ГЕНЕТИКАЛЫК ЭС-ТУТУМ (ПАМЯТЬ)

Чыңгыз Айтматовдун бу дүйнөгө кыргыз жергесинде жаралышы кокустукпу же… Жок, тарыхтын жолундагы кадыресе боло турган окуя.

Себеби, эртеби-кечпи бир кыргызга бир Чыңгыз жаралышы керек болчу.

Дегеним, кыргыз эли сөздөн бүткөн эл. Кыргыздар гана ымыркай төрөлсө «бата» берип, сөз менен тосуп алат, «бешик ырын» ырдап сөз менен сооротот. Жылкы кайтарса, үрөн сээп, эгин эксе, ашыгзар болсо баарын ырдап, сөзү менен билгизет. Жоого аттанаарда сөз менен ант берет. Өлгөндө да сөз чыгарып, кошок кошуп узатат. Андан да сөз менен жаан жаадырып, сөз менен адамды оорудан айыктырат. Өзүнөн алда канча саны көп жоо менен чабышканда, кырылып жок болуп кетээрде сөз менен кайра тирилген элбиз. Сөздү кылыч кылып, сөз менен «Улуу кыргыз сепилин» курган элбиз. А болбосо океан сымал — «Манас» кайдан жаралмак эле.

Ал эми сөз бүткөн жерде, ишеним бүткөн жерде кудайдын да күнү бүтөт. Демек, Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элинде жаралышы улуу Манас эпосунун эле жаңы дүйнө тааным шартындагы уланышы деп түшүнөм.

 

ТАГДЫР
Чыңгыз Айтматов биринчиден, кыргыз жергесинде төрөлүп, улутунан жолдуу болсо, экинчиден, тунгуч кыргыз интеллигенциясынын үйбүлөсүндө туулуп, ошол тагдырга эгедер болду. Эс-тутуму, кабылдоосу эң аруу учурда 1-классты Москвадан окуп, орус тилинин алиппесин тааныды. Анан атасы куру жалаа менен репрессияга дуушар болгондо апасы, эки бир тууганы менен түн катып Таласка келди. Согуштун согуштук азабын майдандагы жоокер гана көрбөй, балалык азабын уулдары кайтпай калган үйлөргө кара кагаз жеткизип он үч жаштагы Чыңгыз көрдү. Ошонун баарын балалык сезимтал жүрөгү аркылуу өткөзүп, кемелине келгенде акылга калчап жазды. Согуш адамдарды сынады. Ошондо кимдин ким экенин билди. Таза рух, намыс, бийик адамдык касиет гана баарын жеңип чыгарын даңазалады. Деги согуштун наадандык касиетин Ч.Айтматовдун деңгээлинде ачып берген сүрөткерлер дүйнөдө өтө саналуу эле.

 

УЛУТТУК СҮРӨТКЕР

Улуу жазуучунун чыгармаларында улутчулдук идеясы жаркып көрүнбөй, тереңде гана уюп жатат. Ошол себептен дүйнөлүк лексикондо «социализм», «капитализм» деген сыяктуу эле Чыкебиздин чыгармасынан кийин «маңкуртизм» деген термин пайда болду.

СССР күргүштөп турган заманда баш калаабызда бир эле кыргыз мектеп бар экенин, атүгүл облустук гезиттерибиз «Нарын правдасы», «Ысык-Көл правдасы» деп аталып, маңкуртташып баратканын эң биринчи ушул инсан көтөрүп чыкпадыбы.

СССРдин президенти М.Горбачев кайсы бир журналисттин «Кайра куруу идеясын кайдан алдыңыз?» деген суроосуна «Ч.Айтматов сыяктуу жазуучулардын чыгармасынан алдым» деп жооп бергени эсибизде.

Айтматовдун каармандары же атактуу баатыр, же тарыхый инсан эмес. Биз сыяктуу эле биздин катарыбыздагы карапайым кишилер. Дүйшөн менен Танабай, Эдигей менен Казангап, Ысмайыл менен Сейде, Жамийла менен Данияр, же кечээки Бостон менен Арсен Саманчин. Ошол катардагы адамдын жан дүйнөсү, дүйнөгө, адамга болгон мамилеси аркылуу улуу бийиктикти көрсөтө алган.

Дүйнө түркүгү президенттер, саясатчылар же олигархтар эмес, ошол күнүмдүк өмүрдө адам деген бийик атты туу туткан карапайым адамдар аркылуу кармалып тураарын айгинеледи.

Ошентип, Айтматовдук көркөм, чебер, интеллектуалдык талант аркылуу айылдык кыргыз эне Толгонай апа Шекспирдин «Король Лири» жеткен бийиктикке жетип, а кезде Кыргызстанды билбеген Франция, Жапония, Германия ж.б.у.с. өлкөлөр да Толгонайдай кыргыз энени таанышты. Кыргыз дүйнөгө даңаза болду.

 

«АЙТМАТОВИАДА»

Кыргыз руханиятында тээ 70-жылдардан баштап өзүнчө бир дүйнө пайда болду. Ал «Айтматовиада» дүйнөсү.

Дегеним, кыргыз адабиятын гана дүйнөлүк даражага көтөрбөстөн, бүт кыргыз маданий дөөлөтүбүздү обого бийик көкөлөттү. Адегенде Айтматов аркылуу «кыргыз кино сыйкыры» пайда болду. Кыргыз драматургиясы эбегейсиз өстү. Кыргыз опера жана балет өнөрү дүйнөнү таңгалтты. Көркөм сүрөт өнөрү айтматовдук деңгээлге көтөрүлдү.

Мунун баарын айтып жатканым, биз, кыргыздар, ички чалкеш саясатыбызда ар кайсы партия сөрөйгө окшош саясый партияларга бөлүнгөнүбүз менен тышкы дүйнөдө биздин бир гана партиябыз бар. Ал «Манас» менен Чыңгыз Айтматовдун руханий партиясы. Ошон үчүн бири-бирибиз менен көп айыгышпайлы, түбү барып бир партиялашпыз, «кыргыз» деген.

 

АДАБИЯТ ЖАНА ААЛАМИЯТ

Анын кеменгерлиги — кечээкини бүгүн көркөмдөп айтып бергендигинде гана эмес, эртеңкини да көрө билгендигинде.

Ушул Аалам, Жер, Күн, Ай, Аба, Суу биз үчүн бүтпөстөй сезилет. Бирок адамзат кылдын эле учунда жашап келет. Эгерде Түндүк муз океаны эле бир градуска ысып кетсе, бүт дүйнөнү сел капташы мүмкүн.

Демек, эң ириде биз адамбыз, адамзатпыз. Адамзаттын эң улуу озуйпасы укумдан-тукумга тирүүлүктү сактап калуу. Бул, экологиялык апокалипстин жакындап келатканы Акбара менен Ташчайнар же кечээки эле Жаабарс аркылуу не бир терең жана көркөм коңгуроо салып жатпайбы… Жалпы адамзат төбөсүндөгү идишке суу куюп этият келаткан адамга окшош. Бир мүдүрүлүп төгүлсө эле баары бүтөт.

Экинчиден, адеп-ахлак, ыйман-ынсап катастрофасы. Адам адам деген ыйык атын сактаганда гана адам боло алат. Айтматовдун ар бир чыгармасында өмүрдүн кереметтигин даңазалоо менен бирге «Адамдар, адамдыктан кетпегиле» деп көр дүйнөдөн жан дүйнөнүн бийик экендигин айтып, чаңырык таштап жаткансыйт. Айтматов Адамды сүйүнтөт, кайгыртат, жаралантат, ойлонтот. Антпесе сөзү мокоп, Айтматов болбой калат беле…

Биз Айтматов менен замандашпыз. Европада «агартуу доорунда» («Век просвещения») жашагандарды өтө бактылуу адамдар дешет экен. Биз руханий жагында айтматовдук доордо жашап жатабыз.

Кыргыз сүрөткери Чыңгыз Айтматов аалам алптары А.Пушкин, У.Шекспир, О. де Бальзак, В.Гюго, Г.Гете, Вольтер, Ф.Достоевский, Л.Толстой, Э.Хемингуэй сыяктуу улуу бийиктиктеги жаратман экенин бүгүн аңдабасак да эртең моюнга аларбыз.

 

РУХАНИЙ ИМПЕРИЯ

Дүйнөдө болгону саналуу эле империя болгон. Аны саналуу эле элдер курган. Алардын бири — биз, кыргыздар. Бүгүнкү кыргыздар кокту-колотко бөлүнүп, аяк-башыбызды таппай атсак, биздин ата-бабалар IX-X кылымда эле «Улуу кыргыз каганатын» курушкан. Тиягы Байкал, быягы Кашкарга чейинки чөлкөмдү бийлеп, улуу кыргыз доору жүргөн. Кыргыздын накта салтанатын курушкан.

Эми эртедир-кечтир, замандын бир заманында кайрадан бир империя курушубуз керек эле. Доор өзгөрдү. Приоритеттер өзгөрдү. Нарк өзгөрдү. Демек, аскерий эмес, башкача каганат курушубуз зарыл болчу.
Биз аны кура алдык. Бир эле улуу сүрөткер Чыңгыз Айтматовдун кудурети менен гана. Ал аскерий же экономикалык империя эмес, ал нукура руханий каганат. Бул каганат сөз касиетинен курулду. Биз жерди басып алган жокпуз, болгону 100 миллиондогон окурмандардын жүрөгүн ээледик! Себеби, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 150 өлкөдө 80 миллиондон ашык нуска менен жарык көрдү. Окумдуулугу боюнча дүйнөдө У.Шекспирден кийинки экинчи орунга чыкты.

Адатта генийлер англичан, еврей, немис, жапон, кытай элдеринен жаралып келген.

Аз сандагы элдерден эч кимиси Чыңгыз Айтматов жеткен бийиктикке жеткен эмес. Жети миллиардга чамалаш дүйнө калкы. Арасында алакандай 5 миллион кыргыз эли, кумшекердин бүртүгүндөй болуп. Анан дүйнөнүн Шекспирден кийинки экинчи рух алпы ошол кичинекей кыргыз элинен болуп атпайбы.
Дүйнө эки гана Чыңгызды билет. Бирөөсү кылыч менен таанылган, экинчиси калем сап менен таанылган. Бири — моңгол, бири — кыргыз. Экөө тең көчмөн.

Бири аскерий империя курду. Анысы бүлүнүп, талкаланды. Экинчиси руханий каганат курду. Рух касиети болсо өчпөс-өлбөс эмеспи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *