Рабиндранат ТАГОР
(1861-1941)
* * *
Армандуу кандай түш көрдүм!
От болуп турса кашымда,
Отурса жакын жанымда,
Ойгонбой койдум катыгүн!
Ойгонуп алып үшкүрдүм.
Келиптир түн бир оогондо;
Көшүлгөн жымжырт болгондо,
Көтөрүп алып арфасын.
Түштөрүм калды жаңырып,
Ойнолгон, обон, күүлөрдө.
Аттиң ай, бирок түндөрүм
Алданып өттү түштөргө!
Түшүмдө көргөн түгөйдү
Көралбай койдум өңүмдө?
* * *
Ажал келип черткен күнү каалгаңды
көргөзөсүң кандай сыйды, кааданы?
Оо мен коём Коногумдун алдына
кесе толо өмүрүмдүн бар-жогун.
Жок, куру кол кетирбеймин мен аны!
Жемишин бүт, мен татыган күзүмдүн
жыйып койгом далай ширин түшүмүн.
Жыйнап туруп эң акыркы күчүмдү,
тосуп алам жайып болгон даамымды,
Ажал келип черткен күнү каалгамды.
* * *
Жабыла учуп келишкен
Ак жайдын ушул куштары.
Безенеп сайрап, кубултуп үнүн,
Алыска анан, учуу бир үчүн
Тушуна конот тереземдин…
А күздүн болсо, бариги сары
Дилдиреп араң илинип шакта,
Ырдаарга ыры калбаган окшоп
Жер жайнап улам күбүлүүдө…
Алардын деми, үшкүрүгү,
Калат менин жүрөгүмдө.
* * *
“Сенин кебиң не жөнүндө, о Деңиз?”
“ Баягы эле түбөлүктүү суроолор”.
“Кайсы тилде жооп бересиң, о Асман?”
“Тилинде — тунжуроонун түбөлүк”.
* * *
“Бариктербиз шуудураган,
Үнүбүз бар шуулдаган,
Жооп берер бороонго;
Өзүң деги кимсиң
Үндөбөгөн такыр эле?
Мен-болгону Гүлмүн”.
* * *
Жанып-өчүп жымыңдаган
Асман толо жылдызым бар…
Бирок үйүмдөгү жагылбаган
Кичинекей чырагымды
Эстеп чегем убайым.
* * *
Жээгиңе келдим,
Чоочундай болуп, жат жердик.
Үйүңдө жашап коногуң сымак,
Досуңдай таштап узаймын эми
о Жерим.
* * *
Өткөн бир күндүн булуту сүзүп,
Жашоомо менин келатат сүңгүп.
Жамгырын куюп, боройлоп бороон,
Төкчүдөй каарын… кайрадан дагы.
Жаадырып жамгыр, жаалданса бороон,
Күүгүмдөп батып бараткан күндүн
Кооздомок бирок асманын бүгүн.

Дзюн ТАКАМИ
(1907-1965)
* * *
Түн бир оокум болгондо
Далбас уруп дарактар алыскы бир жолдорго,
Шыбырашат тымызын.
Камданышат узак убак сапарга,
Ар бир түнү алардын сан санаасы жолдордо,
жерге бекем жайылып барат өзөк тамыры.
Алар кайда барарын
Билишпейт, келбейт дагы билгилери.
Кетүү гана — жашоодогу бүт тилеги.
Алтүндө да дарактар
жыйналышып кайра баштан жашыруун,
камданышат жолдорго, калтырак басып колдорун.
САБЫРДУУЛУК
Чыдамымды алып өзүңө,
Көкөлөгөн көк терек!
сыр бербеген мелтиреп
Сабырдуулугуң бер эртерээк.
КАЛЕМ
Калемим муңдуу…
Ал менден ажырачу эмес эгерим,
ырымдын баарын жазган медерим,
түгөнүп калды түгөткүр…
Оо, калем,
короткон өзүн бүт бойдон!
Өлөөрүңдө да угалбадың мактоону.
Калемсап эмессиң да койкойгон.
О, калемим менин жан бирге!
Окшошкум келет сага мен,
Корогум келет сага окшоп!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *