам жылган сайын от аралайт. Күрткүгө тыгылып жыла албай калган соң, жанатан алка-шалка тердеген келиндин колу сенейип, чаты керилип, денеси безгектей титирей баштады.

— Кудай ай, күчүктөрүм, — деп кыбырады эриндери.

Эртеси Ак-Таштагы дүкөнгө бараткан атчан чабан ак кар баскан талаанын ортосундагы карарган эмне болду экен деп атын темине келип, жүрөгү оозуна тыгыла, арыдагы сарайды карай чапты.

Чабандар чогула кайра бат эле чаап келишти. Боюнан түшкөнбү, кар кан, чуңкурдагы күрткүгө тыгылган келин чалкалай түшүп, төрсөйгөн курсагын эки колу менен мыкчыган бойдон катып калыптыр. Жоолугу желкесине түшүп, саамай чачын муз ширеп, көзү ачылган бойдон кыштын бозоргон жапыс асманын үнсүз тиктейт. Жашы тоңуп калган экен. Кызы энесинен эки метрдей арыда муз карды тытмалаган тыпыйган колдорунун тырмактары канап кетиптир. Уулу энесинен кол сунуп артта көмкөрөсүнөн былк этпейт. Эки жүз метрдей арттан эки кара сомкени табышты. Бири толо арак. Тоңбоптур…

1985-жыл, декабрь

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *