Белорус жомогу

Кыштакта эки абысын токоч бышырат, жегенге даяр болордо «токоч кимибиздики» деген эки катын кыжыңдаша кетет. Тигиниси да, мунусу да токочту бөлүшкүсү келбей, өзү ээлик кылмак болот.

Бири чыгат:

– Токоч меники!

– Каңкылдаба, меники! – экинчиси аңкилдейт. – Мен да бышырдым, токоч меники!

Экөө чачташар болуп калганда не болду дебейсиңерби? Токочтун буту пайда болду, мына анан көмөчтандан секирип түшүп, тоголонуп жөнөдү.

Токоч тоголонуп тоголонуп качып, түлкүнүн үстүнөн секирип өттү.

– Йе, токоч, кайда качасың, кайда шашасың? – шилекейин күрмөдү түлкү.

– Аңкилдешкен эки абысындан качып баратам! – деди токоч. – Эми сенден качпай коёт белем! – деп андан аркы одурак-бодурак жолдордон тоголонуп жөнөйт.

Алдынан коён кезигип, анын көздөрү чыгып кетейин деди таңгалгандан.

– Йе, шумдугуң кур токоч, бу сен кайда качтың?

– Ажылдашкан эки абысындан, түлкүдөн качып келатам. Эми сенден да качам, жетпейсиң! – деди токоч.

Токоч суу боюна качып барды. А суу үстүндө кайык, кайыкта адамдар олтуруптур. Чуру-чуу түшүп калышты аларың:

– Токоч, токоч, кайда тоголонуп баратасың?

– Аңкилдешкен, ажылдашкан эки абысындан, куу түлкүдөн, октой сызган коёндон качып келатам. А силерден болсо огош бетер качамын! – деген токоч андан ары тоголонуп жөнөдү.

Токочтун алдынан күлтүйгөн чочко чыкты куркулдап. Ал да сурады:

– Йе катыгүн, кайда качып баратасың, токоч?

– Өх-үх, – бышылдап-күшүлдөп калыптыр токоч. – Аңкилдешкен, ажылдашкан эки абысындан, куу түлкүдөн, октой сызган коёндон, кайыкта отурган адамдардан качып келатам. Эми күлтүйгөн сенден качпай коймок белем!

Чочко күңк-мыңк деп калды:

– Эмне, эмнеле деп атасың? Менин кулагым жакшы укпайт. Жакын келип айтың!

Чочконун кулагына жакын келип айтмак болгон токоч тоголонуп жакын келди эле, мына сага анан – ням-ням-ням! — болуп чочконун карынына тоголонду. Мына шоентип, жомок да бүттү!

Которгон Олжобай ШАКИР

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *