Д-р Мозес РОЗЕН

«Биз силерге келгинбиз да тургунбуз: өлгөнүмдү өз көзүмөн ары жашырууга араңардан табыт батарлык орун бергиле менчиктеп» (Быт. 23.4). 
Авраам алган жары Сарранын сөөгүн жашырууга Ефрондон ушинтип жай сурайт. «Хет уулдарынын» князы Авраамды «Кудайдын князы» атап, кербездене кабыл алганы менен Махкела үңкүрүнөн жай алуу үчүн төрт жүз күмүш сикл төлөйсүң дейт. Авраам жана анын тукуму өлүгүнө да, тирилигине да аркандай ефрондорго акы төлөбөй жүрдү беле, «лам» дебей макул болот. Ефрондун алкы андан да ачылып, ал акыны акчалай эмес, нак тыйын түрүндө алат…

… Ефрон менен соодалашып жатканда «келгиндер менен тургундар» деген сөз Авраамдын оозунан хеттиктердин ошондой «опкоктугун» жаңсоо үчүн чыккан. Ыйык китептин ажыт ачарлары аны мындай талкуулайт: өзүн «келгин» сезген арбир адам жер үстүндөгү жашоосунун жалган, көзирмем экендигин билет. Кудай аны чын дүйнөсүндө гана «тургун» кылат. Авраамдар кай заман, кай мезгилде болбосун жер үстүндө өздөрүнүн өтүмүш экендигин унутпайт, ардайым артында адал иш калтыруу аракетинде болот, сөөгү эчкачан сөпөт болбос рух байлыгы казнасын көздүн карегиндей сактайт. Ефрон тескерисинче, өзүн кара жердин түбөлүк тургуну, ал ага ардайым кожоюн сыяктуу сезет. Андайлар кыязы, мидраш аңызындагы бир улуу акыйкатты аңдабайт же аңдагысы да келбейт.

Анда мындай деп айтылат: «Адам бул жарык дүйнөгө, «бүт бардыгы меники болот, байлыкты мен чогултам, казынаны мен алам, жакшылыкты мен көрөм» дегенсип, муштумду бек түйүп түшөт. Бул дүйнөдөн көчөрдө болсо, «мен эчнерсе алган жокмун, бардыгы эле ушул жерде калды, көрүмө деле жалгыз көмүлөм» дегенсип алаканын жайып кетет».

Көр саткан Ефрон бир укум жерден башка бул дүйнөдө эчнерсе калбасын, өз сөөгү да ошол жердин бир ууч топурагына айланарын, ошонүчүн жараткан Эгем аны да «келгин» эсептерин элебей атпайбы.

Франкфурттан чыккан раввин, менин ата-бабаларым Нафтули Хакогенге бир үзүм жер талашып жакалашкан эки еврей калыстык издеп келиптир. Аларды оңой менен ыркка көндүрүп, ынтымакка келтире албасына көзү жеткен раввин: эми кимиңерге ишенерди билбей калдым, жердин өзүнөн сурап көрөйүн, кимисине тиешелүүсүң деп, эртең келгиле дептир.

Жерден раввин жооп сурайт экен деген айың айыл аралайт. Эртеси талашка түшкөн жерге эл жарданып чогулат. Раввин чындап эле элдин көзүнчө жерден сурайт: «Кудайдын, Торанын алдында айтчы, кимисине тиешелүүсүң?» Анан бираздан соң жата калып жерди тыңшайт. Тыңшап бүтүп турат да, жардангандарга кайрылат: «Силер уккан жоксуңарбы? А мен уктум. Мен тигинисине да, мунусуна да тиешелүү эмесмин, тескерисинче, жаркыраган күндөрдүн бир күнүндө алар мага тиешелүү болот деди».

Эрегишкендер экимет жайын ошол замат түшүнө салып, элге күлкү бололекте элдешели деп чыгат.

Акча кудуретине кулдук уруунун куну — «Кудайдын князынан» Ефрон өндүрүп алган төрт жүз күмүш сикл. Ал эми Авраамдын акылман сөзү — анын насыт окуусунун түбөлүктүүлүгү.

«Библия сабактары» китебинен которгон Алым ТОКТОМУШЕВ 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *