ЖАКАҢДЫ УУЧТА: БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Адеп сактамыш болгон, нарк жактамыш болгон ашыктык төркүнүнө түшүнбөгөн, тар көзкараш, тайыз түшүнүктөгү айрым пенделерге кандайдыр жийиркеничтүү көрүнгөн аял менен эркектин жыныстык мамилеси эң байыркы замандардан бери үстөмдүк кылып келет. Адегенде үрп-адат, жөрөлгө катары эркек-аял ачык асман астында, көк шиберде, салкын абада кошулушкан. Бара-бара бул үчүн атайын үйлөр, заңгыраган храмдар салына баштаган. Храмда кызмат кылган бийкечтер, кенизектер, ордо кыздары, баядеркалар ашыктык кудайына курмандык катары бир түн же көп күн ойнош күткөн. Алар ошол храмдын же ошол чөйрөнүн ардактуу мүчөсү болгон.

Байыркы грек тарыхчысы Геродоттун далили боюнча, падыша Хеопс атактуу пирамидасын ойноштордон түшкөн каражатка курдурган. Кудай алдындагы ойноштук дин китептер жарала электе байыркы Вавилондо, байыркы Мессопатамияда башталган. Евфрат дарыясынын боюна Вавилон шаарын курдуруп, падыша Нимродом халдейлердин башын бириктирген соң, алардын аялдары башка элдин эркектери менен кошулуудан улам жаңы түрдөгү эл келип чыккан. Ошол мезгилде Вавилон шаарын колдоп турган жаратылыш жана береке кудайы Миллитага сыйынуунун жаңы түрү — Кудай алдындагы ойноштук пайда болгон.

Геродоттун далили боюнча, бир дагы кыз кыздыгын алдырмайынча өз келечегине ээ болгон эмес. Храмга чет өлкөлүк жарандар арбын каттаган. Мыйзамдын негизинде акчага бааланып, Вавилондогу ар бир аял жок дегенде, жылына бир жолу чет өлкөлүк эркек менен болууга милдеттүү болгон. Зайыптар гүлдөн өрүлгөн таажы кийип, белин кендир кур менен курчап, храм алдындагы секичелерде отурушкан. Дубал бойлото жип тартылып, жипти бойлой чет өлкөлүк эркектер басып жүргөн. Вавилондогу аялдар менен катнашууга чет өлкөлүктөр гана акылуу болгон. Кызбы же күйөөсү бар никелүү аялбы, баары бир чет өлкөлүк киши: «Ашыктык кудайы Миллитага сыйынам!» деп, жактырган ургаачынын этегине монета таштаган соң, азбы-көппү ал каражат ашыктык кудайына багытталгандыктан, аял андан баш тарталбай калган. Касиеттүү тыйынды төлөгөн соң аялды белиндеги кендир боосунан кармап, кедр же курма дарагынын далдаасына алып барып кошулушу кудай алдындагы курмандык деп аталган.

Кошулаарда ашыктык кудайы ойноштордун билерик, иймек, шакек жасалгаларын, бут кийим, ич кийимдерин чечип, энеден туума дырдай жылаңач болуусун талап кылган. Иш бүткөн соң аял акырын туруп Миллитага сыйынып, жөнөп кеткен. Ойноштуктан түшкөн каражат храмдын казна эсебине кирген. Вавилондо бул көрүнүш кеңири тарагандыктан, Миллитага сыйынууну каалаган бийкечтер храмга батпай калган. Андыктан, төрөлөрдүн жарлыгы менен храм алдына чакан үйлөр, күркөлөр курула баштаган. Бирок ал да аздык кылып, кенизектер храмдын жан-жагындагы бак-дарактардын, бадалдардын түбүн, суу жээктерин да «өздөштүрүшкөн». Ал жерде аялдар толук коопсуздукта, өз эркинче ээн болгон. Аларга катаал аталары да, кызганчаак күйөөлөрү да тоскоолдук кыла алган эмес, каршы болууга кудай алдында алардын акысы жок эле.

Миллита кудайдын бул салты Батыш Азияга бат эле тарады. Бардык өлкөлөрдө Миллита кудайдын ашыктык храмдары салына баштады. Алар аркайсы өлкөлөрдө — Афродита, Анаис, Астарта, Венера, Урания деп ар башкача аталды. Француз тарыхчысы Пьер Дюфур «Ойноштуктун тарыхы» деген китебинде айчолпондой аялды армяндар Анаис деп атаганын жазат. Анаистин урматына заңгыраган храм салынып, айланасында махабат ырым-жырымдары, жөрөлгөлөрү, оюн-зооктору өткөрүлгөн. Армян бийкечтери чет өлкөлүктөр менен гана иш кылышкан, алардан тукум алган. Ойноштуктан тапкан акчаларын ашыктык кудайынын курмандыгы катары храмдын мирхабына калтырып кетишкен.

Храмдагы бийкечтерге татыктуу күйөө четтен табылган, анткени ал бийкеч Анаис-кудайдын алкышын алган. Афродитанын мекени Кипрде бийкечтер матросторго түз эле деңиз жээгиндеги кумга жатып берген. Алар секстен тапкан акчаларга күйөөгө тиердеги себин даярдашкан.

Башка кудайлардын храмдарындагыдай эле Пафосто сойку аялдар топ-топ болуп чогуу жашаган. Чет өлкөлүк жарандардан туулган балдар бөтөнчө урматталып, эр жеткенде эл башкарып, өлкөнүн өкүмдары болгон Кипрдеги кудай алдындагы ойноштук Жер Ортолук деңиздин бардык аралдарына тараган. Ал үрп-адат Греция, Италия, Испания өлкөлөрүнө салт катары кирген. Байыркы грек саякатчысы, тарыхчысы жана географы Страбон Коринфтеги ашыктык кудайы Афродитага миңдеген бийкечтер сыйынганын жазган. Грецияда айчырайлуу жаш аялдар өздөрүн ашыктык кудайы Афродитага арнаган. Эгерде ашыктык кудайынын колдоосу же алкоосу керек болуп калса, кайсы маал болбосун кошулууга даяр турушкан.

Байыркы чыгышта балакатка жеткен кыздын кыздыгын алдырыш үчүн атайын храмга тапшырышкан. Дегеле, бардык храмдагы ордо кыздарга урмат көрсөтүү Индиядагыдай урматталган эмес. Түштүк Индияда ар бир үй-бүлөдөн бирден кыз ойноштук кылуу үчүн храмдын карамагына берилген. Биздин замандын 1004-жылында бир гана Танжор храмында төрт жүз кенизек кызмат кылган.

Индия храмдарындагы кенизектерди баядеркалар деп аташкан. Атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдө алар белгилүү касталардагы индустарды кабыл алышкан. Төмөнкү касталар менен кошулууга тыюу салынган. Храмдагы «кызмат» маалында, күнсайын кошулуу алдында баядеркалар бийлеп турган. Индияда бул көрүнүштү эчким уят катары көргөн эмес. Ашыктык кудайына баядеркалар өтө жаш чагынан кызмат кылган. Алардын өнөрү мурас катары энеден — кызга, эжеден — сиңдиге өткөн. Бийлеп турган бийкеч эркектин каалоосун аңдай билип, төрөсүнө турмушка чыккан. Никеси кыйылгандан кийин да төрөсүнүн мунажаты менен храмдагы ашыктык кудайына сыйынууга келген эркектер менен да боло берген. Ал түн киргенде бутпарас кудайынын алдындагы шамчырак жарыгында бий бийлеп, кумарды кандырган эң жогорку лаззат катары ашыктыкты даңазалап ыр ырдаган.

Америкадагы байыркы инктерде абройлуу храмдагы ойноштуктун дагы бир түрү катталган. Атактуу үй-бүлөдө туулган кызды жаш чагынан храмга жөнөтүшкөн. Алар храмда килем токуп, тушкийиз сайып, күн узарып кеткенде түнкү жаккан ыйык отту көзөмөлдөп турушкан. Алар Күн кыздары аталып, Улуу Инктин жубайлары болгон. Улуу Инк керектүү ойношту өзүнө иргеп алып аялдыкка алган же Күн кыздарынын ичинен жактырганын даражалуу кишиге арнап берген. Мындай кырдаал бактысына туш келбесе, кыз ошо боюнча кала берген. Ал өмүрү эркек көрбөй, лаззатка канбай өткөн. Аны кайсы бир эркек зордуктап койсо же өзү жатып берсе, шордууну тирүүлөй жерге көмүшкөн. Кызды бузган эркекти муунтуп өлтүрүшкөн, кыз туулган кыштакты өрттөшкөн, жер менен жер кылып таптап салышкан. Биздин замандын 594-жылы өкүмдар Солон Афинада биринчи жолу мамлекеттик сойкулар үйүн ачкан. Анда ойноштуктан тапкан каражат менен жашаган күң кыздар кызмат кылган. Мыйзам чыгарган митайым өкүмдар Афродита храмындагы ойноштуктан мол каражат түшөрүн байкап, мамлекеттин бөксөрүп бараткан казнасын ошондой жол менен толтурган. Сойкулар төлөгөн салык Афина мамлекетине эң көп киреше киргизип турган.

Кийин кудайга курмандык деп кошулгандын ордуна мыйзамдуу сойкулук келди да, ал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн каптады. Аялдар ашыктык кудайына арнабай эле өздөрүн эркекке арнап, чер жазып, моокум кандырып, денелерин ачыктан-ачык эле сата баштады. Бул өнөр азыркы заманда апогейине жетти.

Европа мамлекеттеринде көп киреше киргизген сойкулар үйүндө ар түрдүү курактагы, ар түрдүү жоруктагы, кырк түрдүү кылыктагы эркекти өзүнө тартып турган ак, кара, сары түстөгү айчырайлуу айымдар иштейт. Америкада, Россияда, Кавказда, Орто Азияда андай үйлөр ачык түрдө да, жабык түрдө да бар. Алар мамлекеттик же жеке менчик. Түркияда, Иранда, Пакистанда, Өзбекстанда өйдө-төмөн баадагы кенизектер булуң-бурч сайын кездешет. Өнүккөн Япониянын ресторандарында, кафе-барларында, мейманканаларында, казинолорунда денесин сатып, тамак ташып, ыр ырдап, бий бийлеп кызмат кылгандарды гейшалар дешет.

Кытайда бир эркек бир эле мезгилде эки же үч-төрт аялдын койнунда жаткан. Каалаганда улам бирин алмаштырып турган. Атаандашкан аялдары лаззаттуу болгондуктан, жалынган, жалбарган, ахалаган-охологон, кыңшылаган үндөр эркекти козутуп, делебесин козгоп турган. Тибетте, Бутанда, Непалда аялдар көп эркекти алып жатат. Аны көп эрдүүлүк дешет.

Көчмөн кыргыздарда бул көрүнүш саал башкачараак. Кыргыздар көзү түшүп калса, көп мал айдатып, жесир аялдардын башын ачып алган. Кээ биринин жеңе-катындары да болгон. Күйөөсү өлүп, жесир калган жеңеси келген жеринен кетпес үчүн кайнисин өзү койнуна алган, анан кайын атасына же кайын энесине атайын айттырып, никесин кыйдырган. «Жакшы мал жатка кетпесин, өздө калсын» деп, кыргыздарда көп катындуулук дооран сүргөн. Боромбайдын көчүп-конуп кошо жүргөн үч катыны жана күң катыны, Муратаалынын беш катыны, Тилекматтын алты катыны, Кетирекейдин жети катыны болгон. Кетирекей жети катынынан кырк бир бала көргөн.

Совет доорунда көп аял алууга бөгөт коюп, ойноштукту моралдык бузулуу катары карап, бир аял менен гана жашаганга гана уруксат берген. Ошого карабастан, партиялык комитеттин секретарлары жашыруун түрдө жүрүштүк кылып, өз аялдары далай жолу үстүнөн чыгып, кармалган учурлар көп болгон. «Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука жибин үзбөйт» деген кеп бар. Ургаачы «кел» деп чакырып турса, эркек сообуна калбай эмне? Ал кээ бир сайпаналар такылдап акыл үйрөтүп, турмуштан так өткөнүн азырынча көрө элекпиз. Андыктан, секс маселесин тайкы түшүнүк менен карабай, тарыхый жактан карап, азыркы замандын агымына жараша терең баа берген лаазым.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *