ЭКИ БАЙ

Менин көзүмчө балдардын тарбиясына, оорулууларды дарылоого, бей-бечараларга каралашууга өзүнүн эбегейсиз кирешесинен бөлүп берген Ротшильд байды макташканда мен дагы аны мактап жетине албаймын.

Бирок мактап жана жетине албай жатып, мен өздөрүнүн жакырланган үйүнө жетим калган тууганынын кызын кабыл алган кедей үй-бүлө тууралуу эскербей коё албаймын.

— Катяны өзүбүзгө алалы, — деди кемпир – акыркы тыйыныбызды ага жумшайлы, бирок сорпону даамына чыгарар тузсуз калат экенбиз.

— А биз сорпону… тузсуз деле ичебиз, — деп жооп берди мужук күйөөсү.

Ротшильддерге бул мужукка чейин дагы канча бар дейсиң!

Июль, 1878

КАБАРЧЫ

Эки дос үстөлдө чай ичип отурат.

Капысынан көчө жактан ызы-чуу угулду. Аянычтуу онтоо, сөгүнүүлөр, табалаган күлкү угулат.

— Кимдир бирөөнү сабап атышат, — терезеден караган бирөөсү досуна кылчайды.

— Кылмышкердиби? Киши өлтүргүчтүбү? – Укчу, ал ким болгон күндө да, сотсуз жазалоого жол берген жарабайт. Жүр, ага жардам берели.

— Бирок бул киши өлтүргүч эмес.

— Анда кимди? Ууру окшойт да? Баары бир жүр, аны көпчүлүктөн сууруп алалы.

— Бул ууру дагы эмес.

— Ууру эмеспи? Демек, ал кассир, темир жолчу, аскер жабдуучу, орусиялык демөөрчү, адвокат, адал ойлуу редактор, коомдук кайыр берүүчүбү?.. Эмнеси болсо да барып ага жардам берели?

— Жок… кабарчыны сабап атышат.

— Кабарчыныбы? Анда мындай, кел, адегенде бир ыстыкан чай ичип алалы.

Июль, 1878

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *