Дүйшөн агай, өткөндө эле Дача-СУ айылындагы каргашалуу окуяда курман болгондорго терс билдирүү жазган жаштардын кылык-жоруктары коомчулукта катуу талкуу болуп, анын айынан түндүк-түштүк маселеси көтөрүлүп кетти. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү боюнча кандай ойду айтат элеңиз?
— Учурда социалдык тармактардагы эки-үч «Чычкак кыздын» дөөдүрөп, акылга сыйбаган сөздөрдү жазып койгону ушуга чейин талкуу болуп жатпайбы. Эми аны көрө койгон депутат же жөн эле катардагы жаран «Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей өзүнчө эле дуулдатып жатып калышты. Макул, ал кызды укук коргоо органдары жазалап, башкаларга сабак болсун дегендей иштерди жүргүзсүн дейли. Бирок андай келжирбей кептер токтоп калабы? Бул дагы өзүнчө маселе. Эми мындай сөздөрдү айтуудан мурда «Бул сөздөр кайдан чыкты? Мындай оору кайдан келди? Эми муну кантип айыктырабыз?» деген суроо туулат. Башынан баштап сөз кылсак, жанагы кызды баса калып эле жазага тартыш оңой эле маселе. Сегиз жылга эркинен ажыратабыз дешет. Бул жерде тоок уурдагандарды соттоп, киши өлтүргөндөрдү азаттыкка чыгарып жибергендей маселе болуп жатат да. Түндүк-түштүктү бөлгөн сөздү министр, депутаттык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлер айтып чыкса ушундай ажиотаж жасаса болор эле. Алар антпейт, өздөрүнчө топ-топ болуп же үйүндө айтышат. Атаңгөрү, ошондой «Хамелеондор» ачыкка чыкканда, анда мен да элге кошулуп, найзалашат элем. Азыркысы этегинен нары жагын көрө элек кыздар айткан маселе болуп жатпайбы.
— Негизи эле түндүк-түштүк, дегеле бөлүнүү маселеси көйгөйлүү бир ооруга айланды. Мындан кантип арылабыз?
— Ооба, бул маселе боюнча мен дагы абдан көп энергиямды, нервимди коротуп жүрөм. Себеби, мен Союз убагында алыскы Ат-Башыдан ордолуу Ошко барып билим алганмын. Менин жаштык курагым ошол жакта өттү, билим, пайдубалым Оштон куралып баштаган. Ноокен, Базар-Коргон райондорунда беш жыл пахта тергем. Демек, кыргыздын жөнөкөй инсандары бардык жерде кыргыз, бир боор, меймандос экендигин таанып, аңдагам. Бул биринчиден. Экинчиден, чоң атамдын колунда чоңойдум. Ал киши кат таанычу эмес эле. Бирок көкүрөгү тунук, бул ааламды аңдап түшүнгөн, тээ көчмөн турмушунун акыркы үлгүлөрүнөн болчу. Ал кезде жайкысын төө менен Ат-Башынын Ак-Сай, Арпа деген жайлоолоруна көчүп жүрүүчүбүз. Андагы аксакалдар чогулган жерде азыркылардай майда сүйлөшчү эмес, көбүнчө кеп кылгандары улуу «Манас», тарых, санжыра болор эле. Аш-тойлордо «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпосторун карыяларга көп окуп бердим. Себеби, ал кезде радио, телевизор деген жок. Ал кишилер бири-бири менен нарктуу сүйлөшүшчү. Ошол аксакалдардан, чоң атамдан бир да ирээт, «оштук, түштүк ж.б.» деген кекээр же тескери маанидеги сөздөрдү уккан эмесмин. Алар ар дайым «оштук туугандарыбыз…» деп, ыкластуу сүйлөшчү. Кийин мен Ошто окуганымды айттым, айылда мугалим, анан журналистикага аралашып, Ала-Тоонун ар бурчунда болдум. Азыр кыргыз жеринин аймактык өзгөчөлүктөрү деген маани-мазмунда китеп жазып жатам. Тарыхты окуйсуң, маселен Адигине менен Тагай бабаларыбыз Анжияндын үстүндө ордо атып жатышып, араздаша кетишкенден бир туугандардын бири Кетмен-Төбө тарапка көчүп кетип, бири ал жакта калып кеткен деп санжырада айтылып келет. Андагы кыргыздар Фергана өрөөнүн Баргана деп аташчу экен. Ушуларды изилдеп отуруп, кайра « Манас» дүйнөсүнө келесиң. Биздин тарыхыбыз, энциклопедиябыз, өзөгүбүз ошол «Манаста». Алооке алгач Анжиянды чапкан. Ошондо айтылып атпайбы:
«Бири кетти Каңгайга,
Бири кетти Алтайга,
Бири кетти Урумга,
Бири кетти Кырымга.
Бири кетти Эренге,
Бири түшүп кетти тереңге…»
Көк жал Манас Алтайдан тентиген кыргызды чогултуп келгенде хан Кошой тосуп алып, Таласты ордо кылалы, жер ортосу деп атпайбы. Биз «Манасты» алигиче тереңдеп түшүнө элекпиз. Биздин уңгу касиет, кутубуз «Манаста» уюп жатат… Эми өзүбүзгө келсек, эсеби маселен мен ошол Ошто окуп жүргөн мезгилдерде бирөө жарымы «аркалыксың же түндүктүксүң!» деп сөөмөй кезегенин эстей албайм. Ал кезде бийлик, советтик идеология күчтүү болгон. А балким, ошондо деле түндүк-түштүк деген маселе болгондур. Анда деле акмак адамдар болгон да. Бирок коомдо мындай маселе, бөлүп-жаруу ачык-айкын айтылчу эмес.
— Анда Совет бийлиги өлүп, өзүбүз эгемен мамлекет болгондон кийин ушундай бөлүнүп жарылуу «ит оорусу» башталды дейсизби?
— Совет доору кыйрагандан кийин бизге Акаев бийлиги келди. Ошондо курсагыбызда бугуп жаткандын баары калкып чыккандай болду. Ал кишинин саясаты башталганда кылтылдаган саясат болду да. «Шайлоонун шайтан оюндары» деп кыргыз туура атады. Так ошол биринчи президентти шайлоодо түндүк-түштүк маселеси чыга келди. Оору ошондон ырбады. Саясаттын, шайлоонун кесепети бөлүнүп-жарылууга себепкер болду. Мүмкүн ошол кезде бийликке Масалиевдин өзү келгенде мындай бөлүп жаруу болмок эмес. Түз, акыйкат адам бийликке келип, ооздуктап калганда, кыргызды бир багытка бириктирип баштап кеткенде мындай акыбалга кептелмек эмеспиз.
— Эми ушундай туңгуюк абалдан чыгуунун жолу барбы?
— Акыйкатта, «Иттин жолу ача болсо, башы чата» дегендей акыбалда экенибиз чын. Рынок дегенибиз башаламан базар, демократия дегенибиз анархия деңгээлинен шыр чыга албай келатат. Азыркы президентибиз коррупцияга каршы күрөш деп, абдан аракет кылып жатпайбы. Бирок коррупция азайдыбы? Чынында бир топтору камалганы менен тээ Акаев, Бакиев кезиндеги туман тарай элек. Бул маселе да абдан жүрөк оорутат. Ошко барсам, ал жакта түндүктүктөрдү «коңкобай», «аркалык» дейт. Ал жактан түндүктүктөрдү коргойм. Нарын, Ысык-Көл, Таласка барсам «Оштук сарттар» дейт. Ушуларга түшүндүрөм деп атып эле мукурадым. Кыргыз алакандай эл экенин, миң жылдар бою бир хандык көтөрө албай, чачылып, көбөйө да албай келгенибизди, канкакшап айтып келем.
Мен башынан эле, кыргызды жүрөгүндө «кыргыз» деген жалыны бар, таза кыргыз, мекенчил инсан башкарыш керек деген ойду айтып келем. Ошого карата Кыргызстанда жашаган башка улуттар орусубу, уйгурубу, өзүбегиби, баары түзөлүп, мекенчил сезимге келет. Кыргыз ынтымактуу болсо, алар бизди жана мамлекетти сыйлайт. Мына ошондон кийин мамлекет өзү эле оңолуп кетет.
— Түндүк-түштүк деп кимдер бөлүшөт?
— Муну айткандар бөлүп-жаруу сөздөрүн эң биринчи үйүнөн угушат. Иштеген жеринде болот ошондой бөлүнүп-жарылуу. Анан эч жакка чыкпай туруп эле Баткенде мындай экен деп сүйлөй башташат. Чынында Баткенди бир дагы жолу көргөн эмес. Сүйлөсө Африканын жунглисинде жүргөндөй сүйлөшөт. Мындай ит адаттын эң башында тунгуч президент Акаев турган. Ошол киши президент болуп туруп түз башкарбагандан улам ушул түндүк-түштүк маселеси келип чыккан. Андан кийин Бакиев келди. Ал кишини абдан чарбачыл деп жатпайбызбы. Бирок трайбализм, бөлүнүп-жарылуу ого бетер күчөдү. Салижан Жигитов деген агабыз мындан 25 жыл мурда эле азыркыдай акыбалга кептелерибизди айтып койгон. Депутаты же башкасы болобу, жанагы «Оштуктар..» деп оозуна алы жетпеген кызды тепкилегенден мурда өздөрү, «Мен мындай кыргызды бөлгөн, мазактаган арсыз адаттан тышмын!» дегендей бийик адам болушу кажет. Ошол жер сабап жаткандар, биз аркы-беркини көргөн сакалдуу, көкүлдүүлөр жакшы жагы менен сабак болуп бере алсак, жанагы көчөт кыздар андай акмакчылыкка барбайт эле да. «Балык башынан сасыйт» эмеспи. Тимеле асмандан түшкөндөй таңданып, кыжырданып жатабыз. Эй, кыздарыбыздын кайсы кылыгына таңгалабыз, катыгүн… Уйгурга, кытайга, түрктөргө… күйөөгө тийип жаткандарынабы?. Сүйлөп койгонду мындай кой, эмне деген деградацияга барып жатышат. Эми ошол кыздарда мекенчилдик сезим калдыбы. Мына кече эле Алматыдан келген таанышым. «Саунаны тейлеген кыргыз кыздары экен!» деп ыйламакчы болот. Эми ошондой кыздардан, алардан туулган балдардан мекенчилдик сезимди күтө алабызбы… Кайдагы кыргыз, кайдагы мекенчилдик?
«Түндүк-түштүк» деген сасыткы сөздү өзүм аралашып жүргөн адабият, маданият жаатындагы «үлкөн» дегендей эл аңыз кылган кишилерден угуп, төбө чачым тик туруп, жакалашкан учурлар болгон. Бул жаңылык эмес, мындан арылып, жоюунун жолдорун издөө парз, милдет. Ал үчүн мамлекеттик деңгээлде программалуу иш-чаралар кабыл алынып, чапчаң аракеттер көрүлүш керек. Сүлүктүдө, Нарында. Таласта ж.б. университеттер жайнап, ар ким өз үйүндө эле жогорку билимдүү болуп жатса, мамлекеттик кызматкерлер өз аймагынан чыкпаса, кайдагы кан айлануу, алака мамиле болбосо кокту-колот саясатынан арылмак белек?
Бөлүнүп жарылуунун баары сабатсыздыктан келип чыгууда. Мен мисалы Кубатбек Жусубалиевдин жазгандарын жакшы көрүп окугандыктан Алай мага өз айылымдай жакын туюлчу. Ал кишини издеп Алайдын башына чейин баргам. Болбогон кепке алоолонуп жаткандын өзү сабатсыздык. Баары эле атыш керек, өлтүрүш керек, камаш керек деген сөздү айтышууда. Аны кантип тарбиялайбыз деген бирөө жок. Ал кызды эсине келтирип, аксакалдар, коллектив чакырып алып, «Ай кызым уят болот, алакандай эл жербиз. Шордуубуз, сен биздей шордуу болбо, бөлүнбөгөн акылман, баатыр кыргыз бол!» деп, көрүнөө элден кечирим суратып, оң жолго салууну бирөөбүз ойлойбузбу?
— Мына сиз мындай маселенин чечиш үчүн бизде башкаруу системасы жана мамлекет өнүгүш керек деп айтып кеттиңиз. Азыркы биздин башкаруу системасы менен ушул маселелерди чечкенге болбойбу?
— Илгертен кыргызды үйдүн ээси ата башкарып келген. Азыр эми ата башкарат деп дагы айтыш кыйын болуп калды чынында. Атага альтернативдүү апа деген пайда болду. Илгери бир айылды аксакал эле башкарып келген. Азыр парламенттик башкаруу дейт. Ушуларга акылым жетпейт. 120 киши 120 ойду айтып отурат. Биз миң жылдаган кыйсыпыр доорлордон кантип сакталып келдик, башкаруу кандай болгон дегенге баш катырышыбыз керек. Сөз болгондо эле Американы, башканы мисал кылабыз. Американын жөнү башка, алар ар кошкон эл. Американы басып алышып, индеецтерди кырышкан. Кырылып согушуп жүрүп, мыйзамга баш ийбесек болбойт экен деп, азыркы стабилдүү жашоого келишкен. Америка бизге толук үлгү боло албайт. Биз бай тарыхыбыз бар элбиз. Былтыр биздин жерге келген Ваң Жие аттуу кытайлык тарыхчы аалым айым «Хундар, Гундар заманында дагы теңата эл экениңерди эч кандай жалтактабай эле айта бергиле!» деген архивдик изилдөө аныктамаларын көрсөтүп кетти… Азыр парламентте өзү жазып алганын өзү шыр окуп бералбаган депутатты телевизордон көрүп, жакаңды кармайсың. Жогорку Кеңеш — мыйзам чыгаруу органы, демек, жалаң тандалган жөндөмдүү мээлердин уюгу болуш керек эле да. Кыргызстандын интеллектуал каймактары отуруш керек болчу. Эл депутаттыгы эпчилдер жана капчыктуулар машыгып үйрөнө турган полигон болбош керек эле…
Деңгээлге жараша сөз, талкуу, талашуу болот. Өлкөнүн өзөгүн түзгөн кыргыздын бөлүнгөнү башкаларга жүдаа керек. Биздин арабызда сырын ичинде катып жүргөн канча душман бар? Кечээ эле кандай калабаларды баштан кечирдик, сабак алгыдай деле болдук. Же өткөндөр унутулуп калдыбы? Кыргызың кырылып калса да, кылы кыйшайып койбогондор кыргыз кыртышында толтура. Акүй, көкүйдө дагы отурушат маскасын кийип алып… Мен албетте кыргыз элиме ишенем. Далайды көргөнбүз, буйруса мындай кысталыш жолдордон дагы өтөбүз. Ал үчүн бири-бирибизди угуп, аңдап, таанып, баалап жана көп окуп, изденип, тынымсыз эмгектенишибиз керек. Кытайдын байыркы ойчулу Лао Цы, «Мыйзамдар менен буйруктар көбөйгөн сайын, каракчылар менен уурулар да көбөйө берет» десе, өткөн кылымдагы жапан жазуучусу Рюноске Акутагава, «Революция артынан революция жасаганыбыз менен «тандалган жүздөрдөн» башкалардын турмушу оңолбойт» деген. Көрдүңбү, булар эчак эле айтып койгон. Эки жолу революция жасадык жашоо оңолдубу, гүлдөп кеттиби?
— Дүйшөн аке, жыйынтыгында «урууну ойлобой улутуңду ойло, коктуну ойлобой мамлекетиңди ойло» деген учурдагы модалуу ураанга пикириңиз кандай?
— Иним, мен да бир кезде, «трайбализм, тиги-бу» деп уруучулукту жерип жүргөндө кыргыздын бир кедейген абышкасы, « Атаңдын как башы! Ошол трайбализм кыргызды сактап келген! Анда мамлекетиң болбосо, азыркыдай байланышы жок касабалуу тоолордун арасында кантип аман калат элек?» деп кырданган шапкемди кыйшайта койгон эле. Көрсө, биз өткөн совет доорундагыдай тексиз, динсиз болбой, кайра кыртыш тамырыбызды мыктылап изилдеп, кезегинде Азия чөлкөмүндөгү күчтүү каганат-империя болгонубузду, тек жайыбызды, чачылып майдаланган трагедиябызды, өксүк «чылык» адеттерибизди же хандан, бектен кайра тартпаган эр, көкжал, жыланга да ак чачып чыгарган акниет, кас-душманга да дастаркон жайган меймандос мүнөзүбүздү жашырбай, ачык-айкын ортого алып чыгып, ошондой жашоого айланта алсак кана эртеңибиз айкын, келечегибиз кеңейе берерин кеч болсо да түшүнө турган учур келди деп ойлойм…
Маектешкен Үсөн АБДИРАШИТ уулу
«Жаңы Ордо», №02 (539), 27-январь, 2017-жыл

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *