Анда 2012-жыл. Сыртта — алашалбыр жаз. Аман ава сексен эки жашка таяп калган учуру. Караколдон Бишкекке келиптир. «Жаңы Ала-Тоо» журналына акыркы жылдарда жараткан эмгектерин жарыялоо үчүн атайы ат арытып келгенин кобурап отурду. Бул маек ошондо алынып, «Dе-факто» гезитине (23-февраль, 2012-жыл) жарыяланган. Карасөз чебери менен болгон акыркы кезигишүүм ошол болуп калды…

– Аман ава, биринчиден сексен жаштан ашканыңызга карабай демдүү жүргөнүңүзгө кубансам, экинчиден сиздей прозанын мастери менен минтип маңдай-тескей отурганыбызга кубанычтамын. Себеби кыргыз адабиятында чыгармачылык чоң потенциалыңыз ачылганы менен чыгармачылык лабораторияңызды адабиятчыларыбыз ачып берелек. Башыңыздан да эң оор кыйынчылыктарды өткөргөн кишисиз, бирок анын баарын кара сөздүн чебери катары чыгармаларыңыз аркылуу гана туюнткансып келесиз. Бүгүн бир агыңыздан жарылып сүйлөп бербейсизби…

– Эгер чыгармачылык өмүрүмө кызыккандар болсо, кантип эле ымандай сырымды төкпөй койоюн. Менин чыгармаларым чын эле турмушка окшойбу, окшобойбу? Же мен деле башкаларга окшоп апакай барактын бетин булгап жүргөн көптүн бириминби? Жаза турган нерсе толуп атат, бира-ак мен аларды окурмандарга ылгап бералдымбы, жокпу? Мына ушул шекилденген суроолорду Батыштын да, Чыгыштын да не деген улуу классик жазуучулары өздөрүнө өздөрү берип келген жана ушул жолду басып өтүшкөн. Сен анда мага ушуга окшогон суроолорду маңдайыма матап бере бер, а кандай жооп бералам, көрөлү…

– Сиз кажынып иштейсизби же тийип-качып эргүү келгенде гана чыгарма жараткан жазуучусузбу?

– Кээде кажынып иштесем, бир жумада бир аңгеме шилтеп салам. Бира-ак ага чейин ошол аңгеменин өзөгү баштын ичинде бышканча жүрө берем, канча болсо ошончо… Мен алиги уккан-көргөнүн дароо чыгарма кылууга ашыгып үстөлүнө отура калган жазуучулардан эмесмин. Антип кагазды баса калган жазуучуну окурман сүйбөйт.

– Жазуучу-акындарыбыздын көбүн кагазды баса калганга менимче Совет доору кыныктырып келди окшойт?

– Э-э, ошо да иним. А кезде көркөм үгүт деген балээ Совет өкмөтүн мактатып, жактатуу саясатын жүргүзгөн. Советтик идеологиянын максаты – акын-жазуучулардын оозу менен өзүнүн саясатын көкөлөтүү болгон. Мындайча айтканда, баарыбызды Арзымат кылыш үчүн олчойгон гонорар төлөнчү да. Кайсы жазуучунун китеби планга кирген болсо, ошонун алаканы кычышып турчу. Мен да Совет доорунун сыйынан куру кол калгандардан эмесмин, олчойгон гонорарларын алып турдук ко, ата-а!

– Ошол эле учурда Совет доорунан “Сарала ит” аттуу аңгемеңиз үчүн жакшы эле ыдык көрдүңүз окшойт?

– Ох-хо… балам, “Сарала иттин” айынан беш жыл бою жалаң картөшкө жегем. Идеологиялык негизде сындалган “Сарала ит” акын-жазуучуларыбызды эки жээкке кадимкидей бөлүп салган. Бир тарабы мени колдогондор болду. Т.Сыдыкбеков, Ч.Айтматов, К.Бобулов, жаштардан С.Жигитов сыяктуу прогрессчил калемгерлер коргоду да, идеологиялык көзкараштан чыгалбагандар Саспаевди айда тепкиге алышты. Алар “Сарала итте” чоң мандем бар, анда советтик жумушчуну ит өңдөнтүп, сандалтып койгон деп чыгышпадыбы. Муну болгондо да жазуучулардын чо-оң пленумунда чо-оң жазуучуларыбыз көтөрүп чыккан, э-эй, эмнени айтасың…

– “Каныкейдин алтын билериги” аттуу өрнөктүү аңгемеңизде Абыке, Көбөштүн доорун чагылдырууда сюжеттер ушунчалык психологиялык чыңалуу менен улам күчөтүлүп отуруп, кульминациясына жетет. Чыгарма так ошол кульминациясына жеткенде символ, метафоралардын мааниси ачыла баштайт, мен ошондо окурман катары түшүндүм: чыгарма жаратууда көркөм каражаттарды сиз абдан кылдат колдоноруңузду… Мындайча айтканда, кино искусствосуна керектүү материал кылып түзүпсүз. Мунун баарын “Манастын” өзөгүн терең анализдеген үчүн жаздыңызбы же эргүү өзүнөн өзү ушуга алып келдиби?

– “Манастын” ичиндеги мен аңгемелеген ушул бөлүк негизинен кино өнөрү үчүн өзүнчө эле даяр сценарий. Мен ушуну тээ бир кездерде байкагам. А бизде көбү мындай даяр сценарий, даяр сюжеттерди издешпейби, көрбөйбү, түшүнбөйм. “Манастын” так ушул жеринде драматизм күчтүү эмеспи. Анан мен таңгалам: жанагы “мен кино сценаристмин”, “мен кино режиссёрмун” деп жүргөн куу чирендерге… “Каныкейдин алтын билеригинде” көп маселе бар… Өзүм да баардык чыгармаларымдын ичинен ушул аңгемени абыдан жакшы көрөм.

– Ал эми “Татым туз” аттуу аңгемеңиз автобиографиялык чыгарма эмеспи? Себеби өзүңүз да Үркүн окуясында Кытайга качып, кайра ооп келген кыргыз үйбүлөлөрүнөн эмессизби…

– 64-жылдарда таланттуу кинорежиссёр Болот Шамшиев “Татым тузду” орусчага которуп келиптир, “окуп берейинби” деди. А өзүм орусчага анча түшүнбөйт эмесминби, окусаң оку дедим. Жаныбызда Түгөлбай Сыдыкбеков, дагы бир топтору бар. Шамшиев окуп чыккандан кийин менден башкасынын баары шыпшынып калышты, ыйлап да алгандары бар, себеби алар орусчаны жакшы билишет да. Негизеле адам баласын Мекенден айырбасын, бул чыгарма ошол Үркүндөн кайткан кыргыздын бир үзүм эле тагдыры, бирок анын ичинде менин автобиографияма тийиштүү жери жок. Бирок анда кайгым бар, “Татым туз” ошол бөтөн эл, бөтөн жердеги мусапыр кыргыздардын көргөн күнү.

– Өзүңүз Кытайдан Кыргызстанга канча жашыңызда келдиңиз?

– 62-жылы болгондо, канча жашта келген болом?.. Отуздун тегереги болуп калабы?..

– Кийин анан орус тилин кандай өздөштүрдүңүз?

– “Бытовой уровенде” билем азыр.

– Демек, улуу жазуучулардан Толстой, Достоевскийди орус тилинен окуган эмес экенсиз да?

– “Анна Каренина” менен “Согуш жана тынчтыкты” кыргызча котормосунда окудум, негизинен мен дүйнө адабиятын жалаң кытай тили аркылуу гана окудум. Себеби Пекинде окуп жүргөнүмдө алардын китепканалары укмуш эле. Азыр эми көбүнчө кыргыз тилиндеги адабияттарды окуйм, өзгөчө Айтматовдун чыгармаларын.      

– Айтматов демекчи, “Тоолор кулагандагысын” окуган болсоңуз, калыс пикир айтсаңыз, жактыбы, жакпадыбы?

– Жакпады. Менимче, Айтматовдун эң начар чыгармасы ушул болду окшойт, ичине киралбай койдум. Бу киши жадап отуруп жазганбы, жөн эле жорго сөздөрү көп.

– Мына ушуну сизге окшогон прозанын чеберлери гана айтпаса, Айтматовдун ысымына чаң жугузгусу келбегендер жөн эле жерден окурмандардын көзүн жазгырып, курулай мактап жүрүшөт. Албетте, мындан Айтматовдун тарыхтагы орду кемип калбайт, арийне биз окурмандын ориентири жөнүндө да ойлонушубуз керек ко дейм?

– Албетте, элдин аң-сезимине жалган үгүт жүргүзүп, Айтматовдун начар чыгармасын мыкты дегендер окурманды да сыйлашы керек. Кыргыз эли Айтматовду ансыз деле сүйөт, сыймыктанат. Сен экөөбүз бу жерде Айтматовдун “Тоолор кулагандагысы” начар чыгарма болуп калганын сөз кылсак эле улуу жазуучубуздун бедели төмөндөп калбайт. Биз Айтматовдун жакшысын да, жаманын да кеп кыла жүрүшүбүз керек. Ансыз элдин аң-сезими өнүкпөйт, ак-караны тааныбайт. Куру сыйынуучулуктан бираз арылышыбызь керек.

– Сиз дайыма Түгөлбай Сыдыкбековду ооздон түшүрбөгөн кишисиз. Быйыл эми ушул кишинин 100 жылдыгы кандай деңгээлде белгиленет деп ойлойсуз? 

– Кейигеним ушул мезгилге чейин Сыдыкбековго арналган эч бир эстелик орнотулбаганы! Же ал кыргызга чыккынчылык кылган адам беле, же кыргызга эмгеги сиңген эмеспи! Кыргыздын чыныгы патриоту Түкөм эмес беле, ата-а… Анан ушу кишиге моло таштан эстелик тургузуу эмнеге чоңдордун колунан келбейт?!

– Аны бир айтасызбы, миң айтасызбы, албетте кейиштүү. Мына тарых үчүн айта турган бир жагдайга кайрылсак, 80-жылдарда Түкөбүздүн ЦКга жолдогон каты бар. Анда ал: Кыргызстандын Фрунзе шаарынын архитектуралык ансамблине нааразы болуп кат жазганын көрүп, жакаңды уучтайсың. Себеби эмнеге борбор шаарыбызда эч кандай улуттук колорит чагылдырылбаганы жөнүндө маселе коюптур. Менимче, ошол заманда улуттук жарлыктан коркпогон жалгыз Сыдыкбеков болсо керек, анан эми ушул күндө борбор шаарыбыздын бир жеринде Түкөбүздүн эстелиги турса, жарашпайт беле?!

– Ээ, аттиң… Түкөбүз жолборс болгон үчүн ошентип ЦКга кат жолдогонунун өзү өмүрүн тобокелге салгандай кеп болчу. Ага Түкөмдөн башкасынын жүрөгү даамак эмес. Балким Атамбаев адабияттын арты менен агарып-көгөрүп ушунча даражага жеткенин түшүнсө, Түкөбүздү унутта калтырбас дей туралы. Мүмкүн президентибиз деле адабияттын өкүлү катары Сыдыкбековдун 100 жылдыгында анын эмгектерин унутта калтырбас.

– Быйыл 82ге келдим деп атасыз, байкашымча абыдан демдүү экенсиз…

– Демдүү эмей… Тээтиги өтүп бараткан жакшынакай кызды карачы, соорусу чайкалып, ошолорду көрсөм, алигиче көзүм күйүп, көкүрөгүм өрттөнөт (Биз Бишкектеги кафелердин биринде отурганбыз. Дал ушул жерден Аман аванын дем-күчү жөнүндө сөз болор замат жаныбыздан чыбыктай солкулдаган кыз өтүп калса болобу… Аман ава да куудулданып, өз сөөмөйү менен өзүнүн көзүн нукулап койду: “Ушуну кээде оюп эле салгың келет, кашайтып. Кыз көрсө эле кымыңдайт” деп Айдарбек Сарманбетов экөөбүздүн боорубузду эзип салды). Бул эми экөөңө айткан ымандай сырым, балдар. Бул да турмуш. Аялзатка болгон мындай сезим жашына да, карысына да карабайт.

– Жаш кезиңизде кыз-келиндерге напсиңиз бош болсо керек?

– Абыдан. Жаш кездеги сүрөттөрүмдү деле карасаң, келишимдүү жигит элем да. Ошондо да өз кадырымды билбепмин, болбосо кыз-келиндер жакшы эле көз артчу. Жаратылыштан кийин эле эмне көрктүү? Аялзаты го дейм. Аялзатына арбалбаган сүрөтчү барбы, акындар барбы? Аялзаттын сулуулугу баарына түбөлүк тема болгон. Дүйнөдө эч бир сулуулукту Аялзатына теңебейм. Байлыкка жеткени да, мансапка жеткени да, маа демектен канкору да аялзатынын алдына келгенде анын 15 секунддук мээримине тизелеп берет. Башкасын айтпайлы, арабдардан, перстерден чыккан чыгыштын улуу акындары аялзатын кандай даңазалап өткөн. Айталы, Омор Хаям, Рудаки, Хафиз, Саади, Руми, Фирдоуси, и-ий койчу, не деген күчтүү эмоцияларын билдиришкен. Ошон үчүн улуу Гёте сүйүүнү даңазалаган Чыгыш акындарына башын ийген, себеби Батыштын акындары аялзатын терең даңктай алышпаптыр.

Олжобай ШАКИР   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *