БИЛГЕНДЕН БИЛЕЛЕГИҢ КӨП

Француз философу жана математик Рене Декарт (латынча — Картезий) 1596-жылы 31-мартта Франциядагы Турень провинциясынын кичинекей Лаэ деген шаарчасында туулган. Рене төрөлгөндөн бир нече күндөн кийин энеси оорудан каза болгон. Рене илмийген, оорулуу бала болуп чоңойгон, ага окуганга, ал түгүл сабакка басып барууга да уруксат беришкен эмес. Ошентсе да ал окуганга ар дайым аракет кылган. Кичинекей кезинен эле эсеп чыгарууну жакшы көрүүчү.

Бош убактысында ар дайым математика менен алектенип өсөт. Рене ошол кездеги белгилүү иезуиттик колледжден (диний окуу жайы) билим алган. Аны 1612-жылы аяктап, 1613-жылы Парижге келип, белгилүү математиктер менен таанышкан. Пуате шаарында үч жыл университетте окуп, юрист адистигин алат. Кийинчерээк Голландияга барып аскердик кызмат өтөгөн. Голландияда 20 жылга жакын жашаган. Улам ордун которуп турган. Анын Голландияда экендигин жакын жолдоштору гана билген. Анткени аны динчилдер куугунтукка алган эле. Кийин Декартты еретик катары эсептешип, динчилдер анын бардык чыгармаларын өрттөп жиберүүгө ниеттенишкен.

1649-жылы Швецияны 20 жашар королева Кристина башкарып турган. Ал укмуштуудай жөндөмдүүлүгү менен таң калтыруучу. Алты тилде сүйлөй билүүчү. Мыкты мерген да болучу. Ысыкка да, суукка да бирдей чыдаган. Суткасына беш гана саат уктап, эртең менен абдан эрте туруучу. Аны Декарттын философиясы өзгөчө кызыктырып калат. Ошондуктан Декартты Швецияга чакыртууну чечет. Декарттын макулдугун күтпөстөн эле адмираль кемесин жиберип, 1649-жылы Декартты Стогольмга алдырат. Декарт Швецияга келгенде динчилдерден алыс болуп, илим менен канааттандырарлык иш жүргүзөм го деп үмүттөнгөн.

Ханыша Декартты ардактап кабыл алып, иштөөсүнө шарт түзүп берген. Бирок Декарт кышкы суукка карабастан күнүнө эртең мененки саат беште туруп ханышага философиядан сабак берүүчү. Бул болсо жылуу климатка көнгөн Декарт үчүн өтө кыйындыкка турган. Ошентип жүрүп суукка урунуп алат. 1650-жылы 11-февралда Декарт ар кандай медициналык аракеттерге карабастан көз жумат.

Декарттын математикага кошкон салымы өтө зор. Ал терс сандарга толук түшүндүрмө берген жана алар менен болгон амалдарды негиздеген. Оң жана терс сандарды координата түз сызыгында чекиттер менен сүрөттөп көрсөткөн. Декарт математикага координата тегиздигин киргизген. Тамга менен белгилөөнү жана тамгалар менен болгон амалдардын эрежелерин толук өнүктүргөн. Декарттан баштап гана теңдемелер жана тамгалуу туюнтмалар менен болгон амалдар жөнүндөгү илим алгебра деп аталган.

1637-жылы Декарттын “Геометрия” деген эмгеги жарыяланган. Ал китебинде биринчи жолу математикага өзгөрмө чоңдуктарды киргизген. Ал тегиздиктеги сызыкты бир өзгөрмө чоңдуктун экинчисинен көз карандылыгын туюндуруучу функциялардын графиги катары караган. Ошону менен бирге ал тегиздиктеги аналитикалык геометрияга негиз салган. Ошентип алгебра менен геометриянын байланышын аныктаган. Геометрия жана алгебранын методдорун бириктирүүнү сунуштаган. Муну координаталар методунда туюнткан.

Сан огунун жардамы менен рационалдык сандарга геометриялык түшүнүк берген. Геометриялык фигураларды теңдеме аркылуу туюнтууга жетишкен. “Функция” түшүнүгүн математикага киргизген да Декарт болгон.

XVII кылымдагы болгон математикалык төңкөрүштү философ Ф.Энгельс төмөнкүчө жазган: “Математикадагы бурулуш пункту декарттык өзгөрмө чоңдук болду. Анын натыйжасында математикага кыймыл жана аны менен бирге диалектика кирди, ошону менен катар дароо эле дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөр зарыл болуп калды”. Бул болсо түздөн түз Декарттын ысымы менен байланыштуу. Анын философияга, физиологияга жана физикага кошкон салымы да зор. Ал физикада динамиканын негизги закондорунун бири – кыймыл санынын сакталуу законун ачкан.

Ысмайыл КАДЫРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *